Суперстан: Үйгө алып барчу темир жол... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үйгө алып барчу темир жол...

#1 Пользователь офлайн   adilet_rc   14 Июль 2016 - 22:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 04 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2017 08:13
  • Жынысы:Эркек

Такыр поездде жүрүп көрдүнөр беле? Вагондор силкилдеп жүрө берет, ал эми айнектен карап отурсаң шуулдап өткөн ар кыл адамдар: жонуна кетмен илип алып талаа сугарып жүргөн дыйкан, кубалашмак ойноп жүрүшкөн секелек балдар, кара терге чыланып жол боюндагы бактарды кыйып, аралап аткан кишилер, эч кайгы-капа жок суунун боюнда эс алып жүргөн жаштар, башкача айтканда, жашоону ар кандай призмадан көрө аласың. Бирок эң кызыктуусу, сен үчүн алар бир канча секунддук гана көз ирмемдер. Пайда болуп, дароо жок болуп кетишет. Так эле чыныгы жашоодой…

- Улук, даярдан, түшөбүз.

Марат байкемдин сөздөрү ойлорумду бөлүп калды. Биз келе жаткан поезд утурлай ылдамдыгын азайтып, кезектеги станциядан токтоду. Мен элдерге тике карай албайм, көзүмдү ала кача берем. Андыктан байкемдин далына жашындым да, экөөбүз поездден түштүк. Ал машинист мн коштошуп атты. Көп көнүл бурган жокмун, жаңы станция менен таанышып аттым. Станциянын жанында кичинекей кепе жана эски, кулайын-кулайын деп калган сарайы бар экен.

Машинист сигналды катуу берип, поезд ордунан козголду. Чочуп кеттим. Негизи катуу дабыштан корком. Дароо кулагымды жабып, жерге отура калдым. Ооба, 20 жаштагы баланын мындай жоруктары күлкүнү келтирсе керек, бирок мен чын эле коркчумун. Өзүмдү көзөмөлдөй албай калам мындай учурларда. Дайыма баш катаарга жер издеп, ызылдап калам. Баары эле мени келесоо баласын дей беришет. Жалгыз гана ата-энем «өзгөчөөм» деп турушат.

Марат байкем мени абайлап тургузуп, кепени көздөй жетеледи. Биз негизи үйдө 2 эле биртууганбыз. Марат байкем жана мен. Бирок көп жылдан бери үй-бүлөсү менен ушул станцияда турат. Атам «Марат менин жолумду жолдоду,» - деп кудуңдап калат эле. Чынында биздин жашообуздун баары ушул темир-жол боюнда өттү. Темир жолдон алыстай албадык. Кичинебизде, Марат байкем экөөбүз поезд келе жатканда желектерди көтөрүп алып тосуп чуркайт элек. Мунун айынан атамдан далай тил уктук. Атам урушуп-урушуп, байкуштун кайра боору ооруп, төш чөнтөгүнөн момпосуй алып чыгып берет эле. Андан бери канча момпосуй жесем да, ошол кичинебиздеги момпосуйларга окшошпой койду…

Жеңем үйдө тамак жасап күтүп отуруптур. Баарыбыз отуруп тамактандык. Мен көп жей албай койдум. Жеңемди таарынтпайын деп эле бир-эки кашык жемиш болдум. Экөөнүн кичинекей кызы бар, аты Элина. Ал бир нерселерди быдылдап атат. Жеңемдер күлүп атышты.

- Мен үйгө кетем, - дедим

Күлүп аткан байкем менен жеңем тып басылышты. Байкем мени көпкө карап турду да:

- Кемчонтой, сени атайын шаарга жакын болсун деп алып келбедимби. Эми биз менен жашайсын. Сенин үйүң эми ушул станция, - деди.

Марат байкемдин кемчонтой дегенине аябай чычалачымын. Апамдар да урушуп жүрүштү, азыркыга чейин урушушат. Бирок байкем ушул сөзүн таштай албай койду. Мен ызаланып ыйлаган күндөр да болгон. Бирок Марат байкем аны жаман ой менен айтчы эмес. Аны билчимин. Мен ыйлаганда эң биринчи чуркап келет, соооротот, мага тийишкен далай балдар мн тытышып эле жатып калчу. Мени жакшы көрөөрүн билем. Ошого кемчонтой деген сөзүнө таарынбасам керек.

- Менин уйкум келди.

Жеңем төшөк салып койгон экен. Төшөккө кирдим. Тескери карап алып жатам. Алар дагы деле бир нерселерди суйлөшүп отурушат. Бир маалда жеңем байкеме:

- Байкушум, тамак да ичпей жатып алды, - деди.

- Жолдон чарчап калды. Кичине эс алып алсын, тим гой. Жаңы жерге да оңой менен көнө алышпайт аутисттер, - деди байкем.

Ушул сөздү такыр уккум келбейт. Аутист… Аутист… Бул сөз айтылса эле элдин баары мени аяр, жалооруп карай башташат. А мен болсо мага кадимки адамдай мамиле кылса дейм. Жиним келип чүмкөнүп жатып алдым.

****

Ойгонсом, кеч кирип кетиптир. Бир сутка уктаганыма таң калып, турайын десем, тура албай калыптырмын. Шайым жок. Табым көтөрүлуп, кускум келип эле туруп алды. Жеңем менен байкем чуркап жүрүшөт. Байкем толтура дары-дармек көтөрүп келип алыптыр. Жеңем ысык шорпосун даярдап келди эле, такыр иче албай койдум. Бергенин кусуп аттым. Марлини улам суулап келип маңдайыма коет, таза аба кирсин деп терезелерди ачып койду. Байкем да жумушун кимге табыштаган билбейм, жаныман чыккан жок. Менин болсо оюмдун баары үйумдө. Оорум мага табылбас шылтоодой сезилди. Байкем дароо үйгө жеткирип салат деп ойлодум. Тагыраак айтканда, ошондой болсо экен деп Кудайдан тиленип аттым. Поезд менен өзүбүздүн станциябызга жакындап атканыбызды, кулагымды жабып алып машинисттин сигналын басып атканымды, атам менен апам станцияда туруп алып кол булгалап атканын элестетип жаттым.

- Эртең муну ооруканага алып баралы, - деди байкем. А менин болсо пландарым такыр башка эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   maks1980bishkek   15 Июль 2016 - 03:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 14 Март 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 11:17

Аффтор кутобуз.аутист жонундо кенениреек жаза кетинизчи.бизде да бир аутист бар.бирок ал такыр суйлобойт.озгочо бала.сиздей кулагыны бекитет резко добушка.кутуп каламын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Tiguuchu   15 Июль 2016 - 13:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Узбой жазып коюнуз,эми кызыкттуу экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Naku01   15 Июль 2016 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Коптон Эле жазгылачы
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nazik.   15 Июль 2016 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 989
  • Катталган: 28 Апрель 15
  • Соңку аракети: 03 Июл 2018 11:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыл шаар)))

аутисттердин жан дуйносун кобуроок жазсаныз абдан пайдалуу тема болчудай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Asema06   15 Июль 2016 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Анан, улантынызчы автор.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   adilet_rc   15 Июль 2016 - 15:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 04 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2017 08:13
  • Жынысы:Эркек

Түн бир оокумга чейин уктабай жаттым. Мен дүйнөдө эки эле адамга ойлорумду айта алчымын. Алар – атам менен апам. Башка айылдаштарым менен да сүйлөшүп көргөм. Бирок, мага жаккан эмес. Мен сүйлөп атканда кээде ошол учурга такыр тиешеси жок нерселерди деле айта берем да. Көбү күлүп, басып кетишет. Мен таарынтып алдым го деп 2-3 күн бушайман болуп жүрө берем. Ата-энем менен гана көпкө баарлашып отура берчибиз.

Байкемдерди карасам уктап атышат. Акырын туруп, жолдон дагы ооруп калсам деп дарыларды чөнтөгүмө салдым да, көчөгө чыктым. Өз үйүм тарапты көздөй жол алдым. Темир жол бойлоп барсам туура болот эле. Бирок байкем аркаман жетип келет деп корктум. Ошондуктан, талаа аралап басмай болдум. Бирок темир жол корүнүп туруш керек эле. Антпесе адашып кетмекмин. 200 метрдей добуш чыгарбай абайлап жүрүп отурдум. Байкемдин кепеси алыстаганда гана чуркап жөнөдүм. Денем ооруп атты, табым дагы деле түшө элек болчу. Улам-улам дары иче бердим, бирок токтогон жокмун. Мен адамдарга таарына албасам да, байкеме ызаланып аттым. Эмнеге мени кыйнап алып келди? Мен аны жакшы көрөм, бирок мени үйдө апамдар күтүп атышпайбы? Жаңы жашоо баштайбыз дейт, бирок мага жаңылыктын кереги жок эле. Көнгөн эле ата-энемдин жанында болгум келет. Жеңемди ойлодум, аны аядым. Тамагын жебей койдум, рахмат деп да айтпадым. Эми менин үйгө кетип калганымды ойлоп капа болсо керек дедим. Ушул сыяктуу ойлор менен алышып отуруп, аркамды карасам, байкемдин үйү көрүнбөй калыптыр. Бирок алдыда дагы көп жол жүрөөрүмдү сезип турдум. Бир маалда көзүм карангылап, буттарым баш ийбей баштады. Оорум күчөп кеттиби, ачка болгондукубу же дарыны көп ичип койдумбу деп коем. Буттарымды сезбей, жерге тоголонуп кеттим. Турууга аракет кылдым, болбоду. Көздөрүм жумулуп баратты... Жалгыз гана алыста өтүп бараткан поезддин дабышы кулагыма угулуп атты...

Бирөө бетке чапкылап, денемди жулкуп атканынан көзүмдү ачсам, Марат байкем экен....

****

Станцияга алып келди да, үйдүн жанындагы сарайга камап койду. Унчуккан жокмун. Көзүмдү катып эле бир бурчка барып отуруп алдым. Жеңем: “Улукту эмне сарайга киргизип койдуң?” – деп ызылдап баштады эле
  • Жап оозунду!! ! Жакшылыкты түшүнгөндү үйрөнгүчө ушул сарайдан чыкпайт! Жардам берем деп да ойлобо!! ! – деп кыйкырды, жини менен жерге түкүрүп басып кетти.
Дагы ызы-чуу... Женемди аядым, оозумду бир чон күнөө кылгандай жемеледим, бирок баягы эле кулагымды жабып бурчка отуруп калмай адатымды жеңе албадым. Коркуп аттым...

  • Улук байке, сен каякка барып келдиң?
Элина экен. Мойнуна шарф ороп алган. Карс-корс жөтөлүп атты. Көзүнө карай албадым. Көз кыйыгым менен карасам, эки тактайдын ортосунан мени карап отурат. Дароо ооруну мен жугуздум деп ойлодум. Апам вирус жөнүндө көп айтып калаар эле. Мурун мен ооруп калганда, “башкаларга жукпасын” деп оозума маска кийгизип койчу. Бул жолкусунда маска кийген жокмун. Элина ошого ооруп калды. Жардам бергим келди. Чөнтөгүмдү карасам, кечегиден калган дарылар бар экен. Жүзүн карай албай, акырын жанына жылып бардым да, дарыны тактайлардын ортосунан Элинага бердим. Ал күлүп алып, дарылардын баарын жей берди. Кутусун менин жаныма таштап алып, оюнун улантып басып кетти. Коркконуман үнум чыкпай калды. “Жебе! Жебе! Жебе!” – деп аттым. Бирок мени өзүмдөн башка эч ким уккан жок. Канча убакыт кобуранып отурдум, билбейм. Жеңемдин “Кызым!” деп бакырганынан чочуп кеттим. Добуш чыккан жакты карасам, жеңем Элинаны көздөй чуркап келе жатыптыр. Карап турдум. “Жебе!” деген сөз дагы деле оозумдан түшө элек болчу. Элинанын колундагы дарыларды көрүп, жеңем мени жалт карады. Өмүрүмдө биринчи жолу бирөө менен тиктештим. Көздөрүндөгү ызааны, жек көрүүнү, таарыныч, алсыздыкты байкап аттым. Арабызда эң аз дегенде, бир 10 метр болсо да, адамдын көзүн мынчалык жакындан көргөн эмесмин. Кыпкызыл болуп, тегерегине жаш айланып баштаган. Корктум, бирок көзүмдү ала албадым...

Элинаны көтөргөн боюнча чуркап кетти. Ыйлагым келди. Бирок мен ыйлай албайм да. Ичимди өрттөп атса дагы ыйлай албадым. Жөн гана колума таяк алдым да, отуруп алып жерди акырын чапкылай баштадым. Барабанда ойногон кишилердей чапкылайм, бирок бир таяк менен, бир ритмде. Элдер көз жашын төгүп күйүтүн билдирсе, мен жер чапкылап билдирем. “Жебе!” деп кайталап, жерди чапкылап отура бердим.

Сарайдын эшиги ачылды. Мен дагы деле жер чапкылап отургам. Байкем экен. Жулунуп кирип, желкемен өйдө көтөрдү.

  • Менин кызымда эмне күнөө!!! Аз калды!!
Үн каткан жокмун. “Жебе” деген сөздү дагы деле кайталап аттым. Канча каалап турсам да, ушул сөзду айтканымды токтото албай отургам.

  • Ата-энени удаа-удаа жоготуш сага эле кыйын дейсиңби? Алар менин да ата-энем болчу!
Байкем кыйкырып атты. Мен болсо, ата-энебиз жөнүндө өткөн чакта айтып жатканын түшүнө албай турдум.

  • Топуракты чогуу туруп салдык эле го... Эми алар жок, мойнуңа алышын керек!!!
Топурак салуу... Эстей баштадым... Биздин станциянын жанындагы мүрзө... Байкем ыйлап келип, колума бир ууч топурак берди... Казылган андын ичине топурактарыбызды ыргыттык... Мен басып кеттим... Четирээк барып, жерге отурдум да, таяк менен жерди ургулап кирдим. Адамдар болсо казылган аңды көмүп атышты. Молдоке куран окуду. Мен болсо дагы деле жерди таяк менен чапкылап аттым....

  • Мен апамдарга кетем, - дедим.
  • Жогол! !! Экинчи көзүмө көрүнбө!! !
Байкем желкемден кое берди. Жерге түшүп калган таягымды көтөрдүм да, сыртка чыктым. Күн батып жатыптыр. Поезд жолун утурлай басып, таягымды сүйрөп алып, үйүмдү көздөй бет алдым. Артка кылчайып караган жокмун.

  • Улук, токто!!
Марат байкеме көңүл бурган жокмун. Мен үйүмө, ата-энеме бараттым. Мени эч ким, эч нерсе токтото албайт эле....

АЯГЫ

Билдирүүнү түзөткөн: adilet_rc: 15 Июль 2016 - 15:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mega777   15 Июль 2016 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Бир дем менен окуп чыктым.Бул чыгарма мени кадимкидей бирөөнүн жан дүйнөсүнө жетелеп кирип чыкты.
Мыкты жазылган!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   begimai9898   15 Июль 2016 - 15:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 08 Июль 16
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2016 19:48

Эн сонун жазылыптыр. ошондо байкесинин кызынада оору жуккан болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   adilet_rc   15 Июль 2016 - 16:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 04 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2017 08:13
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения begimai9898 (15 Июль 2016 - 12:48) жазган:

Эн сонун жазылыптыр. ошондо байкесинин кызынада оору жуккан болобу?


Рахмат. Элинага жон гана грипп жуккан. Аутизм жугуштуу оору эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   maks1980bishkek   16 Июль 2016 - 03:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 14 Март 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 11:17

Просмотр сообщения begimai9898 (15 Июль 2016 - 15:48) жазган:

Эн сонун жазылыптыр. ошондо байкесинин кызынада оору жуккан болобу?

Даарынын баарын жеп салдыго.отравление болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Begai_kg   16 Июль 2016 - 03:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Ата-энесине кетсе анда тиги дуйного кеттиби?
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Durdana   16 Июль 2016 - 09:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 20 Июнь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2017 13:27

аутизм шундай ооруукенда а мамиле кылалбайт максатсыз дейт беле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 06:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: