САК БОЛГУН!
Кет Бука - ХIII кылым
Көгүштоону кыян жууп,
Көркбузулат,
сак болгун.
Көсөмдөрүэлди алдап,
Көчбузулат,
сак болгун.
Өзөгүнөөрт таштап,
Өзбузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөнажырап,
Сөзбузулат,
сак болгун.
Салкынтоону кыян жууп,
Салтбузулат,
сак болгун.
Намыстүгөп,
ар түгөп,
Наркбузулат,
сак болгун.
Кара тиликалп минип,
Картбузулат,
сак болгун.
Кызылтоону кыян жууп,
Кырманкачат,
сак болгун.
Кызуланың дүйнө кууп,
Кырданкачат,
сак болгун.
Кырды-туздужат элге,
Кыйганкачат сак болгун.
Кылгылыктыкыргызга,
Кылганкачат,
сак болгун.
Тулпартоону кыян жууп,
Тулболосуң,
сак болгун.
Кудагыйсыз,
кудасыз,
Күнболосуң,
сак болгун.
Кубаткүчүн соодалап,
Пул болосуң,сак болгун.
Кудуретүүэлдерге,
Кулболосуң,
сак болгун.
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#122 30 May 2016 - 05:43
ЖАШТАРДАН ӨРНӨКТҮҮ АМАЛ
Баткен облусунунКадамжай районундагы Бабажан Айтматов атындагы мектепти 10 жылдык бүтүрүүчүлөрүөздөрүнүн он жылдыгына жана каза болгон классташынын арбагын урматтоо иретиндекичи футбол аянтчасын оңдоп-түзөп беришти.

#123 31 May 2016 - 04:27
#126 12 June 2016 - 17:35
КАБАРДЫ ТЕРИШТИРҮҮ
Урматтуу биздин окурмандар, 10 күндүк тыныгуубуз үчүнкечирим суроо менен бирге,азыркы учурда социалдык желелерде түрдүү талашмаселелер көбөйгөнүнө байланыштуу эскертүү берүүнү туура көрүп турабыз!
Азыркы коомдо,дегеле кайсыл гана учурда болбосун ар бирсөзгө билдирүүгө эле ишене берген болбойт.Ар бир сөздү так жана туура экенинтастыктаган соң гана,аны таркатууга бел байлаңыз.Такталбаган маалыматтардыжайып, фитна(бузукулук) баштагандардан болуп калбаңыз!
Илгертен ата-бабабыз: “Айтылган сөздүн кулусун,айтылаэлек сөздүн акими болосун” ,-деп бекеринен айтпаса керек.
“Сүйлөсөңөр жакшы сөз сүйлөгүлө,болбосо унчукпагыла”деген пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) осуятын эске тутупжүрүүнү эскертип кетмекчибиз.
“О,ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бирбузуку(күнөөкөр) адам (кандайдыр) бир кабар алып келсе,наадандык менен(алжамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайманболуп калбашыңар үчүн жакшылап(чын- төгүнүн) териштиргиле” (Хужурат,6аят)

#127 12 June 2016 - 17:39
КҮМӨНДҮҮ ТАМАК
Абу Абдулла ан-Ну’ман ибн Баширдин (алэкөөнөн тең Аллаh ыраазы болсун) айтымында, Аллаhтын Элчисинин(салляллаху‘алейхи уа саллям) айтканын уктум:
«Чындыгында, адал (уруксат этилгеништер) белгилүү, арам (Аллаh тарабынан тыюу салынган) иштер да белгилүү,ортосундаар ким эле биле бербеген күмөндүү иштер бар. Өз динин(ыйманын) жана ар-насымынсактайм деген кимселер бул күмөндүү иштерден оолак болушат» (аль-Бухари жанаМуслим)
Тамактын да арамын таштап,адалынакачыңыз, ал эми күмөндүү тамактардан оолак болуңуз.Бала- чакаңызга эмне берипжатканыңызга көңүл буруңуз.Анткени адам баласы эмне жесе,ошол нерседен турат.
Адал тамак-адал нерсеге жетелейт,мисалыибадатка.
Арам тамак болсо,Жараткан арам кылгаништерге алып барат.
Ал эми күмөн тамак-күмөн иштерге түртөт.
Чыныгы мусулман күмөндөн оолак болот!

#128 12 June 2016 - 17:40
СОГУШ АЧТЫМ НАПСИМЕ
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Сууга окшоймун ичилген сыр кеседен.
Күндөн-күнгө азайып соолуп барам,
Кутулбаймын качсам да неге сенден.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Тилиң болсо мен сени тилдейт элем.
Тамырымда кутуруп чаң саласың,
Күнөө үчүн төрөгөндөй сенин энең.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Жаман ишке келгениңде кулач кенен.
Арамды да кооз көрүнтүп азгырасың,
Алсыз болуп ээрчип кетет арсыз денем.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Диним жапкан эшикти ачасың сен.
Өмүр бою бал берип көздү байлап,
Мен өлгөндө дыркырап качасың сен.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Сен коркоксуң билемин жанын жеген.
Жаратканга сыйынып намаз окуп,
Шайтанды да, сени да далай жеңем!!!
Автор:ЖибекАкматбекова
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Сууга окшоймун ичилген сыр кеседен.
Күндөн-күнгө азайып соолуп барам,
Кутулбаймын качсам да неге сенден.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Тилиң болсо мен сени тилдейт элем.
Тамырымда кутуруп чаң саласың,
Күнөө үчүн төрөгөндөй сенин энең.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Жаман ишке келгениңде кулач кенен.
Арамды да кооз көрүнтүп азгырасың,
Алсыз болуп ээрчип кетет арсыз денем.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Диним жапкан эшикти ачасың сен.
Өмүр бою бал берип көздү байлап,
Мен өлгөндө дыркырап качасың сен.
Өзүңайтчы "куу напси"- кимге ишенем?
Сен коркоксуң билемин жанын жеген.
Жаратканга сыйынып намаз окуп,
Шайтанды да, сени да далай жеңем!!!
Автор:ЖибекАкматбекова
#129 12 June 2016 - 17:42
РАМАЗАН-
2016: ДАРЫГЕРЛЕР ЖЕҢИЛ ТАМАК МЕНЕН ЧАЙКАНЫПТУРУУНУ СУНУШТАШАТ
Ыйык Рамазан айында орозо тутуучулар үчүн дарыгерлерден бир топ кеңештер.Булжөнөкөй эрежелерди эске алуу менен орозо туткан адамдар жайдын ысык аптабындаачка жүрсө да,өздөрүнүн ден соолугун сактай алышат.
ДАРЫГЕРЛЕР БУЛ НЕРСЕЛЕРДЕН САКТАНУУНУ ЭСКЕРТИШЕТ:
-Күндүн шоолалары түз тийген жерлерде баш кийимсиз жүрүү.Бул эркектерге датиешелүү нерсе.
-Өтө калың, денени кыскан жана синтетикалуу кийимдерди кийүү.
-Кофе жана өтө коюу демделген чай ичүү-бул суусундуктар чаңкоону күчөтөт.
-Өтө ачуу жана туздуу тамактарга басым коюу-булар да чаңкоону күчөтөт.
-Рафиндештирлег азыктарды болушунча азыраак жеп-ичүү,мисалы кум шекер,жогоркусорттогу ун жана кондитердик азыктары.
ДАРЫГЕРЛЕРДИН СУНУШУ:
-Денени кыспаган жана кыймыл-аракетиңизге тоскоолдукжаратпаган, табигый материалдардан тигилген кийимдерди кийүү.
-Муздак сууга 2-3 жолу чайканып туруу(душка түшүү).
-Тамактанууну алгач 1-2 стакан таза суу ичүү мененбаштоо. Тамак жеп бүткөн соң да таза суу же өтө коюу демделбеген көк чай ичүү .
-Газдалган суусундуктарды ичпөө.Мындай суусундуктарашказанга жел тургузуусу анык.
-Жөнөкөй жана жеңил тамактануу, оор сиңирилген тамактарданоолак болуу.Сиздин күнүмдүк рационуңузда сөзсүз жашылчалар, даназыктары, белоктор,сүт азыктары,сыр жана жаңгак болуусу тийиш.
-Кечки ооз ачардан кийин сөзсүз эң кеминде 500-1000 мбасуу.Жакынкы мечитке таравихке басып барып келүүңүз жетиштүү болот.
-Жатаарда тамактын ордуна суусундукту көбүрөөк ичүү.
-Өтө майлуу тамактардан этият болуу,анткени ашказанда зарнапайда кылуусу ыктымал.
-Суусундуктардын көпчүлүк бөлүгү ифтар менен уйкугачейинки убакыт аралыгында ичилүүсү зарыл.Саарлыкта сууну орто ченемде эле ичүүжетиштүү болот
Которуп даярдаган,Нуриет Абдулазиз

#130 12 June 2016 - 18:26
КЕЛИНДЕРГЕ БИР НАСААТ
Койнуңдагы күйөө болгон эркектин,
Ким экенин көп учурда билбейбиз.
Апасы жок, жерден казып алгандай,
Төрөп баккан апакесин тилдейбиз...
Кулактарга телефондор жабышып,
Төркүндөргө турабыз го чалышып.
Кайын журттан чалса дагы өздөрү,
Жек көрөбүз жеп ийчүдөй карышып.
Төркүн келсе кенен ачып кулачты,
Жайнатабыз катып жаткан тамакты.
Күйөө жактан келип калса туугандар,
Чок түшкөндөй бырыш басат кабакты...
Баса калып таап келгенин эриңдин,
Биз аялдар баскынчыга окшойбуз.
Күйөө берген кайын журтту баалабай,
Төркүндөрдү күндө эсептеп жоктойбуз.
Атаңдай көр кайнатаңды "атам" деп,
Апаңдай көр кайненеңди "апам" деп.
Күлүп турсаң кайын журттун кашында,
Сени ээрчибейт уу чыланган жаман кеп.
Бирдей көрүп эки журтту сыйлагын,
Экөөнө тең бирдей кадыр жыйнагын.
Бир нан алсаң тең экиге бөлүп бер,
Тең бөлбөсөң кадырыңды кыйганың.
Келин десе чоочун койдой маарабай,
Жакшы болор өз кызындай болгонуң.
Жер каратпай тирек болуп күйөөңө,
Душман болбой кыялыңды оңдогун!
Эртең эле жылдар жылып айланып,
Келин күтүп отурарсың жайланып.
Ошол кезде тилдеп турса келиниң,
Сен ыйларсың кайненеңден айланып...
Автор:ЖибекАкматбекова
Койнуңдагы күйөө болгон эркектин,
Ким экенин көп учурда билбейбиз.
Апасы жок, жерден казып алгандай,
Төрөп баккан апакесин тилдейбиз...
Кулактарга телефондор жабышып,
Төркүндөргө турабыз го чалышып.
Кайын журттан чалса дагы өздөрү,
Жек көрөбүз жеп ийчүдөй карышып.
Төркүн келсе кенен ачып кулачты,
Жайнатабыз катып жаткан тамакты.
Күйөө жактан келип калса туугандар,
Чок түшкөндөй бырыш басат кабакты...
Баса калып таап келгенин эриңдин,
Биз аялдар баскынчыга окшойбуз.
Күйөө берген кайын журтту баалабай,
Төркүндөрдү күндө эсептеп жоктойбуз.
Атаңдай көр кайнатаңды "атам" деп,
Апаңдай көр кайненеңди "апам" деп.
Күлүп турсаң кайын журттун кашында,
Сени ээрчибейт уу чыланган жаман кеп.
Бирдей көрүп эки журтту сыйлагын,
Экөөнө тең бирдей кадыр жыйнагын.
Бир нан алсаң тең экиге бөлүп бер,
Тең бөлбөсөң кадырыңды кыйганың.
Келин десе чоочун койдой маарабай,
Жакшы болор өз кызындай болгонуң.
Жер каратпай тирек болуп күйөөңө,
Душман болбой кыялыңды оңдогун!
Эртең эле жылдар жылып айланып,
Келин күтүп отурарсың жайланып.
Ошол кезде тилдеп турса келиниң,
Сен ыйларсың кайненеңден айланып...
Автор:ЖибекАкматбекова
#131 13 June 2016 - 09:33
КУРМАНЫН БИЗ БИЛБЕГЕН СЫРЛАРЫ
Көпчүлүк илимпоздордунпикири боюнча курма- тамактануу үчүн эң ыңгайлуу азык. Изилдөөл өргөылайык курма өз курамында көптө гөнпайдалуу заттарга бай ,ошол эле убакта бир гана суу жана курма менен ганатамактанып жатып,бир топ жыл жашаса болоору да аныкталган.
Чындыгында курма бир топ пайдалуу жактары менен башка азыктардарайырмаланып турат. Курма жеген адам чарчоодон жана ашыкча алсыроодон, азкандуулуктан жана кан басымынын көтөрүлүшүн өн,беттеги нервтин параличи жана кургак учуктан,кантамыр оорулары жана башка оорулардан арыла алат.Мындан сырткары ар дайым курмажеп журүү-жө төлду да токтотот,анткени анынкурамындагы заттар адамдын өпкөсүнд өгү какырыктын жумшарышын жана ден соолуктубекемделүүсүн камсыздай алат.
Өз курамында фторго бай болгон курма тиштин кариесин да алдын алат.
Өзгөч ө курма кош бойлуу жана балаэмизген аялдарга өтө пайдалуу.Т өрөтт өнмурун курма жеген аялдын көз жаруусу бир топ жеңилдеп,сүттүн көбөйүүсүн дакамсыздайт.
Ар дайым курма жеп жүргөн кишинин иммунитети бекемделип, жүрөк,боор жанабөйрөктүн иштөөсүн бир калыпка салып,организмдеги кислотанын тең салмактуулугунорундайт. Ошол эле учурда рак ооруларын жана рак шишиктерин алдын алат.
Кытай өлкөсүндө көп жашаган адамдардын көпчүлүгү өз рационунда көбүнчөкурма жегендиги аныкталды.
Жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда курманы чайнап берсеңиз,оорунубасаңдатып- жеңилдетет.
Өз курамында А витаминине бай болгон курма адамдын көрүүсүн да күчөтөт.
Ошол эле учурда курма жеп жүргөн эркектердин уруктугунун сапаты жогорулайт.
Күнүнө 10 даана курма жеген адам күнүмдүк жездин,темирдин жана магнийдинүлүшүн ала алат.
“Курма” деген сөз Ыйык Куранда 20 жолу зикир кылынган жана да пайгамбарыбыз(агаАллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистерде курманын пайдалуу жактарынайтып кеткен.
Рамазан айында оозду курма жана суу менен ачуу да –сүннөт амалдардын бири.
Бир сүннөттү тирилтүү менен бирге,өз ден соолугубузга кам көрөлү,урматуумусулман бир туугандар!
Даярдаган, Нуриет Абдулазиз

#133 14 June 2016 - 13:21
ОЙГОН ЭЛИМ!
Сакалы жок, "дүжүр" болуп нарктуу чалдар,
Азайгандай акыл берчү асыл жандар.
Көрүнбөгөн көк түс каптап кыргызымды,
Көбөйүштү көзүн сүзгөн көгүш балдар!
Арбир уулу арстан болчу кыргыз жерден,
Ат үстүндө жоодон коргоп жанын берген.
Кайда калды кабыландай жигиттерим,
Катын сындуу "голубойлор" кайдан келген?
Жөргөмүштөйжеле чоюп көпкөк тордон,
Кызтекелер көбөйүштү бузук жолдон.
Катуу айтсам кечирип кой замандашым,
Эркек чыкты эркектин "жанын" соргон!
Намыстаргатемир тикен сайылып,
Батыш күүсү Ала-Тоомо жайылды.
Жүрө берсек "саясатчы бака" болуп,
Бир "голубой" бузуп коет бир айылды.
Эрэңишип, ат ойноткон балбан кыргыз,
Көкбөрүнү жыра тартып салган кыргыз.
Бука моюн, буура сандуу, кең далылуу,
Баатыр болгон эзелтеден ар бир кыргыз!! !
Динда тыйып, салтыбызда уят болгон,
Бул жоосунду тизгиндейли Ала-Тоодон.
Уул балдарга киргизели Манас рухун,
Ойгон элим! Уктабастан азыр ОЙГОН!
Автор:Жибек Акматбекова

#135 16 June 2016 - 04:02
КУРАНГА КӨҢҮЛ БУРАЛЫ!!
!
Кулакка салып "үн бергич",
Дүлөй сындуу укпайбыз.
Окубай КУНУТ дубасын,
"Торгоюм" деп уктайбыз.
Гүлжигит, Нурлан, Мирбек деп,
Ырларын жатып угабыз.
Чакырса АЗАН намазга,
Тетири карап турабыз.
Өлгөнгө гана окуйт деп,
Өлүктүн кылдык куралы.
Түз жолго салган нур дүйнө,
Исламдын ыйык КУРАНЫ!
Окусак ар бир тамгасын,
Миңдеген сооптор жазылат.
Жолотпой алтын китепке,
Шайтандар ырга чакырат.
Шайтандап бийлеп тайраңдап,
Жүрөбүз күндө майрамдап.
Жан дилден жаттап ырларды,
Ырдайбыз шаңдуу сайрандап.
Убакыт келип калганда,
Азрейил жанды алганда.
Бир сөзүн билбей Курандын,
Калабыз ыйлап арманда.
Калканың болбой ырларың,
Ачылат далай сырларың.
Көрлөрдө боздоп жатаарбыз,
Азаптын ашып кырларын.
Бейиштин жакут тумары,
Исламдын жарык Кураны.
Кааласак жаннат гүлзарын,
КУРАНГА көңүл буралы!! !
Автор:Жибек Акматбекова
Кулакка салып "үн бергич",
Дүлөй сындуу укпайбыз.
Окубай КУНУТ дубасын,
"Торгоюм" деп уктайбыз.
Гүлжигит, Нурлан, Мирбек деп,
Ырларын жатып угабыз.
Чакырса АЗАН намазга,
Тетири карап турабыз.
Өлгөнгө гана окуйт деп,
Өлүктүн кылдык куралы.
Түз жолго салган нур дүйнө,
Исламдын ыйык КУРАНЫ!
Окусак ар бир тамгасын,
Миңдеген сооптор жазылат.
Жолотпой алтын китепке,
Шайтандар ырга чакырат.
Шайтандап бийлеп тайраңдап,
Жүрөбүз күндө майрамдап.
Жан дилден жаттап ырларды,
Ырдайбыз шаңдуу сайрандап.
Убакыт келип калганда,
Азрейил жанды алганда.
Бир сөзүн билбей Курандын,
Калабыз ыйлап арманда.
Калканың болбой ырларың,
Ачылат далай сырларың.
Көрлөрдө боздоп жатаарбыз,
Азаптын ашып кырларын.
Бейиштин жакут тумары,
Исламдын жарык Кураны.
Кааласак жаннат гүлзарын,
КУРАНГА көңүл буралы!! !
Автор:Жибек Акматбекова
#137 17 June 2016 - 03:41
КЕЛ ТУУГАНЫМ БАГЫМДАТКА ТУРАЛЫ!!
!
Напсименен курдаш болуп кубанып,
Текке кеткен күндөр барат уланып.
Намаз окуп сажда кылбай жүрөбүз,
Аллах үчүн таппай калдык убакыт.
Орун алып үй салгандай бейиштен,
Намаз окуп үлгүрөм деп жүрөбүз.
Кепилдик жок таң шооласын көрүүгө,
Кайсы арыма ойноп-жыргап күлөбүз.
Беш парыздын бири калдыжабылып,
Беш маал намаз күтөт бизди сагынып.
Дос сыяктуу коргоп турган намаз жок,
Калбайлычы от- жалынга кабылып.
Ниет кылдым мен да жоолуксалынам,
Намаз окуп Жаратканга жалынам.
Эң бактылуу үммөт болсом мен дагы,
Пайгамбарды көрөм бейиш багынан!! !
Кел тууганым Багымдаткатуралы,
Ниет кылып Меккеге жүз буралы.
Беш парыздын түркүктөрүн тургузуп,
Бейиш бакка сарайларды куралы!
Автор:ЖибекАкматбекова
Напсименен курдаш болуп кубанып,
Текке кеткен күндөр барат уланып.
Намаз окуп сажда кылбай жүрөбүз,
Аллах үчүн таппай калдык убакыт.
Орун алып үй салгандай бейиштен,
Намаз окуп үлгүрөм деп жүрөбүз.
Кепилдик жок таң шооласын көрүүгө,
Кайсы арыма ойноп-жыргап күлөбүз.
Беш парыздын бири калдыжабылып,
Беш маал намаз күтөт бизди сагынып.
Дос сыяктуу коргоп турган намаз жок,
Калбайлычы от- жалынга кабылып.
Ниет кылдым мен да жоолуксалынам,
Намаз окуп Жаратканга жалынам.
Эң бактылуу үммөт болсом мен дагы,
Пайгамбарды көрөм бейиш багынан!! !
Кел тууганым Багымдаткатуралы,
Ниет кылып Меккеге жүз буралы.
Беш парыздын түркүктөрүн тургузуп,
Бейиш бакка сарайларды куралы!
Автор:ЖибекАкматбекова
#138 17 June 2016 - 04:32
ИЙГИЛИК СЫРЫ
Жумуртка сырткы күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-ӨМҮР токтойт экен,бирок ошол эле жумуртка ички күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-анда жаңы ӨМҮР жаралат.
Дал ошондой эле,бул жашоодо кээде биз артык кылабыз деп тыртык кылып алган учурлар көп кездешет.Нечен деген залкарлар кыйынчылыкты көргөндүгү үчүн,чыңалып, бийик даражага жетишкен.Эгер биз жардам бере берсек,кээ бир адамдардын ички потенциалын бууп койгонго барабар болуп калат.
Балдарыбыз өз турмуш жолунда бир топ жолу жыгылат,дал ошол мезгилде жардам колуңузду эле суна бербей,сунуш же кеңеш "колуңузду" да сунуп үйрөнүңүз. Балык жегенди эмес,балык кармаганды үйрөткүлө деп бекеринен айтпаса керек.
Даанышман элибиздин: "Мусапыр болмоюн-мусулман боло албайсың" ,-деп айтканына назар салсак,демек ар бир инсан чыныгы момундукка жетиши үчүн-кыйынчылык тепкичтеринен өтүүсү лазым. Бул деген жардам бербей коюу дегендик эмес,а балким ошол жардамды да акыл менен берүү! Анткени кээ бир учурларда аракетсиздик- кээ бир аракетке караганда жакшыраак!
Нуриет Абдулазиз

#140 18 June 2016 - 03:53
КЕЛГИЛЕЧИ ТАЛКАЛАЙЛЫ АРАКТЫ
Жармаштырып адаттажок ооруну,
Арак десе азапка да чыдайбыз.
Бирөө тоюн ичимдиксиз өткөрсө,
"Жүз грамм аяп өлдү го" деп сынайбыз.
Колубузга арак кармап жалбарып,
Уул-кыздарга бакыт тилеп жыргайбыз.
Ыйман качып балдар кетсе терс жолго,
Кудайды эстеп доомат коюп ыйлайбыз.
Эки жашты шылтоо кылып сайрандап,
Көздөрдү ачпай тайралаңдап сулайбыз.
Аң-сезимди уу тамакка алдырып,
Тегиз жерден түз баса албай кулайбыз.
Конок күтсөк издеп жакшы арагын,
Баалабайбыз бал татыса сорпобуз.
Адал жерге арам сууну бий кылып,
Кудай эмес кудагыйдан коркобуз...
Төрөлсөң да, өлсөң дагы коштогон,
Кооз көрүнтүп күнөө иштен тоспогон,
Суусу тунук, дили бузук бул шүмшүк,
Элди кырган атом бомба окшогон...
Качан кыргыз арак ичип жүрчү эле?
Мастыгынан качан жыргап күлчү эле.
Маймыл болуп, арстан болуп, тоок болуп,
Качан кыргыз айбандыкты сүйчү эле?
Качан кыргыз сабачу эле энесин,
Качан кыргыз сөкчү эле жетесин.
Орустардан алып маңкурт өнөрдү,
Мас болушуп кадап турат жебесин!
Ала-Тоого алып келген азапты,
Азезил суу балдарды да тажатты,
Жүрөктөрдө ыйман нурун курчутуп,
Келгилечи талкалайлы аракты!! !
Автор:Жибек Акматбекова
Жармаштырып адаттажок ооруну,
Арак десе азапка да чыдайбыз.
Бирөө тоюн ичимдиксиз өткөрсө,
"Жүз грамм аяп өлдү го" деп сынайбыз.
Колубузга арак кармап жалбарып,
Уул-кыздарга бакыт тилеп жыргайбыз.
Ыйман качып балдар кетсе терс жолго,
Кудайды эстеп доомат коюп ыйлайбыз.
Эки жашты шылтоо кылып сайрандап,
Көздөрдү ачпай тайралаңдап сулайбыз.
Аң-сезимди уу тамакка алдырып,
Тегиз жерден түз баса албай кулайбыз.
Конок күтсөк издеп жакшы арагын,
Баалабайбыз бал татыса сорпобуз.
Адал жерге арам сууну бий кылып,
Кудай эмес кудагыйдан коркобуз...
Төрөлсөң да, өлсөң дагы коштогон,
Кооз көрүнтүп күнөө иштен тоспогон,
Суусу тунук, дили бузук бул шүмшүк,
Элди кырган атом бомба окшогон...
Качан кыргыз арак ичип жүрчү эле?
Мастыгынан качан жыргап күлчү эле.
Маймыл болуп, арстан болуп, тоок болуп,
Качан кыргыз айбандыкты сүйчү эле?
Качан кыргыз сабачу эле энесин,
Качан кыргыз сөкчү эле жетесин.
Орустардан алып маңкурт өнөрдү,
Мас болушуп кадап турат жебесин!
Ала-Тоого алып келген азапты,
Азезил суу балдарды да тажатты,
Жүрөктөрдө ыйман нурун курчутуп,
Келгилечи талкалайлы аракты!! !
Автор:Жибек Акматбекова

Супер-Инфо
super.kg
видео