Суперстан: Жашаймын бүтпөгөн ырларым менен - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жашаймын бүтпөгөн ырларым менен Абай кызы Турсунай (Бакыт нуру)

#1 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Өздүк калемден жаралган ырлар
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Алсыз дагы, назик менин абалым,
Өзүңдү деп эрким жыйып турамын.
Бул турмуштун канча болсо сыноосу,
Бир сен үчүн бардыгына чыдайын.

Жолуктурган тагдыр кылып Кудайым,
Өмүрлүккө бактыбызды сурайын.
Жолубузда канча кырка болсо да,
Колуң кармап кыйын күнгө чыдайын.

Өткөн күндө өзүңсүз да жашагам,
Эми сен деп үмүттөргө баш багам.
Үнүң укпай, алың билбей калганда,
Токтоно албай өз өзүмчө жаштанам.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Адамбыз да

Адамбыз да... Үмүтүбүз ашып – ташып,
Бакытты издейбиз, жарым кашык.
А чында чөмүчтөп чачылганын,
Билбейбиз бактылуу жашап жатып.

Таң атты мезгилге шайкеш келип,
Жүрөккө жылуулукту атап берип.
Күндөлүк көйгөйлөргө агылгыча,
Жашайлы бакыттын даамын сезип.

Адамбыз да...Ойлорубуз чачыранды,
Бир тоого, бир аңга чачырады.
Жакшылык көз ирмемден элес алып,
Болбогон айың кепти жашыралы.

Башталган жаңы күндө жаңыланып,
Эселек ушактардан арылалык.
Беш күндүк аталган бул өмүрдө,
Келгиле муза болуп жаңыралык.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Акылдуум
(Бирөөнүн өтүнүчү менен)

Шоктугумду жоруп коюп жаманга,
Мээримиңди манчырканып аянба.
Жалоорусаң, эркелетсең жетишет,
Окшоштуруп мени алсыз аялга.

Оор мүнөзүм бетке салып кейитип,
Көңүлүмдү оорутпачы керилип.
Кекейсең да бой көтөрүп турсаң да,
Сүйөм сени, сүйө берем берилип.

Жаман дегин, жакпайт дегин макулмун,
Сен баарыбир акылдуумсуң акылдуум.
Болгон сенден өтүнүчүм эстеп кал,
Издебегин менден бөлөк акылдуун.

Кемчилдигим түзөтөйүн оңдоюн,
Сенден бөлөк адамга жар болбоюн.
Айтчы кантип сүйөм эми бөлөктү,
Болуп турсаң кыялдагы, ойдогум.

Кайрылбаска айла амал кылбагын,
Адам көрүп мени дагы тыңдагын.
Жанымда эле басып жүрсөң жетишет,
Өзүң болуп жашоодогу жыргалым.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Классташтарга

Мезгилдер каккылап канаттарын,
Силердей жакшыларды жаратпадым.
Айтышып, ачууну да таттуу кылган,
Силерсиңер түрмөгү көп барактарым.

Белгисиз, баё сезим бала чагым,
Ал кезге кайрылгым келет дагын.
Желкелеш таянычым силер болуп,
Кооздогон экенсиңер өмүр жазын.

Зымырап мезгил учуп, жылдар көчүп,
Зыпылдап турмушка аздан көнүп.
Биз дагы эл катарын толуктадык,
Он сегиздин аркы өйүзүн ашып көрүп.

Сагынам окуучулук күндөрүмдү,
Ак бантик, форма менен жүргөнүмдү.
Ээрчишип силердей жандар менен,
Ал кезде ойноп күлүп жүрбөдүмбү.

Өткөндү эске алам толкуп ташып,
Кез – кезде кубанып, кээде жашып.
Ал учур эсеби жок жыргал экен,
Биз болсо басып өттүк аны шашып.

Шар аккан жашоодон четке качып,
Самадым жүргөндөрдү бирге басып.
Аярлап сактап койгон сүрөттөрүм,
Балалыктын элесин алган катып.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Балалык элес

Сапырылып, жер бетинен чаң суурулуп,
Нур өңдүү элес берет көзгө урунуп,
Эски күндүн этегин кармадым да,
Балалыкка барып келдим бир бурулуп.

Ал мезгил жыргал болчу эсеби жок,
Жан элем карды тургай ою да ток.
Балапан курак кетти сагындырып,
Калууга күч таппадым аны коргоп.

Кубантып, чуу салган курбуларым,
Болгон экен көрсө анда шам чырагым.
Шамы жок караңгыда калбасам да,
Алардын жылуулугун сагынамын.

Миң кайталап кезиксек да жыл ичинде,
Бул учур баркын табаар кезегинде.
А балалык баркы ашып бара жатат,
Туйлатып, туйгун болуп сезимимде.

Өзгөргөн ушул чакта жолдорубуз,
Турмуш менен айкалышып ойлорубуз..
Кай бирөөбүз эне болуп бир балага,
Бирибиздин шакек таккан колдорубуз
А калгандар өзүбүзчө жашоодобуз
Окуу, жумуш кыялдагы, ойдогубуз.

Ыргытып топко кошуп кыялдарды,
Бой жетип, балалыктан элес калды.
Бир кезде ойногон куурчагыбыз,
Өзү өңдүү жаш баладан түнөк тапты.

Бир баскан жолдордон басып улам,
Дүйнөдө силер барга шүгүр кылам.
Ордубуз сакталуу ошол бойдон,
Биздейлер ойногонун көрүп калам.
Жолубуз сакталуу ошол бойдон,
Жакшылар басканын көрүп калам.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Чын дилден бар жогумду унуткарып,
Мен сиз деп жашоону самап турам.
Асмандай кез - кезде булуттанып,
Эркеленип жүрүүнү каалап турам.

Эселек жан акылым кыска балким,
А бирок кыялдарым чектелбеген.
Эсимди жоготсом да миң кайталап,
Көксөүм жоголбойт сизге деген.

Эрксизденем сагынычым күчөгөндө,
Ал анткени махабатым жүрөгүмдө.
Тагдырым бир сизге байланса дейм,
Тирүү бойдон жашоодо жүргөнүмдө.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Чар жайыт ойлорумду жыйгым келип,
Турамын өзүмө суроо берип.
Тунарган көз алдымда элестерди,
Унутаармын а балким кези келип.

Эстеткен эски күндү кадам сайын,
Эх ушул жаратылыш кызык жайың.
Бир бурчта бир бүркүм көзгө түшөт,
Кайрылып кучагыңа келген сайын.

Бир жерде бир элес көзгө түшөт,
Кайрадан жолдоруңда жүргөн сайын.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Сенектешип, кемсинтишип бирбирин,
Унутушат кээ адамдар кимдигин.
Дене адам, акыл болсо айбандай,
Көзгө илбейт өздөрүнүн кемтигин.
(Т-Аб)
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Сүйүп жашаймын

Сезилип, сезилбес сезимим менен,
Шамалдай сеңселип согуп жашаймын.
Атамдай жат алып карааныңызды,
Энемдей мээр төгүп сүйүп жашаймын.

Жаштыктан жолуккан бурулуш сыңар,
Кезиккен ал күндөй күлүп жашаймын.
Бир сизге энчилеп сезимдеримди,
Тек гана мен сизди сүйүп жашаймын.

Жаркылдап жашоомду жарытып турган,
Бир тууган агамдай көрүп жашаймын.
Жеңемдей асыл жан болбосом дагы,
Түбөлүк жанашып сүйүп жашаймын.

Аздектеп жүрөккө жашырып алып,
Көз тийчү адамдай аяп жашаймын.
Кемчилдик катаңыз көрүнсө дагы,
Жакшым деп бир сизди сүйүп жашаймын.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Кыз кыялы

Жароокер жан, кыздар деңиз сыягы,
Шоола чачып, жарык кылат уяны.
Бакыт тилеп жараткандан ар убак,
Бейиш болот кыздын эне турагы.

