Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#461 Пользователь офлайн   uli   08 Октябрь 2009 - 23:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 20 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Мар 2010 02:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Билесинби, озун учун барганымды
Журогумо кыпкызыл чок салганынды
Сездин бекен ошондогу абалымды
Оюмду бутун ээлеп алганынды

Ал жерге сен деп гана барбадымбы
Жолугам деген ойго алдандымбы
Жанып куйгон ошондогу умутумду
Очуруп тепсеп аны салбадынбы

Башка деле кыздар журду конул тартпайт
Суйлошумуш болом бирок конул чаппайт
Жарылчудай бугум толду ичке батпай
Коздорум аран турду сени таппай

Убакыт откон сайын демим соолот
Ан сайын ичке батпай бугум толот
Сени кутуп жатканымды билбединби
Жаныма келип койсон эмне болмок.

Байланып сага жаным калдым беле
Куто бердим улутунуп кере-кере
Келип койсон жаныма анда эмне
Кутпойт элем озундон копту деле
Жанаша сага бир аз туруу бирге
Мен учун ошол эле бакыт эле

Уктап сен калыптырсын кыздар айтты
Бошошо туштум ичим сыздап атты
Сыртымдан сыдырым жел урган менен
Ичимде бороон болуп, кыйрап жатты

Озунду куто берип тан саар болду
Неге мага мынчалык сен тар болдун
Жаныма келип койсон жаным эмне
Ошондо сага абдан мен зар болдум.

Билдирүүнү түзөткөн: uli: 08 Октябрь 2009 - 23:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   kom   09 Октябрь 2009 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Журок менен бир озумду тандап ал
Жалооруган козун менен арбап ал.
Табыштырды тагдыр бизди алыстан
Сенсиз жашоо айтчы мага кайда бар?


Ар бир созун жашоомо дем болот
Тентектигин табылбаган кен болот.
Сага болгон сезимдерим ойлосом
Кубанычым кереметтуу кен болот.


Сени ойлосом бут оорумдун дарысы
Токтоно албай журогумдун кагышы.
Кыйналдыго азаптардан журок да
Бул да болсо, ак суйуунун кайгысы.


Журогум сени тандаганын билесинби?!
Коздорумдун арбалганын сезбединби? !
Сенсиз жашоо мумкун болсо башка жайда,
Мага да анда табышып бересинби?!

Ойлонбостон тура албаймын бир да мунот,
Кусалыкка батып журот суйгон журок.
Кылыктарын сагынтты го, сезимимди,
Деги айтчы суйуубуз качан кулот?!

Жургум келет караан болуп бир озуно,
Дары болуп кыйналган журогуно
Айткым келет "суйомун" -деп кундо сага
Карап туруп сурмалуу коздоруно. :wub:
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   Аygerim   13 Октябрь 2009 - 10:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Иконки сообщения 

Сезип турам сенсиз өтөр күндөрү м,
Сезип-сезбей бар кызыгын дүйнөнү н.
Ырга айлантып ырдап өтсөм өзүң дү,
Ыйлаарсың сен мени жоктоп билгеним.

Сенсиз деле таңым атар агарып,
Сенсиз деле ыр жазылар жаралып.
Бириге албай, бөлүнө албай жолубуз,
Бизди бөлөт белгисиз бир аралык.

Бул аралык алыспы же жакынбы,
Биздин бакыт билбейм кайда жашынды?
Жолу болбос тун сүйүү нүн ээси деп,
Жүрөгү мө жазып койдум атыңды.

Менсиз калып өткөнү ңдү эстээрсиң .
Бизди бөлгөн тагдыр жолду жектээрсиң .
Жаркылдаган жары болсом башканын,
Жарыгым, ай, аттиң эми кеч дээрсиң.
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   Аygerim   13 Октябрь 2009 - 10:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Жамгыр/////

Себелеп жашын төксө жазгы жамгыр,
Сыздатып ыйлай турган сыры бардыр.
Буюгуп ушул түндө суроо салам,
Бизди качан бөлдү экен ушул тагдыр?

Билбеймин жаз экенин, күз экенин,
Билбеймин бөлүнү үнүн бир себебин.
Кача албай кусалыктын кыйноосунан,
Күнөө лүү бардыгына тагдыр деймин.

Бирок да жолуктурган жамгыр эле,
Билбеймин бөлдү анан тагдыр неге?
Жанчылып эстейбиз го өткөн күндү.
Жаш төгүп жазгы жамгыр себелесе
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   Аygerim   13 Октябрь 2009 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Иконки сообщения 

Көздөрү ң...


Карагаттай жалжылдаган көздөрү ң,
Сактайт мени көр дүйнөнү н суугунан.
Турмуш мени гүлгө айлантса чөлдөгү ,
Булут белең аяп мага суу куйган.

Тыңша кантип туйлап согот жүрөгү м,
Сүйүү толгон көздөрү мө карачы.
Айлуу түндө ыр түрмөгү н түрөмү н,
Мени аяба, ырларымды аячы.

Көз карашың сүйүү сиңген канжарбы?
Эзет, эзет! Эзет байкуш акынды.
Коркуп кетем узап калса кадамың,
Болобу деп кадамдарың акыркы.

Кармашкан кол таштак жолдо үзүлү п,
Кээде сүйүү жүрөктө рдөн жулуна.
Сүрүлгө нчө бул дүйнөдө тирүүлү к,
Кансам экен көздөрү ңдүн нуруна.
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   Craaaazy   13 Октябрь 2009 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 22 Апрель 08
  • Соңку аракети: 19 Фев 2010 10:33

Кусалыкка салып журокту,
Биз жолукчу кундор алыста.
Сагынсам да эми кантемин,
Тагдыр бизди кайрадан буюрбаса.

Алыстатпа суранам мени кыйнап,
Сени кутуп журбойун кундо ыйлап.
Жан дуйном эми тынчып калган кезде,
Кайгырбайын кокурокто жарам ырбап.

Эми сенден айрылсам кантем билбейм,
Журок токтоп сокпой калса аяйт белен.
Мени сыйлуу сыр жашоого чакырып,
Кайрылып кайра мага келет белен.

Бирде ыйлатып, бирде кубантып,
Сен жашайсын журогумо от жагып.
Жан дуйномо булук салып ар качан,
Сен жашоомо келдин кайрадан.

Жан дуйном жабыркап муздадым,
Очурдун кечээки кыялым.
Сагынганда, саамайым келип сылаган,
Сен элен суйуктуу адамым.

Жок эми мен сени сагынбаймын,
Куугумдо жол карап зарыкпаймын.
Сен келгенче санаага малынып,
Келсен эми келди деп ашыкпаймын.

Сезимдер очуп муздадым неге тан калам,
Ойлорума тушунбой ойго батам.
Тушундум кечигип келипсин,
Сезбептирмин журогумдун муздаганын.
Природа сказала женщине: Будь гордой если хочешь, мудрой если можешь, но благоразумной ты должна быть непременно! !!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   Aslana   19 Октябрь 2009 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 04 Июнь 09
  • Соңку аракети: 21 Окт 2013 09:37
  • Жынысы:Аялзаты

Цитата

Армандуу ак куу....

Бакчада тынбай, үн безей күкүк өткөндө ,
Бактымды уурдап, күнүмдү к өмүр өткөрбө .
Алдейлеп сүйүп, аруулап койчу денемди,
Адашкан жалгыз ак чардак менмин көктөмдө .

Корооңо тиккен өрүктө куштар сайраса,
Колуңдан түшкөн уруктан гүлдөр жайнаса.
Ошонун баарын, жан биргем, мен деп тааныгын,
Жүрөгү ң ооруп, көңү лүң менден калбаса.

Терезе чертип, ак жамгыр жууса айнегим,
Телмирип тиктеп, мени да күткөн бар дегин.
Толкундар уруп, тобуна жетпей үзүлгө н,
Тагдыры тайкы, армандуу ак куу ал менмин.

Тузакка түшүп, жан далбас урса жаш канат,
Тумандуу көктөн төгүлү п мончок жаш тамат...


Мен билгенден бул саптар Абдырахманова Атыргул дегендин калемине таандык экен. Откондо Суперге чыккан эле. Эгерде сиз автор болсонуз, анда жакшы жазылыптыр. Жогоруда студентка жазыптыр го "Бул жерге оз калеминерге таандык ырларды жазгыла" деп. Кантсе да ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   Аygerim   19 Октябрь 2009 - 17:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Олтурам жалгыздыктын кучагына курчалып....
Экообуз журчу ошол жерди сагынып...
Кантсе да кайрылбастыр ал кездер...
Бирок мен дале журом сени сагынып...


Сезесинби сен менин ыйларымды...
Угасынбы жылдыздарга айткан сырларымды. ..
Билесинби жалгыз сени кутуп журорумду...
Билем мен ,дале сени суйорумду...
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   CCCP   19 Октябрь 2009 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Тагдырдан бакыт сурап, умут байлап
Жолукканмын мен сага жазгы кечте
Карегин жанып турган жаздай жайнап
Азыр да кечээ кундой баары эсте.....

Мээрим чачкан карегиндин нурлары
Суйуунун отун жагып учкундады
Создорун алдей ырдай мемиретип
Кулгонун жан дуйномду туткундады. ...

Жалгыздык жабыркаткан эки журок
Жолуккан ошол куну насип буйруп
Издешип бирин бири табышканы
Кокустук эмес го дейм, болгон буйрук....

Кээ бироо айтып коер кокустук деп
Айтышса айта берсин..-болбогон кеп!
Биз учун-бул Кудаидын буйругу
Мен бул созго чын дилимден ишенем бек!

Айткан элем..биз экообуз калактары бир кайыктын
мына азыр бир каталык таап чыктым...
Биз экообуз калагы эмес кайыктын,
Бир бутунбуз,биз так ошол кайыкпыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   CCCP   23 Октябрь 2009 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Кучактап сени...жытына сенин мас болуп....
Жадырап журок...бырышы кетээр жаш болуп....
Сезимге эгип суйуунун назик гулдорун
Журо бер жаным....мемиреп жылуу жаз болуп.....

Жолукпай калсак...убакыт бизге кас болуп....
Кокурок сыздайт....коодонго ысык жаш толуп....
Жалгыздык ээлеп сагынган кундор узарып
Сен менен откон...жетишпейт кундор аз болуп....

Тигилем сенин ....мухиттей терен козуно
Элжиреп журок...коргондо сенин карегин.....
Жашабайм азыр....озумдун уй-жай,кочомдо
Карегин сенин-азыркы менин дарегим.....

Желп этип шамал....жалбырак учса шуудурап....
Сезилет мага сен жаткансып шыбырап....
Жай толгон учур-саратан аптап кунунон
Кучагын сенин...мен учун кыйла жылуурак......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   Барс   25 Октябрь 2009 - 09:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Кучактап сени...жытың а сенин мас болуп....
Жадырап жүрөк. ..бырышы кетээр жаш болуп....
Сезимге эгип сүйүү нүн назик гүлдөрү н
Жүрө бер жаным....мемиреп жылуу жаз болуп.....

Жолукпай калсак...убакыт бизге кас болуп....
Көкүрө к сыздайт....кө өдөнгө ысык жаш толуп....
Жалгыздык ээлеп сагынган күндөр узарып,
Сен менен өткөн. ..жетишпейт күндөр аз болуп....

Тигилем сенин ....мухиттей терен көзүң ө,
Элжиреп жүрөк. ..көргө ндө сенин карегиң.. ...
Жашабайм азыр....өзү мдүн үй-жай, көчөмдө ,
Карегиң сенин-азыркы менин дарегим.....

Желп этип шамал....жалбырак учса шуудурап....
Сезилет мага жаткансып өзүң шыбырап....
Жай толгон учур-саратан аптап күнүнө н
Кучагың сенин...мен үчүн кыйла жылуурак..... .


КУТТУКТАЙМ! !!

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   kom   29 Октябрь 2009 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Кечее илип койсом бугун жок. Кайра илип коюуну туура кордум...


Айтсам тилим,
Айтпасам дилим,
Кул болуп барат,
Орттонуп жанат.
Карасам козум,
Суйлосом созум,
Чындыкты карап,
Кай жерден табат?
Ыйманыбызды билбей
Жайларда коомдук.
Кишини козго илбей
Жаштар бузулдук.
…Маршруттук каттам
Ичи жык адам
Бир аял чыкты
Картайып калган,
Кулакка жаш кыз,
Наушник салган,
Сагыздан чайнап,
Отурат бейкам.
«Орундук берсе
Ал кыз аялга,
Не болмок эле?»
Деген кыялга,
Аргасыздан
Арбалат адам…
Дагы бир корунуш,
Болгондой конумуш.
Парк жакта жургонмун
Жетелеп бир жумуш.
Отурат чет жакта
Жаш жигит, сулуу кыз
Оролушат чырмооктой,
Тим эле тирукмуш.
Заманбап корсоткондой
Кочодо обушуш.
Кай жакка алып барат
Жаштарды бул турмуш?
Тайтандап бир адам
Адашат кадамдан
Ичиптир ал абдан
Очу бардай арактан
Арака кул болуп,
Кочолордо жаткан.
Жаштарыбыз бул болсо
Онугобуз биз кайдан?
Сут оозунан кете элек
Жаш бала эселек
Чычайтып тиштеп алып
Чегип жатса сигарет
Келечеги «Кыргыздын»
Зээнинди кейитет
«Келечеги не болот»
Деген гана ой кетет.

Жан дуйном булук,
Салганы салган.
Себеби биз жашаган
Дуйнобуз жалган…


Болгону булар
Кичине корунуш
Азыркы заманда
Болгондой конумуш
Ал эми калганын
Жазбадым дит багып
Жазсам мен аларды
Терс жагын, заманды
Жан дуйном кыйналат
Жаткандай чуу салып.
Окуган адамдар
Жыйынтык чыгараар,
Онолсок жаштар биз,
Чекени жылытаар.
Себеби жаштарсыз
Онуго албайбыз
Ушундай замандаш
Мамлекет ишенген
Кучу биз ЖАШТАРБЫЗ!
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   CCCP   30 Октябрь 2009 - 11:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Сен барсын журогумдо... . ойлорумда... .
Журосун конулумдун чордонунда. .....
Муздай болуп эрип барып токтолом
Сен мага бир жылмайып койгонунда. ...

Жашоомдун шамчырагы сенин кулкун
Коздорун жарык чачкан жазгы кунум
Кереги жок эч нерсенин, болгону
Журогундо мага деген болсун суйуун.....

Эххх жаным...бактылуумун мынча неге
Тагдырымдын кулпу-ачкычы сенде беле
Бакыт жанган коздоруно суктанып
Кучагында олуп калсам меили эле.......

Кокурокко башын жолоп турганында
Угасынбы журогумдун соккон унун?
Ар бир пульста сенин атын жанырат
Согот журок жалгыз сени суйуш учун.....

Азыр сен жок....тошогум да жылыбай
Жатам жалгыз....туйулдукто
й буктолуп.....
Жок болсон да кучагымда... .жок дегенде
Жатайынчы сен жонундо туш коруп......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   CCCP   30 Октябрь 2009 - 11:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Тун муздак....асман муздак.. аалам муздак
Сумсайган терезем да турат муздап....
Тунжурап жалгыз калып сени эстедим
Кусалык журогумду унсуз мууздап.....

Жол муздак...аба муздак... дубал муздак
Ойлонуп жолчырактар турат муздап.....
Уктабайм сагынчымдан чабалактап
Сен жонундо ойлор мени алды курчап.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   CCCP   30 Октябрь 2009 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Муздак тамчы терезеге дыбырап
Асфальт жолдор муздак жаанга жуунат.....
Буу жармашкан терезеден чырактар
Жарык чачпай туноргонсуп буулугат.....

Кыш келатат...аргымагын камчылат
Кузгу суукта уйлор ушуйт калтырап.....
Сагынып сенин кун болуп тийген кулкунду
Маанайым неге суз тарткансыйт алсырап?

Мейли жамгыр...себелесин. .
. жаай берсин
Мендеги сагынычты кайдан сезсин.....
Жандуйномдун кусалыкка малынганын
Эркетайым,жалгыз гана сен билесин.....

Мейли шамал......суук дем менен сого берсин
Мен ушубойм-журокто сенин элесин......
Сенсин жалгыз от жаккан менин уйумо,
Терезеден башын баккан кун желесин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   KG girl   06 Ноябрь 2009 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Кайрадан.

Аялуу коздорун кадалып,
Сен мени келдинби сагынып.
Кысталган селкини ыйлатпай,
Барайын дединби кайрылып.

Умутум узулуп келбейт деп,
Жургондо журокту муздатып.
Кайрылдын эмнеге кайрадан,
Муздаган сезимге от жагып.

Сезим отун кайрадан тутантып,
Азапка кайрадан мени салып.
Сезимимди билгизем деп кезигип,
Балким келдин сапарындан кечигип.

Бир болууга экинчи ирет тоскоол болуп,
Тагдыр бизди алыстатса кантебиз.
Буйрук деп эки жолго басып кетип,
Бул жашоодо тайгак ашуу кечебиз.

А бирок ошондо да унутпайбыз,
Аялуу тиктеген каректерди.
Кыш келсе ар качан эскерербиз,
Аяздуу биз жолуккан ошол кечти.
Айрылсак да кокурокто сезим калсын,
Суранам мени такыр унутпасын.
Суранам унутпачы суйуу жазын.


Кучагынды унутпаймын эч качан,
Билчи жаным сенсин менин кумарым.
Журогумдун тупкурундо сактап жургон,
Сенсин менин сыйлуу барктуу адамым.

Унутат дебе, сени такыр унутпаймын,
Сен болосун таркабаган сагынычым.
Капилеттен коруп калсам озунду,
Ошол сенсин менин куткон кубанычым.

Сагынып саргарып жол карап,
Санаркайм мен кундо ыйламсырап.
Канчалык сабырдуу болсом дагы,
Журогум баратат алсырап.

Кайрадан
Кайрадан
Кантейин кайра эле баш ийдим,
Кайрадан умутту жаратып.

А бирок сен азыр кайдасын,
Кайрадан айрылдым алыссын.
Каректен молтуроп жаш тамып,
Жол карайм кутомун сагынып.

Кетпейт дейм. Кайрылып келет мага,
Болом деп ак жолуксан жарын сага.
Журокту тынчытып умут менен,
Откором кундорум кыялдана.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   CCCP   25 Ноябрь 2009 - 09:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Жылмайып. ..жоодур тиктеп тушкон сурот...
Мин жолу жан киргизип,мин олтурот...
Сагынып....арга таппай калган кезде
Эрмегим-кулмундогон ушул сурот....

Форумдардан кочуруп суротунду
Тиктоодон чыгарамын бар очумду...
Майышып, моюн сунуп турган кезим
Эстегенде бугун сени корбошумду. ...

Аттин ай...жанында болсом гана
Чебелектеп алдына жуз бармакмын... .
Жылуулап жууркан менен кымтылантып
Кароолчудай жанында отурмакмын. ...

Сага келген оорунун да бети жок!
Андан коро мага эле келсе болмок.....
Сен жонундо ойлорумду китеп кылсам
Бир кундо жети-сегиз китеп болмок....

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   Барс   01 Декабрь 2009 - 22:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мына ушуну сүйүү нү жаңыча ырдоо десе десе жарашат... Улант, Студентка!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   Аygerim   03 Декабрь 2009 - 13:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

автор:Азамат Абылгазиев



Суйуу тамчылары!

Жагасын жакшынакай созун менен,
Айтуудан тажабайм мен суйом деген.
Кантсе да туболуктуу тун суйуумсун,
Отсо дейм бут омурум сени менен.



Suidum kyzdy jan duinomdu bagymtyp
Birok al kyz ak suyuumnu sezbedi
Tun kechirdim jalgyz any oilonup
Birok suluu takyr sozgo kirbedi

Kalem yilap any menen men yilap
Soz shiresin ulam ulam ten ylgap
Olturamyn kaigy kuyup jurokko
Maxabat dep tugombogon yr yrdap


-------Ал сулуу кыз суйгон эле башканы...
анткени анын болгон эле жаш чагы...
арбалдыбы... алдандыб
ы суйууго...?
кыйын болду суйуу отуна батканы...
ошондуктан сезбеди го суйуунду...?
кана балдар... сендей болсо куйумдуу.



----

Билдирүүнү түзөткөн: AygerimUrmat: 03 Декабрь 2009 - 13:43

Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   CCCP   09 Декабрь 2009 - 06:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Бургулоо,жардырууну
Айла жок жер которот
Кусалык,сагынууну
Айла жок мен котором....
Жакшылык Жамандыкта
Эш тутуп Жаратканды
Ун-соз жок мелтиреген
Жер болуп баратамбы.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июн 2025 04:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: