Суперстан: Бир кем дүйнө - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бир кем дүйнө Бир кем дүйнө

#21 Пользователь офлайн   asi.gulum   09 Июнь 2016 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Ошондойго...
Муну менен эмне айткысы келгенин түшүнө албадым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   bagira77   09 Июнь 2016 - 16:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Авг 2021 23:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ошондо корутунду: кыздар учун биринчи орунда уй-булоо, башка бироону озунордон кем корбогуло деген маани го.

Билдирүүнү түзөткөн: bagira77: 09 Июнь 2016 - 16:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Lovestorynn   09 Июнь 2016 - 20:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 09 Июнь 16
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 16:13

Нуркыз турмушка чыгып кетиптир деген сөз Тагайдын кулагына жагымсыз угулуп укканына ишенбей турду,менден да ошол окубаган айылдык жигит артык болуптурда ээ же кату сүйөт беле аны. Тагай ата энеси зордогон үчүн гана шашылыш жүрөгү сүйбөсөда баскан турган турпатына кызыгып гана Нуркызга үйлөнөм деп жүргөнүн бүгүн даана сезди. Болгону ошол окубаган айылдык баладан менин эмнем кем болду экен Нуркыздын алдында деп өзүнүн кадыр баркы түшкөндөй ачуусу келе майда сөз неме Нуркыздын тоготпогонуна ачуусу келе тийген айылына барып мени менен жаткан деп жаман атты кылгысы келип кайра ал ойунан кайтып отуруп калды. Мынчалык намыстанганчалык эле бар эле Бишкекте академияда окуп жүргөндө далай кызды тоготпой далайын пайдаланып эми минтип дос туугандарына айтып койгондо анысы башкага тийип кеткени оор тийди. Убакыт өтүп аны унутуп деле калды. Тагай 11ди бүтүп мед. академияга тапшырып окуп калган кезде далай кыз менен болуп өзүн ар тараптуу кыйын адам катары сезип кыздарды алдап таштап кеткенине өзүн дайым арстан сезип жүрчү. Бир күнү жаш эжекесине тийише койуп аз жерден экзаменге баа койбой эжекеси ошол жерде иштеген тагасы аркылуу зорго 3-курска көчкөн болуучу. Күндүзү окуу,сабакты жакшы эле окуду көбүнчө тайкеси колдоп турчу. Бир күнү окуудан келе жатып досу экөө курсагы ачып жакын жердеги кафелердин бирине киришти маңдай жагында өзбек кебетеленген сулуу кыз бир курбусу менен отурушуптур. Кыздын көзү Тагайга түшүп курбусуна сүйүп калдым деп айтканга жетишти экөө каткырып эле күлүп калышты. Тагай чыгып бара жатып салфеткага номерин жазып кыздар отурган столдун үстүнө койуп чыгып кетишти. Досу эми чалат деп ойлойсуңбу мен жаксам чалат да деп өзүнө ишеништүү сүйлөдү чалбаса андан башкасы деле бар деп экөө каткырып калышты. Зулайка эртеси колледжден чыгып кечээги номерге шашыла чалды ал жигитти жоготуп ала тургандай бат баттан номерин терип кечээ бирдиги жок чала албай азыр салдыраары менен чалды Тагай парада болуп ала албай кеч үйүнө барганда өзү чалды. Бир аз интелегент боло түшкөн Тагайга Зулайканын бир сүйлөшкөндө эле мактанып мааниси жок сөздөрдү сүйлөп жибергени жакпай бирок мындайларды торго түшүрүш оной деген ойдо эптеп сүйлөшүп кеч паркка чакырып ар нерсе деп башын айлантып кармалап өбүшүп андан ары квартирасына апарып бир түн бирге болуп эрте менен жолуна салып башка сүйлөшпөйм көк мээдей го кругозору мага туура келбейт деп чалса да албай акыры чалып чарчадыбы кыз чалбай Тагай аны унутуп да калды. Кийин да кеч көп эле кызды алып келип кумарын кандырып жүрдү. Дем алыш күнү жакын жердеги досунун квартирасына китеп сурап барып келе жатып суунун жээгинде ыйлап отурган кызга көзү түшүп калып карындаш ушундай кооз жаратылыштын койнунда сууну бойлой сендей кыз ыйлап эмес күлүп жайнап отуруш керек деп жанына көчүк басты кыз унчукпай ыйлай берди акыры аны алдап көндүрүп эмнеге ыйлап жатканын билип калды жигити алдап зордуктап кыздык намысын алып койгонун угуп көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнүп кыз менен кантип бирге болуштун айласын таппай аны сооротумуш болуп номерин алып квартирасына жөнөп кетти. Ал кызды 3-4 ай сүйлөшүп алдап ар кандай кооз сөздөрү менен жүрөгүн жибитип акыры квартирасына алып келди, квартирада дагы 2 бала жашайт бирөө озү окуган академияда бирөө башка окуу жайда окушат. Сабыр шариятты группалаш баласынан угуп жаны гана мечитке барып намаз окушту үйрөнүп мурда жасаган күнөөлөрүн эстеп тоба кылып жүргөн кези эле кеч мечиттен жамаат менен куптан окуп маселе угуп кв.сына келсе бир ком. да кыздын өзүн жоготуп кыншылап Тагайдын аңылдап жатканын угуп мечиттен жаңы келдим ойум бузулбасын эртең дем алышта Тагайга кенири түшүндүрөм деп жакын жердеги алысыраак тууганынын үйүнө барып жатып эрте менен мечитке барып багымдат окуп кв. сына келсе Тагай уктап жатыптыр кыз кетип калган экен. Турганда экөө отуруп чай ичишти Сабыр анда сакал да жаны койо баштаган кези эле досум бул кылганын туура эмес буну зина деп койот Аллах таала зинага жакындабагыла азабы чоң акыретте деген сөзүн жактырбай ачуусу башына чыгып шарт эле молдо боло калыпсында ээ досум маселе айта келгенде төкмө акындан бетер кыйын сүйлөйсүнөр жаштык бир келет жыргап ойнош керек кыздардын кумардын даамын татыш керек деп Сабырдын бир сөзүнө маани бербей өзүнүн ойун тууралап туруп алды бул мени соо койбойт окшойт маселе айта берип деп аны квар.дан чыгарып башка бирөөнү алып алды квартираны сүйлөшкөн өзү эле кимди алып кирет кимди чыгарат кыскасы белгиленген сумманы квартиранын ээсине берип койот. Окууга да кыздарга да убакыт таап жатканын досторуна далай ирет мактанып айтып жүрдү, айылга каникулга келгенде да ар жылы бир эки кызды кылтагына илип кучактап өпкүлөп аларды да куру убада менен алдап үмүттөндүрүп жүрдү, ошентип күндөр жумага жумалар айга айлар жылга өтүп Тагай окуусун аяктап дипломду колго алып Бишкектен өзүнүн областына карай бет алып жаны эле жумушка орношкондо Нуркызга үйлөнөм деп ишеништүү жүрүп андан калып үйлөнмөккө башка кыз караштырып жаткан апасы туугандары көрсөткөн бир кызды да жактырбай чыныгы сүйүүсүнө жолугаарына ишенип жүргөн кезде апасы чалып ыйлактап 8-класста окуган бир тууган карындашын чоң эле киши зордуктап салганын айтып көзүнүн жашы салаа салаа болуп төгүлүп жатты, апасынын кайсы күнөөбүз үчүн ушундай жаза көрүп жатабыз деген сөзүнөн гана озү далай кызды алдап кумарын кандырып жүргөнүн бир кездеги досу Сабырдын кайтар дүйнө аллах ар бир кылган күнөө жазасыз калбайт өзүнө тийбегендей болсода жакындарын жапа чегишет дегенин эстеп кетти. Зордуктаган зөөкүрдү кату режимде узак убакытка камалганын угуп өмүр бою түрмөдө чиритебиз али дешип, апасы кызын алып шаарга баласынын жанына алып келип башка мектепке беришип үчөө шаарда жашап калышты айылга уятына чыдабай кыз барбайт апасы барып күйөөсүнө үй жайына көз салып турат.Сабыр досунун айткан сөзү кайра кайра кулагына жанырып карындашынын кордолушуна өзүнүн кылган иштеринин натыйжасы экенин түшүнгөнсүп Тагай биринчи жолу мечитти карай бет алды жүздөрүнөн нуру тамган сылык сыпаа адамдар озүн башка дүйнөгө түшүп калгандай сезип ошодон баштап мечитке тартылып жумушунан чыгып шамды анан куптанды мечиттен окуй турган болуп дин жөнүндө түшүнө баштады. Бир күнү намаздан чыгып апасы менен карындашына гүл алып экөөнү сүйүндүрүп коймокчу болуп гүл саткан дүкөнгө баш багып ушунча жашка келип апасына биринчи жолу гүл алып берип жатканына өзүнө нааразы боло кетти мечиттеги молдонун бүгүнкү шариат маселеси эне жөнүндө болгон болуучу ал андан катуу таасирленди сатуучунун жанында оронгон кызга көзү түшүп ушундай кыз менин жубайым болсо экен деп кудайдан тилеп жиберди. Нурпери эжесинин гүл жаткан дүкөнүнө келип жардам берип жүрчү. Апасы баласынан биринчи жолу жыты бир керемет кооз гүл алып жатканына ишенбей жумушуна бирөө алып келген гүлдөн окшойт же сүйгөн кызын кабыл албай койдубу деди тийише кубанычын жашыра албай жоок апа атайын силер үчүн сатып алдым дегенине акыркы күндөрү баласы бир башкача жакшы жакка өзгөрүп бара жатканын сезип жүргөн сүйүнүп гулду вазага салып койду карындашы да сүйүнүп калды. Ошентип гүл саткан дүкөнгө күндө барып жоолукчан кызды карап мурдгыдай оозунуп таанышпай апасына кечки тамак убагында айтты. Көптөн бери кыз таппай жүргөнүн эстеп сүйүнүп эртеси эле кыздын эжесинен тартынбай сураштырып медресени бүтүп азыр мага жардам берип жүрөт деген жоопту угуп күйөөсүнө айтып бат эле куда түшүп барышты, Тагайдын жүрөгү болкулдап согуп ата энесинен жооп күтүп отурду алар да Тагайдын үй бүлөөсүн сураштырып баласы 5 убак намазга жыгылганын билип бир жолу көрүшкөнгө уруксат беришти Нурперини коштоп бир жене бир эжеси келип Тагай экөө жылдызы келишип үйлөнмөк болушту шариатты жакшы түшүнгөн Нурпери аны менен жетелешип кыз жигит болуп жүрбөйт болуучу.Шан шөөкөтү жок закс ресторанга кетчү акчаны карылар үйүндөгү кары картандарга тамак аш кийим кече алып беришти Аллахтын раазылыгы үчүн. Бул Тагайдын ойу болду 2 күнгө созулган мусулманча чакан той аяктап. Жашоо башталды динден такыр кабары жок Тагайдын апасы Чынар хиджап оронгон келинин жактырбай Тагай жумушта болгондо намаз убактысы келгенде ар жакка жумшап келининин сазайын берип жатты сөлбүрөп же ысыбайсынар силер жөн эле жүрсөң болбойбу айтор келиндин көнүлүн теше кетчү сөздөрдү айтып жүрдү. Чынар ошол жердеги өзү теңдүү кошуна аял менен жакшы сүйлөшүп бири биринин үйүнө кирип ынак да болуп кетишкен Жаныл да келинин оронот жүдөбөйт бекен деп Чынарды ар дайым оргуштап экөөнүн ортосуна чок салып жүргүсү келгенин билдирбей келинин бүт оронгондорду бирдей жамандап мурун эле бузулуп жүргөн деп ар нерсени айтып башын айландырып жөнөтөт. Күүлөнүп барып үйүндө отурган келинине бүт ислам динине каршы сүйлөп келиндин көөдөнүн өрктөсө да күйөөсүнө билгизбей ичинен сызып Аллахтан сабыр гана тилеп жатты ар намазда оо кудай апама хидаят бере көр деп дуба кылып жатты. Жаш кезинен көзү ооруп жүрчү акыркы күндөрү Нурперинин көрүүсү солгундап бара жатты. Кайненеси ийнени өткөзүп бер дегенинен колу титиреп ийне жипке көзү жетпей ийнени колуна сайып алды каргап шилеп урушуп башка бөлмөдө отурган кызына алып берди кызы женесине боолушкусу келет бирок женесинин эне ыйык энеге сөз кайтарууга жада калса үф деп айтканга болбойт бейиш энелердин таман астында кокус туура эмес сүйлөп жатса да катасын айтып акыл үйрөткөн туура эмес деген сөздөрүнө таасирленип апасына тике карабайт 9-классты аяктап медресеге тапшырам деп тилек кылып койгон. Эртеси Чынар Жаныл курбусунун жанында кыйла отуруп келди эмне кылсам да сүйлөбөйт кантип жок кылсам деп айтып отурду Жаныл атадынча баланы азгырат Сирияга алып кетет тезинен жок кыл баланы вахабис кылат деп сүйлөп жамандап жатты. Ислам дини 72 түргө бөлүнөөрүн анын бир гана Ахли Сүнна менен кеткен тобу бейишке бараарын биринчи жихат напси менен боло турган жихат экенин анда Чынар түшүнө элек болуучу. Тагай келгенде аялын кошуп ташып жамандап бунунун көзү да жакшы көрбөйт экен деп жатты баласы үн каткан жок көп эле апасынын аялын кордоп жатканын көрүп Нурпери апама айтайын дегенине мен себептүү апаныздын көнүлүнө кир сээп албан аллах хидаят берсе баарын убагы келгенде түшүнөт деп жайгарып койчу. Нурперинин ар бир ишти бисмилях деп баштап ар дайым даарат менен жүрүп орду менен сүйлөгөнү Тагайды күндөн күнгө сүйдүрүп сүйүү никеден кийин башталат деген сөзгө ишенип турду. Динди түшүнбөгөн сакал койгон оронгондордун баарын вахабис элестетип 50 жашка келип куран окушту билбеген ар дайым оронгондорду жээрип жүргөн Жаңыл бүгүн да Чынардын башын айлантып балан врач болсо жакшына окуусун бүткөн иштеген кыздар дан караштыр да деген сөзү Чынарга майдай жагып озү да ошону ойлонуп жүргөн болуучу. Башында балам жашы өтүп кетет эч эле кыз таппай жатат деп шашылыш нары баламдын көнүлүнө карап ушу сөлбүрөгөндү адашып алып берип койупмун деп сүйлөнүп жатты. Ачуусу башына чыгып келини көзү ооруп тумандашып кийимдерин бүктөп жаткан жеринен кайра баарын башына чачып жиберди. Качан кетесиң эмне кылсамда кенедей жабышып алдынго балама деп ар кайсыны сүйлөп жатты. Нерви кеткенине давлениеси көтөрүлүп больницага жатып 10 күн даарыланыш керек деген сөзүнөн кийин жатып даарыланмакчы болду. Келини күндө тамак жасап апа жакшы болуп калдынызбы деп кабар алып турду. Ал жерде окусун жаны бүтүп келген өзүн карап жаткан мед айымга Чынардын көзү түшүп баласына пландап жиберди, Чынарды көргөнү келген Жаңылга да бул кыз жагып экөө бап экенин эми чындап өзүнүн теңин тапты же анын бойунда болбой жатса деп ансайын оргуштап ойун кубаттап кетти. Нурперинин көзү карангылашып озүн жоготуп койду Тагайдын жүрөгү оозуна келип жаным көзүнү ач алтынып жарыгым деп өзүн жоготуп койо жаздап скорый менен больницага апарды врач көрүп өтө коопту эмес жакшы эле бирок Бишкекке барып даарылатышынар керек деп направления жазып берди Нурперинин апасы өзү карап жатмакчы болуп Тагай Бишкекке апарып жайгаштырып дары дармегин алып колуна акча берип кайра үйүнө көздөй жөнөп келди кайра чыгып келеерде озү алып келмекчи болуп. Апасы больницадан чыгып үйүндө болуучу ал арада больницадагы кыз менен телефондон байма бай сүйлөшүп баласы бойдок экендигин мени көргөнү келген оронгон кыз кошунам болот деп баласын ага мактап ансыз да иштеген үйү машинасы бар балага тийем деген жүргөн Айгүл Тагайдын апасына андан бетер жагынып сүйлөшүп жатышты. Баласына чекесин чыгарып айта баштады апа Нурперичи деген сөзүн бөлүп Айгүл менен жолугушканы барасың болбосо сенден кечем энеми жок деп эсептейсиң деп экөөнү жолугуштурду Тагайга жакпаса да апасынын көнүлү деп унчукпады Нурпери менен кундө сүйлөшүп туура эмес иш кылып жатканын ага билдирбей апамы кантип жамандайм балким бир күн ойунан кайтар деп күтүп жүрдү бирок Чынар ачык эле Айгүлгө үйлөнөсүң болбосо бизди кечип кет деп зордой баштады апасынын сөзүнөн чыга албай башы маң болуп Нурперини ушундай акыбалда кантип таштап кетем деп ойлонуп ойуна жетпей дендароо болуп жүргөндө апасы күйөөсүнда көндүрүп Айгүлдүн ата энесинин алдынан өтүп келишти. Баарын бүтүрүп келинди айылдагы үйүнө той менен алып келди ал убакта Бишкекте окууну бүтүп экинчи баласы да жакында үйлөнөм деп турган чагы эле. Нурперини алып келгени Тагай барган жок апасынын сөзүнөн чыга албай Айгүлгө үйлөнүп Нурпериге чалганы бети чыдабайт эмне деп айтмак кунөөнүн баары өзүндө, Нурпери чалып жатты ар дайым өчүк Тагай башка симка алып ошо менен жүрүүчү. Нурпери Тагайдын үйлөнгөнүн угуп уккан кулагына ишенбей депрессия болуп үйүнөн чыкпай бир гана жалынып дуа кылганы сураганы Аллахтан болуп калды, Тагайды күнөөлөй албады кайненесинин кылганы экенин билип эле турду, Нурперинин ата энеси да өздөрү алып кетсе жиберебиз өзүбүз апарып бергенибиз үят деп сабыр кылып жүрүштү. Нике түн болуп төшөк Тагайга таштай сезилип колун канча сунса да Айгүлгө жакындай албай койду Айгүл женелерин өзүбүз бүтүрүп алабыз деп кетирип жиберди айылда 1 жумадай турушуп кайра шаарга Тагай ишине келди. Апасы да кошо ээрчип алганын Айгүл жактыра бербей турду. Күйөөсү жакындабай койгонуна өчөшүп Айгүл эрте менен Нурпери сыяктуу ишине чай берип узатмак түгүл саат уйкучу жаны саат 10до туруп кайненесин качан айылга кетет кичине баласынын эле колунда отурбайбы деп ичинен жини келип Тагайдын мурда үйлөнгөнүн алысырак авысындарынан угуп ачуусу келип кайненесин жайлайм деп жүрдү. Кайненесинин тамак жегенинен бери жактырбай мынча шурулдатып ичет чыныны башына кийгизгиси келип зорго чыдап отурганда эшик чырылдап Жаңыл кирип келди эки үч жолу киргенинен анын сүйлөө манерасы Айгүлгө жаккан эмес ии Жаныл эже дайым тамак бышканда келесиз мурдунуз жатты кыйын билет окшойт деди
Митаам Жанылдын жини чыгып жактырбай турганын сезип сендей бекерчи келиндер тамак жасаса келебиз да деп бекерчи деген сөзү Айгүлгө кату тийип кайненесинин кой балам дегенине көнбөй Жаныл менен иттей урушуп экинчи үйүнө киргис кылып кубалап жиберди. Айгүлдүн чыныгы жүзүн көргөн чынар Нурпериден айланып кетейин деп сүйлөп жибергенин билбей калды Айгүл кыйкырып чоң жанжал чыгарып кетпейсиңби айылга биз деги кенири жашайбызбы мен Нурпери эмесмин сага көргөзөм деп сенсиреп кайненесин коркутуп жатты. Тагайдын карындашы эптеп экөө ата энесин көндүрүп медресеге тапшырып окуу жайдын жатаканасына чыгып жашап калган оронуп дин жолуна түшүп апасы макул болгон өзү зордолуп көп запкы жеди макул бузулуп кеткиче дин жолуна түштү деп Чынар да динди түшүнө баштаган. Дем алыш күндөрү оронуп келген кайын синдисин жактырбай намаз окуп жатса музыканы кату койуп бийлеп калчу атайына. Мурдагы ишине жумушка орнош деген кайненесинин сөзүн жактырбай мен эс алам качан көнүлүм каалаганда орношом деп жүрдү. Тагай апасынан бекинип Нурпери менен жолугушуп жүрдү ага талак берген эмес жубайы болгон үчүн башында Тагайдын кайненеси үйүнө киргизбей жүрдү киргизбеген убакта Нурпери жаткан үйдүн терезесинин түбүндө жамгыр жаасада отура берчү Нурпери да Тагайды сүйөт мурдагыдан да сүйүүлөрү күчөп апасы айылга кеткенде Айгүлдү алдап достор мененмин деп Нурпери менен болуп жүрдү. Акыры чыдамы кеткен Айгүл кайненесине заарын чача баарын сен кылдын баландын көнүлү жок экен мен кыз боюнча жүрөм деп жанжал салып үйүнө кетип калды Тагай жокто. Айгүл мен ушул бойдон кетпейм баарын көрсөтөм менден кутулам деп ойлобо кызыктын баары алдыда деп кайненесин коркутуп кекетип кетти үйүнө барып калган кызын көрүп эч ким менен катташпаган жанжал дегенде алдына киши салдырбаган бакшы көзү ачыктарга байма бай каттаган Айшакандын ачуусу чыгып баарын көрсөтбүз аларга деп турду. Балеенин баарын башына үйүп жакшына келини Нурперинин кадырына жетип Тагай келери менен Айгүлдөн жадаган жаны Айгүлгө үч талак бер уулум деп жалынып жиберди
УЛАНДЫСЫ БАР
МЕН ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО БОЛГОН ОКУЯЛАРДЫ КӨРКӨМДӨП ЖАЗЫП ЖАТАМ.БААРЫНА ТЕҢ БИРДЕЙ ЖАГА АЛБАЙСЫҢ КАТАЛЫК КЕТСЕ КЕЧИРИМ СУРАЙМ. ЖАНЫ КАТТАЛГАНЫМ ҮЧҮН МАГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛИП ЖАТАТ КИРГЕНДЕ УЛАНТАМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   vestel   09 Июнь 2016 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2021 13:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракокту city

Kuday saktasyn ayguldoy ayaldan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Lovestorynn   10 Июнь 2016 - 23:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 09 Июнь 16
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 16:13

Чыгарма кызыктуу болбой калган көрүнөт, токтотот окшойм. Баарыңа ийгилик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Lovestorynn   10 Июнь 2016 - 23:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 09 Июнь 16
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 16:13

Чыгарма кызыктуу болбой калган көрүнөт, токтотот окшойм. Баарыңа ийгилик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   vestel   11 Июнь 2016 - 08:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2021 13:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракокту city

ulantaber jakshyle
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   tashbu   11 Июнь 2016 - 09:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 17:55
  • Жынысы:Аялзаты

Емнеге антесиз автор кооптон жазып бутуруп салын еми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   seli   11 Июнь 2016 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

кызыксынго автор, рас баштадынбы жазып бутур да сени эч ким кыстаган жокко жаз деп. Баштаган ишти аягына чыгарган да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   bagira77   11 Июнь 2016 - 14:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Авг 2021 23:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Улантыныз автор,тарбиялык мааниси жакшы окуялар экен. Кутуп жатабыз??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Nasyrkg   11 Июнь 2016 - 15:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 171
  • Катталган: 14 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 21:52
  • Жынысы:Эркек

Тагайдын шаарда кичинесинде эле уйу бар деп уктум беле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Shirinim345   11 Июнь 2016 - 15:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

Просмотр сообщения bagira77 (11 Июнь 2016 - 14:43) жазган:

Улантыныз автор,тарбиялык мааниси жакшы окуялар экен. Кутуп жатабыз??

+++
Т.б улантыныз :гезит:
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Lovestorynn   11 Июнь 2016 - 16:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 09 Июнь 16
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 16:13

Просмотр сообщения Nasyrkg (11 Июнь 2016 - 15:29) жазган:

Тагайдын шаарда кичинесинде эле уйу бар деп уктум беле

Тагайдын Жалалабад шаарында үйү бар, Бишкекте окуган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Shirinim345   11 Июнь 2016 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

Улантыныз бизге кызыктуу болуп жатат.
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   vestel   12 Июнь 2016 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2021 13:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракокту city

Ulantpaysynby emi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   bagira77   12 Июнь 2016 - 17:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Авг 2021 23:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ээээй автор жалдыратпачы эми....а
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   madina.87   12 Июнь 2016 - 18:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Жаза бер ,биз окуп атабыз. :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Shirinim345   12 Июнь 2016 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

:гезит: жазынызчы кызыктуу жерине келди еле.
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Liza.   12 Июнь 2016 - 20:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 11 Июнь 15
  • Соңку аракети: 15 Янв 2017 21:12

Кызыктуу экен,жаза бер да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Lovestorynn   12 Июнь 2016 - 20:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 09 Июнь 16
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 16:13

Тагай эмне болгонун түшүнбөй дендароо болуп турганда апасы уулум мени кечир деп ыйлап жиберди. Айгүлдүн кеткенине Чынар чындап сүйүндү миң түркүн кылыктарынан кыялынан жадаган жаны андан чын эле кутулганына ишене албай турду, кечирим сураганы баласынын татуу уясын бузуп,өзү тапкан кыздын капканына түшүп калганына бир эсе ачуусу келсе бир эсе уялып турду. Өзүн оргуштаган курбусу Жаңылды да жээрип турду. Айгүлдүн кеткенин уккан Тагай кайгырган жок Нурпериден ажырган күнү жүрөгү жарылып бүт аалам тарып эркектин табиятынан ичине сактаганы Тагай да баарын ичине жутуп апасынын кылганына каршы чыга албай ошентсе да жүрөгүндөгү сезимине кул болуп аны башкарганы күчү жетпей биринчи жубайына тартылып жүргөн кези эле.Алар 2 жуманын ичинде эле Нурперинин алдынан өтүп алып келишти, Нурперинин атасы каршы болсода кызынын көңүлүн кыя албай нары аялы да кызыбыздын бактысы үчүн деп макул болуп жиберишти кызын.Чынар бир жумадай кошо жашап айылга жөнөп кетти, ал арада Айшакан озү дайыма барып жүргөн көзү ачыкка барып Чынардан жана күйөө баласы деги эле алардын үй бүлөөсүнө кара дубанын түрүн окутуп каттап калган. Айшакандын чын аты Токтобүбү ал жаны келин болуп келгенде авысындары Айшакан деп жаны ысым менен айтып ошол боюнча кайны журтунун алдында Айшакан болуп калган, анткени алардын бир кайнежесинин аты Токтобүбү болуп анын атын айта албай башкача ат менен атап калышкан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 17:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: