Анан...?
Бир кем дүйнө Бир кем дүйнө
#42 12 Июнь 2016 - 22:53
Айгүлдүн кеткенине Чынар чындап сүйүндү миң түркүн кылыктарынан кыялынан жадаган жаны андан чын эле кутулганына ишене албай турду,уулум мени кечир деп ыйлап жиберди. Баласынын сүйгөн жарынан ажыратып жылуу уясын бузуп өзү тапкан кыздан кордук көрүп туура эмес кылган ишине нары өкүнүп өзүнө өзү ачуусу келип турду.Өзүн оргуштаган курбусу Жанылды да жээрип турду. Тагай унчукпады Айгүлдүн кеткенине ичи ачышып башкача деле болгон жок Нурпериден ажырган күнү жүрөгү жарылып бүт аалам тарып эркектин табиятынан ичине сактаганы Тагай да баарын ичине жутуп апасынын кылганына каршы чыга албай ошентсе да жүрөгүндөгү сезимине кул болуп аны башкарганы күчү жетпей биринчи жубайына тартылып жүргөн кези эле. Арадан 2 жума убакыт өтпөй Нурперинин алдынан өтүп алып келишти, атасы каршы болсода кызынын көңүлүн кыя албай нары аялы да кызыбыздын бактысы үчүн деп макул болуп жиберишти кызын. Чынар бир жума кошо жашап айылга жөнөп кетти. Ал ортодо Айгүл менен апасы Айшакан өзү дайыма барып жүргөн көзү ачыкка байма бай каттай баштаган. Айшакандын чын аты Токтобүбү ал жаны келин болуп келгенде авысындары Айшакан деп жаны ысым менен айтып ошол боюнча кайны журтунун алдында Айшакан болуп калган. Кайнежесинин аты Токтобүбү болуп анын атын айта албай башкача ат менен атап калышканы ушундан. Өчөшүп калган кудагыйы менен күйөө баласына көзү ачыктан ар тараптуу кара дубаларды окутуп. Эми чындап өч алуунун кызын кайра жараштыруунун мин амалын ойлоп чекеден ишке ашырып баштады мурда да авысын кошуналарды көрө албай далай ирет көзү ачыкка каттап жүргөн Айшаканга бул күнөө иши оной сезилип турду
#45 13 Июнь 2016 - 04:26
#46 13 Июнь 2016 - 04:30
Lovestorynn (12 Июнь 2016 - 22:53) жазган:

Токтобубу дейбииии? бул теманы окубай айланып отуп кетип аткам?эми точна окуйт окшойм
Жыргалчылыкта Аллаhты эстесен,кыйынчылыкта Аллаh сени эстейт!
#47 13 Июнь 2016 - 09:32
Айшакан өзү пед. училищаны эн жакшы баалар менен бүтүргөн,бирок кесиби боюнча бир күн да иштей албады. Жолдошу менен бир вечерде таанышып Айшаканды жактырып бат эле алып качып келип алган. Алып качып келген күнү эле Айшакан кайненесине жаккан эмес көйнөгүн чечип ыргытып ак сакал кайнатасынын алдында унун болушунча кыйкырып жанжал салган. Бир көргөндө журөгүн жылыта албаган келини көзүнө нурсуз көрүнүп Сагындык апанын көнүлүнө тойгон эмес. Сагындыктын беш уулу боло турган бул көзүнө келгенде эле нурсуз көрүнгөн Айшакан анын үчүнчү келини болуучу,келгенине 1 ай болбой ар түркүн кыялдарын көрсөтө баштаган келинин кетирем деп далай аракет жасады бирок ал кайнене кайнатасын кетирсенер үйүмө барбай Кайырма көлүнө чөгүп өлөм деп коркутуп келининен бат эле жадаган Сагындык апа жакшы да колдо кала турган келиним эмес деп баласы экөөнү бөлүп жиберген. Айшакан келген күнүнөн 1 жума отпой апасынын үйрөткөнү боюнча өзүнүн этек киринин канын күйөөсүнө чайга кошуп ичирип койгон. Апасы ошондо күйөөндүн көзүнө сенден башка эч ким көрүнбөй калат деп үйрөткөн болуучу Айшакан кызы Айгүлгө да үйрөткөн бирок ал ынгайын келтирип күйөөсүнө беришке жетише албай калган. Күйөөсүнө этек киринин канынан берип аны өмүр бою оорукчан кылып алышын анда Айшакан аңдай берген эмес
#52 14 Июнь 2016 - 22:59
Ой тооба,уккан элем,кээ бир аялдар этек кирин ичирет деп,ошол чын окшойт.Тооба кылдым,бул эн чон куноо го?!Кудай сактаааа!
!!
