Суперстан: Күйөөм келбей коёбу деп корком - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Күйөөм келбей коёбу деп корком Kenesh bergilechi

#141 Пользователь офлайн   timaika9195   06 Июль 2016 - 18:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Мен акыркы жолу жазганда Москвага билет алып койдум деп жазган элем. Менин үйгө барганыма бир айга жакындап калган эле. Бирок этек кирим кечиге баштады. Тест алып текшерип көрсөм эки сызык чыкты. Суйунгонумдон эмне кылаарымды билбей туруп эле калдым. Бирок дагы ишенбей врачка бардым бойумда бар экен, өтө слабый түшүп калышы мүмкүн деп маанайымды тушурду. Үйгө келип апама айттым. Менин кетээриме үч күн гана калган эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   luna..92   06 Июль 2016 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 234
  • Катталган: 13 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 31 Авг 2016 22:11

Айланайын доктурга барчы сен,потом успеешь написать свою историю????! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   kani87   07 Июль 2016 - 17:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 03 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 23 Янв 2019 00:28

Анан эмне болду? Жаза бербейсинби, кызыктырбай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   jumka0505   08 Июль 2016 - 01:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 17 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Авг 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты

Жазыныз кутуп окуйбуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Begimjan   08 Июль 2016 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 16 Май 16
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 12:47

ооба жаза бер timaika сенин окуян эсибизде,дальше эмне болду жараштынарбы? жашоон бир нукка тушкон болсо жакшы,сага бактылуулук каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Bahira   09 Июль 2016 - 00:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 21 Май 16
  • Соңку аракети: 07 Апр 2018 11:42

Вааай бул окуя озунчоле бир сериалго жазып койчу timaika не болду ошондо и канчанчы жылкысын жаза кетчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   samarjchka   09 Июль 2016 - 02:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июл 2016 02:29

Мен да баарын окуп чыктым. Мага да кызыктуу болуп жатат. себеби мен да азыр эки бала менен калган кезим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   timaika9195   09 Июль 2016 - 19:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Мен 1995-жылы төрөлгөнмун. Оштон болом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   timaika9195   09 Июль 2016 - 20:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Ата-энем менен кенешип алган белетти кайра сатмай болдук. Себеби бойумда бар бойдон Москвага кете алмак эмесмин, эгер кетсем бала куйоомдон экенине кайын журтум ишенбеси толук мүмкүн болчу. "Россиядан бойунда болуп келиптир" деп айтышаары белгилүү эмеспи. Бул тууралуу жолдошума ачык айттым, ал да кубанып калды. Экөөбүз күнүгө телефондо сүйлөшүп турабыз, урушуп кайра табышып ал болсо мени күнөөлөйт, "сен тамашаны чынга айланттын, мен сени мындай кылат деп ойлободум эле". А мен жыргаганымдан кеткен жокмун да. Айтор ушундай күндөр өтүп жатты, күйөөм жарашабыз дейт, мен деле ичимдеги бала үчүн макулмун, анан дагы мен аны жаман көргөн эмесмин эч качан, мага канча сөз айтса дагы, канча кет десе дагы көңүлүм калган жок. Ажырасам сыртымдан көңүлүм калгандай көрүнүп жаттым намысым үчүн. Акылым менен өзүмдү алаксытып жатканым менен жүрөгүм ошол деп гана туруп алды, андайда жүрөгүмдү алып ыргытып таштагым келип кетчү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Madina2000   09 Июль 2016 - 20:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 22 Июнь 16
  • Соңку аракети: 30 Июл 2016 15:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ысык-Кол

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   nuru95kg   09 Июль 2016 - 20:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 469
  • Катталган: 13 Март 14
  • Соңку аракети: 15 Янв 2020 00:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен р

Просмотр сообщения timaika9195 (09 Июль 2016 - 20:25) жазган:

Ата-энем менен кенешип алган белетти кайра сатмай болдук. Себеби бойумда бар бойдон Москвага кете алмак эмесмин, эгер кетсем бала куйоомдон экенине кайын журтум ишенбеси толук мүмкүн болчу. "Россиядан бойунда болуп келиптир" деп айтышаары белгилүү эмеспи. Бул тууралуу жолдошума ачык айттым, ал да кубанып калды. Экөөбүз күнүгө телефондо сүйлөшүп турабыз, урушуп кайра табышып ал болсо мени күнөөлөйт, "сен тамашаны чынга айланттын, мен сени мындай кылат деп ойлободум эле". А мен жыргаганымдан кеткен жокмун да. Айтор ушундай күндөр өтүп жатты, күйөөм жарашабыз дейт, мен деле ичимдеги бала үчүн макулмун, анан дагы мен аны жаман көргөн эмесмин эч качан, мага канча сөз айтса дагы, канча кет десе дагы көңүлүм калган жок. Ажырасам сыртымдан көңүлүм калгандай көрүнүп жаттым намысым үчүн. Акылым менен өзүмдү алаксытып жатканым менен жүрөгүм ошол деп гана туруп алды, андайда жүрөгүмдү алып ыргытып таштагым келип кетчү.


куйоно айтта мен алдына барам деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Kani1994   09 Июль 2016 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

кайра жарашкыла,эми жашоодо өйдө-ылдый болот даСүрөтөзүң жаш да экенсиң!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Richard_Hainz   09 Июль 2016 - 23:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 24 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Апр 2017 07:58

Куйоон келбей калса мага чал :wacko:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   timaika9195   10 Июль 2016 - 00:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Мен кеткенден кийин кандай гана сөздөрдү укпадым, кеткен келинди ким жакшы демек эле. Айла жок чыдашка туура келди. Бир күнү эле түндө жатаарда ичим аябай катуу ооруп калды, бир аздан соң ооруганы азайып калды, өзүм зорго жүргөн жаным ичимди кармап ыйлап жатып уктап калыптырмын. Эртең менен ойгонуп оордумдан турсам шыр эле деп суу кеткенсиди түшүнбөй дааратканага чуркадым. Уюган кан түштү... Мына ошентип баламдан да ажырадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Kani1994   10 Июль 2016 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения timaika9195 (10 Июль 2016 - 00:21) жазган:

Мен кеткенден кийин кандай гана сөздөрдү укпадым, кеткен келинди ким жакшы демек эле. Айла жок чыдашка туура келди. Бир күнү эле түндө жатаарда ичим аябай катуу ооруп калды, бир аздан соң ооруганы азайып калды, өзүм зорго жүргөн жаным ичимди кармап ыйлап жатып уктап калыптырмын. Эртең менен ойгонуп оордумдан турсам шыр эле деп суу кеткенсиди түшүнбөй дааратканага чуркадым. Уюган кан түштү... Мына ошентип баламдан да ажырадым.


а кокуй десе,походу нерв болуп,стресс болгонсуң да...ошого боюңдан түшүп калган окшойт даСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   timaika9195   10 Июль 2016 - 00:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Күндөр кандай өтүп жатканын да билбей калдым, мен үчүн баары кызыксыз, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Атам менен апамдын жанында гана күлүп, көңүлүмду ачканга аракет кылам, анткени аларды капаланбасын, менин ыйлаганымды, кыйналганымды корбосун дейм. Аларды аяйм, мен кыйналсам апам байкуш менден эки эсе көп кыйналат. Эч сөз көтөрө албай калдым бирөө бир нерсе десе эле болду ыйлайм. Бир күнү абысыным телефон чалып "бойунда бар экен деп уктук, апам (кайненем) атамдар(кайнатам) сени келсин деп жатышат" дейт. Ушунчалык жиним келди аларга мен керек эмес бала керек экен. Бойумда жок менин, болгон бирок түшүп калды! -дедим. Ошол бойдон унчукпай калышты чалышкан да жок. Куйоомо айттым түшүп калганын ишенгиси келбеди бар нерсе кантип эле түшүп калсын, жок болсо керек да дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   azyk_kyrgyz   10 Июль 2016 - 01:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 03 Июль 16
  • Соңку аракети: 19 Сен 2016 12:02

Просмотр сообщения timaika9195 (10 Июль 2016 - 00:42) жазган:

Күндөр кандай өтүп жатканын да билбей калдым, мен үчүн баары кызыксыз, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Атам менен апамдын жанында гана күлүп, көңүлүмду ачканга аракет кылам, анткени аларды капаланбасын, менин ыйлаганымды, кыйналганымды корбосун дейм. Аларды аяйм, мен кыйналсам апам байкуш менден эки эсе көп кыйналат. Эч сөз көтөрө албай калдым бирөө бир нерсе десе эле болду ыйлайм. Бир күнү абысыным телефон чалып "бойунда бар экен деп уктук, апам (кайненем) атамдар(кайнатам) сени келсин деп жатышат" дейт. Ушунчалык жиним келди аларга мен керек эмес бала керек экен. Бойумда жок менин, болгон бирок түшүп калды! -дедим. Ошол бойдон унчукпай калышты чалышкан да жок. Куйоомо айттым түшүп калганын ишенгиси келбеди бар нерсе кантип эле түшүп калсын, жок болсо керек да дейт.


эх кызым,кайын- журтун абалынды тушунсо бир нерсе дейт эле го,жолдошундун деле оюу азыр бир жерде эмес,экоон тен жашсынар азыр,турмушту сындырыш оной,аны куруп кетуу эн зарыл нерсе,ар бир адамдын журогуозуно имам дейт, журогунду ук жакшылап ойлон,эркектер текебериреек болот,ата-энеси эмне десе ошону угуп коет,озундун журогун тупкурундо эмне деп жатат,ошону кылып ,турмушунду сактоого аракет кылып корогой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   timaika9195   10 Июль 2016 - 01:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Күйөөм мени үйгө алып келейин десе ата-энеси макул болбоптур. "Уйлоносун анын менен жаршпайсын" - деп кыз издей башташат. Ал болсо "уйлонбойм канча кыз тапсанар да мен баарыбир жарашам" - деп туруп алыптыр. Бул жөнүндө жакында абысынымдан уктум. Бир күнү телефон чалып "мен барам жолугалы, маанилүү бир нерсени сүйлөшөбүз, эптеп айласын таап үйдөн чык суранам" деди. Макул болдум, намыс деген менен менин тагдырым жөнүндө сөз болуп жаткан эле. Үйдөгүлөр баары уктаганда эч кимге билдирбей үйдөн чыктым жамгыр жаап жаткан эле. Жолуктук. Учурашып машинада сүйлөшүп отурдук. Ата - энеси уйлондуробуз деп жатышканын өзү мени менен жарашкысы келгенин айтты, уйлонбойм деп сөз берди. Мен анын жанында ушунчалык алсыз экенмин үйдөн даярдап айтам деп чыккан сөздөрүмдү да айта албадым. Ал мени кет дегени үчүн, мен кетип жатканда алып калбаганы үчүн өкүнгөнүн айтып кечирим сурады, мени кучактап алып ыйлады, мен да ыйлап жибердим. Көп нерсени сүйлөдү, таң калдым мындай сүйлөчү эмес эле, азыраак ичип алган экен, таптакыр ичкенин көргөн эмесмин. Уйунуздогулор келсин ортодо көп нерселер болуп өттү менин да ата энем бар, алардан уруксатсыз эч нерсе кыла албайм. Биздин айыбыздан кудалар да жаман - жакшы айтышып калышты бири-бирин кечиришсин, алардын макулдугу болбосо кантип жарашабыз дедим. Үйүнө барып айтмак болду. Мен да атамдарга айттым алар да кудалар келсин анан сүйлөшөбүз деп койушту. Куттук келишкен жок... Демек алар бизди жараштыргысы келген жок. Бишкектеги туугандар иш бар келип иште, бир аз болсо да алаксыйсын, үйдө отура берсең кысыласын, деп чакырып калды. Куйоомо айтсам баары бир кетпейт дедиби айтор маани бербеди. Апрель айында Бишкекке карай жол тарттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   timaika9195   10 Июль 2016 - 07:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2020 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар дуйносу.

Жалал-Абадка жеткенде күйөөм чалды, Бишкекке кетип жатканымды айтсам "мен сени кетпе дегенмин эмнеге кетип жатасың? Ошол жерде түшүп кал таксиден мен азыр жетип барам, кетпейсин эч кайда мен үйгө алып келем, эгер урушса үйдөгүлөр анан экөөбүз чогуу кетебиз" деп кыйкырып жатты. Бирок кеч болуп калган Ата-энем бир туугандарымды уятка калтырып жарым жолдо калгым келбей кетип калдым. Бишкеке келгенден кийин бир дукондо сатуучу болуп иштей баштадым. Ишке алаксып эки көзүм эки колум жумушта болгону менен оюм таптакыр башка жакта. Бирок ойлобонуздар таптакыр эле өзүн таштап салыптыр деп, жок андай эмес өзүмдү карап күлө турган жерде күлүп, эч сыр билгизбейм сыртымдан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   MIRAN   10 Июль 2016 - 10:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 19 Янв 2018 22:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Менин бир группалашымда суйгонуно тийген болчу.Болгон нерсени апасына айта берет экен,кайненем анттирет мынттирет депчи.Анан 2 ай жашап эле байкеси апасы келип септерин жыйып,ызы чуу кылып алып кеткен экен.Бала жалгыз бала болчу,атасы башка бир тууганы жок болчу.Ошого апасы оло чон той берген эле.Ошентип 2 ай жашады,группалашымын боюнда бар экен эле.Ал торой электе эле аяшым сразу башка бироого уйлонуп алды.Группалашым тороду,кыйналды. Азыр чоноюп калган кызы.Ошол айтат мага эч качан ата_эне киришпеши керек экен деп.Ошол адамды озун тандап тийдинби чыдашын керек болчу.Контракты эмне кыласын,диплому барлар деле журотго.Бир ошону деп бактына балта чаппа.Ал эми торойсун,5 жыл дегенде торогондор да бар.Эркек балдар гордый болот,келбей коюшу мумкун.Алар жап жаш кыз деле алып алат.Андан коро кантип кеттин ошентип бар кайра.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: