Мындан кийин жалан жакшылыкта жаша ылайым.
Соолуган гүл.
#182 05 June 2016 - 19:26
Автор озунуздун окуянызбы же бироонун баяныбы? Анкетанызда 15 жашта деп турат.
"Качан күйөөгө тиесин?" деген темада "Буйруган куну" деп журбодунуз беле? Ошондо бул кандайча?
"Качан күйөөгө тиесин?" деген темада "Буйруган куну" деп журбодунуз беле? Ошондо бул кандайча?
#183 07 June 2016 - 18:49
Саламатсызбы,
бул никти белекке бироодон алгам. Анкетасына конул бурбапмын. Менин форумга киргенге деле убакытым жок болгондуктан,
никти кайра оз ээсине кайтарып берууну чечтим.
Эгер окуган болсон, парольду алмаштырып ал. Ник учун ырахмат. Аллах ыраазы болсун.
Эгер окуган болсон, парольду алмаштырып ал. Ник учун ырахмат. Аллах ыраазы болсун.
#184 19 June 2016 - 13:15
Жакшы уй булонун кызы экенсин анан кантип эле улука кор болдун? Озун шериксинда эненди ойго салып жеп тынып анан улук онолуп калды деп улук тарап болуп калганына жол болсун.
#185 21 June 2016 - 01:26
Окунучтуу окуя экен Бактылуу болунуз!!
!Ойй адамдар бироонун жамандагандан мурда озунордуу билгилечии!
!!!Озунор Айсынарбы? Жакын 4адамын жоготуп журок заада болуп аран журсо кайдагыны жазасынар аксынып!!
#189 02 July 2016 - 04:59
Окуп буткучо чыдамым кетип жатты го(( журок сыгылып, козумо жаш айланып да кетти. Не деген оор тагдыр. Автор сизге кыйын сыноолор берилген экен, аны турмуштун кара сызыктары деп тушунунуз, эми мындан аркысы жалан жакшылыктар мн коштолуп, ак сызыктар болсун. Улук кеч да болсо акылына кирип, сизди барктап алса дейм. Суйуктуу жар болуп,эне бактысына чомулгонунузду каалайм. Ининиз да чоноюп оз бактысын тапсын.
#190 05 July 2016 - 18:51
Эх чиркин бул жалган жашоодогу жүздөн биригана, мындай жашоону өтө көп жакшынакай татынакай кыздар башынан кечиришүүдө,
өкүнүчтүү, эми эмне дейбиз, кайрат кыл карындашым,
сен жакшы адамдарды изде, москвада жакшылар көп эле просто бири бирине ишенишпейт,
сен жумушуңду, квартираңды даже телефон номериңди өзгөртүп Улуктан кутулуп кетишиң керек, бул албетте менин жеке пикирим ананда сен Руслан менен байланышып жардам сураганың жакшыбы депта ойлоймун себеби; эгер ал сени чындап сүйсө сага сөзсүз жардам берет.
#193 30 July 2016 - 22:23
Кандайсыздар.
Мен дагы оз жашоомдун жанылыгы менен болушкум келди. Инимди озумдун жаныма алып, озум карап жатканымды билесиздер.
Ошол силерге акыркы жолу жазганымда уйдо бир аз келишпестиктер болуп откон эле. Улуктун пейили тутуп, инимди урушуп, жат адамдай мамиле кылат кээде. Ушу инимди урушса эле нерв болуп, андан отуп Улуктун озун урушчу болдум. Ошондон улам уйдо уруш чыгып, туну ыйлаган кундорум кобойду. Бир куну базардан келсем инимди урушуп жатыптыр " Мынча эзилесин, эркектей болуп кыймылдасан болбойбу? Сени менен тен балдар иш кылып журот. Сен болсо жетимдигинди пеш кылгансып эжендин жанынан чыкпайсын энен**йындын баласы !" деп. Бул созду мен которо албадым. Турган жеримде шолоктоп ыйладым, байкуш инимде эмне куноо, эмне азап?! Тоголок карагаттай карегинин устунон кирпигин суулап гана тим болуп турат. Дароо Улукка кыйкырдым. Инимди сокпо! Сокконго сенин акын жок деп. Ошентип дагы уруштук. Иним эч жарылып суйлобойт. Балким Улук мен жокто коп эле жолу урушуп аткандыр. Аны айтпайт. Анткени катуу стреске кабылган. Коркуп да калган. Инимди ушунчалык айайм. Тырмактай кезинде ата энеден айрылуу канчалык азап. Чон эле адам болуп мен канча азап тарттым.
#194 30 July 2016 - 22:48
Бир куну иним коншу балдар менен футбол ойноп жатып колун оорутуп алыптыр. Байкушум чынырып ыйлайт. Больницага алып барам деп Улуктан акча сурасам " акча жок" деп бербей койду. Ачуум келип, кошуна эжеден акча алып турдум. Колу сынган экен, гипстеп берди. Алтын шакегим бар эле ошону саттым. Карызымды бердим. Кийимдеримди жыйнаштырып оз уйумо кетип калдым. Уйдо Улук жок экен эле. Чынын айтсам менде суйуу деген сезим очуп, олуп жок болгон. Анын бары ата энем менен кеткен сынары. Жалгыз гана жашоого умут берген бул менин иним. Ошондон улам мен Улук менен ажырашууну эп кордум. Экообуздун жубайлар деген гана статусубуз болбосо, башка эч нерсе деле жок. Уйго келип кирээр замат иним суйунду. Апамдын атамдын суротун карап ыйлады. "эже биринчи атам мени таштап кетти, анан апам таштап кетти. Айбек (досу) анын атасы да бар, апасы да бар. Алар менен паркка барат, уйуно барсам чогуу ойнойт экен атасы менен. Менинда ошолордой жашагым келет эже. Сураныч апамы кайтып кел дечи. Эжее, апамды сагындым, апа-аа деп ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Баткенге барбай эле коелучу, ушул уйдо экообуз жашай береличи деп жалдырайт байкушум. Ангыча эле Улук чалып калды. Албадым. Смс жазып жибердим. Мени тынч койчу, эс алгым келип турат. Оз уйумо келе бердим. Сураныч ашыкча соз суйлоп башымды оорутпа деп. Коп жолу чалыптыр албадым.
#195 30 July 2016 - 23:01
Иним экообуз 7 токоч бышырып, уйду аластадык. Тамактанып буткон сон кучакташып жатып алдык. Ойлонууп жатсам Улук чалды. " Мен сага киммин? Бир ооз айтып кетсен болбойбу? Же адам болуп калдынбы барын озун чечип, к**унду кысып уйго кел" деди. " Акча албадым, неге мага кыйкырасынже акча берип койдунбу уйуно барып кел деп. Мурда адам эмес болсом эми адам болом. Барбайм, жашабайм сени менен. Каласан уйлонуп ал" дедим. Согунуп кеетти...анан аягында " досторум да айтып аткан, бул жетим кызды кайдан таап алдын, сага кандай кыздар ашык болуп журсо деп. Сенден арданам. Уялам. Сенин эле ата энен олгонсуп , досторума да суйлобойсун.
Жашабасан жашаба, козум учуп турган жок. Керек болсо кыз алып алам. Уктунбу кыыз!" деди. Унчукпастан очуруп койдум. Созуно ардандым. Ыйладым. Улука деген эч нерсем калбады. Мен деле бактылуу жашагым келчу, бир турмушту гана коргум келчу. Бирок мынтип жан аягыс создорду айтып турса кантип жашайм.
#196 30 July 2016 - 23:07
Эххх автор толук окуй албай койдум ыйлап башты бийик которуп белди бекем буу жакшы кундор алдыда сабыр кыл...
#199 02 August 2016 - 14:12
Адам кейпин кийген адамдар деле жашап журот ээ бул жашоодо. Жетимдин башын сыласа кайра Аллахым ырайым кылып куноолорун кечирет беле. Аттин ошону билбегендерге кантесин.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#200 03 August 2016 - 13:56
Бир куну иним экообуз уйдо тамактанып жатсак бироо чакырып калды. Чыксам апам менен чогуу иштеген аке экен. "Коптон бери уйунордун чырагы жанып калды да? Бул жерде жашап атасынбы ?" деди. "Ооба, уй каралбай жаман боло баштаптыр, эмнеси болсо да ата энемден калган жалгыз нерсе уйубуз эмеспи, тазалап , жыйнап коеюн деп келгем " дедим. " Аа жакшы, мен апандын калган айлыгын алып келдим эле, азда болсо алып кой, ак эмгеги " деп 5000сом таштап кетти. Ошол кундун эртесиле базарга барып продукты кылып, уйго керектуу буюм тайындарды алып келгени иним экообуз жонодук. Тагдыр беле же бешенеби? Же жон гана дал келуучулукпу мен "жездеме"
жолугуп калдым. Ооба , болчок жездеме. Эжем бизди таштап кеткенде бизге комок корсотуп , жардам берген рамаатылык эжемдин жигити. Инимда аны дароо таанып учурашты. Чогуу тамактаналы озум таштап коем уйунорго деп кафеге алып кирди. Ал акыбал сурашканча тамактандык.
Дагы деле уйлонбоптур.
Бизнес баштап ошо менен алек болуп жургонун айтты. Менда болгонун болгондой айттым. Улук менен ажырашышымды.
Ошентип уйго таштап койду бизди. Телефон номеримди алып кетти, жардам берип турам и ишке киргизем деп. Ошентип бир айча суйлошуп кабар алып, иниме майда чуйдо алып келип турду. Эми мага уйлонуу сунушун киргизип жатат. Эмне кылышты да билбей , оюм онго санаам санга болунот. Улука чалсам албады. Смс жазып жибериптир.
" жакында ажырашууга чакырам. Мен уйлонгону атам. Каршы болбойсун деген ойдомун. Мага чалып, тынчымды алба, керек болсон сам звоню" деп. Айткылачы менде кандай арга бар? Эмне кылсам туура болот? Жездем жакында ишке орношткрат.
Мумкун иш менен алаксып озумо келээрмин? Жездем жакшы жигит. Иними да жакшы корот. Ушуга чейин и мындан кицин да жардамын аябайт деп ойлойм. Бирок мен озумду ойлоп атам. Бир эрден чыгып, экинчи эрге тийиш мага оор. Улук менин омурлук жарым болчу. Бирок татыктуу боло албады. Кантип, эмне деген жыйынтыкка келем ?

Супер-Инфо
super.kg
видео















