narime (08 Май 2016 - 23:52) жазган:
Урушпай жашагандар "квартиранттар" дегениңиз жакты. Биз деле 4 жылдан бери үнүбүздү көтөрүп сүйлөшө элекпиз. Акырын эле таарынышып, кайра эч нерсе болбогондой жүрө беребиз. Бир нерсе жакпай калса сүйлөбөй коет "фсё". Бир жолу кичине кызураак экен кызганып бир эки сөз айтты, үйгө келип жакшына чай ичип эле жатып алды, ошол түнү уктабай чыккам жүрөгүм башкача согуп, демим кысылып. Эгер кыйкырышып урушсак кантем билбейм... Жакында жакшы бир уруш чыгарайын деп, дагы Кудай сабыр берип билмексен болуп койдум "эркек да, акыры казыгын табат" деп. Менин ордумда башкасы болсо небак нары же бериболсо керек эле. Никеде көтөрүмдүү, оор болушуң керек экен. Ошон үчүн да жолдошумдун кемчиликтерине көз жумуп коюп атам, ажылдасам ортодогу мамилебизге салкындык түшпөсүн деп. Мен сени күлүп жүрүп жеңемин деген ой мээме сиңип баратат.