Суперстан: "Адашкандар". - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА

#61 Пользователь офлайн   nasik198   27 Июнь 2016 - 03:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Сонун чыгарма экен ,бир дем менен окуп чыктым ,уландысын кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Кап этпесениз мен улантып кете берсем...




6
АДАШКАНДАР

Дилназик – алардын кесиптеши. Жашы отузга толуп-толо элек, жароокер келинчек. Бир уулу бар. Эрмек Асанович аны көргөн сайын бир нерсеге акылы жетпейт: “Капырай, кандай эркектер эле ушундай аялдарга жолугушат? Мен эле... Канча жылдан бери издегенимди таба албайм. Балким, башкалардан бир нерсем кемдир? Же башкаларда мен билбеген, менде жок касиеттер бардыр? О, койчу, ой! Ушул Дилназиктин күйөөсүндө эле эмне касиет бар дейсиң? Чын эле ошонун эмнесине кызыгып тийди экен? Балким ошол убакта кыздын көзү байланып калгандыр? Болбосо, карапайым эле бир, электрик экен го, эби-сыны жок?! Анысы аз келгенсип, ичет да имиш. Баарыбыз эле ичебиз, албетте! Бирок, кубалап ичкенден Кудай сактасын! .. Анан калса, кээде көзү көгөрүп келгенине карабай, деги эле анысына сөз тийгизбейт бу дагы! Сыр бербейт. “Аял жакшы – эр жакшы” деген ушул да”.
Оюнда ушулар жүргөн Эрмек Асанович бир-эки жолу кесиптешинин сырын тарткысы келип, шынаарлап да көргөн. А бирок Дилназик кээ бирөөлөргө окшоп, жакпаган кишисин “ар-р!” – этип “каап” да албай, катуу айтып, кагып-силкпей, тек гана:
- Эрмек байке, сиз абдан жакшы адамсыз. Таланттуусуз,
ак көңүлсүз... Мен сизди ага катары абдан сыйлайм. Бирок, сизден суранарым, кадырыңызды жарашпаган мамилеңиз, анчейин сөздөрүңүз менен жуубасаңыз? .. – деп күлүмсүрөп, акылдуу көздөрү менен эшикке чейин жылуу-жумшак узатып койгон.
Көптөн бери оюнда жүргөн кесиптешинин ушул мамилесине бир
чети ыраазы болсо, бир чети шагы сынып, ызалангансып да калган. Жашоо-турмуштан, сүйүүдөн, деги эле аялзатынан жолу жок, бактысыз экенин ойлоп, ошонун себебин билгиси келип, эки-үч күн туталанып да жүргөн.
“Көрсө, Кудай-Таалам мага: “Эй, бечара бойдогум, ар кайсы аялга көзүңдү сатып, кор болбо! Бул жашоодо жакшы аялдар - Акшоола менен эле Дилназик дейсиңби?! Шашылбай турсаң, мен сени алардан да сулуу, алардан да сындуу, ыймандуу бир аялзатына жолуктурам! ..” деп аярлатып жүргөн турбайбы! ” – деди эми оюнда.***Дилназик жол жээгинде катар тизилген таксилердин бирине отурду да, үйүн көздөй шашып баратты. Эмнегедир, андай кезде жол да арбыбай калат. Улам саатын карап, чый-пыйы чыгып барат. Анткени, бир саатка жетип-жетпеген убактан кийин эфирге чыкмак. Барбай коёюн десе, уулу ыйлайт...
- Байке, тезирээк айдаңызчы! – деди акыры чыдамы жетпей кетип.
- Мындан артык кандай бат айдам?! – деди айдоочу да териге
түшкөндөй. – Тыгынды көрбөй жатасызбы, же үстүлөрүнөн учуп өтөйүнбү?!
- Ай, Кудай, ай! – эмнегедир ушинтип жиберди Дилназик.
- Эмнеге анчалык шаштыңыз? – айдоочу эми жоошугандай,
аягандай акырын үн катты. Дилназик ага жооп бергиче, уюлдук телефону дагы чырылдады. Уулу экен:
- Апа, качан келесиз?
- Баратам, балам. Ыйлап атасыңбы?
- Атам ылайга жатып алып турбай атса, ыйлайм да анан! – солуктап, сөздөрүн үзүп-кесип айтты бала. – Элдин баары карап атпайбы!.. Ү-ү-ү...
Дилназиктин жүрөгү бырчаланып кетти:
- Ыйлабачы, берекем. Мына, таксиде баратам. Кай жердесиңер?
- Дүкөндүн жанында.
- Сен анда үйгө бара берчи?
- Эмнеге? – макул эместей, бирок ыйлап атып сурады
бала.
- Ал жерде турганда эмне кыласың? – уулун аягандай
айтты апасы.
- Атамчы? Таштасам болбойт да.
- Макул. Анда ыйлабай туруп тур, жарайбы? Сен деген
эркексиң да.
Апасынын бул сөзүнө макул эместей:
- Мен - кичинекей эркекмин да! Ыйлайм да, анан! – деди уулу.
Бир чети күйөөсүнө жаны кашайса, бир чети жети жашаар уулунун
атасынын мас болгонуна намыстанып, бирок таштап да басып кетпей, тигинтип: “Кичинекей эркекмин да, ыйлайм да анан!” – дегенин: “Чоң болсом сизди убара кылбай, атамды өзүм эле жетелеп алып кетпейт белем. Ошенте албаганыма ыйлап жатам да!” – дегендей түшүнүп, ошого да кичине каниет алгансып калды.
Такси айылды аралап кирип, түз эле дүкөндү көздөй келатты.
Дилназик алыстан эле сербейген, кичинекей караанды тааныды.
Уулу атасынын улам ары жак, бери жагына чыгып, колунан тарткылап жаткан болчу. Көрүп, көзүнө жаш тегеренип кетти.
- Ушул жерге токтоңуз, - деди алардын жанына келгенде.
Клиентинин эмне үчүн шашып келатканын айдоочу биле койду да, баткакка оонап, үйдө жаткансып куш уйкуну салып жаткан салкыйган эрин кантип машинеге салууну билбей жаткандай, буйдала түштү. Ошону түшүнө койгон айдоочу сыртка чыга калып, масты жөлөп-таяп, машинеге салды.
Алар үйгө жуп жеткенде ойгонду күйөө. Машинеден өзүн түшүрүп жаткан эркекти бир көзүн ачып, бир көзүн жумуп, бүшүркөй карады да:
- Сен кимсиң?! – деди тилин чайнап.
Айдоочу да, Дилназик да унчуккан жок. Уулу гана түтпөй кеткендей, атасы эки-үч ирээт сурап жибергенде:
- Ал – таксист, ата! – деди. – Мен апама чалып чакырбадымбы, анан апам такси менен келип, сизди алып келбедикпи.
- Эмне-е?! – тилин чайнап, соолуга түшкөндөй айдоочунун колунан жулкунуп, оолактай берди атасы: - Апаң ушуга түшүп жүрүптүрбү, ыя?! Эн-неңди..!
- Жаныбек?! – таксисттен уялгандай үн катты Дилназик. – Үйгө кирип, жатып эс алчы. Мен азыр отуз мүнөттөн кийин эфирге чыгам. Кайра келгенде сүйлөшөлү, макулбу?!
- Эмне-е?! Урдум сенин эфир-мефириңди! Мобулбу, сенин эфириң?! – таксистти уруп ийчүдөй эки муштумун түйүп, тишин качыратты Жаныбек.
Дилназик бир жагынан ишти ойлоп чый-пыйы чыккандай, а бирок
бул экөөнү да кыя албай жаткандай күйөөсүнө бир, уулуна бир, билегиндеги саатына бир карап:
- Жаныбек, суранам сенден! Үйгө кирчи? – деди. - Уулуңду карачы, көзү шишигиче ыйлаганын! Жок дегенде ушуну аясаң боло?!
- Шуркуя! Дагы кимди аяйын, ыя?! Ар кимге түшүп, жыргап жүргөн сениби, же тигиниби?! – таксистти жаңсады.
- Баладан уялбайсыңбы? ! – түтөп кетти Дилназик.
- Эмне-е?! Мен уялышым керек экен да, ээ?! А сенчи?! “Бал-ла” деп коёт дагы! Азамат, көрдүңбү балам энеңди?! Сен экөөбүз үйдө жатканда, бул минтип ар кайсы машинеге түшүп, ар кимге көзүн сатып, к.... сатып, шапар тээп, ойноп жүрөт!
- Жаныбек?!!
- ######!!!
Бала кимисине ишенээрин билбей, делдейди. Атасынын мас болгон
сайын айта берчү ушул сөзү, эмнегедир ага чындыктай сезилип кетти. Таксистти кылыя, жек көрө карады. Таксист болсо ошону сезгендей, бирок азыр бир нерсе десе эле мас күйөө кепти ырбатып ийчүдөй, машинесин карай үнсүз басып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

7
АДАШКАНДАР- 2

Саатын дагы бир жолу карап алган Дилназик да уулунун бетинен өөп:
- Балам, бир аздан кийин эфирге чыгам. Азыр болсо кечигип жатам, бара берейинби, ээ? Ыйлабайсыңбы? – деп бетинен өөп, жүрүп кетчүдөй от алып калган машинеге чуркап барып түшүп кетти.
- Жогол!!! – Жаныбек артынан кыйкырып, кармап калчудай обдулуп барып, бирок чалынып жыгылып, ошол жерде чалкасынан түшүп калды.
- Балам, көрдүңбү? Кетти! – деди ошондо да уулуна актангандай кобурана берди. – Мен эмне жыргаганымдан ичип атыпмынбы?.. Жыргаганымдан. ..
Бирок уулу жанагыдай болбой: “Жатса мейли, короодон эч ким көрбөйт да,” – дегендей барып дарбазаны ичинен бекитип, апасын көргөнү үйгө кирип кетти.
Айткандай эле айткан убагында апасы эфирге чыкты. Анын эми эле
ыйлап, капа болуп кеткенине карабай жылмайып күлүп, жадырап чыкканынан улам го, анын үстүнө атасы айткандай, апасы таксист менен ойногону кетпегенине кубангандай, Азамат да ууртунан жылмайып, күлүп алды.

***

Эфирде отуруп да Дилназик үйдөгүлөрдү эстеп, алардын жанагы учурун элестетип, кыжалат боло калып атты. Бирок ансайын устатынын: “Үйдө күйөөңөр менен урушуп келгениңерди, же башка маселелерди эфирге отураарда өзүңөрдөн алыс ыргытып таштап, анча эле кыйбай жатсаңар эшиктин сыртына калтырып коюп киргиле. Эл силердин жүзүңөрдөн алып чыккан темаңарды гана окуш керек!..” - дегени кулагына кошо “шак” эте калып, ошо менен көз алдындагы сүрөттү, көкүрөгүн өйүгөн түпөйүл нерсени өзүнөн алыстатып атты.
Айткандай эле, эфирден чыгып эле уулуна ашыкты.
Жол бою Жаныбектин: “Көрдүңбү, энеңди?! Сен экөөбүз үйдө жатканда, бул минтип ар кайсы машинеге түшүп, шапар тээп, ойноп жүрөт!” – дегени кулагына кайра-кайра угулуп, ызага муунуп баратты. Жаныбектен башканын баарын күтсө да, ушуну күткөн эмес. “Көрсө, эчактан бери эле ошондой сөздөрдү айтып, баланын жүрөгүн оорутуп жүрсө керек? Эмнеге антти? Аны менен эмне максатка жеткиси келди?” – деди эми. Анткени, бир жолу уулу ага адаттан тыш суроолорду берген:
- Апа, жумушка эч качан, эч качан барбай койсоңуз эмне болот?
- Анда болбойт да, балам. Чоң кишилер иштеп, акча табыш керек. Антпесе, аларга тамак-ашты ким берет?
- Башка аялдар деле, ал эмес атам деле барбай жүрөт го? – муну кандайдыр, муңайым айткан уулу.
Эгерде уулу чоңураак болсо: “Эгерде атаң арагын коюп, иштейм десе, сен экөөбүздү багам десе, үйдө отура бербейт белем, балам!” - дейт беле, баланын жүрөгүн оорутпаш үчүн:
- Атаңа ылайыктуу иш таппай жатпайбы... - деген.
- Ал айтты го: “Үйгө отургусу келбегендер, баласын жаман көргөндөр иштейт. Мен иштеп кетип калсам, сени уурулар уурдап кетишет” деп.
- Ошенттиби?
- Ооба, ошентти.
Уулу анан оюна бир нерсе түшүп кеткендей:
- Апа, чоң кишилер кантип ойношот? – деген.
Баланын эмне оюн тууралуу айтып жатканын анчалык түшүнө бербеген апасы:
- Иштен чарчагандар эс алыш үчүн теннис ойношот, биллярд, футбол, шахмат ойношот... - деген.
- Антип аталар ойнойт да, а апаларчы?
- Мм... Апаларбы? Балким, айрымдары ойнойт чыгаар. Мисалы...
кандай оюндар болушу мүмкүн? Спортсмен апалар...
- Жок, спортсмен эмес, сиздей апаларды айтып жатам?
- Мендей апалар ойнобойт го. Анткени, ойногонго алардын убактысы да жок. Эртеден кечке – иш, кечинде үйгө келе калып тамак жасамай, казан-аяк, кир жуумай, ушинтип отуруп алып баласынын суроолоруна жооп бермей... Анан уктамай, кайра туруп алып кайра эле эле баягыларды башынан баштамай...
- Аа... – эмнегедир уулу бир түпөйүлдөн кутулгандай, апасынын жообуна ыраазы болгондой анын мойнуна кучактап, бетинен өөп коюп, “култ” этип төшөгүнө кирип кеткен.

***

Эми анын киргенин конок үйдө бака-шака түшүп, ырдап-чоордоп отругандар байкашкан жок. Дилназик дароо эле түшүндү: “Арак достор келген тура”, - деди маанайы чөгүп. Бут кийимин чечип, “коноктор” отурган үйгө баш бакты. Эчак мас болуп, оолжуп калган аял-эркектер эки-экиден кучакташып, мунун кышкыга деп жасап койгон салаттарын ачып-чачып, каалашынча жыргап отурушкан экен, аялын көрүп эле Жаныбектин итатайы тутулуп, үстөлдү “тарс!” муштады:
- Жогол-л деп жатам!
Дилназик “селт” этти:
- Бала кайда?!
- Иш-шим да жок! – муну ушунчалык жек көрүү менен, кыжына
айтты Жаныбек. – Бала-малаңды да, сени да билбейм!
- Эмне деп жатасың? Акырын, угат.
- Эмне-е?! – колуна столдун үстүндө турган бычакты ала койду тигил. – Азыр кетип кал деп жатам! Болбосо, ушул жерден, элдин көзүнчө...
- Ой, аз-замат! – мас аялдардын бири алжаңдап каткырып, алакан чаап жиберип кубаттады аны. – Эркек экенсиң! Аз-замат, Жони!
Жаныбек мактоого жетине албай кеткендей кайра бурулуп карап, ага чындап эрдик көрсөткүсү келгендей, бычагын жалаңдатып, Дилназикти көздөй басты.
- Болуптур, мен кетейин. Эртең сүйлөшөбүз. Бала кайда? – деди Дилназик анын түрүнөн чыны менен эле сезгенип, артка кетенчиктей. Эки жагын каранып, чындап эле кенедей уулунан жансоога сурагандай да, эмнегедир анын алдынан тосуп чыкпаганына кабатыр болгондой да анан:
- Азама-ат?! Азамат?! – деп кыйкырды. Энесинин добушун угуп, уктоочу үйдө ыйлап отурган отурган уулу чуркап чыкты. Жаныбек эсине келе түшкөндөй, токтоп калды.
Дилназик уулун жерден так көтөрүп ала коюп, сыртка чыгып кетти. Бала апасын мойнуна бекем кучактап, унчукпай келе берип, бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей:
- Апа, мени түшүрсөңүз, өзүм басайын? – деди жароокерлене сүйлөп.
Унчукпай ыйлап келаткан апасы уулуна эреркеп кетти. Өпкүлөп-жыттагылап, жерге койду.
- Апа, атам эмнеге жаман киши? – деди бир убакта бала.
- Антпе, балам. Ал сенин атаң да...
- А сиз менин апамсыз да, - кимгердир таарынгандай “күңк” этти уулу.
- Ооба, апаңмын.
- Анда эмнеге атам жанагы аялга: “Мен аны өлтүрүп таштап, сени алам”, - дей берет?
- Мас да, балам. Мас кезинде ошенте берет кишилер.
- Ики, ал соо кезинде деле айтат ошентип: “Дилназикти жаздык
менен тумчуктуруп өлтүрсөм, эч ким билбей калат. Анан алып барып көмүп таштайбыз, анан ушул үйдүн хозяйкасы сен болосуң” деди го, эртең менен.
- Жинди болуп калса керек ал...
- Анан дайыма эле, жанагы аялды көрдүңүзбү, ошону алып келип, силердин керебетте кучактап жатат го? Кө-өп жолу...
- Койчу?! – чок баскандай ыргып-секирип кетти апасы. – Ошол аракеч аялды... кантип? Калпты айтпачы, уулум!
- Чын эле. Мени кээде эшикке ойнотуп ийишет. Сиз келерде аял кетип калат. Ал келгенде атам аябай жыргап, каткырып, күлүп калат. Ал кеткенде кайра ачуусу келе баштайт. “Ата, ал аял мага жакпайт,” – десем: “За то мага жагат. Ал да мени жакшы көрөт. Апаң деле башка эркек менен ушинтип жүрбөйбү. Ошондуктан арак ичип жүрөм да. Бирок буларды эч качан апаңа айтчу болбо. Кел, эркекче кол алышалы”, - деген. Бирок мен кичинекей эркекмин да, бир жолу айтып койсом болот да...
Алар үйдөн узап баратышты. Дилназик өзү айткандай, эртең же качандыр кайрылып келүүнү эми ойломок тургай, эмнегедир артына кылчайып карагысы да келбей баратты азыр.
Айткандай эле, бул жол аларды өз үй, өлөң төшөктөрүнөн биротоло бөлүп кетти... Уулу да каршы болгон жок. Тескерисинче: “Эми алиги аял менен жашап, атам арак ичпей калды болуш керек... Апамды да өлтүрбөйт... ” – деген балалык кыялы менен жашап калды.

