I. КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН ВАЖИП БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Имам Азам агымы боюнча, төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу важип болуп эсептелет:
А. Мусулман болуу
Б. Акыл-эси соо, балагатка жеткен болуу
В. Сапар учурунда болбоо
Г. Айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Тагыраак айтканда, эң азынан 80 грамм алтын өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болуу.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#121 12 June 2016 - 21:59
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#122 12 June 2016 - 22:20
II. КУРМАНДЫКТЫН РУКУНУ (түркүгү)
Курмандыктын рукуну – мал-жандыктын мууздалышы. Мууздалбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт.
Курмандык чалуу ибадат болгондугу үчүн ага ниет кылуу шарт.
III. КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН УБАГЫ
Курман айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү курмандык чалууга болот.
Курмандыкты биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык айт
намазынан мурда союлбашы керек. Бул Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам)
Пайгамбарыбыздын буйругу. Айт намазы окулбаган жерлерде айт күнү багымдат намазынын убагынан баштап курмандык чала берсе болот. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.

#123 12 June 2016 - 22:31
IV. КАЙСЫ МАЛ-ЖАНДЫКТАР КУРМАНДЫККА ЧАЛЫНАТ?
Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат. Буйволдор да уй тукумуна кирет. Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттар талап кылынат: кой-эчки 1 жаш болушу керек. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек.
Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок- өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт. Курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен.
V. МАЛ-ЖАНДЫКТЫН КУРМАНДЫККА ТОСКООЛДУК ЖАРАТКАН КЕМТИКТЕРИ
Мал-жандыктын курмандыкка жооп беришине негизинен төрт жагдай тоскоолдук жаратат. Демек, бир көзү сокур, ылаңы бар, аксак же көтөрүм мал курмандыкка жарабайт.
Мына ушул жагдайларга салыштырма жолу менен аныкталган кошумча кемтиктер төмөнкүлөр: көпчүлүк тишинин жок болушу, кулактарынын кесик болушу, бир же эки мүйүзүнүн тең түбүнөн жок (сындырылган) болушу, куйругунун жартысынан көбү жок болушу, эмчегинин учтары кесик болуу. Мындай кемтиктер мал-жандыктын курмандыкка
чалынышы үчүн тоскоолдук жаратат.

#124 13 June 2016 - 00:09
VI. КУРМАНДЫКТЫ БИРГЕЛЕШИП ЧАЛУУ
Кой-эчкиден бир гана курмандык болот. Ал эми уй жана төө түрүнөн болсо эң көп жети курмандык болот. Демек, кой-эчкини биргелешип курмандыкка чалууга болбойт. Аны бир гана киши чалышы керек. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип сойууга болот.
Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Ошондой эле бардыгы важип же мандуп болгон курмандыктардын бирине ниет кылуулары кажет. Эгер араларынан бири гана эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат.
Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.
VII. КУРМАНДЫК ЧАЛУУ
Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алпаруу кажет.
Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү сойот. Малды сое турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт: «инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил-
ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам сүрөсү, 162). Аяттын маанисин дуба иретинде да
айтса болот. Аяттын мааниси төмөнкүчө: «окуган намазым, курмандыгым жана башка
ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана.
Анын эч бир шериги жок»
Шариятка ылайык мууздоо үчүн мал-жандыктын дем алуу түтүгүн, кекиртегин
жана бул экөөнүн жанында орун алган эки кан тамырды (күрөө тамыр) кесүү зарыл. Имам
Азамдын пикиринде, мунун эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.
Малды өткүр бычак менен мууздап, жаны чыкканга чейин башы денесинен бөлүнбөшү керек. Ошондой эле жаны чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
Мал-жандыкты кыбыла тарапка каратып мууздоо сүннөт болуп эсептелет. Уй жана кой түрү сол ыптасынан жаткырылып, ал эми төө алдыңкы сол буту байланып өйдө турган калыбында мууздалат.

#125 13 June 2016 - 00:15
VIII. КУРМАНДЫК ЭТИ
Курман айтта союлган курмандык малдын этинен өз ээси да, башка адамдар да пайдалана алат.
Курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу мустахап болуп саналат. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберүү да мүмкүн.
Курмандыкты ээсинин атынан сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерседе колдонууга шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылышы керек.
Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт. Ага өзүнчө акча төлөп берүү кажет.
Курмандыктын терисинен жайнамаз ж.б. жасоого болот. Курмандыктын этинен мусулман эместерге да берсе болот.
IX. КУРМАНДЫККА БАЙЛАНЫШКАН АЙРЫМ БИР МАСЕЛЕЛЕР
Курмандык чалууга милдеттүү адам курмандык чалбай айтты өткөзсө, анын мойнунан бул милдет түшпөйт.
Айттын биринчи күнү чак түшкө чейин айт күнү болгондугу билинсе, айт намазы окулат, курмандык чалынат. Чак түштөн кийин билинсе, ал күнү курмандык чалынат. Ал эми айт намазы эртеси күнү окулат.
Курмандыкка чалынчу мал тууса, баласы менен кошо мууздалат. Эгер баласы
мууздалбаса, анын наркы садага иретинде берилет.
Курмандыкка союлчу малдын сүтү саалса, аны садага кылуу керек.
Курмандык чалуунун ордуна анын акчасын садага иретинде берүү курмандык болуп эсептелбейт

#126 22 June 2016 - 14:29
X. АКИКА КУРМАНДЫГЫ
Жаңы төрөлгөн наристе үчүн Жараткан Аллага шүгүр келтирүү максатында союлган мал «акика курмандыгы» деп аталат. Имам Азам агымы боюнча, акика курмандыгы мубах болуп эсептелет. Акика курмандыгын наристенин төрөлүшүнө 7 күн болгондо чалуу мустахап.
Асыресе, акика курмандыгын бала жети жашка чыкканга чейин чалса да болот.
Наристенин төрөлүшүнүн 7-күнү балага ысым берүү, чачын алып, анын өлчөмүндө алтын же күмүш садага кылуу абзел.
Акика курмандыгына да курмандыкка жараган малдардан чалынат.
Акика курмандыгынын этинен касапчы, курмандык чалган адамдын үй-бүлөсү, тууган-туушкандары пайдаланса болот. Андан кедей-кембагалдарга да берүү мүмкүн.
XI. ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН БАЛАГА БАЙЛАНЫШКАН ИШТЕР
Жаңы төрөлгөн наристенин оң кулагына азан, сол кулагына каамат айтуу – бул мустахап болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз небереси Хасандын оң кулагына азан айтканы хадис китептерде жазылуу. (Абу Давуд, Адаб, 107). Ошентип жаңы төрөлгөн балага алгач азан үнү угузулуп, шайтандын ар түрдүү азгырык шыбыштарынан Аллага баш калкаланган болот.
Балага төрөлгөн күнү же кийин ат коюлат. Жакшы ысым койуу сүннөт. Ислам ишенимине карама-каршы маанидеги аттар же Исламга душмандыгы менен атагы чыккан адамдардын аттары мусулман баласына коюлбайт. Мурда коюлган ысымдын мааниси начар болсо, аны жакшы ысымга алмаштырып койуу дурус.

#127 26 June 2016 - 12:42
ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
КАСАМ, НАЗИР ЖАНА КАФФАРАТ
I. КАСАМ
Касам – бир ишти жасап-жасабоо максатында сөздү бекемдөө үчүн Алланын атын оозанып сөз берүү.
Касам Алла Тааланын ысым-сыпаттарын оозануу менен жүзөгө ашат.
Пайгамбарлар, ыйык жерлер менен сөз берүү касам болуп саналбайт. Асыресе, Куранга касам ичүү жарактуу эсептелет. Себеби Куран Алланын сөзү. Ошондой эле адалды арам кылуу же арамды адал кылуу үчүн айтылган сөздөр да касамга кирет. Маселен, «Валлахи, Аллага касам ичем! Бул нерсе (адал азык же нерсе) мага арам болсун!» деп айтуу сыяктуу.
Куранда касам жөнүндө Алла Таала: «Алла байкоостон айтылган (чын дилиңерден чыкпаган) касамыңар үчүн жазалабайт. Бирок атайын биле туруп ичкен касамыңар үчүн жооп бересиңер. (Эгер ант-касамыңарды бузсаңар) анын төлөмү (каффараты) – үй-бүлөңөрдү тамактандыра турган орточо эсептеги тамак-аш менен он кедейди тойгузуу жана аларды кийиндирүү, же бир кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер муну аткара албасаңар,
үч күн орозо кармоо зарылчылыгы бар. Бузган касамыңардын жазасы – мына ушундай.
Касамыңарды сактагыла (жөнү жок эле Алланын атын оозанып касам иче бербегиле! )
Алла Таала силерге аяттарын ушинтип билдирет. Мүмкүн шүгүр келтирээрсиңер»
(Маида сүрөсү, 89)

#128 26 June 2016 - 12:48
А. КАСАМДЫН ТҮРЛӨРҮ
Касам үч түргө бөлүнөт:
1. Байкоостон айтылган касам / Лагв касамы: байкоостон жана бул же тигил иштин туура болгондугун ойлоп айтылган касам жараксыз болуп эсептелет. Бул «лагв» касамы деп аталат. Мисалы, төлөй элек карызын төлөгөнүн ойлоп «валлахи, карызымды бергем» деп айтуу жараксыз касамга кирет. Андыктан анүчүн өзүнчө жазанын кажети жок. Анткени.бул байкоостон, жаңылыштык менен айтылган касам.
2. Жалган айтылган касам / Гамус касамы:
иштин чоо-жайын биле туруп жалган касам ичүү – чоң күнөө. Төлөнө элек карызын айкын биле туруп, көз көрүнөө «валлахи,.карызыман кутулгам! » деп айтуу сыяктуу. Бул жерде Алла Таала жеке кызыкчылык үчүн жалган ишке күбө тутулат. Мындай кадамга барган адам дароо Алла Таалага тооба кылып (бул ишке экинчи жолобоо үчүн сөз берип) кечирим тилеп карызын төлөшү керек.
Асыресе, жалган касам ичүү менен моралдык жактан да адам укугун тепсегени үчүн ал
адамдан кечирим сурап адалдашуусу зарыл.
Айрым бир соодагерлердин соода мүлкүн сатуу үчүн мал-мүлкүндө жок өзгөчөлүктөрдү айтып сатуу да гамус касамына кирет. Бул иш арам болуп саналат.
3. Мунакид касамы:
келечекте бир ишти жасап-жасабоо максатында билип туруп айтылган касам – мунакид касамы деп аталат. Мындай касам бузулганда каффарат талап
кылынат.
Кандайдыр бир күнөө иш үчүн касам ичилген болсо, касамды бузуп каффаратын орундоо керек. Маселен, бир адам «карызын бербөөгө» же «атасы менен сүйлөшпөөгө» касам ичсе, карызын берип же атасы менен сүйлөшүп касамын бузушу зарыл. Андан соң касам каффаратын орундатышы керек. Бул багытта Азирети Пайгамбарыбыз: «Кимдир
бирөө кандайдыр бир нерсе үчүн касам ичкен соң, касамды бузуу дагы да жакшы жыйынтык бере турганына көзү жетсе, касамын бузсун да, каффаратын берсин!»
(Бухари, Айман, 1; Муслим, Айман, 15, 16) деген.
Касам сөздөрүндө коомчулуктун үрп-адаты эске алынат.
«Иншаллах Кудай буюрса» сыяктуу Алла Тааланын эрк-каалоосуна байланышкан сөз касамга кирбейт.

#129 27 June 2016 - 13:35
Б. КАСАМДЫН КАФФАРАТЫ
Бүгүнкү күнү кул болбогондугу үчүн касамын бузган адам күчү жетсе, төмөнкү эки
жагдайдан бирин орундатышы керек:
1. Он кедей адамды тойгузуу:
Касамын бузган адам каффарат иретинде өз үй-бүлөсү күн кечирген тамак-аш менен он кембагал адамды бир күн багышы керек. Аларга бир
күндүк тамак-ашынын акчасын берип койсо да болот.
2. Он кембагалды кийинтүү: Касамын бузган адам каффаратынан кутулушунун экинчи жолу шариятка ылайык он кембагал адамды кийинтүүсү зарыл.
Бул эки каффаратка тең күчү жетпеген адам үч күн удаама-удаа орозо кармашы керек.

#130 27 June 2016 - 13:42
II. НАЗИР
Кайсыдыр бир ибадат түрү милдеттүү болбосо да, аны Алланын ыраазылыгы үчүн аткарууга сөз берүү – назир деп аталат. «Алла ыраазылыгы үчүн баланча күн орозо кармайм», «кедей-кембагалдарга баланча өлчөмдө садага берем» деп Аллага сөз берүү сыңары.
Назир Алла Таалага сөз берүү маанисин туюнткандыктан аны орундатуу – важип болуп саналат.
А. НАЗИРДИН ШАРТТАРЫ
Кайсыдыр бир назирдин жарамдуу болушу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
Назир кылган адам акыл-эси соо, балагатка жеткен болушу керек.
Назир кылынган иш парз же важип ибадаттардын түрүнөн болушу зарыл. Напил (милдеттүү эмес, кошумча) намаз окууга, орозо кармоого, курмандык чалууга сөз берүү сыяктуу.
Назир кылынган ибадат даарат же тилават саждасы сыяктуу башка бир ибадаттын карамагына кирбеши керек. Себеби тилават саждасы Курандын белгилүү тилават аяттары окулган учурда гана важип болот. Ал эми даарат бул намаз үчүн даярдык ибадаты болуп саналат Назир кылынган иш назир кыла турган адам үчүн парз же важип болбошу кажет.
Демек, «Бүгүн Алла ыраазылыгы үчүн бешим намазын окуйм» деп айтуу назирге кирбейт.
Анткени бешим намазын окуу мусулман баласы үчүн ансыз да парз.
Назир кылынган иш күнөө иштерден болбошу керек. Назир садага иретинде болсо, бирөөнүн мүлкү болбошу кажет.
Б. НАЗИРГЕ БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР
Шарт менен айтылган назирлер эгер шарт жүзөгө ашса, орундалышы кажет.
Назирге назир кылган адам өзү бир нерсени жасабоону шарт кошсо, ал касам болот.
Маселен, «мындан кийин чылым чексем, бир ай орозо кармайм» деп айтуу сыяктуу. Бул учурда эгер чылым чексе, же бир ай орозо кармайт, же касам каффаратын орундатышы керек.
Назир кылуу учурунда жердин, убакыттын белгилениши жыйынтыкты өзгөртпөйт.
Тагырак айтканда, назирди сөзсүз түрдө ошол белгиленген жерде, же белгиленген учурда
аткаруу керек деген шарт жок. «Дүйшөмбү күнү орозо кармайм» же «Каабада баланча ирекет намаз окуйм» деп назир кылган адам дүйшөмбү күнүнөн башка күнү орозо кармаса, же баланча ирекет намазын Каабадан башка жерде окуса, назири орундалган болуп саналат.
Назир кылынган орозону кармоо учурунда ооз ачылса, анын казасын кармоо кажет.
Назир кылынган курмандыктын этинен өз ээси, балдары, ата-энеси, жубайы пайдаланууга болбойт. Назир курмандыгын кедей-кембагалдарга таркатуу керек.

#131 27 June 2016 - 13:47
III. КАФФАРАТ
Каффарат – бул жаңылыштык менен, же кысым жолу аркылуу же атайын жасалган айрым бир ката иштердин кечирилиши үчүн белгиленген жол.
А. ОРОЗОНУН КАФФАРАТЫ
Рамазан айында эч бир себепсиз орозосун бузган адам аны каза кылуу менен бирге каффаратын да орундатышы кажет. Орозонун каффараты – камарий айдын биринчи күнүнөн баштаса, эки камарий ай же биринчи күнү башталбаса 60 күн удаама-удаа орозо кармоо.
Каффарат орозосун кармоо учурунда ортодон эс алуу болсо, кайра башынан баштоо зарылчылыгы туулат. Ошону менен бирге аял киши үчүн эгер этек киринен улам ортодо ажырым болсо, каффарат бузулбайт. Бул учурда аял киши тазаланган күндөн баштап каффарат орозосун улантат. Ал эми оору, сапар сыяктуу себептер менен каффарат орозосу учурунда ажырым болсо, кайра башынан баштоо керек.
60 күндүк каффарат орозону кармай албаган адам 60 кедей адамды бир күндө эртең менен жана кечинде эки маал тойгузушу же болбосо эки маал тамак-ашка кетчү акча каражатын (ар бир күн үчүн бир битир садагасы өлчөмүндө) бериши керек.
120 кедей адамга эртең менен, же кечинде бир маал гана тамак берүү туура болбойт.
Битир садага берүү учурунда бир кедейге бир күндө эле алтымыш битир садагалык акчаны
берүү да туура эмес. Мындай учурда битир садага же алтымыш кедейге өз-өзүнчө, же бир
адамга алтымыш күн аралыгында берилиши керек.
Имам Абу Юсуфтун пикиринде, орозо каффараты иретинде берилген садага мусулман эмес адамдарга берилбейт. Имам Азам агымында, фатвага ушул көз караш негиз болуп эсептелет

#132 28 June 2016 - 13:26
Б. КАСАМ КАФФАРАТЫ
Бүгүнкү күнү кул болбогондугу үчүн касамын бузган адам күчү жетсе, төмөнкү эки
жагдайдан бирин орундатышы керек:
1. Он кедей адамды тойгузуу:
Касамын бузган адам каффарат иретинде өз үй-бүлөсү күн кечирген тамак-аш менен он кембагал адамды бир күн багышы керек. Аларга бир
күндүк тамак-ашынын акчасын берип койсо да болот.
2. Он кембагалды кийинтүү: Касамын бузган адам каффаратынан кутулушунун экинчи жолу шариятка ылайык он кембагал адамды кийинтүүсү зарыл.
Бул эки каффаратка тең күчү жетпеген адам үч күн удаама-удаа орозо кармашы керек.
В. ЖАҢЫЛЫШТЫК МЕНЕН МУСУЛМАН АДАМДЫ ӨЛТҮРҮҮНҮН КАФФАРАТЫ
Катачылык менен мусулман адамдын өлүмүнө себеп болгон адам анын кунун төлөгөн соң каффарат иретинде бир мусулман кул адамды эркиндикке чыгаруусу кажет.
Буга күчү жетпесе, удаама-удаа эки ай орозо кармашы керек.
Жаңылыштык менен адамдын өлүмүнө бирден көп адам себеп болсо, алардын ар бири өз-өзүнчө жогорудагы каффаратты орундашы кажет. Эне курсагындагы ымыркайдын өлүмүнө себеп болгон адам анын «гурра» кунун төлөйт. «Гурра» кунунун өлчөмү кадимки кундун жыйырмадан бири, тагыраак айтканда, беш төө же Имам Азам агымы боюнча, 50
динар (200 гр. алтын акча). (ал-Каасаании, Бадаиус-Санааии V, 325). Ханбали жана Шафи
агымдары боюнча, каффаратты орундоо важип, Имам Азам агымы боюнча, мандуп. Бул өкүм өз баласын билип туруп боюнан түшүрткөн эне үчүн да өзгөрбөйт.
Г. АЖЫЛЫК ИБАДАТЫНДА УБАГЫНАН МУРДА ЧАЧ АЛДЫРУУНУН КАФФАРАТЫ
Ажылык учурунда убагынан мурда чач алдырган адам үч күн орозо кармайт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн «Ажылык» темасына назар салсаңыз болот.
Д. ЗЫХАР КАФФАРАТЫ
Кимдир бирөө өз жубайына «сен мага эжем сыяктуусуң», же «мен сени өз апам катары эсептейм» деп айтуу аркылуу аны (жубайы) менен жыныстык катнашка кирүүнү арам кылып алышы «зыхар» деп аталат. Аялына мына ушундай сөз айткан адам жубайы менен жыныстык катнашка киргенге чейин каффаратын орундатышы кажет. Мунун каффараты орозо каффараты сыяктуу. Негизи «зыхар» Ислам дини жаңы келген жылдары арап коомчулугунда кеңири тараган. Демек, зыхар ошол учурдан калган жат көрүнүш.

#133 02 July 2016 - 14:26
ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
НИКЕ ЖАНА АЖЫРАШУУ МАСЕЛЕСИ
I ИСЛАМ ДИНИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ
Дин Ислам өзгөчө маани берген маселелердин бири – бул үй-бүлө маселеси.
Адамзат урпагынын учун таза улоо үчүн үй-бүлө куруу өзүнчө зарылдык. Мына ошондуктан Ислам дининде үй-бүлө ийне-жибине чейин иликтелип, ага тиешелүү белгилүү эреже-мыйзамдар коюлган. Анда аял менен эркек шарияттын негизиндеги нике
аркылуу гана үй-бүлө түзө алуулары, ал эми мындан сырткаркы (никесиз) бирге болуу
байланыштары чоң күнөө катары белгиленген.
Үй-бүлө тукумдун белгилүү болушу, коомдук биримдик, ынтымак-ырашкерлик, адам баласынын бири-бирине арка-жөлөк болушу өңүтүнөн да зор мааниге ээ. Чынында да, адам баласы төрөлгөндөн тарта одүйнө салганга чейин мээримдүүлүккө, сүйүүгө, сый-урматка муктаж. Мунун жападан жалгыз уясы үй-бүлө. Өзгөчө бала чакта жана карыган кезде мээримдүүлүккө болгон муктаждыгыбыз күч. Ислам дини тууган-туушкандык
карым-катнашына да зор маани берет. Туугандык карым-катнашты үзүү чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Ар бир мусулман баласынын алгач ата-энеге, бир туугандарга, анан жалпы туугандарга карата өз-өзүнчө милдеттери бар.
Келечек муунга рухий дөөлөттөрдү үйрөтүп өткөрүп берүү өңүтүнөн да үй-бүлөнүн өзгөчө орду бар. Бүгүнкү статистиканын иликтөөсү боюнча, үй-бүлөсүз өскөн балдардын көпчүлүгү катардагы балдарга салыштырмалуу терс жолдорго, күнөө иштерге алдаканча ийкемдүү болгондугу аныкталган. Демек, көпчүлүк учурда жакшы адам жакшы үй-бүлөдө туура тарбия менен өсүп чыгат. Арийне, үй-бүлөнүн артыкчылыгы муну менен гана
чектелип калбайт.
Жакшы коомдун өзөгүндө үй-бүлө тураары бышык. Анүчүн үй-бүлөнүн түзүлүшүнө жана үй-бүлөгө байланышкан эреже-мыйзамдарга басым жасалат. Андыктан биз бул бөлүмдө үйлөнүү жана ажырашуу маселелери жөнүндө Исламдын өкүмдөрү менен
таанышууга аракет кылмакчыбыз.
Бүгүнкү күнү жеке адам өңүтүнөн да, коомдук жактан да үй-бүлөнүн мааниси дагы да айкын, дагы да өзгөчө. Ислам дини үй-бүлөгө бөтөнчө көңүл бөлүп, үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандар аралык жардамдашуу, арка-жөлөк болуу аракеттерин коомдук колдоонун, ынтымактын негизи катары караган. Үй-бүлө курууну укуктук негиздерге бекиткен. Бул багытта катачылык-мүчүлүштүктөргө, калыссыздыкка жол ача турган иштерге кескин бөгөттөрдү койгон. Ислам үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө өз-өзүнчө укуктары менен бирге милдеттерин кошо берген. Жубайлардын бири-бирине болгон укук-милдеттери, ата-эненин балага болгон укук-милдеттери жана ошондой эле баланын ата-энеге болгон
укук милдеттери Куранда ачык-айкын белгиленип, өзгөчө басым жасалган. Ислам дини үй-бүлөгө, никеге байланышкан диний, адеп-ахлактык жана укуктук эрежелерин белгилеген.
Үй-бүлөнү адам баласынын заттык-рухий муктаждыктары жана өсүп-өнүшү үчүн өзүнчө
зарылдык катары кабылдаган. Ошондой эле руханий жактан да, материалдык жактан да жеткилең коомдун эң иридеги шарты катары ыйманга сугарылган үй-бүлөнү эсептеген.
Ислам дининде үй-бүлө төмөнкү эрежелерге негизделген:
1. Үй-бүлө куруу: үй-бүлөдөн бакыт, бейпилдик табуу үчүн, эл керегине жараган, журт кызматын өтөгөн туяк калтыруу, коомдун, дегеле адамзатынын илгерилеши, өсүшү үчүн үй-бүлө куруунун мааниси айтпаса да айкын.
Адам баласынын үй-бүлө курууга болгон муктаждыгы жөнүндө аяттардын биринде:
«Бейпил өмүр сүрүүңөр үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго сүйүү отун тутандырышы да – Анын (Алланын) бар экендигине өзүнчө жышаана» (Рум сүрөсү, 21) –деп буюрулат.
Адамзаада жубайы менен бейпилдик табат, бакыттын даамын сызат. Эң зарыл муктаждыктарды үй-бүлө коломтосунан күтөт. Адам баласы бул дүйнөгө мээримге, сүиүүгө, нары аяр, нары жылуу мамилеге аша муктаж болуп көз ачат. Жубай болуунун, ата-эне болуунун, балалуу болуунун бактылуулугу үй-бүлөнү бөтөнчө кутка бөлөйт. Адам материалдык жана руханий жактан муктаж болгон жылуу мамиле, урмат-сый, сүйүү, таалим-тарбия сыяктуу жагдайлар ыйман ырыскысы менен береке-кутка тунган үй-бүлө очогунда камсыздалат. Дин Ислам мына ушундай ыйман нуру менен жаркыган үй-бүлө курууну ибадат катары эсептейт. Асыресе, муну Жараткан Алланын алдында мусулман баласы үчүн өзүнчө озуйпасы деп билет. Ислам дининде адам баласы эне курсагына түшкөндөн тарта адамдык кадырын табат. Ал бала чагында болобу, жаш чагында болобу, карылык кезинде болобу, айтор, ар качан аяр мамиле көрүшү керек. Адам дайыма жылуу
мамилени самайт. Демек, бала багуу – тек аны курсагын тойгузуп, кийинтип гана материалдык
муктаждыгын камсыздоо эмес. Аны сүйүү сезими менен багуу да адамдын рухий азыгы. Жогоруда белгиленгендей, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы үй-бүлө коломтосунун жылуулугусуз, ата-эне мээриминен оолак өскөн адамдар кылмыш ишке алдаканча жатык, дагы да жөндөмдүү болгондугун көргөзгөн.
Үй-бүлөнүн кутуна, береке-сүйүүсүнө тек балдар гана эмес, жубайлар да муктаж. Алар да сүйүү-бейпилдикти үй-бүлөнүн кутунан табышат.
Адам карыган кезде да үй-бүлөгө, сүйүү-мээримге муктаж болот. Оомал төкмөл дүйнөнүн оош кыйышында далай кыйынчылык- машакаттарды баштан кечирген адам баласы карылык куракта өз бүлөсүнүн кутуна тунгусу келет. Куранда ата-энеге жылуу мамиледе болуу, моюн сунуу зарылчылыгы баса белгиленет: «Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардан
бирөө же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга «Уф-ф!» дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө! Аларга мээрим төгүп (Жаратканга алакан жая): Оо, Жараткан Алла! Мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлөй көр... – деп дуба кыл!»
(Исра сүрөсү, 23-24).
2. Мусулман үй-бүлөдө ар ким өзүнүн милдетин ибадат түшүнүгү менен орундатышы керек.
3. Үй-бүлө туура ишенимге ээ болушу керек. Бул эң ириде үй-бүлө кожоюнунун милдети. Бул багытта Куранда: «О, адамдар! Өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү отуну адамдан жана таштан чогултулган тозок отунан коргогула... » (Тахрим сүрөсү, 6) деп буюрулат.
4. Ата-эненин максаты – үй-бүлөсүн Исламдын изги ахлагы менен көрктөө болушу зарыл.
5. Жар тандоодо үй-бүлөнүн куту, бейпилдиги, балдарынын ыймандуу болуп чоңойушу, элге-журтка ак кызмат өтөй турган бала тарбиялап өстүрүү сыяктуу аруу ой-тилектер эске алынышы кажет. Азирети Пайгамбарыбыз анүчүн ыймандуу жар тандоо керектигин билдирет. Куттуу хадистеринин биринде: «Момун-мусулман адамга Алладан
коркуу жана ага моюн сунуу (ыйманга келүү) бактысынан сырткары ыймандуу жубайчалык насип ыроолонгон эмес...» (Ибни Мажа, Никах, 5).
6. Үй-бүлө коломтосун өчүрүп албоо үчүн жубайлар бар күчүнүн жетишинче жакшы ниет, жакшы тилек менен кадам шилтөөлөрү керек. Үйлөнгөн соң жубайлар бири-биринин акы-укугун, ар-намыс ариетин аруу сактоого милдеттүү. Жубайлар айрым бир катачылыктарды туура кабылдап түшүнүктүү болуулары абзел.
7. Ислам дининде аял-эркек, ата-эне жана балдар ортосундагы акы-укуктар, милдеттер ачык-айкын белгиленген.
8. Ислам никесиз жакындашууга кескин түрдө тыюу салгандыктан, асыресе, ага жол ача турган жагдайларга да бөгөт койгон. Аял затынын жарым жылаңач жүрүшү, аял-эркек аралаш көңүл ачуулары жана аял-эркек бири-бирине делебе козгоочу көз менен назар салуулары күнөө болуп эсептелет.

#134 05 July 2016 - 14:41
II. НИКЕГЕ ЧЕЙИНКИ МАМИЛЕ
Никеге чейин үйлөнө турган эки тарап бири-бирин көрүшү керек. Адам жок жерде болбоо шарты менен баарлашып, сүйлөшсө болот. Бул учурда али нике болбогондуктан бири-биринин аврат эсептелген жерлерин көрүүгө шариятта уруксат берилбейт. Маселен, жолугуу учурунда кыздын жоолуксуз болушу, бала тизесинен өйдө кыска шым (шорта)
кийип алышы сыяктуу.
Никеге чейин жыныстык катнашка жол ача турган кадамдын баары арам болуп саналат. Мусулман адам үчүн кандай шарттарда болбосун, үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка баруу – зина (чоң күнөө). Үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит болуп жүрүү да Ислам динибизде арам болуп эсептелет. Жогоруда белгиленгендей, Азирети Пайгамбарыбыз мусулман адам жар тандоодо кыздын ыймандуулугуна өзгөчө маани бериши керектигине басым жасаган (Бухари, Никах, 15). Мусулман аял да, эркек да өмүрлүк жарынын тек сулуулугуна гана эмес, анын кулк-мүнөзүнө, ыймандуулугуна да көңүл бөлүшү керек. Эки тарап тең жеке өзүнүн түгөйүн эмес, болочок балдарынын энесин же атасын тандап жаткандыктарын эсине түйүп
алуулары абзел. Өзгөчө кыз бала үйлөнө турган жигиттин тапкан наны адал болуп-болбогондугун эске алышы керек. Демек, куттуу хадистен байкалгандай, мусулман кыз-эркек экөө тең ыймандуу түгөй табууга аракет кылуулары зарыл. Учуру келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт демекчи, мусулман аялзатынын мусулман эмес адамга турмушка чыгуусу арам өкүмүнө кирерин жадыдан чыгарбоолору кажет.
III. СӨЙКӨ САЛУУ (кудалашуу)
Сөйкө салуу – бул кыз-жигиттин баш кошуулары жөнүндө бекитилген убада. Сөйкө салуу нике эмес. Андыктан бул учур аралыгында үйлөнө турган кызжигиттин ортосундагы көшөгө ачыла элек болот. Башкача айтканда, алар баш кошкон жубайлар сыяктуу жашай албайт. Адам жок жерде экөө жалгыз боло албайт. Бул арам иш болуп эсептелет.
Ислам дини мусулман баласынан берген убадаларына бек туруусун талап кылат. Мусулман адам алдамчылык, бирөөнү кемсинтүү, өзүн жогору сезүү сыяктуу жат сапаттардан оолак болушу кажет. Сөйкө салынган соң никеге чейинки учур аралыгында баш кошуу убадаларынан кайтышса болот. Бул учурда эки тараптын бири-бирине берген белек-бечкектери үрп-адат, каада-салт боюнча кайтарылат, же кайтарылбайт. Ал эми
колдонулуп жок болгон белектер кайтарылбайт.

#135 07 July 2016 - 14:48
IV. БАШ КОШУУНУН ӨКҮМҮ
Баш кошуу жеке адам өңүтүнөн муаккад сүннөт болуп эсептелет. Ал эми коом өңүтүнөн үйлөнүү жалпы мааниде парз-ы кифая. Анткени келечек муундун уланышы Дин Исламдын абадай зарыл негиздеринин бири. Ошондуктан эгер жалпы коом үйлөнүүдөн баш тартса, бардыгы күнөөкөр болуп саналат.
Үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү боло туруп баш кошпогон, асыресе, зинага кадам таштоо ыктымалы жогору болгон адам үйлөнүшү кажет. Азирети Пайгамбарыбыз үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү барларды тезинен үйлөнүүгө чакырган.
V. НИКЕ
Нике – бул аялзаты менен эркекти бири-бирине адал кылуу менен бирге укук-милдеттерин кошо белгилеген келишим.
VI. ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙУ
Ислам дини нике келишимин элге кабарлап, аны майрамдык маанай менен белгилөөнү (нике той өткөзүүнү) каалайт. Азирети Пайгамбарыбыз мусулмандарды мындай кубанычтуу күндөрү той өткөзүүгө, шарияттын негизинде көңүл ачууга чакырган.
Көңүл ачууда шариятта арам деп эсептелген жагдайлар жүзөгө ашпашы керек. Маселен,
арак ичилбеши керек, аял-эркек аралаш ырдап-бийлеп, ойноп-күлүү болбошу кажет.
Мындай тойлордо эркектер өз ара, аял кишилер өз ара көңүл ачуулары абзел

#136 10 August 2016 - 15:09
VII. НИКЕ КЕЛИШИМИНИН ТОЛУК КАНДУУ ЖАРАМДУУ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Ислам никенин толук кандуу жарактуу болушу, асыресе, кыз-жигитти бири-бирине адал кылуу үчүн белгилүү шарттарды коцгон. Себеби бул келишим жогоруда белгиленгендец, эки тараптын да, болочок балдарынын да акы-укуктарынын корголушу үчүн, коомдук тынчтыктын камсыздалышы, келечек муундун уланышы жана тукумдун белгилүү болушу үчүн кайтарылгыс зарылдык. Мына ушунун баарын камсыздоо үчүн
Ислам дини нике келишими менен бардык шарттарды түзүп берген. Алгач расмий нике кыйылса, нике учурунда Ислам талап кылган шарттар эске алынса бул нике диний жактан да жетиштүү болот. Мындан соң диний маанидеги нике кыйылса да болот.
Ислам дини нике келишиминин толук кандуу жарактуу болушу үчүн төмөнкү
шарттарды талап кылат:
1. Баш кошкон адам же анын өкүлү акыл-эси соо, балагатка жетүүлөрү зарыл.
2. Кыз-жигиттин ортосунда үйлөнүүгө тоскоолдук болбошу керек. Бул жөнүндө төмөндө маалымат берилет.
3. Эки тараптын тең көңүлү, ыраазылыгы болушу кажет.
4. Нике учурунда күбөлөр болушу керек. Эки эркек же бир эркек эки аялзаты күбө
болсо болот. Күбөлөр да акыл-эси толук, балагатка жеткен болуулары зарыл.
5. Нике келечекке кыйылса, тагырак айтканда, «бир айдан кийин никеси жарактуу болсун» деген таризде кыйылса, туура болбойт, аны кайрадан кыйуу кажет. Ошондой эле«ушул ишим жүзөгө ашса, сени менен үйлөнөм» деген сыяктуу келишимдер да нике болуп эсептелбейт.
Асыресе, нике учурунда нике келишиминин зарылдык максатына карамакаршы шарттар коюлбашы кажет. Нике кыйылган соң аирым бир жыйынтык талаптар жаралат. Маселен, жубайлардын бири-бирине адал болушу, эркек үчүн үй-бүлөнү материалдык жактан каржылоо, кыздын эркек менен бир жерде жашоосу сыяктуу. Бул учурда «махр –
кыздын калыңын» берүү зарылчылыгы да туулат. Мисалы, нике учурунда эркек «кыздын калыңын бербөө шарты менен үйлөндүм» десе, анын бул шарты жараксыз болуп эсептелет. Мындай учурда нике жүрүү менен бирге «махри мисил» талап кылынат.
Ал эми нике келишиминин максатына терс келбеген шарттар коюлуп, эки тарап тең аларды кабылдашса, коюлган шарттарды моюндап аткаруулары кажет.
6. Нике белгилүү убакыт үчүн кыйылбашы кажет. Нике белгилүү мөөнөткө, маселен, бир апта, бир ай же үч жыл сыяктуу убакыт аралыгы менен чектелбейт. Мындай нике жараксыз болуп саналат.
7. Мажбурлоо болбошу керек. Кыз-жигит кандайд
ыр бир кысымга алынбашы кажет.
Мына ушул шарттардын негизинде кыйылган нике толук кандуу нике болуп эсептелет.

#137 30 September 2016 - 14:44
А. ТУРУКТУУ ТОСКООЛДУКТАР
Туруктуу тоскоолдуктар бири-бири менен үйлөнүү жараяны эч качан жүзөгө ашпай турган адамдар эсептелет. Бул тоскоолдуктар эң ириде кандаш туугандыкка, андан соң эмчектештик жана кайын-журт туугандыгына такалат.
1. Кандаш туугандык
Кандаш туугандыктан улам үйлөнүүгө кескин түрдө тыюу салынган адамдар төмөнкүлөр:
Ата-эне, чоң ата, чоң эне
Уул, небере
Бир туугандар, бир туугандардын балдары
Таяке, таеже, эже (атасынын бир тууганы) менен эч качан үйлөнүүгө болбойт.
2. Кайын-журт туугандыгы
Атанын жана чоң атанын жубайлары менен үйлөнүүгө уруксат берилбейт. Бул жерде үңүлө назар салсак, өз эне эмес, өгөй эне. Баласынын же небересинин жубайлары менен үйлөнүүнүн да шариятта орду жок.
Жубайынын энеси, чоң энеси менен үйлөнүүгө шариятта уруксат берилбейт.
Жогоруда белгиленген жагдайда арамдык үчүн тек нике келишими жүзөгө ашкан болушу кажет. Жыныстык катнаш шарт эмес. Тагыраак айтканда, кыз жигиттин ортосунда нике кыйылган соң жыныстык катнаш жүзөгө ашпай туруп ажырашса, же экөөнөн бирөө көз жумса, жубайынын энеси ага түбөлүккө арам (үйлөнүүгө кескин түрдө тыюу
салынган) болуп эсептелет.
Жубайынын мурунку үй-бүлөсүнөн болгон кыздары менен үйлөнүүгө уруксат берилбейт. Бул үчүн жыныстык катнаш жүзөгө ашышы кажет.
3. Эмчектеш туугандык
Өз энесинен башка эненин эмчегин эмген бала үйлөнүү тоскоолдуктары өңүтүнөн ал эненин өз баласы сыяктуу болот. Тагыраак айтканда, ал эненин өз баласы менен үйлөнүүгө кимдер мүмкүн эмес (арам) болсо, эмчектеш баласына да ошолор арам болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз: «Кан аркылуу (үйлөнүүгө) арам болгондор, сүт эмүү аркылуу да арам болушат» (Муслим, Радаа, 9) деген.
Эмчектеш туугандыгы эмчек эмген баланын өз бир туугандарына тиешеси жок.
Башкача айтканда, эмчек эмген бала менен гана чектелүү болот. Тек анын жубайы жана балдары гана таасирге ээ.
Чоочун эненин эмчегин эмүү менен упчулуу шишеден сүт (соска) эмүүнүн ортосунда айырма жок. Ошондой эле өкүм өңүтүнөн, сүттүн аз же көп болуусунун да ортосунда айырма болбойт.
Имам Азамдын пикиринде, бала 2 жарым жашка чыкканга чейин башка эненин эмчегин эмсе, эмчектеш туугандыктын үйлөнүү тоскоолдугу пайда болот. Имам Абу Юсуф, Имам Мухаммед жана Имам Зуфардын пикири боюнча, бала 2 жашка толгонго чейин эмсе, тоскоолдук пайда болот. Мындан кийин (б.а. эки же эки жарым жаштан кийин) чоочун эненин эмчегин эмүү үйлөнүү тоскоолдугун жаратпайт.

#138 01 October 2016 - 05:34
Б. УБАКТЫЛУУ ТОСКООЛДУКТАР
1. Турмушка чыккан абалда болуу:
турмушка чыккан күйөөсү бар аял башка адам
менен үйлөнө албайт. Күйөөсү одүйнө салган соң же ажырашкандан кийин башка адамга турмушка чыкса болот.
2. Дин айырмачылыгы:
Мусулман кыз мусулман эмес адамга турмушка чыга албайт.
Ал эми мусулман эркек адам мусулман эместерден тек Христиан же Иу-даизм динин тутунган аялзаты менен гана үйлөнсө болот. Андыктан мусулман эмес адамдын мусулман кызга үйлөнүшү үчүн Ислам динине кириши кажет.
3. Бир учурда эки кыз бир тууган менен турмуш курууга болбойт. Ошондой эле бир учурда эже (атанын бир тууганы) жээн же таеже жээн менен да нике кыйдырууга уруксат берилбейт. Демек, бир аял менен турмушун улап жаткан адам аялынан ажыраганга чейин аялынын кыз бир тууганы менен, эжеси (атасынын кыз бир тууганы), таежеси, сиңдилери (эркек бир тууганынын кыздары) же жээндери (кыз бир тууганынын кыздары) менен
үйлөнө албайт. Ошону менен бирге аялынын эмчектеш кыз бир туугандары, эже-таеже,
сиңди-жээндери менен да үйлөнө албайт.
4. Жубайлар үч жолу ажырашкан соң кайра баш кошуулары үчүн аял башка адамга шарияттын негизинде сахих (толук кандуу, белгилүү убакытка белгиленбеген) нике менен
турмушка чыгышы керек. Ырас, ниет кайра биринчи күйөөсүнө кайтып келүү үчүн болбошу зарыл. Бул баш кошууда жыныстык катнаш шарт. Экинчи күйөөсү менен жыныстык катнашсыз ажырашуу аркылуу биринчи күйөөсү менен кайра баш кошо албайт.
Бул жерде эскерте кетчү жагдай, ажырашкан аял биринчи күйөөсүнө кайрадан турмушка чыгуу үчүн башка бирөө менен келишим түзүп, убактылуу никеге турушу арам болуп эсептелет. Ал мындай нике менен биринчи күйөөсүнө кайра турмушка чыга албайт.
Анткени убактылуу нике жараксыз болуп эсептелет. Демек, экинчи күйөөсү көз жумса, же
аны менен ажырашкан соң аял өзү да, мурунку жубайы да баш кошкулары келсе, кайра нике кыйдырууларына уруксат берилет.
Дин Исламдын негизинде үч жолу ажырашып-үйлөнгөн эркек-аял кайрадан баш кошуулары дурус эмес. Анткени мындан соң экөө бирге жашап кете албашы толук ыктымал. Бирок аял башка адам менен үйлөнүп, эгер арадан белгилүү күн өткөн соң күйөөсү көз жумса же ажырашса, мурунку күйөөсүнө кайрадан турмушка чыкса болот.
Себеби экинчи үй-бүлө курган аял жаңы тажрыйбаларга да ээ болот. Андыктан мурунку
үй-бүлөсүндө көигөй катары эсептелген айрым бир жагдайлар туура кабылданышына мүмкүнчүлүк жаралган болот.
5. Күйөөсү менен ажырашкан соң, же күйөөсү көз жумгандан кийин идда күткөн аял бул учур аралыгында башка адамга турмушка чыга албайт.
6. Төрт жубайдан ашыкча аялга үйлөнүү тоскоолдугу:
Ислам дини эркек адамга шарияттын белгилүү шарттарынын негизинде эң көп төрт аялзаты менен үйлөнүүгө уруксат берет.

#139 01 October 2016 - 05:40
IX. ТОЛУК КАНДУУ НИКЕНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Баш кошкондор үй-бүлө коломтосунун отун өчүрбөө үчүн, ынтымактуу, ыймандуу бейпил өмүр сүрүү үчүн ал-күчтүн жетишинче аракет кылышы керек. Ырас, толук кандуу никенин жыйынтык-талаптарын төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Баш кошкондор бири-бири үчүн адал болушат. Тагыраак айтканда, бирибирин кароо, кармоо, жыныстык катнаш өңүтүнөн ортолорунда эч кандай тоскоолдук болбойт.
2. Халвати сахиха.
Баш кошкондор адам жок жерде жыныстык катнашка
кирүүлөрүнө шарият же физиологиялык жагынан кандаидыр бир тоскоолдук болбосо, бул
«халвати сахиха» деп аталат. Мындай учурда аял махр-калыңын толугу менен алууга укуктуу болуп эсептелет. Мындан кийин ажырашуу жараян этсе, идда күтүү зарылчылыгы туулат.
3. Нике келишими менен кыз махр-калың алуу укугуна ээ болот.
4. Баш кошкон соң «нафака-үй-бүлөнү багуу» милдети жаралат. Ислам дини боюнча, нафака милдети эркектин мойнунда. Аялынын тамак-ашы, кийим-кечеси жана башка зарыл муктаждыктары нафакага кирет.
5. Төрөлө турган баланын тукуму белгилүү болот.
6. Жубайлардын бири көз жумса, бири ага мураскор болуп эсептелет.
7. Үйлөнгөн адам менен жубайынын туугандары ортосунда туугандык баиланыш курулат.

#140 01 October 2016 - 05:45
X. МАХР
Махр – бул никенин талабы катары жигит тарабынан кызга берилчү мал-мүлк каражаты. Ханафи (Имам Азам агымынын) аалымдарынын пикиринде, махрдын эң төмөн баасы болжол менен эки баш койдун наркында болушу керек. Ал эми анын жогорку чеги жок.
Махрдын өлчөмү никеден мурда белгиленбеген болсо же унутулуп калса, жалпысынан кыздын эжелери алган өлчөмдө «махри мисил» катары төлөнүшү керек.
Махрды дароо, б.а. никеге чейин да, никеден кийин да берүүгө болот. Махр белгиленип нике кыйылгандан кийин аял махрды күйөөсүнө багыштап жиберүүгө укуктуу.
Жыныстык катнаш жүзөгө ашса, халвати сахиха болсо же күйөөсү көз жумса, аял махрды толугу менен алат. Махр белгиленип, жыныстык катнашка чейин ажырашса, кыз белгиленген махрдын
жарымын алат. Ал эми махр белгиленбеген болуп жыныстык катнаштан мурда ажырашса,
кыздын көңүлүн көтөрө турган белек-бечкек берүү абзел. Бул Куранда сунушталган.
Никеден кийин жыныстык катнашка чейин ажырашууга кыз себеп болсо, кызга махр толугу менен берилбейт.

Супер-Инфо
super.kg
видео