Жарамазан айтып келдик эшигине!
#1 20 Июнь 2016 - 14:37
Ассалому алейкум жарамазан
Он эки айда бир келген орозожан
Орозого союлган кара борук
Аталардан калыптыр ушул жорук
Адыр адыр тоолордон
Айгыр минип биз келдик
Айгыр башын тарталбай
Ушул уйго туш келдик.
Жарамазан айтып келдик эшигине
Ак кочкордой уул берсин бешигине
Айылынарды араласын ак маареке
Ар кун сайын той болсун эшигинде
Будур будур тоолордон
Бука минип биз келдик
Бука башын тарталбай
Ушул уйго туш келдик.
Сиздин уйунузго да жарамазан айтып келип жатышабы?...же болбосо сиздер да жарамазан билсениздер жазыныздар. ..
Жарамазан айтып келгендерге эмне берип жатасыздар?
Он эки айда бир келген орозожан
Орозого союлган кара борук
Аталардан калыптыр ушул жорук
Адыр адыр тоолордон
Айгыр минип биз келдик
Айгыр башын тарталбай
Ушул уйго туш келдик.
Жарамазан айтып келдик эшигине
Ак кочкордой уул берсин бешигине
Айылынарды араласын ак маареке
Ар кун сайын той болсун эшигинде
Будур будур тоолордон
Бука минип биз келдик
Бука башын тарталбай
Ушул уйго туш келдик.
Сиздин уйунузго да жарамазан айтып келип жатышабы?...же болбосо сиздер да жарамазан билсениздер жазыныздар. ..
Жарамазан айтып келгендерге эмне берип жатасыздар?
#2 20 Июнь 2016 - 16:56
Жарамазанды кеч кирип калганда айтаткоо ээ негизи. А бирок азыр шаар жергесинде кечти кеч дебей,кундузду кундуз дебей айтып журушот. Бул нерсе жарамазандын баркын кетируудо. Мейли жаш балдар айтсын, а бирок улуу муундагы агаларыбыз айтып журушотко. Кичи бизнес катары коруп. Ошо корунуш мага жага бербеди. Эми оздору билишет да "казанчынын оз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей.
Акылай сизди баамдасам абдан маанилуу темаларды ачыптырсыз. Азаматсыз. Сыр болбосо жашыныз канчада? (суроо туура эмес жака берилгендигине байланыштуу сиздерден кечирим сурайм)
Акылай сизди баамдасам абдан маанилуу темаларды ачыптырсыз. Азаматсыз. Сыр болбосо жашыныз канчада? (суроо туура эмес жака берилгендигине байланыштуу сиздерден кечирим сурайм)
#3 20 Июнь 2016 - 16:58
Жаш балдар айтып келип жатышат. Базардан комуз же башка нерселер менен улуу эле байкелердин жарамазан айтканын да көрдүк.
Үйгө келгендерге көбүнчө жер-жемиш, акча беребиз. Аларды жөн кетирбей "батасын" алабыз)
Үйгө келгендерге көбүнчө жер-жемиш, акча беребиз. Аларды жөн кетирбей "батасын" алабыз)
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#4 20 Июнь 2016 - 17:30
Leylektik-77777 (20 Июнь 2016 - 16:47) жазган:
Динде кандай коз карашта сураныч жооп берип коюнуздарчы?
Би3геда 2 жолу айтып келди эле,куйоом кууп жиберди эч эле жактырбайт.
Жарамазан исламда жок а бирок Кыргызда бар ошон учун айтылат.Илгери, рамазан айында кедей-кембагалдар (колунда ашы жок) адамдар жарамазан айтып жан баккан экен. Ушул,ыйык айда..
#5 20 Июнь 2016 - 17:55
Жарамазан айтып келип атышат,негизи эле жарамазан айтып келгендерге колуна жер-жемиш,акча,
берип алардын батасын алышыбыз керек деп ойлойм.
Бирок чон балдарда, а тугул кишилерда айтышат кээ бир жерлерде,бул туура эмес корунушко жатат го.
Бирок чон балдарда, а тугул кишилерда айтышат кээ бир жерлерде,бул туура эмес корунушко жатат го.
Всё временно..
#6 20 Июнь 2016 - 19:08
#8 21 Июнь 2016 - 00:27
Жарамазан айтып келишет. Батасын беришет азыр жаш балдардын батасы укмуш жаттап алдым кундо келгендерден.
Бата- бата дин дин
Малын болсун мин-мин.
Короо толгон кой болсун
160бээ болсун
Отурганыныз килем болсун
Айдаганыныз мерседес болсун! Оомин дейт экен.
Бата- бата дин дин
Малын болсун мин-мин.
Короо толгон кой болсун
160бээ болсун
Отурганыныз килем болсун
Айдаганыныз мерседес болсун! Оомин дейт экен.
#9 21 Июнь 2016 - 01:17
Күндө жарамазанчылар келет бакырып...Көргөндө колуңа карап асылат тооба,акчаны мага бер дегенсип.))) Баталары өзгөчө чын эле.
"Жегениниз жүзүм болсун,
Өмүрңүз узун болсун.
Корооңузда, короо-короо,
Койлор толсун оммиин! дешип,дагы ар кандай баталары бар эле.
"Жегениниз жүзүм болсун,
Өмүрңүз узун болсун.
Корооңузда, короо-короо,
Койлор толсун оммиин! дешип,дагы ар кандай баталары бар эле.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#10 21 Июнь 2016 - 01:36
Эчтеке бербей койсон неме дейт, камырыныз ачып кетсин, катыныныз качып кетсин дейт, угуп алып боорум эзилгенче кулгом:-)
#11 21 Июнь 2016 - 01:49
#12 21 Июнь 2016 - 02:27
Быйыл Кудай буюрса 4-орозо айды Москвада откоруп жатам... Жарамазанды кичинебизде ата-энелерибиз тыюу салса да айтчу экенбиз)) Торт жылдан бери уга элек жаным, сагындым чынында) Кана эле уйуно даяр бата-дуалар келсе)) суйунуп журуп акча, тамак-аш, шириндиктер берем)) колумдан келишинче ыраазы кылып кетиргим келет)
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 21 Июнь 2016 - 02:28
АльхамдулиЛлях!
#14 21 Июнь 2016 - 10:54
Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келчү орозо жан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан.
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон,
Бука минип мен келдим.
Бука мурдун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Ушул үйдүн үзүгү,
Ак кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Азыраак уктап, тыңдачы!
Ушул үйдүн үзүгү,
Көк кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Көп уктабай, тыңдачы.
Курут алып жатат бейм?
Курут болсо алып чык,
Катыр-кутур чайнайлы.
Курут берип кубантпа,
Куру сөзгө жубатпа!
Таруу берип тамшантпа,
Таң аткыча какшатпа!
Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,
Он эки айда бир келчү орозо жан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан.
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон,
Бука минип мен келдим.
Бука мурдун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Ушул үйдүн үзүгү,
Ак кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Азыраак уктап, тыңдачы!
Ушул үйдүн үзүгү,
Көк кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Көп уктабай, тыңдачы.
Курут алып жатат бейм?
Курут болсо алып чык,
Катыр-кутур чайнайлы.
Курут берип кубантпа,
Куру сөзгө жубатпа!
Таруу берип тамшантпа,
Таң аткыча какшатпа!
Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#15 21 Июнь 2016 - 10:55
Ушул үйдүн үзүгү,
Үзүлүңкү көрүнөт.
Ушул үйдө жеңейим.
Сүзүлүңкү көрүнөт.
Төбөдөгү төрт жылдыз.
Батайын деп баратат.
Мингеним жаман тай эле,
Жатайын деп баратат.
Шалдыр-шулдур шакек чык,
Саймалама жоолук чык!
Жоолукту белге чалабыз,
Шакекти колго салабыз.
Чымы-чымыр-чымыр чык,
Буудай майлап кууруп чык!
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатат бейм?
Майың болсо алып чык,
Сака, мурут майлайлы.
Казан-аяк калдырайт,
Убалына калбаймын.
Эртең-бүгүн деп коет,
Катыным жаман киши эле,
Карышкыр, бөрү жеп коет,
Бука берсең шайлап бер,
Мурунтугун байлап бер.
Мурунтугун үзбөсүн,
Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.
Үзүлүңкү көрүнөт.
Ушул үйдө жеңейим.
Сүзүлүңкү көрүнөт.
Төбөдөгү төрт жылдыз.
Батайын деп баратат.
Мингеним жаман тай эле,
Жатайын деп баратат.
Шалдыр-шулдур шакек чык,
Саймалама жоолук чык!
Жоолукту белге чалабыз,
Шакекти колго салабыз.
Чымы-чымыр-чымыр чык,
Буудай майлап кууруп чык!
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатат бейм?
Майың болсо алып чык,
Сака, мурут майлайлы.
Казан-аяк калдырайт,
Убалына калбаймын.
Эртең-бүгүн деп коет,
Катыным жаман киши эле,
Карышкыр, бөрү жеп коет,
Бука берсең шайлап бер,
Мурунтугун байлап бер.
Мурунтугун үзбөсүн,
Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#16 21 Июнь 2016 - 11:13
Мурдагы куну ооз ачарга жакын Оштвдан молдого ушул суроону беришти. Бирок бул мусулманчылыкта жок, ал кыргызда салт болуп калган бирок туура эмес деп жооп бердиго аан тилемчилик болуп калат деди
. Илгери биз деле кичинебизде кызыгып айтканбыз бирок.

#17 21 Июнь 2016 - 15:28
мурда ар бир уйду кыдырушчу. Азыр байкасам балдар магазинге анан жакшы жашагандарга келишет. Кичинекей балдар кобунчо. Чала була эле айта берет)))).
#18 21 Июнь 2016 - 16:10
Биздин айылда мурда чон-кичине дебей айтышчу. Уйго киргизип чай берип,тамак берип узатышчу. Азыр эч ким айтпаса керек.
#19 21 Июнь 2016 - 22:09
Азыр деле коп айтышат.(Уйундо жакшы жашашса деле),ар жылы орозо айында чон-кичине балдар жарамазан айтып келишет
Азыр тексттери озгоруп да кетиптир.Кече келгендер болсо:
Тарс-турс эжеке
Чыкпайсызбы эшикке
Арсылдаган итиниздин
Урбайсызбы бетине!-дешип. ..хе..хе..абдан кулдук угуп алып.
Азыр жарамазан айтып келишсе,бирообуз эле чыгып жемиш,акча,нан- боорсок ж.б эле берип коёбузда. А,алар болсо айтканыбызды уккула деп жатышпайбы. ...
Азыр тексттери озгоруп да кетиптир.Кече келгендер болсо:
Тарс-турс эжеке
Чыкпайсызбы эшикке
Арсылдаган итиниздин
Урбайсызбы бетине!-дешип. ..хе..хе..абдан кулдук угуп алып.
Азыр жарамазан айтып келишсе,бирообуз эле чыгып жемиш,акча,нан- боорсок ж.б эле берип коёбузда. А,алар болсо айтканыбызды уккула деп жатышпайбы. ...
#20 21 Июнь 2016 - 22:10
Жарамазан айткандын терс жагы жокко деп ойлойм...
Билдирүүнү түзөткөн: akylai.timurova: 21 Июнь 2016 - 22:26