Кайнатанын кылыгы Кайнатанын кылыгы
#61 14 Июль 2016 - 21:36
#62 14 Июль 2016 - 22:08
raia (14 Июль 2016 - 08:38) жазган:
Мен виритте эле эмес турмушумда да шерменде адамга жолукпагам да мындай созду биринчи айтпай туруп жазып отурам.Бул созду айтыштан кудай сактасын.Мен кыргыз элимдин бир кана жонокой бирок тарбиясы зор мамилени кана айткым келген.Келин бала кайнатаны ото сыйлаган,тастайып кайнатаны карабаган,астынан кесип отпогон,аркасын салып баспаган,унун катуу чыгарбаган, тике карабаган бул жазуусуз мыйзам болгон.Чон энеден энеге,энеден кызга ,кыздан балага болуп айтылып,кулака алтын сырга кылып тагылып келген.Мен да бир азынарга кулак сырга кылайын десем ал номурум отпой калгансыптыр ал учун кечирим сурайм...
Кулагы тешилбесе сырга салыш кыйын да...
Эми жаштарга бол созго кана айтам,уруштан кудай сактасын.Мен эч качан "СЕН"-деп айтпайм,айтпоого, конулун орутпашка тырышам.Аз кунчолук омурдо,капа кылгым келбейт.Вирит жашоо болсо да мен силерге жакшылыкты кана каалайм.кыздарым. Пешенемдеги адам кандай болсо ошондой кабыл алам,капа болбойм бирок сага жооп жазбасам деле болот эле бир кана айтпаган созду айты кылганына,урушасыз дегенине тушундуруу жазып кетким келди.
Менин жашымды сыйлаган жаштарга минден бир ракмат,Алла озу раазы болсун...
Сыйлабагандарга деле ракмат анткени алар деле оз денгелинде мага эскертуу берди..
Мен кабыл алдым.Бирок туура заман озгордуу,адамдар озгордуу биздин заман откон чак,бирок откон чак дейин десем озумдун келиндерим, туугандардын келиндери дагы эле кайнатаны сыйлап,астынан тике паспай ата деп кыйя тиктебегенин коруп журом мун учун дагы эле сый урмат бар го деп айта алам.
Ал заман откон заман деген менен,озубуз тарбиялуу болуп,жаман кайнатаны да жакшылык менен которо билип,жаманын жаап,жакшысын чыгарып,бизден кийинки муунга откоруп берсек деген тилек.Эркектер окууса уят дедим оба мен кошуна келиндердин башындагы иш,силердин башынарга тушуп оз атасына ишенбей ойлоруна кудук ой тушуп калбасын дегеним.Мен кайната келинге козун алайтат,эрим кайнатам менен жангыз калсам эрим ишенбей эзет,кызганат деген созду кошуна калктан угуп,тобо беш маал намаз окуусанар да ыйманынар жок экен,ак дарстокондун устундо айтылуучу соз эмес деп ордуман туруп кеткем ошондо мен 30 га чыга элек жаш элем....
Эми мин кайната жаман болсо да мен учун кайнатаны сындаш,мындай андай дештин озу уят,мен силерди уяты жок дебейм жон кана уят.
Кыргыз элиме туура келбеген жорук.Бул жерде кайнатанын кылык жоругу калып эле жазган келиндер учун,окууган кээ бир мага окшогон инсандар учун ынгайсыз,акылы бар адам каап кайнатаны жазбай эле койбоптур да деген ой келет....
Анткени кайнатанын кылыгы башында калсын,башка адамдар учун АТА бул аска зоо,ишенген тирегин,акыл берер кенешчин,жол корсотор акылманын го...
Кайната да ата,ата бул уйубуздун куту...
Мен ошону кана айткым келди.
Рая эже мен сиздин созунузго кошулам.Айла жок азыр 21-кылым,демократия дегенди бетке кармап алды.Сиз айткандай азыр деле бар,кайын ата эле эмес улуу кишинин алдынан кыя отпогон.Сууну синген жерге ток дейт.Капа болбон.
#63 14 Июль 2016 - 22:15
ErlanGulya (13 Июль 2016 - 14:45) жазган:
.Жакшы келин кайын журтуна жагат.Жакшы келин кайын журтун жамандабайт. Макул турмуш озу баарын тарбиялайт. Башка соз айтпайм жана мага комент жазбай эле кой карындашым.
#64 14 Июль 2016 - 22:58
Jyrgal_msk (14 Июль 2016 - 22:15) жазган:
#65 14 Июль 2016 - 23:01
Durdana (14 Июль 2016 - 19:36) жазган:
#66 15 Июль 2016 - 08:35
Jyrgal_msk (14 Июль 2016 - 22:15) жазган:
Силерге комент жазганда деле тушунбой жатсанар эмне кылам жазып! Бул жерде мен жамандаган жокмун айланайын. Силердин кайнатанар же атанар жакшы болсо бул дуйнодо баарык эле кайнаталар жакшы деген эмес. Эркектин эркектей эле болгону жакшы! Ар нерсеге башын тыкпай.
#67 15 Июль 2016 - 14:42
#68 16 Июль 2016 - 13:55
ErlanGulya (09 Июль 2016 - 14:49) жазган:
Менин кайнатам деле оо дарбазадан кирип келатканда чай барбы тамак барбы деп келет,бироолор келсе да ошентет,келиндер пырпырап калабыз го эки мунотто баарын дапдаяр кылып,Кайнатамын сырын билгенден кийин ар дайым чай кайнап турат плиткада.тамак дагы тез даяр болот,же тамак жасап койгон болобуз.Келген адамдар да келиндеринер жакшы экен мына бир паста баары даяр.чайын бергиче тамагынар да келип калды деп мактап кетишет.Алар да курсан,биз да курсант болуп калабыз.Башында мен да коно албай журдум кирелек жатып тамак деп кыйкырып келет деп,бара бара уйрондук,озубузго жакшы болду
#69 17 Июль 2016 - 13:56
Aylini (14 Июль 2016 - 19:58) жазган:
Андай учурда күйөөсү жакшы болуш керек.Ошентип атса баарын куйоосуно айтат.Куйоосу чечиш керек.Кайын ата кет,жогол десе да куйоон чечет.Арманынды, арыз-мунундун баарын куйоосуно айтышын керек.Эгер ал чечпесе,ата- энене айт.Мындай корунуш ото эле аз санда.Мен турмушумда кезиктире элекмин.Ошон учун кимде куноо экенин билбейм.Ажырашкандан кийин келин куноонун баарын кайын журтуна шылтайт.Балким келин жалган айткандыр.
Эркектердин копчулугу узун кийип,жоолук салынып,намаз окуп турса,жакшы суйлоп турса тийишип,жаман суйлогондон айбыгат.Даже кайын атасы да...
Билдирүүнү түзөткөн: Jyrgal_msk: 17 Июль 2016 - 14:41
#70 17 Июль 2016 - 14:22
ErlanGulya (15 Июль 2016 - 05:35) жазган:
Мен тушунбой эмес,сен тушунбой жатпайсынбы. Жоолугум жок,каалагандай журом дейсин.Анан кайын атанды сыйлагандыкка киреби?Менин келинчегим дайыма жоолук салып,узун кийинет,эжелерим, карындаштарым баары ошондой.Мен атамы сыйлаганына ыраазымын.Эгер атама каяша айтып,озум билем десе албетта аялымды урушмакмын. Тике карап суйлотпойм атама куда кааласа.
Силер озунор сыйлабай анан кайын атанарды жамандап киресинер.Любой жакшы эркек киришет,уят болгусу келбейт конокторго. Андай адамдар эл арасында баркы бар адамдар.Тултуюп жоош болуп,унчукпай отурганды каалайт экенсинда.Жакшы кайын атан бар экен унчукпаган, ошон учун сыйлабай атасынар.Мисалы атам да чай алып кел,дасторкон сал деп кыйкырат,келиндер атам коноктордун алдында уят болбосун деп кыймылдайт. Эгер баары болуп турса,неге кыйкырмак эле.Ооба мен да киришчээкмин. Бул жаман адам дегенге кирбейт.Коп нерсени билген адам,коп нерсени коргон адам ошондой болот.Мен коргон жакшы адамдардын баары ошондой киришчээк.Коноктордун алдында жузу жарык болгусу келет.Жоолук салынып,узун кийип жакшылап узатсанар келиндери жакшы экен деп жакшы создорду угасынар.
Мен сенден кыйла улуу болсом керек карындашым. Кылсан да,кылбасан да озундун ишин.Айтаарым жакшы келин болуп эле,кайындарындын жакшы созуно арзып,башка келиндерге улгу болуп кой деген эле созум.Кайын журттан,кошуналардан мактоо угуп турсан жакшы го....
#71 17 Июль 2016 - 14:25
Tiguuchu (16 Июль 2016 - 10:55) жазган:
Мына ушундай кайын ата,силердей келин болуш керек.Алкыш силерге!
#72 17 Июль 2016 - 14:37
#73 17 Июль 2016 - 14:39
Баары жакшы, мен жаман...
#74 17 Июль 2016 - 18:20
Jyrgal_msk (17 Июль 2016 - 13:56) жазган:
Эркектердин копчулугу узун кийип,жоолук салынып,намаз окуп турса,жакшы суйлоп турса тийишип,жаман суйлогондон айбыгат.Даже кайын атасы да...
#75 18 Июль 2016 - 15:52
#76 18 Июль 2016 - 16:01
#77 19 Июль 2016 - 00:13
jazolina (18 Июль 2016 - 16:01) жазган:
кошулам +100
#78 19 Июль 2016 - 11:05
#79 21 Июль 2016 - 22:18
#80 21 Июль 2016 - 22:24
Araika (09 Июль 2016 - 17:01) жазган:
Кандай сонун кайынатаныз бар экен, коз тийбесин. Менин да келечекте сиздин кайынатаныздай кайынатам болсо деп тилек кылып койдум
