Башталышы – 19:30
Билет баасы – 300-500 сом
Алпаруучулар – Элмара Турсуналиева, Чың гыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова
Көр үүч үлө р – Спорт Ордосунун 100 пайызы (4-ноябрда)
Эң мыкты номер – Ибрагим, Сыймык жана Бек үч өөн үн "Сахна" ыры
Таң эрте күкү к менен сырдашып, ашыгына чабалекей болуп учуп жеткен, кырктын кырына барганда "уулуң бар мага окшогон" деп сыздаган Бек Борбиевдин концертине күбө болдум, туугандар. Билетте саат 19:00 деп жазылган эле, ошону туура кылыптыр. Анткени кыргыз барган жерине кечигип барат да. Туптуура 19:30да концерт башталды. Силерге калп, мага чын залга киши батпай кетти. Гүлдестесин кармаган селкилер мындан көп, калпакчаны менен жоолукчаны андан көп.
Сахнаны да түрк үн гүлд өргө безеп коюптур. Айтор, жасалгада сөз жок. Концерт үч мүнө ткө созулган Бектин сүрө ттө рү, өздү к видеосунун слайд-шоусу менен башталды. Анан алпаруучулар Бекти сахнага чакырышты. Шаңдуу кол чабуулар, кыйкырык-с үрө өндө рдө н улам өзү мдү орустардын концертинде отургандай сездим. Адатта жаш ырчылардын концертине барганда "укпайтам, Бишкек, кана, кол чабуулар болсун" деп суранып жатып кол чаптырышат эле. Мында, тескерисинче, Бекти сүйл өтө койбой 5 мүнө ттө й кол чаап, кубаттадык. Ошондогу Берадордун кубанычын сөз менен сүрө ттө п берүү кыйын...
Кайран ырчы "Агама" , "Береке" бий тобунун кымча бел бийчи кыздарынын курчоосунда эски да, жаңы да, ырларынан созду го чиркин. Ал ансайын гүлдестелер колуна батпай... "Бектин собственный ө к үл баласымын" деген Санжар Бердибеков "Тракторун" ырдабастан, өкү л атасынын жеке гүл ташыгычы, аккордеон көтө рү п келгичи, костюмун кармап тургучу кызматын аркалады. Кыякты кармап эл оозунда калган ырларын жандуу ырдады эле, арт жакта отурган бир мырза "сахнадан кетпе, кетпегин, Берадор!" деп концерт бүтк үчө боздоп-кыйкыргандан тажабады. Антсе Бек "сахнада жүрг өнү мө 20 жыл болду. Ырларым сиздерге жакса, мен дагы жакшысын жарата берем. Сахнадан алыстабайм, бирок көп көрү нбө йм" деп жооткотуп, "менин сү йү үмд ү н 3-сериясы" деп "Айдай" аттуу өзгө чө ырын ырдады.
Концерт шаңдуу жүрү п Бектин мукам ырлары жаңыргандыктан, 90-жылдарга кайтып бардык. Себеби Кубик Калыков, Сыймык Бейшекеев, Динара Акулова, Алина Жетигенова, Нуриса Абазова, Асел Турдалиева, Дамира Ниязбекова, Айчүр өк Иманалиева, Абды Төрө беков жана башка сахналаш достору Бек менен дуэт ырдашты. Кубик Калыков болсо "эк өө бү з гастролдо жү ргө нд ө , сен кыздар менен танышса ң, мен жуучу тү шчү м үн го" деп тамаша-чыны аралаш Бектин сырын төгү п салды. Өзү обончу болгондуктанбы же алардын талантын сыйлагандыктанбы, билбедим, айтор ырчы азыркы жаштардан Замир Арыкбаев, Алишер Тоотаев, Алтынбек Алымов, Съездбек Искеналиев, Ильяз Абдыразаков, Кубаныч Сатаевдерди чакырыптыр. Алар Борбиевдин репертуарындагы ырларды попурри ырдашты.
Концертти ортолой Казак республикасынын Эл артистти Алтынбек Корозов сахнага чыгып, "бир жолу радиодон "Казак кызына" деген ырды угуп калдым. Атайын издеп отуруп ал жигит Бек Борбиев деген кыргыз кулуну экенин билдим. Ошондон баштап Бектин кү йө рманымын. Бек – баатыр ырчы. Себеби ө тк ө ндө "уулу ң мага окшогон" деп келинимден коркпостон ыр чыгарыптыр " деди да "аттиң , көзд өн жас алам..." деп казак баурым созуп калды. Мындан башка Алекс, Наоми, Омар Бей аттуу башка улуттун өкү лдө рү Бектин ырларын өзү нө н өткө рү п ырдап салды. Аягында Бек концертин Ибрагим Жунусов жана Сыймык Бейшекеев менен бирге "Сахна" аттуу ырды кучакташа, колтукташа ырдап жыйынтыкташты. Кыскасы, бул күнү жалаң гана Бек Борбиевдин ырлары жаңырып, келген элдин баары кыңылдап ырдап, жыргап тарашты.
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 06 Ноябрь 2009 - 18:35