САБЫРДЫН ТҮБҮ-САРЫ АЛТЫН!
Убактылуу жыргалчылык үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жок кылбаңыз!
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#142 19 June 2016 - 03:29
АКЧАДА ЭМЕС БАКЫТЫҢ
Пулкүтүп, байлык топтоп ташкындаңыз,
Акчаны арам ойноп мас кылбаңыз.
Аллахым бардык жанды тең жараткан,
Баарыбыз тең көк асмандын астындабыз!
Сиз башка, мен да башка ойлономун,
Кыйынсынып башка акылга жойлобогун.
Ар кимдин кудай берген жашоосу бар,
Баймын деп тагдыр менен ойнобогун.
Жаш туруп сакал койсоасылабыз,
Жоолукчанга сын айтып ашыгабыз.
Унутуп көр азабын, тозок каарын,
Акчалардын кучагына жашынабыз...
Дамбалчан тентимиш депжийиркенип,
Акчасы жок дааватчыны табалайбыз.
Көйнөк эмес жан дүйнөдө бейиш барын,
Аттиң ай! Сокур көздөр карабайбыз! !!
Акча үчүн жаннат багыберилчүдөй,
Дүйнө кууп атаандашып жарышабыз.
Башканын үйүн сынап, түрүн сынап,
Садака, зекет бербей карышабыз...
Көбүрөөк акча күтсөң каадакүтүп,
Учпастан таман менен басып жүргүн.
Көз жумсаң даңк, байлыгың тирилте албайт,
Жаратканды унутпай жашоо сүргүн!! !
Автор:Жибек Акматбекова

#143 20 June 2016 - 11:57
КУРТТАРЫҢ МЕНЕН ОЙЛОНБО
Ак шыйрак көрсө эркектер,
Акылдан кетип толгонот.
Иштебей калып баштары,
"Курттары" менен ойлонот...
Аздектеп жүргөн жубайын,
Экинчи кылып коюшат.
Балдарын дагы ойлобой,
Шыйракка "сүр эт" союшат.
Асмандан АЙды алышат,
Акактап чуркап барышат.
"Куйруктар" туруп шыйпаңдап,
Иттердей болуп кабышат...
Көздөрү каткан сандарга,
Түшүнбөйм кээ бир жандарга.
Талкалап үйдүн чырагын,
Азабын салган балдарга...
Дүүлүгүп санды карабай,
Жатсам деп төшөк самабай.
Бир көмөч нанды үйгө бер,
Ошондо болот ак саамай!! !
Ак сандар болсо азгырык,
Карабай койгун мат кылып.
Ошондо баары оңолот,
Денесин коргоп шат кылып...
Иштетип жигит башыңды,
Акылың менен ойлонгун.
Курттарың турса башкарып,
Өлгөнүң ошол ойронум!! !
Автор:Жибек Акматбекова
Ак шыйрак көрсө эркектер,
Акылдан кетип толгонот.
Иштебей калып баштары,
"Курттары" менен ойлонот...
Аздектеп жүргөн жубайын,
Экинчи кылып коюшат.
Балдарын дагы ойлобой,
Шыйракка "сүр эт" союшат.
Асмандан АЙды алышат,
Акактап чуркап барышат.
"Куйруктар" туруп шыйпаңдап,
Иттердей болуп кабышат...
Көздөрү каткан сандарга,
Түшүнбөйм кээ бир жандарга.
Талкалап үйдүн чырагын,
Азабын салган балдарга...
Дүүлүгүп санды карабай,
Жатсам деп төшөк самабай.
Бир көмөч нанды үйгө бер,
Ошондо болот ак саамай!! !
Ак сандар болсо азгырык,
Карабай койгун мат кылып.
Ошондо баары оңолот,
Денесин коргоп шат кылып...
Иштетип жигит башыңды,
Акылың менен ойлонгун.
Курттарың турса башкарып,
Өлгөнүң ошол ойронум!! !
Автор:Жибек Акматбекова
#144 20 June 2016 - 12:15
ЖАШ БАЛДАРДЫ ОРОЗОГО КАНТИП ҮЙРӨТӨБҮЗ?
Шам эли жаш балдарга орозону сүйүп аткаруунун жолун табышкан. Алардытаң жүргөндөн күндүн жарымына чейин, күндүн жарымынан асрга чейин, соң асрданкүн батканга чейин кармоону үйрөтүшкөн. Анан ар бир ооз ачууда алар үчүн аябайсонун дасторкон даярдап беришкен. Мисалы ал дасторкондо түрдүү-түмөн таттуулар,ширин мөмө-жемиштер, таттуу ичимдиктер ж.б. Алар ооз ачкандан соң аларды өтө көпмакташкан. Сиз орозо кармап аябай жакшы иш кылдыңыз, мына эми сиздинсыйлыгыңыз, деп.
БАЛДАРДЫ КУДАЙДЫН ӨКҮМДӨРҮН СҮЙҮҮГӨ ҮЙРӨТӨЛҮ!
Булак:Абибилла Кадырбердиев

#145 20 June 2016 - 12:46
КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН ААЛАМЫНДАГЫ КЫЗЫКТАР
Биз көптөгөн маалыматтарды басма символдору аркылуу алабыз. Ал эми телевидениежана интернет пайда боло электе китеп жападан жалгыз маалымат булагы катарындаколдонулчу. Окуганды сүйгөндөр үчүн назарыңыздарга кызыктуу фактылардысунуштайбыз.
1.Улуу аскер башчыболгон Наполеон Бонапарт 200 беттен турган романды жарым саатта окуп бүтүрчүэкен.
2.Пролетариаттын жазуучусу М. Горький ылдамдыгы бир минутасына 400 сөз окуган.
3. И.Сталинкүнүнө эң аз дегенде 400-500 барак түрдүү тематикадагы китеп-журналдарды окучу экен.
4. Т. Эдисон 2-3 сапты дароо биргеокуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жергетоптогонду үйрөнгөн
5. Н. А. Рубакин аттуу орус китеп изилдөөчүсү өмүрүндө250 000 китеп окуганга жетишкен
6. Ыкчам окуганда караганда жайокуганда көз тез чарчайт.
7. Адамдардын 95% өтө жай окушат -минутасына 180–220 сөз окушат.
8. Көптөгөн окурмандар сексенинчибетке чейин окугандан кийин кызыгы кете баштайт.
9. Бир саат окугандан кийин 57 мүнөткөкелгенде адамдын көзү чарчай баштайт, ага чейин тынч гана абалда болот.
10. Китеп окуганда көздөр ар кайсытамгаларды карап жатып,ар түрдүү элестерди көрөт. Бирок, аларды мээ бир сүрөткөбириктирет.
11. Э. Гаон өзү окуган 2500 китептинмаңызын так жана жатка айтып берчү.
12. Орточо китеп окуу тажрыйбасы барадам китеп окуганда 12-16 сабына келгенде бир тыныгуу жасайт, ыкчам окугандар2-4 сапта бир тыныгат.
13. Мектеп окуучулары бир сапокуганда 20 регрессивдүү кыймыл жасашат, ал эми студенттер -15
14. Адам китеп окуп жатканда көздөрү артарапты карай берет.
15. Кыргызстанда эң көп китеп окугандардынкатарында Чубак ажы Жалилов да бар. Ал киши, эгер адабий чыгарма окуса күнүнө 500 беткечейин окуйт экен.
16.Окумуштуулардынизилдөөсү боюнча китеп көп окуган адамдар ашыкча салмак көйгөйүнөн оңой элекутулушат экен.Башкача айтканда алар көп семиришпейт.
17.Үйдөкитепканасы бар жаш балдар эрезеге жеткенде башка балдарга караганда бир топзирек,акылдуу жана парасаттуу болуп чоңоюшат экен.
КИТЕПОКУЙЛУ, ТУУГАНДАР!

#146 20 June 2016 - 13:01
ТҮШТӨЙ БОЛГОН ӨМҮРҮМ.....
Африканынталааларында жүргөн бир киши артында арстандын чуркап келатканын көрөт. Катуу корккондон улам жанынкоерго жер таппай качып баратып кудукка туш келет да, эч ойлонбой ичине түшөт.Жипке асылып түшүп баратканда, ылдый жактан узун жыландын өзүн карай катуу сойлопкелатканын көрүп, эмне кыларын билбей далбастап калат. Үстүндө арстан, астындажылан. Дал ошол учурда бири ак, бири кара түстөгү эки келемиш жипти кемиребаштайт. Бардык тарабынан балээге туш болуп, айласы куруп турганда жүзүндөнымдуу бир нерсени сезет. Бул арынын жаңыдан гана таштап кеткен балы болот жанаанын даамы оозуна келген учурда ойгонуп кетет. «Ох, түш турбайбы...» - депсүйүнүп кетет. Дароо түшүн жоруп берүү үчүн молдого кайрылат. Аягына чейинуккан соң, жылмайыңкы жүзүн буруп, «Түшүндүңбү деги?» - деп сурайт да, чечмелепберет: «Артыңдан кубалаган АРСТАН – бул ӨЛҮМ периштеси. Ичинде ЖЫЛАН болгонкудук – сенин КАБЫРЫҢ. Сен асылган ЖИП – сенин ЖАШООҢ. Ак жана кара КЕЛЕМИШТЕР– КҮН менен ТҮН, сенин өмүрүңдү кемиришет. А тиги БАЛ эмне экендигин сурасаң,ал – ДҮЙНӨНҮН УТУРУМДУК ДААМЫ. Өлүмдөн кийин эсеп-кысап (сурак) бар экендигинсага унуттурат... (#Haber_ay баракчасынан кыргызчаланды).
Сооптор эселеп жазылган 12 айдын султаны болгон улуу Рамазан айында амал дептерибизди сооптуу иштер менен көрктөндүрүп, Жараткандын алдына татыктуу кул катары баруу баарыбызга насип этсин! Дубалар кабыл болчу ыйык айдабыз.. Рамазан маарек!
Автор:АззамбекЖээнбай уулу

#147 21 June 2016 - 03:08
ЖОЛООЧУ
Бир жаш жигит дин жолунда даават кылып өлкөдөгү чоң шаарга барат. Эки апта бою үймө-үй дин таратып жүрүп ошол чөлкөмдө бир улуу имам бар экенин угат да зыярат кылып кетмекчи болот. Издеп жүрүп жашы келип калган имамды да табат. Жаш жигит имамдын үй жасалгасын көрүп аябай таңкалат. Төрт дубалда жайнаган китеп, жайнамаз, чакан жыйылган төшөнчү жана бир аз идиш-аяктан башка эч нерсеси жок экен. Өзү атагы таш жарган улуу имам болсо да өтө жупуну жашаганына таң калып сөзү келгенде имамга карап:
- Шейхим! Мен бир нерсеге таңкалдым. Улуу имам болуп туруп эч нерсеңиз жок экен. Өтө жупуну жашайт экенсиз?,- деп сурайт.
Имам жаш жигитти күлүп карап:
- Балам сен деле менден айырмаң жок экен. Жонуңда көтөрунгөн төшөнчүңдөн башка байлыгың жок экен го?,- деп суроо салат.
- Жок атаке. Мен азыр болгону ЖОЛООЧУМУН. Жолоочуга көп буюмдун, байлыктын эмне кереги бар. Болгону өзүмө керектүүсүн гана алдым. Үйдө баары бар дейт,- ишенимдүү карап. Улуу имам жигиттин жообун күлүмсүрөп угат да:
- Туура айтасың балам. Мен дагы акыретке бара жаткан ЖОЛООЧУМУН. Бул дүйнөдө мага өзүмө керектүүдөн тышкары байлыктын кереги жок. Анын баары жолоочуга тоскоолдук гана жаратат. Менин ыйманымда, Аллахыма жана Пайгамбарына болгон ишеничимде байлык толуп турушун каалайт элем, - деген экен.
Жибек Акматбекованын баракчасынан алынды

#149 22 June 2016 - 11:37
АРАКТЫ ТЫЙГАН АЙЫЛДАР!
Өлкөбүздө жаңы мыйзам долбооргоылайык, майда бейбаштык, коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондойэле мас абалында жүргөндүгү үчүн айып пулду оорлотуу пландаштырылууда. Ошентип азыркы учурда белгиленген 100-300 сомдунчегиндеги административдик айыптын өлчөмүн 1000ден 3000 сомго чейин көбөйтүүсунушталып жатат.
SputnikКыргызстан агенттиги эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими мененичимдик сатууга тыюу салынган аймактарды таап, айыл башчылары менен жергиликтүүтургундарынан төмөндөгү маалыматтарды алды.
1. АЛАЙ РАЙОНУНА КАРАШТУУ МУРДАШ АЙЫЛЫ — бул айылда үч жыл мурда ичимдик сатууга тыюу салынган. Айылдауруш- жаңжал, мушташ көбөйгөндүктөн айыл аксакалдары чогулуп, спирт ичимдиктеринсатууга тыюу салуу боюнча маселени көтөрүп, айыл өкмөткө кайрылышкан. Натыйжадаайыл башчылыгы тарабынан майрам күндөрү бардык дүкөндөргө ичимдик сатууга тыюусалынган. Ал эми коомдук жыйналыштын аксакалдары менен активисттери жалпы элгетүшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бардык дүкөндөр ичимдик сатуунутоктотушкан. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Исраиловдун айтымында,мындай иш-чарадан кийин ичимдикке берилгендердин саны кыйла азайыпкалган.
2. ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНА КАРАШТУУ КУЛУНДУ АЙЫЛЫ — ичимдик сатууга үч жыл мурун тыюу салынса, бир жыл мурун иш аракеттолугу менен өз максатына жетип, бир дагы жерде ичимдик сатылбай калган. Мындайдемилгени айылдагы жаштар коому көтөрүп, аксакалдар аны колдоп беришкен. Учурдаайылда жаштардын көңүлүн спортко буруу максатында 1970-1997-жылкы айылтургундары өздөрү каражат чогултуп, айылдын чок ортосуна футбол ойноочу стадионкурдуруп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургун Мухидин Абдурасуловбилдирди.
3. НООКАТ РАЙОНУНА КАРАШТУУ КАРАКЕ АЙЫЛЫ — 2008-жылдан тарта тыюу салынган. Бирок ошентсе да ичимдик саткандүкөндөр табылып турган. Мындай учурда аксакалдар уялта турган сөздөрдү айтып,тыйып турганын жергиликтүү жашоочу Дамирбек Нарматов билдирди.
4. НООКЕН РАЙОНУНА КАРАШТУУ КИРОВ АЙЫЛЫ — айыл башчы Рахимжан Гапаровдун айтымында, спирт ичимдиктерине тыюусалуу боюнча коомдук чечим үч жыл мурун чыккан. Элдик жыйын өткөрүлгөндөн кийинайыл башы менен аксакалдар дүкөнчүлөрдүн үйүн кыдырып, түшүндүрүү иштерижүргүзүлгөн. Натыйжада учурда бир дагы дүкөндө арак сатылбайт. Керек болсотой-топурлар дагы ичимдиги жок эле өткөрүлүп калган.
5. АЛАЙ РАЙОНУНА КАРАШТУУ ГАГАРИН АЙЫЛЫ —бул айылда дагы үч жыл мурун ичимдик сатууга тыюу салынган. Бироктой-топурларда аз көлөмдө болсо дагы ичимдиктин түрлөрү коюлуп калган учурларбайкалып турат.
Тизмени улантыңыздар. ....

#150 23 June 2016 - 02:53
БЕРҮҮЧҮ КОЛ,АЛУУЧУ КОЛГО КАРАГАНДА АРТЫК
Акыркы мезгилде коомубузда чагылгануруп, кар басып калып жүздөгөн кой-эчкилер, мал-жандыктар өлүп калганына күбө болуп келебиз.Албеттеакыйкаты бир Аллахка маалым деңизчи,а бирок себебин бир ойлонуп көрөлүтуугандар! Балким элибизде зекет-үшүрүн бербеген кимселердин мал-дүйнөсү ойронболуп жаткандыр.
“Оорулуңардысадака менен дарылагыла”, деген Пайгамбарыбыздын(ага Жараткандын дуба-саламыболсун) куттуу сөзүн унуткандайбыз. Ошол эле жерапааты,кургакчылык, сел,нөшөрлөгөн жамгырлар-биз үчүн “оору” болсо,аны “дарылоо”үчүн садакабызды(зекет, үшүр) чыгаруубуз милдеттүү болуп турган абал.
Аттиңай, адам баласы, мал-дүйнөңдүн 1/40 бөлүгүн чыгар десе,ичи тарлык кылат.А бирокжүздөп малы арам өлсө,үшкүрүнүп туруп: “Башы көзүбүздөн садака!”дейт. Айласыздын садака кылып жатасың да,бечара пенде.Ошол мал өлө элек турупзекетин берсең,баардык жашооңо,мал- дүйнөңө,акырет турмушуңа да береке келмек.
Картөшкөңдүн1/ 10 бөлүгүн үшүр кылып бер десең титирейт дагы,а бирок базарда өтпөй калыптонналап чирисе унчукпайт... .
АзиретиАбу Хурайра(Аллах андан ыраазы болгон болсун) мындай деген экен: “Чындыгындаадамдардын күнөөлөрүнүн көптүгүнөн жадагалса уядагы канатуулар да өлүшөт”
Алэми Муджахид(Кудайым андан ыраазы болсун): “Жаныбарлар күндүн аптабында, жамгыржок мезгилде(же табигый кырсыктар көбөйгөн учурда) күнөөкөр пенделердикаргыштайт. Алар ,бул балээнин баары-педелердин күнөөлөрүнүн себебинен,-депайтышат.
Эстүү бир киши кызыктуу бир окуяны баяндап жатып,мындай деген эле:
“Атамдын жылкылары жылда эгиз(жылкы баласы оңой менен эгиз тууй бербейт) тууп жатты,алэми элдин малына жут тийип,бир топ кыйналды.Баары эле атамдан мындай берекенинсырын сурашат,сен кылганды биз деле кылалы,насаат берчи дешет.Атам жылмая:
-Зекетиңерди өз убагында берип турсаңар эле,жуттан аманкаласыңар, -деп жооп берсе,эч кимиси ынанбайт.
Адамбаласы алганга шыктуу келебиз,бирок бергенге келгенде бирааз ичитарлык,сараңдык, битирлик кылып коебуз.
Кудумберсек эле,дүйнөбүз азайып кетчүүдөй сезилет!
Сизбирди берсеңиз,Жараткан Аллах эң кеминде он эсе кылып кайтарып бере турганынунутпаңыз! Бул эки жерде эки төрткө барабар дегендей эле чындыкнерсе. Садака,зекет берип эч ким бул дүйнөдө кембагал болуп кеткен эмес.
Денедегиарам канды хижама менен чыгарган сымал,мал-дүйнө акчаңыздын ичинде сиз үчүн арамболгон жетим-жесир, колунда жоктордун акысын “хижама” кылып туруубузкажет. Болбосо ошол арам акча,калган акчаны да бузат,берекесин кетирет!
Орозоайында ар бир кылган амалыбызга 10дон 700 чейин эсе сооп жазылаарын биринчикезекте өз напсиме,андан соң сиздерге насаат кылмакчымын, урматтуу мусулман агайынтуугандар!
Чамдайлы,ушул кутту айда зекет,үшүр жана садакабызды чыгарууга аракет кылып калалы!
Урматым менен, Нуриет Абдулазиз

#151 23 June 2016 - 03:04
неге толук кетпейтат?!
~ КЕДЕЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК ~
Кедейлик жети нерседен келет:
Кедейлик жети нерседен келет:
Бул темага жаңы билдирүү жазуу зарыл эмес,жөн гана "Ыйман казынасы" баракчасынын жамааты чыгарган материалдарды окуп коюу жетиштүү болот.
Ушул темага кирип,окугандыңыз үчүн Жараткан Аллах ыраазы болсун!
#154 23 June 2016 - 03:57
ЧАНБАГЫЛА КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИН!
!
Багынтышып аска-зоонунбийиктерин,
Коргоп келген Ала-Тоодой ыйык жерин.
Арстан жүрөк эр Манастын урпактары,
Чанбагыла кыргызымдын жигиттерин! !!
Көз артышкан кас-душманды талкалашып,
Чеп кылышкан Теңир-Тоонун белестерин.
Канын төгүп бул заманды белек кылган,
Унутпагын баатырлардын элестерин.
Бүгүн болсо тепсеп-кордопарбактарды,
Кыргыз кызы душмандарга сойку болдук.
Кытайлардын төшөктөрүн артык көрүп,
Колду созуп кытай сындуу сасык болдук...
Кээси кетип орус, түрктүнтөшөгүнө,
Айрымдары негрлерге назданышат.
Маңдайында Манас сындуу жигит турса,
Башка улуттун жаздыгына жазданышат. ..
Эсиңе кел кыргыз кызы этекжыйып,
Акча үчүн азгырылбай напсиң тыйып.
Кыргыз үчүн кыргыз күйөт унутпагын,
Кыргыз канын булгабагын бүчүр кыйып.
Күчү ашынган балбан билекар бир кыргыз,
Айкөлдүгү, баатырдыгы өчпөс жылдыз.
Ак калпагын эч бир жанга теңебеймин,
Ыйык мага эркектерден жигит кыргыз!
Автор:ЖибекАкматбекова

#155 25 June 2016 - 03:22
Ыйман –бул Тобокелдик,
Ишеним жана Үмүт!
1.Бир айылда көп убакыттан бери жамгыр себелеп да койбойт экен.Элдин баары биригип дуа кылууну чечишип,эртеси болжолдонгон жерге баары чогула баштайт.Бирок арасынан бир гана кичине баланын колунда кол чатыр(зонт) бар эле.Бул-бекем Ыйман жана Тобокелдик!
2.Жаш баланы атасы асманга ыргыткан сайын,корккондун оордуна каткырып күлөт.Анткени наристе атасы баары бир тутуп алаарын билет.Бул-бекем Ишеним!
3.Ар бир түнү,уктаар алдында таңда ойгонууга кепилдигибиз болбосо да,сааттын ойготкучун(будильник) иштетип коебуз.Бул-бекем Үмүт!

#156 25 June 2016 - 03:57
Сахабалар өз ДИНИН башындагы ТААЖЫ сымал көтөрүп жүрүшчү,ал эми дүйнө ишин колдо деп билишет эле.Эгерде таажысы бирааз эле солкулдай баштаганда,
дүйнө иштерин жыйыштырып,
дароо таажыны түздөйт эле!
Бизчи,дүнүйөнү ТААЖЫ- кылып,динди колго алдык.Качан мал-дүйнөбүзгө коркунуч келгенде,дароо динибизди таштайбыз да,дүнүйөбүздү тургузууга шашылабыз!

#159 25 June 2016 - 05:01
ЧЫРАКТЫН ЖАРЫГЫ
Көзү көрбөгөн сокур адам түн киргенде суу алыпкелүү үчүн көчөгө чыкты. Бирок колуна асма чырак кармап алган эле. Таягы мененжерди сыйпалап, жаркыраган чырак менен келе жаткан сокур адамды ары-бериөткөндөр күлүп, шылдыңдап өтүп жатышты. Бирок адам аларга көңүл бурбастанкудукту көздөй кадамдарын санап кете берди. Бир кезде алдынан жаш жигит чыктыда сокурду токтотуп:
- Ооо, Кудайдын пендеси! Өзүңүз сокур экенсиз. Анынүстүнө көчөдө караңгы түн. Эки түндүн ичинде жүрүп көрбөгөндөн кийин чырактыэмне көтөрүп алдыңыз?,- деп күлөт. Көрбөсө да жигиттин сөздөрүнө жылмайган адамколундагы чыракты аяр сылап:
- Туура мен көрбөймүн. Бул чырактын кооз жарыгын дакөрбөймүн. Менин жүрөгүм көрөт. Бирок көзү бар адамдардын көзү да, жүрөгү дакөрбөгөндөрү өтө көп. Эгер мен чырак кармабасам көзү бар сокурлар мени түртүпжыгып кетиши мүмкүн. Чырактын жарыгы мени коргоп келе жатат!,- деген экен.
Автор: Жибек Акматбекова

#160 27 June 2016 - 02:34
КӨҢҮЛ БУРГУЛА,АКЦИЯ!
Ыйык Куранда мындай деп келет:
“Кадыртүнү миң айдан(миң айлык ибадаттан) да жакшыраак”( Кадыр,3 аят)
Азыртүндүн узактыгы орточо 5 саатка барабар болсо,анда
1түндөгү ибадат ~1000 айлык ибадат
1сааттык ибадат ~200 айлык ибадат
1 минуталы кибадат ~3 айлык ибадатка
1 секундалык ибадат-1,5 күндүк ибадатка тете болот!
Арбир айткан таспихибиз, окуган намазыбыз,кылган сооп амалыбыз ушул түнгө туш келип калса,башка айларда 1000 жолу кылынгандан да сооптуураак болгон түндү өткөзүп жибербейли, урматтуу мусулман бир туугандар!
АКЦИЯ! АКЦИЯ! АКЦИЯ!
Бир рекет намаз окуп-1000 рекеттин сообуна жетишиңиз!
Бир сом берип-1000 сомдун сообун алыңыз!
Бир жолу зикир кылып-1000 зикирдин сообуна илешиңиз!
Чамдагыла! !!

Супер-Инфо
super.kg
видео