Кичинекей там - туң баскан балапан,
Куурчак кармап балам бул дейт жаш чактан.
Кыялданат кыя басып эченди,
Мээрим алып, мээрим төгүп кайрадан.

Жаш кезектин акылына сыйбаган,
Сүйүү күтөт, чайпалып эч тынбаган
Кыз жүрөгү назик алсыз экенин,
Эчен жандар эзелтеден ырдаган.

Балам деген бала тили бал тамып,
Сүйүүм деген карегинен от жанып.
Мына ушул ар бир кыздын кыялы,
Бул дүйнөгө келген чактан көз жарып.

(Кыз кадыры ар дайым жогору болуусу шарт. Анткени алар бала кыялында улут келечегин жаратып, жашоосун улут тукумун эрезеге жеткирүүгө арнайт)
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Ырларым калсын мураска

Таңшып чыккан торгой бакта сайраган,
Кыры толгон кырка тоону жайлаган.
Кыргызымдан мурас калса аскалар,
Менден калсын ырлар элдер жаттаган.

Маанилери жан дүйнөнү арбаган,
Асыл сөздү майда дебей тандаган.
Аталардан накыл кептер сакталса,
Менден калсын уйкаш ырлар жатталган.

Сулуулукка, көркөмдүккө багынткан,
Эл тукумун аздектеп бүт батырган.
Энелерден жол уласа уул – кызы,
Менден болсо ырлар калсын жазылган.

Суудай балкып булактарда агылган,
Гүлдөй болуп көктөм таңы ачылган.
Жаздай кыздар сүрөттөрдө сакталса,
Мен калайын ырлар менен жазылган.

Сөзүм дебейм укмуштардын укмушу,
Балким келбейт бирөөлөрдүн уккусу.
Бирок булар дүнүйөмдүн бүтпөгөн,
Жан эргиткен асылдыктын уңгусу.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Сени эстетет, жаздын ар бир шоокуму,
Шыбыраган шамал болуп урунуп.
Сени эстетет, тамчылаган жамгырлар,
Бет маңдайда нур сыяктуу кубулуп.

Сага окшогон гүлдөр дагы жайдары,
Сезимдерди пайда кылып кайдагы.
Сенин атың ээлик кылып жүрөккө,
Бөлөк жанды сүйүүгө жай калбады.

Эркелигим түп маңызын түшүнгөн,
Жароокерим түнү күтөм түшүмдөн.
Ортодогу аралыктын мейкинин,
Сүйүүбүз деп жүрөгүмө түшүргөм.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Айымдар

Акылдуу да, мээримдүү да аялдар,
Адам барбы деги бизди жамандаар?
Кайсыл өлкө, кайсыл бурчта болбосун,
Биз деп жазат, жада калса акындар.

Назик дагы, ойлуу ушул аялдар,
Мактаганга керегинче акым бар.
Канча сыйлап, кадырласак айымды,
Бейиш жолу бизге карап жакындаар.

Эне десек аял чыгат балам деп,
Эркелесең кучагым кең жаям деп.
Уул, кыз үчүн бар өмүрүн өткөрүп,
Керек болсо жаным тартуу кылам деп.

Аял деген сөз айтуу да бир бакыт,
Аял сөзү дурдан бүткөн бир жакут.
Аялдар бар алар менен ар убак,
Өлкөбүзгө, үйүбүзгө кирет кут.

Бир денеде түр мүнөздү жашырып,
Аял жашайт, бүт ааламды бак кылып.
Карегинен жүрөгүнө жол салып,
Каухар көзгө бар дүйнөнү батырып.

Аман дагы, бар бололу айымдар,
Ырахат алсын айланада жакындар.
Куттуу болсун жылуулукту баштаган,
Кезектеги сегизинчи мартыңар.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Энеме

Эне ким?- Эне үйдүн күйгөн шамы,
Жыпардан шайы оронгон мээрим багы.
Эне ким? – Эне бүгүн, эртең дагы,
Өлкөнүн жарык нуру, аткан таңы.

Жүрөктүн согуусунун себепчиси,
Баласынын өмүрүнүн тиленчиси.
Энедей адам болбос бул жарыкта,
Жан азгырган аруулуктун дарекчиси.

Бар дүйнө, жүрөктөрдүн түпкүрүндө,
Эне турат бул дүйнөнүн түркүгүндө.
Тербеткен жар дүйнөнүн жарды кылын,
Алоологон оту күйүп жүрөгүндө.

Эселек балапандын саяпкери,
Бүчүрдөй данек жанга өмүр берди.
Кылымдан кылымдарга алып жүрөт,
Бир үйдү башат кылып, бүтүн элди.

Энелердин колу сыйкыр, боору таптуу,
Бала ага, бизге болсо эне барктуу.
Жаз да болсо ага окшоп жан киритет,
Так ошого жазгы майрам кыйла даңктуу.

#Жаратканым алтын #апама узун #өмүр #берсин, бактыбызга амандыкта, бизди коштоп, колдоп жүрсүн.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Сүйөм сизди

Кадам басып, бул дүйнөдө бүтпөгөн,
Сиздей жанга кезигем деп күтпөгөм.
Өздүгүмдү энчи кылып кыялга,
Ашык болуп калган жандай өңдөнөм.

Сүйүүбүз бар жаш бутактай көктөгөн,
Ага шайкеш ойлор жүрөт көптөгөн.
Сиз айткандай жолдорубуз бир болуп,
Жашоо ырын жараталы бүтпөгөн.

Жакшыга да, жаманга да тең чыдап,
Ишеничтен, сый - урматтан чеп курап.
Кадырлашып өткөрөлү өмүрдү,
Кубанычка катарлашып, жол улап.

Кечегидей сүйүү жанып жайнаган,
Бүгүнкүдөй сагынычтар туйлаган.
Махабатты очок кылып ортого,
Сүйүп сизди жашай берем садагам.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Атыңызды атабастан тергеген,
Бакытыңыз болоюнчу сиздеген.
Жалгыз гана энчи кылып өзүмө,
Бөлөктөргө жүрөк отун бербеген.

Күлкү менен кубанычка орогон,
Бөлөктөрдүн карашынан коргогон.
Жан болуңуз жашоомо шаң кошуп,
Кадам сайын бактыбызды ойлогон. (9-январь 22:55)
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Оттой сүйүү
(Бир мырзанын суранычы боюнча)

Карегиң жанып, от болуп,
Жүрөктү өрттөйт от коюп.
Ушунча жалың отуңдан,
Баратам чиркин өрттөнүп.

Жүзүң да жанып алоолоп,
От сени алган жылоолоп.
Же менин көзүм күйүүдө,
Сезимдер көзгө ыроолоп.

От сындуу болуп элесиң,
Күйдүрүп мени келесиң.
Жалбырттап жүрө бербестен,
Жылуулук качан бересиң?

Оттон бир бүткөн немесиң,
Күйдүрдүң десем жеңесиң.
Тамаша дейсиң, а бирок,
Көңүлүм сенде билесиң.

Жалының ушул ортомчу,
Сүйөмүн деп койсоңчу.
Дагы бир оттой күймөкмүн,
Жубайым менин болсоңчу.

27-01-2016 11:04
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Эрктүү деп баа беришсе жакындарым,
Эрктүүлүккө андан бетер жакындадым.
А чында алсыз болуп калгым келет,
Эх жаным эрксиз кылып жакындагын.

Эркимди түп тамырдан жулуп салгын,
Ордуна сүйүү болуп орун алгын.
Макулмун алсыз болом өмүр бою,
Тек гана сен жанымда калып калгын.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   05 Июнь 2016 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Эрктүү деп баа беришсе жакындарым,
Эрктүүлүккө андан бетер жакындадым.
А чында алсыз болуп калгым келет,
Эх жаным эрксиз кылып жакындагын.

Эркимди түп тамырдан жулуп салгын,
Ордуна сүйүү болуп орун алгын.
Макулмун алсыз болом өмүр бою,
Тек гана сен жанымда калып калгын.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 11:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: