Думур (пенёк)торту
4 жумуртка
1 стакан шекер
1 стаКан ун
Кремине
Сметана
Сахар
Творог ар биринен 1грдан
Ванилин
Какао
Кооздоо учун
100 гр кара шоколад
3-4 кашык сливки
15 гр козу карын формасындагы печенье
Ашкабактын уругу
Жасалышы
Жумуртканын сарысына сахарды салып кобук п.б.чалабыз да унду кошуп дагы чалабыз. Болок идишке жумуртканын агын катуу кобук болгуча чалып камырга куюп этият кылып кашык менен карындашы масканы устуно устундогуну астына кылып аралаштырып алабыз да,пергамент кагазы тошолгон листке куюп тегиздеп 180°ысыган духовкага салып 15-17 мин бышырып алабыз.Жыгач шиш менен бышканын текшерип алып башка таза пергамент кагазында оодарып алабыз да,листке салып торт бышырган кагазды алып салабыз. Дароо рулетке окшотуп тоголоктоп ороп бир аз кармап туруп кайра жазып ийип муздатабыз.
Бул убакта кремди даярдап алабыз. Муздаган тортту ничкерээк бирдей олчомдо 4-5 болукко лента турундо кесип алып ар биринин бетине крем шыбап думурго окшотуп тегеректеп ороп бетине да бир аз крем шыбамыш болуп хол.ке эки саатка коюп коёбуз. Эки сааттан кийин шоколадга сливкини кошуп эритип глазурь даярдап торттун капталдарына шыбап,печенье менен кооздоп,талкаланган ашкабактын уругун айланасына себелеп хол.ке дагы бир саатча коюп турабыз. Торт даяр.

Супер-Инфо
super.kg
видео








