
Кыргыздын ырым-жырымдары! Бул жерге өзүңүз билген ырым-жырымды жазыңыз. Окуп туралы.
#21 27 Октябрь 2009 - 16:59

#22 27 Октябрь 2009 - 19:21
Цитата
кыбыланы карап заара ушатпа (жер уйдо жашагандар туалетинерди абайлап, туура салгыла).
ата-энене каяша айтпа (балдарынан коросун)
тундо туш жоруба
уйунорго желе жолотпогула, оору чакырат.
жаныбарларды (особенно уй жаныбарларын теппегиле)
карангыда кыз баланы сууга жибербейт.
Кечинде мал сойбойт
Уйду сатаарда жугонун алып калат
ииий унутуп калбадымбы, эстегенде жазып коем.
кызык экен....а уйга жугон салбагандар несин алып калат, уйронгон адатынбы...
#23 27 Октябрь 2009 - 19:52
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#24 28 Октябрь 2009 - 08:37
Чач кескенге болбойт.
Туймо туйгонго болбойт.
Тиккенге болбойт.
Порогдо (кыргызчасын билбей койдум) отурганга болбойт.
Жашырынып тамактангага болбойт.
Бала тороло электе балага арнап эч нерсе алганга болбойт.
Колдорду ойдо которгонго болбойт.
Мышык менен ойногонго болбойт.
#25 28 Октябрь 2009 - 08:39
Эгерде курсака жун чыгып баштаса бала торолот.
Эгерде курсак жогору болуп, жайылып турса кыз торолот.
Эгерде курсак ылдый болуп, алдыга чыгып турса бала торолот.
Эгерде журок согуу бат-баттан болсо кыз, жай болсо эркек торолот.
#26 28 Октябрь 2009 - 10:03
#27 28 Октябрь 2009 - 10:50
Цитата
Талкуу (тери ашаткан, ийлеген курал) менен терини токмоктогонго болбойт. Анткени, кут кетет.

#28 28 Октябрь 2009 - 10:51
Цитата
Цитата
Талкуу (тери ашаткан, ийлеген курал) менен терини токмоктогонго болбойт. Анткени, кут кетет.

Мой кыргызский меня покинул, эмне дегенинди тушунбой калдым!
#29 28 Октябрь 2009 - 11:06
Мурзоону колун менен корсотпо
Жаткан кишини аттап отпо
Бычак менен тап бербе
#30 20 Февраль 2010 - 13:02
Билдирүүнү түзөткөн: elli: 20 Февраль 2010 - 13:03
#31 20 Февраль 2010 - 15:57
Ай чалакалап калыптыр - жаанчыл болот;
Тиги жылдыз айга жакындап калыптыр -э ртең кар жаайт;
Бүгүн күн кызарып батты - эртең ысык болот;
Асман бозоруп калыптыр - быйыл кургакчылык болот;
Койчу, буга окшогон маалыматтарды чекеден эле айта баштадык. Же алар бир туура чыкса кана. Ал эмес аппараттары менен күнү-тү нү аңдып изилдеген синоптиктердин айтканы да төп келбей, аларга ишенип алгандар ысык күндө кечке чейин кол чатыр көтөрү п, жамгырда суу болуп шөмтүрө п атышпайбы. Буларга го мейли деп кол шилтеп коёлу. А тиги ай-жылдыздарга сыйынгандарга эмне дейсиң? Жаңырган айды көргөндө , үч жолу жүгүнү п "жамандыгың дан сактай көр, жакшылыгың ды бере көр", - деп айдан суранып, учкан жылдызды көрө калса бир каалосун айта салып эми «желанием» орундалат деп сүйүнгө н «акылдуулар» да толуп кетиптир. Ал эми жанагы гороскоп дегеничи.Т им эле өздөрү жаратып койгонсуп: ооруйсуң , айыгасың ,а кчалуу болосуң, сүйүү дөн жолуң болбойт деги койчу, баарын саймедеришет. Аларга ишенген байкуштар бир ыйлап, бир күлүп жинди болушат го.
Илгери бир көзү ачыкка бир адам келип: "Качан өлөм?" , - деп сураса, ал: "Эки күндөн кийин", - дептир. Аны уккан бечара кишинин жүрөгү жарылып ошол замат эле өлүп калган экен. Анын сыңарындай бул ыпыр-сыпыр ишенимдин баарына ишене берген адам тынч уктай албайт го бул дүйнөдө.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Февраль 2010 - 16:10
#32 20 Февраль 2010 - 15:58
Анан да кыргыздын ырым-жырымга ишенбеске айласы да жок окшойт, өзү ырым менен туулуп,ырым менен өсүп жатса.
Ымыркай эненин курсагында жатканда эле койдун бөөн ичегисин карап туруп, эркек туулат же кыз туулат деп бүтүм чыгарып коюшат тура. Андан соң бешикке жаткызганда, бешигине жөн эле сала койбой чүкөлө рдү салып ары-бери тоголотуп,(малдуу- жандуу болот дегени го), эркек болсо балка кычкачты салып, (уста болсун дегендегиси), кыз болсо жип кайчысын салып (уз, чебер болсун дегени) анан бөлөшө т. Ушунтип башталат ырымчыл кыргыздын жашоосу.
#33 20 Февраль 2010 - 16:05
- Ачакей столбанын ортосунан өтсөң
мугалимден тил угасың деп коркушат окуучулар.
- Ич кийимиңди тескери кийип алсаң экзаменден ийгиликтү
ү өтөсү
ң деп ишенишет студеттер.
- А кокустан күзгүң
дү сындырып алсаң анда эле иштин бүткөнү
: эртең бир жамандыкка туш болот имишсиң.
- Соодагерлер аарынын уюгун илип алышат экен, аарыдай ызылдап клиенттер келет деп. Анан да биринчи түшкөн акчанын шору куруду дей бер,товарларын чапкылай берип белин үзүшө
т байкуштун. Андай ырымчылардан акча сурасаң да күндүз сура, караңгыда сурасаң колуңа бербей ыргытып таза убара кылат.
-
А тиги малы көптөрдү
н үйүнө
кирсең, ар кайсы бурчуна эле бирден жиликти илип алышат экен (жиндерден талашып). Ал эмнеси дейсиңби?
Көрсө ит-куштан сактайт имиш ошол сөөктө
р малды.
- Анан ушул байкуш жаныбарларды да жөн койбойбуз го өз жайына. Бүркүттү
н тырмагын жулуп, карышкырдын чүкөсү
н омкоруп тагынып…
койчу деги эмне болуп кетээр экенбиз акыры?
- Ал эмес аттын туягында жүрүп, кан-чалаган бок-тезекти басып жешилген таканы бир арасаң эле дарбазада турат кадалып, жакшылык менен ырыскыны «чакырып».
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Февраль 2010 - 16:12
#34 20 Февраль 2010 - 16:10
- Алдынан ит өтүп кетсе сүйүнү
п, мышык өтсө коркуп, башына чымчык чычып салса кубанып, түндө короз кыйкырса кайгырып…
- Анан да өзүнү
н кулак мурдунан корккондорго эмне дейсиң.
- Алаканы кычышса акча кармап, таманы кычышса көп басат имиш.
- Оң
көзү тартса жакшы кабар,сол көзү тартса жаман кабар угат экен.
-
Бетиң
кызарса сени мактап жатышат, кулагың кызыса болду-болбоду сени жамандай башташты. Ой тобаа.
- Тиги тамак-аш чай-чамектен да бир нерсени билсе болот имиш. Чайыңда чама калкып жүрсө үйүң
ө киши келет.
- Айтмакчы,
чама узун болсо узун, кыска болсо кыска адам келет экен.
- Камырың ыргып кетсе да конокту күтө бер.

Бир санды ээлеп алып андан жакшылык издегендер да бар эмеспи жер бетинде европалыктар он үчтү, кытайлыктар сегизди дегендей. Сегизди аябай сыйлашкан кытайлыктар дүйнөлү к олимпиаданы 08.08.08.8:8:8де башташты. Бирок, сегиз аларды бир «подвадить» этти окшойт, эки миң сегизинчи жылы. Тибеттеги миңдеген адамдын өлүмү менен коштолгон көтөрү лүш, жүз миңдеген адамдын өмүрү н алып кеткен зилзала, токтобой жааган жамгыр менен суу каптоолор, жумушсуздуктун күч алуусу, кыскасы сегизден мындайды күтпөгө н кытайлыктар ишенээр ишенбесин билбей калышты го.

Бул сыяктуу ишенимдерден биз деле куру кол эмес экенбиз. Быйыл уй жылы майлуу сүттүү болот деп сүйүнү п эле жатып калдык. Эгер андай болсо тоок жылында жумурткадан башканы таппай какалактап калабызбы?
Ушундай ырымдын баарына ишенген адамдын жашоосу кандай оор кыйынчылыктар менен коштолору белгилүү . Эми канткенде бул жалган ишенимдерден кутула алабыз?
Албетте, мунун бир гана жолу бар. Ал жол ислам дини. Исламдын бир мааниси тынчтык. Кандай тынчтык. Эң биринчи адамдын өз нафсиси менен тынч болуу. Жүрөктө гү ыпыр-сыпыр ишенимдин баарын чыгарган адам гана тынч уктап,бейпил жашайт. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын саламы болсун): "Исламда эч кандай ырым-жырым жок", - деп айткан. Демек, тынч жашоо бир гана исламда. Бул тууралуу улуу ойчул Толстой аксакал дагы: "Исламдын башка диндерден эң негизги артыкчылыгы ырым-жырымдардын жоктугунда" , - деп айткан.
Ээх, туугандар, альхамдулиЛлях (Кудайга шүгүр), динди түшүнү п калганыма, жүрмөкмү н да азыр мен алдыман мышык өтсө депресняк болуп ...
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Февраль 2010 - 16:13
#35 20 Февраль 2010 - 16:12
[/color]
[/quote]

Бактылуумун. ..
#36 20 Февраль 2010 - 16:15
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Февраль 2010 - 16:36
#37 02 Май 2010 - 19:48
#38 04 Июнь 2010 - 23:55
Диндердин тарыхына назар салганыбызда, ар бир доордо мындай жаңылыш түшүнү ктөр, иш-аракеттер адамзат коомчулугунун ортоктош көйгөйү болуп, дайыма жандуулугун сактап келгендигин байкай алабыз. Учурунда мына ушундай көптөгө н ырым-жырымдар пайда болуп, алардын Ислам динине таңууланып келгендиги да ачуу чындык. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү да айрым бир карапайым мусулман боордошторубуздун ырым-жырымдарга ишенип жүргөндү гү жүрөктү өйүтпө й койбойт экен. Кээ бирлери бул ырым-жырымдарды Ислам дининин өзүнчө талабы катары көрүп, аларды жан дили менен аткарууга жан үрөшө т. Алтургай алар мындай иш-аракеттерин, калпыс түшүнү ктөрүн «чыныгы такыбаалык», ал эми буларга каршы чыгууну «Исламга каршы чыгуу, Исламдан алыстоо» деп билишет экен. Бул өтө олуттуу көйгөй. Ырасында Ислам динине төп келбеген түшүнү ктөр, иш-аракеттер менен такыбаа болуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, мындай ырым-жырымдар адам баласын чыныгы Исламдын өзөгү нөн алыстатып, чоң жоготууга учуратат. Чыныгы такыбаалык Ыйык Куран жана акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу сүннөт жолу менен жуурулуша жашоодо гана жатат.
#39 04 Июнь 2010 - 23:59
#40 05 Июнь 2010 - 00:00
Адамдын мына ушул алсыздыгын жакшы билген айрым бир адамдар (м: көзү ачыктар) андан пайдаланып калууну жакшы өздөштү рүшкөн. Алар адамдын башын айландырып, ага туура эмес жолдорго багыт берүү менен коомчулукта өзүнчө кадыр-барк табышат.
Ниети түз карапайым мусулман боордошторубузду мындай карасанатай адамдардын курмандыгынан куткаруу үчүн аларга аруу Ислам дининин негизинде туура түшүнү к берүү зарылчылыгы күч деп билебиз. Куранда чындык келгенде негизсиз ишенимдердин өзүнө н өзү жоюлаары маалымдалат. [Куран, 17-сүрө (Исра сүрөсү ), 81-аят].
Ислам дининин келиши менен жер бетинде көптөгө н туура эмес ишенимдер жыгылып, алардын ордуна акыйкат дин Исламдын асабасы желбиреген. Учурубузда айрым бир туура эмес ишенимдердин, ырым-жырымдардын уланып келе жатышы Исламдын алсыздыгын айгинелебейт. Себеби Ислам дининин негиздерин, Ислам динин жакшы тааныган адам мындай калпыс түшүнү ктөргө алданбайт. Булардын дале болсо жандуулугун сактап келе жатышы элдин көбүнү н Ислам динин жетик түшүнө бербешинен улам келип чыгууда.