Окуусун бутуп жатканда менин колумду сурады. Кантип макул болбойм? Бирок ата-энем каршы чыкты. Шаарда, орусча окуп, орусча суйлогон мени айылга конбошум ду айтышты. Бирок мен суйууну ойдо кордум. Жолдошум да бир жылдан кийин шаарда жашааарын убада кылды. Уйлонуп эле айылга келдик. Буга чейин аялдын милдетин мыкты билем деп ойлочумун. Бирок...
Шаарда Бишкекте, чонойгом ушул убакка чейин айыл корбогом. Айылдын эли, жери, жаратылышы ж.б.башында абдан кызыктуу корунгону менен бара-бара такыр башкача экен.
Балким мен шаарда чонойгонгобу? Айтор, кайын атамдын малы абдан коп. Ошол малдын азабын мен да тартып келе жатам. Жайы менен жайлоодо болом,жаз келээр мен кой кыркым,кон чыгаруу, тазалоо, дары беруу,туут мезгили уйдун тирлиги анысы аз келгенсип огороддун чондугу.Уйдо мен жалгыз келинмин. Кайын энем экообуз жолдошум менен кайын атама, кайын иниме жардам беребиз. Бир кундо бир саат да эс алмай жок.Албетте, ушундай мээнет менен байыгандарына баа берем дечи, сыйлайм. Болгону ошончо 1000 ден ашык коюна бир жардамчы албайт. Ото саран, жарытылуу кийбейбиз же ичпейбиз.Малнын башын санап эле отурат. Менин бут кийимимиди кайын энем кошо талашып эле кийип журот. Бешообуз тарбаландап эле журобуз.Башында мени аяганы менен эми конуп калды деп аябай жумшайт. Кечинде эч нерсе билбей уктайм. Жолдошум кечке кой жаят.Капакара болуп, кой сасыыыып жанымда жатат.Анысы аз келгенсип балалуу да болбодук. Мына быйыл учунчу жыл. Жолдошум себептуу экен дарыланып жатат.Мен оз оюмду ачык айтып, эмне каалап турсам ошого жеткен тарбия алгам. Айылдын артыкча салты мени кыйнап да жиберди. Кайын журттагылардын атын тергоо, ушул убакка чейин жугунуу, озумдун чачым абдан калын, жолуктуу чечпей журуп, ичи да жара болуп кетет.,ар кандай ушактар, 24саат бир уйдун ичинде, деги койчу прическа, кийим, эс алуу эмне экенин унутуп баратам.
Бир куну жолдошума диплому менен иштоону сунуштадым. Менин да дипломум жон эле жатканын айтып, ушул айылда кыйналып тапкан акчаны дипом менен деле иштеп табаарымды, анын да иштоосун сунуштадым. Кайын инимди уйлонтуп, шаарга келели, озунчо турмуш куралы дегем.. Бирок жолдошум болбоду. Мен айылда калам, бироого жалданып иштегиче кой бакканым жакшы, кетсен кете бер дейт. Демек, ал мени алдаптыр. Мага бул жакта кандай кыйын экенин ойлобойт экен. Эч коно албай койдум, аракет кылдым. ар бир кунум озумо жакпаган иш менен жагымсыз атсмофера!
Турмуш ушул экендеп 3 жыл аракет кылдым. 3 жыл оной эмес. Балким балам болсо алаксыйт белем?Акыркы кундору алым жок, конул жок, коп ооруйм, ысык-суукта журом, анемия,иммунитет начар, тиштерим саргайып, пигментация. .. кысыкасы дарыгерлер "Айыл жакпай жатат дайыма дискомфорт, озунчу ынгайсыз, начар сезгендиктен, нерв болуп ооруйсун" дешти.Мынтип журо берсем ден- соолук кетет. Кайын-энем ,кайын атама абдан жакшы мамиле кылам. Аларды сыйлайм, жакшы кором, алар да мага ошондой. Жолдошум да жаман эмес. Мени суйот. Ар дайым стабилдуу мамилени кармаганга аракет кылам. Шаардыкмын деп ашыкча адат кылбаганга аракет кылып, ар нерсени айылдын форматына тууралап, ойлонуп иштейм, суйлойм. Болгону айылдын турмушу мен учун эмес экен. Бир жылда 12 курс ийне,дарынын саны жок алдым. Кысыкасы эмне кылаарымды билбейм. Акыры ооруп жатам дегенден да уялам. Кандай кылсам? Кетип калуу оной эмес мен учун. Принцип менен жашагангабы, бир эле жолу турмуш кургум келет, ошонун ысык- суугуна чыдагым келет дечумун. Мына сага, ысык- суук! Жолдошумду алдап да, урушуп, айтып кордум. Тушундум ал айылда жашайт экен.Там сала баштады. Мен каршымын.Ата- энем озундун жашоонду озун чеч дешти. Кээде мындан жаман жашоодогуларды, меникинен жаман куйоолорду коруп шугур кылайын дейм.Качанкыга чейин ушинтип кыйналам? Айылдагылардын ою менен меники менен эч дал келбейт. Аяштар,кошуна, туугандар бар чогуу отурганда Акмат,Ташмат дагы бироонун жеке жашоосун талкуулап, жамандап кыскасы болбогон ушак менен алек. Мен озумдуу алардан акылдуу сезгеним жок, болгону мага андай жакпайт. Мени тушунгон, мени менен суйлошо турган да адам жок айылда. Шаарда деле жыргап кеткен эч ким жок, озунун кыйынчылыктары бар. Бирок мен учун оноюраак.
Балким мен туура эмес кылып жатам.? Суранам кенеш бериниздерчи?
Билдирүүнү түзөткөн: diamond1111: 01 Июль 2016 - 14:07