Жайдагы себелеп жааган жамгырда акырын басып жүрсөң...
Жаан жааганда ким эмне кылгысы келет?
#923 21 July 2016 - 23:40
Ошондой жакшыго бирок мен азыр кино көрүүдөн коркуп жатам,сыртта ар 3 секунд сайын чагылган болтат
Коркпой эле койуңуз да
Всё временно..
#924 21 July 2016 - 23:46
#931 22 July 2016 - 09:04
Ношорлоп жааса,жамгыр астында тургум келет.Куюп жатса уйдо,ысык мештин жанында,жумшак пледди оронуп,китеп окугум келе берет.
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#936 22 July 2016 - 11:42
Олло жааган жамгырдын астында калгым келет. Ичиндеги буктун баарын жууп кете турган. Бирок эртеси касал болуп калганын жакпайт да.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#937 22 July 2016 - 16:23
Жамгырда шөмтүрөп суу болуп,көчө бойлой баскым келет.Ойлоп көрсөм жамгырдын ырахаты кандай экенин билбейт экенбиз да.Жаан себелеп кирсе,суу болбостун айласын издеп далдаланып,
бир шыбыттын колтугуна башыбызды калкалап калат экенбиз.Мындан бир канча күн мурун көчөдө кара булут каптаган асманды телмире тиктеп басып келе бердим.Жаандын тамчылары ак жумал жүзүмдү аймалап,жан-
дүйнөмдү сергитип келе жатты.Анча-мынчалар ойлосо керек бул инсан Кудайдан жөө качып жинди болгон окшойт-деп.Бактылуу көз ирмемдер үчүн баарынан кечип кетсек болот.Жамгырдан алган бир саам ырахат,менин бакытка балкытып,санаалардан арылтып кала берди.Эхх...Жамгырдын керемети,ай!
...)
Жашоо бар,жашаш керек!
#938 22 July 2016 - 16:37

.
Туура айтасын. Кече мен да жамгырда калгам. Ушшундай токту кайф болду. Трамвайга чыгып адамдардан качып коем чачымдан суу агып ээх.
#939 22 July 2016 - 16:50
Себелеп жааган жамгырда жыланаяк баскым келет....анан сыртта ношорлоп катуу жамгыр жааса пытыр-пытыр деп уну угулуп турса...пледке оронуп уктаган жагат терезеден жамгырдын жыты билинип таза аба кирип турса....)))
Мени Апама окшоштугумду айтышты,
Бул жашоомдогу эн жагымдуу соз!
Бул жашоомдогу эн жагымдуу соз!
#940 22 July 2016 - 20:49
Жон эле жаай берсе уктаган сонун.Анан откоедо Москвада олло чагылган болуп кун куркуроду,ошентип жааса мен душтан чыкпай отура берем.1 саат болсо 1 саат.Себеби чагылгандан олло корком.Комнатага угулат,анан жарыгы тиет.А душта анча угулбайт.Эртерээк токтоп калуусун тилеп отура берем алайып))

Супер-Инфо
super.kg
видео