Мен акыркы жолу жазганда Москвага билет алып койдум деп жазган элем. Менин үйгө барганыма бир айга жакындап калган эле. Бирок этек кирим кечиге баштады. Тест алып текшерип көрсөм эки сызык чыкты. Суйунгонумдон эмне кылаарымды билбей туруп эле калдым. Бирок дагы ишенбей врачка бардым бойумда бар экен, өтө слабый түшүп калышы мүмкүн деп маанайымды тушурду. Үйгө келип апама айттым. Менин кетээриме үч күн гана калган эле.
Күйөөм келбей коёбу деп корком Kenesh bergilechi
#142 06 Июль 2016 - 20:57
Айланайын доктурга барчы сен,потом успеешь написать свою историю????!
!!
#145 08 Июль 2016 - 23:13
ооба жаза бер timaika сенин окуян эсибизде,дальше эмне болду жараштынарбы?
жашоон бир нукка тушкон болсо жакшы,сага бактылуулук каалайм.
#146 09 Июль 2016 - 00:51
Вааай бул окуя озунчоле бир сериалго жазып койчу timaika не болду ошондо и канчанчы жылкысын жаза кетчи
#147 09 Июль 2016 - 02:31
Мен да баарын окуп чыктым. Мага да кызыктуу болуп жатат. себеби мен да азыр эки бала менен калган кезим
#149 09 Июль 2016 - 20:25
Ата-энем менен кенешип алган белетти кайра сатмай болдук. Себеби бойумда бар бойдон Москвага кете алмак эмесмин, эгер кетсем бала куйоомдон экенине кайын журтум ишенбеси толук мүмкүн болчу. "Россиядан бойунда болуп келиптир"
деп айтышаары белгилүү эмеспи. Бул тууралуу жолдошума ачык айттым, ал да кубанып калды. Экөөбүз күнүгө телефондо сүйлөшүп турабыз, урушуп кайра табышып ал болсо мени күнөөлөйт, "сен тамашаны чынга айланттын, мен сени мындай кылат деп ойлободум эле". А мен жыргаганымдан кеткен жокмун да. Айтор ушундай күндөр өтүп жатты, күйөөм жарашабыз дейт, мен деле ичимдеги бала үчүн макулмун, анан дагы мен аны жаман көргөн эмесмин эч качан, мага канча сөз айтса дагы, канча кет десе дагы көңүлүм калган жок. Ажырасам сыртымдан көңүлүм калгандай көрүнүп жаттым намысым үчүн. Акылым менен өзүмдү алаксытып жатканым менен жүрөгүм ошол деп гана туруп алды, андайда жүрөгүмдү алып ыргытып таштагым келип кетчү.
#151 09 Июль 2016 - 20:51
timaika9195 (09 Июль 2016 - 20:25) жазган:

куйоно айтта мен алдына барам деп
#152 09 Июль 2016 - 23:12
кайра жарашкыла,эми жашоодо өйдө-ылдый болот да
өзүң жаш да экенсиң!

#154 10 Июль 2016 - 00:21
Мен кеткенден кийин кандай гана сөздөрдү укпадым, кеткен келинди ким жакшы демек эле. Айла жок чыдашка туура келди. Бир күнү эле түндө жатаарда ичим аябай катуу ооруп калды, бир аздан соң ооруганы азайып калды, өзүм зорго жүргөн жаным ичимди кармап ыйлап жатып уктап калыптырмын.
Эртең менен ойгонуп оордумдан турсам шыр эле деп суу кеткенсиди түшүнбөй дааратканага чуркадым. Уюган кан түштү... Мына ошентип баламдан да ажырадым.
#155 10 Июль 2016 - 00:23
timaika9195 (10 Июль 2016 - 00:21) жазган:
Мен кеткенден кийин кандай гана сөздөрдү укпадым, кеткен келинди ким жакшы демек эле. Айла жок чыдашка туура келди. Бир күнү эле түндө жатаарда ичим аябай катуу ооруп калды, бир аздан соң ооруганы азайып калды, өзүм зорго жүргөн жаным ичимди кармап ыйлап жатып уктап калыптырмын.
Эртең менен ойгонуп оордумдан турсам шыр эле деп суу кеткенсиди түшүнбөй дааратканага чуркадым. Уюган кан түштү... Мына ошентип баламдан да ажырадым.
а кокуй десе,походу нерв болуп,стресс болгонсуң да...ошого боюңдан түшүп калган окшойт да

#156 10 Июль 2016 - 00:42
Күндөр кандай өтүп жатканын да билбей калдым, мен үчүн баары кызыксыз, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Атам менен апамдын жанында гана күлүп, көңүлүмду ачканга аракет кылам, анткени аларды капаланбасын,
менин ыйлаганымды,
кыйналганымды корбосун дейм. Аларды аяйм, мен кыйналсам апам байкуш менден эки эсе көп кыйналат. Эч сөз көтөрө албай калдым бирөө бир нерсе десе эле болду ыйлайм. Бир күнү абысыным телефон чалып "бойунда бар экен деп уктук, апам (кайненем) атамдар(кайнатам) сени келсин деп жатышат" дейт. Ушунчалык жиним келди аларга мен керек эмес бала керек экен. Бойумда жок менин, болгон бирок түшүп калды! -дедим. Ошол бойдон унчукпай калышты чалышкан да жок. Куйоомо айттым түшүп калганын ишенгиси келбеди бар нерсе кантип эле түшүп калсын, жок болсо керек да дейт.
#157 10 Июль 2016 - 01:11
timaika9195 (10 Июль 2016 - 00:42) жазган:

эх кызым,кайын- журтун абалынды тушунсо бир нерсе дейт эле го,жолдошундун деле оюу азыр бир жерде эмес,экоон тен жашсынар азыр,турмушту сындырыш оной,аны куруп кетуу эн зарыл нерсе,ар бир адамдын журогуозуно имам дейт, журогунду ук жакшылап ойлон,эркектер текебериреек болот,ата-энеси эмне десе ошону угуп коет,озундун журогун тупкурундо эмне деп жатат,ошону кылып ,турмушунду сактоого аракет кылып корогой.
#158 10 Июль 2016 - 01:22
Күйөөм мени үйгө алып келейин десе ата-энеси макул болбоптур. "Уйлоносун анын менен жаршпайсын"
- деп кыз издей башташат. Ал болсо "уйлонбойм канча кыз тапсанар да мен баарыбир жарашам" - деп туруп алыптыр. Бул жөнүндө жакында абысынымдан уктум. Бир күнү телефон чалып "мен барам жолугалы, маанилүү бир нерсени сүйлөшөбүз,
эптеп айласын таап үйдөн чык суранам" деди. Макул болдум, намыс деген менен менин тагдырым жөнүндө сөз болуп жаткан эле. Үйдөгүлөр баары уктаганда эч кимге билдирбей үйдөн чыктым жамгыр жаап жаткан эле. Жолуктук. Учурашып машинада сүйлөшүп отурдук. Ата - энеси уйлондуробуз деп жатышканын өзү мени менен жарашкысы келгенин айтты, уйлонбойм деп сөз берди. Мен анын жанында ушунчалык алсыз экенмин үйдөн даярдап айтам деп чыккан сөздөрүмдү да айта албадым. Ал мени кет дегени үчүн, мен кетип жатканда алып калбаганы үчүн өкүнгөнүн айтып кечирим сурады, мени кучактап алып ыйлады, мен да ыйлап жибердим. Көп нерсени сүйлөдү, таң калдым мындай сүйлөчү эмес эле, азыраак ичип алган экен, таптакыр ичкенин көргөн эмесмин. Уйунуздогулор келсин ортодо көп нерселер болуп өттү менин да ата энем бар, алардан уруксатсыз эч нерсе кыла албайм. Биздин айыбыздан кудалар да жаман - жакшы айтышып калышты бири-бирин кечиришсин,
алардын макулдугу болбосо кантип жарашабыз дедим. Үйүнө барып айтмак болду. Мен да атамдарга айттым алар да кудалар келсин анан сүйлөшөбүз деп койушту. Куттук келишкен жок... Демек алар бизди жараштыргысы келген жок. Бишкектеги туугандар иш бар келип иште, бир аз болсо да алаксыйсын,
үйдө отура берсең кысыласын, деп чакырып калды. Куйоомо айтсам баары бир кетпейт дедиби айтор маани бербеди. Апрель айында Бишкекке карай жол тарттым.
#159 10 Июль 2016 - 07:48
Жалал-Абадка жеткенде күйөөм чалды, Бишкекке кетип жатканымды айтсам "мен сени кетпе дегенмин эмнеге кетип жатасың? Ошол жерде түшүп кал таксиден мен азыр жетип барам, кетпейсин эч кайда мен үйгө алып келем, эгер урушса үйдөгүлөр анан экөөбүз чогуу кетебиз" деп кыйкырып жатты. Бирок кеч болуп калган Ата-энем бир туугандарымды уятка калтырып жарым жолдо калгым келбей кетип калдым. Бишкеке келгенден кийин бир дукондо сатуучу болуп иштей баштадым. Ишке алаксып эки көзүм эки колум жумушта болгону менен оюм таптакыр башка жакта. Бирок ойлобонуздар таптакыр эле өзүн таштап салыптыр деп, жок андай эмес өзүмдү карап күлө турган жерде күлүп, эч сыр билгизбейм сыртымдан.
#160 10 Июль 2016 - 10:40
Менин бир группалашымда суйгонуно тийген болчу.Болгон нерсени апасына айта берет экен,кайненем анттирет мынттирет депчи.Анан 2 ай жашап эле байкеси апасы келип септерин жыйып,ызы чуу кылып алып кеткен экен.Бала жалгыз бала болчу,атасы башка бир тууганы жок болчу.Ошого апасы оло чон той берген эле.Ошентип 2 ай жашады,группалашымын боюнда бар экен эле.Ал торой электе эле аяшым сразу башка бироого уйлонуп алды.Группалашым тороду,кыйналды.
Азыр чоноюп калган кызы.Ошол айтат мага эч качан ата_эне киришпеши керек экен деп.Ошол адамды озун тандап тийдинби чыдашын керек болчу.Контракты эмне кыласын,диплому барлар деле журотго.Бир ошону деп бактына балта чаппа.Ал эми торойсун,5 жыл дегенде торогондор да бар.Эркек балдар гордый болот,келбей коюшу мумкун.Алар жап жаш кыз деле алып алат.Андан коро кантип кеттин ошентип бар кайра.