Суперстан: Башка менен өбүшкөнүм үчүн,күйөөм мага өлүмгө өзүм барчуу жаза берди - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Башка менен өбүшкөнүм үчүн,күйөөм мага өлүмгө өзүм барчуу жаза берди

#1 Пользователь офлайн   Angel92   04 Июль 2016 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

– Биз борбордо турабыз. Эки кызыбыз бар. Материалдык жактан да баары тегиз. Мындай жашоого акыл токтотуп калганда баш кошкон жолдошум менен бирге жеткем. Күйөөм Сабыр атына заты жарашкан мүнөзү менен менин жүрөгүмдү багындырып алган. Сабыр менен алгач таанышканда эле оор басырыктуу, токтоо, сылык мүнөзүн жактыргам. Экөөбүз тең ак-караны ажыратып калган кезде табышып, турмушка сүйүү эле эмес, акыл менен аттанганбыз. Баш кошкондон кийин эки кызым удаа төрөлдү. Сабыр өзү жалгыз иштеп бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Күйөөмдү таң эрте ишке узатам, күн бою саат санап жолун карап күтөм, кечинде конок күткөндөй жаркын маанай менен тосуп алам. Бул мага бакыт болчу. Бирок күнү бою аны сагынып күткөнүм акталбай ал келгенде шаабайым сууп отуруп калчумун. Анын келип алдына койгон тамагымды үн-сөзсүз ичип, телевизор көрүп же гезит окуп, анан уйкуга кеткени мени туталантчу. Мен болсо ал келген соң шашпай тамактанып, анан үй-бүлө катары жай маек куруп отурууну, ага эркелөөнү кыялданып, бирок эч ага жетпей койдум. Жумуштан чарчап келди го деп аны түшүнүүгө аракет кылып уктап эс алуусуна шарт түзүп бергеним менен өзүмчө буулугуп ыйлап да алчумун. Башка бирөөсү бар го деп ойлойт чыгарсыз, бирок мен ага жүз пайыз ишенем.
Кичүүбүз чоңоюп калганда бала бакчага берип, ишке кирдим. Жолдошума ооз ачпаганым менен анын бул мүнөзүн өзгөрткөнгө, биздин мамилени оңдогонго аракет кылып өз алдымча жолдорду издеп келдим. Өзүмө жакшы көңүл буруп, формамды бир калыпта сактап, жалаң жолдошума карап кийимдин жакшысын кийип, күзгүгө күйөөм үчүн карандым. Бирок ал менин мындай аракеттериме баам салып, кызыгып да койгон жок. Анын көңүлүн бурдурсам деген аракетте чачымды жасатып, сулууланганымды ал аялдардын кадимки кыла жүргөн иши катары кабыл алчу. Мындай аракеттерим үч жылдай созулуп, деги эле өзүм күткөндөй мамилеге жетпедим… Күйөөмдө болсо баары жакшы: жакшы акча табат, аялы менен кыздарын эч нерседен кем кылбайт, жакындарынан да жакшы жардамын аябай, аларга ар дайым кадырлуу. Негизгиси үйүн таза кармап, ар дайым аны сүйүп карап турган мен бармын.
Бир ирет ойлонуп отуруп эркек бала төрөп берсем күйөөм кубанып, мага аял катары көңүл бурабы деп боюма бүтүрүүнү чечтим. Бул тууралуу күйөөмө айтсам: «Макул, кыздар чоңоюп, кичине болсо да сага жардам кылганга жарап калышты. Бүт шарт турат», — деп басымды жашоонун барчылыгына коюп, сезим, сүйүү тууралуу ойлонгон да жок.
Күткөнүбүз менен мен кош бойлуу боло албай жаттым. Мурда аял катары гана анын эркектик мамилесин күтсөм, эми бала темасынан кийин анын бул милдетин эки эсе күтүп, каалап калдым. Бирок жолдошум баягы бир калыбынан жазбаганы-жазбаган болду. Ошондой күндөрдүн биринде курбуларым менен шаардагы чоң мончолордун бирине барып эс алууну чечтик. Атайын бир күнүбүздү арнап, ал жактын болгон кызматын көрүүнү пландаган элек. Сулуулук кызматтарын алган соң жогорку кабаттагы караоке барга бардык. Астыңкы кабаттардан айырмасы: бул жерде атайын форма кийип кирген аялдар, эркектер аралаш жүрө беришет экен. Эл аз катардагы караокеде чер жазып ырдап жатканбыз. Бир маалда биздин катарга бизге жашташ 3-4 мырза келип ырдап калышты. Келгенде эле тамашалай учурашышкан. Заматта тамаша тамашага уланып, тил табышып кеттик. Алардын арасынан орто бойлуу, денеси чымыр, тармал чач жигит өзгөчө шайыр экен. Сөзү эмес, турушунда эле эркек катары өзүнө бекем ишенгени билинип турат. Мен тандаган ыр ага да жагарын айтып, суранбай эле жаныма катар туруп бирге ырдап калды. Ырдын ыргагына термелип турганымда ийнимден кучактап алды. Алгач чочуп, ыңгайсызданып кеткеним менен анын музыка бийиктеген сайын мени өзүнө ыктап кысып койгону чындыгында мага жагымдуу болду. Мен көз ирмемде канча жылдан бери күтүп жүргөн нерсем ушундай бекем кучак экенин билдим. Биз кетерде телефонунун номерин салфеткага жазып колума карматып: “Кандай эс алганыңды, үйүңө кандай жеткениңди билдирип кой”, — деди. Каршы болбой алып койдум.
Үйгө келип кыздарым менен алаксыгым келгени менен аны оюмдан чыгара албай кыйналдым. Күйөөмдүн алдында кечирилгис иш кылгансып кысынып, өзүмчө күйпөлөктөп аттым. Оюмдун ага берилишин каалабай жана кыска мүнөттө бейтааныш жигиттен туйган кубатты күйөөмдөн тапкым келди. Бирок ал дагы деле менин ичимде болуп жаткандарды байкамак турсун, байкаса экен деп атайын кылган аракеттериме түшүнбөй ыза кылды. Ал уктаган соң эмнегедир чечкиндүү турдум да, ашканага кирип жанагы жигитке «салам, мен жакшы жеттим. Жакшы эс ал» деген билдирүү жазып жибердим.
Эртеси иште отурсам ал чалды. Тартынбай дароо телефонду көтөрдүм. Акыбалымды сурап, жакшы ырдарымды билдирип, анан чайга чакырды. Чын дилимден бардым. Мени тосуп алганда эле абдан чырайлуу болуп кеткенимди айтып, жакшы комплименттер менен кубандырды. Ушул жолугушуудан кийин бат-баттан кезигип ар нерседен кеп козгоп отуруу адат болуп кетти. Биз эч кандай деле маселе чечпейбиз, бирок жеке мен аны менен жолукканда өзүмдү абдан жакшы сезип, анын мага болгон камкор мамилесинен ырахат алам. Бир жолку жолугушууда ал мага бир тал роза сунду. Үйгө алып баруу канчалык кооптуу болсо дагы жолго таштагым келбей вазага салып койдум. Бир эсе аны көрүнөө жерге коюп күйөөмдүн мени кызгануусун кааладым. Жумуштан келген Сабыр бир далайга барып үйдө гүл турганын байкап: «Кайсы бир майрам келип калдыбы?» — деди бейкапар. Мурда камдап алган кебим жок болгондуктан шашкалактап калдым да: «Жакшы гүл экен. Сатып алдым», — дей салдым. Сабыр башка кеп козгобой ишенип калды. Анын мындай мамилеси мени бир эсе таң калдырса, бир эсе чындап жинимди келтирди.
Эртеси мен ага биринчи жолу өзүм телефон чалдым. Ал адаттагысындай комплименттери менен кеп баштап: «Үнүңдөн сага капалануу жарашпай турганын сезип атам, жакшы маанай табуу үчүн жолугалы», — деди. Адатта дем алыш күндөрү үйдөн чыкпай жалаң кыздарымды жуунтуп, тарантып, кир жуу менен алек болгон мен бүгүн эч нерсеге карабай бир күнүмдү аны менен өткөрүүгө макул болдум. Заматта күн түштөн ооп кайтууга убакыт келди. Ал мени жеткирип коёрун билдиргенде ансыз да күйөөмдүн мени тосуп чыкпасын эске алып каршы болгон жокмун. Машинасын үйдөн обочороок токтотуп, дароо коштошуп кете албай туруп калдык. Ал мени өзүнө тартты. Анын карылуу колдоруна каршы боло алган жокмун. Түртүп салуу канчалык ыңгайлуу болуп турса да антким келген жок. Анын башкаруусу менен болуп, алсырап туруу жаныма жагып турду. Көз ачып жумганча бири-бирибизге оролуп, эриндерибиз чапташа кетти. Биздин бул мүнөттөрдү машинанын токтобой басылган сигналы бузду. Бурулуп көргөн көзүмө ишенбей нес болуп калдым. Күйөөм!
Өңүм кумсарып, дароо калтырап чыкканымдан бизге тоскоол болгон адам ким экенин ал дароо түшүндү. Алдыда эмне болуп кетерин элестете албай туруп калганыбызда күйөөм машинасынан түшүп, жай басып айдоочу тарапка келди. Жанымдагы да ага тирешкендей машинанын айнегин шашпай ачты. Сабыр деги эле кебелбей туруп: «Дос, канча тыйының бар, берчи», — деп колун сунду. Ал чөнтөгүн сыйпалай калып бат эле тыйын кармата салды. Күйөөм эңкее мени карады да, унчукпай басып кетти. Түшүп артынан жөнөдүм. Бутум тушалып, бүт денем калтырап, башым чыңалып бараттым. Босогого жеткеним менен кирип бара албай буйдалып тура бердим. Ичкериден кыздарымдын атасы менен учурашканы, эч нерседен санаасы жок күлкүлөрү угулат. Канча турдум, билбейм, алардын дабышы басылганда акырын кирип бардым. Кийимимди илип, дароо күзгү алдына баруу адатым эле. Бул жолу да ошентип күзгүгө каранып анын бетинде скотч менен чапталып турган 3 сомдук тыйынды көрдүм. Эмнеге бул жерге чапталганын түшүнбөсөм да, ал жана күйөөм тигинден алып кеткен тыйын экенин билдим. Ал күнү эми кандай болорун элестете албай ашканада тиземди кучактап отуруп таң атырдым. Таң эрте турган күйөөм ашканага кайрылбай эле сыртка жөнөдү. Кийинип чыгып баратып: «Муну алчу болбо, бул сенин бааң», — деп кесе айтты да, эшикти тарс жаап жөнөп кетти.
***
Менин 3 тыйын чапталган күзгүгө каранып келе жатканыма жыл айланып баратат. Ушунча убакыттан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп жашап келем. Күйөөм болсо мага жологонун биротоло токтоткон. Мен да унчуга албайм. Аны менен ошол күндөгү өбүшүүдөн өткөн ишке барбаганымды түшүндүрүүгө аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Мени «кет» деп да, өзү «кетем» да деген жок. Кыздарыбыз үчүн гана бир дасторконго отуруп, бир төшөк жамынып жатканыбыз болбосо, эрди-катын катары мамиле анын оюна да келбей калгандай. Уулдуу болууну мен эми кыялданбай да калдым.
Азыр күн сайын күзгүгө карануудан заарканып жашайм. Үйгө келген-кеткендердин ал тыйынга кызыгуу менен берген суроолорун жоопсуз калтырабыз. Тыйынды алып салууну ойлогонум менен андай кылсам, күйөөм мындан жаман кордук көргөзөбү деп корком. Күзгүгө каранган сайын жүзүмдү майда бырыш басып, мурунку сулуулугум жок болуп баратканын байкайм. Ансайын жаным кейип, жүрөгүм ооруйт. Кыздарым али кичине, алардын алдыдагы жакшылыктарын көргөнгө жетер бекем деп да ойлоп кетем. Мендеги бул маселелердин жаралышына күйөөм чоң себепкер экени сизге белгилүү болду го, окурман. Бирок ал мени бир жактуу күнөөлөп келет. Мен эми ажырашып кетүүм керекпи? Андай чечимиме Сабыр жол бербей коюшу толук мүмкүн. Анда ушундай убайым менен жашай берүү мага зарылбы?..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Angel92   04 Июль 2016 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Бул эжекебиздин журок сыры бизге сабак боло тургандай экен.Ошон учун сиздер менен болушууну туура кордум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   bosmos777   04 Июль 2016 - 17:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Бир аалам баракчадан окууганбыз ! Бул жерде аялы чечкиндуу, кадам кылышы керек..... Эринин конулу жок болсо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   nurperishka05   04 Июль 2016 - 17:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 15 Июнь 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2020 18:15

сабырд аябай эле спакойный окшойт эжекебиз да бир жанылыптыр да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   asia_92   04 Июль 2016 - 17:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Негизи, ушундайларды коруп, угуп журом.Аялдарга, внимание керек да озу кичине болсо да.Эркектер менен аялдар бирдей эле болуп калды.Мурун эркектер ушундай кылса, азыр айырмасы жок болуп калды.Эркек кылбаган нерсени башкандан издей баштайт экен.Мен да бир эжеден укканмын.Жакында ушундай угуп шок болгом.Бирок тушунуго аракет кылдым.Кудай ушундай нерседен сактай кор...!

Билдирүүнү түзөткөн: asia_92: 04 Июль 2016 - 17:42

[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Respect.   04 Июль 2016 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

"Күйөөм үчүн жасанып, күйөөм үчүн сулуу көрүндүм дейт" тооба, ага чейин ким үчүн сулуу болуп жүрдү экен?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Azumi32   04 Июль 2016 - 17:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 14 Апрель 16
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 19:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз жери. Бейиштин тору болгон Ош

Аял деген - гул сыяктуу. Канчалык жакшы карап,конул болсон,ошончолук ачылат. Ошондой эле ,андай суйууну,сыйлоону баалап билбегендери да арбын. Кыскасы жашоо ушундай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   04 Июль 2016 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кудай сактасын,Алла ОЗУ шайтандын азгырыгынан сактап,куйоолоорубузду бизге камкор кылсын!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   akylbekovich   04 Июль 2016 - 20:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 207
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 21:38

Астапыралла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   gulkar   05 Июль 2016 - 00:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Мен бул чыгармабы, же болгон окуябы,1жыл мурун окуп алып Сабырга баа бергем.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   eldar.   05 Июль 2016 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 004
  • Катталган: 11 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Фев 2018 22:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ФРУНЗЕ

Эки тараптан тен куноо бар.
**************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Nuna.Kaspiyskaia   05 Июль 2016 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 09 Май 16
  • Соңку аракети: 29 Янв 2017 15:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,(Жалал-Абад)

куйоосу конул бурбаса,озун кыйнап жашап эмне кылат,ажырашып кетиш керек ,ал болбосо башкасы менен бактылуу жашап кетет,куйоосунон таппаган жылуулукту башка адамдан издеди да )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Tiguuchu   05 Июль 2016 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Мм бироого зар,бироого кор дегендей эле экен менин тушунугум боюнча.Адамга озу эч нерсе жакпайт экен,куйоосу суйуп,сыйлап кызганып бура бастырбай бирок жашоолору кыйын болсо дагы айтабыз.Жеке мен баардык нерседен кем кылбай багып турган куйоо менен унчукпай эле жашамакмын. Дагы жакшы ичип келип ,уруп,согуп, ар ким мн журуп,бир тыйын алып келбей,уйдо тополон кылбайт экен.Бир жолу да сураган жоксузбу неге андай кайдыгер мамиле жасайсын мага деп?Менимче ал сизге аябай ишенген,озунуз айткандай сиз уйдогу жумушту,баарын жаркыратып, уйдо кулуп жайнап отурсаныз,эч жамандык оюна келбей,бир калыпта,бактысын тынч кармап жургон окшойт.Мунозу оор,басырыктуу, сабырдуу окшойт.Куйоонуздун да мунозун,кылык жоругун, жаза кетпепсиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Jooshbai   05 Июль 2016 - 10:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 13 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2017 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:biwkek

BUL EMI BIR KORKOM 4YGARMA DA.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aijan   05 Июль 2016 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Tiguuchu (05 Июль 2016 - 10:14) жазган:

Мм бироого зар,бироого кор дегендей эле экен менин тушунугум боюнча.Адамга озу эч нерсе жакпайт экен,куйоосу суйуп,сыйлап кызганып бура бастырбай бирок жашоолору кыйын болсо дагы айтабыз.Жеке мен баардык нерседен кем кылбай багып турган куйоо менен унчукпай эле жашамакмын. Дагы жакшы ичип келип ,уруп,согуп, ар ким мн журуп,бир тыйын алып келбей,уйдо тополон кылбайт экен.Бир жолу да сураган жоксузбу неге андай кайдыгер мамиле жасайсын мага деп?Менимче ал сизге аябай ишенген,озунуз айткандай сиз уйдогу жумушту,баарын жаркыратып, уйдо кулуп жайнап отурсаныз,эч жамандык оюна келбей,бир калыпта,бактысын тынч кармап жургон окшойт.Мунозу оор,басырыктуу, сабырдуу окшойт.Куйоонуздун да мунозун,кылык жоругун, жаза кетпепсиз.

"Унчукпай жашамакмын" дебениз, андан коро, "Тогорогу топ келип, бизди бакканга да жетишип, конул болууну да унутпасын. Камкор ата болгондой жакшы жолдош болсун" деп тилениз :жүрөк: Бир орус эже "Мен "кантип эле?" деген суроону бербей калдым, себеби тагдыр "минтип эле" деп башыма салып корсотуп койгонун байкап калдым" деген эле бир ирет.

Эркектин ичпегени, тополон кылбаганы, жакшы жолдо жургону бул артыкчылык эмес, кадимки абалы болуусу керек го озу. Туура жургон эркектер серуундоп, оз ден-соолугун, келечек тукумун ойлогон акыл-эси жайында мырзалар ушунчалык азайып кеттиби, ичпесе-чекпесе- теппесе эле айымдардын козуно жакшы корунуп, билбедим, бул нерсе аябай окундурот.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nuriza.kubatova   05 Июль 2016 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2018 11:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:КыРгЫзСтАн

ушуну бир гезиттен окуган элем...
Аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nargis   05 Июль 2016 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Боолоору болуп бутуптур ,эки кызы бар экен караокеге баргыча куйоосу эмне. Учун мындай кадамга барганын анализдеп корсо ,балким мындан башкача турмуш болмок беле..Ал эми азыркыга келсек дагы да ачык суйлошууго отушу керектир деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Jazi89   05 Июль 2016 - 14:56

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 24 Март 16
  • Соңку аракети: 31 Дек 2024 15:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Нью Йорк

Мен да ушул теманы бир сайттан окуган элем .
Не дешимди да билбей калдым ,Адам жанылат ,жанылбаган Адам жокко
Кудай ОЗУ сактасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ErlanGulya   05 Июль 2016 - 16:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 07:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоосу бийик,абасы таза жер

Мага да бул тема тааныштай болуп атат бир жерден окугандаймын. Бир адамды куноологон туура эмес эки тарапта тен куноо бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   asly   05 Июль 2016 - 16:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 10 Июнь 16
  • Соңку аракети: 12 Фев 2017 23:41

Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт, ал дагы куйосу бербеген жылуулукту башка биродон издеген. Куйосу оор басырыктуу, жоош адам болгондо дагы аялына мындай суук мамиледе болбош керек эле деп ойлойм. Куноону бир эле адамга коюу туура эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 14:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: