Суперстан: Жөн гана бактылуу болгум келди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жөн гана бактылуу болгум келди... Болгон жана болуп жаткан чыныгы окуя.

#1 Пользователь офлайн   aikera1992   14 Июнь 2016 - 18:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бутуруу кечеси. Мындан 9 жыл мурун мектепти артыкчылык менен аяктагам. Борборубуздагы кафелердин биринде окуучулук кундор менен коштошуп, барыбыз конулдуу отурдук. Бир убакта негедир кайда барсам да менден козун албай теше тиктеген жигитти байкап калдым.&quot; Сымбаттуу жигит экен&quot; деп койдум ичимден. Негедир сырдуу коз карашынан мага озгочо сезилди. Коп отпой тааныштык. Аты Эрмек экен.Менден бир жашка уулу, Таластын бир айылынан келиптир. Студент.  < br /> Чын эле озгочо адам. Кадимки жигиттерден ой-жугуртуусу башкача, токтоо, тамашакой... . Экообуздун кыз-жигит болуп жургонубузго 3 жыл болду. Козумдун кареги менен тен айланган, мен учун баарына даяр болгон Эрмекти мен да чындап суйом. Суйуу- керемет экен. Кээде таарыныша кетсек, ачуубуз ашып кетсе жарым кундо тарайт. Жетелеше Бишкектин кечтеринде далай сейилдедик. Экообуздун оюбуз,табитибиз, кыялыбыз да окшош. Ото ызы-чууну жактырбайбыз, достор менен тунку клубтарга, киного барып,кымбат кийим кийип, ашыкча акча коротконду да жактырчу эмеспиз. Биз учун Ата-Турк сейил багы менен Бишкектин кочолору эч нерсеге алмашкыс эле. Озгочо болуп, жигитимден ашыкча романтиканы талап кылуу колумдан келчу эмес. Анча-мынча белектерин да алгым келбеди. Менимче мунун себеби ото жонокой уй-булоодо тарбия алганымдан болсо керек. <br /> Жашырганда эмне, атам арактын артынан тушуп журот.Менден кичуу эки синдим, эки иним бар. Кичинемде атамдын аябай жакшы кызматта иштегенин билем.Уйдон киши узулчу эмес. Алыш-катыштар да мыкты болчу. Эн кичуу иним апамдын курсагындагы кезде 1997-жылы атамдын кызматынан айрылып калган.Мындай бурулушту которо албаган атам акыркы кундору ачуусун арактан чыгарып жатып, акыры аракеч болуп баратканын да билген жок.Бизди чыркыратып кол которот. Кээде эшикке кубалап чыгат. Бир куну апам балдар менен кечинде мончого кеткен, атам мас абалында  мени катуу чаап салган окшойт. Кышында эшикте эсим ооп жаткан жеримден кошунам тез жардам чакырыптыр. Эки бойрогумо катуу суук тийиптир, заара ушата албай, кан сийип... аябай кыйналдым.Дарыгердин апама &quot;кылдаттык менен дарылабаса, кийин торобой калышы мумкун&quot; дегенин уктум. Апам атама эмнелерди гана кылбады. Айтты, тушундурду, таарынды, ыйлады, алдады, дарылатты... . Майнап чыкпайт. Эртен менен уйдон эки аяктап чыгат да, кечкисин торт аяктап келет. Кылган иши жок, тапкан акчасы жок, кечинде кайдан ичип келээрин апам экообуз тушунбой журдук. Же, бир куну аркасынан андып корсокпу? Жаш балдары менен апама туугандар башында каралашып жургону менен акыркы жылдары озулорунун тирлиги менен кетишти. Беш баланы кайда, таштап, кайда бармак эле. Апам тигуу цехинде иштеп бизди багып журду. Кээде апама жардам берип мен да тункусун иштейм. Адаттагыдай тункусун уйдун жанындагы цехте апам экообуз иштеп жатканбыз. Бир убакта кызыл шапкечен милициялар келип апамды алып кетишти. Корсо, атам ар кимдин уйуно уурулук кылып журуптур. Соттун чечими менен атам 5 жылга темир тор артына кетти.Канча сыздаганыбыз менен 5 жыл бат эле отуп кетет. Балким эсине келип кайтаар деп озубузду жоошуткан бойдон кала бердик.Ошол жылы мен мектепти аяктадым. Озум каалаган  кесипке кудай жалгап мамлекеттик тестирлоонун жыйынтыгы менен бекер окууга оттум. Апамдын суйунгонун айтпа. Мен андан ыйлап алгам.Кундузу окуп, тундосу иштеп апама тирооч болуп, жашообуз бир топ тынып калды.Окуум менен чет олколорго барып, акча таап,туугандардын жардамы менен апам экообуз кенешип уйубуздун жанына кичинекей дукон ачып алдык. Бобокторумдун анча-мынча кем карчысын дукон жаап турчу. Буюрса, диплом алсам иштеп апама жардамым мындан да кобуроок тиет дейчумун. <br />Эрмек мындай кыйын учурда мени тушунду, моралдык да, материалдык да жардамын аячу эмес. Ал ЖОЖду аяктап жатканда менин колумду сурады. Мен учун кутулбостук болду. Мен аны канча жактырсам да, олуттуу турмушту ойлобоптурмун. Оюмдун баары бир туугандарым, апама кам коруп,аларды бутунан тургузуу эле. Мен кетип калсам апам кантет? Албетте каршы болдум. Эрмек ата-энесинин эки эжесинен кийин жалгыз баласы болчу.Айылдагы ата-энесинин колунда калаары бышык.А мен апамды кантип таштап кетем? Мына сага! Эрмек башкага уйлоном деп кетип калды.  Ичимдин ачышканын сурабагыла. 5 жыл чогуу журуптурбуз. Бул оной эмес экен. Мен аны суйом. ошондогу ичимдин орттонгонун сиздерге соз менен жеткире албасам керек. Аз отпой атам бошотулуп чыгып келди. Мурункудан озгорулгондой. Кантсек атабыз да. Аябай кубандык, сагыныптырбыз. Бир куну апам мени турмушка чыгуум керек экенин, атам экоо эптеп жашоону улантаарын, дуконубузду чонойтуп, кирешелуу кылабыз деп соз беришти. Коп отпой Эрмек озу келди. Баягыдай эле. Таарынып кеткенин унутуп калса керек.&quot; Мен макулмун& quot; деген созду угуп, тобосу кокко жетти, анын мынчалык кубанаарын элестетпептирмин. Бул учурда менден откон бактылуу адам жок болсо керек э? Мени шаарга таштап, озу айылга ата-энесине айтканга кетти. Бирок бир кун отту, эки кун... бир жума  кабар жок.  Телефон чалбайт, чалсам албайт. Акыры анын апасы мени жактырбай жатканын уктум. Мени, менин уй-булоомду, атамды &quot;аракеч& quot;, &quot;зек& quot; дегенин угуп жаман болдум. Билгеним Эрмек Таластагы эн бай адамдарын биринин баласы экенин уктум.Таарындым, ызаландым. Бирок буга ким куноолуу? ооба, атам убагында ичкен, жанылган. Бирок мен атамды эбак эле кечирип койгом.Тоскоолдуктар коп болду. Мен чет олкого иштеп кетип калдым. Кээде мегаполисти аралай басып, коп ойлоном. Жумуштан чыгып жатакана кеч келем.Кундогудой метродон тушо бергенде алдымда турган Эрмекти коруп чочуп кеттим. Мындайды эч кутпогом. Ишенген жокмун. Адаттагыдай жылмайып  & quot;Таарынчаак, мен сени издеп келдим, бул жакта эмне журосун? Бас, таарынгандар Таласка барат&quot;. .. Кучагына жыгылдым. Мен аны чындап, ал мени  менден да катуу суйоорун эми сездим. Биз созсуз бактылуу болушубуз керек. Той болду. Бирок журогум бир орунда эмес. Баары бир тенсиздик айырмаланып турду.Биздин материалдык абал менен Эрмектин аабалы асман менен жердей. Келин болуп хан сарайдай уйго келгенде абдан сурдонуп жаттым. Эрмек менен бактылуу болом. Бирок кайын энеме жакпадым. Ооба, мен ага эч качан жакпайм. Балким байдын кызы болсом жагат белем. Тен тени менен, тезек кабы менен деген соз чын экен. Не деген кемсинтуулор болду. Кандай создорду уктум. Менин адамдык касиетим, жан дуйном менен ал жакта Эрмектен башка эч ким эсептешкен жок. Алар менен менин айырмам ото эле байкалат. Бир жылда жудоп кеттим. Келинин жактырбаган кайын эненин кылыктарын айтпасам да белгилуу да. Акыркы кундору &quot;Мен качан неберлуу болом?&quot; деген суроону берет. Кызык, кудай буюрган куну да. 3 жыл болду, текшерилбеген, корнубогон доктурум, табып калган жок.Баары эле жакшы, буюрса болот дейт.Кудайдан жалбарып сурасам да болбоду. Бара-бара Эрмектин да мага болгон мамилеси озгоруп баратты. Балким анын досторунун баары балалуу болуп калганына жаман болот го.Менин бойрогумо катуу суук тийгенин билет. А тугул мен ооруканада жатканда мага кун сайын алма алып келчу. Ишенсениздер мен кыйналып кеттим. Каардуу кайы эне,шаарда оскон мага айылдын тирлиги, элдин мамилеси  ушундай оор, татаал,же алаксып иштегенге айылда жумуш жок, анан мынтип неберелуу кыла албасам...чунчуп кеттим. Апама эч нерсе айткым келбейт. Менде баары жакшы деп коем. Ансыз да апамдын азабы коп. Атам дагы эле аракеч онолнбой эле тетиринче кетип жатат. Эки синдим студенттер, инилерим мектепте. Бир куну кайын энем чай устундо &quot;Атан кандай?&quot; Буга не болду атамды сурап... &quot;Жакшы& quot; дедим. &quot;Дуконунор не болду&quot; Эч нерсе тушунгон жокмун. Корсо, атам ичип алып, апам менен урушуп дуконду орттоп салыптыр. Мага ушул эле жетпей жатты эле. Эртеси кайын энем менин болмомо кирип, менин кийимдеримди чогултуп, кетуумду сурады. Мен учун бул жанылык деле эмес. Качандыр бир кезде торобогон келинди ушинтээрин билгем да. Буга чейин кетип калсам болмок. бирок Эрмектин мага болгон суйуусу, мамилеси эле. Ал кечинде иштен келгенде аны сыга кучактап, жытынан шуу этире жыттап алсам баары унутула тушоо эле. Чемоданымды суйроп, биринчи кабатка тушуп келатып эшиктин оозунда турган Эрмекти коруп ыйлап жибердим. Ал чемоданымды жулуп алып, &quot;Апа, бул менин аялым, мен аны суйом, ал меники!& quot; деп, колумдан жетелеп жонойбу деген оюмдан айрылдым. Жарылып кетчудой аран турган мени бир тиктеп алып, мелтирей терс бурулуп кетти. Мындайды кинодон эле коргом. Босогону аттап,кочодогу алдын ала чакырылган такси менен уйго жонодум.Ажырашуу азабын ажырашкандар эле тушунот. Суйуунун азабын чындап суйгондор билет, ал эми баланын кадырын....  5 жыл кыз жигит болуп, 3 жылдык никебизди, ак суйуум, Эрмектен башка эч кимди, эч бир эркекти билбедим аны унутуп кою болбойт экен. Мейли, бактылуу болсун дегеним менен мен учун оной болгон жок. Сотто ажырашуу чечимине келип, анын дароо эле экинчи аял алганын, аны менен жарым жыл суйлошуп жургонун угуп жер жузундо ушундай маскачан адамдар бар экенин кордум. Мага болгон сегиз жылдык суйуусу 2 айда алмашаарын кутпогом. Айтмакчы, алган аялы абдан сулуу, байдын кызы экен. А мен чын эле анын жанында &quot;Серая мышка&quot; окшоймун. Жан дуйнонун азабынан кутула албай. стрессте журуп, уйдон бир жыл чыкпаптырмын. Суйуум аябай кучтуу экен. Не болсо да баары бутту! Кайрадан жаны жашоо. Иштейм, жаным калбай калгыча иштейм. Бир туугандарымды иштетем. Менде баары болот. Билимим кудайга шугур, амбициям ашып-ташат. Силердин гезиттен &quot;27 жашта балалуу болгон жакшы&quot;экенин угуп, жасалма уруктандыруу, ЭКО боюнча маалымат алуу учун Асымбекованын борборуна бардым. Менде дагы бир жолу баары жайында экенин, турмушка чыгышым керек экенин айтышты. Эки тоо корушпойт, эки адам корушот дегендей ошол мен барган оорукананын жанынан Эрмекти кордум. Баягыдай эмес. Кабагы салынкы. Кызык, журогум &quot;болк& quot; эткени эмнеси? башымды ийкеп учураштым. Ал да мени тиктеп тура берди. Кино, кино озунчо эле. Озумду аран кармадым. Баягыдай моюнуна асылгым келди. Ичим исып, эркимди аран башкарып, бурулуп кеттим.Артымда козун албай тиктеп турганын сезип жаттым.<br />   Коп отпой чет олколук фирма менен келишим туздум. Кесибим боюнча Америкага августун 25 де учам. Бир жума мурун эшиктин алдында Эрмектин машинасы турат. Мен Эрмекти сезем. Ал ичинде отурат. Буттарым озунон озу шилтенип, машинасына бардым. Ушуну эле кутуп тургандай алдымдан чыга калып мени бекем кучактап унсуз ыйлап жатты. Денесиндеги майда калтырак менин денеме отуп жатты. Анын кен далылуу кучагы негедир мурункудай жагымдуу эмес, моюнунда менин акылымдан алчу жыты жок. Туну бою машинада отурдук. Кичине кызуу экен. Анын балалуу боло албасын укканда не дээримди билбей калдым. Уруктугу кыймылсыз,жансыз экен. 1,5 жарым жылдан бери дарыланганынан корсоткуч жок.Аялы торкунуно кетип калганын айтып отурду. Таба эмес тобо кылалы.Кудай берем десе баланы жетимишке чыкканда берип коет. Не дейин... Эч айтаар созум жок машинадан тушуп кеттим. Баарын унутуп,ичимдеги сырлар менен болушуп анан жаны барактар менен жон гана бактылуу болгум келди...Мен аны кечируу учун канча убакыт кетет?  Бермет.

Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 14 Июнь 2016 - 19:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   dreamer94   14 Июнь 2016 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 357
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 19 Фев 2017 23:51
  • Калаасы:Бишкек

Автор убакыт баарын дарылайт. Аллах таалам берерин унутпагыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rozinda   14 Июнь 2016 - 19:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жаратканым сизге аялдык энелик бакытты насип этсин аминь
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   14 Июнь 2016 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Ээх, кандай болсо да, эми өз бактыңызды табыңыз.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Mediziner   14 Июнь 2016 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Турмушта эмнелер гана болбойт...
Кайын журтуңуз сизди эле күнөөлөй бербей, баласын да текшертип, зарыл болсо даарылатканга аракет кылышса, мүмкүн азыр жашооңуздар такыр башкача болмок беле..
Болоор иш болуптур, жашоо ушунусу менен токтоп калбайт эмеспи. Алдыда дагы кандай табышмактар күтүп турганы бир Жаратканга маалым. Жашоодон өз ордуңузду таап, "апа" статусун алууңузга тилектешмин. Жакшы күндөрдүн баары алдыда буйурса! Кечээги күнүңүздү сабак деп билип, бүгүнкү күнүңүздү жаңы барак менен баштаңыз. Бактылуу болуңуз!

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   arsenal.11   15 Июнь 2016 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 15 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2017 18:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ

Эх ото окунучтуу,мындан ары бактылуу болунуз,Ар бир инсан"апа" деген статуска ээ болушу кк.бир убактарда куйоонуз айыпты сизден издеген экен.эми минтип озу окунуп,айыбы озундо болуп жатат .Бул Дуйно сыноо экен.ошо сыноолорду женген инсан гана бактылуу жашайт экен.Буйруса баары жакшы болот !
Жыргалчылыкта Аллаhты эстесен,кыйынчылыкта Аллаh сени эстейт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jumka0505   15 Июнь 2016 - 02:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 17 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Авг 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты

Кор пендебизда кам сут эмген.Атанызга жиним келди аны деп балалуу болбой калса,бир жагынан турмушунуз бузулуп кыйналыпсыз. Оз айыбын сезээр бекен атаныз кыз баланы эч качан урбаш керек бактысыз болот деген кеп бар .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Stella_23   15 Июнь 2016 - 04:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 21 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Июн 2018 23:48

Тобо, бойго бутпосо да аялдар куноолуу, кокус жер титиресе да аялдар куноолуу. Эмнеге бир уй булодо бойго бутпосо эркекти да текшертпейт, же ага суук тийбейби? Тенсиздик, акыйкатсыздык ага кошо тажаал кайнененин ачуу создорун угуш керек. Сиздин мурунку жолдошунуз суйууордун саткыны болгону учун чон жаза алыптыр, тагдырдын муштумуна чыдабаган эрксиз эркектен мумкун сизди кудай куткарды. Ким билет эгер балалуу болсонор да ,таштап кетпейт деп ким кепилдик берет эле.Мен сизге бакыт каалайм. Алдыда бактылуу кундор кутуп жатат.)))

Билдирүүнү түзөткөн: Stella_23: 15 Июнь 2016 - 04:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Asema06   15 Июнь 2016 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Бакттылуу болунуз!.
Жон эле кино коргондой болдум.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   asi15   15 Июнь 2016 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 14 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2019 07:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ордолуу ОШ

Козумо жаш келди.... Бакыт каалайм.
Мени жаман көргөндөрдү, мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Angel92   15 Июнь 2016 - 15:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Кудайым берээрин унутпасын! "Умутсуз-шайтан" деп коет эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aikol87   15 Июнь 2016 - 15:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 12:23

Соз менен жеткире албайм,окуп кандай акывалда болгонуму.авторго бактылуу бол демекчимин. апанызга ден соолук омур берсин.кайраттуу аял экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aijamal_95   15 Июнь 2016 - 15:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Автор эми кийинки турмушунузда бактылуу болун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aiturgan2015   15 Июнь 2016 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 276
  • Катталган: 26 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Автор эч кайгырбаныз. Акылмандардын созу бар эмесби Кудай жакшы коргон пендесине сыноо берет деп. Анын сынары бул нерсе сиз учун сыноо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   nargis   15 Июнь 2016 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бактылуу кундор али алдыда албетте бактылуу болосун .Анткени сен ото сабырдуу адам экенсин ,сабырдын тубу сары алтын 27 жаш бул омурундун чейрек кылымы алдыда али жашоо коп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aic12   15 Июнь 2016 - 18:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 02 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 07:11

Автор эч артка кайтпаныз! Алга жана алга!Кудайым буюрса жакшы кундорунуз алдыда.Ылайым "эне" статусуна ээ болушунузга тилектешмин. Кучтуу болунуз.Ушунчасына чыдапсыз алдынкы жашоонузга кайтпаныз демекчимин. Сизди барктап алар бироо тургандыр бешененизде. Бир ишенимден кеткен адамга ишене албайм.Суйуу бардык жерде эле жардам бере албайт.
3жыл жашасаныз эмне учун жолдошунуз да текшерилип коргон эмес?Эмне учун бир анализ тапшырып кой деп айткан эмессиздер? Баарын эле аял кишиден коро беришкенине жиним келип,жаным ачышып атат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   JenaOfisera   16 Июнь 2016 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

Кун жарк деп тийсин сиздин уй булоонузго, окуп отуруп козумо жаш айланды,озум да жан дуйном антарылып турат эле,бактылуу болунуз,суйуу го ишенген биз акмак.....не существует такого термина..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   lazygirl   17 Июнь 2016 - 02:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Оордуңузга өзүмдү коюп эле кыйналып кеттим. :капамын:
Кызык, кийинки аялынан балалуу болгондо сизге келет беле? Жок. Келмек эмес.
Ажырашып эле башкага үйлөнүп алганы, сиз менен никеде туруп да , башка менен жарым жылдай сүйлөшкөнү. . :94:

Сезимдериңиз дале өчө элек болсо кечиргени аракет кылыңыз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Elinai   17 Июнь 2016 - 23:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 14:25

Кайраттуу болунуз дагы да болсо курчунуз жашоодо жакшы эле мудурулуптурсуз эми артка жол жок! Жол бир гана алдыны коздой! Бактылуу болунуз сапарыныз байсалдуу болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   FREELove   30 Январь 2019 - 02:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 30 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2020 05:57
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:England, London

Иконки сообщения 

Просмотр сообщения aikera1992 (14 Июнь 2016 - 18:57) жазган:

Бутуруу кечеси. Мындан 9 жыл мурун мектепти артыкчылык менен аяктагам. Борборубуздагы кафелердин биринде окуучулук кундор менен коштошуп, барыбыз конулдуу отурдук. Бир убакта негедир кайда барсам да менден козун албай теше тиктеген жигитти байкап калдым.&quot; Сымбаттуу жигит экен&quot; деп койдум ичимден. Негедир сырдуу коз карашынан мага озгочо сезилди. Коп отпой тааныштык. Аты Эрмек экен.Менден бир жашка уулу, Таластын бир айылынан келиптир. Студент. <br /> Чын эле озгочо адам. Кадимки жигиттерден ой-жугуртуусу башкача, токтоо, тамашакой... . Экообуздун кыз-жигит болуп жургонубузго 3 жыл болду. Козумдун кареги менен тен айланган, мен учун баарына даяр болгон Эрмекти мен да чындап суйом. Суйуу- керемет экен. Кээде таарыныша кетсек, ачуубуз ашып кетсе жарым кундо тарайт. Жетелеше Бишкектин кечтеринде далай сейилдедик. Экообуздун оюбуз,табитибиз, кыялыбыз да окшош. Ото ызы-чууну жактырбайбыз, достор менен тунку клубтарга, киного барып,кымбат кийим кийип, ашыкча акча коротконду да жактырчу эмеспиз. Биз учун Ата-Турк сейил багы менен Бишкектин кочолору эч нерсеге алмашкыс эле. Озгочо болуп, жигитимден ашыкча романтиканы талап кылуу колумдан келчу эмес. Анча-мынча белектерин да алгым келбеди. Менимче мунун себеби ото жонокой уй-булоодо тарбия алганымдан болсо керек. <br /> Жашырганда эмне, атам арактын артынан тушуп журот.Менден кичуу эки синдим, эки иним бар. Кичинемде атамдын аябай жакшы кызматта иштегенин билем.Уйдон киши узулчу эмес. Алыш-катыштар да мыкты болчу. Эн кичуу иним апамдын курсагындагы кезде 1997-жылы атамдын кызматынан айрылып калган.Мындай бурулушту которо албаган атам акыркы кундору ачуусун арактан чыгарып жатып, акыры аракеч болуп баратканын да билген жок.Бизди чыркыратып кол которот. Кээде эшикке кубалап чыгат. Бир куну апам балдар менен кечинде мончого кеткен, атам мас абалында мени катуу чаап салган окшойт. Кышында эшикте эсим ооп жаткан жеримден кошунам тез жардам чакырыптыр. Эки бойрогумо катуу суук тийиптир, заара ушата албай, кан сийип... аябай кыйналдым.Дарыгердин апама &quot;кылдаттык менен дарылабаса, кийин торобой калышы мумкун&quot; дегенин уктум. Апам атама эмнелерди гана кылбады. Айтты, тушундурду, таарынды, ыйлады, алдады, дарылатты... . Майнап чыкпайт. Эртен менен уйдон эки аяктап чыгат да, кечкисин торт аяктап келет. Кылган иши жок, тапкан акчасы жок, кечинде кайдан ичип келээрин апам экообуз тушунбой журдук. Же, бир куну аркасынан андып корсокпу? Жаш балдары менен апама туугандар башында каралашып жургону менен акыркы жылдары озулорунун тирлиги менен кетишти. Беш баланы кайда, таштап, кайда бармак эле. Апам тигуу цехинде иштеп бизди багып журду. Кээде апама жардам берип мен да тункусун иштейм. Адаттагыдай тункусун уйдун жанындагы цехте апам экообуз иштеп жатканбыз. Бир убакта кызыл шапкечен милициялар келип апамды алып кетишти. Корсо, атам ар кимдин уйуно уурулук кылып журуптур. Соттун чечими менен атам 5 жылга темир тор артына кетти.Канча сыздаганыбыз менен 5 жыл бат эле отуп кетет. Балким эсине келип кайтаар деп озубузду жоошуткан бойдон кала бердик.Ошол жылы мен мектепти аяктадым. Озум каалаган кесипке кудай жалгап мамлекеттик тестирлоонун жыйынтыгы менен бекер окууга оттум. Апамдын суйунгонун айтпа. Мен андан ыйлап алгам.Кундузу окуп, тундосу иштеп апама тирооч болуп, жашообуз бир топ тынып калды.Окуум менен чет олколорго барып, акча таап,туугандардын жардамы менен апам экообуз кенешип уйубуздун жанына кичинекей дукон ачып алдык. Бобокторумдун анча-мынча кем карчысын дукон жаап турчу. Буюрса, диплом алсам иштеп апама жардамым мындан да кобуроок тиет дейчумун. <br />Эрмек мындай кыйын учурда мени тушунду, моралдык да, материалдык да жардамын аячу эмес. Ал ЖОЖду аяктап жатканда менин колумду сурады. Мен учун кутулбостук болду. Мен аны канча жактырсам да, олуттуу турмушту ойлобоптурмун. Оюмдун баары бир туугандарым, апама кам коруп,аларды бутунан тургузуу эле. Мен кетип калсам апам кантет? Албетте каршы болдум. Эрмек ата-энесинин эки эжесинен кийин жалгыз баласы болчу.Айылдагы ата-энесинин колунда калаары бышык.А мен апамды кантип таштап кетем? Мына сага! Эрмек башкага уйлоном деп кетип калды. Ичимдин ачышканын сурабагыла. 5 жыл чогуу журуптурбуз. Бул оной эмес экен. Мен аны суйом. ошондогу ичимдин орттонгонун сиздерге соз менен жеткире албасам керек. Аз отпой атам бошотулуп чыгып келди. Мурункудан озгорулгондой. Кантсек атабыз да. Аябай кубандык, сагыныптырбыз. Бир куну апам мени турмушка чыгуум керек экенин, атам экоо эптеп жашоону улантаарын, дуконубузду чонойтуп, кирешелуу кылабыз деп соз беришти. Коп отпой Эрмек озу келди. Баягыдай эле. Таарынып кеткенин унутуп калса керек.&quot; Мен макулмун& quot; деген созду угуп, тобосу кокко жетти, анын мынчалык кубанаарын элестетпептирмин. Бул учурда менден откон бактылуу адам жок болсо керек э? Мени шаарга таштап, озу айылга ата-энесине айтканга кетти. Бирок бир кун отту, эки кун... бир жума кабар жок. Телефон чалбайт, чалсам албайт. Акыры анын апасы мени жактырбай жатканын уктум. Мени, менин уй-булоомду, атамды &quot;аракеч& quot;, &quot;зек& quot; дегенин угуп жаман болдум. Билгеним Эрмек Таластагы эн бай адамдарын биринин баласы экенин уктум.Таарындым, ызаландым. Бирок буга ким куноолуу? ооба, атам убагында ичкен, жанылган. Бирок мен атамды эбак эле кечирип койгом.Тоскоолдуктар коп болду. Мен чет олкого иштеп кетип калдым. Кээде мегаполисти аралай басып, коп ойлоном. Жумуштан чыгып жатакана кеч келем.Кундогудой метродон тушо бергенде алдымда турган Эрмекти коруп чочуп кеттим. Мындайды эч кутпогом. Ишенген жокмун. Адаттагыдай жылмайып &quot;Таарынчаак, мен сени издеп келдим, бул жакта эмне журосун? Бас, таарынгандар Таласка барат&quot;. .. Кучагына жыгылдым. Мен аны чындап, ал мени менден да катуу суйоорун эми сездим. Биз созсуз бактылуу болушубуз керек. Той болду. Бирок журогум бир орунда эмес. Баары бир тенсиздик айырмаланып турду.Биздин материалдык абал менен Эрмектин аабалы асман менен жердей. Келин болуп хан сарайдай уйго келгенде абдан сурдонуп жаттым. Эрмек менен бактылуу болом. Бирок кайын энеме жакпадым. Ооба, мен ага эч качан жакпайм. Балким байдын кызы болсом жагат белем. Тен тени менен, тезек кабы менен деген соз чын экен. Не деген кемсинтуулор болду. Кандай создорду уктум. Менин адамдык касиетим, жан дуйном менен ал жакта Эрмектен башка эч ким эсептешкен жок. Алар менен менин айырмам ото эле байкалат. Бир жылда жудоп кеттим. Келинин жактырбаган кайын эненин кылыктарын айтпасам да белгилуу да. Акыркы кундору &quot;Мен качан неберлуу болом?&quot; деген суроону берет. Кызык, кудай буюрган куну да. 3 жыл болду, текшерилбеген, корнубогон доктурум, табып калган жок.Баары эле жакшы, буюрса болот дейт.Кудайдан жалбарып сурасам да болбоду. Бара-бара Эрмектин да мага болгон мамилеси озгоруп баратты. Балким анын досторунун баары балалуу болуп калганына жаман болот го.Менин бойрогумо катуу суук тийгенин билет. А тугул мен ооруканада жатканда мага кун сайын алма алып келчу. Ишенсениздер мен кыйналып кеттим. Каардуу кайы эне,шаарда оскон мага айылдын тирлиги, элдин мамилеси ушундай оор, татаал,же алаксып иштегенге айылда жумуш жок, анан мынтип неберелуу кыла албасам...чунчуп кеттим. Апама эч нерсе айткым келбейт. Менде баары жакшы деп коем. Ансыз да апамдын азабы коп. Атам дагы эле аракеч онолнбой эле тетиринче кетип жатат. Эки синдим студенттер, инилерим мектепте. Бир куну кайын энем чай устундо &quot;Атан кандай?&quot; Буга не болду атамды сурап... &quot;Жакшы& quot; дедим. &quot;Дуконунор не болду&quot; Эч нерсе тушунгон жокмун. Корсо, атам ичип алып, апам менен урушуп дуконду орттоп салыптыр. Мага ушул эле жетпей жатты эле. Эртеси кайын энем менин болмомо кирип, менин кийимдеримди чогултуп, кетуумду сурады. Мен учун бул жанылык деле эмес. Качандыр бир кезде торобогон келинди ушинтээрин билгем да. Буга чейин кетип калсам болмок. бирок Эрмектин мага болгон суйуусу, мамилеси эле. Ал кечинде иштен келгенде аны сыга кучактап, жытынан шуу этире жыттап алсам баары унутула тушоо эле. Чемоданымды суйроп, биринчи кабатка тушуп келатып эшиктин оозунда турган Эрмекти коруп ыйлап жибердим. Ал чемоданымды жулуп алып, &quot;Апа, бул менин аялым, мен аны суйом, ал меники!& quot; деп, колумдан жетелеп жонойбу деген оюмдан айрылдым. Жарылып кетчудой аран турган мени бир тиктеп алып, мелтирей терс бурулуп кетти. Мындайды кинодон эле коргом. Босогону аттап,кочодогу алдын ала чакырылган такси менен уйго жонодум.Ажырашуу азабын ажырашкандар эле тушунот. Суйуунун азабын чындап суйгондор билет, ал эми баланын кадырын.... 5 жыл кыз жигит болуп, 3 жылдык никебизди, ак суйуум, Эрмектен башка эч кимди, эч бир эркекти билбедим аны унутуп кою болбойт экен. Мейли, бактылуу болсун дегеним менен мен учун оной болгон жок. Сотто ажырашуу чечимине келип, анын дароо эле экинчи аял алганын, аны менен жарым жыл суйлошуп жургонун угуп жер жузундо ушундай маскачан адамдар бар экенин кордум. Мага болгон сегиз жылдык суйуусу 2 айда алмашаарын кутпогом. Айтмакчы, алган аялы абдан сулуу, байдын кызы экен. А мен чын эле анын жанында &quot;Серая мышка&quot; окшоймун. Жан дуйнонун азабынан кутула албай. стрессте журуп, уйдон бир жыл чыкпаптырмын. Суйуум аябай кучтуу экен. Не болсо да баары бутту! Кайрадан жаны жашоо. Иштейм, жаным калбай калгыча иштейм. Бир туугандарымды иштетем. Менде баары болот. Билимим кудайга шугур, амбициям ашып-ташат. Силердин гезиттен &quot;27 жашта балалуу болгон жакшы&quot;экенин угуп, жасалма уруктандыруу, ЭКО боюнча маалымат алуу учун Асымбекованын борборуна бардым. Менде дагы бир жолу баары жайында экенин, турмушка чыгышым керек экенин айтышты. Эки тоо корушпойт, эки адам корушот дегендей ошол мен барган оорукананын жанынан Эрмекти кордум. Баягыдай эмес. Кабагы салынкы. Кызык, журогум &quot;болк& quot; эткени эмнеси? башымды ийкеп учураштым. Ал да мени тиктеп тура берди. Кино, кино озунчо эле. Озумду аран кармадым. Баягыдай моюнуна асылгым келди. Ичим исып, эркимди аран башкарып, бурулуп кеттим.Артымда козун албай тиктеп турганын сезип жаттым.<br /> Коп отпой чет олколук фирма менен келишим туздум. Кесибим боюнча Америкага августун 25 де учам. Бир жума мурун эшиктин алдында Эрмектин машинасы турат. Мен Эрмекти сезем. Ал ичинде отурат. Буттарым озунон озу шилтенип, машинасына бардым. Ушуну эле кутуп тургандай алдымдан чыга калып мени бекем кучактап унсуз ыйлап жатты. Денесиндеги майда калтырак менин денеме отуп жатты. Анын кен далылуу кучагы негедир мурункудай жагымдуу эмес, моюнунда менин акылымдан алчу жыты жок. Туну бою машинада отурдук. Кичине кызуу экен. Анын балалуу боло албасын укканда не дээримди билбей калдым. Уруктугу кыймылсыз,жансыз экен. 1,5 жарым жылдан бери дарыланганынан корсоткуч жок.Аялы торкунуно кетип калганын айтып отурду. Таба эмес тобо кылалы.Кудай берем десе баланы жетимишке чыкканда берип коет. Не дейин... Эч айтаар созум жок машинадан тушуп кеттим. Баарын унутуп,ичимдеги сырлар менен болушуп анан жаны барактар менен жон гана бактылуу болгум келди...Мен аны кечируу учун канча убакыт кетет? Бермет.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 21:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: