Суперстан: "Адашкандар". - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА

#81 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

25
АДАШКАНДАР


- Анарбек?! – деди анан. - Жаман ойлобо сен!
- Эмне?! - “тарс!” жарылып кетти досу. – Акмак! Уялбай мага кайра
акыл айтып коёт! “Катыны бузулган кандай болот экен, буга да көрсөтөйүн” дегенсиң го, ээ?! Чык үйдөн!
- Эмне деп атасың?! – ак жерден күйгөнгө муштумдары түйүлүп,
калчылдады Белек.
- Омо-ой!! ! – Анарбек анын түрүн көрүп, ого бетер жинденип, андан
ары кармана албай кетти:
- Кайра мага айбаат кылып!.. Эн-нең!.. – билегин түрүнүп, досуна
аттап-буттап келатты. - Мени өзүңө окшотуп, өз үйүмдөн кууп чыгарайын дедиңби?! Мен азыр сени!..
Белек да делдеңдеп, коргонууга камданып калды эле, экөөнүн ортосуна тура калган Асел Анарбектин күү менен келген буту-колунан эки-үч ала салып кетти. ¯йдүн ичи “күпө-күп” түшүп, балдар бакырып ыйлап, эки эркек ага деле карабай жулмалашып жатып калышты. Аңгыча эшиктеш коңшулардын бир-экөө кирип келип, астын-үстүн болуп жатышкан эркектерди араңдан зорго ажыратып алышты.
- Эн-нең! Арамзаа! Ою жаман акмак! – деди оозу калбыйып, мурду
канап кеткен Белек. – Ит турбайсыңбы, даана!
Эшикти сыртынан жаап чыгып баратып, бирок кайра ичкери баш
бакты да:
- Кыйынмын деп жүрөсүң го,ээ? Билсең сени киши кылып жүргөн - Асел! Эн-нең!.. – деди ого бетер тигинин итатайын келтирип.
- Коё бергилечи?! – кармагандарды түртүп, жулкунду Анарбек. –
Тузум урган айбан! Мен сени азыр!..
- Аселден башка катынга жолуксаң көрмөкмүн сени!
- Бери кел дейм! – эки бети кып-кызыл болуп кетти Анарбектин. –
Коё бергилечи дейм!
Белек эшикти “карс!” жаап, чыгып кетти.
- Мынчалык ачууң келчү эмес эле, бир нерсе болдубу?! – деди
Фарида деген келин бир балекеттен шеги бардай, чычалага от тамызгысы келгендей Анарбекти шыкактап. – Оңой менен кебелчү эмес элең?..
Бирок Анарбек ага жооп айткан жок. “Сениби, шашпа! Эл кетсин!” – деген өңдүү Аселди бир акшыя карап коюп, ваннага кирип кетти.
“Кайгы жокто кайненем өлүп кайгырдым” болуп, ойдо жок жерден башына балээ таап алганын түшүнгөн Асел:
- Нан ооз тийгиле, - деп коңшуларын кетиргиче шашты.
- Буларга эмне болду? – чыгып баратып да кылчактады Фарида. –
Жөн-жай элеби? Сени да урган го, ээ?
- Мени эмнеге урмак эле? Ортого түшө калам деп...
- Ии... – жоопко алымсынбай калгандай, чыйрыйып койду келин.***Белек сыртка чыгып, бетаарчысы менен мурдун басып, башын чалкалатып бир азга турду да, оюна бир нерсе түшкөндөй түз эле Лилияныкын көздөй бет алды. Терезенин ары жагынан акмалап карап турган аял “жымың” этти. Көп өтпөй эле эшиктин коңгуроосу шыңгырап:
- Ким?! – деди аял ким экенин билип туруп эле.
- Лилия, мен эле... Азыр эле Асел чалды го, сизге?..
Эшикти ачып:
- А... кана Асел? – деп, бирок жооп күтпөй эле экинчи суроосун
сурап ийди: – Сага эмне болгон?!
- Жанагы... Аселдин күйөөсү да, эн-нең!.. Сизге келели деп атсак
уруш чыгарып...
- Кир?! – Лилия боору ооруган өңдүү Белекке жол бошотту.
- Рахмат.
- Бети-колуңду жууп ал! - ваннаны жаңсады аял. Белектин шарылдатып, сууну агызганы угулду. Аял болсо күзгүгө каранып, жоолук-башын түздөп, чачылган-чучулган буюмдарын ирээттеген болду. Аңгыча ваннага кирген мейманы бир катуу бакырып ийип, андан ары дымы чыкпай калды.
Аял “селт” этти. Саамга тыңшап турду да, түз эле келип эшикти тартты. Ачык экен. Белек эңкейип, бети-башын бырыштырып, эрдин кырча тиштенип туруптур.
- Эмне болду?!
- Колум... – оң ийнин кармап, онтоду Белек. – Жана билинген эмес,
көтөртпөй калыптыр. Анарбек деген эме өгүздөй болуп, басып жыгылган жана. Сынганбы, чыгып кеткенби...
- ªгүздүн астында калбай, шамдагайраак болбойт белең, анан?! –
деди аял какшыктап. - ªкүрөсүң да тим эле!
- Байкабай кыйкырып албадымбы! – актана унчукту жигит. - Ким
ойлоптур, анын ит экенин! Асел экөөбүз сиз жөнүндө сүйлөшүп атсак кирип келип эле... кызганып!
- Демек, мен күнөөлүү экемин да, ээ?! – аял эми тамаша-чыны
белгисиз ушинтти да, ичкери кирип:
- Кай жериң?! – деди орой. Белек ийнин көрөсттү.
- Түз тур! – аял Белектин курткасын сыйрып алып, жийиркенгендей
жерге таштап салды да, чолок жең футболкачан калган жигиттин ийнинен ылдый сылап-сыйпап, сыдыра кармалап жатып:
- Эркесиңби?! – деди зекий. – Бошот денеңди, тырышпай!
Белекке бул канчалык жагымдуу болгону менен, бир жагынан
сүрдөп, денесин майда калчылдак басып кетти...
- Эмне калчылдайсың? ! – деди аял же шылдыңы, же тамашасы
экени белгисиз. – Коркуп атасыңбы?!
- Жок...
Бир убакта эбин таап туруп, кандайдыр шамдагайлык менен чыгып кеткен колду тартып ийип, ордун сала койду эле:
Аа!!! – деп бир катуу бакырып алып, кайра уялып кетти жигит.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

26
АДАШКАНДАР


Аял башын чайкап, мыйыгынан күлгөнсүдү да:
- Чеч, үстүңдөгүнү! – деди буйра сүйлөп. Белек футболкасын чечип, илгичке илип бүткүчө аял кетпей, карап турду. Качан ал чечинип бүткөндө гана Лилия крандын суусун чачырап акчу узун түтүккө которуп, чабыштырды да:
- Эңкей! – деди жанагыдай эле өктөм. – Башыңды тос!
Белек аялды бир карап алып, айтканын жасады. Лилия жигиттин
башына шампунь куюп, жумшак манжалары менен мойну-башын, кулак түптөрүнөн бери кудум баладай кылып ушалап, көбүртүп-жабыртып жуунтуп жатты.
Эс тартканы аны эч ким минтип жуунта элек болчу. Ошон үчүнбү,
анын үстүнө канча күндөрдөн бери зар болуп жүргөн мээримге эреркеп, ушул жагымдуулуктун эч качан бүтпөшүн каалады. Эмнегедир Лилия да шашылган жок... Тээ бир топтон кийин гана суунун шарылдагы басылып, Лилия сыртка чыгып кетип, кайра келип жигиттин ийнине сүргүл ыргытып койду.
Белек курганып болгуча аял кайра да келди. Бу саам:
- Алдагы шалтагыңды ыргытып, муну кий! – деди Белектин колуна
көйнөк карматып.
- А...
Белек бирдеме айткыча аял чыгып кетти.
Колундагы көйнөктү кармалап, атүгүл жыттап да көрүп, эмне кыларын билбегендей туруп калды жигит. “Жаңы экен... Муну кайдан таап чыга койду? Күйөөсүнөн калса керек да?.. – деди оюнда. - Сарамжалдуу неме окшойт?.. Кап, бардар кишиге окшоп акча бере койсом, жакшы болмок да!”
ªзүнүн футболкасын карады. Чыны менен эле боору кан болуп, көп жуулганга өңү өчүп, атүгүл эки ийни сүзүлө баштаптыр. “Эмне кылсам?..” – ыргылжың болуп, таштанды ыргытчу челекти карады.
“Сен сурадыңбы, өзү берип атат го! Кийе бербейсиңби! Жана эле Лилиянын көйнөгү эмес, жылуу сөзүнө зар элең го, келесоо! Акчасын башка күнү деп койбой жаның жокпу?!” – деди өзүн-өзү жемелеп. Бат эле анан футболкасын ыргытып таштап, тигини кийе баштады.
Ал чыгып келгенде Лилия ичинен: “Адамдын көркү – чүпүрөк” – дегендей күлүмсүрөп койду. – Деги эле башкача боло калганын айт!”
Бирок аны Белек көргөн жок. Чыгарын чыгып алып, үйгө батпай жаткандай кайсалактап туруп калды эле:
- Курсагың токпу?! – деди Лилия жанагыдан саал жумшак сүйлөп.
- Ток эле! – Белек ушинтип алып, эми аял: “Анда жакшы бар!” – деп
чыгарып ийчүдөй коркуп кетти. Бирок ал ойлогондой болбой:
- Отур! – деди аял диванды жаңсап.
Аял өзү да дивандын аркы башына отуруп жатып:
- И, эмне сөзүң бар?! – деди кекеткен кишиче. Жигит дагы мокой түштү да: “Эн-нең, эркек болчу!.. – деди ичинде өзүн-өзү тилдеп. – Же дагы тигилерге шылдың болоюн дейсиңби?! ”
- Лилия, - деди анан шыр кетип. – Биринчиден, рахмат сизге! Жылуу кабыл алганыңызга, анан да... - оң колун сунуп, манжаларын тыбыратып койду: - мына булар үчүн рахмат! Болбосо, жүрмөк экемин да, чыгып кеткен колду салпактатып көтөрүп алып... Анан да эски-ускумдун баарын жууп салган сууңузга, бир байкуш бойдок деп жийиркенбеген назик манжаларыңызга, жыпар жыттанган жумшак сүргүлүңүзгө, анан бу... – үстүндөгү көйнөгүн карады, - көйнөгүңүзгө рахмат! Мен сизге карыз болдум!..
Аял унчуккан жок. Ак да, көк да дебей, угуп отура берди.
- Анан калса Анарбекке да рахмат! – деги эле чечен боло түшкөнүнө курсант боло калды жигит. - Ал уруш чыгарбаганда мурдум канабайт эле да, сиз мени карабайт элеңиз...
- Канчадасың? ! – аял жанагыдан саал жумшагыраак сүйлөдү.
- Жыйырма алтыда.
- Мм... Жаш экенсиң! – жигиттен баш тартуучудай үн катты аял. Жигит шашкалактап кетти:
- Мухаммад пайгамбар деле Кадичадан кичүү болгон да...
- Аның чын дечи, бирок алардын жөнү башка го. Сен менин үйүмө,
машинеме кызыгып келип атпайсыңбы, ыраспы?! – сынай сурады аял.
- Жок, жок! Эч антип жаман ойлобоңуз! Анткени мен аялыма үй-
жайымды, бар дүнүйөмдү таштап, турган турпатым менен чыгып кеткем. Эгерде кааласам, бөлүшүп деле алмакмын. ¯й-жайлуу келиндер деле, мына... – телефонун көрсөтүп койду, - күнүгө чалышат...
- А менден эмне таптың? – аял жумшаргандай, жай сүйлөдү.
- ªзүм да билбейм... - ийнин куушурду жигит.
- Кантип билбейсиң?! . – ого бетер сынап, кыстап карады аял.
- Чынымды айтсам... – баёо баладай болбурай карады жигит.–
Сизди алгач дүкөндөн көргөм. Адегенде сиздин кийимиңизге арбалдым. Анткени хиджаб сизге ушунчалык жарашат экен. “Күйөөсүнө өтө берилген, ишенимдүү аял болуш керек. Кандай бактылуу жигиттин жубайы?” – деп ойлодум. Сиз ары-бери кыймылдаган сайын көйнөгүңүздүн шуудуру менен атырыңыздын жыты башымды айлантып ийип атты. А сиз мени эле эмес, деги эле эч кимди байкабай, карап да койбой, чыгып кетип калдыңыз. Ошондон кийин ушул районго көп келчү болдум. Анткени сиздин элесиңиз көз алдымдан, түшүмдөн, шооратыңыз кулагымдан, жытыңыз мурдумдан кетпей туруп алды... Анан жалгыз бой экениңизди айтышты...
- Сен да бир романтик окшойсуң? – аялдын курчтугу мактоого
мокой түшкөндөй, акырын-аста сүйлөдү. Анткен менен ошол сөздүн ары жагында: “Эмнегедир эркектер майдаланып кеттиңер! ” – деген бир, өзүнө окшош өктөмдүктү издеген өксүк далдаланып жаткан.
- Билбейм, - деди жигит. – Аны сиз билесиз да.
“Сиз билесиз да” деп аялдын көзү ачыктыгын айтты ал. Аял да аны түшүнүп, сынай сурады:
- Азырчы? ªзүңдү кандай сезип отурасың?
Ийнин куушурду жигит:
- Чын эле сиздин үйүңүздө, сиздин жаныңызда отурамбы, же түш
көрүп атамбы... өзүмдүн бары-жогумду да сезбей, эч нерсе түшүнбөй, башым тумандап отурам.
Экөө тең унчугушпай, өз-өз ойлору менен алектенип кетишти. А бирок экөөнү тең азыр бир сезим бири-бирине байлап турду... Кичине эле белги, ишарат болсо, Белек аялды кучагына ороп калууга даяр эле. Ошону көрүп, билип отурган аял да: “Эмне экен? – деди оюнда. – Мен чакырган жокмун, “күйдүм, сүйдүм” деп өзү келди. А мен эркек жыттабаганыма көп болду. А балким, мага жакшы жардамчы болор?.. Бир баш – бир баш, эки баш – эки баш да! Акшооланы кырсык эки жагынан тооруса жаманбы?! Эрмекке караганда жаш, жүрөгү да курч! Мм... А кокус “алааматка” кириптер болуп кетсечи? Анда да өз тагдырынан көрсүн!”
Ушул ою өзүнө жагып калгандай, жигитти “жалт!” карады Лилия. Жигит да абдаарый түшүп, анан кантип Лилияга жакындап келгенин өзү да байкабай калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

27
АДАШКАНДАР


Ойгонуп кеткен Белек жанын сыйпалап, Лилиянын эчак эле туруп кеткенин билди. Жымылдаган жымжырттыкка кулагын төшөп, чоочун төшөк, чоочун үйдөн чоочуркай түшкөнсүдү. Демин ичине катып, бир аз дымып жатты да, шашкалактап тура калып, бирок шымын таппай калды. Аңгыча аркы үйдөн табыш чыгып, ким бирөөнүн шырпылдап басканы угулду. Көп өтпөй эле казан чырылдап, чый-пый жасалып жаткансыды. Ошондо гана демин басып, санаасы тынчыды. Бирок кайра жатып да ала албай, жылаңач чыгып да бара албай, айланып-тегеренип жатып, жанында эле, үстөлдө илинген эркетин махро халатына көзү чалдыкты.
Ал чыкканда Лилия адатынча жоолугун тумчуланып, көз айнегин тагынып, бирок үстүнө жаш кыздарга окшоп, тизесине жетпеген чолок шым, көкүрөгүн гана болор-болбос жапкан, киндиги ачык лямка кофта кийип алып, жумуртка кууруп жатыптыр.
Белек кечээкидей тартынбай, түз эле келип артынан кучактап, далысынан жыттады.
- Турдуңбу? – эркелеткендей жумшак унчукту аял да. – Кандай уктадың?
- Жомоктогудай.
- Бар эми, сууга түш. Керектүүлөрдүн баары ошол жерде турат.
Сууну шарылдатып, кыңылдап ырдап, бир топко жуунду да, сакал-мурутун кырып, чачын кургатып чыгып келди Белек.
- Сен аябай сулуу жигит турбайсыңбы, - деди Лилия дастаркон үстүндө тамаша-чындан. – Дегинкисин, жакшы жигит экенсиң!
- А сен аябай жагымдуу, мээримдүү экенсиң! – аялдын эмне жөнүндө айтып жатканын баамдаган жигит да оюндагыны айтты. - Мен сени таптакыр башкача элестеткем.
- Кандай?
- Орой, муздак...
- Мен чынында эле ошондоймун! – аял ага чычалаган жок. – Чанда эле бир гана жумшарбасам, өтө катаал аялмын! Чагылгандай тез-тез өзгөрөм. Капысынан капшабыма кабылсаң, таарынба. Жарайбы?
- Сагабы?! Эч качан таарынбайм!
- Жарайт. Анда сүйлөштүк. Анан да экөөбүз сүйлөшө турган, кеңеше турган иштер бар.
- Кандай?
- Аны кийин...
- Жарайт. А бирок, өзүң эмнеге эчтеке жебей отурасың?
- Мен тамак жасап атып эле буусуна тоюп калам.
- Фигурам бузулат дейсиң го?
- Бир чети ошондой, - саатын карап койду Лилия.
- Мм... Мени “кет” дегени турасың го?
- Кааласаң кетпей эле кой.
- Койчу?
- Койбой эле. Бирок убактылуу.
- Убактылуу дегениң кандай? – томсоро түштү жигит.
- Мен эртең чет өлкөгө кетип жатам. Он же он беш күндөн кийин келем. Ага чейин үйдө болуп тур. Бирок өзүңдөн башка бирөө-жарымды алып келчү болбо? – “кандай дейсиң?” дегендей, унчукпай калды аял.
- Жарайт. А сен келгенден кийинчи?
- Мен келгенден кийинби? Аны келгенде чечебиз.
- Мм... Макул. Бирок... – Белек маанилүү сөзү бардай карады.– Бирок бир нерсе сурасам болобу?
- Эмне?! – анын эмне сураарынан шектенгендей үн катты Лилия.
- Көз айнегиң менен жоолугуңду жатканда да чечпей койдуң. Эмнеге?
Таш тиштеп алгансып, аял саамга ката түштү. Анткен менен жигиттин ушинтип сураарын билип эле, баятан кыйпычыктап аткан. Түндө да жоолугун чечип салууга ниеттенген жигиттин колун эки-үч жолу кагып койгон.
Эми болсо жаак эттери түйүлүп, өңү түктүйүп чыкты. Бирок өзүн карманды да:
- Эгерде жоолугум менен көз айнегим жакпай жатса... – деп келатып токтоп калды. Андан аркысы айтпаса да түшүнүктүү эле. “Анда жолуң ачык, кете бер!” – дегени болчу. Бу саам жигиттин өңү түктүйүп, бозоро түштү. Анткени бул сөздү ал буга чейин да бир нече жолу уккан. Акыркы күндөрү аялы да: “Мен жакпаймбы, менин мүнөзүм, кылык-жоругум жакпайбы, анда сени ким кармап атат?! Кете бер!” – дечү болгон. “Ушинтип, катындарга кор болууга жаралдым беле?!.” – деген өксүк көкүрөк-көңүлүн бир катуу өйүп өттү. Анын эмнени ойлоно калганын Лилия да түшүндү. Анткени жигиттин болгон таржымалын түндө угуп, билип алган. Антсе да жооп күткөнсүп, үн каткан жок.
Соодасы түгөнгөндөй шалдая калган Белек оюнда: “Чын эле бу эмнеге чүмбөтүн чечпейт болду экен?” – дегени менен:
- Мен сени ушул турпатыңда жактыргам. Балким, жүзүңдү көрүүгө азырынча татыктуу эместирмин. .. Туура эмес айтып алсам кечирип кой? – деди бош.
- Болуптур, Белек. Бирок жоолугум жөнүндө мындан ары сөз
болбосун, жарайбы? Бардык нерсенин өз орду, убагы бар! – деди. Унчугушпай калышты. Аял туруп кетип, Белектин алдына альбомун таштап койду. Анын биринчи эле бетиндеги жылмайып күлүп турган кара тору, сулуу кызды жигит тиктеп калды эле:
- Бул – мен! – деди Лилия.
Белек сүрөттү бир, Лилияны бир карап:
- Сенби? – деди кубанганын да, таң калганын да жашыра албай. –
Укмуштуудай сулуу турбайсыңбы! .. Мен ишенбей атам, мен кантип ушундай сулууну кучактап, лаззатка баттым?!.
“Кудайдын кылганы да!..” – дегендей Лилия акырын улутунуп койду. Кудум ошол сулуулугун сагынып, кайрып келүүгө бараткандай анан:
- Мен эртең эмес, бүгүн кетем! – деди аял чечимин капыл-тапыл
өзгөртүп.
- Эмнеге?! – дел боло карады Белек.
- Жөн эле!
“Чын эле жинди катын го, бу? – деди оюнда берки. – Эми эле
башканы айтып атып, бат эле ары-бери боло түшкөн?!.”
- Бүгүн... үйдө эле болчу? – деди бир убакта чын дилинен суранып.
А бирок Лилия Белектин суранычын укпай калгансып, атүгүл анын бар экенин да унутуп калгандай, ал тарапка карап да койбой камына баштады. Ара чолодо ким бирөөгө телефон чалып, туюк-туюк сүйлөштү:
- Алло, кандайсың? Бул – мен! ...Баратам, даярсыңбы?! ...Бир-эки
саатта. ...Жарайт!
Терезени карап, ойлонуп турду да, кайра да телефон чалды:
- Алло, кандай? ...Жакшы. ...Сагындым? Ии, бат элеби? – андан
аркысын акырын, көңүлдүү айтты, - ...Мен да сагындым. Телефонумдун номериби? Ооба, ал да жашыруун. ...Акшоола жүрөбү? ...Мен кетип атам. ...Бүгүн учам - азыр! ...Жок, жок, узатпай эле кой. Келгенде кабарлашам. ...Рахмат.
Белектин тулку боюн кызганыч каптап кетти. “Бирөөсү бар окшойт!” – деди оюнда. Анын кызганычтан бузула түшкөн кебетеси бирок Лилияга жакты. ªзүнчө жылмайып алып, бар кыймылынан көз албай карап отурган жигиттин тизесине келип отурду да, мойнунан кучактап:
- Кечээки түнүң үчүн рахмат! – деди.
Кечээ эле жалгыз жатып алып: “Эрлүү аялдар кандай бактылуу? Жок дегенде ойношум болсочу?.. Кудай мени ошол бакыттан да айрып койбодубу! ..” – деп жаздык кучактап өксүгөнүн эстеди. Андайда, муну шылдың, таба кылгандай оюна баягы эле Акшоола менен Айнура келет! Биринин келберсиген керемет эркекти, экинчисинин өзүнөн кыйла жаш жигитти кучактап, бакытка мас жаткандарын элестетип, андай ирмемдер эми өзүндө эч качан болбочудай асман-жери аңтарылып, кыжынат!
- Демек, жакшылыктан, эртеңдерден үмүт үзбөсөм болот экен!.. - деди эми Белекти кучактап отуруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

28
АДАШКАНДАР

Кечке жата берип эриккен Белек балконго чыкты. Тамеки түтөтүп, Анарбектин үйү тарапты карады: “Эн-нең...дин көзүнө бир көрүнүп коёюн!” – деди оюнда. Саатты карап, досунун келер маалын болжоду. ªчөшкөнсүп, эмнегедир көзүнө эч чалдыкпай койду досу. Тура берип буту, карай берип кареги талыган кезде гана ичкери кирип кетти. Эриккенден эмне кылаарын билбей ары-бери басып, ашканага кирип-чыгып, бир убакта терезеге келсе, Анарбектин машинеси туруп калыптыр. “Туй, ата! ªткөрүп ийгенимди карачы!” – деди өкүнүп. Аңгыча оюна бир нерсе “кылт” эте калды да, телефонду бурай баштады.
- Алло? – үнүн өзгөртүп, жоон унчукту.
- Да? - трубканы Анарбек көтөрдү.
А бирок, Белек андан ары атайылап эле унчукпай койду.
- Алло? Сүйлөбөйсүңөрбү? Алло?! – деген Анарбек трубканы коюп койду.
Эмнегедир Белектин күлкүсү келди. Купшуңдап, алда нени ойлонгондой аркы-терки басып жүрүп, бир убакта кайра да чалды эле, бу саам трубканы кичинекей кызы көтөрдү.
- Алло, кандай Жаси? – деди Белек үнүн өзгөртүп, бирок мээримдүү сүйлөп.
- Жаксы.
- ¯йдө ким бар?
- Атам, апам, Артур, мен бай...
- Апаңды чакырып койчу, кызым, - деп анан атайылап эле минтип кошумчалап койду. – Турат байке чакырып атат де!
- Азый...
Телефондон ары жактагылардын үнү, чыны-кашыктын кылдырттаганы чала-була угулуп, болгон дитин коюп тыңшады Белек.
- Ким экен, кызым? – деди Анарбек топулдап чуркаган кызына.
- Туйат байке экен. Апаңды чакыйчы деп атат.
- Кайсы Турат? – бул Аселдин үнү. Аңгыча Анарбек келип трубканы көтөрдү:
- Алло?
- ?..
- Алло, ким бул?!
Белек дагы унчукпай угуп туруп, трубканы коюп койду да: “Ии, кандай экен?! – деди өзүнчө табасы канып. – Ичкен ашың кекиртегиңе тыгыла түштүбү?! Кыйынсынып, тыңсынып аттың эле?!.”
Бирок, андан ары да чыдап отура албай койду. Улам туруп барып терезени, улам келип телевизорду карап, тынч ала албай, эси-дартынын баары Анарбектин үйүндө болуп атты. “Кап, ата, ушу азыр Анарбектин абалын көрсөм!..” – деген дегдөө жанын жай алдырчудай эмес. Акыры оюна бир нерсе келгендей, ордунан шарт турду да, Лилия жууп, үтүктөп койгон шымын, жаңы көйнөгүн кийип, сыртка чыкты. “Башымды жулуп алмак беле? “Кечээ түшүнбөстүк болуп кетти, дос. Жөн жерден күнөөлөп, сенден да кетип калды. Мен да жаман оюм жок эле, кубангандан. .. Кел, эми кечиришели? ” – демиш болуп барбай жаным жокпу?!”
Айткандай эле ошентти. Ал коңгуроону басканда эшикти Анарбек ачып, көргөн көзүнө ишенип-ишенбегендей карап калды.
- Кандай, дос? – деди Белек жалпактап. – Бери чыгасыңбы,
сүйлөшөлү?
Анарбек ыргылжың болгондой турду да, чыкты.
- Кечээ экөөбүздөн тең кетип калды, дос. Түшүнбөстүк болуп кетти.
Аяш деле айткандыр, Лилия менен сүйлөшүп бергенине кубанып... Оюмда жамандык болсо Кудай урсун!
Жактырбагандай, ишенбегендей түр көрсөттү досу.
- Ишенбесең жүрү, Лилияныкына. Мына – ачкычы! – чөнтөгүнөн
ачкыч алып чыгып көрсөттү. – Бияктан чыгып эле барбадымбы. .. Мына бул көйнөктү кийгизип...
Анарбек анын үстүндөгү көйнөктү дагы ишенип-ишенбегендей карады.
- Лилия өзү чет өлкөгө кетти. Бизнес кылат турбайбы. ªткөндөгү
мамилеси үчүн кечирим сурады. Сен билгендей эле айтыпсың, дос. Рахмат! “Сен кеткенден кийин иттей кыйналып, капа болдум. Кайра келеби десем, жоголуп кеттиң!” – дейт. Айтор досуңду бир көрүп эле жактырып калыптыр да. Түндө чогуу болдук. Чыны менен эле укмуш аял экен...
Сырын жашырбай, төгүлүп-чачылып жаткан досуна Анарбек аздан жибип, жумшара баштады. Анткени, үстү-башына караганда анын сөзүндө чындык бар өңдүү эле.
- Эми эмне кылайын деп атасың? – деди анан.
- Көрө жатабыз го. Командировкадан келсинчи тиги... Эгер жакпай
баратса, чыгып кете берем да. Эмнем короп атты эле...
- Жете албай атып, чыгып кетем дегениң кандай?!
- Эй, өзүңдүн чыныгы аялың тигинтип кеткенден кийин..(!) - жаны
күйгөндөй айтты Белек, - деги эле кишиге ишенбей калат экенсиң! Болбосо, Гүлмираны ким ойлочу эле?.. И! Бул Лилияны тандаганым, “сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп ичет” болуп, динге бек аялдар үй бүлөгө да бекем болобу деп... Эгер антпесе, баса берем да, эч качан аял албай, так өтөм!
Лилиянын: “Убактылуу туруп тур, калганын мен келгенден кийин көрөбүз,” - дегенинен улам, өзүнүн артын тазалаганы эле бул.
- ªзүңдүн иштериң кандай? Эмне, маанайың пас? – деди аздан соң өзүнөн санаасы тынып, эми досуна кабатыр болгондой. - Аяш кандай?
- Жакшы. Кирбейсиңби, үйгө?
Белек калп эле ыргылжың болгонсуду да:
- Кечээкиңден кийин коркуп калдым, дос! – деди, “эми
антпейсиңби? ” дегендей.
- Кирсең жөн кирчи, эми! – күнөөлүүдөй унчукту Анарбек.
- О, кандайсың Асел кошуна?! – кирип келатып эле кыйкырды Белек. - ªрүлүктөйбү десем, унчукпайсыңар! Анан өзүм келатам!
Кечээки окуядан улам, Белектин үйгө киришин жактырбай: “Сырттан эле кетирип ийсе экен, кирсе деле сүйлөшпөй эле коёюнчу!” - деп чечкен Асел анын “кошуна” дегинен улам:
- И, кандайча кошуна болуп калдың?! – деди ишенбегендей.
- Мына, мындайча! – деп колундагы ачкычын, канатын жайып көйнөгүн, болгон турпатын көрсөттү.
- Жакшы! – деди Асел баары бир аяшынын жакшылыгына кубангандай. – Бизге эмне, өзүңөр тил табышып алсаңар болду да.
- Сага рахмат, аяш.
- Койчу, ошо рахматыңды! – кечээки окуя эсине түшүп кеткендей ыргып-секирди Асел. – Экөөң тең кичинекей баладай болуп, муш көтөрө чуркайсыңар! Кошуналар эмне деди?! Уят эле болдук!
- Болду эми сен да аны кайра башынан айта бербей! – Анарбек тамаша-чыны аралаш тыйды аялын. – Андан көрө чайың барбы?
- Бар! – таарынгандай түр көрсөтүп, ашканага кирип кетти Асел.
Досу менен аялынын мамилеси өзү ойлогондой болбой, баштагыдай эле экенине Белектин маанайы чөгө түштү. “Кандай эле адамдар ушундай болот?” – деди оюнда. Алардын ордуна Гүлмира экөөнү коюп көрдү.
Бөлөк эркек телефон чалмак турсун, булардын чыры Гүлмиранын блокнотунда жүргөн эркек кишинин аты, телефон номеринен башталган. “Бул кайсы ойношуң?!” – каны башына тээп, колу-буту калчылдап, уруш чыгарганын эстеди. Ал да тилин тартпай, мунун аяк алдында томолонуп жатып да: “Акмак! Жакшылыкты билбеген ит! Жатып ичээр!” – сыяктуу сөздөрдү айтып, тыбыраган. Ошондон кийин эле аялынан шек санай берчү адат тапкан. Жаңы көйнөк кийсе деле ою жамандыкка кете берип, акыры ушул болду. Бара-бара: “Мен сени менен жашабайм! ¯йдү бошот! Чыгып кет! Башканы таап алдым!” – дей баштады аялы. Бир жагынан кайнене-кайнатасы да үстүлөрүнө кирип, жайлап-кыштап алышпадыбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

29
АДАШАНДАР


Оорукананын алдына келип, Мурат Маратовичке телефон чалды Лилия.
- Келиңиз, күтүп атам, - деди дарыгер.
Шар кирип барганга даабадыбы, же намыс кылдыбы:
- Күтүп атсаң бери чыгып, же бирөө-жарымды жиберип койбойт белең! - деди аял дарыгердин эсине алда нени сала, кекер сүйлөп: – Мен сени ушинтип тосчу белем?..
- А... Азыр чыгышат, туруп туруңуз! – деди дарыгер.
Көп өтпөй эле жашы кырктын кырындагы, ак халатчан толмочураак айым чыгып:
- Кечиресиз, Мурат Маратовчке сиз келдиңиз беле? – деди. Лилия унчукпай машинеден баш багып:
- Машинени каякка коём?! – деди.
- Канча убакта чыгасыз? Бат чыксаңыз ушундай эле коюп коюңуз, же тигил “стоянкага” койсоңуз деле болот.
Лилия ошол экинчи вариантты эп көргөндөй, машинени стоянкага алып барып токтотту да: “Он күнгө” деп акчасын төлөп койду.
Оорукананын дарбазасын ичинен кулпулаган эмчи айым мейманды башкы дарыгерге баштап келатты. Ар кай-ар кай жерде бирден, экиден сейилдеп, оорулуулар жүрүшөт. Отургучта бир аял көкүрөгүн балкылдатып чыгарып коюп, куурчагын “эмизип”, “алдей” айтып, ары жакта дагы бирөө чачын тарап, ырдап отурат.
Алдыларынан чыга калган жигит ырсайып күлүп:
- Саламатсызбы? – деди колун көкүрөгүнө коё коюп.
- Барчы, ары! – деди түп-түз басып кекирейип келаткан Лилия итиркейи келгендей. А бирок чачы саксайып өсүп кеткен жигит ага деле болбой, артынан аңырайып карап калды да, анан селпектеп эрчип алды. “Менин теңим эми ушулар болот экен да?!” – деген ой мээсине кадала калган Лилиянын жаалы кайнап, каны башына тээп чыкты! Эмчи айым болсо жигитти аягандай, акырын-аста гана:
- Капар, тигиндей барчы! – деп койгону болбосо, башка чара колдонгон жок. Жинди бир убакта жете келип, Лилиянын колун кармап жиберди эле, жийиркенгенден денеси ток уруп кеткендей “дүр-р!” дей түшкөн аял жаакка чаап ийчүдөй колун күү менен көтөрө калып, бирок тигинин кирсиз, жалдырап тиктеген көздөрүнөн айбыктыбы, же карала-торала кейпинен жийиркендиби, чаппай токтоп калды. А бирок колун ошончо көтөрүп алып, эми жөн эле кайра таштап койгондон да намыстангандай, ушунчалык ылдамдык менен имериле калып, эмчи айымды жаакка басып жиберди да, денесиндеги бир балакеттен кутулгандай жеңилдей түшүп, басып кетти!
Эмчи аялдын көзүнөн от чагылыша түштү. Ачуу алакан тийген жаагы ысып-күйүп, дуулдап чыкты. Эмне болуп кеткенине дароо акылы жеткен жок. Качан ал эсине келгенде “мейман” аял эчак ичкери кирип кеткен.
- Эмне чабасың?! – эмчи айым Лилияны уруп ийчүдөй артынан кирип келди анан.
- Дилде Болотовна! – дарыгер ордунан тура калып, токтотту аны. – Эмне болду?!
- Мунуңуз мени жаакка чапты! – аял ыйлап жиберди. – Мен көрсөтөм буга!
Телефонун алып, чала баштады.
- Дилде Болотовна?! – анын кайда чалып жатканын түшүнгөндөй, Мурат Маратович озунуп тура калып, Дилдени сыртка чыгарып кетти да:
- Дилде, бул деген – оорулуу! Бизге жатканы келди! – деди.
- Кандайча? – ишенбегендей карады Дилде.
- Азыр жаткырабыз. ..***Айткандай эле Лилия оорукананын эң жакшы деген палатасына жатты. Адегенде сыртка чыкпай, темир керебетте шыпты тиктеп, эптеп эле убакыт кечирүүнүн амалын издеп атты. Улам бир оорулуу эшигин ачпасын үчүн ичинен бекинип алып, Мурат Маратович менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп турууну чечти.
Бирок, көзү илинип кеткен экен, бир убакта таңкылдак-туңкулдактан чоочуп ойгонду. Эмне болуп жатканына түшүнбөй, эки кулагын жаап алды.
- Ач эшикти! – деди лакылдаган бирөө эшикти койгулап. Көз айнеги менен жоолугун чечип таштап, махро халатчан жайылып жаткан аял аны жиндилердин бирөө деп түшүндү. Бир топко чейин унчукпай жата берип, жедеп каны кайнап кеткенде гана:
- Жогол-л деп атам! - деди. – Кет, ары!
- Ай, ач эшикти!! ! – сырттан эми аял кишинин үнү угулду.
- Жинди! Ушундайыңдан жинди болгонсуң да! Сволочи!.. – сөгүнүп-сагынган Лилия дарыгерге телефон чалды:
- Алло, Мурат Маратович! Алып кеткилечи, мобу жиндиңерди!
- Эмне болду? – токтоо унчукту дарыгер.
- Келесоолоруң эшикти сындырганы атат!
- Азыр... – дарыгер трубканы кармаган боюнча коридорго баш багып карагандай болду да:
- Ал - жинди эмес, Лилия Артыковна, - деди камырабай.
- Анан ким, мен жиндиби?!
Мурат Маратович каткырып күлүп жиберди да:
- Тилекке каршы, ошондой эмеспи! - деди.
- Эмне деп атасың?!
- Эшикти ачыңыз, Лилия, - эч ким укпасын дегендей акырын сүйлөдү дарыгер. – Дарысын алып, ичкен болуп коюңуз. Алар сиздин соо экениңизди билбейт да! Анан да аларга кол көтөрбөңүз.
- Эш-шектер! ! – телефонду басып коюп ушинтти да, шашкалактап кийинип атып:
- Азыр! – деди. - ªлүп баратасыңарбы? !
Эшик ансайын тарсылдады:
Каалга ачылып-ачыла электе эле далдайган, ак халатчан эки эркек кирип келип Лилияны кармап калышты да, ай-буйга келтирбей колун кайрып, дегдеңдетип керебетине жетелешти. ªмүрүндө мындай кордук көрбөгөн аял ого бетер жулкунуп, карылуу эки эркектин колунан колдорун сууруп алууга аракеттенип, оозуна келгенди “оттоп”, ашатып сөгүнүп баратты:
- Байдын дөбөттөрүндөй болгон!.. Күлтүңдөгөн чочколор! Коё
бергиле деп жатам! Мурат Маратовичти чакыргылачы? ! Мурат Маратови-ич? !
Баарынан да буларды алдыга коё берип коюп, босогодо моокуму кангандай карап турган алиги эмчи айымды эки чайнап бир жутуп жиберүүгө даяр эле азыр!
Ошону түшүнгөндөй аял да:
- Деги эле күчүн айт! – деп жигиттерге буюрду: - Байлап салгыла,
ары!
- Үйлөгөн чаначтай болгон, жүдөгөн канчык! Какмар!.. Жезкемпир!
Кеткиче бетиңди тытып, кислота менен күйгүзүп, жинди кандай болоорун сага көрсөтпөсөм элеби! Коё бергилечи мени! Коё бергиле деп атам силерди!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

30
АДАШКАНДАР


А бирок аны коё беришкен жок. Керебетке чалкасынан таңып салышып, чоң иш бүтүргөнсүп оолактай беришти.
- Эн-нең, бетимди тытып таштады! – деди бири бетин сыйпалап.
Эмчи аял “жиндинин” жакшынакай жасалган тырмактарына бир, өзүнүн колуна бир карап:
– Деги эле модницалыгын кантейин?! – деди.
- Баарынан да хиджаб кийип алганы кызык?! Жиндиге диндин эмне кереги бар дейм да?! – жигиттердин бири баятан берки оюнда жүргөндү айтты.
- Көз айнегин айтпайсыңбы! – Лилияны мыскылдай караган эмчи аял: - Ушундай жинди туруп, машине айдап жүргөнү кызык! Баарынан да анысын стоянкага коюп, акчасын төлөп... – деп алда неден шектенгенсип койду.
- Ишиң болбосун! – Лилиянын жаны түтөп кетти.
- Күйөөң крутой го, ээ?! – санитардын бири оюндгысын сурай салды.
- Жөн эле крутой эмес, молдо крутой болуш керек! – деди экинчиси какшыктап.
Эмчи аял Лилияга жакын келип, бирок: “Сен берчи!” – дегендей, эки-үч таблетканы жигиттердин бирине карматты. Ушу саам, Лилия эмнегдир оорусунан “айыга” түшкөндөй болду:
- Эже, өзүм эле ичейинчи?! – деди жанагыдай болбой, жагалдана айтып. – Колумду чечкилечи, балдар?! Мени кечирип койгулачы?..
- Ики, тим эле куулугун карап кой! Эми эле мени ашатып атпадың беле?! Эми “эже” болуп калдымбы?! Жиндиңде ушунча куусуң, соо кезиңде кандай экениңди ким билет?! – деген аял: “Жоолугун ал!” – дегендей жигитке ишарат кылды эле, Лилия:
- Жолобогула мага! Тийбегиле деп атам-м! – деп жаткан жеринде мөңкүп, башын ары-бери ала качты. Аны угар киши жоктой, лөкүйгөн жигиттин бири эки ийнинен кармап турду да, экинчиси жоолугун чече баштады. Ушул убакта:
- Аа-аа-аа-а! !! – деген ачуу айкырык бүт оорукананы титиретип жиберди. Лилиянын азыр үнүнөн башка куралы жок эле. Бүт күчүн ошого чыгарып, жигиттин колун тиштегилеп, бир топко чейин “кармашты”. Ачуу айкырыктан дарыгерлер, оорулуулар да чуркап келип, палатанын оозунда жардана түшүштү.
- Эмне болду?! – деди Мурат Маратович кирип келип.
- Дарысын берели десек, ушунчалык агрессивдүү неме экен! – арызданды эмчи аял. – Эркиндин колун тытып...
Эреркегендей, Лилия дарыгерди көрүп, тынч жатып калды. Бирок ишенген адамы ал күткөндөй: “Чечкиле, колу-бутун! Чыккыла баарыңар! ” – деген жок. Тескерисинче: “Ал эмне кылганың?” – дегендей Лилияны карады. Ошол убактан пайдалана калган жигит Лилиянын көз айнегин, жоолугун ачып жиберип, кудум жалаңкыч көргөндөй артка кетенчиктеп, кекечтене түштү. Лилияны эки ийнинен кармап, басып турган жигит да аттап-буттап, алда кайда жоголду. Аңгыча жанагыдан да ачуу, жанагыдан да башкача:
- Аа-аа-а-аа-а! !! – деген ачуу чаңырык оорукананы дагы бир ирээт титиретип жиберди. Бирок бу саам Лилия эмес, эмчи аял чаңырды.
Ушу саам эмчи аял менен керебетте байланып жаткан жалгыз көздүү, мурдунун ордунда оңурайган гана эки оюгу бар, беттери быргыл-тыргыл, бошонсо эле тытмалап баса калчудай комдонуп, чачтары да туш келди үксөйүп-саксайган аял тиктешип калган!
Эмчи аялдын ансыз да чоң көздөрү чанагынан ыргып кетчүдөй чакчайып, эки колу бетине жетип-жетпей калчылдап, чаңыра бергенден үнү өчүп баратты...
Лилиянын кебетеси азыр абалкыдан да коркунучтуу, тир укмуштуу суук эле! Ал аны өзү да сезип жатты. Качан ачуусу келип, жаалы кайнай түшкөндө ого бетер ыраңы бузула түшөөрүн көрүп, андай учурда өзү да күзгүгө карана албай, жалтактап турчу.
Ызасы жанына ушунчалык батып кеткендиктен, анын үстүнө эч кимге көрсөтпөй катып жүргөн сырын бу жердегилердин баары көрүп, “болоору болуп, боёосу канган” соң, эми ага кымырылып-кысынуунун кереги да жок эле! Демейде жоолуктун алдында жашынган чачы жайылып, ынтыга-ынтыга дем алганга көкүрөгү гана солкулдап, сулк жатты азыр. Атүгүл өзүн тиктеп алып чаңырып жаткан аялга ансайын жаалы кайнап, жек көрүп, жаагын качырата кайрап... бир убакта анан эмчи аялдын катуу корккондон тактайды суу кылып ийгенин көрүп, жалгыз көзүнөн жаш акканча каткырык салып жиберди!
Эшиктегилер адегенде үрпөңдөй түшкөнү менен, акырын жылып келип, керебетте байланган “жиндини” зоопаркка келгендей таңыпкай карап, чыгып кетип жатышты.
Мурат Маратович гана өзүн тынч, токтоо кармап, Лилияны азга иренжигендей карап турду да, жерде жаткан жоолугун колунун учу менен чымчый кармап, бетине таштап койду. Ошондо гана Лилиянын күлкүсү отко суу куюп ийгендей, “тып” өчтү. Бир жагынан бети жабылып калганына эс ала түшсө, бир жагынан дарыгердин жоолукту жийиркене кармап, иренжий жасаган мамилесине ызаланып, туталанды!
- Алып кеткиле! – деди Мурат Маратович санитарларга эмчи
айымды жаңсап. Жанагы жигиттер калчылдаган эмчи аялды аяк-башынан так көтөрүп, алып чыгып кетишти.
- Барыңыздар! – деди дарыгер анан жарданып тургандардын
баарына. – Эмне турасыздар? Барыңыздар!
Баары чыгып кеткенден кийин Лилиянын керебетинин жанында бир азга үнсүз отурду да:
- Баары жакшы, Лилия! – деди Мурат Маратович. – Буюрса
иш жакшы башталды. Мунун баары сиздин ийгилигиңиз үчүн...
Мурат Маратович чындап эле ошентип ойлодубу, же тек гана пациентин жоошутуп, көңүлүн тынчытыш үчүн ошенттиби, белгисиз эле. Бирок Лилия ага ишенди.
- Мени качан кетиресиз? – деди бети жабылуу жаткан бойдон,
эреркегендей.
- Аз күндөрдөн кийин. ªзүңүз түшүнөсүз да, оорусу өтүшүп
кеткендер көбүрөөк дарыланышы керек. Сизге ошол диагноз керек эмеспи?
- Түшүндүм! – Лилия анын эмнени айтып жатканын түшүндү. - Бирок
мен мындай мамилеге чыдай албайм!
- Эми мындан ары мындай болбойт. Сиз өзүңүздү жакшы
кармасаңыз эле, баары жакшы болот. Эшикти да бекитүүнүн кажети жок, - деп жана Лилия атайын сырттан таба келип, эшиктин туткасынан өткөрүп илгич жасаган таякты алып, кармалап туруп ары таштап койду. – Оорулууларга – өзүңүздөй мамиле жасаңыз. Аларды тилдеп, мазактоонун кереги жок. Иштегендерге да этият мамиле кылыңыз. Болбосо...
“Болбосо, акчамды алып эле кете берсемби?..” – деп ойлоно калган Лилия:
- Болбосо эмне болот? – деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

31
АДАШКАНДАР


- Болбосо, байлоого туура келет, - деген дарыгер Лилиянын оюн окугандай, - Эми артка чегинүүгө жол жок. “Историяңызды”, оорунун белгилерин, мүнөзүн, бардыгын биз ойлогондой жазып койдум. Аз-аз эле чыдап коюңуз, сабырдуулук кылсаңыз эле жеңиш сиздики. “Саргара жорткон киши, кызара бөртөт” дегенди билесиз да.
- Билем! – мойнунан байлагандай болуп, макулдугун билдирди
Лилия. – Бирок, колу-бутумду чечтирип кой?! Анан да экинчи байлашпасын, ооздоруна келгенди оттоп, мени шылдың кылуучу болушпасын! ..
- Аларды мен чогулушта “окутам!” А сиз ким-кимисине тек гана жинди адамдай – түшүнбөгөндөй мамиле жасап коюңуз.
Дарыгер сыртка баш багып, санитарларды чакырды:
- Колу-бутун чечкилечи?
Доктордун мынчалык токтоо, таш боор, камырабастыгына Лилиянын ичи бышып кетти: “Мен сага жанагынча акчаны эмне, дөбөттөрүнө кордотсун деп бердимби?! Көлтөйгөн көнөк, чанач! Сениби, шашпа! Менин көчөмдө да майрам болоор!..” – деп ашата сөгүп, бирок аны сыртынан билдирбегенге аракет кылды.
- Сиз баягыда башкача элеңиз, Мурат Маратович! – деди анан жоолугун тумчуланып атып, алда нени эсине салгысы келгендей кыйыта да, какшыктай да сүйлөп. – Азыр аябай өзгөрүп кетипсиз го?!
- ?.. - Мурат Маратович эч нерсе дебей, тек гана алаканын эки жакка жайып: “Жашоо – ушундай турбайбы! ” - дегендей ийнин куушуруп койду.
- Балким?.. – алда нени эстей койгондой, алда неден үмүт кылгандай карап калды аял. Анын ушул “балкиминин” артында бир балакет жашынып турганын сезип, азыр ошол нерсе атылып чыга калчудай дарыгер комдоно түштү. Айткандай эле:
- Билесиңби, сен мага жардам сурап келген түн?.. Мен кандай аялзаты элем? өңүм эле болбосо, эми деле ошол Лилия эмесминби?! – деди Лилия.
Сөз төркүнү ошол, өзү ойлогондой экенине көзү жеткен дарыгер палатадан чыкканча шашты.
- Чочко! – ал чыгып кеткенден кийин артынан чыңырып алды Лилия.
Аны Мурат Маратович деле укту. Бирок, укмаксан болду.
- Чочко!!! – экинчи жолкусунда бут кийимин колуна ала коюп, ал
кеткен тарапты уруп калды. Анан бүктүшүп жатып, ызадан букулдап ыйлады. Басылып алып да, жансыз немедей шыпты тиктеп, өткөн күндөрүн, ушул Марат муратович менен канип таанышканын эстеди...***Ошол күнү, так ушундай жамгырлуу бир кечте, жардамчы аял адатынча көлтөңдөп чуркап келип:
- Илике, сүйүнчү! Дагы бир шишка келди! –деген алакандарын бири-
бирине сүргүлөп. Кубанганда кыбыңдап кетчү көздөрү тим эле жумулуп калыптыр болчу.
Эмне кылаарын билбей эригип отурган Лилия, өзү да “жым” дей түшкөн. Анткен менен сыр билгизбей:
- Атаң келгенсип сүйүнөсүң да, көлтөңдөп! – деген.
Анын мындай мамилесине, какшыгы менен жемесине кулагы жедеп бышып бүткөн аял анан акырын шыбыраган:
- А баса, көзөнөктөн шыкаалап карадым. Алар экөө экен,
машинесинде бир айым отурат. Аялыбы, кызыбы, же... билбейм, айтор аябай эле жаш экен. Бирок момундай, - баш бармагын көрсөтүп. – Шикарный кийинген эмелер экен. И, баса, “Лексус” тээп келишти...
- Алар сенин шыкаалаганыңды көрүштүбү?
- Жок! Мени билесиң да... – жамбашын чайкап, ойсоктоп койду аял.
Анткени, мындай маалыматы үчүн Лилия ага “чокой боо” деп, ашыгыраак төлөп койчу.
- Болуптур, көлтөңбай! Аның үчүн чокой бооң болот. Киргиз! – деди Лилия. – Ойсолоңдоп кетет, тим эле!
Жанагыдай талпаңдабай сылык-сыпаа созолонгон жардамчы аял бат эле анан мейманды эрчитип кирди эле, Лилия анын эриндерин чөрмөйтүп, деги эле акырын-аста сүйлөп, көздү сүзүп, маданияттуу боло калганына бышкырып ийе жаздап, күлкүсүн араң тыйды да: “Чыга бер”, - дегендей ишарат кылды.
- Келиңиз? – деди анан саал курсактуу, ак көйнөк, галстукчан
адамга маңдайындагы орундукту көрсөтүп.
Бу кезде Лилия Ынак Кабыловичтен “өндүргөн” акчасы менен бир топ тыңып, көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү квартираны сатып коюп, бирок кезек күткөндөр акыйып отурчу короо-жайына карап, мурунку үйүндө эле “иштеп” жаткан. Анткен менен евро ремонт жасатып, төлгөсү менен “бал китебин”, камчы-самчысын жерге жазбай, чакан үстөлдүн үстүнө жайып, өзү “кожанный” креслодо отуруп калган кез болчу.
- Келдим, - деди мейманы маңдайындагы креслого отуруп жатып
үйдүн ичин айланта карап. – Сиздин бир жардамыңыз тийиеби деп...
- Кандай жардам?!
- Кандай десем?.. – колун бири-бирине ушалап, ойлоно калып анан: - Бирөөдөн процентке акча ала коюп, кыйналып турам. Эми үйүмдү насыяга койсом кандай болот, же үй-жайдан да куру жалак каламбы? Дагы бир вариант болуп атат, Россияга барып иштеп көрсөмбү дейм. Кайсынысы мага ыңгайлуураак, ошону айтып бере аласызбы? Аялым: “Россияга эле барганың оң, үйдү алдырып ийсек бала-бакыра менен талаада калып, эл-журтка шылдың болобуз!” - деп безилдейт, апам болсо: “үйдү сатып ийсең да карызыңдан кутул, айлаң кетип баратса, айылга барып иште, ал жакта деле доктурлар жакшы жашап атышат. Бизди таштап коюп, атаң тааныбыган жерде эмне күн көрөсүң?!” - деп чебеленет. Билбейм!..
- А карызыңыз канча?
- Он беш миң доллар.
- Көп деле эмес го?
Мейман мыйыгынан күлдү:
- Маяна менен жашаган кишиге көп болгондо да кандай?!
- Болуптур! Кимден алдыңыз эле?
Ошонун атын атагысы келбегендей, бети-башын тыржыйтып:
- Ай!.. – деп койду. – Бир бизнесмен...
- Мен сизден ошол бизнесмендин аты-жөнүн сурап атам?!.
Лилия акча берген адамдын ысмын, атүгүл телефонун, кайда иштегенин, машинесинин номурунан бери жазып алды да:
- Мм... Ишиңиз чыны менен эле чатак экен! – деди мейманын аягандай карап. - өтө оор акыбалда турупсуз. Аныңыз өтө кара мүртөз неме окшойт, ээ?
- Көпкөн да...
- Мм... Анын “крышасы” катуу экен, - “окшотурдумбу же окшошпой калдыбы? Кандай реакция болду экен?” – дегендей, клиентинин көзүнө карады. Чыны менен эле ошондой экенин билген өңдүү, тигил башын ийкеңдетип койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

32

АДАШКАНДАР

- Анан да аныңыз өтө коркунучтуу адам экен. Тегерегиндеги адамдарын айтам... Ал сизге канча мөөнөт берип атат?
- Бир ай.
- Ооба. Ага чейин унчукпашы мүмкүн. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин... - өтө кооптуу бир нерсени көрүп жаткандай, кабагын үтүрөйтүп, башын чайкады аял. – Ал баарына барышы ыктымал...
Мейманы да ошону сезип, билип жүргөндөй, эми таптакыр эле айласы түгөнө түшкөндөй, бир ишенгени ушул аял окшоп, ага жалдырай карады.
- Эгерде Россияга кетсеңиз, ишиңиз мындан да чатак болот. Ал жакка сизге жол жок. Болбой эле барам десеңиз, чоң кырсыкка кабыласыз. Эгерде... эгерде үйдү сатам десеңиз... Эмнегедир ага да жол жок. Сатылат, албетте. Бирок аялыңыз да туура айтып жатат.
- Эмне кыл дейсиз?
- Бүгүндөн баштап мен ага да, сизге да дуба окуюн! – айткандай эле “ток” этер жеринен кирди аял. - Бирок бул өтө көп күч-кубатты талап кылат. Атүгүл, ооруп да калышым мүмкүн. Сиз мага жардам берип турушуңуз керек...
- Кантип? – жандана карады Мурат Маратович.
- Мм... Билбейм, бирок дайыма мени менен байланышта болуңуз. Анан да мага өзүңүзгө ишенгендей ишенип, өзүңүзгө жасагандай мамиле кылыңыз. Түшүнүп атасызбы, мен күчтүү болуш үчүн сизди өзүмдүн жандүйнөмө “чакырам.” Биз - экөөлөшүбүз керек! Эгерде сизден кандайдыр туура эмес ойлор, тескери мамилелер болсо, мунубуз ишке ашпайт да, мен сизге жардам бере албай калам. Түшүндүңүзбү? !
- Түшүндүм.
- Бири-бирибизди таарынтышпайлы, анда. Баары ойдогудай болуп чыкса, карызыңыздан кутулуунун жолу сизге өзү келет, – Лилия макулдашкандай, алда нени кыйыткандай колун сунду. Мурат Маратович анын “таарынтышпайлы” деген сөзүнүн бир өңүтүн түшүнө койду да, партманынан жүз доллар алып чыгып алдына таштап койду.
- Болуптур, - деди Лилия жашыл кагазды күлүмсүрөй алып. – Эртең түштөн кийин келип кетиңиз, бул акчага аш басып, арбактарга багыштап жыт чыгарып, шам жагып, бата жасайбыз!
- Жарайт.
- Айтмакчы, токтоңузчу? ! – коштошуп, чыгып бараткан Марат Муратовичти кайра токтотуп, көздөрүн жумуп, бир нерсени көрүп жаткандай күңгүрөндү, – Сыртта “Лексус” турабы?
Марат Муратович таң калгандай:
- Ооба, - деди.
- Мм... А ичиндеги бийкеч ким?! – эми көзүн ачып, шеги бардай карады. Мейманы азга кайпактагансый түшүп, анан: “Эмне экен?” – дегендей ийин куушуруп койду да:
- Таанышым, – деди. – Чогуу иштейбиз.
- Аа... – аял ичинен “жым” этип алды да: “Аялы болсо – аялым дейт эле. Таанышым дегенине караганда бир мандеми бар окшойт!” – деп ойлоп, мыйыгынан күлүмсүрөдү:
- Болуптур, жакшы барыңыз.
Лилия Марат Муратович чыгып кеткенден кийин көпкө ойлонду: “Чыны менен эле Бахтыяр Кайыпович деген ким өзү?! Мм... Жашы кырктар чамасында болсо, жаш эле экен. Кесиби юрист дейт. Бирок башынан эле бизнесте жүрсө... Депутаттыкка камынып атса... Тигинин айтымында аябай эле акчалуу неме окшойт. Кандай кылсам?.. Кайырмакты кай жагынан, кантип таштасам?.. Кокус, утулуп калсамчы? Тфу, тфу!..”


***

Марат Муратовичти эртеңкиге чакырып, бүгүн өзү берген акчага кайра өзүн сыйлаганы жатканы да бекеринен эмес болчу. Бир чети шам жагып, жыт чыгарып, куран айтып, алдыда боло турган чоң ишке Кудайдан жол сурамак. Экинчи жагынан ошонун шылтоосу менен Бахтыяр Кайыпович жөнүндө кенен-кесири сурап, дарыгердин өзүнөн билип алмак. Анткени, иштин ийгиликтүү, анан да үзүрлүү жүрүшү үчүн маалыматтын арбын, так болгону жакшы. А бүгүн анын баарын сурап отурууга мүмкүн эмес эле, клиентин иренжитип, айнытып алмак. “Кайра менден сурап, өзү эч нерсе билбейт экен!” – деген ойдо калмак да, кайрылгыс болуп кетмек. Долларын ыргыта салганына караганда, жакшы эле кетти окшойт. Анын үстүнө, “Лексустагы” бийкеч тууралуу “трюк” таасирдүүрөөк болуп кетти окшойт. Көлтөңбай байкуш бу жолу да жарады ишке...
Ушинтип ойлоп жатып, бир убакта жаңы “долбоорду” баштоого илинчек, же Бахтыяр Кайыповичке барууга жол табыла калгандай, башкача бир “жымың!”- этип алды да, эртең баары ойдогудай болсо, операцияны бүрсүгүндөн калтырбай баштамак болду! А бирок ошол жол аны өзү каалаган “алтын тоого” эмес, аңга алып барып салып, аягы бүгүнкү акыбалы менен аяктаарын, асты Алла-Тааланын каарына калып, жазаланаарын анда ал ойлогон да эмес!

***

Эртеси Марат Муратович айтылган убагынан кечикпей кирип келди. Лилия болсо даярдыктын баарын “көлтөңбайына” тапшырып коюп, өзү квартирасына барып сууга түшүп, сулуулук салонуна кирип, мейман келчү маалдан бир-эки саат эрте келип, эс алып жатып көзү илинип кетиптир. Айтмакчы, ошондо бир укмуштай түш көргөн.
Көзгө сайса көрүнгүс, кап-караңгы түндө колдору менен боштукту сыйпалап, каякадыр жол таппай, жаны кейип жүрүптүр. Туш-тушунан, жакын эле жерлерден жүрөктүн үшүн алган тир укмуштуу, коркунучтуу үндөр – кандайдыр каткырыктар, жагымсыз жаңырыктар угулат. Ал үндөр бирде оң, бирде сол жагынан, бирде үстүнөн, бирде астынан, бирде болсо бет маңдайынан угулуп, ансайын башы-көзүн калкалап, бетин катып, түйүнчөктөй түйүлүп отура калып, жанын оозуна тиштейт. Аңгычакты, кайдан-жайдан:
- Артыңа кайт! – деген токтоо, калбаат үн чыгат. Бир чети каардуудай, бир чети мээримдүүдөй ушул коңур добуштан чочуп, “селт” этет. Селейип тыңшайт.
- Артыңа кайт! – экинчи жолу да өктөм, буйра айтылат.
- Кимсиң, мага буйрук кылган?! – Лилиянын намысы кайнап, башына тээп чыгат. – Эмнеге кайтам?!
Ансайын тапандап алдыга жылат. Кандайдыр күч аны көкүрөгүнөн түртүп, артка кетенчиктетет. А бирок жанында пайда боло калган каткырык аны улам бир каруусунан кармап, алдыга сүрөмөлөп кетет:
- Бас, баса бер! – дейт ал.
- Сен кимсиң?! – бу саам жакынсый үн катат Лилия.
- Шеригиңмин! Хи-хи!.. Шеригиң!..
Лилия ошого шердене түшөт. Кадамын чоң-чоң таштайт. Каткырык, жаңырык эми улам алды жактан угулуп, кудум ага жол баштап, эрчитип бараткансыйт. Кадамдары ансайын шартылдап, акыры тигилерге кошулуп өзү кошо каткырып күлүп, кетип барат. Аңгыча бетине балыр өңдүү былжыраган, жагымсыз нерсе “шалп!” этип жабыша түшөт.
Лилиянын денеси муздап, жыйрыла түшөт. Бетине жабышкан былжырак эмени чыгара албай тырмалаңдайт. Ошол муздак, жагымсыз нерсе бир убакта мойнуна оролуп, андан ылдый койнуна кирип, денесине оролуп, буту-колун тушап, жыгалат...
“Шеригинен” жардам күткөнсүйт. Бирок анысы эми шылдыңдап, табалап жаткандай, баягыдан башкача, күчөп каткыра баштайт...
- Илике-е?! Илике-е?! – деп каяктандыр үн чыгат...
Чочуп ойгонот. Кара терге түшүп, демигип алган...
- Мейманың келди, Илике. Тур! - бет маңдайында жардамчысы туруптур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

33
АДАШКАНДАР

Ошондо гана эми элеки тирукмуштун түшү экенине сүйүнүп:
- Өх-х!!! – деген! Анан эмне болду эле? Ии, ооба, аңгыча Марат
Муратович кирип келген. Саал ыңгайсыз абалда калганы менен Лилия анда да жол таап кеткен:
- Кечээ сиз кеткени аябай кыйналдым, - деген калп айтып. –
Алиги... Ким эле? И, Бахтыяр дегениңиз да мендей бирөө менен иштейт экен. Эмнеге иши жүрүшүп, “ити чөп жеп” жүрөт дейсиз?! Күчтүү дубалар менен коргонуп алыптыр, аныңыз! Таң атканча алышып, кыйналып чыктым. Азыр да кыйналып турам...
Кечээкидей болбой, өңү саал түктөйүп турган көзү ачыкты карап, Марат Муратович өзүнүн дарыгер экенине карабай ага ишенди. Лилия туруп барып, сүргүл менен маңдайынын, мойну-башынын терин арчып, сүртүндү да, күзгүгө келип жүзүн каранды. Эми эле бетине жабышып алып чыкпай аткан, тарбаңдаган буттары бар жагымсыз былжырды эстеп, кудум ичиркенип кеткендей денесин жыйрып-жыйрып алды эле, тулку бою титиреп, өңү бозоро түштү.
- Сизге эмне... жардам керекпи? – жаңы эле отурган дарыгер кайра тура калды.
- Жок, жок. Азыр келем, отура туруңуз.
Лилия сыртка чыгып, жанараак эле жасаткан макияжын муздак сууга кайра-кайра жууду. “Бул эмне деген түш?! – деди оюнда. – “Артка кайт” дегени эмнеси?! Деги, ким ал?! Же... Жараткандан аян болдубу? Ишти токтотуш керекпи анда? Жок, жок, жөн эле көрө албагандарым болсо керек?! Албетте! А балким чын эле Бахтыярдын колдоочуларыдыр? Коркуп, жанталашып жатышса керек. Ылайым эле ошондой болсун! А бетиме жабышкан эмне?! Мм... – ага да шылтоо табыла калды. - Бетиме жанагы косметолог катындын көзү тийсе керек? Мүмкүн. “Тим эле жакшынакай экенсиз”, - деп өлүп-талып атпады беле. Ошонун сугу кирип, кремдери менен кошо сүйкөлүп калган окшобойбу! Жууп салайынчы! ..”
Айткандай эле, муздак сууга кайра-кайра жуунган сайын жаны сергип, көңүлү кичине ачыла түшкөндөй болгон.

***

“Ошол түшүм?!. – ойго какай түшкөндөй болду Лилия эми, - Ошол үн... мага ушундай болорун айткан турбайбы! Бетиме жабышкан ошо былжыр... ушул экен да?!.”
Башын туш келди чайкагылап, эки муштуму менен жанын сабап ызадан, өкүнүчтөн өрттөнүп кетти жаны! Жалгыз көзүнөн шорголоп жаш куюлуп жаагы, кулагы ылдый салаалады.
“Эми кеч! – деди анан баягысын кайра да кайталап. – Ыйлаба!”
Көзүнүн жашын арчыды. Калчылдаган алаканын мурдуна жакын алып келип, кайра тартып алды да, жер сабап жиберди!
А бирок, эстутумундагы үзүлгөн тасма болбой эле, андан ары уланды.

***

Жардамчы аялдын дастаркону даяр болчу. Экөөнү аркы үйгө чакырды. Өтө чоң эмес, бирок кудум ресторандагыдай жасалгаланган столдун ар бир бурчунда дүкөндүн төрт шамы үлпүлдөп күйүп турат. Ага кошуп Лилия кебезди сары май менен шашпай майлады да, чийдин жети талына ороп, чыныдагы күлгө бирден сайып, күйүп аткан дүкөндүн шамын эңкейте кармап, ар бир чийдин башына бирден от “кондурду”. Андан кийин тарбалаңдап, ийри-муйру болуп күйүп бараткан шамды карап алакан жайып, көздөрүн жумуп алып ичинен дуба окуп, көпкө чейин күңгүрөнүп, күбүрөнүп-шыбыранып отурду.
үйдүн ичи жымжырт. Берки экөө демин ичине тартып, үнсүз отурушат. Марат Муратовичтин эки көзү - Лилияда. Анын элпек, ийкем кыймылынан го: “Жедеп мастер болуп калыптыр...”- деди оюнда. Жардамчы аял болсо меймандын өзүнөн көзүн албайт. Ылдый карамыш болуп, башы салаңдаганы менен, көзүнүн кыйыгынан коноктун кирпигинин ирмелишин “санап” отурат. Ошондон улам го, доктордун баятан бери Лилияны тиктеп отурганы ага жакпай, бир убакта бүткөн боюн кызганыч бийлеп кетти: “Бетин калай табактай кылган өлүгүңдү көрөйүн! – деди анан ичинде. – Кара катынды карай берип, карегиң агып, түшүп калмай болду го! Каныкей көрүнүп атса керек да, ээ? Карай бер, ошентип! Бир күнү анан кантип карайлап калганыңды өзүң да билбей каласың!.. ”
Андан ары Лилияны карап: “Ики, мени “артист” деп коёт албарсты, өзүчү?! – деп ичинен каарыды жардамчы аял. – Чыныгы артист болгондо укмуш ойномок!.. Жакшылыкка багыштап дуба окуп отурат бекен эми? Каяктан?! “Кара дубаларын” окуп, бу бечаранын башын айлантып, көзүн көр кылып атат да! Мунусу да аны билбей, тим эле периштенин пешенесинде отургансып, көшүлүп-көөлгүп калат!..”

Денеси менен сезген, дээринен сезимталдык кудурети бар Лилиянын бу саам да өзү менен өзү болуп отургандай көрүнгөнү менен айлана-тегерегиндеги бар кыймылды байкап, кимиси кандай кабыл алып жатканын туюму менен туюп, көкүрөгү менен көрүп отурду.
Бир убакта анан чыдамы жетпей кеткендей, жарамчысын “жалт” карап алды эле, экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, бечара “көлтөңбай” “селт” этип чочуп кетти. Алаканын жүзүнө сылап, бата кылышкан соң Лилия аны бир чети таң калгандай, бир чети ачуусу келгендей карап калды да:
- Бар, чыгып кетчи эшикке! – деди зекий. Уурусун карматып ийгенге
иймене түшкөн аял күнөөлүүдөй жер карап, ансыз да тултуюп, салаңдап турчу эки бетин азыр агып түшүп калчудай салаңдатып, чыгып кетти. Ал эшикти сыртынан жаап болгуча Лилия артынан жаман көзү менен карап отурду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

34

АДАШКАНДАР


Марат Муратович эмне болуп кеткенине түшүнбөй калды.
- Акмак! – деди Лилия акырын.
- Эмне болду? – Марат Муратович да акырын сурады.
- Майпаңдап нанымды жеп, чайымды ичип, мамык төшөгүмдө
магдырап жатып, карабайсыңбы эми!.. “Мал арыгын тойгузсаң – ооз майлайт, киши арыгын тойгузсаң - ооз каңдайт!” Ичинин баары - арам! Баятан бери: “Эми оңолот го,” – деп отурсам, ого бетер оңкосунан оодарылып, эмнени гана ойлогон жок, оңбогур!
Кеп төркүнүн Марат Муратович чала-була баамдаган болду.
- А анын оюн кантип билдиңиз? – деди ошондо да.
Лилияга бул сөз жакпай калгандай, тек гана кекээрлүү жылмайып койду. Анын ушул үнсүз жообунда: “Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, акылың менен тааны” дейт. Адамдын кебете-кешпиринен, кабак-кашынан, көздөрүнөн эле анын ичинде күн тийип турганын же түн түшүп турганын билүүгө болот! Ага таланттын деле кереги жок – акыл, анан амалкөйлүк керек!” – деген ой жаткан. Бирок анысын дарыгерге “окутуп” койбош үчүн:
- Кана, анда дастарконго караңыз? – деди анан алакан жайып. – Омийин!
Андан аркынын баары оюндагыдай, түн - каалаганындай болгон. Өз кесиби тиш доктур, бирок кандайдыр себептерден улам “үч уктаса түшүнө да кирбеген” психикалык ооруканада иштеп калган жигит менен тээ таң кылайып атканча дастаркон үстүндө сырдашып, жаңы “каарманынын” үтүр, чекитине дейре тактап билип алды. Башкача айтканда Бахыяр аттуу жигитти аки-чүкүсүнө чейин изилдеп, эртеңки жүрүшүнө жол ачып, атүгүл ара чолодо жаңы таанышы экөө эчаккы тааныштардай эркелешип улам жерге “оонап” тура калышып, айтор камыр-жумур болуп, көңүлдүү отурушкан...
“Акмак! – деди азыр Лилия жиндикананын керебетин сабап. – Эми карабайсыңбы, эчтеке билбеген, көрбөгөн кишиге окшоп!..”

***

Мурат Маратович да кабинетине келип, креслосуна чалкалай отуруп алып тамеки күйгүздү да, Лилиянын кебетесин элестетип алып, дене-боюн бир жыйрып алды.
“Чындыгында эле ооруп калыптыр, - деди анан ичинде. – Албетте, “историясына” жазылганчалык эмес, бирок... баары бир катуу стресс алган. Ага кошул-ташыл жандүйнөсү жедеп, соо адамдарга карата жек көрүүгө толуп, ызага ууланып, айтор акыл-сезиминин баары ыкыр-чикирге толуп кеткен... А бирок аны дары менен айыктырууга баары бир мүмкүн эмес...”
- Бардыгын унутуп таштап, жаңыча жашоо баштабайсызбы? - деген
өгүнү аялдын арыз-арманын угуп отуруп.
- Эч качан! Ушундай акыбалга келе электе эмнеге ушинтип айткан жок элең? Анткени, анда мен силерге керек элем да, ээ? Ар кимге жардам берем деп жүрүп, акыры ушиндай болду да!.. – деген Лилия.
Анын “ар ким” дегендеринин бири - Марат Муратовичтин өзү эле. Дарыгер ошону ойлоп, бир чети эп көргөндөй:
- Болуптур. Менден кандай жардам керек? – деген.
- Мага “жинди” деген документ бер?!
- “Жинди” деген?– таң кала караган Марат. - Эмнеге?!
- Ошого! Муну көрдүңбү? – деп анан сумкесинен атырдын бөлтөйгөн бөтөлкөсүн алып чыгып көрсөткөн.
- Көрдүм?
- Көрсөң, мен муну канчадан бери көтөрүп жүрөм! Сен алдагинтип,
чөнтөгүңө теспе салып калгандай эле!
Марат Муратович көзү ачыктын чөнтөктөгүнү көрө койгонуна,
уурусун карматып жибергендей оңтойсуздана түшкөн. Бирок аны Лилия көзү ачыктыгы менен эмес, кыраакылыгы менен көргөн. Анткени, жука халаттын чөнтөгүндөгүнүн теспе экени, кызыгып караса кимге болсо билинмек. Анын үстүнө, арытада эркек кишинин намаз окуганда кийилчү ак допусу турган. Мунун баарын жана киргенде эле байкап койгон аял эми өзүнүн “чөнтөгүндөгү” жөнүндө айтты:
- Билесиңби, мен муну качан ишке ашырмайын, баары бир тынч ала
албайм!
- Түшүнбөдүм?
- Түшүндүрөм азыр! Акшоола жөнүндө айтсам керек эле?
- Мм... Ооба.
- Муну ошого “даярдап” койдум!
Дарыгер анын айта турганын чала-була боолгогон болду да:
- Токтоңузчу, бул эмне өзү?! – деген бөтөлкөнү үрпөйө карап.
- Кислота! – оозун толтура айткан аял.
- Баланын сөзүн сүйлөп, сиз чындап эле акылыңыздан айныган окшойсуз?! – деген дарыгер да үстөлүнө өбөктөй калып шыбырап. – Андан аркысы эмне болоорун ойлодуңузбу? !
- Ошо ойлогон үчүн сага келип атам да! Жардам бересиңби, жокпу?!
Азыр эле эски таанышынын кучагына эреркеп, баягысындай кулагысы келип, ага ишенип, таянып турган Лилия өктөм үн катты эми.
- Бул – кылмышкерлик, Лилия! – деген дарыгер.
- А бирөөнүн акчасын жымырганчы? ! – “тарс” жарылып кеткен аял. - Ал кылмыш эмеспи?!
Марат Муратович “Ит тажаса үрөт, киши тажаса күлөт” болуп, айласы түгөнгөндөй башын чайкап: “Хи!” – деп мыйыгынан күлүп, дембе-дем тамеки тартып ийген да:
- Бул эмне, шантажбы?! – деген.
- Жок! Өтүнүч!..
- Айтыңызчы, сиз чындап эле жинди болуп калгандан соосузбу? – амалы түгөнгөн Марат Муратович чындап эле анын көз айнегинин улам бир көзүнө үңүлө, бүшүркөй тиктеген. – Сизге эмне жетишпейт? үй десе, үйүңүз бар. Машинеңиз – алдыңызда. Тынч жашай бербейсизби? !
- Эмиби?! Эми тынч жашоого болобу?! Кантип?! – деген аял чындап эле түтөп кеткен. – Сен мени эмне, шылдың кылып жатасыңбы?! Мен ушундай мокочого айланып калганым аз келгенсип, эми тынчып жатып калышым керекпи? Акыркы жолу сурап жатам, жардам бересиңби, жокпу?!
Бая: “Бирөөнүн акчасын жымырган кылмыш эмеспи?” – деген сөздөн кийин дарыгердин кайпактай түшкөнүн байкаган аял эми тикеден-тике жооп талап кылып, жарга такап туруп алган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

35
АДАШКАНДАР


“Мм... Бу катындан кандай кылсам кутула алам?.. – тамекисинин күлүн шашпай түшүрүп, кабагына кар жаап ойлуу отурган дарыгердин эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан көздөрү кымыңдай түшкөн. – Токточу, чыны менен эле буга “жинди” деген диагноз коюп, жаткырып таштасамчы? !. Андан кийин менин акча алганымды далилдеп көрсүн!.. Ким ишенет буга?!.”
- Жарайт! – деди анан. – Мен сизди “дарылоого” даярмын!
Лилия каткырып күлүп жиберип:
- Бая эле ошентпейт белең! – деген. – Ишиңдин баасы канча?
- Жок, бул менин баягы карызымдан кутулганым болсун.
- Сен мени басынткың келеби?! Мен бир бечара же кайырчы эмесмин!
- Анда өз эркиңиз.
Андан ары убакытты чойбой, бааны өзү быча салган аял:
- Бир тоголок болобу?
- Шартыңызга караңыз, - бул макул болгонунун белгиси болчу.
Андан кийин экөө телефондон сүйлөшүп, көп өтпөй эле миң долларын көтөрүп, кечээ кирип келбедиби. Келгенде да жөн келбей, башкы дарыгердин балдызын - эмчи айымды жаакка уруп ийип, аз жерден чатак чыгарып ийе жаздады.
Марат Муратович эми Лилиянын керебетте байланып, жезкемпирдей үксөйүп-саксайып жатканын, мурду менен көзүнүн ордунда кара оюктар гана оңурайып, анысы аз келгенсип жагымсыз каткырганын элестетти да, баягы-баягыда ушул аялдын ысык эриндерин аймалоодон кумары канбай, жерде томолонуп жатышкандарын эстеп, иренжип кетти.***Лилия ошол таңда улуу сапарга аттанчудай ойгонгон.
Дарыгерди кетирип жиберип, куш уйку салып тура калган да, жуунуп-таранып, кыска юбкасын, бийик такалуу туфлисин, үстүнө үлбүрөк лямка кофтасын кийип, чачын кежигесине тыкан түйүп, көз айнегин тагынып жолго чыккан. Албетте, анда азыркыдай туш тарабы “тумчуланбаган”, кадыресе көз айнек кийчү.
Ошондо эле Лилия атырды жакшы көрө турган. Кымбатына карабай, мыктынын – мыктысы дегенин себинчү. Анын жан жыргаткан жыпар жыты башкалардын эле эмес, биринчи кезекте өзүнүн маанайын жаркытып “жакшылыктарга”, жаңы ийгиликтерге коштоп тургансычу. Бу саам да ырым кылып, жаңы эле алган, бирок колдоно элек эң кымбат баалуу атырын себинип, керемет жытка моокуму кана магдырап, баягы Ынак Кабылович алып берген “Джипти” минип баратып, ушул тулпарын кантип алганын эстеп, өзүнө-өзү ыраазы болгон.
Эсинде, анда дагы алдына бүгүнкүдөй чоң максат койгон. Акыры ал “операциясы” ийгиликтүү аяктаган... Тактап айтканда, адегенде телефон аркылуу эле Ынак Кабылович менен Акшооланын ортосун суутуп, ажыраштырып берип, Айнуранын багын ачкан. Бакыттын ачкычы колуна толугу менен тийгиче Айнура Лилияга акча жагынан дайыма “донор” болуп турган. Качан үй алдырып, Ынак менен ишенимдүү жашап калгандан кийин бирок кача баштабадыбы. Ошондо андан өч алмакка, экинчиден бардар жигитти эми арачысы жок эле түз пайдалануу максатында жасаган аракети ишке ашып, жандүйнөсү жабыркап жүргөн жигитти торго түшүрүп алган.
Анан эле бир күнү “Көктөн издегени жерден табыла калган”. Ынак телефон чалып, өксүктөн өзөгү өрттөнүп, өксөөсү көөдөнүнө батпай, кафеде ичип отурганын айтып, Лилиянын тез келип калуусун суранган. Лилия жасанып-түсөнүп, анан албетте, жаңы конуштан жөө-жалаңдап келгиче, чыны менен эле Ынак көпкө күтүп калган.
- Эмне кечиктиң?! – деген кызымтал жигит ызалангандай.
- Кечирчи, жаным? Билесиң да, мен жөө жүрөт эмесминби, үйүм да алда кайда... – Лилия жигиттин мойнуна колдорун ороп, туш келди өпкүлөгөн. – Берекем менин!..
- Ошол элеби?! Машинең болсо эле кечикпей келет белең?!
“Колу жепегени менен ою жетип”, жигиттен эңсеп жүргөнү анын өз оозунан чыгып кеткенине Лилия “жым” дей түшкөн:
- Эч качан! Эч качан, жаным...
- Эртең анда машине алып берем!
- Сен азыр кызуусуң, Ынак. Эртең убадаңды унутуп калып, жалганчы болуп каласың го. Жокту айтпачы..?
- Жок! Мен эч качан жалган айтып көргөн эмесмин! Келе колуңду?!
Ушул түнү Лилия Ынактын “жоомарттык” намысын улам кайра, улам кайра козгоп, ойдолоп чыккан да, чындап эле эртеси машинелүү болгон. Ошондон берки чыныгы жолдошу ушул. Талаага таштабай, ар дайым бирге.
Бирок, адам болгон сайын “дагы болсом” дейт экен. “Эми особняктуу болсом!” – деген эңсөө аны ак эткенден так эттирип, ошол тилегин кантип ишке ашырып, кантип жоктон бар кылууну көптөн бери кыялданып, ошого жол издеп жүргөндө Бахтыяр деген “илинчек” чыга калганын карабайсыңбы!
Ушул жолдор, ушул ирмемдер аны ошол таттуу кыялын чындыкка айлантканы алып бараткандай, жүрөгү элеп-желеп. Машиненин чала ачылган форточкасынан кирген жылуу, жумшак шамал саамай чачын сапырып, алкымынан аймалап, ого бетер көңүлүн сергитет.
“Джип” айдаган сулуу айымга катарлаша калган машиненин шоопурлары ансайын ага көз кырын салып, айрымдары көзүн ымдап, баш ийкеп, кээ бири куушуп ойноп, айтор Лилиянын жүрөгү толкуп-ташып, чоң трассада зымырап келатып эле, бир кезде “пробкага” такалган да, издегенин так ушул жерден, ушул “тыгындыдан” тапкан!
Ооба, бет маңдайындагы күзгүгө каранып атып, артында турган машиненин номуруна көзү уруна түшпөдү беле! Көргөн көзүнө ишенбей, ошону күзгүдөн кайра-кайра карап, бир убакта кубанычы кучагына сыйбай кеткен: “Ошол?!.”
Чынында эле өзү издеп чыккан машине өзүнө куйрук улаш токтоп турган! Машиненин номуру, маркасы, өңү-түсү, бардыгы - өзү!
Эси-дартынын, эки көзүнүн баары эми маңдайкы күзгүсүндө болуп, машиненин ичиндегилерди карады. Айдоочу, анын жанында карыган байбиче отурат. Экөө эле экен. Жашы кырктарга чамалап калган, кара көз айнекчен жигитти: “Ошол! – деди оюнда. - Өзү экен! Кантсем, кандай шылтоо таап “кармасам?”
Ал ушинтип түйшөлүп атканда тыгында турган машинелер улам аздан алдыга жылып, улам токтоп отуруп, бир далай жерге чейин жетип калышты. “Эми бир ушунча жүрсөк “пробка” бүтөт! – деди аял ичинде. - Андан ары кандай кылыш керек? Соңунан түшүп алсам да болбойт. А эгер..?” – оюна бир нерсе “тык!” эте калды да, ошол оюн оң көргөндөй “жымың” этип күлүп алып, рульга оңдонуп отурду.
Бир убакта, алдыдагы машинелерге жол ачыла түшүп, ылдамдыктар катуулап калган кезде, Лилия Бахтыярдын жолун торой калып, тормозду басып калды! Артта келаткан машине аны “каңк!” эттире уруп токтоду. “Байкуш машинем!” – булкунуп барып токтогон машинесин аяп ийди. Аны менен кошо, өзүнүн да өңгөчү үзүлүп кеткендей болду. Бир чети жигитти колго түшүргөнүн эстеп “жым” этти. Аңгыча “көктөн издеген” жигити ачууланып келип, Лилиянын эшигин жулкуп ачты да, шоопурдун аял экенин көрүп, саал жумшара түштү:
- Сиздин... акыл-эсиңиз жайындабы?! – деди анан рульга башын жөлөп отурган айымга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

36
АДАШКАНДАР


Аял башын көтөргөн жок. үн жок, сөз жок, бирок ичинде: “Андан ары эмне болуп кетээр экен?” – деп кыймылсыз, демин ичине катты. Жигит канчалык көпкөлөң болгону менен, адам да, эмне кылаарын билбей калгандай ары-бери кайпактап калгансыды. Машинеде отурган байбиче да чыдабай кетти көрүнөт, түшүп келип:
- Деги аман-эсенби, айланайын?! – деди.
- Чоң апа, отура бериңиз, - уулу аны чыканагынан сүйөй кармап, кайра узатып кетти, - Баары жакшы. Сиз отуруп туруңуз. Азыр кетебиз.
Анан кимдир бирөөгө телефон чалып:
- Эржан байке, тез келип калчы! Кичине кырсык болду...– деп авария болгон жердин дарегин айтып, андан кийин “тез жардам” чакырып коюп, Лилиянын эшигин жаап, машинени айланып басып кеткендей болду. Ошол учурдан пайдаланып, Лилия колун сойлотуп, машиненин “чөнтөгүндө” жүрчү уйкунун дарысын кочушуна толтуруп оозуна салып, бурдап-сурдап жутканга аракет кылды. Айткандай эле андан аркысын билбейт...
Ойгонсо ооруканада жатыптыр.***Авария болгон жерге “тез жардамдан” мурун Эржан жетип келди. Бири-бирине куйрук улаш турган эки “Джипти” утурлай басып:
- Эмне болду?! – деген жүрөгү бир шойкомдуу нерсени сезгендей
түктөйүп.
- Жакшы эле келатып токтой калды өзү!..
- Шоопуру ким экен?
- Аял! – жактырбагандай айтты Бахтыяр. – Айдаганды билбегенден кийин үйүндө отурбайбы! Убакыттын баарын өлтүрдү, блин!
- Сүйлөшпөйсүңбү?
- Турбай жатат тиги! – сүзүлгөн машинени жаңсады иниси. Эржандын өңү бузула түштү:
- Турбаганы эмнеси?! – шашылыш келип эшикти ачты эле, аялдын ууртунан шилекейи агып, колдору шалактап, өзү руль сүзгөн боюнча эс-учун билбей жатыптыр. Жарданып тургандар да, “күнөөлүү” тарап да сестене түшүштү.
Ошондон көп өтпөй эле Лилияны “тез жардам” салып алып, оорукананы көздөй баратты. Машинесин болсо, Бахтыяр тараптагылар: “Бир-эки сааттык жумуш экен, жасата коёлу”, - деп СТОну көздөй айдатышты.***Лилия ойгонгондо жанында турган дарыгер:
- Кандайсыз, сулуу кыз? – деди. Лилия эч нерсе түшүнбөгөндөй, айлана-тегерегин карады:
- Кайдамын?
- Баары жакшы, сиңдим. Ооруканадасың.
- Оорукана?! Кайсы оорукана?!
Ак халатчан айым борбордон алысыраак райондордун бириндеги чакан оорукананы атады. Иштин чоо-жайын түшүнгөн Лилия ичинен “жым” этти да, алда неден кабатыр болгондой шашкалактап, бир чети сынамакка:
- Мага эмне болду?! – деди.
- Жол кырсыгына учурапсың, бирок кам санаба, баары жакшы. Ден соолугуң жайында. Кудай колдогон экен. Сыягы рулда баратып уктап кеткен окшойсуң. Бирок андан кийин да ойгонбой уктаганың таң калыштуу.
- Коюңузчу? – аял уурусун билип жаткандай, үрпөйө карады Лилия.
- Бирок кабатыр болбой эле кой, эмне үчүн андай болду, табабыз.
- Токтоңузчу, эже?! – туруп бараткан дарыгерди билектен алды Лилия. – Мени бул жерге ким алып келди?
- “Тез жардам”.
- Дагы?
- Дагы... “Туугандары болобуз” деп бир байбиче, эки-үч жигит келип, дары-дармегиңе акча таштап, “платный” палатага жаткырып кетишти, - Лилиянын “туугандарына” ыраазы өңдүү сүйлөдү аял, - Так что, тынч эс ала бер. Улам кабарлашып турабыз дешти. Айтмакчы, машинеңди жасатканы алып кетишиптир. Кандай бүтсө, так ошондой алып келип, эшиктин алдына токтотуп кетерин айтышты. Сени кабатыр болбосун дешти.
- Мм... Телефондорун ташташтыбы? Ким деген эмелер экен?
- А сен эмне, аларды тааныбайсыңбы? – таң кала караган аялга бечарадай бөжүрөп, башын чайкады Лилия:
- Жок, тааныбайм эже! Жолдо жакшынакай эле келаткам. Бир машине соңумдан түшүп алып, улам жолумду тороп... – болгон окуяны элестетип жаткандай, ичинде бир балакеттин, жыландын башы кылтыя баштагандай, адатынча калп айта баштады Лилия. – Шоопуру - ак рубашкачан, көз айнекчен, мм... кичине болугураак, сулуучумак жигит болчу...
“Ошол!” – дегендей башын ийкеди дарыгер.
- Эже! – аңгыча алда нени эстеп кеткендей чочуп, чучуктай чыңырып ийди Лилия. – Менин сумкам кайда?! Капчыгым?!
- Сумкаңды да алып келишкен. Тумпочкаңда турат, - көңүлүн тынчытуу үчүн жайбаракат, жоош унчукту дарыгер.
Лилия тумпочка тарапка колун сунуп, турчудай обдулуп барып, башы тегеренип кеткендей көздөрүн жумуп жиберип, эрдин тиштенип отуруп калды. Дарыгер Лилияны кайра жаздыгына жаткырып, кан басымын өлчөп:
- Кан басымың жакшы эле... Башыңдын “снимогу” деле жайында... – деп, алда неге таңы бар адамдай ийнин куушуруп койду. Анан тумпочкадан “оорулуунун” сумкасын алып берип атып:
- Канча акчаң бар эле? – деди.
- үйүмдү коюп, жаңы эле бирөөдөн карыз алгам, эже!
Лилия жаздыгынан шашылыш баш көтөрүп, отура калды да, сумканы жанталашып ачып жиберип, бетин басып, бакырып ыйлап жиберди.
- Эмне, жок бекен?! – деди дарыгер үрөйү учкандай.
- Жок экен! Эже-е?! Бирдеме кылыңызчы?! Эми эмне кылам, эже?! Он беш миң долларым бар болчу!
Ушинтип атып эле, эмнегедир Лилия дарыгерге шеги бардай тигилип, карап калды. Анын эмне себептен антип караганы кимге болбосун түшүнүктүү эле. Бирок, дарыгер бирдеме дегиче:
- Эже, балким?.. – деп ийди Лилия ыйламсырап, - Балким бул жердегилер алып койгондур?..
- Жо-жок, сиңдим! Бу жерден эч ким алган жок. Алиги “туугандарың” кандай коюп кетсе, буюм-теримиң ошол боюнча турат.
- Анда жанагылар! .. Эмнеге эле артымдан түшүп алышты десе! Мен аларды жөн эле, тийишип атышат го дедим да, болбосо милицияга чала койсом..!
Дарыгер ага ишенди:
- Акмактар! Артыңдан акмалап келип, ушуну кылышкан экен да?!.
Деген менен менен дарыгер эки ортодо чайнала түштү. Бу кызга жан тартайын десе, тигилер: “Жакшылап карап туруңуз, эже. Чоң энебизди үйгө таштап, андан ары маанилүү жолугушуубуз бар эле, ошондон кийин келип кетебиз. Муну болсо дары-дармегине жумшап туруңуз, ” – деп колуна үч жүз доллар карматып кетишкен. Антти деп, аларга жан тартайын десе, бул кыз чучуктай чыңырып, күйүп отурат.
- Кой эми, ыйлаба. Табылып калаар, - деди анан.
- Машинемди да жок кылып ийишсечи?! - өзөгү өрттөнүп турган кишидей өңү күл-ала болуп, ушинтти Лилия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

37
АДАШКАНДАР

- Ким билет, түгөнгүрдүкү. Эмне машине эле?
- Джип болчу.
- Балким, милиция чакырарбыз?
- “Акчасы ооруканадан жоголсо керек, биз алып келгенде бар болчу” десечи? Анчалыкка баргандардын колунан баары келет. Башка бирөөлөр жасаган ишке бекер күйүп, суралып жүрсөңүз, биякта оорулуулар эмне болот?
- Аның да чын.
Эки тизесине башын катып, солуктап ыйлап отурган Лилия бир убакта:
- Эже! Мага жардам кылыңызчы?! Суранам, сизден?! – деди өзүн сооротуп, керебетинде учкай отурган аялга жалооруй карап. “Кантип?” – дегендей, суроолу тигилди дарыгер.
- Колуңузду майлап берем, эже. Акчамды өндүрүп алсам, беш жүзүн берейин?..
Акчаны уккангабы, же бечара келиндин көлдөгөн көз жашына түтпөй кеттиби, аялга жан кире түшкөндөй болду:
- Кандай жардам?
- Алардан акчамды өндүрүүгө башка жол жок, эже.
“Бул менин сөзүмдү кандай кабыл алып атат?” - дегендей, дарыгердин көздөрүнөн анын жандүйнөсүн аңтара карады да, иш жайында экенин билген соң, кепти андан ары улады:
- Сиз менин диагнозумду катуураак жазып салбайсызбы? Уяттары болсо, Кудайдан корксо, төлөп беришээр. Суранам эже, ошентиңизчи? Андай зөөкүрлөргө өзүндөй гана мамиле жарашат. Акмактар десе! Акча үчүн мени өлтүргүлөрү келген тура! Дагы канча байкуштун убалына калышты дейсиз!.. Суранам эже, жардам бериңизчи? Эгерде бул акчаны таппасам, анда... өзүмдү-өзүм өлтүрөм!
- Мм... Өтө кыйын нерсени суранып атасың, сиңдим.
- Жакшылыгыңызды эки дүйнөдө унутпайм! Бир туугандарым да жок, жетим кызмын. Күйөөм болсо ата-энемден калган жылтыр-жултурумду жеп-ичип, сатып салып, акыры башка аял менен кетип калган. Эми бир бала багып алайын, ошого соода жасап, үй-жайымды оңдоп алайын деп, карыз алгам да, эже! Карабайсызбы, анан!.. – солуктап кайра ыйлап, алаканы менен көзүнүн жашын арчып бүтө албай атты Лилия.
- Болуптур! – деди ошондо жалгыз бойчулуктун азабы өзүнүн да башынан өткөн дарыгер аял чечкиндүү. – Жардам берейин! Бирок...
- Корксоңуз кагаз деле жазып берейин?..

***

Ошондон кийин бир чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй дарыгер палатага кайра кирди да, Лилия экөө көпкө чейин алда нелерди акылдашып, акырында макулдашып алышкандай болду.
- Иши кылып эле тирүү калсам, анан да жаным кыйналбаса болду, – деди Лилия өзү сунуш кылган вариантына дарыгерди эптеп көндүргөнүнө кубанып.
- Сен эмес, мен кыйналам го, сиңдим, – дарыгер муңайым күлүмсүрөдү. Анткен менен бул күлүмсүрөөнүн артында кандайдыр коркунуч, бүлбүлдөгөн бүдөмүк, түпөйүл санаа турган. Ошону көрүп, түшүнгөн менен Лилия ой-максатына жетиш үчүн, ачыгын айтканда акча үчүн жанын оозуна тиштеп:
- Мен сизге ишенем, эже, - деди аялдын колун бекем кармап, - Менин жалгыз ишенгеним, үмүтүм – Сиз!.. А менден болсо коркпоңуз...
- Бирок... дагы ойлонуп көрбөйлүбү? Али убакыт бар? – деди дарыгер эскерткендей. – Балким башка жолдор табылар?
- Жок, жок! Башка жол жок, эже! Мен анча акчаны кайдан тапмак элем? Баарынан айрылганым аз келгенсип, эми үстүмдөгү үйүмдөн айрылсам... андан көрө өлүп калганым жакшы! А бирок жөн эле өлүп калыш да... алиги акмактардын күнүн туудурган атпайбы!..
- Болуптур, сиңдим...
Дарыгер чыгып кеткенден кийин Лилия Марат Муратовичке телефон чалып:
- Алло, Марат, мен ооруканадамын, - деди сүйүнчүлөгөндөй.
- И, эмне болду?! – чочуп кетти тигиниси.
- Авария болуп! Короче, Бахтыяр менен!
- Ким?! Ким менен?! Кандайча?!
- Менин дубам экөөбүздү жолуктурду! ..
Эмне дээрин билбей калган жигитке шашкалактап, буларды кошумчалады Лилия:
- Короче, өзүң келип же бирөөнү жөнөтүп, дарыгер менен жолуккула. Ал менин диагнозумду айтат. И баса, сумкамда он беш миң долларым бар болчу. Ошол “жоголуп” кетти. Ошону өндүрүп алып кой. Карызыңа деле бере турсаң, экөөбүз шашпай сүйлөшүп алабыз. И баса, кимиң келсең да жакын тууганым болуп келгиле. Макул анда, - деп оорукананын дарегин, дарыгердин аты-жөнүн айтты да трубканы коюп койду. Ошондон көп өтпөй эле дарыгер ууру жасачудай акырын-аста басып, муңайым жылмайып, колдору саал калчылдап, укол сайганы келди эле:
- Бир аздан кийин мени бирөөлөр издеп келишет, - деди.
- Сен аларга... айтып салдыңбы?! – Вера Асановна кумсара түштү.
- Жинди эмесмин да! Мен да сизге ошону эскертейин деп аткам, алар деле биздин сүйлөшкөнүбүздү билбей эле койсун. Бирок тигилердин дарегин берип коюңуз. Өндүрүп алгандай болушсун!

***

Айткандай эле бул укол тууралуу экөөнөн башка эч ким билген жок. Болгону эле, эми эле эсине келип, жарым сааттай тили сайрап жатып, сулата чапкандай комага түшүп калган, самбилге салынып, реанимацияга которулуп бараткан “бечара” келинди ким-кимиси аяп, узата карап турушту.
Аны алып кетип баратышканда дарыгер “Сактыкта – кордук жок” деп улуу эмчини, дагы эки-үч кишини чакырып, келиндин болгон буюм-теримдерин, сумкесинин ичиндеги майда-чүйдөсүнөн бери каттатып, кол койдуруп койду.
Ошондон кийин гана анын “туугандарына” телефон чалды:
- Алло, кечиресиздер, ооруканадан тынчыңызды алып жатам...
- А... кандайсыңар? – Бахтыярдын биринчи эле суроосу ушул болду: - Эсине келдиби?
- Бир беш-он мүнөттөй эсине келип, комага түшүп калды.
- Комага?! – таң кала сурады Бахтыяр. – Оорулуу бекен?
- Жок! Катуу урунганда мээсине, кан тамырларына катуу доо кеткен экен.
- Коюңузчу?! Эсине келгенде бир нерселерди айттыбы? Эмне болгонун билет бекен?
- Ооба, сумкасын сурап, акчасын издеди. “Он беш миң долларым бар эле” дейт. “Карызга алдым эле, кантип табам?!” - деп чырылдап, безеленип атып эле... чалкасынан кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

38
АДАШКАНДАР


- Эн-нең, анын акчасын ким алды анан?!
- Аны эми өзүңөр териштиргиле. Менин милдетим оорулууга жардам бериш. Жана силер таштаган акчага дары-дармек алдык.
- Ооба, ошенте туруңуз, - деди жигит андан аркысын убада кылган мааниде.
- Айтмакчы, силерден башка да “туугандары” бар беле, азыр келебиз дептир.
- Алар кайдан билишиптир?
- Телефонуна чала беришкенинен алып, кыздар айтышты окшойт.
- Алар келип ары жак, бери жакка ызылдатып ийишпесин, этияттай турсаңыз? Келээри менен мага кабарлашып коюңузчу. Сизди өзүм ыраазы кылам.
“Кайдагы балээге туш болдук эле!” – деген кыязда сүйлөдү жигит.
- Болуптур, алар менен сүйлөшпөй, киргизбей турайын. Бирок өзүңөр бу жерде болбосоңор, чатак чыгарып ийишет го...
- Азыр балдарды жөнөтөм.***“Бөлүм башчы” деген кабинетте отурган, көкүрөк чөнтөгүнүн үстүндө: “Вера Асановна” деп жазуусу бар дарыгер “комада” жаткан оорулууну сурап, эшиктин алдында баятан бери топурап тургандарды: “Күтө туруңуздар! ” – деп шашкалактап чыгып кетти да, тээ бир топтон кийин бир топ кагаздарды көтөрүп, жанагыга караганда көңүлү бир аз жайлана түшкөндөй, жайдарыраак келди.
- Сиздер кимсиздер? – деди ошондон кийин гана эшиктин алдында тургандарды бүшүркөй карап.
- Лилиянын акыбалы кандай, эже? – алардын арасындагы жалгыз кыз озунуп сурап жиберди. – Биз туугандары болобуз, - деди анан жанындагы жигитти кошо жаңсай.
- Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Абалы өтө оор... – деп келатканда кыз сөзүн буруп кетти:
- Кечиресиз, өзүн көрүп чыксак болобу?
Дарыгер “эмне кылсам?” – деп бүшүркөй түшкөнсүдү да:
- Сиздер дагыбы? – деди “көпсүңөр го?” дегендей беркилерге да карап. Алар унчукпай баш ийкешти.
- Болуптур, бирок көпкө кармалууга болбойт. Жүрүңүздөр, - деп ак халаттарды желбегей жамынгандарды реанимацияга баштап кирип, оозу-мурдуна аппарат салынып, мемиреп “сулк” жаткан келинге эрчитип келди. Бир караган кишиге келиндин өңү чүпүрөктөй куп-куу болуп, кан-сөлү качып, кудум өлүктү элестетти. Лилиянын ачылып, муз-таш болгон жансыз бутун кымтылап жапкан дарыгер эми келгендерди сыртка баштады.
Артынан топурап, үн-сөзсүз келаткандарды анан кабинетине чогуу киргизип, Лилиянын акыбалы өтө оор экенин, балким бул илдет келинди өмүр бою бактысыз кылып коёрун айтып отурду да:
- Кечиресиздер, сиздер кандай туугандары болосуздар? – деди отургандарды айландыра карап.
- Мен бир тууган бөлөсү болом, - деди Марат Муратович Лилия жөнүндө билгендеринин баарын айтып, үйрөтүп, “тууган” кылып жиберген тыкылдак кыз.
- Мен – таякеси болом, - деди анын жанында отурган олбурлуу жигит. Бул да Мараттын кишиси. Дарыгер эми беркилерге карады.
- Биз... берки машине жактан...
“Сиз билесиз да, шеф сүйлөшкөн турбайбы” дегендей, эки-үчөөнүн атынан бири кыска-нуска жооп айтты.
“Айтаарымды айтып болдум, калганын эми өзүңөр сүйлөшкүлө. Азыр болсо ишим көп, кабинетти бошоткула,” – дегендей Вера Асановна алаканын жайып койду. Ортону саамга жымжырттык уялай түштү эле, “бөлө” кыздын уңулдап ыйлаганы баарынын көңүлүн буруп ала койду. Бетин баскан кыздын ыйы катуулап барып, акырында:
- Байкуш эжем! Билем, муну атайылап эле жасашты! Акмактар! Мен аларды сотко берем! Барчу жерге барам, мен! – деп улам катуулап, албууттанып, бетин баскан боюнча чуркап, сыртка чыгып кетти. Жанындагы жигит да катуу күйүт тарткандай башын жерге салаңдатып бир топко отурду да, ошол калыбында тигилерди жеп ийчүдөй акшыя карап, бир балакетти көрсөтчүдөй сыртка жөнөп, артына кайра да бир кылчая жигиттерди да, дарыгерди да шеги бардай, алмак-салмак карап алып:
- Эгерде ошол кыз бирдеме болсо, сиз да башыңыз менен жооп бересиз, Вера Асановна! – деп дарыгердин ысымын баса айтып, эшикти “карс!” жапты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

39
АДАШКАНДАР


Чыны менен эле дарыгердин эси эңгирей түштү. Анткени: “Оңбогон келин буларга укол жөнүндө айтып койгонбу?! ” – деген ой мээсине “тык!” дей түшкөн болчу. Көз айнегин колуна алып, өң-алеттен кетип отуруп калган Вера Асановнанын кебетеси чыны менен эле боор ооругудай эле. “Кайдан да макул боло койдум экен?!” - деди оюнда.
- Кабатыр болбоңуз, эже, - деди аңгыча отурган жигиттердин бири аны жубатып. – Сизде эмне күнөө?
- Просто, обидно! – деди колдору калтыраган аялдын үнү дирилдеп. – Бирөөнө жакшылык жасагандан башка...
- Баары жакшы болот, - деген жигит сырттагылар укпасын дегендей акырын айтты. – Машинесинин ачкычын...
- Жок, жок! – чөнтөгүнөн ачкыч алып чыгып келаткан жигитти шашылыш токтотту дарыгер, - Мага эмнеге берип атасыңар? Өздөрүнө бергиле!
- Мейли, эже. Биз деле бул ишти ырбатпай, сизге да сөз тийбегендей кылып, жакшылык менен бүтүргөнгө аракет кылабыз. Анткени... - акырын айтып. - Шеф депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат. Түшүнөсүз да.
- Албетте, албетте! Бул деген... атайын жасалбаса керек, кырсык да эми. Бирок тигилерге да кыйын болуп жатпайбы. Жакшынакай кыз экен, көз ирмемде эле оорулуу болуп...
- Ошентебиз го, эже. Айтмакчы, акчасы жоголгону чын бекен?
- Чын экен. Эсине келип-келбей жатып эле ошону сурады. Жок экенин укканда эс-учун жоготту да...
Эки жигит бири-бирин карады.
- Жанагы акмактан кеткен го, эн-нең! – деп өздөрү жактан бирөөнө сөгүнүп алып алды бири, - Таптырабыз аны! – деп анан дарыгерден сурады:
- Канча экен?
- “үйүмдү коюп, карыз алдым эле, доллар менен он беш миң болчу” деп атканын баары эле угушту. Бизден да шек санагандар болбосун деп, бир топ кишини катыштырып буюм-теримин да тизмелеп койдук.
Жигиттер бири-бирин карап, ынангандай баш ийкешти да:
- Мейли эже, рахмат. Буга дары-дармек алып, калганына чай ичип коюңуз, туугандары менен да азыр сүйлөшөбүз, - деп столуна конверт таштап, чыгып кетишти.
Азыр Лилиянын таякеси кирип келип, бир балакетти баштап ийчүдөй дарыгер колдору калчылдап барып, конвертти араң алды да, тартмасына сала койду.***Жигиттер врачтын кабинетинен чыкканда, Лилиянын “туугандары” кайра жандандыруу бөлүмүнүн оозунда турушуптур. Өздөрүнчө кужулдашып, алда нени катуу талкууга алып, талашып-тартышып жатышкандай болгон. үчөөнү көрүп, унчукпай калышты.
- Жигит, сүйлөшпөйлүбү? – деди Бахтыярдын жигиттеринин бири “таякени” өзүнчө чакырып. Кабагына кар жаап, катуу “кайгырып” турган “таяке”: “Эмне кылсам?..” – дегендей ыргылжың боло түштү да, өзү жөлөнүп турган дубалдан боюн күч менен бери булкуп алып, күнөөкөрлөргө үстөмдүк кылгандай өйдөдөн карап, эрчий басты.
- Дос, кырсык болгон экен. Бул эми атайылап жасалган иш эмес да, ыраспы? – деди жигиттердин бири. “Таяке” унчукпай, чыны менен эле кеги бар адамдай бет алдындагыларды текебер тиктеди. Анын мойну-башы буканыкындай болгон олбурлуу кебетесинен, тирмийип, теше тиктеген көздөрүнөн жалтаныштыбы, же чындап эле өздөрүн күнөөлүү сезгенге ошенттиби, жигиттер жанагыдай болбой, саал мокой түшкөндөй эле.
- Мынакей, машинесинин ачкычы, - деди жигит ачкычты “таякенин” колуна тапшырып. – Фарасы сынып кеткен экен, жасатып, эшиктин алдына токтотуп койдук.
- “Бандитиңер” кайда?! – ачкычты алаар-алмаксан болуп атып, керсейген калыбыбнда айдоочуну сурады “таяке”. – Эн-неди..! Эркек болсо кыз баланы тонобой, мына мага катылбайбы!
Бахтыярдын жигити бирөө-жарым укпасын дегендей эки жагын каранып алып:
- Байке, андай эмес! – деди чебеленип. – Сиз жаңылып атасыз.
- Жаңылыппы?! Мен жаңылып атамбы?! Андай болсо бул алмончоктой болгон кыз эмне, ойноп жатабы?! Ошол он беш миң доллар үчүн адам өлтүрөлү деген экенсиңер да, ээ?! Акмактар! !! Бул үчүн мен бүтүндөй мамлекетти “ойготом! ” Керек болсо сырттагыларды кийлигиштирем!
- Байке, жүрүңүзчү мындай, - жигит дымактуу сүйлөгөн “таякени” ары жетелеп, акырын сүйлөдү. – “Акча үчүн” дейсиз го, акча анын өзүндө мына мынча, - өз кекиртегин көрсөтүп койду. - Просто, кырсык бул! Мына, акчасы жоголгон экен, ордун берип жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

40
АДАШКАНДАР


Житит чөнтөгүнөн кагазга оролгон бир боо акча алып чыгып, “таякенин” колуна карматып, тигил ыргытып ийчүдөн бетер тигинин акча кармаган колун сыртынан эки колдоп кармап турду да:
- Бул жерде жоголгон акча, андан сырткары дары-дармегине деген акча бар, - деди.
“Таяке” тилин жутуп алгансып, эмне дээрин билбей калды. Анын жоошуй түшкөнүн байкаган жигит:
- Эми байке, эркекче сүйлөшөлү. Ушуну менен “бүттү-бүттү” кылалы. Ары-бери чарпылган менен баары бир убарачылык. Болор иш болуп кетиптир, эмне кылабыз? Эгерде бир нерсе болуп кетсе, мына, - деп визиткасын берди, - чалыңыздар. Биз - сиздер мененбиз.
“Эгерде кыз ары карап кетсе, аны-мунусун көтөрүп беребиз”, - дегени эле анысы. “Макул” болгондой, визитканы айланта карады “таяке”.
- Мейли анда, байке! Уруксат десеңиздер биз жылалы? – колун сунду тигил.
- Болуптур, - оозу бош “күңк” эткени менен, “таякенин” ичинде майрам боло түштү. үч жигит узап кетери менен көздөрү жымыңдап, ажарына чыга калды. Арытадан карап, абай салып турган “бөлө” кыз да жетип келип:
- Канча беришти?! – деди. Эми эле башына: “Анча-мынчасын жымырып калсам, каяктан билишмек эле?” – деген ой келе калган “таяке” кепке какай түшүп:
- Айткан жок! – деди “күңк” этип.
- Кана, бери берчи?
- Эмне кыласың?!
- Көрбөймбү!
- Көргөндө эмне?! – чындап эле кызганды “таяке”, - Көргөн эл эмне дейт?! Шектенип калышсачы?
Анысын эп көргөндөй, сунган колун тартып алды да, кыз Маратка телефон чалды:
- Алло, кандайсың? Оорукананын алдына келе каласыңбы? ...Тынч эле. ...Алдык. ...Канча экенин билбейм. Өзүң келчи, анан көрөбүз да. ...Канча убакта келесиң? ...Жарайт! – кыз анан “таякеге” карады. – Жүрү, чыга берели. Он мүнөттө келип калам дейт.
Жигит кайпактап эки жагын каранды. “Каскактай болуп, соңуман кала турган эмес, бу! Жалгыз эле келбей, эн-нең!.. – деди оюнда. – Жакын арада даараткана да жок. Болсо деле бул кошо кирет го, шыпылдап! ”
Айткандай эле кыз жанынан карыш жыла турган эмес. Экөө эшикке чыгып, бир аз турганда эле Марат телефон чалып, кай жерде турганын айтты.***Ошондон кийин ооруканага алигилердин бири да басып келген жок. Лилиянын “туугандары” да, сүзүп кеткен тарап да. Вера Асановнага бул бир чети майдай эле жагып атты, бир чети: “Капырай, буларга эмне болгон? Жер жутуп кеткенсип жоголушту го?! Же өгүнү экөөнү кошо алып чыгышып...” – деп ою жаманга да кетчү болду. Өзү да эртели-кеч жалгыз келип-кеткенден коркуп, жанына эки уулун коштотуп алды. Ооруканага да бөлөк-бөтөндөрдү киргизбей, эшиктин алдына эсеп-чот алдырып, санитарка кемпирди сокудай кылып отургузуп койду. Анткен менен алиги жигиттер таштаган беш жүз доллар, андан мурунку үч жүзү бир топ эле кем-карчына жарап кетти.***Эки жумага жетип-жетпей, Марат Муратовичтин телефону “чыр-р!” этти. Эч нерсе оюнда жок жигит трубканы көтөрөрүн көтөрө коюп, тилин жутуп алгансып кекечтене түштү:
- Да? Ли... Лилия?!
Мындай мамиле Лилиянын итатайын тутултуп жиберди:
- Эмне чочудуң?! Акча колуңа тийгенден кийин, өлүп кетсе экен деп тилеп аттың беле?!
Оюндагысын окутуп койгонуна жигит кайпактап, анын үстүнө кечээки эле кучагында кыңкыстап, кылыктанып, кыңылдап жаткан айымдын минтип заар чачып сүйлөгөнүнө денеси муздай түштү.
- Жо-жок, бирок... – деп ары жагын жутуп алгандай болду.
- Бирок, Кудай өз кишилерин ошентип колдойт! Айтмакчы, акчаны эмне кылдың?
- Он бешин Бахтыярга бердим, - күнөөлүүдөй “күңк” этти жигит. - Өзүңүз “ошондой кыл” дебедиңиз беле... “Иштеген” балдарды ыраазы кылдым...
- “Иштеген балдарың” менен ишим канча?! Алар менен өзүңчө сүйлөшүп ал да, Бахтыярга бергениңден калганын алып, ооруканага келип кал?! - өктөм сүйлөдү аял. – Жарым сааттан кечикпе! А баса, машинем кайда?!
- Биякта, короодо турат.
- Ала кел!
Трубканы койгондон кийин жигит бир топко туталанып отурду да, туруп тамеки тартты. Өгүнү өзү жалдап жөнөткөн кыз-жигит: “Ал аялдын абалы өтө оор экен. Мээсине доо кетиптир. Ооруканага түшкөндөн кийин жарым сааттай сүйлөп, алда нелерди айткан экен. Дарыгердин сөзүнө караганда эми киши болор-болбосу арсар окшойт. Болсо да жарым жан болуп калчудай,” - деп келишкен. Ошол, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатып да, эсине келе калганда Маратты унутпай телефон чалып, кам көргөн жоопкерчилигине бир чети таң калып, бир чети ыраазы болуп, бечараны аяганы менен, чынында эле андан ары андан кабар алууну ойлогон да эмес. Атүгүл Лилия өтүп кетсе, машинесин кантип “менчиктштирүү” жөнүндө ойлоно баштаган. Эми ошолору үчүн уялыппы, өкүнүппү, айтор ыңгайсыз абалда турду.
Анткен менен ооруканага келатып, бир кучак гүл, бир шише “Шампан” сатып алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

41
АДАШКАНДАР


Оорукананын узун коридору аркылуу кып-кызыл розаларды кучактап, жаркылдап күлүп келаткан жигитти көргөндөр: “Кайсы бактылуу аялга келатты экен?” – дегенчелик кылышып, артынан узата карап калып атышты. Ал палатага кирип келгенде Вера Асановна Лилиянын кан басымын текшерип, экөө сүйлөшүп отуруптур. Марат Муратович кирип келип эле, гүлүн ары коё коюп:
- Кандай, сулуу кыз? – деп Лилиянын бетинен өптү. Чыны менен эле көзү ачык абалкысындай болбой, өңүнөн бир аз аза түшүптүр.
- Жакшы, - жанагыдай эмес, жайдары учурашты да: - Бул – Марат Муратович, жакшы таанышым, - деп дарыгерге тааныштырды.
- Мен бул жигитти сыртынан билет экем, - деди Вера Асановна көз айнегинин үстүнөн жигитти бутунан башына чейин жылмая карап, - Биз кесиптеш болсок керек эле?
- Ооба, ооба, - башын ийкеңдетип жиберди Марат Муратович. – Мен да сизди көрүп жүрүптүрмүн.
- Кыргыздар сураштыра келсе эле тууган болуп чыгышат, - деген Лилия дарыгер чыгып кетээри менен:
- Машинени алып келдиңби?! – деди.
- Алып келдим.
- Жакшы элеби?
- Жакшы. Эч жеринде жиги жок. Өзүңүз кандай?
- Өзүмдү көрүп атпайсыңбы! - Лилия таарынгандай үн катты, - Бир жолу сурап, кабар алып койбопсуң?! “Акчаны алгандан кийин эле жоголду” дейт го?!
- Келип эле, кире албай кайра кетип аттым, - калп айтып жиберди жигит. Анын эмне үчүн “кире албай кетип атканына” кызыкпагандай:
- Кана акча?! – деди Лилия.
Марат Муратович чөнтөгүндөгү түйүнчөктү берип жатып, актанып жиберди:
- Лилия, өзүңүз көрдүңүз го, канчалык билмексен болсом да алиги аял таанып алды. Эртең эми элдин баарына уу-дуу кылышы мүмкүн. Анын үстүнө, Бахтыяр мени бу жерден көрсө же экөөбүздүн мамилебиз тууралуу билсе, бул ишти атайын жасашты деп ойломок.
Лилия аны угуп атканы, укпай атканы белгисиз, колуна алган түйүнчөктү салмактап көрүп:
- Бул жерде канча? – деди.
- Мм... Сиз айткандай, - деген жигит: “Эми баарын бер деп ийбесе экен!”- деп жаны чыгып, жана үзүлгөн кебин андан ары жанталаша улап, актанып ийди:
- Бирөөлөрдү жиберейин деп, туура эмес сүйлөп ийеби деп корктум. “Кантсе да Кудай деген жан эмеспи, Жараткан өзү жар болор”, - деп анан өзүңүздөн кабар күтүп калдым да.
Лилия анын айткандарын эп көргөндөй болду, машинесинин аман-эсен келгенине да жайдарыланып, жибий түштү. Иштин өзү ойлогондой жакшы баратканына кубанып, өзүнө-өзү ыраазы болуп, жетине албай, жаздыгынан өйдө боло берип, Марат Муратовичтин мойнуна колдорун ороп, туш келди өпкүлөп, аны өзү менен кошо керебетке ала жыгылды. Аялдан ысык эриндеринен, ысык деминен, ысык денесинен дарынын жыты уруп, эмнегедир жигиттин денеси жыйрыла түштү. Анысын кокус Лилия туюп калса, акчасын доолап тура калчудай болуп, а бирок камыр-жумур болуп эзилишип да кете албай, жаман абалда калды.
- Лилия, - деди анан акырын, - Бахтыярлар келип калбасын...
- Коркок... – Лилия кумарлуу шыбырады. – Келишпейт!
- Башкаларчы? Вера Асановна кирип келсечи?!.
Лилия жигитти кучагынан бошотуп жиберип деми суугандай, таарынгандай сулк жатып калды.
Марат Муратович эми чындап эле коркуп кетти. Эмне кылаарын билбей жаткандай ары жак, бери жакты айланып-тегеренип карап, кайпактап калды:
- Лил... Мен азыр араң-араң карманып отурам, мындан ары чыдай албай кетишим мүмкүн, - деди аялдын колун кармалап, шыбырай унчугуп, - Жүрүчү, бир жакка барып келели?..
- Кайда? – аялдын өңүндөгү сумсаюу азыраак тарай түшкөндөй болду.
- Билбейм! Иши кылып эле экөөбүзгө эч ким жолтоо болбогон, эч ким жок жакка...
Аял ага ишендиби, айтор ууртунан күлүмсүрөп, ордунан турду. Эми Марат Муратович эңкейип, анын жүзүнөн сүйүп, экөө эриндеринен аймалашып калды.
- Мен сени сагындым, - жигит ушинтип шыбырады да, бири-бирине байланышы жок, бири-бирине “кайнатса каны кошулбаган” жасалма сөздөрдү биринен-сала бирин шашкалактап айтып жатты:
- Сага жолукканымды унутпайм... Мен сени жакшы аял деп ойлойм. Сендей аялзатын биринчи көрүшүм...
- “Сендей” болгондо кандай?
- Мм... Жомоктогудай! - ушуну таап айта койгонуна кубанып кетти жигит.
Лилия эмнегедир мыйыгынан күлүмсүрөп, бирок унчуккан жок. Экөө саамга унчугушпай калышып, аңгыча аял оюна бир нерсе түшө калгандай:
- Болуптур, кете берсең болот! – деди шашылыш бүтүм чыгарып. Араң турган жигит: “Чын уктумбу, калп уктумбу?” – дегендей бүшүркөй карады:
- Эмне болду?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

42
АДАШКАНДАР

- Эч нерсе! Эгерде керек болсоң, чалам.
- Мм... Макул... – деген жигит ичинде: “Ылайым эле эсиңе жара чыгып, телефонумду эле эмнес, өзүмдү кошо таптакыр унутуп калсаң кана?!” – деп ойлоп, аял анысын билип койчудай кайра ыңгайсызданып кетти. Бирок Лилия анын оюн окуп отурууга убактысы да жок эле. Жаңы эле эсине “кылт” эте калган жаңы идеясын, өз сөзү менен айтканда “чымындарын” учуруп ийбеш үчүн жалгыздыкты каалап кетти.
- Давай, давай! Жакшы бар! – деп жигитти шаштырап атып, күтүүсүз кылык-жоругун жууп-чайып койду, – “Бахтыяр келатат” окшойт, касиеттерим айтып атат.
Аны укканда Марат ого бетер шашып калды.
Ал чыгып кетээри менен Лилия чачы-башын оңдоп-түздөп, күзгүгө каранды.
“Чын эле бир бечара дарыгер үчүн эмнеге биз алтындай, аялуу убактыбызды коротобуз?! ” – деди өзү менен өзү кеңешип. Анан иренжигендей бети-башын бырыштырып койду: “Катынга окшоп коркок, жалтаң... “Бир нерсесинен” башка касиети жок!.. – анан аны шылдыңдагандай “бырс” күлүп койду, - Хи, андай “бир нерсе” ит менен мышыкта да бар!”
Ал оюнда Марат Муратович палатага учуп кирип: “Жаным, сага эмне болду? Жакшысыңбы? ! Эмне үчүн, кантип ушундай болуп калды?! Экөөбүздүн мамилебизди билип, атайын жасады го, жанагы! Мен үчүн аз жерден... Кечирчи мени?! Жаным, менин!..” – деп ордунан так көтөрүп ала коюп, карызынан куткарганы үчүн үчүн деле ыраазы болуп, кучактап алып туш келди өпкүлөп, жалынып-жалбарып, өмүр бою карыз экенин айтып, эмне кылаарын билбей делбектеп кетеби деп күткөн. Андай болбой, салкын тарткан мамиле Лилиянын демин суутуп койду. Ошол учурда атүгүл: “Акчамды толугу менен алып кел?!” – дейин деп, канча ирээт оозун таптап барып, бирок башынан берки келаткан ырым-жырымын сактады: Кандайдыр жаңы иш баштап жатканда айлана-тегеректеги адамдардын ага жолтоо болушун каалачу эмес. Башкача айтканда, андай учурда ал тууралуу бардыгы жакшы гана сөздөрдү айтып, жакшы көрүп, суктанып, сүйүп, ыраазы болуп турушу керек! Анткени мындай мамиле ага күч-кубат берет! Ким бирөөлөрдүн өзүнө карата болгон ишениминен анын энергиясы азыктанат! А эгер тескерисинче, “сапарга чыгаарда” аны бирөө жек көрүп, нааразы болуп, ичи ооруса же кекенсе, жолунда кыйынчылыктар кездешет!
Ушуну ойлоду да, үнүн сыртка чыгара күбүрөндү:
- Ошол акчалар – сага берген садагам болсун! Андан чоң, үч-төрт эселенген байлыкка багыштадым!
Ушундай таттуу кыял менен “семирип”, бактылуу күлүмсүрөдү аял.
Айткандай эле, Лилия ошондон кийин Марат Муратовичти көпкө чейин эсинен чыгарып таштап, качан гана “жинди” деген кагаз керек болгондо, кийин-кийин эстебедиби. ..

***

Лилия жиндикананын керебетинде жансыз немедей, шыпты тиктеп жатты да, ушуларды ойлоду.
Андан аркысын эстеп, көз алдыга алып келүү канчалык кыйын экенин сезди! Оор күрсүнүп, онтоп алды. А бирок биринин артынан бири эрчишип келип, эс-акылын тутумдап, көкүрөк-көңүлүн басып алган эскерүүлөрдөн эч жакка кача да албай койду. Эмнегедир өткөн күндөр кужулдап, аялдын мээсинде кайталанып, кайра баштан жашап жатышкандай туюлду.
Ошон үчүнбү, сайдын ташындай оор боло түшкөн башын көтөрмөк турсун, ары-бери жылдырууга да мүмкүн эместей туюлду.
Акыры, эстутумуна баш ийгендей, алардан качууга аракеттенбей, тынч жатып калды да, окуялар андан ары уланды...

***

Анан эмне болду эле? И, ооба, Марат Муратович чыгып кеткенден кийин Лилия Бахтыярга телефон чалган:
- Алло, саламатсызбы Бахтыяр?
- Саламат, - деген Бахтыяр бүшүркөй үн катып, – ким экен?!
- Лилия тынчыңызды алып атат.
- Лилия? – дагы эле тааный албай, бирок “кайсы Лилия элең?” – деп түз сурай да албай, кайпактата сураган, - Кайдан чалып атасыз?
- Кайдан болмок эле – аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн ортосунан!
Аялдын же какшык экени, же тамаша экени белгисиз бу добушу жигитти ага чейинки олйоп жаткан оюнан, сүйлөп жаткан сөзүнөн кадимкидей бери сууруп алган:
- Кимсиз?!
- Өгүнү бирөөнү машине менен уруп, ооруканага “ыргытып ийип” кеттиңиз беле?!
- А... – ыңгайсызданып кеткен жигит. – Саламатсызбы? Жакшы болуп калдыңызбы?
- Эми эстедиңизби? Рахмат! Азырынча жакшы...
Бул кыйытуунун артында: “Сиз мени ушундай акыбалга жеткирбедиңизби! ” – деген доомат, таарынуу бар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

43
АДАШКАНДАР

- Кечириңиз, бирок...
“Өзүңүздөн да күнөө кетпедиби! ” – дегиси келип барып, ооруканада жаткан эменин жарасына тийип албайынчы” дегендей токтоп калган жигиттин айтылбай калган оюн түшөнө коюп, жарга такай сурады Лилия:
- Айта бериңиз, “бирок” эмне?
- Бирок, баары артта калбадыбы, - кебин буруп кетти жигит. - Жүрөктү аябай түшүрдүңүз эле...
- Жүрөгүңүз түшсө, бир кайрылып, сурап коёт элеңиз го?
- Балдар дарыгерге, туугандарыңызга жолугушкан экен, кийин деле тындырбай телефон чалып атышты окшойт.
- “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” деп, кылмышты кылган сиз болсоңуз...
Бахтыяр шашып калды:
- Кечиресиз, атыңыз ким эле?
- Чын эле аябай унутчаак окшойсуз? Лилия атым.
- Лилия, мен сизге ананыраак өзүм чалайынчы. Чогулушта элем. Ушул телефон сиздикиби?
- Меники! – деген Лилия телефонун өчүрүп, бир чоң эрдик жасап алгандай терең дем алып, бактылуу күлүмсүрөдү.

***

Бахтыярдын келатканын уккан Лилия жасанып-түзөнүп, палатасын кайра-кайра жуудуруп-тазалатып, желдетип, анан баягы “баш айлантма” атырынан себинип, суналып жатып калды.
Ошондон көп өтпөй эле качантан бери дегдеп, Кудайдын каалоосунан сырткары, өлөрманданып атып “жасап алган” жолугушуусу болду.
Бахтыяр ак халатты желбегей жамынып кирип, Лилия атайылап койдурган үстөлдө, жанында отурду.
- Ден соолугуңуз кандай, Лилия? – анын биринчи эле суроосу ушул болду.
- Өзүңүз көрүп жатпайсызбы. ..
Жигитти ушул бойдон өзүнөн чыккыс кылып, көз нурлары аркылуу байлап же карегине киргизип алчудай, жалжылдай тиктеди Лилия. Ошондон уламбы, Бахтыярдын каректери аны кароодон кайпактап, көздөрүн ала качып кетти.
- Иштериңиз кандай? – сөздү Лилия баштады.
- Жакшы. Кудайга шүгүр.
Андан ары сөздөрү түгөнүп калгандай, унчугушпай калышты. Бирок, колуна конгон “бакыты” азыр “пыр-р” этип учуп кетүүчүдөй, Лилия көз ирмемдик жымжырттыктан коркуп кетти да, төшөктөн капортосуна чейин суурулуп чыга калып:
- Колуңузду бериңизчи? – деди. Бахтыяр эмне кылаарын билбегендей, буйдала түшүп, Лилиянын эчаккы таанышындай тигилген каректерине бир карап алып, ага жакыныраак – сол колун сунду. Лилия ойноок баладай шоктоно түшүп, анын алаканындагы чийиндерине сөөмөйүнүн учун бир топко “чуркатып”, карап отурган соң:
- Сиз... өтө иштерман жигит экенсиз, - деди. – Көптөн бери ишкерлик менен алектенип жүрүпсүз, бирок кесибиңиз...
Кесиби эмне экенин алаканынан көрүп жаткандай бүшүркөй тиктеп калып, анан:
- Жаңылбасам, юрист окшойсуз? – деди.
- Юристмин, - жигит анын тамашасы чындыкка жакындай түшкөнүнө тек гана жылмайып койду.
- Мм... Бир чоң, олуттуу ишке аттанып жаткан жоксузбу? – эми жанагыдай шайдооттонбой, өзү кошо олуттуу тарта түшүп сурады Лилия.
Жигит жылмайып күлүп:
- Ооба. Аны сизге... мына бул “кошунаңыз” айттыбы? – деп тамашалай, телевизорду жаңсап койду. Жанагыдай болбой, Лилия саал томсоруп, ызалана түшкөндөй болду. “Жок, баары бир ишендиришим керек!” – деди оюнда.
- Эки бир тууган окшойсуз, - деди анан “төлгөсүн” токтотпой улап, - Агаңызбы, иниңизби, оң канатыңызда бирөө жүрөт. Сизди абдан жакшы көрөт экен. Бирок сиздей бизнесмен эмес, тек гана карапайым киши көрүнөт...
Бахтыяр да эми жанагыдай болбой: “Бу кыз булардын баарын кайдан билип алган?” – деген кыязда, таң кала карады. Ошол суроосуна Лилиянын өзүнөн жооп алгысы келгендей, аны унчукпай андан ары укту.
- Бир кыз, бир уулуңуз бар окшойт?..
Бахтыярдын муюй калганын алдыртан туйган аял “төлгөсүн” андан ары улап, чын эле алакандан бир нерсени көрүп жаткан өңдөнүп, баягыда Мураттан уккан ушагын кепке улаштыра койду:
- Токтоңузчу! .. Дагы бир жашыраак бийкеч жүрөт... Эки аял менен никеңиз бардай?!
“Ушундайбы? !” – дегендей Бахтыярды суроолуу, анан да калп эле таң калгандай карады Лилия. Муну менен ал дагы кандайдыр, кызгангандай түр көрсөттү.
Ыңгайсызданып калган жигит жооп айтуунун ордуна: “Буларды сизге ким айтты?” – дегендей аны суроолуу тиктеди.
- Алаканыңызда, анан көздөрүңүздө жазылып турат, – деди аял анын оюнун так төбөсүнөн түшүп.
- Сиздин эмне, көзүңүз ачыкпы? – күлүмсүрөдү жигит.
- Ушул кырсыкка кабылаар түнү мен сизди түшүмдө көргөм, - деди Лилия анын суроосуна алыстан жооп берип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

44
АДАШКАНДАР


- Ушул кырсыкка кабылаар түнү мен сизди түшүмдө көргөм, - деди Лилия анын суроосуна алыстан жооп берип.
- Да? Эмне кылып жүрүпмүн түшүңүздө?
- Андай түш сатылат, - Лилия да кылыктуу күлүмсүрөп койду. Мындай салт менен аздыр-көптү кабары бар жигит ийнин куушуруп койду да, колун чөнтөгүнө салчудай комдоно түшүп, бирок кайра Лилиянын түшүнүн буга анчалык деле мааниси жок экенин эстей койгондой, токтоп калды. Муну байкай койгон кыраакы аял:
- Сексенге жакындап калган, ак байбиче көрүнүп жатат. Сиз аны абдан жакшы көрөт экенсиз, – деди эми аны жигиттин колунан эмес, бешенесинен окуп жаткандай көздөрүнө олуттуу, токтоо тиктеп.
- Ооба. Чоң энем...
- Көп ойлонот экен. Сизге айтпаган, бирок жүрөгүндө каткан бир түпөйүл нерсеси бар. Мм... Анан да жети атаңыздын биринин молдолугу бар окшойт? – муну болжолдоп сурады Лилия.
- Бешинчи атабыз чоң молдо болуптур.
Болжолу туура чыга калганына “жым” эткен Лилия жигиттин турган турпатына карап туруп дагы божолмолдоду:
- Ата-бабаңыз ак сөөк кишилер болгонбу?
- Бий-болуш болуп жүргөн кишилер экен.
- Сизди айрыкча бешинчи атаңыз колдоп жүрөт экен. Анан да шыңга бойлуу, ак жуумал, эмнегедир маркумдардын арасында мага түспөлдөшүп кеткен, жашыраак аялзаты жүрөт...
Бахтыярдын энеси жаш кезинде эле маркум болуп кетенин уккан Лилия эми так төбөсүнөн түштү.
Ата-бабасы, апасы тууралуу сөз болуп кеткен үчүнбү, же чын эле Лилиядан апасына окшоштук издебиби, жигиттин денеси ымыр-чымыр болуп, жандүйнөсүндө көзү ачыкка имериле түшүп, анын жүзүнө үңүлө тиктеди:
- Апам го? – деди. - Өзүмдүн апам жашында эле өтүп кеткен.
- Анын арбагы азыр артыңызда турат!
Эмнегедир жигиттин денеси, айрыкча эки далысы тарап “дүр-р” дей түштү. Чындап эле артында кимдир бирөө тургандай, атүгүл шуудурап, кандайдыр шоорат угулуп кеткенсиди. Жигиттин ички дүйнөсүндө эмне болуп жатса, ошонун баарын кылдат байкап, сезип, туюп отурган Лилия жигиттин жүрөгүн ого бетер “капшыра” кармады:
- Жүрөгүңүз азыр кандайдыр... башкача болуп турабы?
- Ооба, сыгылгансып атат.
- Ал сизге апаңыздан өтүп жатат. Анткени азыр апаңыз да ошондой абалда турат.
- Эмнеге?
- Атаңыз кайда? – суроого суроо менен жооп кылды Лилия.
- Шаарда.
- үйлөнүп алган жок беле?
- үйлөнгөн.
- Апаңыздын ошол кишиге кичине таарынычы бар окшойт? – суроолуу тигилди Лилия. Бул да анын демейдегидей эле божомолу болгону менен, жебеси бу саам да кыйгап өтпөй, жигиттин талуу жерине кадала түшкөндөй болду. Анткени Бахтыяр эми Лилияны жанагыдай кайдыгер адамдай эмес, анын ойноктогон капкара каректеринен бир нерсе издегендей, муңайым тиктеди. Ошо эле убакта атасына болгон абалкы таарынычы козголо түшүп, кийинки апасына, андан туулган ини-карындаштарына да көптөн бери тынчып калган жек көрүү сезими удургуй түштү.
- Апам ошолор үчүн өлгөн! – бир эле көргөн аялга муну кантип айтып ийгенин өзү да билбей калды.
- Кечир? – Лилия анын колун колуна алып, аста сылагылап, атүгүл эң жакын адамындай эрдин тийгизип өөп койду. – Байкабай, жүрөгүңдү оорутуп алганым үчүн кечир?..
Аялдын ысык эриндери колуна тийгенде жигиттин денесин өрт каптап кеткендей болду. Эми элеки ойгоно түшкөн, атасына болгон балалык, эски таарынычын ошол өрт кайра жууп кеткен сыяктанды.
- Жок, сен мени кечир? – деди эми ал барбайган шадылуу, бирок жумшак алакандарынын ортосундагы кичинекей колдорду кармалап, үнү саал каргылдана. – Сени да ушундай абалга туш кылганымды кечир? Чынымды айтсам, ошол күнү окуя кандайча болуп кеткенин өзүм да байкабай калдым.
“Эмнеге ошондо алдыма түшө калып, “тык” токтой калдың?” – деп сураганы оозун таптап келатып, бирок токтоп калды.
- Кечирдим... – кылыктанды келин. – Биз эми тааныш болуп калбадыкпы. Балким, Кудай-Таалам бизди “мындан ары тааныш болуп, бири-бирине арка-бел болсун” деп атайын жолуктургандыр?
Ошого ынангандай, анан да өзүнө ишенимдүү дагы бир жакын, жакшы адамды жолуктурганганы үчүн тагдырына ыраазы өңдүү жылмайды жигит. Атүгүл алар кандайча болуп “сизден” – “сенге” өтүп кеткенин да байкабай калышты.
- Бу жерден качан чыгасың?
- Чынымды айтсам, жата берип тажадым. Калганын үйдөн деле дарылансамбы деп ойлоп жаткам...
- Бирок, ден соолукту жакшылап караш керек. Мен да азыр дарыгер менен сүйлөшөйүнчү. .. А баса, унутуп калганымды кара, - деп ала келип, тумпочканын үстүнө койгон баштыгын ачып, ичиндегилерди чыгарды жигит:
- Ысык тамак жасатканга жетишпей калдым. Жана сен чалганда шайлоочулар менен жолугушууда болчумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 02 Авг 2025 18:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: