Суперстан: Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз.

#41 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Хе-хе... бул ачылышың ыз менен эч кимди "тоңдура" да, таң калтыра да албайсыз. Анткени, ал көз көрүнө ө эле түшүнү к. Ошол үч чоң сөз түркүмү нө "айдоону" этиш жагына оодарсаң ыз абдан туура болот эле. Дагы бир ойлонуп, мисалдар менен текшерип көрүң үз. Өзүн "жылаң ач" алсаңыз, сиз айткандай "шаар" деген менен бирдей окшой берет, караң калгыр...


Таза этиштердин синтаксистеги милдетин дагы бир жолу карап койсоңуз, кыймыл атоочтордун сүйлөм тутумундагы милдетине салыштырып туруп, «айдоо» деген сөздүн кайсынысынын табиятына жакыныраак экенин далилдээрсиз. Өзүн «жылаңач» алуунун да ыкмалары бар. –оо, -өө, -уу, -үү мүчөлө рү эч качан этиш жасоочу мүчөлө р эмес. Грамматикада калпыс берилип калгандыктан, этиш менен атоочтун айырмасын биле албай келебиз азыркы учурга чейин. Дагы бир жолу К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгү ндө» этиштер кандай берилген жана кыймыл атоочтор кандай берилген бир текшерип коюу кажет деп ойлойм. :)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   arhidey   23 Октябрь 2009 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Цитата

P.S.: Кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар да көп, киргизиле турган тамгалар мындан көп.



Урматтуу Мергенчи кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар кайсылар деп ойлойсуз? Мисал келтире кетсениз. Макул жаны тамгалар, киргизе албайсыз мен аны тушуном. :tongue:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   arhidey   23 Октябрь 2009 - 14:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Цитата

Жалпысынан, атооч сөздөргө кирерин эч ким тана албайт. Өзүнү н да аты «кыймыл атооч» деп айтып турат. Бул - бир. Экинчи жагы: дагы бир нерсе жөнүндө айтсам, айрымдар муз болуп тоңуп калабы деп коркуп турам. Ал ой: «Тилде, негизинен, үч гана сөз түркүмү бар: атоочтор, этиштер, кызматчы сөздөр. Атоочторго зат атооч, сын атооч, ат атооч, тактооч кирет. Этиштерге этиштин өзү жана айрым тууранды сөздөр таандык. Кызматчы сөздөр болуп бөлүкчө , жандооч, байламта жана модалдык сөздөр кызмат кылат. Ал эми сырдык сөздөрдү н сөз түркүмү катары калыптануусунда күмөн туудурган толгон токой маселе бар». Ушуга ылайык атоочтордун изилдөө объектиси канчалык экендиги түшүнү ктүү.



Мындай корунуштогу талкууну уланта берсениз Мергенчи, анык эле мен муз болуп тонуп калам. :tongue: .

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   mik   23 Октябрь 2009 - 15:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 26 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Менин ойумча туура ачылган тема. Минтип отурсак 10-20 жылдын ичинде озубуздун тилибизди жоготуп алабызбы деп корком. Мисалы азыр эки соз суйлосон бироосу созсуз орусча болот, ( остановкадан токтоп койосузбу, Ахунбаева м/н Советская коч кесилиши, компьютер зависать этип калды, перезагрузка кылып койчу хорошо. ж.б.у.с.) кыргызча айткандан уялабы ( Западло ).
Кыргыз тилин онуктуруш керек, тигинтиш керек минтиш керек деп мамлекеттик тил күнү жакындаганда чамынып калдык эле. Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленгенден кийин кайра эле баары оз нугунда кетти го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kgjigit   23 Октябрь 2009 - 15:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 19 Июль 08
  • Соңку аракети: 17 Июн 2018 16:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:tokio

туура кыргыз тили онуго албай албай жаткан кези буга да бир далай себептер бар деп айтар элем биздин олкодо мектептерде окуу китептери кобу орусча ал ЖОЖдо айтпасам да белгилуу менин айтайын дегеним бизде ушул жактан башташ керек!!! !! анан да орусча мектептерди азайтыш керек, бала бакчаларды да. мамлекетиик тилибиз кыргызча болгондон кийин кыргызча суйлошубуз керек айтпайм эртен элдин баары кыргызча суйлоп калат бирок аракет кылсак эмнеге болбосун туурабы????
"Там где умирает надежда, там возникает пустота"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   mik   23 Октябрь 2009 - 15:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 26 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Салам форумчулар. Менден анча деле чочулабай эле койгула.
Мен жаны тема баштагым келди. Кыргыз грамматикасы тууралуу. Мисалы: Ичуу, чуркоо деп айтылат эмеспи Ал эми дегендер таптакыр эле туура эмес болуп жатпайбы.Оюнуздар болсо келгиниздер создордун туура жазылышын ондойбуз.



Мындай создорду биринчи угуп жатам. Тамак же, мал чоп жеп жатат. Уйду саа, сааш керек, уй саан болду.
( жеоо уйду саоо ) минтип кай жакта айтат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Мергенчи   23 Октябрь 2009 - 16:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Урматтуу Мергенчи кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар кайсылар деп ойлойсуз? Мисал келтире кетсениз. Макул жаны тамгалар, киргизе албайсыз мен аны тушуном.  :tongue:


Мисалы, алынып  таштала турган тамгалар: щ, х, ъ, ф, в, я, ь, ю, ё ж.б.  :dance2:

Кошула турган  тамгалар: балким...: ә, ғ, қ, җ жана дагы компьютердин символ бөлүгү нөн издеп  таба албаган айрым тамгалар.   :give_rose:
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   CCCP   23 Октябрь 2009 - 17:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Барс ава жана Жека аке, ушул теманы "Мен кыргызмын" болумуно жылдырып койсонуздар болчудай экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   mik   24 Октябрь 2009 - 09:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 26 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Цитата

Урматтуу Мергенчи кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар кайсылар деп ойлойсуз? Мисал келтире кетсениз. Макул жаны тамгалар, киргизе албайсыз мен аны тушуном.  :tongue:


Мисалы, алынып  таштала турган тамгалар: щ, х, ъ, ф, в, я, ь, ю, ё ж.б.  :dance2:

Кошула турган  тамгалар: балким...: ә, ғ, қ, җ жана дагы компьютердин символ бөлүгү нөн издеп  таба албаган айрым тамгалар.   :give_rose:



Бул тамгаларды алып салып анан кантип жазабыз. М: Аюу, Архар, Хан, Компьютер ( анткени которулбайт)
Бул ә, ғ, қ, җ тамгаларды кошуп алып эмне кыласын. Мындай тамгалар кошулган кыргызча соз уга элекмин, же башкалар эмне кылса ошону туурай берелиби (Казак бир туугандар).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   arhidey   25 Октябрь 2009 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Мик туура айтат Мергенчи ойлонуп суйлоп жатасызбы? Кыргыз тамгаларына сиз жаныча озгоруш киритет окшойсуз :tongue: .

Ф, В тамгаларыны эмнеге жокко чыгаруубуз керек? мейли калган тамгаларды ойлонуп королу. Анда сиздин Лайф аттуу ысымынызда ф тамгасы эмне кылып журот ия? Макул бул англис тилинде алынган соз дейли. Бирок кыргыз создорундо жакшы эле кызмат аткарып келип жатат ф тамгасы урматтуу Мергенчи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Мергенчи   25 Октябрь 2009 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Бул тамгаларды алып салып анан кантип жазабыз. М: Аюу, Архар, Хан, Компьютер ( анткени которулбайт)
Бул ә, ғ, қ, җ тамгаларды кошуп алып эмне кыласын. Мындай тамгалар кошулган кыргызча соз уга элекмин, же башкалар эмне кылса ошону туурай берелиби (Казак бир туугандар).


Тилдин табиятында  болгон нерсени эч ким эч качан четке кага албайт. Алфавит деген жасалма нерсе.  Ошол эле сиз айтып жаткан тамгаларды кыргыз тилине кошуп койгондо деле, абал  өзгөрү п кетпейт. Принцип боюнча бир тамга бир тыбышка дал келүүсү кажет. Бизде, тескерисинче, бир тамга кээде эки тыбышка же эки тыбыш бир тамгага дал келип  калып жатат. Анан дагы кыргыз тилине кирген сөздөрдү орус кандай айтса, кыргыз да ошондой айтышы керек, андай болбогон шартта маданиятсыздык деген таңууланган  түрдө гү жалган пикирди унутуу керек. «Аюу» деген сөздү «айу («аюу» сөзү, негизинен, созулма түрүндө айтылбайт. Тамганын айынан у тыбышы созулма болуп  кеткен. Бул да алфавиттик принциптин туура такталбаганынан улам келип чыккан  ката)» түрүндө гана жазса болот. Ал эми «хан» деген сөздү кыргыз «кан» деп келген жана дей берет. «Пахта» деген сөздү «бакта» же «рахмат» деген сөздү  кыргыздын өзүнү н айтымына карай «ыракмат» деп жазса, ката болуп эсептелбейт. Тескерисинче, тилибиздин көркүн ачат. Ал эми «компьютер» сыяктуу сөздөрдү «кампийутер» же кыргыздын өзүнү н аң-сезиминен жаралган башка сөз менен айтса, андан эч кандай  коркунуч туулбайт. 

 

Ал эми ә, ғ, қ, җ тамгалары кошулган сөздөрдү казакты тууроо катары баалаган экенсиз. Дегинкисинде, жоон үндүү лөр менен ичке үндүү лөр айкашкан к, г, ж, керек болсо, л тыбыштарында  асман менен жердей айырма бар. Мисалы, «сагыз» деген сөздөгү г тыбышы менен «сегиз» деген сөздөгү г тыбышы таптакыр башка тыбыштар. Же болбосо, «кагаз» деген  сөздө гү к тыбышы менен «келин» деген сөздөгү к тыбыштары бири-биринен абдан  айырмаланып турат. Казак менен кыргыз башынан ката кетиришкен. Экөө бири-бирин  туурабайбыз деп жатып окшош эле тыбыштар үчүн эки тилге ар башка тамгалар жазып алышкан. Ошонун айынан азыркы учурда эки окшош тилдин жазуусунда асман менен жердей  айырма пайда болуп, керек болсо айрымдардын түшүнбө й калуусуна чейин жетип  отурат. Биз бири-бирибизди туурабай эле орусту туураганды жакшы көрөбү з. Андай  пикирден зили алыс болуу туура деп ойлойм.
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Мергенчи   25 Октябрь 2009 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Ф, В тамгаларыны эмнеге жокко чыгаруубуз керек? мейли калган тамгаларды ойлонуп королу. Анда сиздин Лайф аттуу ысымынызда ф тамгасы эмне кылып журот ия? Макул бул англис тилинде алынган соз дейли. Бирок кыргыз создорундо жакшы эле кызмат аткарып келип жатат ф тамгасы урматтуу Мергенчи.



Ф тыбышынын  кызматы жөнүндө күмөнү м жок. Бирок анын бардыгы орус тилинин же айрым  арабизмдерден учурагандан башка кыргыздын өзүнү н төл лексикасы үчүн мүнөздү ү эмес. Керек болсо, орус тилинде да ф тыбышы, негизинен, француз тилинен алынган  сөздө рдө колдонулат. Орус тилинде да талаш-тартыш маселелер бул жагынан алганда  канча кылымдан бери уланып келет жана улана берер деген ойдомун. Кыргыз  тилиндеги ф жана в тыбыштарды айрым учурда п тыбышына, көпчүлү к учурда б  тыбышына өтүп айтылып жазылса, тилдин табиятын ачуу жаатында чоң жетишкендиктер  болмок. В тыбышы жөнүндө өз алдынча айтпасам да түшүнү ктүү. :dance2:  
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Барс   25 Октябрь 2009 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мергенчинин жазгандарында "жан" бар!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Мергенчи   25 Октябрь 2009 - 17:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Мергенчинин жазгандарында "жан" бар!


«Адам акыбеттин ээси эмес жана ээси да боло албайт. Адамдын акыл-эси аны дайыма белгисиз жана сырдуу нерселерге алып барат» - деп Фридрих Август фон Айек  айткандай, акырындык менен аракет кылып жатабыз. Же А. Токомбаевдин «Өмүр  бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсини». Антейин десек, азырынча эмгегибиз  сиңип кетти, жыргатып ийдик деп айтууга эч кандай негиз жок экендиги даана  байкалат. Аракет... Аракет... Аракет... Ушул алфавит маселеси тезинен чечилсе  жакшы болмок.  :give_rose:
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   arhidey   26 Октябрь 2009 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Цитата(Мергенчи @ 25.10.2009, 15:24) <{POST_SNAPBACK}>Ф тыбышынын кызматы жөнүндө күмөнү м жок. Бирок анын бардыгы орус тилинин же айрым арабизмдерден учурагандан башка кыргыздын өзүнү н төл лексикасы үчүн мүнөздү ү эмес. Керек болсо, орус тилинде да ф тыбышы, негизинен, француз тилинен алынган сөздөрдө колдонулат. Орус тилинде да талаш-тартыш маселелер бул жагынан алганда канча кылымдан бери уланып келет жана улана берер деген ойдомун. Кыргыз тилиндеги ф жана в тыбыштарды айрым учурда п тыбышына, көпчүлү к учурда б тыбышына өтүп айтылып жазылса, тилдин табиятын ачуу жаатында чоң жетишкендиктер болмок. В тыбышы жөнүндө өз алдынча айтпасам да түшүнү ктүү. :dance2:
[/quote]

Туура айтасыз В тамгасынын аталышын таба албайсын. Бирок Ф тамгасыны кыскартып салууга дагы да болсо каршымын. Макул озгортолу анда Фатима аттуу эжелерибиз, синдилерибиздин ысымдарына кандай тамга белек кыла аласыз? :tongue: (Менин оюмча П тамгасы дал келсе керек Патима) Коюн а бир тамганы деп антар тунтар кылбай тынч эле жашайлычы. Фатима эжелер да паспортун озгортуп кыйналып калышпасын :crazy-girl:

Билдирүүнү түзөткөн: arhidey: 26 Октябрь 2009 - 11:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   arhidey   03 Ноябрь 2009 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Кыргыз тилин талкуу кылып эле жатабыз. Теманын аталышы менен ишибиз жок.

Кыргыз тилин талкулайбыз эмес Кыргыз тилин талкуулайбыз болуп жазылат.

Теманын каталыгын модур ондоп койсо, акыр бир создон башталат эмеспи? Биринчиден теманын аталышын ондоп алалы, андан кийин талкууга отолу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Барс   03 Ноябрь 2009 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Кыргыз тилин талкуу кылып эле жатабыз. Теманын аталышы менен ишибиз жок.

Кыргыз тилин талкулайбыз эмес Кыргыз тилин талкуулайбыз болуп жазылат.

Теманын каталыгын модур ондоп койсо, акыр бир создон башталат эмеспи? Биринчиден теманын аталышын ондоп алалы, андан кийин талкууга отолу!


Азаматсың , Архи! Туура, "талкулайбыз" эмес, "талкуулайбыз" ... Бирок, кыргыз тилин эмес, кыргыз грамматикасын талкуулайт экенбиз! Ал эми бөлүм деле "Мен- кыргызмын! " болуп жазылышы керек эле...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 04 Ноябрь 2009 - 08:17

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   arhidey   04 Ноябрь 2009 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Туура айтасыз Барс ава мен да жазып жатып Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз деп жазбастан Кыргыз тилин талкуулайбыз деп жазсак туура болобу деген ойдо жазганмын. Себеп "граммактика" кыргызча аталыш болбогондуктан теманын аталышы бир аз башкача.

Же болбосо граммактика деген созго да кыргызча аталыш ойлоп тапсакчы аважан эмне дединиз?

Мен-кыргызмын! Туура айтасыз ортодо тире коюлуп жазылуусу керек. Каталыктар аябай коп изделеп мына ошолорду да талкуу кылуубуз керек.

Яман Ерден кармайын деген экенсиз аааа сиз дагы? :crazy-girl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   dodge   05 Ноябрь 2009 - 07:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 735
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Апр 2024 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Цитата

Кыргыз тилин талкуу кылып эле жатабыз. Теманын аталышы менен ишибиз жок.

Кыргыз тилин талкулайбыз эмес Кыргыз тилин талкуулайбыз болуп жазылат.

Теманын каталыгын модур ондоп койсо, акыр бир создон башталат эмеспи? Биринчиден теманын аталышын ондоп алалы, андан кийин талкууга отолу!

arhidey Мен кыргызмын! бөлүмү ндө,кыргыз тилин талкуулап жатканда кыргыз тамгасы менен ,кыргыз өңү н көрсөтү п жазууга өтө лү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Барс   05 Ноябрь 2009 - 07:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

dodge мырза, мен жаңылышпасам сен АКШдан чыгып жатасың да э? Ал деген өнүккө н өлкө эмеспи! Эмне издесең тапсаң болот. :)
Биздин Кыргызстанда ушул Ө,Ң,Ү тамгалары да таңкыс. Бирибизге жетсе, көпчүлү гүбүзгө жетпей калат... А тургай аттуу-баштуу журналисттерибиз деле кыргыз ӨҢҮ жок эле жазып жатканын көрүп турбайсың бы? Ушул үч тамганы компуна кондурганга желкеси жар бербейт да: "О, КЫРГЫЗЫМ, СЕН ҮЧҮН ЖАНЫМ КУРМАН, КЫРГЫЗЫМ! !!"-деп кекиртектери айрылганча кыйкырганына бир туруп, кыжырың келет да, бир туруп бооруң ооруйт! "Ура-патриотпуз" да! Оңолуп кетээрбиз, ай бар, жыл бар... :tongue:

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 05 Ноябрь 2009 - 07:54

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 00:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: