Казан аяк баарысы бир кагышпай койбойт экен. Бизде да болуп турат.Урушпай жашаган адамдар болбосо керек. Анан эле биз ич урушпайбыз,
урушпай жашайбыз дегендерге тан калам кантип эле деп? Же мен жаманмынбы?
Деп койом.Же бир болсо алар квартиранттай жашашатго урушпаганына караганда деп. Урушпай жашаганга не жетсин.Кээде ар кандай жагдайлар болуп калат дегендей. Не довольстволорду моментинде айтып, бугунду чыгарып алыш керекго? Бирок ашыкча кетпей, бактылуу жашаганга аракеттенип турабыз. Азыр бир туугандай эле болуп баратабыз бири бирибизге. Тамагын берем чарчап келсе, тошогун салам, кирин жууймун, убакыт откон сайын бир туугандан айырмабыз жок болуп калатго.Бир туугандар анда мында эле таарынычтарын айтатго ошондой болуп, биз дагы бир чогултуп недовольсволорубузду айтып алабыз. Жини келгенде унчукпай наркы комнатага кирип кетем.Кээде бирибиздин созубуз бирибизге жакпай баратканда,
срочно токтом да сага тамак салып койдум ич дагы тынч жат нары деп койом ошо менен соз бутот.
Урушпай жашагандар "квартиранттар" дегениңиз жакты. Биз деле 4 жылдан бери үнүбүздү көтөрүп сүйлөшө элекпиз. Акырын эле таарынышып, кайра эч нерсе болбогондой жүрө беребиз. Бир нерсе жакпай калса сүйлөбөй коет "фсё". Бир жолу кичине кызураак экен кызганып бир эки сөз айтты, үйгө келип жакшына чай ичип эле жатып алды, ошол түнү уктабай чыккам жүрөгүм башкача согуп, демим кысылып. Эгер кыйкырышып урушсак кантем билбейм... Жакында жакшы бир уруш чыгарайын деп, дагы Кудай сабыр берип билмексен болуп койдум "эркек да, акыры казыгын табат" деп. Менин ордумда башкасы болсо небак нары же бериболсо керек эле. Никеде көтөрүмдүү, оор болушуң керек экен. Ошон үчүн да жолдошумдун кемчиликтерине көз жумуп коюп атам, ажылдасам ортодогу мамилебизге салкындык түшпөсүн деп. Мен сени күлүп жүрүп жеңемин деген ой мээме сиңип баратат.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