***

Ушул убакта Акшоола Эрмекке кайра да телефон чалды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

8
АДАШКАНДАР


Кудай жалгап, бу саам кесиптеши илгиртпей ала койду:
- Да, Акшоола айым? Кулагым сизде.
- Кайдасың? – Акшоола бир нерседен шеги бардай сурады.
- Өзүмдөмүн.
Ал Акшооланын эмнеге чалганын түшүндү.
Чындыгында Махабат тууралуу өзүнүн деле билгиси, ал жөнүндө сурагысы, сүлөшкүсү келип отурган. Бирок, жаңы эле тапкан махабатынын өтүнүчү жүрөгүнүн кылда учунда турду. Сөзүнө сак болуп, убаданы бузбоого өзүн-өзү даярдап: «Эгерде Махабат айтса, уга берем. Эмнеси бар экен?! А бирок ага жолукканымды, таанышканымды айтпай койсом болду да!» - деди оюнда.
- Менде жумушуңуз бар беле, Акшоола айым? – деди анан.
- Бар эле. Баятан бери сизди таба албай жатам.
- Анда азыр, “семь секундда” жетип барам.
Айткандай эле, көп өтпөй эле кабинетине аттап-буттап кирип келген Эрмекти кесиптеши адегенде таң калгандай, же биринчи жолу көрүп жаткандай көздөрүн бакырайта карап калды да:
- Сага эмне болгон? – деп каткырып күлүп жиберди.
- Эч нерсе! – уурусун карматып ийгендей кайпактай түшүп, алакан жайып актанып жиберди Эрмек. - Эмне болуптурмун? Эч нерсе…
Акшоола анын мунусун: «Мен эчтеке кылган жокмун!...» - деп атканып жаткан шок балага окшотуп, ого бетер каткырып күлдү.
- Эмне күлөсүң? – дегени менен, эмнегедир Эрмек өзү да анан көзүнөн жаш чыкканча күлүп алды.
- Деги, эркектер кызыксыңар, - деди Акшоола күлкүсүн араң тыйып. Анын эмнеге анткенин чала-була баамдаган Эрмек унчуккан жок. «Баары бир сыр алдырбайм», - деп отурду оюнда. Бирок кубанычы койнуна батпай, бакыттан каректери ойноп турганын өзү билген жок.
- Кайда бардың? – деди эми Акшоола анын кайда барганын билип, сезип туруп эле сынагандай. – Баятан бери таппайм?
- Эч кайда! А эмне, эшикке чыксам болбойбу? Ара чолодо үйгө барып келдим, - деди Эрмек ийнин күүшөп, - Элдикиндей үйдө катыным болгон соң…
Акшоола дагы эле ишенбегендей, күлүмсүрөп карап калды эле:
- Дегинкиси, мен эмнеге бирөөгө отчёт беришим керек? – деди Эрмек, акыры Акшооладан эптеп кутулууга амалданып, - Шефим, же аялым болсоң кууратмак окшойсуң!
- Болуптур, чыны менен эле кайда бардың, ким менен бардың, ал өз ишиң. Бирок, алиги аялдын ким экенин, мага эмне үчүн келгенин билишим керек?
Ийнин куушурду Эрмек:
- Мен ага кийлигишпейм. Ал - өзүңөрдүн ишиңер.
- Менин чөнтөк телефонумду ага сен бердиң да?
- Менден эч ким сураган жок.
- Ал бияктан чыккандан кийин чалды го?
- Билбейм, Акшоола. Кызыксың го, сүйлөшүп отурган өзүң. ªзүңө келген кишини өзүң билбесең, мен кайдан билейин?!
Анын бул жообу Акшоолага бир чети жүйөөлүү өңдөнүп кетти да:
- Мейли анда, Эрмек Асанович, - деди, - Бирок…
Кетүүгө камданып, туруп бараткан Эрмек Асанович акыркы «бирок» деген сөзгө байланып, сөздүн ары жагын күткөндөй туруп калды.
- Бирок, мен сага эч качан жамандык каалабайм! – деди Акшоола алда нени эскерткендей.
- Рахмат, - Эрмек да муну чын дилинен айтып, чыгып кетти.
Акшооланын бул эскертүүсү, сырдуу карашы канчалык олуттуу, табышмактуу сыяктанганы менен, башы тумандап турган эркек алардын баарын кайра эле бир заматта унутуп таштады.


***
Акшоола да көпкө чейин ойлонуп отуруп:
«Ошо аялды унутайынчы! – деди өзүн-өзү алдап, - Бүттү! Ким болсо, ошо болсун! Келген өзү, унчукпай кетип калган да өзү… Мага эмне?!.»
Анан кимгедир телефон чалды:
- Алло?
- Да, Шоола. Мен угуп жатам…- деди трубканы алган адам.
- Кандай? – деди.
- Жакшы. ªзүң кандай?..
- Мм… ар кандай.
Акшоола бүгүнкү көргөнү менен укканын айтып, жандүйнөсүндөгү түпөйүл нерсени бөлүшкүсү келип, бирок чүмбөттүү аялдын “өтүнүчүн” эстеп токтоп калды.
- Чарчаган окшойсуң? – деди телефондогу адам.
- Кантип билдиң? – эркелей сурады.
- Үнүң айтып турат.
- Чарчадым, - саатын карады Акшоола, - курсагым да ачты…
- Түшүндүм…
Ошондон көп өтпөй эле сырта турган Акшоола машинени алыстан таанып, утурлай басты. Рулдагы узун бойлуу, далылуу жаш адам эшик ачып, жанына отурган Акшооланы жүзүнөн сүйдү да:
- Бери карачы, - деди бир нерсени байкагандай. Эч нерсе болбогондой, жасалма күлүмсүрөгөн жубайынын капкара каректеринин ары жагында, айткандай эле түпөйүл бир нерсе жаткан.
- Эмне болду? – кабатыр болгондой, эркелете тиктеди эркек.
- Эч нерсе.
- Калп айтпа.
- Айткан жокмун! – ансайын эркелей айтты Акшоола.
- Көздөрүң айтып жатат.
- Эмне деп?
- «Бир нерсе болду» деп.
Акшоола жаш балага окшоп көздөрүн бекем жумуп алып:
- Эмичи? – деди.
Ынак Акшооланын жоругуна ичи элжирей карады да, мурдунан чымчып:
- Жарайт. Азыр айткың келбесе, анан… - деп жүрүп кетти.
- Кайда баратабыз? – деди көздөрүн ачпаган боюнча Акшоола.
- Тарыхый бир жайга!
- Кайда?! – уйкусунан чочуп ойгонгондой көздөрүн чоң ачып, таң кала карады, - Тарыхый дейсиңби? А мен курсагым ачты дедим го?!
- Ошол жактан тамактанабыз.
Орундукка жөлөнүп алып, Акшоола эми Ынактын чарчаңкы жүзүнө, түнү менен компьютер тиктеп отуруп киртийген көздөрүнө, ак аралай баштаган саамайына ичи элжирей тиктеди: «Бул жашоодо сенин бар экениң кандай жакшы?!. – деди оюнда. - Сенсиз менин ар бир күнүм азап менен тозок болмок. Мен андай күндүн кайрылышын каалабайм! »
Жубайынын көз албай тиктей бергенинен Ынак да ага кылчайып карап, экөөнүн карек учкундары чагылыша түштү.
- Чарчапсың, – бошой калган оң колу менен Акшооланын бетинен, чачынан сылап койду.
- Эс алууга чыкпайсыңбы? – деди анан капысынан эле сунуш киргизип.
- Болбойт! – кесе жооп берди жубайы.
- Эмне үчүн?!
- Жайында эс албадымбы.
- Күзүндө да эс ал.
- Кантип?
- Акысыз отпуска ал.
- Себеби?! – бир эсе макул эместей, бир эсе эркелей, ажыкыс сурады Акшоола.
- Себеби чарчап жүрөсүң. Же мени байкабайт дейсиңби?
- Долбоорум жарактан чыкпайбы.
- Бир нерсе айтсам капа болбойсуңбу? – олуттуу сөзү бардай карады жигит.
- Айтып көр?
- Бизге сенин ишиң, долбооруң эмес, өзүң керексиң. Сенин ден соолугуң, маанайың…
- Ишсиз мен ого бетер ооруп калышым мүмкүн.
Акшооланы баары бир көндүрө албасына көзү жеткендей: «Эх, сенин көктүгүң! » - дегендей күрсүнүп койду жигит.
Алардын машинеси «Дасмия» ресторанынын алдына келип токтоду.
- Тарыхый жериңди эми түшүндүм, - деди Акшоола.
- Көптөн бери бул жерде боло элекпиз. Бизди тааныштырган, табыштырган, бактылуу мүнөттөрүбүзгө күбө болгон жер… - деди ресторанга кирип, отуруп жатканда жигит.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

9
АДАШКАНДАР


- Ооба, - деди Акшоола тамаша-чындан, - Анын үстүнө, бул жер менден башкалаларды да эсиңе салат эмеспи…
Бул анын бир топ жылдар мурунку окуялар жөнүндө, Лилия менен Айнура тууралуу айтып жатканы эле. Бирок, буга чейин ортодо бул жөнүндө бир да жолу кеп болгон эмес. Ортолордунда эч нерсе болбогон сыяктуу эле. Ошондон улам го, азыр Ынак да ыңгайсызданып кетти.
«Кызык, - деди оюнда Акшоола оозунда даяр тургансып, капысынан эле айтылып кеткен сөзгө өкүнүп, - Кайдан да келе калды бул сөз?!.»
Анан калса, чүмбөттүү аялдын элеси да «кылак» этип көз алдына тартыла калып жок болду. «Бул - Лилия же Айнура эмеспи?..» - жагымсыз бир нерсе таап алгандай, Акшооланын өңү бозоро түштү. Ушул суроо кекиртегине кептелип калгандай, тунжурай түштү.
- Бүгүн чыны менен эле башкасың? - деди Ынак жубайынын жанагы сөзүнөн да, жакшынакай туруп эле тунжурай түшкөнүнөн да улам.
- Эмне эле бүгүн сага башкача көрүнүп калгам? Деги өзүң жакшы элесиңби? – Акшоола аңдабай айтып алган сөзүн да, оюнда турган коркунучтуу божомолду да ушинтип жууп-чайыгысы келди. – Кана, мени карачы?
Күйөөсүнүн көздөрүнө тигилди:
- Көздөрүң айтып жатат го?
- Эмне деп?
- «Күйөөң түнү бою иштей берип, уктаган жокпуз, ошон үчүн башкача көрүнүп жатасың…» деп.
- Уйку кайда качмак эле… - деген Ынак баары бир жубайынын жүрөгүнүн учунда кандайдыр бир жагымсыз нерсе жашынып турганын боолгоду да:
- Андан көрө өзүңдүн ишиң кандай? Бүгүн эмне иш кылдың, ошону айтчы? – деди кеп учугун чубап.
- Эртең жаңы долбоорум боюнча биринчи сьемкамды тартам.
- Куттуктайм! Мм… Дагы кандай жаңылыктар бар?
- Эч кандай. Бирок… – Акшоола бүгүнкү аял тууралуу айтып жиберчүдөй обдулуп барып, токтоп калды. Анын мүнөзүн беш колдой билген күйөөсү:
- Айт, айта бер? – деди.
- Эмнени айтайын, баягыдай эле бытырап иштедик…- сөзүн буруп кетти жубайы.
- Акшоола, эч нерсе жашырышпайбыз дедик беле?
Ошону моюнга алгандай, ойлонуп калды Акшоола. А бирок ага алиги аял тууралуу айткандан чочулады. «Кокус, Ынакка айтканымды ал билип калсачы?.. Анда эмнеге келгенин, ким экенин айтпай, табышмак ого бетер татаалданат да! Эгерде тек гана келген бирөө болсо мейли эле, «үй-бүлөңө айтпа» дегени кызык болуп жатпайбы! Анын үстүнө буларды башта билген адамдай сүрөттү колуна алып, теше тиктеп турду го. Андан эмне көрдү, эмне издеди? Телефонумду кайдан алды? Же анын Ынак менен тааныштыгы барбы? Айта берсем кантет? Жок, күтө турайынчы... »
- Тамагыңыз таттуу болсун, татына айым! – Ынактын бу сөзү кашыгын кармаган боюнча, бир чекитти тиктеп, ойго батып кеткен келинди оюнан ойготту.
- А... рахмат, Өзүңдүн да тамагың таттуу болсун,
Бирок, Ынак андан ары такыган жок. Тескерисинче тамаша айтып, жайдарыланды.
Акшоола канчалык алаксыйын дегени менен деле: «Алиги аял чын эле?..» - деген суроо көкүрөгөнө кайра эле «тык» этип тура калып жатты.
- Сиз… кокус бирөө-жарымды сүйүп калган эмессизби? – деди Ынак ойго батып кеткен аялын тамашалай. Анын эмне себептен антип сураганын түшүнө койгон Акшоола:
- Сүйүп калгам, - деди тамашага-тамаша менен жооп берип.
- Ошол бактылуу адам ким болду экен?
- Албы? Эч кимге окшобогон бирөө!
- Мм… Ошондойбу?
- Ошондой!
- Аныңыздын бою-башы, ырай-бешенеси кандай өзү, түзүк немеби?
- Түзүк болгондо да кандай?! Сулуу десең - сулуу, акылдуу десең - акылдуу, андай адам бирөө гана!
Ынак Кабылович дагы тамашалады:
- Ии… Анда мага окшош турбайбы?..
Акшоола ажарына чыга күлүп жиберди. Бирок бат эле кайра кеткендей, сумсая калды.
«Бакыт?!.» - оюна уулу келе түштү. Ушу азыр чүмбөттүү аял Бакытты кайдадыр ала качып кетип бараткандай элес келип кетти ага. Телефонун ала коюп, шашылыш терип кирди.
- Алло?! – деди анан шашкалактап, - Бакыт?! Каяктасың, балам?
- Үйдөмүн.
- Жанара кайда?
- Жанымда.
- Эмне кылып атасыңар?
- Тамак жеп атабыз.
- Ии, - эс ала түшкөндөй болду Акшоола. – Болуптур, эжеңе айт, биз баргыча кетпей турсун. Бир аздан кийин барып калабыз…***Өзүн Махабат деп атаган ошо аял бул убакта шаар аралап, тоо тарапты беттей жүрүп отуруп, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына келип токтоду.
Аны көрүп эле аркы подьезддин алдында турган эки-үч эркек бири-бирин чыканагы менен түрткүлөп, ал тууралуу сүйлөшүп жаткандай болушту. Аял аларды байкагысы да келген жок. Анткени көптөн бери ал адамдардын өзүнө таң калгандай, алда неден шектенгендей, күбүң-шыбың болушуп, суроолуу карагандарына көнүп калган.
Бу саам да коңшуларынын ким-кимисине көңүл бурбай, лифт менен жетинчи кабатка көтөрүлүп, оң эшикке кирип кетти.
Эшикти ичинен беките салып, адатынча түз эле ваннага кирди да, эмнегедир чүмбөтүн чечкиси келбей, ошол боюнча күзгүнүн алдында көпкө турду. Тээ бир топтон кийин гана мойнунан байлагандай көңүл кош кыймылдап көз айнегин, жоолугун чечип жатып, өзүн көргүсү келбегендей, жалгыз көзүн жумуп алды.
Анткени ал көкүрөк-көңүлүндө көлкүлдөп турган эми элеки керемет сезимди жоготуп алуудан коркту.
Көзүн жумган боюнча колдорун жууп, бирок суу толтурган кочушу жүзүнө жетип-жетпей дагы токтоду. Ал алакандары аркылуу да ыраңындагы кемчиликти сезгиси келбей, ызадан муун-жүүнү калчылдап, өзүнө-өзү батпай кетти! Ал көптөн бери мындай абалга тушуга элек болчу.
Акыркы күндөрү өзүн күзгүдөн караганга көнүп, тагдырдын башка салганына баш ийип калгансыган. Эмичи? Кочушундагы сууну силкип таштап, ваннадан атып чыкты да, керебетине кулады! Адегенде жаздык кучактап алып көмкөрөсүнөн, анан чалкасынан жатып алып букулдап ыйлады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

10
АДАШКАНДАР


Ый арасында эсине дарыгердин айтканы түштү. Солуктап басылып: «Буга чейин ошону элес албаганымды кара! – деди оюнда. - Балким… Чын эле пластикалык операция жасатаармын? !.»
Үмүт учкундары «жылт!» этти. Мурдун кармалап көргүсү келгендей, оң колун алып келатып, иренжигендей кайра эле бат ары таштап ийди! Бир топтон кийин алаканын акырын алып келип, жок көзүнүн ордуна койду да: «Мейли көрбөсө! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп. - Орду туруп калса болду да… Соо көзүм аман болсун!..»
- Эч нерсе эмес, эң негизгиси жаныңыз аман. Ичеги-кардыңыз соо, акыл-эсиңиз, колу-бутуңуз ордунда! – ооруканадан уккан үндү көкүрөк-көөдөнүнөн тыңшады эми. - Азыр илим менен билим эмнени гана жасабайт! Кааласаңыз, кайра эле бир күнү жакшынакай айым болуп чыга каласыз!
Жандүйнөсү жанчылып тургандыктан, дарыгердин айтканына анда анчалык ишенген да, маани берген да эмес! «ªзүмдүкү болбогон соң, кереги эмне, мага жасалма кебетенин?! Андан көрө бул үчүн бардыгынан өч алам да, андан аркысын дагы көрө жатам!..» - ушул гана ой көкүрөгүн ныгыра басып, ушуну максат кылып жашап калган.
ªч алуу!.. Ушул сезим канында удургуй түшкөн сайын, Акшоола келет эсине! Ал үчүн өч алуунун канчалаган жолдорун ойлоп таппады дейсиң?! Бирок бири да мунун көксөөсүн суутуп, көңүлүн тынчыта турган эмес! Кандай «жаза» ойлоп тапса деле, акырында Акшоола баарын жеңип, баягыдай эле бактылуу болуп чыга калчудай көрүнө берди. Акыры тапты! Эң акыркы чечими ушул болду - аны да өзүнө окшотуу керек! Ошондо гана максатына жетчүдөй, ошондо гана көксөөсү сууп, жаны жай алчудай сезилип туруп алды. Ошондо гана Акшоола да буга окшоп азаптанып, бул сезгенди сезип, бул ойлогонду ойломок! Көрөт эле анан, Ынак экөөнүн бакубат жашаганын!
“Бирок кантип?!” – маселе ушуга келип такалды. А бирок өзү ар дайым туу туткан бир сөзү бар: “Калоосу жарашса – кар күйөт!” Акыры акыл-эси аман кезде андан амал кайда качып кутулмак эле?! Тапты аны да – Акшооланын жылмакай бетине кислота чачып, таптакыр күйгүзүп таштоо керек!”
«Кызык, эмнеге аны мынчалык жек көрөм?!» - деди эми оюнда. Бул суроону ал биринчи жолу ойлоду. Бирок жообун тапкан жок. Тапканы – биринчи күнү эле экөө бири-бирине жаккан эмес! Арадан канчалаган айлар, жылдар өтсө деле ошол жек көрүүсү, ошол жеңилүү, ошол ыза өчпөй койбодубу!
Кээде бети-башы чүрүшүп күйүп, кемпирге айланган Акшооланы элестетип алып, бактысына батпай балкылдап кетчү да, ошол күндүн ылдам эле келишин күтчү!
Анан: “Кантип?! ” – деген суроо туулду. Басып да, туруп да ой-кыялдарын чындыкка айлантуунун амалын издей баштады. Адегенде бул ишке жардамчы керектей туюлуп, көчөдө жүргөн селсаяктардан бери ойлоду. Машинесин минип алып, таштандыларды акмалап канча жүрдү?! А бирок баары эле ага мажүрөө, алсыздай сезилип туруп алды! «Эч нерсеге жарабаган, эч кимге кереги жок бечаралар! – деди анан итатайы тутулуп, - Эгерде ошол ишти жасай турган алы, эрки болсо, ушинтип таштанды терип жүрүшөт беле! Башка жол жокпу, эмне?!. Жок, жарабайт булар!..»
Айнураны да ойлоду: «Шуркуя! – деди кекенип, - Жүрсөң керек да, телегейиң тегиз, дүйнөң түгөл! Үйүң – үстүңдө, ашың – астыңда! Жаш күйөөгө тийип алып, тайраңдап! Ошонун баары кимдин арты менен экенин эстеп койгонуңду Кудай билет! “жакшылыкка – жакшылык” деп, жардам керек болуп турганда көзүмө бир көрүнсөң кана?! Шашпа, Акшооладан кийин сага да кезек келет!..»
Ошентип, өзүнөн башка эч кимге ишене албай койду Лилия. ªз колу менен жасаганда гана максатына жетерин билди. Жада калса бул иштин ары жагын да ойлоду. Өч алуудан кийин өз тагдырынын бычактын мизинде каларын билип, ага да кам көрүп койду…Ыйлап басылып, ушуларды ойлонуп жаткан аялдын көз алдына Акшооланын бүгүнкү элеси келди. «Баягыдан азыраак тотуккансып, бирок ого бетер ажары ачыла түшүптүр. Экранга кандай чыкса, ошондой эле экен, - жана адеп көргөндө эле ушинтип ойлогон, - Бактылуу чыгаар?! Анан эмне!..»
Эми да ошондогудай эрдин тиштене, ичине бирөө от коюп ийгендей көөдөнү өрттөнүп, көзүн бекем жумуп ийди. Муштумдары түйүлүп, денесин майда калчылдак басып кетти.
«Акмаксың! – деди оюнда өзүн-өзү башка муштап, - Анчалык чыгынып баргандан кийин эмнеге турдуң, жалдырап! Акмаксың! ..»
Элестети. Анын максаты – кирип барып эле ай-буйга келтирбей, Акшооланын бетине кислотаны жаба чачмак да, кандай кирсе, так ошондой чыгып кете бермек! Бир гана Кудайдан тилегени – Акшооланын жалгыздыгы болчу! «Башка эч нерсенин кереги жок! Калганы өзүмдүн колумда!» - деп барган. Айткандай эле Акшоола жалгыз болчу. Болгондо да өйдө карабай, эч нерседен бейкапар, бар бактысы ошондо сымал, тирмийип иштеп отуруптур эмес беле!
Бул жакшы эле жанына барган!..
«Алдыраарда – жаздыраар» болуп, жанагы сүрөткө алаксып калбадыбы анан!.. Эрмек да кирип келип!..»
Онтоп ийгендей, оор энтигип алды! Манжалары карышып, бир муштум болуп түйүлө түштү да, тура калып сумкесин издеп тапты. Андагы атырдын бөтөлкөсүн алып, ошонун ичинде бир купуя сыр жаткандай, айлантып-тегеретип карап кенен бөлмөнүн так ортосунда турду:
- Бу саам аны Кудайы колдоду, ээ? - деди бөтөлкө менен сүйлөшүп.
- Жок, - деди кайра анан башын чайкап, - Эрмек сактап калды аны!.. Болбосо, экөөбүз эчак ишибизди бүтүрүп таштап, жөнөп кете берет элек! Сен дагы ичиңдеги мына бул ачуу, уу заттан бошоп, мен дагы көкүрөк-көңүлүмдү жеген кектен арылып, жеңилдеп калат элек…
Кудум Акшоола бет маңдайында тургандай элестетип, бөтөлкөнү анын так бетине мээледи да, капкагын басып-басып калды!!!
Бүркүлгөн «атырдын» жагымсыз, кыйгыл жыты заматта үй ичин каптап кетти!..
Көз алдындагы эмне болуп жатканына түшүнбөй, адегенде алдастай түшүп, анан эки бетин кош колдой баса калып, тыбырчылап жерге отура калган Акшооланын элесин тиктеп, көксөөсү суугуча каткырып күлүп, моокуму канып, табалап... карап турду аял!
- Анан?! – деди бир убакта күлкүсүн токтото, бөтөлкөдөн сурап, - Андан ары эмне болот эле?! И, ооба, Эрмек кирип келмек! Ал эмне болуп кеткенин аңдап, эсине келгиче мен шамалдай «шуу!» этип, чыгып кете бермекмин! .. Эрмек болсо…”
“Жок, жок! – деди андан аркысын элестеткенден коркуп кеткендей жоошуй калып. – Жок! Бир чети анын кирип келгени жакшы болуптур! Анда мен анын сүйүүгө мас сөздөрүн укпай, ишенчээк көздөрүн көрбөй калат элем да!..”
Эрмек оюна түшө калганда, эми элеки жанын жеп, жүрөгүн кууруган «өч алуу» оорусу акырындап тарап, басаңдай түшкөнсүдү. Тарамыштай тырыша түшкөн муштумдары, денеси жумшарып, маанайы көтөрүлө калды. Бул кандайча экенин өзү да билбей, билгиси да келбей, жада калса баятан бери безилдеп жаткан телефондун «ырын» да укпай, дел болуп тура берди да, бир убакта анан шашкалактап ала койду.
- Алло? А... Мурат? Саламатсыңбы? – чалган кишини таанып, кабагы көтөрүңкү, жайдары учурашты. – Иштериң жакшыбы?
- Саламатсызбы? – сыпайы сүйлөштү ары жактагы киши. – Жана үндөбөй койгонуңуздан айнып калганбы дедим эле?
Акшооланын кабинетиндеги үнсүз сүйлөшкөн кишиси ушул болчу.
- Жок, жок, кантип айнымак элем, күтүп жатпаймынбы, - шашкалактап кетти эми. – Жана кишилер бар эле. Иштер кандай, болчудайбы?
- Болот. Сизди эле күтүп жатабыз…
Экөөнүн кеби туюк-туюк болгону менен, бири-бирин түшүнүштү.
- Мм… Мурат Маратович, - бышыктап кайра да сурады аял, - кандай дейсиз, ал кагаз мени алдыдагы «алааматтардан» сактап кала алабы?
- Мисалы, кандай аламааттардан?
- Билбегенсип сурайсың да! – тырчый түштү келин.
- Биз сүйлөшүп бүтпөдүк беле!
- Болуптур. Бирок, мен ал жагыңа барбай эле коёюнчу. Бир жерден кезигели?
- Келгиңиз келбей жатабы?
- Чынымды айтсам… Кудай жиндиканадан сактасын!
- Жиндикана сизди сактай турган болуп атат го?! – же какшык экени, же тамаша экени белгисиз сүйлөдү дарыгер.
- Ошентсе да…
- Кептин кыскасы, биздин «курортко» келип, беш-он күн «эс алып» кетпесеңиз болбойт окшойт. Кагазыңыз да ошондон кийин бүтөт го. Антпесек, тобокелдикке салыш кыйын болуп калчудай.
Лилиянын жалгыз көздүү, мурду жок, быргыл бети ого бетер түктүйүп, кебетеси бузула түштү:
- Сиз бир нерсени унутуп калган окшойсуз! – демите үн каты. Анын эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөндөй:
- Эгерде минтип акыйлаша берсек, алдыга жыла албайбыз, Лилия Артыковна! – деди дарыгер да баса-баса сүйлөп.
- Артка бир кылчайып карап алып, анан алдыга жылганыбыз мага жагып турат!.. Анткени, сен болбогондо мен кайдагы бир Бахтыяр дегенди тааныбайт элем да, мындай күнгө кабылбайт элем!!!
- Бул жерде менин эч кандай тийешем жок! – тигил да «тарс» жарылып кетти. – Эгерде анте турган болсоңуз…
- Жок, жок, Мурат Маратович! – сөзүн кайра алгандай жоошуй сүйлөдү Лилия. – Болду, баары артта калды. Ошону эле бир ооз айтып коёюн дегем. Мени да түшүн! Мага эмне, жеңил дейсиңби?!
- Түшүнгөн үчүн “сүйлөшүп” жатам да.
- Болуптур. Качан барайын?!
- Канчалык эрте болгону жакшы!
- Жарайт! Эки-үч күндө кабарлашам.
Ошол кагаз колуна тийсе эле баардык жакка жолу ачыла тургансып, болжошкон күндү – бүгүндү күтүп, көптөн бери өпкөсү көөп жүргөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

11
АДАШКАНДАР


«Демек, бүгүнкүгө бүтүргөн эмес экен! - деди оюнда. – Ошого ишенип, Акшоолага «баатыр» болуп барбадым беле!.. Эркек эмес экен да, бу!»
Бүгүнкүгө план түзүп: “Акшоола менен “ишимди бүтүрүп” коюп, андан ары барып “жинди” деген кагазымды алам!” – деп жолго ишенимдүү аттанган аялдын шаабайы сууй түштү.
«Сен болбогондо өлмөк экемин! – деди анан көз алдына келе калган Эрмектин элеси менен сүйлөшүп. - Жанагы, жиндилер менен иштеген дарыгерге ишенип... Өзү да мээ кайык болуп калса керек ал! Болбосо, созо тургудай анын эмнеси бар? “Лилия Артыкова – жинди болуп ооруп калган” деген сөздү жазып, кол коюп коюш кыйынбы? Ыраспы, Эрмек Асанович? Алчусун албайбы да, эртелетпейби! Же... бергениме алымсынбай жатабы?.. Соо кезимде, ал кыйналып, ийненин үстүндө отурганында бергенимчи? ! Аны унутуп калганбы ал акмак?!”
Чын эле Эрмектен жооп күткөндөй, жымжырттыкка кулагын төшөп, тунжурай калды. Чыны менен эле ушуларды айтып, кеңеш сурачудай, анан Эрмек Асановичтин телефон номурун шыкылдатып тере баштады.
- Да? Мен угуп жатам? Алло?
- Эрмек Асанович, сизби? – чарчаңкы унчукту Махабат.
- Махабат? Жакшы жетип алдыңызбы?
- Жакшы. Өзүңүз кандай жеттиңиз? «Жүрөгүңүз оорубай» элеби?
- Сиз чалаарыңыз менен оорубай калды!
Жаш кыздай кылыктанып күлдү аял.
- Махабат, чыныңызды айтыңызчы, «Чоң эле киши жаш баладай болуп… же жеңил ойлуу, катынпоз немеби» деп, мен жөнүндө жаман ойлоп калган жоксузбу? – деди Эрмек чыны менен эле кабатырланып.
- Чынымды айтсам… - унчукпай калды аял.
- Мени аябай эле айта бериңиз, капа болбойм, - анткен менен үмүтү өчкөндөй айтты Эрмек.
Аял азга унчукпай калды да, анан шыр кетти:
- Чынымды айтсам, сизге жолуккан мүнөттөн тарта, менин жашагым келип калды! Сиз мага ак жолтой болдуңуз… - бул сөздүн артында: «Сиз кирип келбегенде Акшоолага да, мага да кыйын болмок! Ал убагынан саал эртерээк жезкемпирге айланмак да, мен «жиндилигимди» далилдей албай калып, тирүүнүн өлүүсүнө айланмакмын! » - деген ой жаткан. Эрмекке сыртынан айтпаганы менен, ичинде ушинтип жооп берди аял.
- Сиз мени бактылуу кылып таштадыңыз, Махабат!
Аял ишенбей жаткандай күлүп койду:
- А бакыт деген эмне?
- Бакыт… Билесизби, адам бул жалган жашоого жарым-жартылай туулуп, а жарымын жашоодон, адамдардын арасынан издеп табышы керек экен. Ошол экинчи жарымын тапмайынча ал эч качан бактылуу боло албайт, бөксөөсү толбойт. Ишенсеңиз, баятан бери ойлонуп отуруп эч эстей албай койдум. Мен буга чейин мынчалык бактылуу болгон эмес экемин. Атүгүл, ыраматылык аялым бар кезде да айлана-тегерегимден, бу жашоодон белгисиз ким бирөөнү эле издей берет элем.
- Демек, сиз дагы мендей жалгыз экенсиз да? – анын «ыраматылык аялым» дегенинен улам ушундай жыйынтыкка келди аял.
- Ошондой. Сизге жолукканы – мен жашоого кайрадан жаралгандай болуп атам.
- Кебетемди көрбөй туруп элеби?
- Мен да ошого таңмын. Көрсө, сүйүүгө көздүн кереги жок окшобойбу. Сүйүү - көкүрөк, сезим менен көрөт белем.
- …
- Бир аз эле убакыттын ичинде мен сизди эчактан билген, эң жакын адамымдай сезип алдым. Балким, биз башта жолуккан эмес белек?
- Башта да ушундай сезим келди беле? – кызгангандай, сынай сурады аял.
- Мм… жок! Эсимде жок!
- Менин да эсимде жок! Мен да сизди биринчи жолу көрдүм. Бирок кеч, өтө кеч көрүнгөнүңүз өкүнүчтүү, Эрмек!
- Жашоо бүтүп баратканда гана кеч болушу мүмкүн. Биз али жашап жатпайбызбы, Махабат.
- Аныңыз да чын…
Сүйлөшүп бүткөндөн кийин да бар бактысы, сүйүүсү, атүгүл Эрмек Асановичтин өзү да ушунун ичинде сыяктуу, Махабат телефонун бекем уучтаган боюнча отуруп калды. Кичине эле ашыкча кыймыл жасап, чоңураак дем алып жиберсе эле ошол бакыт андан “пыр-р” деп учуп кетүүчүдөй, жым-жырт... Бир гана жүрөгү дүкүлдөйт.
“Биз али жашап жатпайбызбы. ..” – кадыресе эле сөздөй туюлганы менен, бул сөз ага жакты. “Ырас эле, биз али жашап жатпайбызбы. .. Демек, спектакль али бүтө элек!.. Мындан аркысын кандай ойнойбуз, ачыгы - кандай жашайбыз, ал да өзүбүдүн колубузда! Көшөгө жабылмайынча жашоо, күрөшүү гана керек!..”***Эрмек эсине түшкөн сайын аял өзүн жомокко түшүп калгандай сезчү болду. Андай кездерде эми эле жүрөгүн өйүгөн, маанайын чөгөргөн нерселердин баары алда кайда чачылып кетип, жандүйнөсүндө бир гана Эрмек калгансып кетет. Бир караганда бул сезим ага жат – чоочун сыяктанып, кайдан-жайдан келген ушул “мажүрөөлүктөн” иренжип кеткени менен, бир чети жагымдуу эле.
Ырас, маалында ошол, өзүнө таптакыр окшошпогон адамдарга таң калчу. Арзуу, аёо, сагыныч, ишеним сыяктуу аялуу сезимдерди сезгиси да келчү эмес. ”Ал – алсыз адамдарга жарашат”, - дейт эле. ªзүндөгү өктөм, муздак жана мерес сезимдер менен башка бардык сезимдерге үстөмдүк кылып, башкарып тургусу келчү. “Жашоо – бул театр, - дечү көкүрөгүнө уюган ишеним менен, - адам – артист. Чабалдар менен алсыздар гана өмүрүнүн акырына чейин жабыркап, трагедиянын баш каарманы болуп жүрүп өтүп кетишет!.. ”
Ушул көз карашты туу тутуп, турмушунда улам бир жаңы укмушту баштап ийип, андагы бейкапар каармандардын жандүйнөсүнө, акыл-сезимине, тагдырына чакчалекей сала коюп, өзү окуяны үстүртөн байкап, кээде мыйыгынан жылмайыңкы, кээде каткырып күлүп карап турганды жактырчу.
Ошон үчүнбү, ал канчалык ажарлуу, сулуу болгону менен, эркектер да ага оңой менен даап, батына алчу эмес. “Мен кыйын!” дегендери да мунун жандүйнөнү аңтара тиктеген курч, сүрдүү көздөрүн тиктей албай, каректерин качырып кетчү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

12

АДАШКАНДАР

Сыртта турган үч эркек чүмбөттүү айым туралуу кеп кылып атышты.
- Кыргызбы бул аял? – деди аны биринчи жолу көргөн Эсентур.
- Айтып атам го, кып-кыргыз! Өгүнү аялдар кеп да кылып жатышканын уккам. Асел шайлоодо агитатор боло калды го, ошондо добушун сурап барган экен. Көзү ачык неме экен дейт. «Аныңар өтпөйт, чуркабай эле койгула», - деген имиш. Айткандай эле өткөн жок.
- Күйөөсү менен ажырашкан бекен?
- Анысын билбейм. Баса, аны эмне эле сурап калдыңар?
- Белек досуң да, сүйүп калган имиш. “Ошону менен таанышпасам өлөм!» деп атат... – күчөтүп айтты Эсентур.
- Эй, аныңар бетин кишиге көрсөтпөйт дейт го, же сен көрдүң беле?
Белек “бурк” этти:
- Көрсөм силерге келет белем?!
- Кызык го, мобу эй! Көрбөй туруп анан эмне?.. Же чын эле үйүнө, машинесине кызыктыңбы? Кичине алды-артыңды карасаңчы?
- Таанышсам, анан карайм да.
Эсентур сөзгө аралашып, ажыкыстанды:
- Дагысын айтсам, азыр жыгыласың! Баарынан да бул романтикке кошунаңдын жыты жаккан имиш!
- Эмне?! – таң калгандай кайра сурады Анарбек. - А сен анын жытын каяктан жыттап жүрөсүң?!
Белек ошону кантип түшүндүрүп айтаарын билбей жаткандай кайпактап кетти…

***
Акыркы күндөрү табышмактуу ошо аял Акшооланын түшүнө да кирчү болду.
Эрмек Асанович болсо баягыдай кирип-чыгып барпалактабай, андан караманча эле алыстап калды. Ошондон улам да анын чүмбөттүү аял менен кандайдыр мамилеси бар экенин Акшоола билип, туюп, бирок сураганга батынбай жүрүп, бир топ күндөрдөн кийин, жедеп чыдамы түгөнгөндө гана кесиптешинин кабинетине кирип барды:
- Мүмкүнбү, Эрмек Асанович? Иштер кандай?
- Жакшы, - Акшооланын эмнени ойлоп, эмне жөнүндө сурагысы келгенин түшүнгөн Эрмек Асанович андан көздөрүн ала качып, кагаздарын жөн эле башаламан аралаштырып, кайпактап калды.
- Бирдеме издеп жатасызбы? – бир топко чейин унчукпай карап отуруп, тамаша-чындан ушинтип сурады Акшоола.
- Жок. А ооба! Бир кагазымды таппай…
- Калп эле издебечи, Эрмек! Эмнегедир, кийинки кездерде башкача болуп кеттиң?!
- Кандай, «башкача?»
- Таптакыр өзгөрүлүп, бейтааныш болуп кеттиң го? Демейде тажатып, кирип-чыгып турчу элең? Эми менден каччу болдуң. Мына азыр да көзүмө тик карабай, каректериңди ала качып жатасың. Эмнеге?!
- Билбейм… - ошону өзү да мойнуна алгандай, ийнин куушурду Эрмек.
- А мен билем.
- Эмнени?
- Сүйүп калганыңды!
Эрмек Асанович муну адегенде башкача түшүнүп алды. Ого бетер карбаластап, эки бети тамылжып, ысып кетти да:
- Сүйчүмүн, башта… - деди таарынгандай. - Бирок сен байкабай, капарыңа албай койбодуңбу…
Акшоола каткырып күлүп жиберип, Эрмек ого бетер ыңгайсызданып кетти.
- Эрмек! – деди анан күлкүсүн араң тыйып, - Ушундай бир күлкүлүү жигитсиң да! Албетте, байкабайм! Мен деген үй-бүлөлүү аялмын. Же Ынакты билбейсиңби? Мен башка аял жөнүндө айтып жатам. Жүрөгүңө чок салып кеткен алиги-и… ким эле?
- Махабат.
- Ким?!
Эрмек Асанович айтылбай турган нерсени айтып алып, бир чоң күнөө жасап алгандай, колунда турган аялуу нерсеси эми «жылт» этип, колдон чыгып кетчүдөй шалдая түштү. Бирок ал күткөндөй Акшоола: «Демек, баягы экен да! Билгем!» - деген жок. Тескерисинче, андай ысым ага анчалык деле тааныш эместей, ийнин куушурду.
- Эрмек, сага эмне болду? – деди анан өзүн таштап жиберип, эс-мас отуруп калган жигитке. Эрмек унчуккан жок. Ушу саам ал биринчи жолу Акшооланы жек көрүп кетти…
- Мен түшүнбөй жатам, Акшоола Ашыракмановна? ! – эми жанагыдай болбой өктөм, жактырбагандай айтты Эрмек Асанович. – Мен кимди сүйүп калдым, кантип сүйүп калдым, аны менен башкалардын кандай иши бар?! Мисалы, мен сага эмне үчүн отчет беришим керек?!
- Болуптур, - деди Акшоола бир чети аны эп көрүп, орой мамилеге таң калбай да, таарынбай да. – Кечирип кой. Бирок менин ордумда болсоң сен деле сурамаксың. Ошол аял келип кеткенден бери оюм ордунда эмес. Түшүмө да кирчү болду. Ал эмне болгон аял? Эмнеге келди? Эмнеге унчукпай кетип калды? Эмнеге Ынак экөөбүздүн балдар менен түшкөн сүрөтүбүздү анчалык тиктеди?! Кандайдыр тааныштыгы бардай туюм келет, качандыр, каяктандыр жолуккансыйм. Бирок эсимде жок.
Табышмактуу аялдын келип-кеткенин элестетип жаткандай тунжурай калып, ошол эле калыбында сөзүн улады Акшоола:
- Кийин эстесем, киргенде эле башкача кирди да, отургучка отурбай, түп-түз жаныма келип, кыйналып жаткандай ынтыга дем алып, мени теше тиктеп туруп калды!..
Андан аркысын ичине катып, аялдын бет чүмбөтүн ачканын айтпай, өткөрүп жиберди да:
- …суроолорума да жооп берген жок. Такыр үндөбөй туруп алды. Анан сен келдиң. Кийин өзү жөнүндө эч кимге, сага да айтпашымды өтүндү. Менин ордумда болсоң сага деле бир чети кызык, бир чети… коркунучтуу болмок. Билесиңби, эмнеге?!. – деди. Кесиптеши унчуккан жок.
Акшоола аялдын өңү-түсү тууралуу бу саам да айтып жибере жаздап, токтоп калды да:
- Айтмакчы, сен анын жүзүн көрдүңбү?! – деди. Эрмек муну да жанагыдай эле аялдык амалкөйлүккө салып жатат деп түшүндү:
- Жок, көргөн жокмун!
- Түшүндүм, - деди ошого ишенген Акшоола башын ийкеп, - Эмне себептен мени түшүнбөй жатканыңды түшүндүм. Мейли, анда. Кийин түшүнөсүң…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

13
АДАШКАНДАР


Эрмек бүгүн да иштен көңүлдүү кайтты. Төрт кабат үйдүн үчүнчү кабатына жаш жигиттей аттап-буттап, кыңылдап ырдаган боюнча чыкты да, коңгуроо кагып, ичкери кулак түрүп калды. Үйдөн дапылдап чуркаган дабыш угулду. “Садага кетейиним! – деди ошол дабышка ичи ысый, ууртунан күлүмсүрөп. – Уулум! Садага кетейиндерим! Бири эшик ачканга, бири тамак жасап, атүгүл менин көйнөгүмдү жууганга жарап калды!.. Кудай кааласа, бир күнү силерди кубантып, апалуу кылам, балдарым! Бир аз эле чыдасаңар, бар түйшүктөн кутуласыңар. ..”
- Ато-ов?! – эшик жарым-жартылай ачылганда эле адатынча мойнуна оролуп, кучактап калды уулу. Өзү да кенжесинин мойну-башынан жыттагылап, ага удаа эле ашкана жактан тамактын жагымдуу жытын искеп:
- Эжең келдиби? – деди.
- Келе элек.
- Тамак жыттанып жатат го?
- Аны деген Мээрим эжем жасады! – деп айтып алып, кайра: - Ой! – деп быйтыйган колу менен өзүнүн оозун баса калды бала.
- Кайсы Мээрим?! – анын алайган көздөрүнө таң кала карады атасы.
Уулу кайра өзүнөн акырын сурады:
- Сиз аны тааныбайсызбы?
- Жок.
- Жүрсөңүз, көрсөтөйүн. .. – атасын колунан жетелеп, сырткы эшикти ачып, маңдайкы каалаганы сөөмөйү менен көрсөттү:
- Мына бул үйдө жашайт.
Төрт-беш ай мурун бул үй өкмөт арабынан бир майып аялга берилгенин билчү Эрмек. Аны да Акшоола кайра-кайра телеге алып чыгып, кийлигишип жатып жардам бергендей болгон. Бирок, социалдык бөлүм менен тийешеси жок болгондуктан, Эрмек ага анчалык деле маани берген эмес. Анын үстүнө эрте кетип, кеч келип жүрүп, кошуналарын көрө да элек болчу.
Эшикти кайра ичинен жаап жатып, бышыктап дагы сурады:
- Эшикти эч кимге ачпагыла дебедим беле. Баспаган аял болсо керек эле...
- Мээрим эжеби? Жо-ок, басат ал. Апасы баса албайт.
- Көптөн бери таанышсыңарбы?
- Ооба, көптө-өн бери. Мээрим эженин үйүндө дагы ким бар экенин айтайынбы?
- Ким бар? – бир сыйра кийимин чечинип, бутуна тапичке кийип, ашканага өтүп баратып сурады атасы.
- Апасы, дагы эки сестренкасы бар, - эки манжасын көрсөттү уулу.
- Аны сен каяктан билесиң?
- Алар кээде мени конокко чакырышат да.
- Эмне-е?!
- Конокко дейм!
Эрмек газдын үстүндөгү казандын капкагын ачып, жыты буркураган палоону көрүп, курсагы ачканын ошондо бир билди.
- Колуңду жууп кел, балам, тамак жейли, - деп, чыны-кашыгын даярдап жатып дагы бир нерсени байкады: жедеп саргарып бүткөн чыны-аяктары базардан жаңы келгендей жалтылдап, деги эле тазарып калыптыр.
- Буларды ким минтти? – деди жыйналып, өз-өзүнчө салынган кашыктарды айланта карап.
- Мээрим эжем...
- Аны ким айтты жуу деп?
- Эч ким. Ал биз айтпасак деле кечөө сиздин кийимдериңизди жууган.
- Эмне-е?! Айпери: “Мен жуудум” дебеди беле?
- Ики. Ал жууган эмес. Калп эле мактанып, алдап койгон сизди.
- Эмнеге “калп эле”?!
- Анткени Мээрим эжем “айтпагыла” дейт да, дайыма эле. Жана да: “Тамакты мени жасады деп атаңа айтпа, “Айпери эжем жасады деп кой” деген. Ошентип айтайын деп атсам, Айпери эжем жинди экен өзү, биринчи келбей койду да...
- Түшүндүм! – деди атасы бир нерсенин сырын чечкендей, - Көрсө, силер мени көптө-өн бери эле алдап жүргөн турбайсыңарбы, ээ? А мен: “Кызым кол-арага жарап, тамак жасап, кир жууп калды”, - деп жүрбөймүнбү! ..
Тээ бир убакта балконго чыгып кеткен уулу энесин көргөнсүп:
- Мээрим эже, Мээрим эже?! – деп колун булгалап, кош аяктап секирип, сүйүнүп кетти.
Жаңы эле диванга кыйшайган атасы ордунан туруп, терезеге келди. Ылдый жакта орто бойлуу, бир колуна торт, бир колуна баштык-үштүк көтөргөн болпойгой, ак жуумал кыз Жакшылыкка тиштерин кашкайта күлүп келатыптыр. “Мм, ыманы ысык неме экен, - деди оюнда Эрмек. – Балдарды бооруна тартып, үй-жайга каралашканына караганда... Бирок, баштараак билгенимде го бир жөн. Эми кеч!..”
Чыны менен эле ал тууралуу андан башка эч нерсе ойлой алган жок. Анткени анын эси-дартынын баарын бир гана Махабат ээлеп алган. Анын чүпүрөккө оролуп турса да, кол менен жасап койгонсуп, кермаралдай керилген келбети - бир тутам бели, деги эле эч кимдикине окшобой, бөрсөйгөн соорусу менен “титиреген” көкүрөгү, баарынан да керемет жыты бүт акыл-сезимин ээлеп, туткундап алган. “Анын жанында бул ким?! – деди эми болпойгон сары кыздан иренжигендей, кайра ордуна жатып атып, - Анын жанында булар... жада калса Дилназик да, Акшоола да эч ким эмес!..”***
Мээрим булардын эшигин ичи ысыгандай бир “жалт” карап алып, үйүнө кирип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

14
АДАШКАНДАР


Ички үйдөн арабанын дөңгөлөктөрүнүн аста кыйчылдаганы угулуп, апасы чыгып келди:
- Кайда бардың, балам? – деди санааркагандай.
- Жакшылыкка белек алып келдим.
- Эмне белек?
- Бүгүн туулган күнү да, апа.
- Айтып кетпейсиңби, ботом. Жанагы кыздар да кечикти. Деги, суук көзгө чалдыкпай, аман-эсен жүрсөңөр экен...
Апасы андан ары унчуккан жок. Ырыскандын антип түйшөлгөнүнүн жөнү бар эле. “Самаган түрмөдөн чыгыптыр”, - дегенди уккандан бери анда жан жок. Бу саам да ошону ойлоп, өткөн-кеткен эсине түшүп кеткендей, көкүрөгүн титирете улутунуп койду.
Мээрим болсо колундагы эшик-терезеси ачылып, пульт менен иштеген оюнчук машинени айланта карап отуруп, Жакшылыктын апасын эстеди.
Керээз эже экөө мындан туура алты жыл мурун, так ушул күнү төрөт үйүнөн жолугушкан.
Төрөт залында Мээрим улам түйүнчөктөй түйүлүп, жерге ооноп жата калып, ичинин ооруганы басыла түшкөндө кайра ыргып туруп, бар азаптан кутулгандай жаны эс ала түшүп,бирок кайра эле бир убакта баягы оору кайра башталып... кара терге түшүп, балбаалап ыйлап, Кудайга үнү жетип “апалап” жатса, жанындагы эрдин кырча тиштенип, кээде-кээде гана керебеттин башын кош колдой мыкчып, оор онтоп ийип, кайра: “Ох-х!..” – деп жаны жай ала түшүп, толготуп жаткан жакшынакай ак саргыл аял:
- И-ий, алтыным, ай! Кичине-кичине чыдасаң, баары артта калат. Анан ымыркайыңды көргөндө ушунун баарын унутасың, – деп ага боору ооруп, атүгүл демди кантип жутуп, кантип чыгарыш керек экенин айтып жаткан.
Экөөнү креслого да чогуу алып чыгышкан. “Биринчи төрөтү эмеспи” дегендей, доктурлар адегенде Мээримди төрөтүшкөн. Энелик бакыттын башаты кайда экенин ошондо түшүнгөн ал. Боюнан бошоп, сөөгүнөн өтүп жүлүнүнө жеткен оорудан кутулганына жаны жыргап, саамга магдырай түшүп, бирок бат эле кайра башын көтөрө коюп баласын издеген.
Буга чейин анда мынчалык сезим болгон эмес. Албетте, кээде-кээде, курсагындагы бала кыбырап атса, ичинде бала бар экенин ойлоп, тулку боюнда кандайдыр бир башкача сезим “дүр-р” деп кетчү. Бирок ошол замат эле баягыл каргашалуу караңгы түндөгү өгөй атасынын дардайган жылаңач элеси, ошондогу жагымсыз ирмемдер элестеп, ичиндегини жек көрүп, жанын коёрго жер таппай, калчылдап кетчү!.. Жер сабап, албууттанып, бакырып-өкүрүп, өзүнүн курсагын өзү ургулап ийчү адат тапкан...
Бу жолу эмнегедир башкача болду. Башын көтөрүп, тээ тигинде ак чүпүрөккө оролуп, кыймылсыз жаткан баласынан көзү өтүп, эмнегдир колуна алгысы, атүгүл жыттагысы келип кеткен.
Ошол убакта дарыгерлер Жакшылыктын апасын тегеректеп, төрөтүп жатышкан. Аңгыча баланын: “Ба-а!” – этип баркыраганы угулуп, ак халатчандар кара чачтуу, тарбалаңдаган ымыркайды этек алдынан тосуп ала коюшуп, энесинин көкүрөгүнө жаткыра коюшкан.
Ошондо гана Мээрим эсине келген: “Эмнеге?! Эмнеге менин балам минтип баркыраган жок? Эмнеге менин баламды тигинтип, көкүрөгүмө беришкен жок?!”
Жаңы эле жарык дүйнөгө келе калып, оозун чөрмөңдөтүп эмек издеп жаткан баланы, анан да баласын жыттап, бактылуу жылмайып жаткан энени көрүп, Мээримдин көкүрөгү диртилдей түшкөн.
Ошол күнү түштөн кийин доктурлар ага эркек төрөгөнүн, бирок бала өлүк түшкөнүн айтышканда, же кубанаарын, же ыйлаарын билбей нестейген.
Бирок ал ошондон эки-үч сааттан соң өпкөсү-өпкөсүнө батпай, буркан-шаркан түшүп ыйлаарын, жана эле өзүнө ылым санап, боору ооруп, бирге толготуп, бирге төрөгөн жагымдуу аялдын антип, өзүнүн ордуна жашоого уулун калтырып, о дүйнөгө узап кете берерин билген эмес.
Төрөт үйүнүн ичинде бир убакта дарыгерлер дары-дармектерин көтөрүп, ары-бери чуркап, дүрбөлөң түшүп калышкан.
Көп өтпөй эле коридордон аялдардын, эркек кишинин уңулдап ыйлаганы угулуп..!
- Ий, бечара келин! – деп палатадагылар кеп кыла башташкан, - Эртең менен эле жакшынакай болчу...
- Бул канчанчысы экен?
- Экинчиси. “Биринчим кыз, үчкө чыгып калды” деп аткан.
- Эмне болуптур анан?..
- Кан басымы жогору болчу. “Жакшынакай туруп эле, заматта асмандап кетет”, - деп аткан. Төрөп атканда деле жакшы болчу экен...
- Жанындагылар айтып атпайбы: “Төрөп келгенден кийин деле жакшына болчу. Ысык чай ичип, “уулум атасына окшош экен” деп эмизип отуруп эле “шалак!” этип чалкасынан кетти” деп.
- И-ий, бечара. Күйөөсүнө деле кыйын болуп атат го.
- Убактылуу кыйналаар. Андан кийин үйлөнүп алат да. Өлгөндүн өзүнүн эле шору!
- Күйөөсүн силер деле билсеңер керек, тележурналист бар го, алиги... Эрмек Асанов деген.
- Ии, ошо бекен күйөөсү?
Алардын сөзүн бирде укса, бирде укпай, же өзүнүн ымыркайы үчүн ыйлап жатканын, же бечара аял үчүн, же өткөн-кеткен бүт күндөрү үчүн ыйлап жатканын билбей, жедеп жашы соолуп, бети-башын бекем чүмкөп алып, алы кеткиче ыйлаган Мээрим. Аялдар да адегенде жайына коюшуп: “Мейли, ыйлап алса жеңилдеп калат”, - деп тим коюп, акырында улам бири жанына келип:
- Мээрим, болду эми ыйлаба. Жаңы эле боюңдан бошондуң... Минтип ыйлай берсең жатының күйүп кетпейби. Дагы төрөйүн деген оюң барбы?
- Ооба десең, анан калса өзүң бала болуп турбайсыңбы! Кой, ыйлаба! – деп сооротуп кетип жатышкан.
Эртеси кечке маал сүт тээп, эки эмчеги ысып-күйүп, чатырап чыгып, саай албай отурса, дарыгерлер:
- Мээримка, Кудай үчүн эмизип койчу, өзүң да жеңилдеп каласың?.. – деп апасыз калган наристени көтөрүп келишкенде, эмчек издеген ымыркайды колуна кантип алып, кантип бооруна кысканын өзү да билбей калган. Дене бою балкып, ошондо эмизип да, ыйлап да жатпады беле!
- Ыйлабай эмиз! – деген жанындагы ак халатчан мээримдүү, жумшак үн катып. – Ошонун баары балага таасир этет...
Баланын үй-бүлөсү бечара келинди жайына коюп, антип-минтип келгиче он беш, жыйырма күндөй убакыт өткөн. Ошол күндөрү Мээрим да төрөт үйүндө болуп, баланы эмизип, ага кадимкидей байланып калыптыр.
Эми ойлосо, ошондо Мээрим Жакшылыкка эмчек сүтүн берсе, Жакшылык ага жашоого болгон үмүтүн, сүйүүсүн кайрып бериптир. Болбосо, ал үчүн жер үстү жалаң гана ыпыластыктан тургандай, көзүнө эмне болбосун, ким болбосун суук көрүнүп, ансайын туталанып, тумчугуп, колунан келсе ааламды астын-үстүн аңтарып жиберчүдөй каны кайнап, буту-колу тырышып, жаак эттери түйүлүп чыкчу!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

15
АДАШКАНДАР


Балким, баласынын ичинен өлүп калганына да, врачтардын тили менен айтканда ушул “стресси” себеп болгондур. “Бир чети ошол деле оң болуптур, - деди эми Мээрим. – Болбосо, ал бала апам экөөбүзгө тең жагымсыз күндөрдү улам эстетип, кыйналып жашамакпыз. .. Ошон үчүн Кудай анын чымындай жанын алып, учуруп кеткендир?.. ”
Мээрим үчүн баарынан кыйын учур, Жакшлыкты төрөт үйүнөн алып кетишкен күн эле! Эне-бала эзилишип, эркелешип отурушпады беле ошондо! Ымыркай жаңы эле уйкусунан ойгонуп, жаңы эле оозуна эмчек тийгенде, эшиктен антаңдап кирип келген ак халатчан айым, энесиз калган ымыркайдан да, баласыз калган бул кыздан да эсен-соо кутулаарына сүйүнүп жаткандай, шашкалактап: :
- Мээримка, бол, бере сал! Баланы алып кеткени келишти! - деп колунан ала коюп, кыңылдап ырдаган боюнча кеткен.
Эми эле оозуна сүт келген ымыркай эмшелеңдеп, эмчек издеп, экинчи эне сүтүн эч качан эмбей турганын билгендей, ыйлаган боюнча узап бараткан!
Наристесинен жаңы айрылып жаткандай, эненин ийип турган эки көкүрөгүнөн тыпылдап сүтү агып, баланын үнү алыстаган сайын асман-жери аңтарылып, башы айланып, көзү чыбырчыктап, тунара түшкөн да, жер сүзүп кулаган!
Тагдырдын буйругун карабайсыңбы! “Туубасам да тутунгам” дегендей, эне болуп алгач бооруна басып, эмчек сүтүн берген, ошондон бери түшүнө да кирип, ансайын кусаланып, унутпай жүргөн ымыркайы менен эми минтип эшиктеш жашап жатат!Бул тууралуу Акшоола да билбейт. Ага канча ирээт айткысы, ошол Эрмек Асанович тууралуу сурагысы келип барганы менен, бир да ирээт даап, батынбай койгон. “А кокус эжем жаман ойлоп калсачы? – деген ой ортодо тосмо болуп туруп алчу дайыма. – “Эрмек Асановичтин аялы менен чогуу төрөсө эмне экен? Балким, бу кишинин үй-жайына кызыгып, турмушка чыгып алайын деп ойлоп аткандыр?” деп ойлойт го...” деп, тартынчу. Анын үстүнө, орто жолдо жеңил-желпи иштерге бара койгону да бетине чүркөө болбодубу! Айланын жоктугунан болгон го, баары! Бирок эми ойлосо дене-бою дүркүрөп, эркек аттууну жек көрүп, уяттан өлүп эле кетейин дейт...
Анын ошол оюн окугандай, өгүнү үйгө келгенинде Акшоола эжеси да:
- Мээрим, мына эми, Кудай буюрса үйлүү-жайлуу да болдуңар! Кут болсун! Ак жолтой, ырыс-кешиктүү үй болсун! Апаңар узак жашап, силердин жакшылыгыңарды көрсүн. Ушул үйдө силерди күйөөгө узатсын, неберелерин жыттасын! Ага чейин сиңдилериң жакшы окуп, сенин колуңдан чыккан кийимдер Кыргызстандан да чыгып, дүйнөгө тарасын! Бирок, эч качан өткөн-кеткенге өкүнүү болбосун! Андагы жамандыктардын баары ошол күндөр менен калсын! – деп каалоо айткан.
Азыр ушуларды ойлоду Мээрим. Анан да, Жакшылыктын ошондогу бүлкүлдөтүп эмчек соргон, көзүн жылтыратып араң ачкан кызыл эт, ымыркай кезин, анан азыркы мойнуна асылып, бетинен “чоп!” эттирип өөп: “Кетпеңизчи? Дагы бир аз кетпеңизчи? ” – дегенин элестетип алып көөдөнүн кере, терең дем алып:
- Уулум менин! Жакшылыгым! .. – деп ичи элжиреп, ордунан ыргып туруп барып чемоданын аңтарып, андан алакандай ак чүпүрөгү бар целлофан баштыкты таап чыкты да, кудум наристени жыттап жаткандай аны алаканына салып алып ырахаттана жыттап, анан шашкалактап ичин ачты. Эки элидей клеенка кагаздын бетиндеги:
“Керээз. Мальчик. 16.10. 12.30” деген жазуунун өңү бозоруп, сыясы эскирип бараткан болчу.
Мээримдин оюна бир нерсе “кылт” дей түштү: “Балким, бүгүн бул бирканы Жакшылыктын атасына сюрприз кылып, Керээз эже менен чогуу төрөгөнүн, Жакшылыкты эки жума эмизгенин, адегенде кызыл эт баланын тарбаңдаган буту-колун кармай албай коркуп, бирок бат эле алдын кургактап, памперс кийгизгенге үйрөнүп, бала жытына денеси балкып, койнуна алып жатып жүргөнүн айтаар?.. Бирок, кантип? Тигил киши: “Мага жакындагысы келип жатат” деп, жаман ойлоп калсачы?.. Кантип эле?! Баласына денимден сызыл чыккан эне сүтүмдү берип, багып бергеним үчүн жаман ойлойбу?! Ооба десең. Тескерисинче ага да, мага да жакшы болбойбу. Жашынып, коркуп-үркпөй, уулум менен каалаган убакта жолугушуп, жуунтуп-тазалантып, тамагын жасап берип...”
Мээрим оюндагысын апасына айтты.
- Мейлиң, балам. Өзүң эле бил, - деди апасы да.
Ошондон тарта Мээрим дасторкон жасап, ашканадан чыга элек. Сиңдилери окуудан келээри менен, экөөнү тең шаштырып:
- Болгула, бат-бат кыймылдап, бириң камыр жайып, бириң идиштерди жууп жибергиле, - деди.
- Ким келет? – деди мектепте окуган сиңдиси.
- Конок – Жакшылык, Айпери, атасы...
- Эмнеге? – университеттин биринчи курсунда окуган сиңдиси таңдана карады.
- Бүгүн Жакшлыктын туулган күнү!
- Аа...***Бул убакта Жакшылык эч нерсе менен иши жок, өзүнүн туулган күнү
экенин да унутуп, телевизордон “Керемет көчтү” көрүп отурган. Эжеси болсо ашканада кылдыратып, казан-аяк жууп жүргөнсүйт.
Атасы болсо баягы эле ордунда – диванда. Сыртынан караган кишиге гезит окуп жаткансыйт, бирок, аны калдайтып бетине кармап алганы менен, мээсине эч нерсе кирбей, эси-дартынын баары чүмбөттүү аял менен Акшоолада.
“Эмне себептен мени түшүнбөй жатканыңды түшүндүм. Мейли, анда кийин түшүнөсүң…”
Акшооланын ушул сөзү Эрмектин эсинен кетпей туруп алды: «Кийин түшүнөсүң» - дегени эмнеси? Эмнени түшүнөм? Айтмакчы, бир келип-кеткен аял үчүн эле Акшоола эмнеге анча чебеленет? «Ошондон бери оюм ордунда эмес» - деп, же Махабат экенин сезип, күйөөсүн кызганып жатабы?.. Мүмкүн.»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

16
АДАШКАНДАР


Эрмектин чар-жайыт ой-санасына ушул: «Күйөөсүн кызганып жатабы?» - деген менен чекит коюлду да, Акшооланын анчалык чый-пыйы чыкканын тек гана аялдык бир майда-барат нерсе катары баалап койду. Ошондон кийин гана жандүйнөсү жай алып, бетиндеги гезитти ары таштап, балконго чыгып кетти да, Махабаттын телефон номерин терди.
- Бүгүн курбуңуз сиз жөнүндө сурады, - деди ал-жай сурашкан соң.
- Акшоолабы?! – аялдын жүрөгү “болк” этти. – Эмне дейт?!
- Эч нерсе. Тек гана: “Бирөө-жарымды сүйүп калган окшойсуң? Ал ким? ªгүнкү аял менен тааныштыңбы? ..” сыяктуу суроолор.
- А сиз эмне дедиңиз?
- “Мен кимди сүйөм, ким менен мамиле түзөм, ал менин ишим. Эмне үчүн бирөөнө отчет беришим керек?” дедим.
- Ха-ха, ха! Жакшы кылыпсыз! – табасы кангандай каткырган аялдын оюна бир нерсе түшүп кетти азыр:
“Балким, кислотаны Эрмек чачаар?!.”
“Койчу?!” – деди экинчи бир туюму.
“Эмне экен, бу да бир жакшы вариант!”
“Ал сени сүйүп калды го?! Сен деле эс-учуңдан танып жатпайсыңбы! Кантип анан ага жамандык каалоого дитиң барат?!”
“Туура, адам сүйгөн адамына жамандык каалабаш керек! Бирок, айтчы, жаны башка, дени башка бирөөнү өз жанынан, өз денинен артык сүйгөн адамды көрдүң беле?!.”
“Жок!” – деди экинчи туюму өкүнгөндөй.
“Мына, көрдүңбү?! . – жеңишке жетишкендей, аялдын көңүлү көлкүлдөп, көөдөнү балкылдады. - Бакытка, каалаган ой-максатка жетиш үчүн адам баарын жасаса болот!”
Аз эле ирмемдердин ичинде анан азыр эле табылган жаңы “долбоорунун” кандайча ишке ашарын элестетип, ары жактагы Эрмектин: “Алло, Махабат?” – дегенин да укпай, боло элек окуяны көз алдынан элес-булас өткөрүп, байкоо салып турду:
Мына, дээринен ак көңүл, алпейим Эрмек кудум бомба салып алгансып, Лилия берген бөтөлкөнү чөнтөгүнө култуйтуп салып алып, эки жагын улам шектене карап, бутунун учу менен өчөңдөй басып Акшооланын кабинетине кирип келатат... Кирип келет да, адатынча тытынып иштеп отурган кесиптешин тиктеп, кыйынчылыктын туу чокусуна чыккандай, жүрөгүнүн түрсүлү менен күйүккөнүн баса албай, тамга сүйөнүп туруп калат.
“Эрмек Асанович, сизге эмне болду?!” – дейт андайда Акшоола камкор боло калып.
“Эч нерсе, Акшоола Ашыракмановна! Баары жакшы!..” – дейт да, эсине келе түшкөндөй анан чөнтөгүн сыйпалап, баягы кооз бөтөлкөнү алып чыгат.
“Бул эмне?” – дейт Акшоола көздөрүн бакырайта, таң кала карап. Жаман оюнда: “Мага белек алып келе жатат!” – деп ойлойт! Ал антип кыялдангыча Эрмек Асанович жакын келип калган болот. Коркконунан бечара жигиттин колдору калчылдап, өзүн агынан жарыла тиктеп турган аялдын бетине анан “атырды” басып-басып калат!!! Эң сонун! Эң мыкты картина! Гениалдуу идея!..”
Окуя тек гана кыялында өткөнү менен, ошого кадимкидей кубанып, ошондон кубат, ырахат алып, бактылуу боло түшөт аял!
“Коё тур, андан ары бу бечара кантет? Эрмек Асановичти айтам?!”
“Ал колундагы бөтөлкөнү жерге таштап жиберип, эмне кылып ийгенине өзү да түшүнбөй карбаластап. .. А балким акылынан айнып да кетет чыгаар?!. Анысы кайра жакшы!..”
Акшооланын кебетесин көрүп, эмне кылаарын билбей калдаңдап калган Эрмекти элестетип алып, жанагыдан да башкача, жаны жыргай каткырып күлүп жибергенин Махабат өзү да байкабай калды.
- Алло, сизге эмне болду, Махабат? – деди телефондогу үн. Эрмек так ошол окуядан бери чыга калгандай, Лилия “селт” этип чочуп кетти. Эмнегедир өзүнүн да жүрөгү дүкүлдөп, күйүгүп алыптыр.
- Бизге деле айтсаңыз, чогуу күлөлү? – деди Эрмек. Ошондо гана эсине келгендей:
- А... кечириңиз?.. Алаксып кетипмин... – деди актанып. Бул жактагылар алаксытып...
- Боло берет.
- Мен сизге бир өтүнүч кылсам, аткарасызбы? ! – деди анан өтө олуттуу өтүнүчү бардай күлкүсү “тып” басылып. Койнунда котур ташы бар аялдын бу саам эмне балакеттин башын кылтыйтып жатканын капарына да албай:
- Аткарам! Жандилим менен! – деди эркек. - Эмне кыл дейсиз?
- Ал телефондун иши эмес, жолугуп, жай сүйлөшүүбүз керек!
- Чынымды айтсам сиздин жүзүңүздү ачып, көзүңүздү көрүүгө ушунчалык куштармын, Махабат! Мен ал күндү өмүрүмдөгү эң бактылуу күнүм деп эсептейм! Качан жолугалы?!
- Эртең! Кечинде...Жолугушчу жерди болжошуп, телефонду койгондон кийин Эрмектин кубанычы койнуна сыйбай кетти. Үйгө жаш жигиттей кыңылдап ырдап кирип, жерде отурган уулун өйдө тап-так көтөрүп ала коюп, айлантып-тегеретип жатты.
- Ата, бүгүн Жакунун туулган күнү болчу да?! – деди аңгыча кадыресе кожойкеден бетер белине алжапкыч кийип, идиш жууганга тердеп-кургап кеткен кызы чыга калып. Сыягы, атасын “гезитин окуп бүтсүн” деп күтүп турса керек. Анткени, атасы аларды ошого үйрөткөн: “Балдарым, качан мен жазып же окуп жатканда, жолтоо болчу болбогула. Ойлорумду качырып ийсеңер, кайра чогулта албай калам. Жарайбы?” – деп бир нече жолу эскертүү бергену. Ошондон улам канчалык шашылыш кеп-сөздөрү болсо да, андайда уул-кызы буттарынын учу менен басып, атасынын бошоор маалын күтүшөт. Тилекке каршы андай учур өтө сейрек болот.
- Койчу?! – деп чочуп кетти атасы эми.
- Ооба, - кызы акырын айтты.
- Ту-уй, ата, иш көп болуп атып, унутуп калганымды кара. Туулган күнүң кут болсун, уулум! Акылдуу, залкар жигит бол!
Мойнунан кучактаган уулун жыттагылап, жерге койду да, карегине кылгыра түшкөн жашты көсөтпөш үчүн ваннага кирип кетти атасы.
Бир капшыты эңшерилип, замансы тарып кетти заматта: “Бечара Керээз, - деди жубайынын көз алдына келе калган элесин умсуна тиктеп, салаа-салаа болуп агып жаткан ысык жаштарды арчыбай, тамга сүйөнгөн калыбында. – Алмончоктой баланы төрөп коюп, өзүң жок!.. Жок дегенде ушул учурун көрсөң эмне, шордуум?! Ден соолугуңа карабай: “Эми бир уул көрсөм!..” – деп ак эткенден так этип жүрүп төрөдүң да..!”
Керээзди бар сыяктуу элестетти.
Тигине, ал – ашканада дастарконун жайнатып, туулган күндүн камын көрүп жүрөт...
“Атаң көрү-ү, кем дүйнө! Жараткандын неге мындай калыстыгы жок?! Жок дегенде ушул эки бала үчүн энесин жайына койсо эмне?! Кудайдын куттуу күнү минтип, бири бешиктен бели чыга электе казан-аяк кармап, бири томсоруп телевизор тиктеп отурбай, башкача болбойт беле?!. “Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим” деген ушул бейм?! Унутуп калганымды кара! Бечара Керээз көрүндө тынч жата албай, кыйналып атпады бекен?.. Жок дегенде куран окуп койгонду да унутканымды көр!..”
Өзүн күнөөкөр сезип, балдарынын көңүлүн кантип көтөрүштү ойлоп, чөнтөгүн каккылап көрдү. Чындыгында, “Балдардын жол киресине” деген майда-барат тыйындан башка каражаты деле жок болчу.
Ал бети-колун жууп алып, башын салаңдатып кайра чыкканында:
- Ата, столго келгиле, - деди кудум апасы түспөлдөнгөн Айпери. – Жакунун туулган күнүн куттуктайбыз.
- Ураа-а!
Айткандай эле жанагыдан калган ашты жылытып, үйдө болгон тамак-ашты үстөлдүн үстүнө коюп, андан сырткары үч жерге бирден пирожный коюп коюптур кызы.
- Муну ким алып келди? – деди атасы пирожныйды да Мээримге болжоп.
- Мен, - деди Айпери. – Кээде жол кире төлөбөй коюп, акча чогулткам. Ошого алдым.
- Эмнеге жол кире төлөбөй коёсуң? Төлөш керек да?
- Анда Жакунун туулган күнүнө акчам жок болуп калмак да… - айыптуудай жер карады кызы.
- Макул. Мындан ары антпей жүр, - деген менен атасынын ичи эңшерилип кетти.
Тырмалаңдап чай куюп коюп, Айпери аркы үйгө чуркап кирип кетти да, кооз кагаздан кескилеп, өз колу менен жасаган открытканы отурбай туруп, салтанаттуу түрдө тапшырды:
- Кымбаттуу Жакшылык! Сени бүгүнкү туулган күнүң менен атам экөөбүз чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сага чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
- Рахмат! – Жакшылык да чоң белек алып жаткансып, кадыресе кишидей ордунан туруп, эжесинин колунан белек алды. Эжеси бөбөгүнүн быйтыйган манжаларын бекем кысып, бетинен өпкөндө, Жакшылыктын көзүнө жаш тегеренип, тамагына бир нерсе кептеле түшкөнсүп кетти. “Мен акмакмын! – деди ичинде. – Ушул кенедей кызча да акылым жок!.. Кыздан айланса болот! Кагылайындарым! ..”
Көз жашын аларга көрсөткүсү келген жок. Бигизбей тамагын кырып, ордунан турду да:
- Балдарым! Уулум, туулган күнүң кут болсун! Бирок, бүгүн белек жасай албай калдым... Анткени силерге эң сонун белек даярдап жатам. Кудай буюрса, жакын арада болуп калышы ыктымал. Ал белек экөөңө тең аябай жагат деп ишенем! – деди.


PS
Кымбаттуу окурмандар, эртен шартка байланыштуу жаза албай калышым мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

17
АДАШКАНДАР


- Ура-а! Эмне белек?
- Кандай белек?! – экөө ураалап, алакан чаап жиберишти.
- Апалуу болгуңар келеби? – деди атасы экөөнү алмак-салмак карап.
- Келет! Келет! Ура-а! – деген Жакшылык кубангандан атасын мойнунан кучактай калды. Айпери гана кичине ойлонгонсуп туруп:
- Ал кандай апа? – деди.
- Во! Момундай! – баш бармагын көрсөттү атасы. – Сулуу, акылдуу!..
- Мээримдүүбү? – боло элек апасынын акылдуулугунан, сулуулугунан да мээрими кымбат экенин айткысы келгендей ушинтип сурады кызы. – Биз жокто ал Жакшылыкты урбайбы анан?
- Жо-жо-ок, кызым! Эч качан урбайт! Кантип урсун?..
Ушул убакта эшиктин коңгуроосу кагылды. Баарынан озунуп, чуркап кеткен Жакшылык:
- Ура-а! – деген боюнча азга дымып калды. Ал Мээрим эжесин адатынча кучактап калган болчу.
- Туулган күнүң менен, Жаку! – аял кишинин жагымдуу, жумшак үнү угулду.
- Мээрим эжем экен, - эмнегедир Айпери атасына карап, акырын айтты.
Аңгыча колуна кып-кызыл, өзүнөн аз-аз эле кичирээк келген оюнчук машине көтөрүп, эдиреңдеп кирип келди Жакшылык. Анын артынан Мээрим кирип, кысынгансып босогодо туруп калды эле, жупуну дастаркон менен туулган күн өткөрүп жатканына саал ыңгайсыздана түшкөн Эрмек:
- Кел, кел, Мээрим? – деп ордунан турду.
- Эрмек байке, биз атайын Жакшылыктын туулган күнүнө дастаркон жасадык эле... – деп мукактанып калды. – Үйдө кыздар, апам күтүп атты эле...
- Ура-а! – эки баласы, экөө бирдей кубанып кетишти.Укмуш жасалгаланган столдо кенен-кесири отуруп, кыздардын апасы менен таанышты Эрмек. Балдар болсо өз үйлөрүндө жүргөндөй эле кыздар менен аралашып кетишти.
- Менин балдарым... сиздер менен эчактан тааныш окшойт? – деди бир убакта Эрмек.
Майыптык арабада отурган эне кызын карап койду. Мээрим болсо, күлүмсүрөп тим болду.
- Тааныш болбой анан... “Жакынкы кошуна алыскы туугандан артык” деген бар. Анын үстүнө Мээрим сиздин жубайыңызды тааныйт тура, - деди кызынан кеп чыкпасын билген эне бир убакта ортого сөз таштап.
- Керээздиби? – Эрмек Мээримге таң кала карады.
Башын ийкеди Мээрим:
- Экөөбүз төрөт үйүндө бирге жатканбыз...
Эрмек түшүнүп-түшүнбөй жаткандай: “Балким, бул кыз жаңылып, Керээзди башка бирөө менен алмаштырып жатса керек? Болбосо, жап-жаш кыз... алты жыл мурун кайдан төрөт үйүндө жатмак эле?” – дегендей, бүшүркөй карады.
Мээрим туруп кетип, баягы ак чүпүрөккө оролгон бирканы алып келип, Эрмекке берди:
- Бул – Жакшылыктын биркасы болчу. Баягы, сиздер келип, баланы алып кеткен күнү, керебетиме түшүп калыптыр...
Эрмек бирканы таң кала карады: “Өзү! Чын эле Жакшылыктын биркасы! Мунун так эле ушундай жазылган экинчиси үйдө жүрбөйбү! ..”
Эрмектин башында суроолор бык-пырдай кайнап, кайсы бирин сураарын билбей, буйдалып калды: “Бул жап-жаш кыз го?!. Баласы кайда анан?!. Жакшылыктын биркасы эмне үчүн мунун керебетине түшүп калышы керек?!”
Эмнегедир эне ошол убакта арабасын кыйчылдатып айдап алып, аркы үйгө чыгып кетти. Үйдө экөө эле калышты – Мээрим, анан Эрмек.
- Ооба, мен анда болгону он беште болчумун, - деди Мээрим башын жерге салган боюнча, үнүн дир-дир эттире, акырын сүйлөп:
- Апам базарда соода кылчу. Анда мындай эмес, аябай тың, тарсылдаган аял эле...
Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйүбүзгө апамды ээрчип, бир бейтааныш эркек келди да, ошол боюнча кетпей, биз менен жашап калды. Бирок, ал киши келген күнү эле бизге жакпай калды... Апам эле анын жаман жактарын эч көрбөй, билбей жүрдү. Атүгүл бизге: “Ата” деп айткыла деп, антпесек таарынып калчу болду.
Ошентип, “атабыз” эч жерде иштебеген, эртеден-кечке телевизор көрүп, ичип-жеп эле жата берген неме экен. Бара-бара биз кенен-кесири басып-тура албай калдык. Анткени, эртеден кечке бизди эрмектей карап, мылжыйып күлүп, башкача мүнөз күтө баштады... Бир күнү анан... апам толготуп, төрөт үйүнө кеткенде... – көзүнүн кычыгына келе калган жашты сөөмөйү менен шыпырып алып койду кыз. - Ал мени “оюнчук” кылып ойноду! “Апаңа айтсаң таарынба! Эгерде сиңдилериңди да бузгуң келбесе, айтканыма көнүп жүр!” – деп эскертти. Мен эки сиңдимди ойлоп, эч кимге айткан жокмун, апама да... Бирок, бир күнү апам боюмда бар экенин билип калып, кимден экенин билди. Ал эмне кылаарын билбей, өзүн жоготуп таштады... Тигил киши болсо: “Кызың өзү күнөөлүү, сага окшоп ал да мени “сүйүп калган имиш”, - деп, апамды ого бетер жинди кылып жибере жаздады. Мен акыры эки сиңдимди алып, үйдөн качып чыктым. Биз кеткенден кийин бекер олжолордон айрылганына арданып: “Кыздарыңды кайда качырдың?! ” – деп апамды... ушул абалга жеткирип, майып кылып салган.
Апам Кудайдын, доктурдун жардамы менен тирүү калган. Тигил зөөкүр бизге чейин да бирөөнүн баласын өлтүрүп, таптырбай жүргөн неме экен, акыры кармалып, түрмөгө түшкөн...
Бир күнү менин ичим ооруду... Көрсө, толготуп калган экем. Кошуналар доктур чакырып, төрөт үйүнө келдим. Чыдабай ыйлап жатсам, жанымда толготуп жаткан эже: “Алтыным, ай!” - деп боору ооруп, алда нелерди айтып, үйрөтүп... Анан экөөбүз удаа төрөгөнбүз. Менин балам өлүк түшүптүр.
Беш мүнөткө жетпей эле Жакшылык төрөлдү. Тим эле баркырап ыйлап түштү десеңиз! – ошондогу, ак халатчандын колундагы тарбалаңдаган ымыркайды элестете, ичи элжирегендей, ажарына чыга жылмайды Мээрим:
- Тим эле баркырайт... Оозун чөрмөңдөтүп, эмчек издеп жүрөт... Бирок, сүт дароо эле чыкпайт турбайбы. Дарыгерлер ошентип айтышты: “Аздан кийин сүт келет. Кичине күт, баркырабай”, - деп аны эркелетип жатышкан. Бирок, Жакунун өз энесинин ууз сүтү менен оозана албай калганын айтыңыз... – Мээримдин карегине жаш кылгырды. – Бат эле эженин өтүп кеткенин уктук...
Эрмек башын төмөн салып, улутунуп алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

18
АДАШКАНДАР


- Эртеси болчу. Сүтүм тээп, температурам көтөрүлүп, саай албай ыйлап отурсам, дарыгерлер Жакшылыкты көтөрүп келишиптир. .. Ошондон баштап, он беш күн экөөбүз бирге болдук. Качан сиздер келип, баланы алып кетип жатканда да, эмизип отургам, мага өтө кыйын болгон ошондо!..
- Түшүнөм...
- Анан... оорукчан апам менен синдилеримди багышты мойнума алып, акча табуунун жолдорун издедим. Кандай гана кыйын күндөр өтпөдү?.. Үйүбүздү сатып, апабызды дарылаттык. .. Ар кимдин ижарасына баш калкаладык. Ошондой күндөрдүн биринде Акшоола эжеге кайра да кезиктим. Ал менин жөндөмүм бар экенин байкап, тигүүчнүн окуусуна киргизди.
Ошентип, баары жакшы бараткансыган. Бирок, азыр кайрадан бир нерсе жүрөгүмдү өйүй баштады. Баягы биздин тагдырыбызды талкалаган адам түрмөдөн чыгып, азыр шаарда жүрөт имиш... Мурдагы кошуналар айтышты. Биздин мурунку үйгө айланчыктап келсе керек, акмак! Менден кийинки сиңдим да өгүнү: “Маршруткада баратып көрдүм, аялдамада туруптур” деп коркуп келди...
- Эмнеге коркосуңар, корпогула, - деген болду коңшусу. Бирок ал муну жөн эле, оозунун учунан айтты. Анткени ушул саам да ой-санаасына чүмбөттүү аял түшүп кеткен болчу...
Экөө өз-өзүнчө ойго батып, унчугушпай калышты. Аңгыча сырттан чуркап кирип келген Жакшылык Мээрим эжесине эркелеп, тизесине чыгып отура калды эле, Эрмек же: “Ал эмнең?! Уят эмеспи!” дей албай, же... айтор ыңгайсыз боло түштү. Мээрим да баланы кудум өз баласындай шорулдата жыттап:
- Тишиңди көрсөтчү? – деди. Бала оозун аңырдай ачып, тишин көрсөттү.
- Өгүнү тишим деп ыйлаганына доктурга алып барып, жулдуруп келгенбиз, - деди Мээрим, - Дүмүрү эле калган экен... Доктур: “Эми ордуна сонун тиш чыгат,”- деди, ээ? Жакшылык өзү азамат бала да, эч ыйлаган жок...
Эрмек ого бетер ыңгайсызданып кетти. Анткени, эки-үч жолу түнкүсүн “тишим” деп озондогонунан, оңурайган оюкка “анальгин” салдырып койгон. Ошондон кийин басылып калды го деген.
Тээ бир убакта үчөө эрчишип алып үйлөрүнө кетишти.
Эрмек өзү жокто балдарына көз сала турган кошуналуу болгонуна кубанып, Мээрим да бир чоң жүктөн кутулгандай, көкүрөгү жеңилдеп, эс алып калды.***Эрмек Асанович эртеси ишке демейдегиден эрте келди.
Түшкө чейин улам саатын карап, оңчулуктуу деле иш бүтүргөн жок. Ансайын убакыт да өтпөй, атайын эле буга өчөшүп, улам бир жерге кадалып туруп алгандай сезиле берди.
Өзү болжогон маалда анан кабинетин шашылыш беките салып, Махабатка жолугаарын эстегенге ого бетер маанайы көкөлөп, коридордо кыңылдап ырдаган боюнча келатты. Атүгүл алдынан капыл-тапыл чыга калган Акшоола экөө сүзүшүп да кала жаздашты.
Өтүп кеткен кесиптешин артынан узата карап коюп, бухгалтериянын эшигин какты:
- Кандайсыңар, сулуулар?! .
Эрмек демейдегиден башкача, көңүлдүү кирип, жерди тарсылдата тепкилеп, улам бир колун кежигесине коё коюп, бийлеп да жиберди.
- Апей, буга эмне болгон?! – Алина тамашалады, - Табың жайында элеби?
- Жайында болсо ушинтип келет белем?!.. – деди Эрмек тамаша-чындан шайдооттонуп. – Ооруп калдым!..
Анан шыбырады:
- Сүйүнчү, мен сүйүүгө жолуктум! Бүгүн биринчи жолугууга баратам!
Эрмектин эмнеге келгенин биле койду Алина:
- И, карызга акча сурап келдиң да анан, ээ?! - деди.
- Ооба, да. Ошенпесең болбойт, эжеке! Ажатты ачпасаң, убалыма каласың!.. ***Түшкө чейин өлгөн эмедей уктап, ойгонуп алып да турбай жата берди аял. Качан гана эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда ыргып турчудай обдула калып, бирок: “Чала угуп алдымбы?” – дегендей токтоп калды. Коңгуроо кайра да шыңгырады. Ошондо гана шыпты тиктеп, чачы-башы саксайып, колу-буттарын туш-тушка жайып ийип жаткан жалгыз көздүү, ыраңсыз аял шашылыш тура калып, айланып-тегеренип көз айнегин, кийимин издеди.
- Ким бул?! – деди адегенде эшиктин көзөнөгүнөн сыртты шыкаалап.
- Мен эле... Сизге бир мүнөткө мүмкүн бекен? – деди сырттагы жигит. Аял бейтааныш жигиттин үстү-башына кайра да үңүлүп карап, бирок тааный албай койду. Узун көйнөгүн үстүнө сала коюп, көз айнегин тагынып, абалкысындай тумчуланды да, эшикти жарым-жартылай ачып, кулак төшөдү. Жигит аялдан сүрдөгөндөй ары-бери карап, кайпактай калып:
- Кечиресиз, мен сизди көптөн бери билем... – деп, андан ары айтчу сөзү түгөнүп калгандай, кепке какап кетти. Алда неден шектенгендей аял серпиле түшүп:
- Эмнени билесиң?! – деди кекирейиңки.
- Сыртыңыздан жактырып... Атым – Белек... – эшиктин жылчыгынан колун сунду жигит.
- Үй-бүлөң барбы? – аялдын эми эле муштумдай түйүлө түшкөн жүрөгү саал жумшара калганы менен, жигиттин сунулган колун көрмөксөн болду.
- Ажырашып кеткем, - тартып алган колун кайда катаарын билбей жаткандай кайпактай түштү Белек.
- Үй-жайың барбы?
- Бар, айылда! – бир топтон кийин жооп берди жигит.
- Атым ким дедиң?! – өктөм сурады эми.
- Белек.
- Белен үй, бекер оокат издеген бекерпоз, намыссыз эркектер көбөйүп
кеттиңер?! – иренжигендей айтты аял.
Белек сестене түштү. Жанагыдай кайпактабай, аялдын көз айнектерине тигилип туруп калды. Анын бул карашында, каректеринде көлкүлдөп, таң калуунун суроосу тунуп турган.
- Сиз чын эле көзү ачыксызбы? – деди анан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

19
АДАШКАНДАР

Аял каткырып күлүп жиберди эле, ызалана түшкөн жигит калп эле күлүмсүрөмүш болду.
- Эмне, текшерейин дедиң беле?! – мыскылдуу жылмайды аял.
- Жок, бирок...
Кыялы кармай түшкөн аял эшикти ичинен “тарс!” жаап, бекитип алды.
Башка жеген эмедей “селт” дей түшкөн жигиттин шагы сынды.
- Эн-неңди!. . – деди күбүрөнүп. – Тим эле Айчүрөк болуп кеткенсип! ..
Эмнегедир анан оюна бир нерсе түшкөндөй үңүлүп, эшиктин ачкыч салчу көзөнөгүн көпкө карап турду. Анан ичине бир сыр каткандай култуңдап, тепкич ылдый жөө жөнөдү.
Подьезддин алдында күтүп тургандар анын кабагын чытып, “чыйт!” түкүрүнүп чыкканынан эле кептин чоо-жайын түшүнүштү. Ошентсе да:
- Эй, эмне болду сага?! – деп жарышып сурап ийишти.
- Эчтеке! – деди Белек үрпөңдөп. – Энесин урайын, ошонун! Мен бир байкуш болуп калгансып, тим эле кыйынсыйт!
- Эмне деп?
- “Бекер оокатка кызыкан бекерпоз эркектер көбөйүп кеттиңер...” деп!
- Омо-ой, ошенттиби?! – таң калды Анарбек. – Билет го, анда?
- Мен ошонун үйүнө кызыкты деп атасыңбы?! Шашпасын, мен ага бирди көрсөтөм! .. Жалгыз жашаган кандай экенин көрөт, анан!..
Анарбек досун чын эле бир балээнин ичинен чыкпаса экен дегендей, жооткотуп кетти:
- Эстүү аялдар ошондой болот. Сынап аткандыр да. Барган эркектин баарын эле: “Кире гой, келе гой!” – дегидей, публичный дом эмес да ал. Бирок сен деле түзүк жигитсиң, балким өзү деле ойлонуп калгандыр, коё туруп дагы бир кайрылып көр да?
Эмнегедир Белек да ошону эп көрүп, ошого ишенгиси келип кетти.
- Бүттү эми, үмүтүңдү үз! – деди бирок Эсентур. – Айтпадым беле, болбой турган ишке убара болбойлу деп. Деги эле кеп жебей аттың эле, демиңди бастыңбы эми?
- Эмнеге басам?! – Белекке бул сөз жакпай кетти. Эмнегедир ага Эсентур өзү да бул аялга кызыгып калгандай, эптеп эле Белекти андан алыстатып салып, өзүнө жол издеп жаткандай, атүгүл баятан бери экөө бул жерде туруп алып кеп жараш кылып, өз ара кеңешип алышкандай сезилип кетти. Бул шектенүүсү, арам ою анын көзүнө, анан бетине тээп чыгып, экөөнү алмак-салмак кекене карады.
- Эй, Белек, кой эми, капа болбо? – деди Анарбек аны далыга таптап. – Бул аял биздин колубузда тургансып, биз сенден аянып жаткансып карайсың да, тим эле!
- Тартчы, ары! – досунун колун кагып жиберип, эки колун чөнтөгүнө салып кычырады Белек:
- Кыйын болуп калганыңарды көрдүм! Мен жакшы кезде досум болуп, ээрден кыйшыйганда эми шылдың кылып, күлөт экенсиңер да!
Эмне деп атасың, Белек?! Же “ушинтип айт!” – деп биз ага үйрөтүп койдукпу?! Көзү ачык эме экен, билди да...
- Билген жок! – “тарс!” жарылып кетти Белек. – Биленээк болсо, билет эле да! Силер менин сырткы жашоомду билип атасыңар! А менин ички дүйнөмдө эмне бар экенин эч кимиңер билген жоксуңар! “Үй-жайлуу, машинелүү катынга кызыгып атат” деп атасыңар да ээ, жаман оюңарда?! Андай болсо Ибадатка деле кирип албайт белем!
Белектин дегенин эп көргөндөй, экөө унчукпай калышты.
Бул убакта чыны менен эле Лилия төмөн жакта кужулдашып турган үчөөнү терезеден карап: “Эгерде ишке Эрмек жарабаса, ушуну пайдаланып ийсемчи?!. Бу да жакшы вариант!.. ” - деп мыйыгынан күлүп турган...

***


Чач тарачтан чыкканга өзүн ого бетер шайдоот, сергек сезип кетти Эрмек. Улан кездегидей көңүлү алып учуп алган. Тим эле абада учуп жүргөнсүйт. Бет алдынан чыккан ар бир адам ага ыманы ысык, жакшына көрүнүп, ар бирине ичи жылып, ар бирин бооруна кысып, кучактап, беттеринен бекем-бекем өөп алгысы келет. Улам билегиндеги саатын карап, саат жебеси ылдыйлаган сайын жүрөгү дикилдейт. Антсе да жолугууга бир чай кайнам убакыт бар. “А баса, эмне алып алсам? – деген ой келди бир маалда. – Чын эле, биринчи жолугушууга эмне алыш керек?” Бет маңдайындагы чоң дүкөнгө кирип, аялдарга ылайык белек издеп, кыдырата карап жүрдү. Бирок, “ушул ылайык окшойт” дегенинин баары эле кымбат сыяктанды. “Алсамбы? Албай эле койсомбу? Муну алып алсам, ресторанда акчам жетпей калсачы?” – дейт кайра.
- Жигит, эмне издеп жүрөсүз? – анын баятан бери убараланып
жүргөнүн байкаган сатуучу аял экинчи келгенинде ушинтти.
- А... саламатсызбы? ªзүңүздөй бир жакшынакай айымга белек
алайын десем...
- Туулган күнүбү?
- Жок. Мындай эле...
- Аа, жашы канчаларда?
- Билбейм. Сурабапмын.
- Мм... Биринчи жолугушуубу?
Ыңгайсызданып, башын ийкеген эркекке ичи жылыгандай жылмайды сатуучу:
- Билесизби, анда гүл эле бергениңиз оң!
- Гүл?! – бул сунуш өзүнө да жага түшкөн Эрмек калдаңдап шашып калды. – Рахмат сизге! Оюма келбегенин карасаң!..
Ошондон көп өтпөй эле Эрмек ресторанда отурду. ªзүнчө кабина алып, өзү айткандай, столдун үстүнө үлпүлдөгөн ак шамдарды жактырып, ала келген розаларды койдурду. Анын эскертүүсү боюнча официант улам сырттан киргендерди акмалап туруп, он беш мүнөт кечигип кирген чүмбөттүү аялды Эрмекке баштап келди.
- Саламатсызбы, Махабат? – аны көрүп, ордунан тура калды Эрмек.
- Саламатсызбы? – колун узатты келин.
- Бул – сизге! – аялдын ага тааныш жумшак манжаларын кармап, столдун үстүндөгү бир тутам гүлдү сунду.
- Рахмат. – Махабат кып-кызыл розаларды жыттаган болуп, столдун үстүнө коюп койду эле, официант кайра алып, вазага сала койду.
- Кечиккениңизден санааркай баштадым эле... – деди Эрмек.
- Сиз өзгөрүп кетипсиз, - отургандан кийин ушинтти аял.
Чачын кыска алдырып, жасанып алган Эрмек айткандай эле, абалкыдан алда канча жакшынакай, жагымдуу, токтоо көрүндү.
- Кандай? Жакшы жагымабы? – ошону өзү да билип туруп сурады Эрмек.
- Сулуу болуп кетипсиз.
- Рахмат. А сиз... – “жоолугуңузду чечип койбойсузбу? ..” – дегендей карады жигит. Аял аны түшүнбөгөн, байкабаган өңдөндү. Аңгыча официант экөөнүн алдына менюсун койду эле:
- Мага тим эле кой, - деди Махабат китепчени ары жылдырып.
- Эмнеге? – Эрмек кызыктай боло түштү. – Бул жердин тамагы жакшы.
- Мен – диетадамын.
Эрмек анын “диетасын” башкача түшүнө койду да:
- Анда, “Халалга” баралыбы? – деди.
- Жок, жок. Кабатыр болбой эле коюңуз. Мен кечкисин тамактанбайм. Сиз иштен чыктыңыз да, мага карабаңыз.
- Кап, кандай кылабыз анан?.. – Эрмек чындап эле шаабайы сууп, ыңгайсызданып калды, - Мен билбестик кылдым да. Мейли эми, эмкиде эсте болот.
Махабат унчуккан жок. Тек гана “атыр” салынган чакан сумкасын кармалап, ошонун ичинде эң аялуу бир нерсеси бар өңдүү, азыраак томпойгон жерин манжалары менен акырын-аста сылагылап отурду. Ушу азыр Белек: “Сумкаңыз эң эле жакшынакай экен”, же: “Сумкаңызга эмне салат болдуңуз экен?..” – сыяктуу эле бир кичинекей илинчек таштай койсо эле, сумканын сыры ачылмак да калмак! Жок эле дегенде: “Махабат, мен буйдалбаган ачык-айрым, шар ишти жакшы көрөм! Келиңиз, кепти ток этээр жеринен баштайлы! Менден эмне өтүнүч кылып жатасыз?!” – десе эле баары ойдогудай башталып кетмек! Сөздү кантип баштап, кантип түшүндүрүштүн амалын издеп, бу да убарага батпайт эле! “Кептин баары – мына бул бөтөлкөдө болуп атпайбы!” – деп сыр түйүнүн чечип иймек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

20
АДАШКАНДАР


Чын эле ошентчүдөй болуп, Эрмек бир кезде оозун таптап барып, токтоп калды.
- Айта бериңиз? – деди аял такып. Баятан бери өзүн тиктеп, бар кыймылынан көз албай карап отурган жигит:
- Махабат, бул жерден бизди эч ким көрбөйт, - деп атайын эки кишиге ылайыкталып, тегерете тосулган кабинаны айландыра карап койду. – Жүзүңүздү ачып эле коюңузчу, суранам?
- ? – Махабат унчукпай отуруп калды да:
- Эгерде жоолугум сизге жакпай жатса, кете берейин?! – деди чын эле туруп кетчүдөй обдулуп.
- Жок, жок! Ошондой кантип болсун?! – шашкалактап кетти Эрмек. - Мейли анда, сиз каалагандай болсун.
Эки жерден шагы сынып, ыңгайсыз абалда калган жигит өзүнө тамак заказ кылып, бирок канчалык байкатпайын дегени менен, маанайы чөгө түштү.
Махабат деле сезип, туйду аны. Ошондон улам го, өзүнүн да көңүлү чөгүп калды: “Демек, унчукпай эле коёюн!” – деди оюнда. Анын үстүнө, демейде анча-мынчага “чым” этпеген жандүйнөсү жанчылып, жүзү ачык жүрө албай, корунуп калганына ызалана түштү. Баягы кезин эстеди! “Акыл-эси, бой-келбети, баары тең эле баягыдай! Бир гана бешенеси жабык! Атаганат десеңчи, ошондогу сулуулугу болгондобу, азыр бет пардасын сыйрып ыргытып ийип, акылынан тандырат эле муну! Балбылдаган капкара каректерин сүзүлтүп, күн жебесиндей узун кирпиктерин төгүлтө карап, эсин эки кылмак азыр! Анда мунуң сүрдөгөндөн кирерге тешик таппай калмак! Айрыкча, ал жылмайган сайын эки ууртунда пайда боло калган уячалар буга ушунчалык жарашчу! А балким анда бул бечара журналистти теңине да албайт эле! Көрөт эле, ошондо тыкылдаганын! Мунун оттуу көздөрүнө тик бага албай, бөжөктөй бөгүп отурмак!.. ” – ушинтип ойлоп, ызага муунуп кетти аял. Келгенине өкүнө түштү. Атүгүл ушу саам Эрмекке каратабы, же өзүнөбү, айтор жек көрүүгө окшогон кандайдыр бир сезим “жылт” этип пайда боло калып, кайра эле бирок жок болду.
“Операция! .. – муну бүгүн экинчи жолу ойлоду. – Кап, жиндиканадан мурун ошону ойлосом эмне!.. Жок дегенде азыр көз айнексиз отурат элем!..”
Эмнегедир аны көргөндөрдүн баардыгы: “Эшикте жүргөнсүбөй, көз айнегин алып койбойбу! Анысы да башкача кап-кара экен!..” – деп күбүң-шыбың болуп жатышкандай сезилип кетти азыр.
Ар кимиси өз-өз ойлору менен алаксып, саамга унчугушпай отурушту да: “Көтөр башты! – деди бир убакта аял өзүнө-өзү буйрук берип. – Сыдыргыга тизгендей зымырайып - сындуулугуңдан, сырдуулугуңдан тайыба! Унутпа, турмуш – театр, а бул жер анын кип-кичинекей сахнасы!”
- Мен сизди капа кылып койдумбу, мырза? – деди анан учкаштырып отурган бутун сүлкүлдөткөн сайын көкүрөгү менен эки ийни кошо “бийлеп”, кылыктуу, эркелей үн катып.
- Жо-жок, тескерисинче, - унчукпай тамак жеп отурган, ичинде кири жок Эрмек аялдын ошентип сурап койгонунан эле каниет алгансып, жанданып кетти. – Деги эле сиз көп жагынан башка аялдарга окшобойт экенсиз.
- Мисалы?
- Эми... сиз менен жүргөн жигит “банкрот болом” деп коркпосо керек дегеним.
- Банкрот боло берип, көңүлүңүз калса керек?
- Жок, жок. Деги айтам да, - актанып койду Эрмек.
Аял шамдын үлпүлдөгөн жалынына сөөмөйүн тийгизип, кайра тартып алып, туш-тушта жанган бир чымчым оттордон улам:
- Сиз абдан романтик окшойсуз? – деди .
- Сизчи?
Таңдайын “шык” эттирип, башын чайкады аял:
- Мен реалдуулукту жакшы көрөм!
- “Демек, биз бири-бирибизге коошпойбуз” дегениңизби?
- Жок. Азыр – жок! Сизге жолукканга чейин ошентип ойлочумун. Кыялкечтикти, ак көңүлдүк, боорукердикти – адамдын алсыздыгы, мажүрөөлүгү дечүмүн. Айрыкча, “чымындуулар” менен эч качан “кайнатса каным кошулбайт” дейт элем.
- Эмнеге?!
- Бир чети... курбумдун чыккынчылыгы үчүн го, анын үстүнө аябагандай романтик келесиңер да...
Ичинде: “Андай адамдарды алдап, жолго салыш оңой!” – деп ойлоп, үзүлгөн кебин андан ары улады аял:
- Эми ошол көз карашым өзүмө каршы чыгып, бул жерде отурганыма таң калам...
Эрмек мындай баага же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбегендей, тунжурай түштү. ªз дарегине айтылган: “Аларды алсыз, мажүрөө сезчүмүн”, - деген сөз канчалык катуу тийгени менен, аялдын кийинки сөзү аны жууп-чайып кеткенсиди.
- Ырас айтасыз! – деди анан бир убакта. – Атамзамандан ошондой эмеспи, сиздей асылкеч аялга арзуу – опол тоодой баатырды аттан оодарып, арстандай айбаатынан тайдырган...
- Арстандай айбаат кыздарда да бар! Мен да ошол мерез жүрөктү жибиткен бу сезимде эмне сыр, кандай касиет бар экенин түшүнбөй турам...
- Сиз эң эле ширин сүйлөйт экенсиз, Махабат.
Унчугушпай калышты.
Аял Ынак Кабылович жөнүндө ойлоду. Аны менен биринчи жолу ресторанга барган күнүн эстеп, Эрмек экөөнү салыштырды. “Экөө чыны менен эле эки башка адамдар,” – деди ичинде. Ынактын ошондогу токтоо, салмактуу сүйлөп, анда-санда гана жылмайган болуп сүрдүү да, акылдуу да көздөр менен бет маңдайындагы жаш, сулуу айымды сынай тиктеп отурганын эстеди. Ал анда Акшооладан көңүлү сууп, жер астын-үстүн болуп жүргөн кези болчу. Ошол кабыргасы кайышып, жаны кейип отурганы да ага ушунчалык жарашыктуу эле. А бирок Айнура канча убакыт убара болуп жүрүп, өзүнүн жардамы аркылуу араң жеткен Ынак Кабыловичти бул бир көргөндө эле багынтып алган. “Алаканыңызды бериңизчи?.. ” – деп жигиттин тагдырын ташка тамга баскандай айта салып, ошого ишенген эменин эси эңгиреп калбады беле!.. Андан кийин акча менен сүйүүгө көмүлүп, кандай гана керемет күндөрдү өткөрүшпөдү экөө?!
Ошол күндөрдү көп эңсеп, кусаланчу болду аял. “Эгерде азыркы акылым ошондо болгондо, мен аны колдон чыгарбайт элем, - жүрөгү ачышып, тызылдай түштү. – Акмакмын! Дүнүйө колдун кири экенин аңдабай!.. Акча менен акылым болсо болду, мындан мыктыларын торго түшүрүп алам!” – депмин. Анын үстүнө, айтпаганы менен ал да: “Акшоола! ” - деп эле эңшерилип туруп албадыбы! Мм... токточу, көрсө менин көкүрөк-көңүлүмө, жүрөгүмө кыттай уюп, такыр жазылбаган, Акшоолага карата жек көрүүмө себепчи, Ынак экен да!..” - Лилия эмнеге эле Акшооладан “мамилесин” үзө албагандыгын, эмнеге эле андан өч алмайын тынч алып жашай албачудай туюла берерин бу сапар ушундай боологолоду.
“Эмне экен, көрмөксөн, билмексен болсоң, көтөрсөң болмок! “Куру намыс баш жарат” деген чын. Бир келген бакытыңды байкабай, колдон учурдуң! Мындай азапка балким кабылбайт да белең!..” – бир туюму ушинтип табалады өзүн.
“Эми ал кез келбейт... ªткөнгө карап алып өкүнүп, өксүү – алсыздын иши. Андан көрө, азыр Эрмек тууралуу ойлон?”
“Эрмек - Ынак боло албайт да!”
“Анда, буга эмнеге байландың?! Же эркектин жытын сагынып, эрсиреп калдыңбы?..”
“Жок, жок! Мен андай алсыз катын эмесмин!.. ”
“Анда бул жерге эмне келдиң?! Келгенде да жөн келбей энтелеңдеп, шашып келдиң го?!.”
Ушинтип чакчалекей түшүп, сапырылган ойлорунун баш-аягын жыйнай албай отурду аял:
“Эгерде Ынакка ушундай сезимим болгондо... Же болду беле?”
“Албетте, болгон!”
“Бирок сен ага жолугаарыңда көзүңө анын өзү эмес, акчалары элестечү эмес беле!..”
“Токточу, мен эмне деп жатам?! Мени бу жерге алып келген... эмне өзү?! Акшоола айымдын келечек тагдырына, бактысына байланышкан пландарым эмеспи?!. Мен ошон үчүн келдим да! Башкасын башыма урамбы?!.” – өзүн-өзү акыры ушуна такап, Эрмекке карады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

21
АДАШКАНДАР

Ал дагы ойго батып, тамагын деле жебей, столдун үстүндөгү чөнтөк телефонун эрмектеп, тунжурап отуруптур.
- Оң колуңузду бериңизчи? – деди анан манжалары узун алаканын тосуп. - Каалайсызбы, төлгө ачып берейин?
- Албетте!
Лилия баягы бактылуу учурун элестетип, ушул азыр да Ынактын колун кармап тургандай сезип кетти өзүн. Акырын-аста сылап-сыйпалап отуруп:
- Сизди алдыда эң бактылуу күндөр күтөт... – деди алакандын чийиндерин узун тырмагы менен “чийип” көрсөтүп. – Мына, бул жашоо жолуңуз. Сиз узак жашайсыз. Бирок, бакыттын туу чокусуна жетиш үчүн бир ирээт тобокелдикке барууга туура келет... Аялыңыздын өлгөнүнө канча болду?
- Беш жыл, - билинер-билинбес улутунду Эрмек. Ал аялдын “төлгөсүнүн” төркүнүн түшүнгөн жок. Тек гана кабыл алды.
- Ошондон бери үйлөнбөй жүрөсүзбү?
- Жок. Жаш кезде үйлөнүш оңой экен. А кийин... – ийнин куушуруп койду, - Анын үстүнө балдарга да карайт экенсиң. А сизчи? Балдарыңыз барбы?
- Эрим болбосо, кайыптан туумак белем? – өзүнө карата Эрмектин ышкысын ырбатып, напсисин агытуу үчүн жыландын башын аста кылтыйтып, ойсоңдоп койду. – Бирок, кийинки кездерде ойлонуп калдым...
- Ойлонуңуз! – Махабаттын колун кош колдой калып, чын дилинен кубаттап, анан да өзүнөн туулган балдар оголе ыйман-ынсаптуу чыгаарын эскерткендей жайпактады Эрмек, - Бала деген – бал да. Айрыкча менин балдарым башкача. Кенедейинен эле боорукер, кээ бир балдардай обу жоктонуп, ашыкча эркелешпейт. Энеси барда деле ошондой, эстүү болчу. Кээде чарчап-чаалыкканымды, кайгырып-капаланганымды ошолор жууп кетишет. Бирок кыйынчылыктын баары артта калды эми. Кол-арага жарап, эс кирип калышты дегендей. Кээде мени аяган болушат. Мен аларды аяйм.
- Үйлөнбөйсүзбү анан? – сынай унчукту аял.
- Мен да ошону ойлоп жатам, Махабат...
Ошол ойдун каарманы ушул аялдын өзү өңдүү, аялдын көз айнектерине жалооруй карады эркек:
- Башта болочок жарым болот деп эч кимди элестете алчу эмесмин. Эми болсо үйүмдүн ар бир бурчунан, өзүмдүн, балдарымдын жанынан сизди көрө берчү болдум...
- ?.. – аял адегенде аны түшүнбөй жаткандай карады. Анткени Эрмектен чукул арада ушундай сунуш угам деп ойлогон эмес.
Экөө тең демдерин ичине катып, ортону тынчтык уялады. Атүгүл кирип келген официант да аларды алмак-салмак карап, босогодо туруп калды да, кайра чыгып кетти. Ошондон бекен, же сүрдөгөн үчүнбү, Эрмек эми шыбырап, акырын айтты:
- Мен сиздин колуңузду сурайм?..
Кара айнектин артындагы жалгыз көз аны нес боло тиктеп калды.
“Кызык, мен эмне болуп жатам? – деди анан аял денесин саал калчылдак баса баштаганын сезип. – Же ооруп турамбы? Болбосо, жаман катынча калчылдабай, бирдеме дебейминби! ”
Бирок оозуна такыр сөз келбей койду.
Анын унчукпай мелтирешин Эрмек башкача түшүндү да, эми элеки от менен жалын болуп кеткен тулку бою бошоп, оргуп-баргый түшкөн деми акырындап сууп баратты. Аял да муну сезди. Анткени анын колун кармаган ысык алакандар шалдайып, суроолуу тигилген каректер үмүтү өчкөндөй кайпактап бараткан.
- Чынымды айтсам, күткөн эмесмин! - деди анан аял колун аста тартып алып...
Эрмектин жүзүнө кан жүгүрүп, эки ууртундагы уячалары пайда болуп, ажарына чыга түштү. Ошондой эле жагымдуулук өз дүйнөсүндө, өз тулку боюнда да болуп өткөнүн сезген Лилия:
- Ойлоноюнчу. ..- деди чындап эле.
- Күтөм... – Эрмектин добушу саал дирилдей түштү.
Айткандай эле аялдын көкүрөгүндөгү тубаса муздун бир-эки тамчысы “тып!” этип эрип, кан-жаны менен сызылып агып келип, жалгыз көзү аркылуу тыпылдап сыртка кулап, буга аял өзү да “селт” деп, таң калды. Анын көз айнегинин астынан баш бага калган тамчыны Эрмек да байкай коюп, алдастай түшкөнүн билип, анан:
- Мен азыр... – деп сыртка чыгып кетти аял.
Ажатканага кирип, эшигин ичинен бекитти да дубалга далысын, башын жөлөп, ысып-күйүп чыккан эки алаканын тамга басып, көзүн жумду. Терең-терең дем алып, эрдин кесе тиштеди. Ушундай күнгө кабылткан ошол каргашалуу күндү эстеп, ошол күндү жек көрдү!..
“Күчтүү бол! – деди анан өзүнө-өзү кубат берип. – Эселек кыздай элеңдебей, эсиңе кел да, эрктүү бол! Же кебетеңден эми айрылып жатасыңбы?! Же сүйүүнү, эркектананы башыңа урасыңбы?! Андан табарыңды айтчы?! Алдамчы, азгырык сезимдерге азгырылып, же абалкы кайратыңдан, алдыдагы максаттарыңдан таясыңбы?! .”
“О, жок! Эч качан, эч качан тайбайм!”
“Токточу... Шашылбай, акылыңды токтотуп ойлончу? Балким, бул сезимди Жараткан сага бекеринен берип жаткан эместир? Энесинен калса дагы, эрегишти көкүрөк-көңүлүнөн алып таштап, эс-акылына келсин, эми мындан аркы жашоосун эрге тийип, элдей тынч өткөрсүн деп жаткандыр?! Эмнеси болсо да тандап көрчү, эки жолдун бири – сеники!”
“Жок, жок! Ушул кебетем менен кайдагы эр?! “Тагдыр тандамай” ойну башыма тээ эртерээк келсе болмок!..”
“Келген жок беле?!”
Аял өз суроосуна өзү жооп таба албай, отура калып башын мыкчыды. Өзөгү өрттөнүп, өңгөчү күйүп бараткан сыяктанды.
“Өх-х!” – деди анан көкүрөгүн кере-кере дем алып.
“Эми кеч!.. – деди анан чыйралып, отурган жеринен өйдө боло берип. – Эми артка кылчаюуга кеч!”
Жоолугун оңдоп салынып, күзгүгө каранды:
“Андай болсо, бек бол!.. ”
“Ооба...”

Ал кайтып келгенде Эрмек тагдыры ушул аялдын колунда тургандай, жакшы кабар, жакшы сөз күтүп күтүп жаткандай ордунан тура калды. Аял да Эрмектин суроолуу тигилген кирсиз каректеринен карегин тартып ала албай, бойлошуп туруп калды да, өзөгүн өксүк, жанын жалын каптап кеткендей болду.
Үнсүз тиктешүүлөр. .. Жүрөктөр гана “дүк-дүк! ..”
Тээ бир топто гана эркек оюнан ойгонуп кеткендей:
- А... Отуруңуз, Махабат, - деп аялдын отургучун жылдырды.
- Рахмат... – аял көчүк басты.
- Сиз келгиче убакыт узарып кеткендей болду. ªмүрүмдүн он жылы өтүп кеткендей...
- Сабырыңыз ушунчалык аз экенин билбепмин, - тамашалады аял.
Эрмек демин ичине тартып, унчукпай жооп күттү.
- Экөөбүз тең ойлонолу, Эрмек. Баштагы учурум болгондо... – тунжурай калып, сөзүн улады аял, - анда кеп башка эле. Анын үстүнө сиз мени жакшы билбейсиз... А мен сиз ойлогондон тап-такыр башкача аялмын! Биринчиден, мүнөзүм катаал. Кабагыма азыр эле күн тийип турса, азыр эле кайра алай-дүлөй болуп кетем...
- Мен аны биринчи көргөндө эле сезгем.
Бул Эрмектин: “Ага деле кайылмын” дегени эле.
- Өзүмдүн жеке кызыкчылыгымды баарынан жогору коём. Ал үчүн бардыгына барышым мүмкүн.
Муну болсо тек гана сыпайчылык кылып, өзүн ашкере сындап жатат деп түшүнүп:
- Сиздин кубанычыңыз, бактыңыз үчүн кызмат кылууга мен да даярмын, - деди жигит.
- Балдарыңызчы?
- Аларга “апасы” экөөлөп кам көрөбүз деп ойлойм?
Кулагына: “Ал мээримдүү апабы?.. Жакшылыкты урбайбы?” – деп, кызынын сербейип туруп алып, өзүн эмес, бөбөгүн олйоп жатканы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

22
АДАШКАНДАР


- Өгөй эненин баары эле жакшы апа боло албайт, - деди аял да Айперини кайталап.
- Ошону түшүнгөн аялзатынан жаман апа чыкпайт! – тобокелге салгандай ушинтти Эрмек.
- Үчүнчүдөн...
Эң орчундуу, сөздүн ток этээр жер ушул “үчүнчүдө” жаткандай туюлду Эрмекке. Анткени Махабат өзү да үчүнчүгө келгенде, андан ары кантип айтаарын билбей жаткандай, кепке какай түштү.
- Айта бериңиз, мен угуп жатам? – деди Эрмек.
Аял башын көтөрүп, Эрмекти тиктеп калды да:
- Үчүнчүдөн... кайсы бир убакытка чейин, а балким эч качан сизге жүзүмдү көрсөтпөшүм мүмкүн! – деди.
- Эмнеге?! – Эрмектин эсине Акшооланын: “Сен анын өңү-түсүн көрдүңбү? Анда көргөндөн кийин түшүнөсүң! ” дегени “тык” эте түштү. Көз айнек менен чүмбөттүн ары жагын көрүп жаткансып, Эрмектин бүшүркөй тиктешинен аял жалтактап кетти да:
- Анткени... – деп чындыкты айтууга ниеттенип барып, бирок кайра токтоп калды. Анда эле Эрмек ордунан тура каччудай сезилди.
Эрмексиз деле жашоосу өтө бермек дечи! Лилия үчүн бул жашоонун кызыгы башка да!.. Бирок ага ушунчалык суктанып, арзуудан акылынан айнып атып эле, жигиттин эми бети-башын бырыштырып жийиркене карашын каалабады! Бийиктиктен кулагысы, басынгысы келген жок! Башынан эле жек көргөнү - жеңилүү! ªз сөзү менен айтканда, “спектаклдеги” башкы каармандын, тактап айтканда өзүнүн ийилгенин каалаган жок!
Тулку боюн коркунучка да, ызага да окшогон бир өксүк сезим бийлей түшкөн аял ушуну ойлоп, чыйралды.
- Анткени, бетимди ачпоого касам ичкем! – деди анан өзүнөн жооп күтүп, суроолуу тигилип турган Эрмекке тике, башты бийик көтөрө карап, калп айтып.
- Эмнеге?! – Эрмектин жаны чыгып кете жаздады.
- Жанагы өтүнүчүм ошого байланыштуу. Чын эле жандилиңиз менен жардам берүүгө ниеттенсеңиз, ошол жардамыңыз аткарылгандан кийин бул касам күчүнөн таят!
- Эгерде эле колумдан келсе, жан дилим менен!..
- Колуңуздан келет! Кабатыр болбоңуз, бу жерде материалдык эч кандай муктаждык жок! Тек гана мага сүйүүңүз, ишенимиңиз, анан эрктүүлүгүңүз менен тобокелдигиңиз керек!
- Анда жарасы жеңил окшойт...
- Сүйлөштүк! – аял Эрмекке колун сунуп, экөө кол алышты. – Бирок бул тууралуу бир аз кийинчерээк сүйлөшөлү, Эрмек Асанович.
- Болуптур.
Бирок муну Эрмек эмнегедир оозу бош айтты. Эсине Акшооланын чый-пыйы чыгып, бу табышмактуу айым тууралуу сурай бергенин дагы эстеди. Эмнегедир аны менен сүйлөшкүсү, бул аял жөнүндө эмне билгени бар экенин сурагысы келип кетти.
Махабат анын көзүнөн, жүзүнөн окуду бул ойду. Кетүүгө камынып, ийнине асынып алган сумкесин кайра үстөлдүн үстүнө коюп, аярлай калды да, Эрмектин муңайым жүзүнө тиктеп:
- Эмне бултуюп калдыңыз? – деди жайдары. – Таарындыңызбы? !
- А жок! Эмнеге...
- Мени караңызчы?
Эрмек анын көз айнегинин улам бир көзүнө карады.
- Таарынганыңызды көздөрүңүз айтып жатпайбы, Эрмек?
Эрмек эмнегедир “бырс” этип, мыйыгынан күлүп койду. Кыраакы аял аны да түшүндү. Бул күлүштө: “ªзүң көзүңдү кара айнектердин ары жагына катып алып...” – деген маани жаткан болчу.
- Биздин алдыбызда бүтүндөй бир өмүр жатпайбы... Мага бир аз убакыт бериңиз? Ойлоноюн. Анын үстүнө, жакында чет өлкөгө кетип жатам. Он беш, жыйырма күндөй шаарда жок болом. Барып, ишимди бүтүрүп, бир жаңсыл болоюн, анан...
Анын алыскы сапар дегени - оорукана, өзү айткандай – жиндикана болчу. Андан ары мурду менен көзүнө операция жасатууну ойлоп отурган...
- Чет мамлекетке болгондо, каякка? – санааркагандай сурады эркек.
- Түркияга, андан ары Пакистанга.
- Жөн жай элеби?
- Бизнесим боюнча, - калп айтты аял.
- О! Ошондой деңиз?
- Эгерде экөөбүздүн ишибиз оңунан чыкса, сизге жүзүмдү, көзүмдү эле эмес, болгон жан сырымды ачып, бир төгүлүп-чачылам дейсиз! Ошондо мени чогулта албай калып жүрбөңүз, жигит?! - кебинин аягын атайылап эле ушинтип, Эрмекти ынандырып, кирдей түшкөн көңүлүн ачыш үчүн, айрыкча Акшоола менен сырдашып ийбесин деп амалданып, тамашалады. – Айтмакчы, аябай шашма экенсиз, мен келгиче алтын шакегиңизди башка айымдын манжасына салып жибербеңиз?
Эрмек жадырай түштү.
- Мен түшүндүм, Махабат! Ошол күндү чыдамсыздык менен күтөм...
- Бирок дагы бир өтүнүч, биз жөнүндө Акшоола билбей эле койсун?.. – аял дагы суранды.
- Кам санабаңыз. Ага келгенде эле мен сизди тааныбай калам.
- Ошо аял менен тап-такыр сүйлөшпөй коё аласызбы? Чынымды айтсам, мен сизди да ага тарттырып ийемби деп корком! - калп айтты аял.
- А жок, жок! Эч качан андай болбойт! - деди Эрмек Асанович буга кандайдыр өксүгү бардай сүйлөп. Ошону туя калган Лилия дагы калп айтты:
- Анын үстүнө, өгүнү ал сиз тууралуу мага өтө ыпылас сөздөрдү айтты...
- Коюңузчу? – ишенбегендей, көздөрү алайып кетти Эрмектин. – Эмне деп?!
- Эми, ар кандай! “Катынпоз, калпычы, эки жүздүү, ушакчы...” сыяктуу. Бирок мен ага ишенген жокмун. Тек гана аялдык кылып жатат дедим. Анткени анын сыры мага башынан белгилүү да. ªгүнү сизди машинеден сүйлөштүрбөй койгонум да ошол!
Кайдан-жайдан оозуна келе калган калптары үчүн өзүнө-өзү ыраазы болуп, ошондон кийин Эрмектин ыраңы бузула түшкөнүн байкап, ичинен “жым” этти аял.


***


Ынак эртең менен ишке камынып жатып, Акшоола жөнүндө ойлонду: “Эмнегедир башкача болуп кетти, - деди жакасын бүчүлөнүп жатып, - Ойлуу тартып, унчукпас мүнөз таап алды. Кээде жакшынакай сүйлөшүп отуруп, сөзүңдү укпай калат. Эмне болушу мүмкүн? Же ишинде проблема болуп жатабы? Андай учурда мага айтат эле. Же карызы барбы? Эмнеге карыз болмок эле, бардыгы жетиштүү. Анда ооруп жүрөбү? Кудай сактасын, андайын байкаганым жок, – деп келатып, башына бир ой “тык!” эте калып, ошол оюн жоготуп ийчүдөй болуп, кыймылсыз ката түштү. – А балким, башка бирөөнү сүйүп калгандыр?! ”
Андан ары ойлоно алган жок, бирок ушул: “Башканы сүйүп калдыбы?” – деген суроо жадымында жатталды да, калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

23
АДАШКАНДАР


- Атасы-ы?! Бакыт?! – аңгыча ашканадан чакырды жубайы, -
Дастаркон даяр. Келгиле?!
Атасы менен уулу өз-өз бөлмөлөрүнөн чыгып, дастарконго отурушту.
- Тамагыңар таттуу болсун, жигиттер! – Акшоола ата-баланын алдына тамак коюп, өзү да аларга маңдай-тескей отуруп, экөөнү алмак-салмак, сүйө тиктеди, – Неге мынча окшошсуңар, мырзалар? Кудум, тамчылардай. ..
Эки мырза бири-бирин карап жылмайган болушту.
- Мени бүгүн ким жеткирет? – Бакыттын күндө эртең менен берчү
суроосу ушул.
- Мм... Менин кезегим окшойт, - деди атасы.
- Ура-а! – кубанды уулу. – Мага атам менен барган жагат.
- Апаң мененчи? – кызгангандай сурады апасы.
- Жагат. Бирок...
- Эмне бирок?
- Бирок атам деген – атам да! – сыймыктана айтты уулу. “Ушундай! ” – дегендей атасы да корстон болуп, компоюп койду.
- Мм!.. Эркектер, ушинтет экенсиңер да, ээ?! – деди апасы бир чети ошого кубангандай, бир чети чындагандай. – Эмне кылсам экен? Кызымды чакырсамбы?
- Аны чоң апам жибербейт. Андан көрө өзүңүзгө кыз төрөп алыңыз!- Бакыт муну жандилинен айтты эле, атасы да аны колдоп:
- Во! Жакшы идея! – деди баш бармагын көрсөтүп.
- Идеяңарга рахмат!.. - Экөөнү тиктеп, өзүн ушунчалык бактылуу сезип отурган Акшоола кайра эле баягы, булардын сүрөтүн үзүлө түшүп тиктеген чүмбөттүү аялды эстеп, үчөөнүн ортосуна кайдан-жайдан пайда боло калган элести көз алдынан кетиргенче шашты. А бирок ага деле болбой, жоопсуз суроолор жабалактап келип алды: “Балким, ал чын эле Лилия же Айнурадыр? А балким, алар да эмес, Ынакты сүйүп калып, баары бир жетпесин билип, мени көргүсү келген бирөөдүр?.. – деди дагы бир жаңы божомолду ойлоп, - Андай болсо, Ынак деле билсе керек? Сурасамбы?”
- Акшоола? Шоола?..– бул Ынактын экинчи-үчүнчү кайрылганы эле.
Акшоола “селт” этип чочуп кетти:
- И?!
- Чай бересиңби?
- А... азыр, - Ынактын сунган чынысын шашкалактап ала коюп, чай куйду.
Бакыт кыткылыктап күлдү:
- Апа, сизге эмне болду?
- Эч нерсе.
- Катып калдыңыз го, укпай?
- Бакыт! – Ынак уулун тыйып койду. Акшоола өзүн ыңгайсыз сезип калганы менен, андан кийин деле чүмбөттүү аял тууралуу ойлордун курчоосунан чыга албай жүрдү.***Чүмбөттүү аял ар күнү бир убакта телевизорду иштетет да, Акшооланы карап отурат. Жолугуп да, телефон чалып да айта албаган жек көрүүсүн айтат. Ошо сайын экөөнүн алгачкы жолуккан ирмемдери элестелет.
“Күйөө керек болсо, кайра бир кайралып келесиң!” – дейт баягы-баягы мындан алда канча жаш, чырайлуу Лилия.
“Эч качан!” – аны шылдың кылгандай, мыйыгынан жылмаят да, чыгып кетет Акшоола. Клиенттеринен мындай мамилени ал эч качан көргөн эмес Лилия, андыктан бул ага абдан катуу тийет, ызырынып, ызаланат:. “Шашпа, келтирем сени!” – дейт. Жандалбастап, Айнурага ак кызмат кылат. Айткандай эле анын пландары жаза кетпей, баары ал ойлогондой болот.
“Эми келесиң!” –дейт Ынак Кабылович Айнура менен өзүнчө бөлүнүп кеткенден кийин. Күтөт. Бирок, тигил да ал ойлогондой болбой, алда канча көктүк кылып, келбейт.
“Эгерде куру намыска салбай, ошондо бир кайрылып койгонундабы, баары жайына келмек, Айнура алчактап: “Болду эми, мага көзү ачыктын кереги жок”, - деп ыргыштап калган кезде, Ынакты кайра өзүнө кайрып берет элем! Албетте, анын да жолдору табылат эле...” – дейт.
“Акыры Айнура менен да “сүйлөшөм”, жанагы кагазды алып алайынчы. Ага чейин ал бейбак кайда качмак эле? “Жаман жайытын бир күндө түгөтөт” кылбай, кийинкиге калсын...”***А бирок, Айнура ал ойлогондой жыргап аткан эмес.
Ырас, Ынакты кубалап жибергенден кийин, курсагындагы бала төрөлгөнгө чейин жаш күйөөсү экөө ысык-ынак, ушунчалык таттуу, бактылуу жашашкан. Эмнегедир, ал: “Бу жашоодон чыныгы сүйүүмдү, бактымды таптым. Мага мындан башка бакыттын, мындан башка эч кимдин кереги жок!” - деп ойлогон. Ушул сүйүү, ушул бакыт... анан калса эч качан бүтпөчүдөй, чексиз өңдүү сезилиптир ага.
Баардык балакеттин баары бала төрөлгөндөн кийин башталды.
Үйгө чыгып келген күнү эле керебетинде жаткан ымыркайды үңүлө тиктеп отуруп:
- Эй, мунуң тигинин баласы го?! – деди күйөөсү. Өзү да бала кимисинен экенин так билбеген келин оозунан алдыргандай, жалдырып эле туруп калган. А бирок ал күйөөсүнөн башканы күтсө да, мынчалык чечкиндүү, мынчалык ишенимдүү сөз угам деп күткөн эмес.
Ошондон тарта эле экөөнүн ортосундагы ымала ыдырай баштагандай болду. Жаңы эле төрөп-түшүп келген келин күйөөсүнөн жылуу, жумшак мамиле күткөн. Ага эркелегиси, уулдуу кылганы үчүн ого бетер сүйдүргүсү келген. Тескерисинче, уулу экөөнө карата жагымсыз, суз мамиле келиндин ысыган боюна муздак суу серпип жибергендей эле болду.
“Акмак! – деди ичинде туталанып. – Бекер үй, бекер оокат, ал аз келгенсип, балканактай кылып бала тууп берип атсам!.. Кимдин баласы экени менен кандай иши бар?!. Көчүгүн кысып жөн жашабайбы! ”
Бирок өзүнөн жети-сегиз жаш кичүү жигитти антип имере тарта албасына көзү жетип, болгон ачуусун, заарын ичине жутуп, мелтиреген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

24

АДАШКАНДАР

Бирок, бала торолуп, көзгө көрүнгөн сайын, үн салып, кылыгы чыга баштаган сайын күйөөнүн итататйы тутулуп, Айнураны андан кызганып, баланы итере түртүп таштачу адат тапты. Кокус эле Айнура уулуна болуша турган болсо:
- Сен мени сүйбөйт экенсиң да, ээ?! – деп түн болсо – түн, күн болсо – күн үйдөн чыгып кетип, кээде бир-эки күн келбей да коёт. Келгенде да мас болуп ичип келип, идиш-аякты талкалап, таң атканча өзү да уктабай, Айнураны да уктатпай, эзе берет.
Андайда ымыркайдын шору. Аны кароого апасынын алы келбей, “тун уулун” алдап-соолап, эптеп эле уктатып, соолуктуруунун амалы менен болуп калат. Бир канча жолу ажырашып, үйдөн кетирип жиберүүнү да ойлонду. Бирок, ансыз жашоосу токтоп калчудай сезилип туруп алды. Экөөнүн буга чейинки ысык-ынак жашоосун сагынып, ошол күндөрдүн элеси, деми менен жашап, ошол күндөрдү кайрып алуунун амалын издечү болду.
Кеткен күндө деле бул ага тынчтык бермек эмес. Ошону да түшүндү.
Акыры апасы менен кеңешип, беш айлык уулун ага алып барып берди да, үйүнө салт, соксоюп өзү жалгыз келди.
Күйөөсү анын бул кылганын жактырды. Баштагыдай эми өзү Айнурага “бала” болуп, каалаганын кылып чалчаңдап, жыргап эле калды.
“Эмне экен? – деди Айнура да өзүн-өзү алдап. – “Мужчина – большой ребёнок”. Жаш да. Бара-бара токтолот. Анын үстүнө баланы Ынактан болуп жүрбөсүн деп арамданып, кызганып жатпайбы. Мен деле ошентет болчумун... Эми төрөсөм, өзүн чындап ата сезип, жоопкерчиликтүү болуп калат...”
А бирок, эч качан андай болбой турганын, чектен ашкан эркелетүүнүн. .. Жок, дегинкиси өзүнүн дүнүйө үчүн, керт башынын гана жыргалы үчүн баары-жокко кайыл болгон ынсапсыздыгынын акыры арман-кайгы менен бүтөөрүн ал ойлогон да эмес.


***

Бая күнү Лилияга жолугуп, кагуу жеп чыккандан кийин деле Белек ал жашаган үйдү акмалап келе берчү болду. Чөнтөгүнө салып алган топ ачкычты улам бир колуна ыргытып ойноп, кээде ар бирине үңүлө карап, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында тунжурап отура берет да, тээ бир убакта туруп кетип калат. Аялдын машинеси эшиктин алдында турган болсо, Лилия үйүнөн мына азыр чыга калчудай алардын эшигинен көз алмай жок. Бирок аял көп учурда үйүндө болбойт. “Кайда жүрөт болду экен? Кайда иштейт болду экен? Кандай адамдар менен сүйлөшөт болду экен?” – ушундай суроолор Белекти тегеректеп, ойлордон башы оордоп, салаңдайт. “Эми эки-үч ирээт сүйлөшүп көрөм, эгерде колго тийбесе, түн катып эшигин ачып кирем да, энесин таанытам! ..” – деген бүтүмгө келип алган. өгүнү каалганын ачкыч салчу көзөнөгүн шыкаалап, ошондон бери топ ачкычын колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөнү да ошондон. Анарбек менен Эсентурга болсо баягыдан кийин көп батына албай калган.
Балдары менен кирип-чыгып келатып Асел да адегенде муну жактырбагансып, оозу учунан учурашкан болуп өтөт. Анткен менен аял эмеспи, бара-бара боору ачый турган болду. Бу жолу да аяшын эшиктин көзөнөгүнөн көрө коюп эле:
- Ии, кел Белек. Кандай? – деп жылуу кабыл алды. – Иштериң
кандай?
- Ар кандай, - көңүлсүз унчукту жигит.
- Эмне, маанайың пас? - эмнеге экенин билип туруп эле, кепке
тартыш үчүн сурап койду. - Түз эле ашканага өт.
- Рахмат.
- И, Гүлмира экөөңө эмне болду? – чайда отуруп сурады аяшы.
- А жөн эле... Бири-бирибизге түшүнүшпөй. ..
- А бул аял менен түшүнүшөм деп ойллойсуңбу? – чүмбөттү аял
жөнүндө сурады Асел. – Мага жаккан жок, аның!
- ? – Белек андан ары уккусу келгендей, аяшына суроолуу тигилди.
- Кандайдыр орой, өктөм... өгүнү өзүң деле сүйлөшкөн
-
турбайсыңбы? Анын үстүнө беш-алты жаш улуу да болуш керек. Сен өзүң өтө сезимтал баласың, Белек! Сага деген карапайым, жумшагыраак аялзаты керек.
- Анын аты ким экен? – Белек анын баятан берки күйүп-бышканын
укпагандай сурады. “Апе-ей, бул бала ойду айтсаң, тоону сүйлөп калган го!” – деди ичинде Асел.
- Аты – Лилия экен! – деди анан аны ынандыра албасына көзү
жеткендей “лекциясын” бүтүрүп.
- Лилия?.. Жакшы ат экен. А күйөөсү эмне болуптур?
- Билбейм! Ажырашып кеткем деди го.
- Көзү ачык экен деп атты беле?
- Эми, көзү канчалык деңгээлде ачык экенин ким билет, бирок өгүнү
бир айтканы чын чыкты. Балким жөн эле, дал келип калгандыр...
Оюна бир нерсе келе калгандай, Белек жандана түштү:
- Асел, экөөбүз барып келелиби?
- Эмнеге?!
- Эми... шылтоо табабыз да. Мисалы, “төлгө салдыралы” десекчи.
Чын эле көзү ачык болсо, билет да, менин ага кандай ойдо экенимди.
- Билбейм, ай... – Асел ойлонуп калды. – Бирок мага такыр жакпайт
ушу аял! Эмнегедир эле денем дүркүрөп, итиркейим келип кетет. Бир балакети бардай...
- Кандай балакет?
- Эми... Жылдызыбыз келишпейт окшобойбу.
- Сен анын телефонун билесиң да?
- Билем.
- Чалып көрчү? “Төлгө салып бересиңби, аяшым экөөбүз баралы
дедик эле. Өткөндө айта албай кетип калган экен...” десең? Ошентчи эми? Бир жакшылык кылчы, суранам?
Асел ордунан ыргылжың турду да, телефондун жанындагы блокнотту аңтарып жатып Лилиянын номурун таап, тере баштады. Белек болсо демин ичине катып, жүрөгү дүкүлдөп отурду. Кудай жалгап аял трубканы көтөрдү окшойт:
- Алло? – деди шашкалактап калган Асел. – Лилия, саламатсызбы?
Бул – кошунаңыз тынчыңызды алып жатат. ...Асел дегенчи... өткөндө шайлоонун алдында бардым эле го? ...Ии, ооба, ошол. ...Жакшы, жакшы. Кудайга шүгүр. өзүңүз кандай? ...Ооба да. Аял кишиники ошол эмеспи. ...Бизде деле ошол. ...Чалганым – убактыңыз болсо сизге кирип чыксакпы дедим эле? ...А жок, азыр кайдагы шайлоо? Жөн эле, коңшу катары, анан да өгүнү сиздин айтканыңыз туура чыкпадыбы. ...Алиги, депутат болом деген киши тууралуу айттыңыз эле го? ...Ии, ошондой болду. Анан бир аяшым бар эле, сизге жолуксам, алда нелерди кеңешсем деп эле... Жок, Анарбектин досу болот. ...Жарайт. Азыр барабыз анда! Рахмат!
Өзү сүйлөшүп жаткандай толкунданып алган Белек эчак учуп жетип, аяшынын жанында туруп калган. Асел айтпаса деле кептин чоо-жайын түшүнүп, кубангандан көздөрү жайнап, жаңы эле трубканы койгон аяшын жерден так көтөрүп ала коюп, айлантып-айлантып алды.
- Жинди го, мобу! Болду эми, баладай болбой! – деп кытылдап күлдү аяшы. Кубангандан, атүгүл экөө эшиктен кирип келип, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, өздөрүн карап, эс-мас туруп калган Анарбекти да байкабай калышты.
- Болду эми, ошого да ушунча сүйүнөбү?! . – деди Асел аяшынын
кучагынан чыгууга аракеттенип.
- Рахмат, сага! Мен сенин жакшылыгыңды эч качан унутпайм! Сен – жакшы аялсың, Асел! - ого бетер бооруна бекем кысты Белек.
Бул убакта кичинекей Жасмина да уйкудан туруп келип, апасы менен аяш атасын таң калгандай, уйкулуу көз менен карап туруп, түз эле Анарбекке өтүп кетти. Аны эрчий карган Аселдин каректери эми Анарбектин каректери менен чагылыша түштү!
Шумдугуң кур! Асел анын мындай кебетесин, мындай карашын эч качан көрө элек болчу! ¯рөйү учуп кетти!
Ошондон улам го, Белектин кучагынан күч менен жулкунуп чыгып, күнөөсү бар адамдай күйөөсүнөн көздөрүн ала качып, кайпактап калды.
Ал экөөнү көрүп, Белек да делдейди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 02:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: