Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#981 Пользователь офлайн   Uulkan2288   02 Июнь 2016 - 10:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип олор тошогудо жатты. Анын бул дуйно менен кош айтышаарын билген туугандары аны тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын коруп:
- Мени тошоктон чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын отунучун дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
- Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына козунон жашы токтобой:
- Ай балам ай, сени жоготуп, озум жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
- Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, журогумду жаралантып кетип жатасын ал мен учун айыкпас дарт – деди. Андан соӊ жубайына карап:
- А сени эмне анча ыйлатып жатат? – деди. Жубайы да коздон жазын агызып:
- Сенин жакшылыгындан айрылдым. Эми сенден башка адамдын козуно карап каламбы? – деп, ыйлап жатам деди. Андан сон балдарына карап:
- Силер эмне учун ыйлап жатасынар? – деп, сураганда:
- Биз сенден айрылып жетим калабызбы, мындан кийинки жашообуз кандай болот? – деп, ыйлап жатабыз дешти. Алардын баарынын жоопторун уккандан сон ал адам озу ыйлап кирди. Баары ыйларын токтотуп андан сурап киришти:
- А сени эмне ыйлатып жатат? – дешип. Анда ал такыбадар адам аларга карап:
- Мен силерди коруп ыйлап жатам, ар биринер озунордун жанынарды ойлоп ыйлап жатат турбайсынарбы мага эмес? – деди. Кайра эле аларга карап:
- Силердин аранарда менин узак сапарга чыдаарымды ойлоп ыйлаганынар барбы?
- Силердин аранарда менин жатар жайым топурак экенин билип ыйлаганынар барбы?
- Силердин аранарда менин эсеп кунумду ойлоп ыйлаганынар барбы?
- Силердин аранарда менин Улуу Жаратканымдын алдында кандай туруп жооп береримди ойлоп ыйлаганынар барбы? – деди да, жузу менен жерге карай жыгылды. Аны кайра жерден которушкондо анын жаны чыгып кеткен болчу.
- Сапарым алыс, жете турган жол азыгым аз. Кучум калбай барган сайын алсызданып барат, бирок шумдук ажал тынбай талап кылат.

Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#982 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өрдөк үчүн кул болгон ибрахим


Ибрахим аттуу кичинекей бала бар эле. Ал шаарда окуйт болчу. Жайкы каникулда чоң ата-чоң энесин зыярат кылуу үчүн айылга барат. Айылдын четиндеги талаага чыгып, колуна жаа кармап алып бутага атып ойнойт. Бирок, бир жолу да бутага тийгизе албай коёт. Кайгырып үйгө кайтат. Жолдо келе жатып чоң энесинин жалгыз өрдөгүн көрүп калат дагы аны да атып көрүүнү чечет. Кокустукпу, же чын эле колу түздөлүп калганбы айтор жебе барып түз эле өрдөктүн башына сайылып, өрдөк өлүп калат. Чоң энесинин өрдөгүн өлтүрүп алгандыгына аябай кайгырат. Корккондугунан эмне кылаарын билбей, өрдөктү чөптүн ичине жашырып коёт. Болгон окуяны Ибрахимдин бир тууган эжеси Хабиба көрүп турган болот, бирок эч кимге ооз ачпайт. Ал күнү кеч кирип күн батат, кайра жарыгын чачып таң атат. Эртелеп туруп таңкы тамакты ичип бүткөн соң чоң энеси Хабибага: “Идиш-аякты жууп кой” - дейт. Хабиба: "Чоң эне! Ибрахим идиш-аякты жууганга жардам берем деп жатат" - дейт да, Ибрахимдин жанына барып кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?! " – деп, шыбырап коёт. Ошол эле күнү чоң атасы: "Мен бүгүн балдарды ууга алып чыгайын дедим эле" - дейт. Чоң энеси каршы чыгып: "Хабиба калып, мага кечки тамакты даярдоого жардам берсин!" - дейт. Хабиба бул сунушка ыраазы болгон абалда: "Макул, бирок кечки тамакты даярдоого Ибрахим жардам берем деген болчу" - дейт да, Ибрахимдин кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?! " – деп, шыбырап коёт. Хабиба чоң атасы менен ууга чыгып кетет, Ибрахим болсо чоң энесине жардам берүү үчүн үйдө калат. Бул көрүнүш бир нече күнгө созулат. Хабиба өз жумушун жүктөгөнү аз келгенсип, үй тапшырмаларын да Ибрахимге аткарта баштайт. Ибрахимдин сабыры суздап баштайт, аягында чыдамы түгөнүп болгон чындыкты айтууну чечет. Чоң энесине: "Сиздин жакшы көргөн жалгыз өрдөгүңүздү мен өлтүрүп алган болчумун" - дейт. Чоң энеси Ибрахимди кучагына бекем кысып: "Ооба! Сен өрдөктү атып алган күнү, мен баарын терезеден көрүп турган болчумун. Сен өз катаңды өзүң мойнуңа алып, чындыкты айттың. Өрдөк үчүн сени кечиргем, болгону качанга чейин Хабибанын буйруктарын аткарып, качанга чейин кулдай кызмат кылат экенсин деп унчукпай жүрдүм" - дейт.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Канчалык чоң күнөө кылсаң да, өзүңдү шайтанга кул кылып койбо! Анын жолун жолдобо! Күнөө иш кылып алган болсоң аны эч ким көрбөдү деп ойлобо! Жараткан Алла Таала чоң жана кичине, сыр жана ашкере кылган бардык иштерди көрүп, билип турат. Эгер өз күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, жалынып-жалбарып чын жүрөктөн тообо кылсаң, Алла Таала күнөөлөрүңдү кечирет. Анткени, Ал мээримдүү, кечиримдүү, тооболорду кабыл кылуучу.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#983 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чыныгы эне


Бул окуя Сулайман пайгамбардын (а.с) убагында болуп өткөн экен.

Күндөрдүн биринде Саида жана Сихам кичинекей наристелерин көтөрүп алып, суу жээгине эс алганы келишет. Суу жээгинде өскөн дарактын көлөкөсүнө отурушуп, балдарын эмизишкен соң, аларды ошол жерге калтырып, өздөрү суу жээктей басып кетишет.

Алар узагыраак басып кеткен убакта, токой жактан бир карышкыр чыга калып, балдар уктап жаткан жерге келип, эки баланын бирөөсүн чыңыртып, ыйлаткан бойдон, оозуна тиштеп, көтөрө качты. Балдарынын ыйлаган үнүн уккан энелер чуркап келишкенде, дарактын түбүндө бир гана баланын жатканын көрүштү. Ал эми берки баланы көтөрө качкан карышкырдын токойго кирип кеткенин көрүштү. Эх, кандай гана өкүнүчтүү! Энелердин колунан эч нерсе келбейт эле. Алар ыйлаган бойдон кала беришти. Бир маалда Сихам берки баланы бул менин балам экен деп, колуна алып, кучагына кысты. Ал эми Саида болсо Сихамдын колундагы баланы карап, өзүнүн баласы экенин көрдү да;

-Жок, сен адашып жатасың, келе бул менин балам, -дейт. Анын сөзүн уккан Сихам;

-Жок, сен өзүң адашып жатасың, бербейм, бул менин балам, сенин балаңды карышкыр көтөрүп кетти,- деп кыйкырды. Экөө баланы талашып, кыйкырышып жаткан убакта, элдер топтолуп калышты. Алар окуяны толук угушкан сон, жүргүлө, Сулайман пайгамбардын (а.с) алдына, силердин талашыңарды ошол гана адилеттүүлүк менен чечип берет дешти да, аларды ээрчитип, пайгамбардын (а.с) алдына келишти. Сулайман пайгамбар окуяны толук угуп бүткөн соң мындай деди;

-Мен азыр силердин талашыңарды чечип берем. Келе баланы мага бер, -деп Сихамдын колунан наристени алат да, жанында турган адамдардан чоң, курч бычак алдырат. Бычакты колуна алып, баланы жерге жаткызат. Аны көргөн Саида;

-Эй, Аллахтын пайгамбары (а.с) сен эмне кылганы жатасың,- деп сурайт. Анда пайгамбар аны карап, жылмайып күлүп, мындай деп жооп берет.

-Адилеттүүлүк менен баланы тең экиге бөлүп берем силерге. Анын сөзүн уккан Сихам унчукпастан тура берет. Ал эми Саида болсо;

- Токтот, өлтүрбө баланы, баланы талашпайм, Сихамга эле бере берчи,-деп ыйлап, пайгамбарга (а.с) жалынат. Анын аянычтуу абалын көргөн пайгамбар бычакты таштап, жылмайып Саидага кайрылат да;

-Мен силерди сынадым. Бул бала сенин балаң экен. Балаң өзүң менен чогуу болбосо да, анын өлүшүн каалабадың. Анткени чыныгы эне өз баласына тикен кирүүсүн да каалабайт, анан кантип көз алдында өлүшүн кааласын. Баланын чыныгы энеси сен экенсиң, алгын балаңды мээримдүү эне,- деп баланы алып Саидага карматат. Ал эми Сихам болсо, өзүнүн туура эмес кылганына өкүнүп, кала берди.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#984 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы кошуна


Абдулла момун, такыбаа, Аллахты жана анын элчисин сүйгөн, ибаадатка бекем адам эле.

Ар дайым колунда жок, кембагалдарга жардам берип, алардын жүзүнө кубаныч киргизет эле. Кошуналары менен да жакшы мамиле кылат эле. Анын Ахмад аттуу кедей кошунасы бар болчу. Күндөрдүн биринде Ахмад көп суммадагы акчага муктаж болуп, үйүн сатууга мажбур болду. Үйүн сатууну жарыялаган кезде, үй сатып алууну каалаган адамдар келип;

-Биз үй сатып алалы дегенбиз, үйүңдүн баасы канча?-деп сурашат. Ахмад абдан кымбат бааны айтат. Аны уккандар мындай дешет; -Сенин үйүң анча акчага татыктуу эмес, абдан эски, урап түшөйүн деп калган кичинекей үйүңдү ошончо кымбат баага саткандан уялбайсыңбы? Ал акчанын жарымына да татыбайт. Ахмад сезбестен капаланып айтты:

-Туура айтасыңар, үйүм бул айткан баага татыбайт бирок, туугандар менин Абдулла деген кошунам бар. Кайрымдуу, берешен адам. Кошуналарынын абалынан дайыма кабар алып турат. Оорусам кабар алат, тамак бышырса мага да алып келет. Тамак-аш кылсам анын буюмдарын алып, пайдаланам. Кубансам кубанычымды, капалансам капамды тең бөлүшөт. Канча жылдан бери чогуу жашасам да, андан бир жаман сөз уккан жокмун. Мен үйүмдү эч качан сатмак эмесмин, ушундай кошунаны таштап, башка жакка кетмек эмесмин. Аргасыздан ушул ишке барып жатам. Эми өзүңөр деле айткылачы? Менин үйүм ушул баага татыйт бекен же татыбайт бекен? Абдулла кошунасынын айткан сөздөрүн угуп, анын абалынан кабарсыздыгын билип, абдан капаланды. Бир маалда Ахмаддын жанына келип;

-Сенден суранам, үйүңдү сатпай эле койчу. Канча акча керек болсо өзүм эле берейин, сен мага эле кошуна болчу. Сендей кошунам бар үчүн мен бактылуумун- деп ага акча сунат.

Ал экөөнүн окуясын уккан шаар эли ушундай кошуна менде да болсо деп, алардын мамилесине суктанышат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#985 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Күнөөлөрү кечирилген адам


Рашид аттуу адам жайдын ысык аптабында, учу-кыйры көрүнбөгөн чөлдү кезип, алыстагы үйүнө бара жатты. Чөлдүн ысык куму, күндүн алоолонгон оту ушунчалык денесин алсыратып жиберди. Же бир жорткон жел жок, же ичейин десе суу жок, абдан суусап, ысыктан катуу кыйналат.Бир аз эс алуу үчүн кум үстүнө олтурган кезде, анча алыс эмес жерде куштардын тегеренип учуп жүргөнүн

көрүп калат да;

-Куштар жүргөн жерде суу болчу эле. Жакын жерде суу бар окшойт. Неси болсо да, ошол тарапка барып көрөйүнчү,-деп болгон күчүн жыйнап, куштар көрүнгөн тарапка бет алат.

Ошентип бара жатып, өзү ойлогондой эле суусу бар кудукка туш болуп, абдан сүйүнөт. Бирок тилекке каршы кудук өтө терең, суусу да аз эле экен. Рашид кудуктан суу алуу үчүн идиш таппайт. Акыры айласы кетип, кудукка түшүп суу ичип чыгууну ойлойт. өз оюн туура көрүп, Аллахка тобокел кылып, кудукка этияттык менен түшө баштайт. Ошентип отуруп кудуктун түбүнө да жетет.

Чөк түшүп отуруп, колдору менен суудан сузуп,суусуну канганча ичти, чөлдүн ысыгынан соолуган денесине да суу жеткирип, жүзүн жууду да, денеси сергип, ырахаттанып отура кетти. Чөлдүн аптабынан куткарган Аллага шүгүр кылды. Бир аз эс алган соң, кудуктан чыкты да, аянычтуу окуяга туш болду. Абдан суусап, ысыктан тери шорголоп аккан, арык бир иттин кудуктун четиндеги нымдалышкан кумдарды жанталаша тили менен ###### жатканын көрдү да, өзүнө-өзү мындай деди:

-Мен бир аз мурда ысыктан кандай кыйналып, суусаган болсом, чынында бул ит да мага окшоп суусап, чаңкаган экен. Аллах адамдарды айбандардан айрымалап акыл, күч берген. Мен акылым, күчүм менен кудукка түшүп, суусунумду кандырып, денемди сергитип алдым.А бул ит кантип чаңкаганын басат болду экен. Мендей болуп кудукка түшүп чыга албайт. Эмне кылсам? Итти ушул бойдон таштап кетип калсам, суусагандыктан өлүп калышы мүмкүн.Кой, андан көрө кудукка түшүп, суу алып чыгып берейин.

Ошентип Рашид кайрадан кудукка түштү. Бут кийимин чечип, ага суу толтурду. Андан соң аны оозуна тиштеп алып,эптеп кудуктан чыгып, сууну итке берди. Ит куйругун шыйпандатып, тилдерин саландатып, сууну ичип жатты. Иттин чаңкоосу басылганын көргөн Рашид өзүнүн жасаган ишине абдан сүйүндү. Ал эми бардык нерсени Көрүүчү Аллах Рашиддин бул ишине ыраазы болуп, анын бардык күнөөлөрүн кечирди.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#986 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жахилдин апасы


Бир аял үйүн тазалап, бөлмөлөрдү желдетиш үчүн каалгасын ачып коёт. Үй жумуштарын бүтүргөн соң, эс алуу үчүн отургучка отурат. Ошол маалда ачык турган каалгадан бир мышыктын үйгө кирип келгенин

көрүп калат. Ал мышык абдан ачка болгондуктан, курсагын тойгузуш үчүн үй ичинен тамак издей баштайт. Аны көргөн аял ага тамак берип койуунун ордуна, тетирисинче ага абдан ачуусу келип, мышыкты уруу үчүн колуна жоон таяк алат. Мышык качып сыртка чыгып кетпесин деген ойдо шашылып барып, бөлмөнүн эшигин бекем жабат да, ачууланып мындай дейт:

-Эй, ууру мышык! Сен жаман буттарың менен үйүмдү тебелеп, ал аз келгенсип, тамагымды да жешти каалайсыңбы? ! Сага мен азыр көрсөтөм!

-Ошентип аял ачуусун тыя албай, колундагы таягы менен байкуш мышыкты бир чабат. Бечара ачка мышык аянычтуу мыйоолоп, эптеп жанын сакташ үчүн башка бөлмөгө кире качат. Бирок каарданган аял мышык кирип кеткен бөлмөнү ачкыч менен кулпулап туруп, ачкычын чөнтөгүнө салып алат. Ошентип мышык бир нече күн бөлмөдө камалып калат. Чыгайын десе эшик бек, жейин десе бөлмөдө тамак да,суу да жок. Ого бетер ачка болот, абдан суусайт. Мага бирөө жардам береби дегенсип, аянычтуу мыйоолойт. Таш боор аял мышыктын ачкалыгын билип турса да, эч кандай тамак-аш, суу да бербейт. Жада калса талаадан тамак таап жеш үчүн да, сыртка чыгарбай коёт. Мышыкка көрсөткөн кордугуна өзү маашырланат. Арадан көп күн өтөт. Мышыктын аянычтуу үнү да угулбай калат. Боорукердик дегенди билбеген мерез аялдын таш боордугунан анын көрсөткөн кордугунун айынан байкуш мышык кор болуп, жаткан жеринде өлүп калат.

Мухаммад пайгамбардын (с.а.в) сахабалары таш боор аялдын бечара мышыкка көрсөткөн жоругун билип калышат да, пайгамбарга (с.а.в) бул окуяны жеткиришет. Ал окуяны уккан соң мындай дейт:

-«Мышыкты бекиткендиги үчүн ал аял тозокко кирди. Ага тамак да берген жок, жана жер бетиндеги майда жандыктарды жеш үчүн сыртка да чыгарган жок».
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#987 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өмүрдүн баалуулугун эскерген даанышман


Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз? " - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет:
"Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм."

Укугу тепселген адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.
Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.
Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.
Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.
Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.
Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм.
Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин түшүндүм.
Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм.
Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм.
Ата- энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан сөзсүз ошондой мамиле көрөрүңдү түшүндүм.
Жалкоолонуп эч нерсе кылбай ар кимден суранган адамдын ырыскысын Жараткан кем кылып койорун түшүндүм.
Чыныгы ыклас менен кылынган тилек -дуба сөзсүз бир күнү кабыл болорун түшүндүм.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#988 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чындык өлүмдөн сактап, бейишке жетелейт


Отунчу отун жыйнап, жыйнаган отундарын чоң үймөк кылып үйүп койгон болчу. Отунун үйүнө ташып кетээрден мурда, бир аз эс алып алайын деп отурат. Ошол кезде алыстан жаш жигиттин карааны көрүнүп калат. Ал жигит чуркап, чарчап, чаңкап отунчунун жанына келет да: "Мени артымдан эки душман кууп келе жатышат, эгер алар мага жетип алышса мени өлтүрүп коюшат, мени отундун үймөгүнө жашырып коюңуз" - деп суранат. Отунчу: "Макул! Мына бул чоң үймөктүн ичине кирип жашынып ал! " – деп, жаш жигитти жашырып коёт да, отун чаап, отун жыйнамыш болуп ишин улантат. Бир аздан кийин отунчу, шашып чуркап келе жаткан эки кишини көрөт. Ал экөөсү отунчунун жанына келип: "Биз жаш жигитти издеп жүрөбүз, эгер сиз көргөн болсоңуз кайсыл тарапка кеткендигин айтып коёсузбу" - деп анын боюнун узундугун, өңү-түсүн жана башка белгилерин айтып сүрөттөп берет. Отунчу ошол замат: "Ооба, силер айткан жигитти көрдүм, ал бир аз мурда силерден качып менин жаныма келди, мен аны бул үймөктүн ичине жашырып койдум. Жакшылап издеп көрсөңөр табасыңар" - дейт. Үймөктүн ичине жашынган жигит, отунчунун сөздөрүн угуп турган болот. Эми мени таап алышат экен деп корккондугунан жүрөгү түшүп, ажалы көзүнө көрүнө калат. Кууп келген кишилердин бири экинчисине: "Бул ою жаман отунчу, бизди отундун ичин издетип алек кылып, жигитти качып кетсин деп жатат, анын сөзүнө ишенбе, ойлоп көрсөң, өзү отундун үймөгүнө жашырып, кайра өзү кайда экендигин айтмак беле? Бул акылга сыйбаган сөз. Андан көрө жүр, артынан кууп жетели" – деп, чуркап кетип калышат. Ал экөөсү алыстап, көзгө көрүнбөй калган кезде, бир тарабынан тигилерден кутулгандыгына сүйүнсө, экинчи тараптан толкунданган, таң калган жигит үймөктөн ачуулуу чыгып, отунчуну жемелегенсип мындай дейт: "Бул эмне кылганыңыз? Өзүңүз жашырып, кайра өзүңүз менин кайда экендигимди айтып койгондугуңуз эмнеси? Жүрөгүңүз таш сыяктуу катуубу? Сизде мээрим деген жокпу? ".
Отунчу: "Ээ, балам! Эгер аларга калп айтсам, алар сени издеп таап алмак да өлтүрүп коюшмак. Түбөлүк эсиңде тут! Эгер калп айтып өлүмдөн аман калуу мүмкүн болсо, анда чындыкты, акыйкатты айтып аман калуу алдаканча жогору" – деп, насаатын айтып жигитти жолго салат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#989 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   04 Июнь 2016 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

О, Эркектер! Аялдарыңарды ыйлатпагыла! Анткени, аялдын төккөн ар-бир тамчы көз жашы Алла Тааланын астында эсептелип турат.

Аял бутуңдан жаратылган эмес, анын укугун тепсеп кордооң үчүн. Башыңдан жаратылган эмес ага үстөмдүк кылууң үчүн. Аял жүрөгүңө жакын кабыргадан жаратылган, аны жакшы көрүүң үчүн.

Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.

Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып: "Эмне кылып жатасын?" - деп сурайт. Аялы: "Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле"- деп жооп берет.

Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.

Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу-чыныгы эркектердин сыпаты.

Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам айтты: "Аялдарды сыйлуу адам гана сыйлайт, наалатка калган адамдар гана кордойт".
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#990 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   05 Июнь 2016 - 00:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Улуу азаптан куткаруучу бир тал кирпик


Кыямат күнү жакшы амалы аз болуп, күнөөсү көп болуп калган адамды кыямат күндүн ээси Алла Таала тозокко таштоого периштелерге буйрук берет. Ошондо ал пенденин көз кирпиктеринен бир тал кирпик тилге кирип "Оо Раббым! Сенин элчин Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) кайсы бир пенде Аллахтан коркуп ыйласа анын күнөөсүн кечирип, дүйнөдөгү жаш агызып ыйлаган бир тал кирпиктин берекеси менен тозок отунан куткарат" -деп айткан эле дейт. Ошондо Жебрейил периште "Баланчанын баласы баланча бир тал кирпик менен улуу азаптан кутулду!" -деп жар салат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#991 Пользователь офлайн   chyragym   05 Июнь 2016 - 11:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

жаны окуя (05.06.2016)
Жакында эле Мекка шаарында бир окуя болуп отту, тагыраак айткарда 2013 жылы, кытайлык бир ото бай момун мусульман Меккега ажылыкка барат. Бул кытайлык бир тууган жаны-жаныдан эле ислам динин кабыл алгандыктан, дин боюнча эчнерсе билбечи экен. Намаз окууганды билбейт, керек болсо кантип даарыт алышты да билбейт. Ал кытайлык жаран оз олкосундо журоондо, мусульман достору меккеге барып келишин айтышат экен. Ошол досторунун созун угуп, динди кабыл алары менен дароо Мекке шаарына достору менен кошо жонойт.
Анан ал кытайлык жаранга ажылыкта жургондо: момун мусульмандар ичимдик ичпейт экендиги жонундо бир кабар келет.
Кытайлык жаран, бул жонундо билип:
- эмнеге мындай? Эмнеге тыйуу салынган? - деп тангалат.
Достору: - ушундай! Момун мусульмандар ичимдик ичпейт - деп жоп беришет. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.а) бир хадисинде айткан: - "ИЧКИЛИК - БУЛ БААРДЫК БУЗУККУЛУКТУН БАШТАЛЫШЫ"
Мындай жоопту уккан кытайлык жаран тангалып: - Эми мен эмне кылам? Кытайда менин чоон арак чыгарган заводум барда?! Эми кандай болот?
Бул суроосуна достору эмне деп жооп берерин билбей калышат.
Бирок, кытайлык жаран ыйманы кучогондуктон, арак бул Арам экенин билер замат дароо Кытайга чалып, ал жакта ошол арак чыгарган заводунда иштеген жардамкерчилери менен байланышып: Заводту жапкыла - деп айтат. Албетте мындай созду уккан заводто иштегендер тангалышат. Бирок ал кытайлык жаран алар менен копко суйлошпой: Тезинен жапкыла" деп, байланышты очуруп коет. Арак чыгарган завод ушинтип жабылып, арак чыгарбай калат.
Арадан бир нече кун откондон кийин ал кытайлык жаранга дагы бир кабар келет:
момун мусульман адамдар зъынаа (ойноштук) кылбайт экендигин билет.
Бул кабарды огуп алып даагы тан калат:
-кандайча? Кантип эле мусульмандар ойноштук кылбайт?
Достору: - ооба, никээ жок айымга жологон болбойт. Алла таала Куранда: ЗЪЫНАА'ГА ЖОЛОБОГУЛА - деп, оз пенделерине тыйуу салган - деп айтышат.
Ал кытайлык бир тууган дагы тангалып:
- Эми эмне кылам? Менин ичимдик чыгарган заводумдан башка дагы зъинаа кыла турган мейман каналарым да барда?! Кандай болот эми? - деп досторуна кайрылса, достору дагы эчнерсе деп айта алышпай калышат.
Бирок, ал кытайлык жаран эмне кылыш керегин озу эле тушунуп, Зъинаа деген бул чоон куноо экендигин билип, дароо кайра Кытайга чалат. Ал мейман кананы караган башчылары менен байланышып: Мейман кананы жапкыла - деп, мейман кананы жаптырып салат. Мындай чечимди уккан Мейман кананы караган башчылары да тангалышат:
- Эмнеге? Ажылыкка кетип озгоруп кетти.
Бирок, директор айтып жаткандан кийин, мейман кана да жабылат.
Андан сон дагы бир нече кундор откондон кийин, ал кытайлык жаран аль-Харам мечитинде, Кааба'нын жанында намаз уйронот. Бирок, намазды жакшы билбегендиктен, озу билгенин окшоштуруп окуйт. Бир ракъат окуйт, экинчи ракъкат окуйт, учунчу ракъат окуйт...анан тортунчу ракъат'ка келип, башын жерге коюп, саждага тушкондо жан берет. ал кытайлык жаран башын саждага койгон тейинче кара турбай калат. Субхан'Аллах, кандай гана жакшы олум)
Биз билебиз: - эгерде Аллага жакын болгубуз келсе, анда башыбызды коп-коп саждага ташташыбыз керек, анткени "сажда деген - бул Алла таалага ээн жакын абал" дегенди тушундурот.
Жанагы окуяга кайтсак:
Ошентип Алла таала ал кыйтайлык жаран башын саждага таштаган кезде, жанын алып кетет. Андан сон ал жактагы чогу жургон адамдар олгонун билип, жаназа намазын окушуп соокту жерге тапшырышат. Ошол куну эле аль-Харам мечитинин Имамы туш корот. Тушундо: Жанагы кытайлык жаны эле Ислам динди туткан, жаныдан эле намазды уйронуп жаткан адамды корот. Ал кыйтайлык бир тууган бейиште журуптур, Ак кийим кийип алып, жузунон нур жачып.
Субхан Аллах))... Ар-бир момун мусульманга Алла таала женил жана жакшы олум буйрусун. Жузунон бейиш нуру чачкан пенделердин санын толуктагандардан кылсын бизди, Аллахым. Аамин.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#992 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   05 Июнь 2016 - 15:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Улгу алчу окуялар коп жазылыптыр, бул теманы ким бироо козомолдойбу? кайталанып жазыла берген баяндар коп экен,очуруп койгула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#993 Пользователь офлайн   chyragym   05 Июнь 2016 - 19:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Достор, бүгүн үйдү көздөй келе жатып, күбө болгон элесимди сиздер менен бөлүшөйүн дедим.Маршруткада келе жаткам, бири чыкса, бири түшүп, токтоп кайра жүрүп келе жатканбыз.Музыканын коштоосу менен, себелеп жаткан жамгырга суктанып,терезени карап ойго тунуп кетипмин.Бир убакта бала жетелеп чыгып калган аял жанымдагы бош орундукка отурду.Бир аз жүргөндөн кийин эле, баягы аял ордунан туруп, ордуна баласын отургузуп өзү туруп алды.Ошол мезгилде,жерде жаткан 100 сом акчага көзүм түштү.Аял турду да, барып ошол акчаны буту менен басып туруп калды.Адамбыз да, эми эмне кылат экен деп утур карап коем, ал жылбай эле турат...Маршруткада адам аз эле, акчаны алганы батына албай жатты.Жанымда отурган 5-6 жашар баласы апасынын этегинен тарткылап,курсагым ачты деди.Эже болсо, азыр түшөбүз балам деп, кабагын чытып койду.Ошондо маани берип карасам,баланын көйнөгү эскилиги жеткен, өзүнө чоң келген көйнөк экен.А эженин жүзүнөн жашоонун кыйынчылыктарын көрүп турдум...Аябай ичим ачышып,өзүмдү жаман сездим, эмне кылсам,көп эмес болсо да жанымдагы акчамды берсемби, кандай ойлойт, эмне дейт, элдин көзүнчө уят го, эч болбосо жол киресин төлөп койсомбу деген түрдүү ойлор менен алышып жатканымда, баягы аял айдоочуга кайрылып, токтотуп коюңузчу деди да, баласын жетелеп түшкөнгө камданды.Баягы 100 сомду ала алган жок, уялды окшойт.Түшүп баратканда, чыдабай ордуман турдум да эже акчаңыз түшүп калды деп, 100 сомду колуна кармата койдум.Биз андан ары кеттик...Достор, үйгө келгенден бери, кыйналып жатам, баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси...Колуман келгени алар үчүн дуба кылып жатам, сиздер да алар үчүн дуба кылып коюшуңуздарды суранам.
Рахмат урматым менен Динара Баястанова
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#994 Пользователь офлайн   kaidasyn   09 Июнь 2016 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

“ӨРДӨК ҮЧҮН КУЛ БОЛГОН ИБРАХИМ”

Ибрахим аттуу кичинекей бала бар эле. Ал шаарда окуйт болчу. Жайкы каникулда чоң ата, чоң энесин зыярат кылуу үчүн айылга барат. Айылдын четиндеги талаага чыгып, колуна жаа кармап алып бутага атып ойнойт. Бирок, бир жолу да бутага тийгизе албай коёт. Кайгырып үйгө кайтат, жолдо келе жатып чоң энесинин жалгыз өрдөгүн көрүп калатта, аны да атып көрүүнү чечет. Кокустукпу, же чын эле колу түздөлүп калганбы айтор жебе барып түз эле өрдөктүн башына сайылып, өрдөк өлүп калат. Чоң энесинин өрдөгүн өлтүрүп алгандыгына аябай кайгырат. Корккондугунан эмне кылаарын билбей, өрдөктү чөптүн ичине жашырып коёт. Болгон окуяны Ибрахимдин бир тууган эжеси Хабиба көрүп турган болот, бирок эч кимге ооз ачпайт. Ал күнү кеч кирип күн батат, кайра жарыгын чачып таң атат. Эртелеп туруп таңкы тамакты ичип бүткөн соң чоң энеси Хабибага: “Идиш-аякты жууп кой” - дейт. Хабиба: "Чоң эне! Ибрахим идиш-аякты жууганга жардам берем деп жатат" - дейт да, Ибрахимдин жанына барып кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?! " – деп, шыбырап коёт. Ошол эле күнү чоң атасы: "Мен бүгүн балдарды ууга алып чыгайын дедим эле" - дейт. Чоң энеси каршы чыгып: "Хабиба калып, мага кечки тамакты даярдоого жардам берсин!" - дейт. Хабиба бул сунушка ыраазы болгон абалда: "Макул, бирок кечки тамакты даярдоого Ибрахим жардам берем деген болчу" - дейт да, Ибрахимдин кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?! " – деп, шыбырап коёт. Хабиба чоң атасы менен ууга чыгып кетет, Ибрахим болсо чоң энесине жардам берүү үчүн үйдө калат. Бул көрүнүш бир нече күнгө созулат. Хабиба өз жумушун жүктөгөнү аз келгенсип, үй тапшырмаларын да Ибрахимге аткарта баштайт. Ибрахимдин сабыры суздап баштайт, аягында чыдамы түгөнүп болгон чындыкты айтууну чечет. Чоң энесине: "Сиздин жакшы көргөн жалгыз өрдөгүңүздү мен өлтүрүп алган болчумун" - дейт. Чоң энеси Ибрахимди кучагына бекем кысып: "Ооба! Сен өрдөктү атып алган күнү, мен баарын терезеден көрүп турган болчумун. Сен өз катаңды өзүң мойнуңа алып, чындыкты айттың. Өрдөк үчүн сени кечиргем, болгону качанга чейин Хабибанын буйруктарын аткарып, качанга чейин кулдай кызмат кылат экенсин деп унчукпай жүрдүм" - дейт.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Канчалык чоң күнөө кылсаң да, өзүңдү шайтанга кул кылып койбо! Анын жолун жолдобо! Күнөө иш кылып алган болсоң аны эч ким көрбөдү деп ойлобо! Жараткан Алла Таала чоң жана кичине, сыр жана ашкере кылган бардык иштерди көрүп, билип турат. Эгер өз күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, жалынып-жалбарып чын жүрөктөн тообо кылсаң, Алла Таала күнөөлөрүңдү кечирет. Анткени, Ал мээримдүү, кечиримдүү, тооболорду кабыл кылуучу.

Абдишүкүр ажы Нарматов.
Nasaat.kg
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#995 Пользователь офлайн   kaidasyn   09 Июнь 2016 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

"КYНYМДYК ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛYYЧY СЕГИЗ НАСААТ"

1. "Бактылуу болууну каалайсыңбы? " - Анда беш маал намазды өз убагында оку!!!

2. "Жүзүңдүн нурлуу болуусун каалайсыңбы? " - Анда түн ичинде туруп тахажжуд намазын оку!!!

3. "Берекелүү, жыргал жашоону каалайсыңбы? " - Анда Курани Каримди көп оку!!!

4. "Ден-соолугуңдун чың болуусун каалайсыңбы? " - Анда нафил орозону көп карма.

5. "Жүрөгүңдүн тынчтануусун каалайсыңбы? "- Анда Истигфарды (Астагфируллах деп) көп айт!!!

6. "Кайгы-кападан арылууну каалайсыңбы? "- Анда Аллага көп дуба кыл!!!

7. "Кыйынчылыктан чыгуунун жолун издеп жатасыңбы?" - Анда "Лаа Хавла вбиллахкуввата, иллаа биллах" (Күч-кудурет Алладан гана) деп көп айт.

8. "Өмүрүңдүн, ырыскыңдын берекелүү болуусун каалайсыңбы? " - Анда Пайгамбарга көп салауат айт. (Аллохумма солли алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммад).

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#996 Пользователь офлайн   chyragym   13 Июнь 2016 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

*_ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МЫНДАЙ БОЛООРУН 14 КЫЛЫМ МУРУН АЙТЫП КЕТКЕН_*

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид аль-Худри риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да киресиңер». Биз сурадык: «Оо, Аллахтын Элчиси! Жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы?». Ал айтты: «Алардан башка ким болмок эле».* (Сахих аль-Бухари)

Имам ан-Навави айтты:
_«Бул хадистеги мисал катары айтылган карыш, чыканак жана кескелдириктин уясынан максат – аларга окшошуу жана ашыкча ээрчүү. Мындагы окшошуу – куфурлукта эмес, күнөө иштерде жана карама-каршылыктагы окшошуу. Бул хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, ачык муъжизасы камтылган. Анткени бардыгы анын айтканындай болду»._(Шарх Сахих Муслим)

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес. Анткени ал чын жүрөктөн Аллахка ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким мындай сөздөр анын Аллах Таалага жана Мухаммад пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс.
Ал эми коомдун агымына туруштук бералбай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот? Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби? Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы? Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, башка хадисинде мындай деп айткан:
*«Жакындап калган жамандыктан (бейкапар) араптарга балээ болсун! (Акыр заман жакындаганда) түндүн караңгы бөлүктөрүндөй фитналар болот. Адам эртең менен ыймандуу болсо, кечинде каапыр болот. Кээ бир адамдар динин арзыбаган дүнүйөгө сатышат. Ошол күндө динин карманып жашаган адам – кызыган чокту кармаган адам сыяктуу болот».* (Имам Ахмад)

Ал эми башка хадисте айтты:
*«Чындыгында, силерден кийин сабырдуулукту (талап кылган) күндөр келет. Ошол күндө сабыр кылуу кызыган чокту кармаганга барабар болот жана (динине) амал кылган адамга так ошондой кылган элүү адамдын сообундай сооп жазылат». Сахабалар сурашты: «О, Аллахтын Элчиси! Ал адам ошол кездеги элүү адамдын сообундай сооп алабы?». Ал айтты: «Жок, силерден элүү адамдын сообундай сооп алат».* (Имам Абу Дауд)

Эрланбек Кушчубек уулу
〰〰〰〰〰〰
*© ИсламОнлайнKG*
– [moderated]/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg
– Instagram.com/islamonlinekg
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#997 Пользователь офлайн   chyragym   13 Июнь 2016 - 20:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

КУРАН

Куран – бул, Аллах Тааланынын сөзү. Аны Жабрайил периште
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) окуп берген.
Аллах
Таала: «Чындыгында, ал ааламдардын Ээсинин түшүрүүсү. Аны
ишенимдүү Рух (Жабрайил) алып түштү. Эскертүүчүлөрдөн
болууң үчүн сенин жүрөгүңө жайгаштырды» - деген. (Шуара, 122-124-аяттар).
Куран асман китептеринин акыркысы.
Ошондуктан аны Кыямат
күнүнө чейин Аллах Таала Өзү сактоого убада берген.
Аллах Таала:
«Чындыгында Зикирди (Куран) Биз түшүрдүк жана Биз аны сактайбыз» - деп айткан. (Хижр, 9-аят).
Куран түшүүсү менен андан
алдыңкы китептер өз күчүн жоготкон. Анткени, Куран аларды толуктап, тастыктоо менен бирге эң акыркы өкүмдөрдү алып келген.
Бул туурасында Аллах Таала: «Сага өзүнөн мурдакы китептин чындыгын ырастоочу жана сактоочу китепти чындык менен
түшүрдүк» - деп айткан. (Мааида, 48-аят).
Ошондой эле экинчи
бир аятта: «Айткын: «Мага бул Куран силерге жана (Куран) кимге
жетсе (ошолорго) эскертүү үчүн аян берилди» - деп айткан. (Ань-аам, 19-аят).
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына Курандын сөзүн гана үйрөтүп койбостон, анын тафсирин б.а. ички маанилерин да ачып берген.
Тафсир - ачып берүү, чечмелөө дегенмаанини билдирет.
Шариатта Куран аяттарынын маанисин, өкүмдөрүн жана сырларын ачыкка
чыгаруучу илим - тафсир илими деп аталат. Куран аяттарын тафсирлөө төмөнкүдөйжолдор менен болот:
1. Бир Куран аятын экинчи Куран аяты менен чечмелөө.
Бир аятта
толук эмес айтылган маанини Аллах Таала экинчи бир аятта толуктоо менен келтирген. Бул чечмелөөнүн эң биринчи жолу.
2. Куран аятын Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
хадиси менен чечмелөө.
Көпчүлүк аяттарды Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн чечмелөөсү менен сахабаларга түшүндүрүп берип турган.
Куран аяттарынын Аллахтан Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) берилүүсү вахий деп аталат. Вахий Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) жыйырма үч жылдын ичинде түшүп бүткөн.
Вахийдин түшүүсү ар түрдүү болгон:
1. Түш аркылуу.
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
пайгамбарлык берилүүсүнө жакындап калган мезгилде, ал туура
түштөрдү көрө баштаган б.а. түндө көргөн түшүнүн эртеси өңүндө
болупжатканына күбө болгон.
2. Жабрайил периште өзүнүн чыныгы кейпинде келген.
3. Жабрайил периште адам сүрөтүндө болуп келген.
4. Коңгуроонун үнү сыяктуу болуп келген.
5. Жабрайил периште эч бир көрүнүштө келбестен эле Вахийди
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жүрөгүнө түздөн-түз киргизген.
6. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уктап жаткан учурундажүрөгүнө киргизилген.
7. Аллах менен түздөн-түз сүйлөшүү аркылуу болгон. (Мираж
кечесинде).
Куран аяттарынын Меккелик жана Мадиналык болуп бөлүнүүсү.
Пайгамбарыбыз(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мадинага көчүп кеткенге чейин түшкөн аяттар - мекке аяттары, ал эми Мадинага баргандан кийинки аяттар - мадина аяттарыдеп аталат.
Кээ бир сүрөлөр
меккелик болгону менен бир канча аяттары мединалык, же тескерисинче болушу да мүмкүн. Мындай сүрөлөр аяттарынын көбү түшкөн жерге таандык болот.
Сүрөлөрдүн айырмасы:
Меккелик сүрөлөр:
1. Аяттары кыска болот
2. Аллахты таанытуу, пайгамбарлык тууралуу айтылат
3. Мушрик (бутпарастар) тууралуу айтылат
4. «Эй, адамдар» - деп башталат
5. Адам жана Иблистин окуясы айтылат (Бакара сүрөсүнөн башка)
6. «Каллаа» (жок, андай эмес) деген сөз айтылат.
Мадиналык сүрөлөр:
1. Аяттары узун болот
2. Адал-арам, үй-тиричилик, мамиле кылуу ж.б.у.с. туурасында
айтылат
3. Согушка уруксат берүүжана анын өкүмдөрүжөнүндө айтылат
4. «Эй, ыйман келтирген пенделер» - деп башталат.
Куранды жазуу жана топтоо.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында
сахабалар Куранды жаттап гана албастан, жазып да турушкан.
Алардын жазгандарын Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) кайра окутуп угуп турган. Түшкөн аятты кайсы сүрөгө, кайсы аяттан кийин жазуу керектигин да Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) айтып турган.
Такай Куран аяттарын
жазып турган кырк сахаба болгон.
Мындан сырткары да көптөгөн сахабалар өз алдынча аяттарды жазып жүрүшкөн.
Куран
аяттары териге, дарактын кабыктарына, сөөктөргө, кагазга ж.б. нерселерге жазылып алынган.
Ямама согушунда бир канча Куран жаттаган хафиздер шейит болгондон кийин, Куранды бир
китеп кылып топтоо зарылчылыгы келип чыккан.
Натыйжада, Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында
башталган Куран топтоо иши Усмандын (Аллах андан ыраазы
болсун) халифалыгында толук бүткөн.
Булагы : Бейиш г-ти
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#998 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июнь 2016 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Осмон империясынын падышасы Султан Сулейман, өлүмүнүн алдында башкы жоокер башчысын чакырып, өзүнүн үч каалосун айтат:

1. Ал өлгөн соң, анын табытын ошол убактагы Осмон Империясынын эң мыкты жоокерлери көтөрүүсүн табыштайт.
2. Табытты көрүстөнгө көтөрүп барганга чейин, ар бир баскан жолго алтын менен баалуу таштардын чачылуусу керектигин айтат.
3. Табыттан анын колдору сыртка чыгарылып, аны бүт эл көргүдөй болушу керектигин табыштайт..

Аскер башчысы таңыркап, падышадан бул каалолордун себебин сураганда, падыша төмөндөгүчө жооп берет:
1. Менин табытымды эң мыкты аскерлер көтөрсүн, муну көргөн адамдар, өлүм менен бетме-бет келгенде эң мыкты аскерлер да алсыз болуп калаарын түшүнсүн.
2. Менин табытымды көтөрүп бараткандардын артынан алтындарды, кымбат баалуу таштарды таштагыла, аны көргөн адамдар бул дүйнөдөгү тапкан байлык кайра эле ушул дүйнөдө калаарын түшүнсүн.
3. Менин колумду табыттан чыгарып койгула, анын көргөндөр керек болсо Дүйнөнүн падышасы да бул дүйнөдөн куру кол кетээрин түшүнсүн..

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#999 Пользователь офлайн   Bumka   27 Июнь 2016 - 17:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2016 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Просмотр сообщения aijan (10 Март 2013 - 16:50) жазган:

1. Женоненавистница ты наша :)
2.+2а менимче, мурдатан акылдуулар акылсыздарга жол корсотуп келген. Мээси бар полноценный жогору турган эркектин башын мээси жок болгону бир кыйшык кабырга буза алабы? %) (менимче тен элебиз гоо). Анан акылсыздык кылган кабыргага эркек азгырылбай эле койсо болмок да, ал деген жогору болуватпайбы %)
3. Кошулам. Себеби, бизде патриархат. Балким кыз белгини уят коргон аралда торолгонумдо, тандаган жигитиме алдырып салмакмын %) Ошого созду кескин эмес, кенеш катары айтсаныз, он болмок.
4. Мындай кескин созду айтып жатып, жакын кабырга(тоюсс аял) урук- туугандарды унутпасаныз. Тоодон тушуп, элге аралашсаныз, жакындарыныздын арасынан сиз жек коргон же намысын ар турдуу кырдаалда жоготкон (озунузго окшош) кабыргаларды коросуз. Баса, качан эне болуу бакыты боюнча окумдар болгонсуз? Бала кимге буюрган болсо берилет. Сиздин окумунуз кыпындай да кудайды кызыктырбайт деп ойлоп койдум :) кудай менен ар бир адам жеке баарлашат, маегине арачы болбой бери турунуз.
5. Халявщик эркектер да аялдардан жогорубу?
Пы. Сы. Оздон чыккан жат жаман дечу эле, бул фанатизминиз менен катын болуп эркеке, жек корумчу орой болуп аялга жакпайсыз.


:applause: :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1000 Пользователь офлайн   Bumka   27 Июнь 2016 - 17:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2016 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Просмотр сообщения chyragym (05 Июнь 2016 - 16:43) жазган:

Достор, бүгүн үйдү көздөй келе жатып, күбө болгон элесимди сиздер менен бөлүшөйүн дедим.Маршруткада келе жаткам, бири чыкса, бири түшүп, токтоп кайра жүрүп келе жатканбыз.Музыканын коштоосу менен, себелеп жаткан жамгырга суктанып,терезени карап ойго тунуп кетипмин.Бир убакта бала жетелеп чыгып калган аял жанымдагы бош орундукка отурду.Бир аз жүргөндөн кийин эле, баягы аял ордунан туруп, ордуна баласын отургузуп өзү туруп алды.Ошол мезгилде,жерде жаткан 100 сом акчага көзүм түштү.Аял турду да, барып ошол акчаны буту менен басып туруп калды.Адамбыз да, эми эмне кылат экен деп утур карап коем, ал жылбай эле турат...Маршруткада адам аз эле, акчаны алганы батына албай жатты.Жанымда отурган 5-6 жашар баласы апасынын этегинен тарткылап,курсагым ачты деди.Эже болсо, азыр түшөбүз балам деп, кабагын чытып койду.Ошондо маани берип карасам,баланын көйнөгү эскилиги жеткен, өзүнө чоң келген көйнөк экен.А эженин жүзүнөн жашоонун кыйынчылыктарын көрүп турдум...Аябай ичим ачышып,өзүмдү жаман сездим, эмне кылсам,көп эмес болсо да жанымдагы акчамды берсемби, кандай ойлойт, эмне дейт, элдин көзүнчө уят го, эч болбосо жол киресин төлөп койсомбу деген түрдүү ойлор менен алышып жатканымда, баягы аял айдоочуга кайрылып, токтотуп коюңузчу деди да, баласын жетелеп түшкөнгө камданды.Баягы 100 сомду ала алган жок, уялды окшойт.Түшүп баратканда, чыдабай ордуман турдум да эже акчаңыз түшүп калды деп, 100 сомду колуна кармата койдум.Биз андан ары кеттик...Достор, үйгө келгенден бери, кыйналып жатам, баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси...Колуман келгени алар үчүн дуба кылып жатам, сиздер да алар үчүн дуба кылып коюшуңуздарды суранам.
Рахмат урматым менен Динара Баястанова


:good: :0108:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 42 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 42, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 22:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: