Бул оюнду кездештире алган жокмун.. (чынын эле айтайынчы издеген жокмун барбы, жокбу деп)..)) Биз университеттен ойночу элек, абдан кызыктуу, күлкүлүү оюн эгер көңүлдөнүп ойносоңор.. Эми бул жакка түшүндүрүп жаза аламбы, жаза албаймынбы билбейм..((
Оюндун шарты мындай: Биринчи өзүм эки сөздү айтам.. Мисалы: жөжө, аялдама десем.. Экинчи юзер ушул эки сөздөн фантазияга бай сүйлөм түзүш керек..
(фантазия дегенде бул жашоодо болбогон, болушу мүмкүн болбогон, кайталангыс, адамдын элестетүүсү да жетпеген нерселерди эске алыңыздар)
Күлкүлүү кылып дагы түзсөңүздөр андан соонун болот.. (бирок чектен ашпай)
Кайра сөзүмө кайтып келсем, "жөжө, аялдама" деген сөздөн, экинчи юзер "Жөжөлөр аялдамада автобуз күтүп чарчашыптыр" деп түзгөндөн кийин төмөн жакка үчүнчү юзерге бир сөз жаза кетиши керек..
Ал эми үчүнчү форумчу, биринчи форумчунун "аялдама" экинчи форумчунун "тоо" деп калтырып кеткен сөзүн кошуп сүйлөм түзүшү зарыл..
Түшүнүктүү болуш үчүн минтип жаза кетейинчи..
Биринчи юзер: Жөжө, аялдама..
Экинчи юзер: Жөжөлөр аялдамада автобус күтүп чарчашыптыр. .
Тоо ( деп астына сөз кошуп жаза кетиш керек)
Үчүнчү юзер: Автобустар тоодон тоголонуп түшө албай кечигип жатышкан экен..
Жарма..

Супер-Инфо
super.kg
видео


















