Жолдошум өз үйүмө такыр жөнөткүсү келбейт ушул туурабы? Кеңеш күтөм...
#101 09 Июль 2016 - 15:27
менин жолдошумда коп жонотпойт.5ай болду бара элегиме.эми кундо сурайм деп эле сурай албай журом....
#102 09 Июль 2016 - 16:13
Араныздардан эн эле коп барганы мен экем.Шаардан ата-энемин уйуно чейин 1сааттык жол.Мен озум каалаганда барып келип журо берем,жума сайын.Куйоом экообуз чогуу келип туноп деле кете беребиз.Мен кундузу апамдыкына келип жатып кетем десем,кечинде озудагы жумуштан чыгып алып жетип келет мен деле апамды сагындым деп.
#103 09 Июль 2016 - 19:33
BeStOne (09 Июль 2016 - 15:07) жазган:
Келин болгондо уйуно бат бат баргысы келип калабы же уйунон алыс чыкпай журуп турмушка чыккан келиндерде ошондой болобу?..
Мен уйдон алыстаганыма почти 10жыл болот, мурда бир жылда 3-4 жолу барчумун, азыр айда жылда бир барып эле кайра кайтам 4-5 сааттык жолдо.
Мен уйдон алыстаганыма почти 10жыл болот, мурда бир жылда 3-4 жолу барчумун, азыр айда жылда бир барып эле кайра кайтам 4-5 сааттык жолдо.
Экинчиси окшойт.
Мен да алгач туулуп оскон жеримден алыстап окууга борборго келгенде уйду, апамды, синдимди, айылымдын жытын сагынып ыйлачумун. Телефон чалып алып, озумду карманайын десем болбой апамдын унун укканда эле коздон жаштар кетчу томолонуп. Жакшы беззвучный ыйлайт элем, болбособу

Кийин турмушка чыкканда оз уйумду сагынгандай, жашап жургон жеримди сагынып, жашаган кичи районума барып келгим келе берчу

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#104 10 Июль 2016 - 05:27
А мен азыр куйом уйдон кууп эшикте отурам,москвадабыз.
каяка барам апамын уйу жакын болгондо
#105 10 Июль 2016 - 05:29
#106 10 Июль 2016 - 07:35
Жаш кезимде уйго барсам женем уйдо жок болор эле,жок болсо жок да кеткенимче апам менен кенен суйлошуп,уйлорун жыйнап,каалаган тамагын жасап,апамын конулун которуп келет элек.Бирде барсак апам ооруп тошокто жатыптыр,женем жок.Чон атабыз апасы жок болгон учунбу апамы оз апасындай жакшы коруп,кенже баласындай эркелеп алат эле.Эне женемди торкунго азыраак жонотсонуз деп калды.Э балам менден сурап отурабы,баласын которуп ундобой эле жолго тушот.Эми тенелсем эл журтка уят.балам сазаасын кудайым озу берет деп койду.Арадан уч торт жыл отту.Биз бир жылда отпускага чыканда колдун сезонунда бир айга барат элек.Адатыбызча барсак женем ыйлактап калды,элдин кыздары бир айга келет мен эле торкунумо баралбайм деп.Бара кой балам сени ким кой дейт десе.
Мунабулар да колуму,бутуму байлаган бирини которсом бири калат,экоону которсом бири жакшыраак баса албайт же баланар жеткирип койбойт деп ыйлактап калды.
Корсо кудайым сазасын берип бир жаш,бир жарым жаш кылып,уч бала берип,кудайым колу бутун байлап койгон экен.Апамын созу эсиме тушуп и карылардын созу бекер кетпейт экен деген ой келген.Оз кызым да уйго келгиси келип,ыйлактап журду ошондо куйо балама балам азыр кош кат,конулун коп эле оорута бербе конулу калып калбасын аз калды бар десен да келе албай калган кун келе атат,чыдап кой балам.Эсен аман тороп алса эки баласы менен деле келе албай калат деп тамашалап женемди айтып бердим эле.Туздан жаман нерсе жок,майга эрибей сууга эрийит,кыздан жаман нерсе жок,озго эрибей жатка эрийит демекчи бул нерселер кыздарым откунчуу,отуп кетет кийин оз уйун жатка окшоп барсан да уктай албай,оз уйунду балдарынды ойлоп кеткенче шашасын.Менин бир эжем бар эле бары жогу келишкен,ай чрактай,Таттыбубу эже жолдо калат эле.Ошол эжемди жездем уйго жонотпойт эле,озу менен кошо келип,кошо кетет эле.Апам раматылык мунун сулуулугу озуно душман болду,ормуру кенен баса албады,уйго кенен келе албады деп калат эле.Бул бечара балам озунон деле кызганат деп калаар эле.Жездем 79 га чыгып каза болду ошондо иниси Жене сизге ракмат ,агамын кызганычына чыдап жашадыныз,конулуно карап бир эркин жашоону билбединиз, сизге ракмат эми балдарыныздын уйуно эркин басып,балдарыныздын убайын корунуз десе.Тобо корсо оз туугандары да билчуу экен да.
Кызганыч эркеке айла жок,уруш аз болуп,уйго кут консун десенер конулуно карап иш тутушунар керек.Кан менен синген жан менен чыгат демекчи,калышы кыйын.
Жездем озунун 70 жылдык марекесинде, эки куплет жубайыма деп озум жаш кезимде чыгаргам деп ырдап бутуп эжебиздин бетинен оп,козуно жаш алганда,жездем эжемди ото башкача суйорун тушунгом.Омуру откончо астына салып,кошо басып,кошо туруп,жан сакчыдай жанынан жылбай,эжеме да азап берип ишенбей,озу да азап чегип жашаганына, козу отуп баратып да эжемин колун бекем кармап,козун тарта албай кеткенин уканымда жашоо ото татаал экенине дагы бир жолуу тан бергем. Техникумда окуп жургон жеринен 16 жашында ала качып,ар бир торогон баласын мунун кашы эмнеге кара,козу энеге кара,менден эмес башкадан деп эзет эле.Бир барсам жездемин озу мурундары барбайып,капкара куник кыз тороптур.И эже жездем оло суйунсо керек,озуно копия кыз торопсуз десем.Жок ай муну тигти жогору жакта бир чал бар ошондон торогом десе.Корсо озуно окшогон кызын деле озуно окшото албаптыр бечара жездем.Бирок балдарын ото жакшы корот эле.
Корсо бечара жездем журогу суйуп турса да оозу менен эзип, аялынын келишкен келбети,ай чырайы омур бойуу азап берип кыйналган экен да....
Ошон учун эркек киши кызганат ошол капризине чыдап,конулун карап койсонор турмушунар оз ордунда болуп,бейкут жашайсынар кыздарым...

#107 10 Июль 2016 - 09:52
Менин кайн журтум каалашынча жур дейт жолдошум уйдо болсо 2 кунго аран жонотот болбосо озу алып барып алып келет.
#108 10 Июль 2016 - 10:15
Бизде деле ушул койгой бар,бирок биздики жолдун узактыгына байланыштуу
#109 10 Июль 2016 - 12:59
Ушундай да болчу беле. Оз ата-энесинин уйуно жонотпогон.
Кеп кызганычта эмес. Мындайды мен акылсыздык деп билем. Эркек деле оз ата энесин сагынса керек да копко чейин корбосо. Озун аялынын ордуна коюп анан жакшылап ойлонуш керек да.
#110 10 Июль 2016 - 16:12
#111 10 Июль 2016 - 16:49
begisha (09 Июль 2016 - 15:13) жазган:
Араныздардан эн эле коп барганы мен экем.Шаардан ата-энемин уйуно чейин 1сааттык жол.Мен озум каалаганда барып келип журо берем,жума сайын.Куйоом экообуз чогуу келип туноп деле кете беребиз.Мен кундузу апамдыкына келип жатып кетем десем,кечинде озудагы жумуштан чыгып алып жетип келет мен деле апамды сагындым деп.
#112 10 Июль 2016 - 16:57
мен жаны турмуш курганда озум иштеген учун бара алчу эмесмин торогондон кийин ай сайын жонотчу азыр эки балам бар эки бала м.н ызылдап баргынын деле азайып калат экен бирок барам дегенде жонотпосо уйдо ыйлап таарынып суйлобой отуруп барып келем 1 жумадай журом
#113 10 Июль 2016 - 17:25
elnur9097 (10 Июль 2016 - 16:12) жазган:
Эшиктин астында отура бердим вай файга уланып алып,4жарымга чейин отурдум акыры туалетке баргым келип чыдабай калганда чалсам алып кирди.Боюнда барда туалетке эле барып калаткенсинго.
Адамдык сапаты томон го куйоонордун, боюнарда да болсо эшикке чыгарып койгон кандай неме.
#114 10 Июль 2016 - 17:45
Турмушка чыга электер ,муну тушунуп жете бербейт. Канчалык оз уйунду самаганынды,
соз менен айтып болбойт .
Бизде кайненем барып кел дейт кобунчо ,куйоом деле сурасам жонотот ,бирок тез эле кел дей берет .Уйум жакын бир айылдан ,экинчи айылга тушконмун ,ошол учун мен учун проблема боло элек экен . Куйоом жокто ,2-3 кунго жонотот кайненем ,апан ишке кетсе нан-ашын кылып тур деп .А куйоом барда 1 кун же кечке келип калабыз. Силер жок уй суз ,зеригичтуу болот экен ,кечке келе берчи дейт.
Анан жогоруда ,1-2-3 жыл дегендерге тан калдым чындыгында
Апанды корбой ,оз уйунду корбой кантип болсун?Ата -энен козу тируудо барбасан кийин убакыт келет ,барган менен деле майнап чыкпай турган кез .Ошол учун тез-тез барып тургула келиндер.

Анан жогоруда ,1-2-3 жыл дегендерге тан калдым чындыгында

Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.
#115 10 Июль 2016 - 19:46
Айтургаша азыр баары жакшы болсо керек э козу?
Внешность - это козырь , но не туз…
#116 11 Июль 2016 - 00:15
Ата энени козу барда сыйлап тез-тез эле барып турган он го,эгер кайнжурт туура тушунушсо
#117 11 Июль 2016 - 00:16
Ата энени козу барда сыйлап тез-тез эле барып турган он го,эгер кайнжурт туура тушунушсо
#118 11 Июль 2016 - 15:48
Кызганыш керек,бирок чеги менен.
Грехи других судить Вы так усердно рветесь,начните со своих, и до чужих не доберетесь.
#119 12 Июль 2016 - 14:35
#120 23 Август 2016 - 09:18
Менде такыр тескери.мен торкунумо канча кун журсом да унчукпайт, бир звонок да кылып койбойт кантип, не кылтасын деп. Кайра озум зв кылам качан барайын деп , озун бил дейт. Себеби ага баарибир , уйдо бармынбы же жокмунбу. Эмесе уйлонгонубузго 1жыл боло элек . Так что, чынын атсам "каерде журосун, качан келесин, не кылып атасын" деп такып сурайт деп айткан келиндерге суктанам. Себеби эн жаманы безразлично мамиле кылган куйоо экен.