Баткенде “Салттуу исламдын баалуулуктары” темасынын алкагындагы жыйын өттү
Бишкек, 22-июнь Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү Баткен облусунун Баткен шаарында 2014-2020 жылдарга КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана КРдин президенттинин “2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” боюнча жаргылын аткаруу алкагында биргелешкен түшүндүрүү-
профикалтикалык жыйынын өткөрдү.
Жыйынга ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков,
Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов,
райондук админстрациянын аппарат жетекчиси Эгемберди Абылов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, имамдар жана Баткен районундагы мекеме ишканалардын кызматкерлери катышышты.
Иш-чарада Пазыл ажы Султанмуратов учурдагы диний абалга токтолуп, жыйындын ишине ийгилик каалады. Ал эми ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков “Салттуу исламдын баалулуктары диний экстремизмге жана тероризмге каршы”, ”Манас эпосундагы исламдын орду” деген темаларда баяндама жасады. Ошондой эле катышуучуларга ”Манас эпосундагы исламдын орду” аталышындагы китептер тартылды.
Жыйындын катышуучулары 2014-2020 жылдарга КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын аткарууда коомчулукту руханий жактан тарбиялоо, динди чүмбөт кылган туура эмес агымдарга бөгөт коюда жана ага каршы турууда салттуу исламдын баалуулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.
Жыйын соңунда жергиликтүу бийлик өкүлдөрү укук коргоо түзүмдөрү, дин кызматкери биргеликте эл арасында, окуу жайларда, мечит, медреселерде,
массалык маалымат каражаттарында кеңири жайылтуу жана түшүндүү маселеси сунушталды.
Ошондой эле катышуучулар өз суроолоруна адистерден жооп алуу мүнкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Исламий жаңылыктар...
#542 23 June 2016 - 23:48
Баткенде “Коомчулукта адилеттүүлүктү орнотуу жана жакшылык кылууга салым кошуу” темасында жолугушуу өттү
Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекованын, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарынын, Баткен облусунун казыятынын өкүлдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин студенттеринин, ошондой эле медреселерде окуган студент кыздардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен “Коомчулукта адилеттүүлүктү орнотуу жана жакшылык кылууга салым кошуу” темасында жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун катышуучуларына адистер “Коомчулукта адилеттүүлүктү орнотуу жана жакшылык кылууга салым кошуу” багыттында бир катар пайдалуу маалыматтарды айтышты. Жолугушуунун жүрүшдө студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбековада жооп алышты. Ал эми аталган иш-чара Баткен облусунун казыяты “Стимул” коомдук фонду менен бирдикте “Медреселерде билим алган кыздар социалдык өзгөрүүлөрдүн позитивдүү демилгечилери” долбоорунун алкагында уюштурду.

لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#543 23 June 2016 - 23:49
Меккедеги ажылар эми электрондук билерик алышат
Ажылык амалдарын аткаруу үчүн Меккеге келишкен бардык зыяратчылар эми электрондук билерик алышат. Электрондук билерикте ажынын бардык жеке маалыматтары камтылган.
Билекрикте зыяратчынын келген өлкөсү, виза номуру, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлгөн. Андан тышкары электрондук билерикте ажынын Мекке, Медина жана башка ыйык жайдагы жайгашкан жерлери жана ажы башчынын байланыш номурлары боюнча туроператордун толук маалыматтары болот. Электрондук билериктеги маалыматтарды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү смартфондун жардамы аркасында алып турушат.
«Электрондук билерик-бул ажыларды тейлөөнүн жакшыруусундагы дагы бир кызмат. Эми чет тилдилин билбеген зыяратчылар жоголуп кетем деп кооптонушпай эле койсо болот»,-дейт Сауд Арабия падышачылыгынын ажы-умра боюнча министринин орун басары Эйс Мухаммед Равас.

#544 23 June 2016 - 23:50
Ош облусунун казысы ОшТУнун ректорун ыраазычылык барагы менен сыйлады
Ош облусунун мусулмандар казыятынын иш-чараларын өткөрүүдө көмөк көрсөтүп, кошкон салымы үчүн Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов ыраазычылык барак менен сыйланды. Аталган ыраазычылык баракты Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ош технологиялык университетинде ректор менен жолугушуу учурунда тапшырды. Облус казысы ректорго ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдын өнүгүүсүнө батасын бериди.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын иш-чараларын өткөрүүдө көмөк көрсөтүп, кошкон салымы үчүн Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов ыраазычылык барак менен сыйланды. Аталган ыраазычылык баракты Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ош технологиялык университетинде ректор менен жолугушуу учурунда тапшырды. Облус казысы ректорго ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдын өнүгүүсүнө батасын бериди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#545 23 June 2016 - 23:51
Ош шаардык казыяты ОшМУнун теология факултети менен кызматташтыкты жакшыртат
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош мамлекеттик университетинин теология факултетинин эмгек жамаатын кабыл алды. Эки тараптуу жолугушуу учурунда шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев теология факултети менен кызматташтыкты мындан дагы жакшыртуу жаатында оз оюн билдирип, Рамазан айы менен жалпы жаматты куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Ал эми ОшМУ теология факултетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче Түркия Диянет Фонду тарабынан каржыланып чыгарылган Куран китебинин орусча котормосу, “Куран сүрөөлөрүн үйрөнөбүз”, “Куран окууну үйрөнөмүн”, “Дин ыкластуулук”, “Хадис илиминин негизги маселелери” аталышындагы диний китептерди Ош шаардык мусулмандар казыятынын аймагындагы дин кызматкерлерине белек кылды.

#546 23 June 2016 - 23:52
Ош облустук казыяты турмуштун оор жүгүнө кабылган жардамга муктаж жаш үй-бүлөдөн кабар алды
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жашаган турмуш шарты оор абалга кабылган жаш үй-бүлөдөн кабар алып, азык-түлүк жана акчалай жардамдарын тапшырышты. Кабар алуу учурунда үй-бүлөнүн башчысы Рустамов Турусбек 26 жашта тубаса көзү азиз болгондуктан кастарлап турмуш курууга ден-соолугу аман-соо кыз келиндер чыкпаганын айтып, оор турмушту башынан өткөрүп жаткандыгы менен тааныштырды. 2015-жылы Каримова Айпери аттуу кызга турмуш куруп , тилеке каршы Айпери да атайын топтогу майып болгондуктан бутунун оорусунун айынан дубалдарга жөлөнүп басканга аргасыз. Экөөнүн бактысынан куралган бир жашка жакындап калган жалгыз кызы Сумая да тубаса көзү азиз болуп төрөлгөнүнө ичи ачышат. Мындай тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш үй-бүлө учурда Ош шаарынын мэриясына караштуу батирдин 5-кабатында убактылуу гана күн кечирип келишет. Тилеке каршы көп кабаттуу үйдө суу чыгарыла элек болгондуктан күнүмдүк ичүүчү жана керектөөчү сууну ташып ичүүдө кошуналардын жардамына муктаж болуп келишет. Анысы аз келгенсип ортодогу жаш наристе кызынын колун ысык печкага күйгүзүп алышкандыгын билдиришти. Жогорудагыдай турмушту кечирип жаткан үй-бүлөнүн абалына күбө болгон облус казысы Самидин кары Атабаев аларды сабырдуу, чыдамдуу болууга чакырып, Алланын жакшылыгынан үмүт үзбөөгө үндөп, казыят жамааты дайыма кол кабыш кылып тураарын билдирди.
Ал эми Турусбек Рустамов бардык колунда бар мусулман бир туугандардын жардамына муктаж экендигин билдирип, кайрымдуу инсандардан жашаганга бир бөлмөлүү батир алууга жардам берсе деген аманатын жеткирүүнү суранды. Турусбек Мусаевге жакындан жардам берем дегендер үчүн анын байланыш телефон номери 0778265984.

#547 23 June 2016 - 23:53
<<Улуу пайгамбардын ыйык жолу» аттуу китеп жарык көрдү
Пайгамбарыбыздын өмүр таржымалы алгач ирет кыргыз тилинде, энциклопедиялык жана хронологиялык негизде жарык көрдү. Бул эмгек опол тоодой ислам аалымдарынын зор мурастарынын негизинде түзүлүп, эң кызыгы китепке камтылган окуялдарды автор жеринен изилдеп жазган. Китептин автору белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек бул эмгекти Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан жана белгилүү аалым илимпоздордун текшерүүсүнөн бир нече ирет өткөргөн. Натыйжада түстүү атластар, даректүү сүрөттөр, жадыбалдар жана санжыралар камтылып, 22 баптык беш жылдык эмгек даярдалган. Улуу пайгамбардын ыйык жолу ислам динин түшүнүүгө чоң жардамын берет.

#548 24 June 2016 - 00:12
Абдула ажы Исламов “Ата өз балдарын кайрымдуулукка жана калыс жардам берүүгө үйрөтүүсү зарыл”
Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында жайгашкан “Ислам Нуру” мечитинин имам-хатиби Абдула ажы Исламов өз уулдарынын катышуусунда мечиттин айланасына жөө адамдар басууга ылайыкташтырып атайын цемент куюуу иштерин жүргүздү. Аталган иштерди аткарууда имам хатибдин балдары да оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам беришти. Имам хатиб Абдула ажынын айтымында Рамазан айында бир аз да болсо дилгирлигин көрсөткөн келечек жаштардын мындай ынтызаарлыгы жана эмгекчилдиги эң мыкты тарбияга багыт берээрин белгилеп, ар бир ата өз балдарын кайрымдуулукка жана калыс жардам берүүгө үйрөтүүсү зарылдыгын, анткени бул көрүнүш таза, ыймандуу жана адилеттүү коомдуу курууга жол ачаарын билдирди.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган мечиттин имам хатиби Абдылда Исламовдун демилгеси менен буга чейин бир топ мактоого алаарлык иш-аракеттер аткарылып келген.

#549 24 June 2016 - 00:24
Ош облусунун казысы «Көзү азиздер коомунун” жетекчисинен кабар алды
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыят жамааты менен биргеликте Оштогу «Мухсин-Нур» көзү азиздер коомунун жетекчиси Умаржан Иманбердиевден кабар алып, рамазан айы менен куттуктады. Зыярат учурунда Умаржан Ыманбердиевдин Брайл аппаратынын жардамы менен жазган «Мугалим Сали» жана тажвид боюнча Алипе, «10 дуба 10 аят», «40 хадис», «Көзү азиз сахабанын өмүр баяны» аталышындагы китептери менен таанышышып, динди жайылтууда жасап жаткан эмгектерине ыраазычылык билдиришти. Учурда У.Ыманбердиев көзү азиздер үчүн ылайыкташтырылган брайл аппаратында басып чыгарылган китептерин Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй аймактарындагы көзү азиз балдарга жөнөтүп жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары кыргыз тилиндеги “Рух азыгы” аталышындагы китепти да даярдоо алдында тургандыгы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан Ош облусундагы көзү азиз мусулман бир туугандар үчүн атайын чыгарылган 13 томдон турган 20 комплект жалпысы 260 даана Куран китеби тапшырылган болчу.

#550 11 July 2016 - 11:17
КИУнун студенттеринин Ысык-Көл облусундагы практикалык иштери аяктады
Ысык-Көл облусуна практикалык иштерин бекемдөөгө келишкен Кыргызстан ислам университетинин студенттерин облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков кабыл алып, аймактардагы эбегейсиз иштерине, өздөрүнүн билимдерин башкаларга үйрөтүп, ислам баалуулуктарын жайылтууга кошкон салымдарына ыраазычылыгын билдирди. Практиканттарды узатуу иш-чарасы «Premium» ресторанында өтүп, КИУнун студенттерине атайын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
«Студенттер жаштыгына карабастан аймактарда ислам динин туура жеткирүүдө атайын бекилген программанын негизинде сабак беришип, Таравих намазадарын жергиликтүү жамаат менен бирге окушту»,-деди облус казысы.
Эскерте кетсек, КИУнун студенттери бир ай аралыгында Кыргызстандын алыскы аймактарына бөлүнүшүп, өздөрүнүн тажрыйбаларын бекемдешти.

#551 11 July 2016 - 11:18
Ош облусунда орозо-фитирди текшерүү боюнча БТК өз ишин баштады
Ош облусунун мусулмандар казыятында борбордук текшерүү комиссиясынын Ош облустук мүчөлөрүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КМДБнын чарбалык бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешов, БТКнын Ош облусу боюнча текшерүү комиссиясынын башчысы Жусупов Каныбек, БТКнын облустук штаттан сырткаркы мүчөлөрү жана райондордун башкы имам хатибдери катышышты.
Жыйында 2016-жылдагы Рамазан айында Ош облусунун аймагындагы мусулмандардан чогулган мечиттердеги жана айт намазга алып барылган кутучуларга түшкөн элдин кайрымдуулук акчаларын эсептөө боюнча маселелер каралып, тиешелүү токтомго ылайык тартип-эрежелер түшүндүрүлдү. Андан соң БТКнын төрагасынын буйругу менен атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү 7 районго бөлүнүп, мечиттерде жыйналган орозо-фитирлерди эсептеп текшерип, протоколдоштуруу үчүн жөнөп кетишти.

#552 11 July 2016 - 11:19
Бишкек шаардык казыяты фитир-садаканы тарата баштады
Бишкек шаардык казыяты борбордук мечитте катталган 758 адамга 2016-жылдагы фитир-садакадан чогултулган акча каражатын тарата баштады. Учурда 400 адамга 328 миӊ сом акча каражаты таратылган.
«Ар бир келип түшкөн арыздар Бишкек шаардык казыятында түзүлгөн атайын комиссиянын негизиде каралып, муктаждарга жана бей-бечараларга, оор турумушту кечирип жаткан бир туугандарга 700 сомдон 1000 сомго чейинки акча каражаттары таратылды», -деди шаар казысынын орун басары Алманбет ажы Суеркулов.
Кайрымдуулук иш-чарасы эртен, 9-июлда дагы улантылып, шаардык казыятка келип түшкөн фитир-садака толугу менен таратылып берилмекчи.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык казыяты 15-июндан 27-июнга чейин жардамга муктаж адамдардын арыздарын кабыл алган.

#553 11 July 2016 - 11:21
Ошто “Жалгыз-Бак” мечитинде заманбап китепкана дүкөнү иштеп баштады
Ош облусуун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн “Жалгыз-Бак” мечитинде заманбап китеп дүкөнү иштеп баштады. Бул боюнча мечиттин жооптуу имам хатиби Сардор ажы Обидов билдирди. Анын айтымында дүкөндө бардык диний китептерди табууга болот жана кошумча керектүү буюм-тайымдар да сатыкка коюлду. Учурда мечитке келген жашоочулар дүкөндүн ачылышы жарандар үчүн абдан ыңгайлуу шарт жарата алгандыгын билдиришүүдө. Мындан сырткары элдин суроо-талабына ылайык китептерди жана башка товарлар менен толуктаганга аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Ош облусуун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн “Жалгыз-Бак” мечитинде заманбап китеп дүкөнү иштеп баштады. Бул боюнча мечиттин жооптуу имам хатиби Сардор ажы Обидов билдирди. Анын айтымында дүкөндө бардык диний китептерди табууга болот жана кошумча керектүү буюм-тайымдар да сатыкка коюлду. Учурда мечитке келген жашоочулар дүкөндүн ачылышы жарандар үчүн абдан ыңгайлуу шарт жарата алгандыгын билдиришүүдө. Мындан сырткары элдин суроо-талабына ылайык китептерди жана башка товарлар менен толуктаганга аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#554 11 July 2016 - 11:23
И.Арабаев атындагы КМУда теологиялык колледждин расмий ачылышы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында ачылган теологиялык колледждин расмий ачылышы болду. Расмий салтанатта Ислам теологиясы боюнча ачылган колледждин зарылдыгы, анын миссиясы,максаты жөнүндө анын негиздөөчүлөрү, жетекчилери, КР Билим берүү жана илим министрлигинен Ашымбаева Т.А., КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Молдалиев Ө.А., Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана И. Арабаев атындагы КМУнин ректору Абдырахманов Т.А. баяндамаларды жасашты.
Теологиялык колледждин ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалыматты катышуучулар слайд аркылуу көрсөтүшүп, окуу жай боюнча түшүндүрүп беришти. Иш чарага элчиликтерден, теология факултеттеринен, диний окуу жайлардан өкүлдөр катышышты.

#555 11 July 2016 - 11:24
Жалал-Абаддагы имамдарга отчет жазууну үйрөтүү иши уланууда
Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз кары район, шаарлардын имамдары мониторинг комиссиясынын жооптуу катчысы Нурбек уулу Эдил менен айлык отчетторун жакшыртуу боюнча чакан жыйын өткөрдү. Жыйында мониторинг комиссиясынын жооптуу катчысы Нурбек уулу Эдил КМДБ тарабынан берилген айлык отчеттун толтуруу жолдорун түшүндүрүү боюнча отчеттун ар бир пункттуна кеңири токтолуп өтүп, отчетторду өз убагында тапшыруу ар бир имамга милдет экенин эскертип, отчетту кечиктирбей өз убагында казыятка тапшыруусун райондун баш имам хатибтеринен талап кылды. Жыйындын аягында имамдар түшүнбөгөн суроолорун беришип, канаттандыраарлык жоопторду алышышты.

#556 11 July 2016 - 11:25
Азирети муфтийинин орун басары иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында облустагы диний кырдаал, казыяттын ишмердүүлүгү жана ажылык тармагындагы аткарылып жаткан бир катар иштер менен жеринде таашышмакчы. Муну менен катар Азирети муфтийинин орун басары 15-июндан тарта Баткен облусуна иш сапары менен барып, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча жеринде таагышаары күтүлүүдө.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында облустагы диний кырдаал, казыяттын ишмердүүлүгү жана ажылык тармагындагы аткарылып жаткан бир катар иштер менен жеринде таашышмакчы. Муну менен катар Азирети муфтийинин орун басары 15-июндан тарта Баткен облусуна иш сапары менен барып, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча жеринде таагышаары күтүлүүдө.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#557 19 July 2016 - 18:01
Э бу таза эле кысып калышты го мусулмандарды.
Эми Бишкекте шаар тургундарынын арыздангандарынын негизинде кеч кирген убактардагы азандар громкоговоритель менен айтылбашы керек экен, мындайча айтканда микрофону жок. Ошондо Куптан менен Багымдаттагы намаздарда ошентишеби?
Ким укту бул жанылыкты?
Реал чемпиооон!!!
#558 19 July 2016 - 18:28
Э бу таза эле кысып калышты го мусулмандарды.
Эми Бишкекте шаар тургундарынын арыздангандарынын негизинде кеч кирген убактардагы азандар громкоговоритель менен айтылбашы керек экен, мындайча айтканда микрофону жок. Ошондо Куптан менен Багымдаттагы намаздарда ошентишеби?
Ким укту бул жанылыкты?
Кайдан уктуңуз?
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#560 19 July 2016 - 18:39
Кудай өзү сактасынчы!
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

Супер-Инфо
super.kg
видео