#53 15 Июнь 2016 - 08:51
Айшакан келген күндөн баштап эки авысунун көрө албай айрыкча кайната кайненеси жакшы көргөн экинчи келини Жылдызды көрө албай аны көргөн сайын ичи тарып кайната кайненеси неге аны жакшы көрөт мени эмес деп өзүнүн айыбын сезбей жүрдү. Арадан жылдар өтүп Айшакан эки кыз бир уулду болду күйөөсү Нурдин күйпөлөктөп эле жанынан чыкпай үй бүлөөсүндө канча жанжал чыксада апасына кол көтөргөнгө чейин барып бирок Айшакандан эч айып таба албай. Ар дайым башы ооручу болду Айшакан көзү ачыктарга барып Нурдинди адеп окутуп жүрүп аны бүтүндөй оорукчан кылып алганы ошондон
#54 15 Июнь 2016 - 10:19
Кайната кайненесинин колунда Жылдыз жашачу, ал келин акыл эси кылган кызматы түшүнүктүү,
адеби менен кошуналардын мактоосуна арзыган айылдын эн алдынкы келиндеринен болуучу. Айшакан аны көрө албай айылга күйөөсүнөн оору жугузуп алыптыр деп ушак таркатса да Жылдыз ага эч бир тең келбей жүрүүчү. Кайнатасы менен кайнагасынын ортосуна чок салып далай ирет уруштуруп, кайненеси менен тытышканга чейин барып жүрдү. Бир күнкү жанжал ушундан чыкты Кайнагасы Алмаз менен женеси Жылдыздын баласына кайненеси жаны сапок алып берсе эмнеге менин балама жок деп күйөөсүн оргуштап үйүндө чоң жанжал чыгарып акыры Нурдин аялына болушуп ачуусу чыгып апасын чыны менен атып урду да кечирим сурап койгондун ордуна энесин нааразы кылып аялын ээрчип үйүно кетип калышкан. Андан кийин да көп уруш талаштар болуп турду. Жылдызга ачуусу келип акыры озү барып жүргөн көзү ачыкка барып Жылдызды өлүмгө дуба окуп берүүсүн сурады, акысын соодалашкан соң көзү ачык мүрзөнүн топурагы менен кулпу алып кел деп жөнөттү. Жакын жердеги мүрзөнүн топурагынан алып базардан жаңы кулпу сатып алып көзү ачыкка барып кара дуба окутуп Жылдыздын үйүнүн босогосуна эч ким жокто жерди казып көмүп койду. Көзү ачык кулпу эскирген сайын авысунун гүлдөй соолуп өлөт деген, ал сөзү Айшаканга дем берип авысунунун өлүмүн кутуп өзүнө озу раазы боло жүрдү. Жылдыз үйүнүн астанасын аттаган сайын өзүн жаман сезип кайсыл жери ооруганын билбей күндөн күнгө озүн жаман сезип эч кимди көргүсү келбей жаман болуп жүдөп да кетти.Бир күнү жумуштан келе жатып өзүн жоготуп жыгылды ооруканага түшүп жатып калды бирок врачтар такыр диагноз койо албай койушту баары эле жакшыдай бирок Жылдыз жети түн жети күн эч нерсени билбей жатып калды. Ооруканада 6 ай толук жатты күндөн күнгө оорлошуп. Акыры күчтүү молдолорго барып окутушту бирок көзү ачыктарга барышкан жок молдолор куран аяттары менен үйүнө келип 2 жыл катар окушуп,молдолор Алмазга аялын намазга жыгылса ар дайым даарат менен жүрсө адал ичип адал жесе намазга аятал курси жана башка сүрөөлөрдү кошуп окуса кара дуба жукпай турганын айтып кетишти. Жылдыз өзүнө келип намаз жаттап баштады, өзүн ар дайым молдолорго окутуп жүрүүчү болду. Айшакан көзү ачыкка барып авысундарын кошуналарды жадакалса бирөө менен кату урушуп кетседа кара дуба окутуп жүрө турган. Окуусун бүтүп бир күн да иштей албай калгандыгы дет садка жумушка орноштурушса ал жерде урушуп иштей албады мектепке ишке киргизишсе балдарга сабак бериш ойунда жок мугалимдерди аңдып атааңдашып жакшы кийингендерине сулууларына ичи тарып коллектив менен келише албай иштей албай ошол боюнча иштебей калган. Кыздарынын кичинеси ушул Айгүл. Айгүлдүн бир агасы Орусияда, эжеси да турмуштан ажырашып Орусияда болуучу. Айшакандын көзү бир эркекке түшүп күйөөсүн киши жалдап өлөсө урдуруп Айгүл келгенде атасы өлүм төшөгүндө жаткан экен, Айшакан күйөөсүн адеп окутуп жүрүп ансыз да күйөөсүн дубана кылып салган болуучу күйөөсү акыркы күндөрү күзгүдөн өзү менен өзү сүйлөшүп өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөзүп жатты Айгүл келгенден 1 ай өтпөй атасы бул дүйнөдөн өттү баласы менен кызын апасы орусиядан келтирбей койду. Ошентип күйөөсүн жерге беришти. Айгүлдү бир жаңсыл кылып анан ойношун үйүнө алып кирүүнү пландап жатты
#55 15 Июнь 2016 - 10:35
Айгүл бойу башы чоң күрсүлдөгөн кыз болуучу мектепте окуу жайда рекет аталып эч кимге баш бербей апасынын өзү болуп чоңойгон. Бой жетип апасына каяша сүйлөп апасы урса кайра апасын уруп экөө көп эле жолу мушташып жүрүүчү. Айгүл турмушка чыкканда Айшакан кызынан кутулганы аябай сүйүнгөн бирок кайра келип алганы ойношу экөөнө тоскоол болгонун жактырбай келин кылып алып калбай койгонуна Чынарга ачуусу келип Нурперинин кайра алып барып алганын угуп кызы менен ар кандай амалдарды ойлой башташты. Тагай жумушка кетип Нурпери ар дайым үйдө жалгыз калганын билген Айгүл бир амал тапты