Суперстан: Сен менин ачык асманымсыӊ - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сен менин ачык асманымсыӊ

#1 Пользователь офлайн   Saule.   22 Июнь 2016 - 11:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2019 15:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Жай айы,сессия башталып аары бээри шашкан студенттер, кыйынсынган мугалимдер. Эрте менен туруп чачымды тармалатып алайын деп кеч калып калдым,бутумда бийик бут кийим болгонуна карабай чуркай баштадым,колумда чоон сумка.Жол чырактан ото бергенимде лексус 470 машинасы алдына айдап жиберди,шашып турган жаным аябай эле коркуп кеттим,карай салсам 2 жигит мыскылдагандай карап турушуптур, жиндисинби деген мааниде озумдун мээмди озум чукудумда :89: кубуронуп алып жолумду уладым.Акыркы экзамен болгон учун коп деле кармалбадык, экзамендерди ийгиликтуу тапшырганызга кубана тайпалаш кыздар бара жаттык.
-Чон кыз,токтой турсаныз.
-Кимибиз?Баарыбыз эле чон кыздарбыз(бири- бирибизди коштой кулуп койдук)
-Кечирип кой дейин дегем...
-Эмнеге кечирели,кимибизге кайрылаарынды билбей турганындыбы?
-Хаха,шайыр кыздар экенсинер,атын билбегеним учун кийиминен айтып кайрылат окшойм,кара койнокчон кыз,эрте мененки кылыгыбыз учун кечир.
-Чынында силерге окшогондорго капа деле болбойм...
-Анда жакшы!
Шарт бурулдуда кетип калды,кыздар тушунбой кубуронуп эле калдык,сындамыш болуп.Башка убакта кийиминен,кыймылынан илешчээк таап алып,кечке айтып кулгон кыздар,эч нерсе дей албай эле туруп калдык,жашаган жерим окуу жайыма жакын болгон учун,кыздар менен коштошуп кетип жатсам артыман пайда болуп келе жатат.Жиним келе карадымда,кечирдимго дагы эмне керек сага?
-Эч нерсе озумдун жашаган жериме келсем болбойбу эмне?
- :blush: ай жердин катуулугу ай,эч нерсе айта албай кетип бара жаттымда,домдун алдына келгенде,кайсы подъездге кирээрин билгим келип,менда калпын чыгаргым келдида отургучка олтуруп алдым.Алда келип олтуруп алды :blink: Маани бербеген адам болуп олтура бердим...
30минутадай олтурдум окшойт,алда суйлободу,кетипда калбады.Аябай эле кок бет экен,озум чыдабай кеттимда туруп жонодум...
-Дагы олтурсан боло,тоооюююп карап алайын.
-Сенин уйун болбосо менин уйум ушул жерде,демек мен кирсем болот.
-А эгер киргизбесемчи?
-Оз уйумо кайдагы бироо киргизбей коёт бекен,кызыыык. ..
Шарт бурулдумда, чын эле кармап ала тургансып шашып уйго карай жонодум.
Алда 2 аттап келип эле колдон ала,кыз бала мындай болбойт,жузуно карачы кандай назик жансын,мунозунду да ошондой кыл,адамдарга жакшы мамиле кылганды жагымдуу суйлогонду уйрон.
-А сен мага кимсин?Эмнеге мен сага жагымдуу суйлошум керек?
-Мынча корссун?
-Сен мени билбейсин,бул дегеним мени билбей туруп мага муноздомо бербе дегеним.
-Азыр сага муноздомо жазып бер деседа жазып бере алам...
-Огооо кыйын экенсин,мен деле сага муноздомо жазып берсем окшойт анда...
-Бар кир уйго,бул мунозун мн жигитин деле жок болсо керек... :)
-Болду токтот!Сен айтпасанда кирем,экинчи жолумдан чыкчуу болбо!
Уйго кирип алып жиним келе кийимимди алмаштырдымда, чай ичип алып жумушума жонодум.Жумуштада эсимден кетпей койду,эмне деген жигит озу?Мынча корс?Мынчалык эмне озуно ишенет?Эрте менен чачымды тармалдатпай эле койбой.Куноону чачыма койдумда,жайылып турган чачымды бууп салдым,кайра эстеп алып кулупда алдым,жинди элемин чачымды эмнеге бууп салдым деп... :99:
Жумуш кунумда аяктап уйго келе жатсам,иий жакшы кыз куник кыздардын бетине сулуу кыздын суротун тартып иштейм де-деп турат подъездин алдында :11:
-...
