назира деген ырын жата калып укчум эх гитарасын уйронуп алсам сонун болмок
Сөзү : Таалай Бектургановдуку
Обону : Таалай Бектургановдуку
Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообун да.
Жүрсөң керек сен да сагынып,
Ойго батып сарсанаага.
Кайырма:
Оо, менин сүйгөнүм, Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсакчы, садагам Назира.
Таалай Бектурганов Ырлары, сүрөттөрү
#64 08 June 2016 - 22:18
Гитарада Таалай Бектурганов,
Нурлан Тилебаевдин ырлары менен боздодук го чиркин.Баарына жагаар эле,айрыкча кыздарга.Агам мед института окучу эле.Назира деген кыз да окучу экен.Таалай Назираны суйуп ага ыр обон жараткан экен."Оо менин суйгонум Назира деп"Чиркин омуру кыска экен.Дуа окуп бата кылайлы туугандар.Алла куноолорун кечирип,акыретин бейиши кылган болсун.Оомин!
#65 27 June 2016 - 03:45
Уккулуктуу ырлары менен эсибизде кала берет.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#66 27 June 2016 - 10:12
#67 27 June 2016 - 10:13
эмне мынча суйом сени деген ырын кайра-кайра уккандан тажабайм, арты кайрылуу болсун
#68 29 June 2016 - 10:17
#73 18 January 2017 - 16:31
8-класста окуп жүргөндө, лагерге барып калганбыз. Бир агайыбыз бар эле гитарада укмуш ырдачу. Бир күнү Бектургановдун ырларын ырдап берип кыздарды ыйлаткан болчу)))

Супер-Инфо
super.kg
видео
















