Жашы – 20
Параметри – 82-63-90
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – Кыргыз улуттук университетинин финансы
кредит бөлүмүндө 3-курста окуйт.
«Сулуулар менен таймашканга даярмын»
– Айпери, идеалдуу айым кандай болушу керек деп ойлойсуӊ?
– Ар бир айым өзүн таза, тыкан алып жүрүш керек, жадакалса басканы да эл суктангыдай болуусу зарыл. Мен модель болуу үчүн эмес, өзүмдү татыктуу алып жүрүүнү үйрөнүү үчүн атайын курста окугам. Ал жактан дефиле, сүрөткө туура түшкөндү үйрөндүм. Ошондой эле өтө боёнгон кыздар жакпайт. Өзүм боёкко жакын эмесмин. Буюрса, окуумду бүтүп, банк тармагында иштегим келет.
– Банкир болгусу келген кыз каникулда эмне менен алек болуп жатат?
– Учурда түрк сериалдарын көрүп убакыт өткөрүп жатам. Андан сырткары үйдүн улуу кызы болгондуктан үй иштери менен алекмин. Үй жыйноо, тамак жасоо, ини-сиӊдилеримдин түйшүгү менин моюнумда. Тамакты түрлөп жасаганды жакшы көрөм. Өзгөчө лагман чойгондон ырахат алам. Сулуу болбосом да жылдыздуумун, эч кимге окшошпогон өзгөчөлүгүм бар деп ойлойм. Колумдан баары келет, андыктан сулуулар менен таймашканга даярмын.
_6.jpg)
_2.jpg)
_4.jpg)
_3.jpg)
_5.jpg)