-Номеринди берчи?
-Телефон колдонбойм, колдонгонумдада сага бермек эмесмин...
-Ошондойде.. .Кайсы бир убакытта менден званок барса чочубагын.
-Ар бир эле адам таап чала тургандай,менин номерим баарында эле бар эмес.
-Мейли мен эс алайын,телефондо суйлошкончо. ..
Тооба ушундайда адам болобу?Мен аны кармагансып эс алайын мен дегеничиии :80:
Окшошкон кундор,жумуш уй,уй жумуш...
Тунку саат 3,телефонумдун конгуроосунан ойгонуп кеттим,карасам номер жашырылган экен,алсам айды карасан сага окшош сулуу болуп калыптыр,уйку сурап турсамда ошол экенин даана билдим.
-Номерди кайдан алдын?
-асмандан жазып алдым.
-хаха,жаш бала эмесмин,озу сен кандай адамсын?Саатты карабайсынбы, уйкумду буздунго.Маданияттан кийин туулган окшойсун э?
-Маданиятка чейин эле туулгам,айтмакчы менин атым Акыл,9*-жылы маданият туулгандан кийин эле туулгам.
-аа жакшы.
-Сенин атын Сауле 9*-жылы туулгансын, айтпасанда билем.
-Жакшы кал,менин уйкум келди,эс алайын.
-Сен менин уйкумду буздунго :80:
-Кайра жатып уланта бер,мени туш кор Жарыгым.
-Эммм-ммннее?
-тууут-тууут. .
Ууух макоо ушундайда болосунбу,озун гана ойлогон десе.
Ошондой кийин,куну-туну телефон чалуулар,чынында ага озумда байлана баштадым,акыркы убакта кулкумду келтирип текшереда баштады.
-Эртен жумуштагылар отуруш жасайсынарбы? Бирок барам деп ойлобо!
-Ооба.Сен кимсин мага озу,барамбы барбаймынбы озум билемин!
-Эртен билесин анда,мен сага ким экенимди...
-ххммм
-Суранам,мага мындай мамиле кылбагын сен мендиксин,уктунбу меникисин!
-хаха,качан озуно менчик кылып алдын?
-Бир коргондо.
-Мейли мен эс алайын!Пока(Бул коштошуу,андан мурун айтып калайын дегенимда,болбосо мен аны кармап жаткансып мен эс алайын деп жинимди келтирет)
Отурушка баргым келбей жатсада,ага очошуп жасанып алып жоноп калдым,жолго чыгып такси кармайын деп турсам,артымда машинадан катуу музыка чыгып келе жатат,музыкасынан эле ошол экенин сездим,кетип калганга мындайда же такси жок :80:
-Ииий чон кыз,жасанып алып мени кутуп турасызбы? (Эч озунукун бербейтда,анан баары ошол учун имиш)
-Жооок мен такси кутуп турам.
-Келиниз мен жеткирем.
-Жок!Кете берсен болот,мен озум эле.
-Машинага туш!
-Сен мага буйрук бербе,ананда мен тушпойм машинана...
Шарт машинадан туштуда,жини келе келдида,колумдан катуу кармап.Жакшына бол жарыгым,элдерге уят деп.Эч нерсе билбеген адам болуп жетелеп машинасына салдыда,эшикти жаап койду.Мына сага Сауле,ушунча эле экенсинго,ьушупда кете албайсын,сени тушуро да койбостур деп-озумду озум жемелей олтуруп калдым.
Ун созсуз машинасын жаай айдап бара жатат,менда суйлогонго батына албадым.Шаардын чет жагына барганда машинасын токтотту да,озунчо джентльмен болуп келип эшикти ачып тушурду (ичимен уууф ушунусуна шугур,эшикти ачпай тушуп озу кетип калса олло ынгайсыз болмокмун да деп ойлоп кеттим)
-Алтын кыз,тиги бийик бут кийим менен кыйналып калбайсызбы?
-Жок
-Андай би2иктер менен пешеходто чуркайм десен,хаха
-Ооба.
Бул жер ушундай кооз беле же мага ошондой сезилди беле,караап туруп калган экенмин,артыман келип кучактап калды.Колунан бошонойун десем,алым жеткидей эмес.Жулкуна берсем шарт бошоттуда,озуно каратып алып катуу кучактап туруп алды,ииий эми бошонуп корчу,кучагынан бошонгонго аракет кылып,алым жетпегенин сездимда жон гана туруп бердим,озгочо жыт,эч кимде жок!Бул корунуш магада жагып турду,копко турдук,анын жыты озгочо экен.Мына ушул кун экообузду жипсиз байлаган кун!
Атайын эле даярдык коргон окшойм,машинасында азык тулукда бар экен,аоарды жеп алып,копко журдук кол кармашып алып.Бир нерсени эстегендей кучактай калдыда,мына колдор эч качан узулбойт! Эч качан коё бербей жаным!Сенда айтчы эч качан коё бербейм дечи деп,бироо угуп ала тургандай шыбырап жатты.
Эч нерсе айта албадым,тек гана ушул минуталар,сааттар бутпосо экен деп кудайдан сурап жаттым.
Эч нерсе айтпа,эч нерсе дебе...
Бирок мен баарын билем баарын сезем,менин журогум алдабайт,ал сенин мендик экенинди билет жаным.
Уйго келгенден кийин коштошкум келбей корко турдум,кунуно аны корбосом экен десем бул саам карап тоё албай турдум.Корсо анын ошондой менменсиген мунозуно байланган экенмин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Saule.   22 Июнь 2016 - 13:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2019 15:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ошентип экообуздун бактылуу кундор башталды,ал жумуштан бошогондо,менда бошойм.Анан кетебиз кол кармашып алып,экообуздо бири-бирибизге деген кычас создорда калбады,анын ордуна бири-бирибизди аяп гана турабыз.Кээде тамашалап калам,мага муноздомо жазып бересизби деп,аода ооба кыйынмынго деп кулуп коёт.Бирок бактылуу болуш деле,суйуш деле оной эмес экен,кызганыч, кээде таарынышуу болуп калат.
Бир куну кундогудой жумушта олтурсам,бир кызды ээрчитип кирип калдыда,кечиресинер бул кесиптешимди сулуу кылып бере аласынарбы? Бугун кечебиз бар эле деп чыгып кетти, жиним келип турсада озу айтмакчы кесиптешинин бетине сулуу кыздын суротун тарта баштадым.Супсулуу кыз болуп чыга келди,аны коруп кызганыч озогумду орттоп жиберди.Озумду кармай албай убакты эле жумуштан уруксат алып уйго кетип калдым,ушундай чалгым келип эмне болгонун,неге андай кылганын билгим келседа чалбадым,алда чалбады :капамын:
Жинимди эмнеден чыгараарымды билбей,коптон бээри жыйналбаган нерселеримди чачып жиним келе жыйнай баштадым,аныда тез эле бутуп салдымда,камырды каттуу каттуу аралаштырып куймак бышырып баштадым (озу жегим деле келбей турган,озумду алаксытайын дегенминго сыягы)
Куймагымдыда бышырып аяктап калсам эшиктин конгуроосу басылып калды.
-Ким?
-Мен.
Ачкым келбей турсада ачтым,эч нерсе болбогондой кирип белимен сыга кучактап,бетимден суйдуда,кеттикпи?
-Каяка?
-Отурушка.
-Эч жака барбайм мен,тигин менен барабер.
-Кызганчаагымго, сендей сулуунун жанында коркунду бузбасын деп алып бардымда сени суйлуу кылсын деп.
-Алдай бербе болду,чыдабай ыйлап жибердим.
-Жиндиби мына кыз,ал жон гана машинан менен таштап кой дегенин,алып баргам.
-Болду макул кет!
-Мен сага келдим,журу кеттик.
-Мен мына турум менен эч жака кетпейм.
-Анда кач мен уйуно кирем,босогодо тура беребизби?
Суууз гана аны от деп,уйго киргизип экообуз чай ичтикда,ал тойго кетти,начальниктери тушоо той кылган имиш...
Менин атам кыргыз болгону менен апам казак кызы,экоо Казакстанда окуп жургондо таанышып уйлонушкон экен,апамдын Кыргыз жигитине турмушка чыгышына тага журтум бир топ эле каршы болушкан экен,ошол учун апакем жигит жандап калсан мени мн тааныштыр королу билели,бирок эч качан каршы болбойбуз дешет.Мен окукга откондон кийин,атамдын жумушуна байланыштуу, башка шаарга кочуп кеткенбиз,мен бюджеттик болумдо окуган учун,кете албай уйубуздо 2 дос кызым менен жашап калганмын.Аларда тез-тез келип турушат,жумушумдан суранып 1 жумага ата-энемдин жанына жонодум,ата- энем 1 туугандарымды коруп суйунуп,ата- энеме эркелеп тушко чейин уктамай,башка жумуш жок,Акыл менен болсо туну менен суйлошуп чыгам,деги эле ушул экообуздун созубуз бутпойт.Анын туулган куну эсимден чыгып калыптыр,ошол куну чалбады,менда алаксып чалбадым,кечинде СМС тушот,"Сен мени алдайт экенсинда,эн жакыным сен деп журсом туулган кунумду унуттун,же эмне атайын билип туруп шаардан кетип калдынбы?"
Аябай уялып кеттим,актанып СМСда жаза албадым...
1 саат откон сон чалдым,ызы-чуу, каткырык,музыка. ..Кыскасы башка бир аалам.Эмне кылаарымды билбей,кызганычтан, озумдун унутчаактыгымдан жиним келип олтурсам дагы СМС тушту.
"Чалбай турчу,сен ойлобосон мени досторум ойлойт экен,ошолор менен маанайымды которуп турганда,чалып маанайымды кайра тушурбочу" -деп.
Эч нерсе дей албадым,макул баары алдыда шаарга барганда кором деп жатып алдым.
Шаарга бараарыма 2 кун калган,бирок ошол 2 кун чалбады,менда чалгым келип номерин канча терип канча очурдум.Шаарга да келдим,кундогу кайталанма жашоо,жумуш уй,уй жумуш.Шаарга келгенимдеда 3 кун чалган жок,маанайым суууз жумуштан келе жатсам,алдымда турат.Суйунуп кеттим,бирок батынып эч нерсе суйлой албадым,жакын келдида сен жаман кызсын,сени суйгон мен сенденда жаманмын,сага капа болбойм макул,бирок мени мындай кундордо жалгыз калтырбагын, уктунбу?
Тиим эле апасынан конфет уурдап колго тушкон баладай,башымды гана ийкедим.
Катуу кучактадыда, жур эми менин туулган кунумду экообуз белгилейбиз деп,баякы экообуз биринчи барган шаардын четине алып барды,жай айы кеч кириши кыйынго,экообуз туулган кунду ошол жерде жетелешип журуп эле белгиледик, кеч кирип калган мезгилде кайтып келдик.Аны менен коштошуп кирип эле,аны мн таанышкан,анын кылыктарын жиндиликтерин эстеп бирде жылмайып,бирде кабагымды чытып коюп копко жаттым.Ангыча ал кундогудой туну чалды,эми эле коштошсок деле экообуздо соз тугонбойт.
Ошентип жай айынында сапары каарып,окуу баштала турган мезгил келип калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Izabella_an   22 Июнь 2016 - 14:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 01 Июнь 16
  • Соңку аракети: 16 Авг 2016 01:47
  • Жынысы:Аялзаты

Соонун сүйүү баяны)) дагыы жазыңыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Saule.   22 Июнь 2016 - 14:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2019 15:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сабагыбызда башталды,уйго айылга кеткен 2 курбумда келди,колдорунда сумка,тандыр нан,эт,курут кыскасы апалары бар тапкандарын салып берген,суйлошсок жанылыктар тугонбойт,ар кайсы жигитти айтышып,айылдагы чуркагандарын айтышып кыраан кулку салып олтуруп калдык,бири- бирибизди коргонубузго жетине албай,эртеси сабакада бардык тайпалаштар жылуу учурашып,суйлошуп ал куну сабакты деле кыйратпадык, бир убакта вотсаптан СМС келет карасам Акыл,"Ушунча шаарда журуп сентябрга кийим албадынбы?" -дейт.Окуп алып бир чети кулкум келсе,бир чети чын эле кийим албаганыма тан калдымда,кайра жооп жаздым "Эмне уялып кеттинби?"
-Ооба сени универден уйго жеткирейин дедим эледа.
-Анда кете бер,озум эле жетип алам,эгер уялсан..
-Тамашалайм чык,базарга же магазинге барып кийим алышым керек эле,сенда алаттырсын?
-Ооба жаным,чыксам чалам.
-Чалбай эле чыга бер,силердин айлананардабыз асылым.
Досторум менен коштошуп анын машинасына тушуп жоноп калдык,1 досун кошо салып алыптыр,аны бир жерге тушуруп койдукда.бренд микске келип 1 катардан кийим алдык.
Озум боюм узун болсода,бийик кийгенди жакшы кором.Кээде Акылдан узун болуп кетсем,чеччи мынанды ушул боюн кичине салмагынада чыкса болмок,качан семиресин деп калат.
Андайда менда чычалап,эмне семиртип алып,семиз экенсин деп таштап кеткин барбы деп кулуп калат элек.
Ойдо жок,эч кимдин оюнада келбеген нерселерди жасаганды жакшы корот,кээде жиним келсе кээде чексиз кубанып,катуу кучактап,чымчылап алам колдорунан, сабак башталгандан бээри кызганганы кучоп обед болсо эле универге жетип келет,тайпалаш балдар менен суйлошуп турганымды коруп калса,эээй кыз берке деп эле чакырып алат,ал ансайын тайпалаштарга табылбай эле калат кулку кылып жиберишет.
Бир куну чалып эле даярдан бугун сени досторум менен тааныштырам, туулган кунго барабыз деп калды,4 саат кузгудо турдум окшойт,ар кайсы койнокту кийип коруп,чалдыда чыгып тур баратам десе шашып эле чыгып алыпмын,домдун алдында турам жок,аары бээри басам интернет чукулап коём,20минутадай ото баштады чындап жиним келе баштады,чалып келе жатасынбы десем иий таппай турган экенда дебесин,келип калса азыр чыктым дешим керек деп турсам келип калды,машинадан тушуп эле кел отур деп отургузуп кетип жатабыз.
-Кутуп калбадынбы кунум?
-Жоок эми эле чыккамда,анан сен келдин
-Мен жарым саат мурун чалып чык дегемго.
-...
-Хахаха жалганчым,сага чалып коюп эле жашынып тургам,аяябай шашып чыктынго,дагы аары бээри басып кутконунчу. ..
Артында олтурат элем,суйлобо жинди деп колум менен оозун баса калдым,уялып кетип.
-Ахахаха болду эми мойнуна алсан мени кутконунду, а мен сени дацым кутом,сагынам. .
-Мен да сагынам,(артында туруп чачтарын уйпалап койдум.)
Жетчуу жерге жетип да келдик,баары эле кыздары менен алардын арасына бизда кошулдук.Бокалдар кагылып туулган кун ээсин куттуктай баштадык,баары шандуу конулдуу,Акыл эле кээде кызганып коёт достору караса козу мн атып таштагыдай карап.Баарыбыз тааныштык,кыздарыда оздоруно окшош жакшы кыздар экен,тез эле тил табышып бийлегендери бийлеп бийлей албагандар суйлошуп олтуруп калдык,ошондода Акыл колумду коё бербейт.
Ал кунда жакшы кун болуп,досторунун кыздары менен телефондода суйлошо баштадым,мамилебиз жакшы болуп,группа ачып алып жигиттерибиздин жургондорун аары бээри обсуждение да кыла баштадык.
Акырындап жатып,бир туугандары мененда тааныштым алар деле жакшы мамиле кылышып,карындаштары ошол мезгилде эле жене деп калышты.Жигиттер деген жигиттер экенда эч нерсеге карабай мага чалып жазып жургондорду корсо номеримди сындырып салат,акыркы убакта айлап эле номер алмаштыра турган болуп калдым,озунун телефонунда кыз дегер эч ким жок,кээде уруш кылайын десенда.Эн кызыгы мага анын ата-энеси болчу,алар жонундо эч нерсе айтпайт,менда сураштан тартынам.Бир куну жумушта олтурсан озуно караган,сулуусунан келген аял кирип калды,макияж жасап жатсам
-Сауле деген сенби?
-ооба эже,мен...
-Жакшы кызым,эми сага гана келип турам,номеринди берчи.
Макул деп эле номеримди берип,акчасын алып жылуу коштоштук.
Коп отпой эле Акыл чалды,менин супсулуу апама дагы неге бетине тонна чаптадын деп,жинди жинди и сен атайладын десем,ооба не болуптур?Апам корсун дедимда,бирок апама жакпапсын дейт.
Макул жакпасам,эмне ошону айтайын деп чалжынбы десем,кулуууп эле,жагыпсын жагыпсын ойлонбо,кыжаалат болбо дейт.
Жиним келе туштуда,мен апана жакпай калсам эмнеге кыжаалат болот элем,озунду аябай сезип алдынго деп телефонумду очуруп салдым,типа тарынып. :rolleyes:
Жумуштан чыгып уйго барсам турат,эмне болду десем.Суйлотпой эле оозумду жаба,кучактап алды.Уйго кирсек кыздар эт мн картошео кууруган экен аны жеп алып,кеч кирип калганда сейилдеп жонодук,жоо кыйла жерди бастык,аябай чарчадымда, Акыл болду уйго жете албайм басып десем,анда такси чыкырып кете бер деп иыскылдап кулот.Такси чыкырган мындай болот деп артына жабышып алдым,эми которбой айласыда жок болчу))
Ошол куну экообуз тен уйго кирбедик,алда уйго кетпеди,машинада уктадык.
Эрте менен ойгонуп алып ушундай онорун бар беле,уктай албай чыктым,конурук тартат экенсин,омур бою ушундай конурук тарькан аял менен жашаймынбы деп шылдындап кулот,мен ансайвн чычалап,анын чачтарып уйпалап,бетинен тиштеп тиштеп алам

Билдирүүнү түзөткөн: Saule.: 22 Июнь 2016 - 15:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   jurogumdosun   22 Июнь 2016 - 15:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Эх Бишкек, студенттик кундор ай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kani1994   22 Июнь 2016 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

СОНУН гоСүрөтдагы жаз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kanat.kg   22 Июнь 2016 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Айий Бул жагы озунчо эле керемет гоСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Ainuuurka   22 Июнь 2016 - 18:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 18 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Июн 2018 12:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Студенттик кундорум ай,эхх менин унутулгуз сезимдерим . . .эске келе тушту...Соонун суйуу баяны,улантыныз анда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Gulnazi   23 Июнь 2016 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 861
  • Катталган: 06 Апрель 11
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 11:07
  • Жынысы:Белгисиз

Мага жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Nazik.   23 Июнь 2016 - 11:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 989
  • Катталган: 28 Апрель 15
  • Соңку аракети: 03 Июл 2018 11:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыл шаар)))

Чыгармабы деймСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   23 Июнь 2016 - 11:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Ооба Корейский сериалдарга окшош экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Saule.   23 Июнь 2016 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2019 15:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

(Чектоо бар экен,аны билбептирмин. Озумда куттурбой коооптон жазайын дедим эле)
Ошентип ары кызыктуу,ары бактылуу менин студенттик кундорум отуп жатты,ар бир кунумду жазсам корейский кино болуп кетет,бутпогон)
Куз айында окуу жайыбызда "Кузгу серенада" кечеси болуп алып баруучу болуп калдым,1 курс жогору окуган мырза менен.Эми элестетиниздер элди карап суйлой албайм карасам эле Акыл козу менен атып салгандай карайт,сахнанын артына отсом СМС жазат,3 сааттык концерт мен учун 3 кун болгондой болуп кыйналып кеттим,озумду озум урушуп койгонумчу сага ушул керек беле,мындай суйуунун эмне кереги бар деп,ошентип кечебизда аяктады.4 ай ичинде гул бербеген джентльменим биринчи жолу гул берип элдин козунчо алып чыгып кетти,бул дегени баарына козунорду ачкыла бул менин кызым деген белги имиш))
Куз айы дагы оз окумун суруп бутуп,кыштын биринчи айлары ээх менин суйгон мезгилим! Менин жан дуйномду тазалаган эн сонун мезгил!
Биринчи кар.
-Акыл козунду ачсан,турсан. ..Терезеге барчыыыы
-Ииий эмне болду?Сагынып келип алдынбы?
-Ооба сага
-Хаха карангыда комнатандан аран чыгасынго,башка болмого.
-Акыл жончу дейм,терезени карасан айлана аппак шуба кийип алыптыр...
-Анан?Сагада шуба алып берейинби?
-Жинди.Жок дегенде мен романтик болойун десем баарын буздун.
-Ааазыр анда, (терезеге келди окшойт)оооу жука шуба кийип алыптырго,анан 1 кундо эле жыртылат))Мен сага калын кооп кийгидей шуба алып берем.Эс ал эми.
-Сен терезеге келгенин менен баарыбир романтиканы тушунбойсун! Жакшы эс ал!
Суйлошуп бутуп кабагымды чыта копко уктай албай жаттым,эрте менен турсам кыздар ай ушул кыш жакпайтда,менин кышкы отугум айылда да,ой мен жаны алышым керекго деп проблема кылып олтурушуптур. Ошол куну дем алыш болгон учун,учообуз буттарыбыз талганча отук издедик.Тажаганда иий бала болгонубузда ушинтейт элек э деп,кыз болгонубузга нараазы болумуш болуп кубуронуп коёбуз.Учообуз окшош отукторду алып,суйунуп уйго келдик,ал мезгилдеда Акыл чалып сурап турат.
Кечинде эшик кагылганынан ачсак Акыл турат,колунда баштык,кирип ачсак аппак куртка.Озум арык боюм узун болгон учун,жени бир аз кыска болуп калды((
Эртеси Акылгада дем алыш болгон учун,куртканы алмаштырганча магазин кыдырдык.Бул кылыктарыбыз Акылдын апасына бир аз жакпай турду окшойт,телефондо урушумуш болуп койду.Эмне ал кыз башынды айландырганбы деп,а менин айланамдагылар мага айтат ал эмне сенин башынды айландырып алганбы деп.Анан мен кулуп калам баш айландырышпай эле,суйуу эле ушинтет окшойт деп.
Апамдын суранычы боюнча атамдын досунун баласы менен жолукмай болдум,уйдун кичине баласы имиш,ага тийсем алаканында журот экенмин))
Апамдын жолугуп кор деген суранычын четке кага албай макул болдум,бирок Акылга айта албадым,билгизбей жолукмай болдум.
Жолугушчуу кун келип агада жолуктум,чынында менин мырзам эмесин 1 коргондо эле билдим,эки созундо эле чет элде окуганы,кантип иштегени,апасы коп кыздарды тапканын коп кыздан баш тартканы жонундо суйлойт,булардын мага кызыгы жок болчу,ичимден аябай бушайман тартып олтурдум Акыл билбесе экен деп.Бирок кынырт иш 40жылда билинет дегендей,40кунго жетпей Акыл билди,бирок кайдан?Кантип?
озумдун деле башым жетпеди,катуу айтып урушту,кайра суранды бирок мен суйлобой койгонум учун аябай катуу тарынып кетип калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Saule.: 23 Июнь 2016 - 12:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Shirinim345   23 Июнь 2016 - 14:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

Башында соонун башталган элееда,ииий улантыныз эми. :гезит:
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Saule.   23 Июнь 2016 - 15:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2019 15:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Копко тарынып журду,1 жумадай чалбады,чалсам албай койду,бирок билип турдум баарыбир мени козомолдоп жургонун андыктан куурап калган куурайга от жакпай турушум керек,кадамымды абайлап басып калдым.Кышкы каникулда жакындай баштады,ата- энеме аз кунго болсода барышым керек.Ошого чейин корсом экен деп сагына баштадым,кыздар амалы боюнча тулкудонда ашат экенбизда башка шаардагы досумдун Акыл иштеген банк аркылуу акча которушун сурандык,булда болсо досторумдун ойлоп тапканы.Акчада тушту озубузчо кечеге бараткансып жасанып алдык,кышта жыланбаш болуп шарф оронуп :tongue: 1 досум экооз кирип бардык,жигит олтурат корсода кормоксон болуп,иштешкен кесиптештерин тааныган учун алар менен жылуу саламдашып бир досу тейледи.Чыгып алып конул бурбаганына аябай ызаландым,уйго барып ыйладым.Кышкы сессия башталган учун,алаксып кеттим,кун кыска болуп жетишпегеним учун жумуштанда чыгып алдым,кунарсыз кундор башталды.Кыш мезгилинде эч качан конулум чокпогон эле,ошол учун кышты жакшы корот элем.А ошол мезгилде кышты деле жаман коруп кеттим,айлананы эмес,жан дуйномду деле муздатып салдыго деп...
Акыркы экзаменди тапшырып бутуп,болду эми айрылыштык окшойт,ата-энеме эртен эле барам,келбейм деп ызаланып уйго барсам,домдун алдында Акылдын машинасы турат,ыйлагым келип уйго кирсем эч нерсе болбогондой досторум менен суйлошуп олтурат.Сырткы кийимдеримди чечкичем жаныма келип калды,келип эле катуу кучактап,мурдуман чымчып койсо,ызама чыдабай ыйлап жибердим.Досторум кулуп жатышат,Акыл болсо болду ииий жинди болдунбу турамго деседа ыйлай бердим.Ыйлап буткучом баары кутушту,ыйлап бутуп Акылды карап жиндимсин десем.
-Ииий экзаменден 2 алдынбы?
-Мен сага окшоп 2чи эмесмин (былтындап)
-Анан эмне мурунун оорудубу?
-Ооба
Хахааха учоо бири-бирин коштоп кулуп жатышты,айла жок кошулуп кулдум,озуму озум шылдындап.
Олтуруп алып Акыл алып келген тортту жеп алып,кыштын ызгаарына карабай кол кармашып алып,басып жонодук.2 сааттай бастыкда,ушуп калгандыктан чуркай баштадык.Уйго келип аябай суйунуп болду келбейм бутту, деген ойлорум кайдадыр учуп кетти,кайрадан тунку чалуулар башталды,Акылдан атасы жонундо сурай баштадым.Бирок мен тушуно турган эч нерсе деле айтпады,камкор ата экенин,Акылдарды ушул даражага жеткиргенин, эч нерседен кем кылбаганын айтып,озунчо бир башкача болуп элжиреп алды.Каникул келип жумушумда жок болгон учун 1 айга ата-энемдин жанына кеттим,албетте коштошуш оор болду.Коштошуп жатыпда ала качып кетпесин,апакен дагы бироолорго жолуктурбасын. Уйдон чыкпа,эч кимге барба...кыскасы аяяябай эле кулагыма бир нерселерди куйду.Какшыктай баарын тушундум чон ата деп,шуу жыттап алып жолумду уладым.
Мурун келсем убакыт тез эле откондой болот эле,бул каникул кылымдын каникулу болдуго,эркелеп уктамай,Акыл мн телефондо тарынышмай, кайра саатка жетпей эле жарашып алабыз.
Апама ынгайвн таап Акыл жонундода айттым,бирок апам кыйылгандай озубуздун эле тенге тийсен болмок,менда келгенде казак келин сепсиз келди,ата-энеси жарытылуу жашабайт экен деп чон энен тенине албаганы бар кызым деп отту.Анысына капа болгондой ой апакем ай эмнени айтып жатасыз биз элден кем жашабайбызго Акыл анысынада карабайт ал жонокой эле бала деп озунчо чычалагансып айтып оттум.

Билдирүүнү түзөткөн: Saule.: 23 Июнь 2016 - 15:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   asko55   23 Июнь 2016 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 442
  • Катталган: 26 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эх сүйүү, сүйүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   airada   23 Июнь 2016 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Ээхх, аябай сонун баян экен. Бизге да ушундай суйуулор келет болду бекен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   AikUrm   23 Июнь 2016 - 21:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 07 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2020 11:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тынчтык окум сургон жерде

Эххх суйуу,суйуу деп мурунду бир тартып олтуруп калдык уландысын кутуууп... :менин жүрөгүм:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kani1994   23 Июнь 2016 - 21:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

анан?дагы жазчы,КЫЗЫКТУУ экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Gulbadam95   23 Июнь 2016 - 21:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2017 21:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Аягы жакшы бутсо экен... :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Elinai   23 Июнь 2016 - 23:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 14:25

журогум дукулдоп атат окуганда аягы жакшы бутушуно чый-пыйым чыгып атааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 05:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: