«Котлета» француз тилинин
«cotelette» сөзүнөн алынып,
бизче «кабырга» дегенди
билдирет.
Котлетаны алгач
кабырганын этинен гана
жасашкан.
Этти сөөгүнөн
ажыратпастан жанчып,
кошулмаларды себелеп, анан
майга куурушкан.
Котлета жумшак болуш үчүн
алгач ысыган майга салып, эки
бетин теӊ кытырак кылып
бышырып алуу керек. Мындай
ыкма котлетанын ичиндеги
пияз жана башка
кошулмалардын ширеси майга
агып чыгып кетпөөсүн
шарттайт.
Кууруп жатканда
көмөч казандын капкагын
жаап коюу чоӊ катачылык
экенин эске алыӊыз.
Котлетаны көмөч казандан
чыгарып алган соӊ биринин
үстүнө бирин коюп жыя
бербеӊиз.
Бул учурда
котлетанын ысыгы бири-
бирине өтүп бууланат да, өӊү
агарып, сырты сууланып калат.
Котлета картошка пюреси,
куурулган жашылчалар менен
берилсе,
тефтели
коюулатылган чык менен
берилет.
Ал эми фрикаделька
шорпого салынып, суюк тамак
катары берилгидей шартта
жасалат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Котлеттер Ким кандай жол менен жасайт
#22 26 June 2015 - 18:54
"
Ширелүү котлета "
уй эти - 1 кг
пияз - 3 шт
нан - 2 кесим
жумуртка - 1 шт
өсүмдүк майы - 300 гр
ун - 1 стакан
сүт - 1 стакан
туз, кара мурч.
Нандын ортосун, жумшак жерин алып, сүткө чылап коюңуз.
Пиязды майдалап туурап алыңыз.
Этти эт туурагычтын кесек тиштүү көзүнөн өткөрүңүз.
Эми чуңкур табакка тууралган пияз, нан жана этти салып, жумуртканы үстүнө чагып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп аралаштырабыз.
Аралашманы 15 мүнөт тыныктырып коюу керек.
Алаканыңызды суулап же майлап алыңыз.
Аралашманы керектүү өлчөмдө ченеп аласыз да, колуңуз менен сүйрү же тегерек формага келтирип жалпайтасыз.
Андан соң унга эки бетин тең оонатып, жай отто ысыган майга салып бышыра баштайбыз.
Эки жагын тең 5 мүнөттөй бышырып, күйүп калбаш үчүн көзөмөлдөңүз.
Даяр болгон котлеталардын майы сарыгыш үчүн кырынан жайпак тарелкага тизе туруңуз.

Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#23 21 June 2016 - 02:13
Мен уйдун этинен жасайм,себеби балдарым уйдун этинен болгон котлетти жакшы коруп жешет. Жарым кг фаршка бир баш пияз эки уч тиш чеснок,торт кесим ак болкону сутко жибитип кошуп,жумуртка бирди,туз жана татымалдарды кошуп жакшылап аралаштырып анан он минута идиштин тубуно уруп алып формага келтирип фольгага ороп бууга бышырып берем.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#24 21 June 2016 - 03:57
Мен учурда гос мед центрде повар болуп иштейм . котлет аябай коп жасайм . акыркы кундору жакпай баратат . мурда кызыкчумун . чынында котлет зыяндуу тамак экен ашказанга ото оор тасирин берет . кстати эгер кобуроок жасай турган болсонор бышырылган куручту кошо мыкчып койсонор эт азырак кетет . бул нерсени секрет рецепт дешет экен ошол жердегилер.
#25 25 June 2016 - 16:11

++++зыяны кобуроок экен
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео