Sweet-Lika (15 Май 2016 - 08:47) жазган:
"Ар бир башка тилде сүйлөгөн бир сөз үчүн 100сом штраф!"
Сиздин версияңызды алып, мыйзам киргизе турган болсок, анда, паспорт алуу үчүн документтик көйгөйлөрдөн тышкары, тилден экзамен тапшырып, "толук кандуу кыргыз" деген "справка" алуу керек болот. Бул бир.
Анан ошол эле, (мисалы, көп ата-энелер соо эле балдарына альтернативаны сатып алып берген сымал) "справканы" сатып ала башташат. Бул экинчиси. Анан бир күнү эле баягы "толук кандуу эмес кыргыз" байкуш машина айдап баратып, инспектор токтотсо "толук кандуу кыргыз" документин көрсөтөт, бирок башка тилде саламдашат. Оо, инспектордун көзүнө ал кыргыз байкуш канча доллар болуп көрүнөөр экен ээ? Анан ал кыргыз байкуш ал жерден да акча төлөйт. (Үч). Бир төлөйт, эки төлөйт…анан кыргыз тили курсуна барып да болсо кыргызча үйрөнөт...
Бирок ал "тил" ага ушунчалык көп көйгөйдү жаратканы үчүн жек көрүндү тил болот… Андыктан, келгиле өзүбүздүн балдарыбыздан баштайбыз тил үйрөтүүнү. Баланын тили кандай чыгат бул ата энеден көз каранды. Же баланын тили чөйрөгө аралашып анан чыккан жери жок го!
Хм. Озунуз койгон капаска озунуз эле тушуп калдыныз окшойт. Азайтып эсептегенде эле 200 сом айыпка кабылдыныз: " штраф"- айып, "справка" - мен билбейм кыргызчасы кандай болот, бирок кайсы бир убакта окугамда.