Бул жуманын жеңүүчүсү - Нурайым Жолдошбекова
. Ал 90 добушка ээ болду.
Супер сулуу-2016. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы
#462 21 Июль 2016 - 17:30
Чолпон Жаныгулова
Жашы – 21
Параметри – 88-66-90
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Учурда – Сулуулук салонунда чачтарач болуп иштейт
«Сынакка катышып жатканыма көбү ишенбей жатышат»
– Чолпон, өзүӊ тууралуу кыскача айтып өтсөӊ?
– Мен кичинемден сулуулук салонунда иштөөнү кыялданчумун. Бирок окууну бүткөндөн кийин ата-энемдин каалоосу менен мугалимдик кесипте билим алгам. Ал кесибим менен иштеген жокмун, колледжди бүткөндөн кийин сулуулук салонунда чачтарач болуп иштеп калдым. Сынакка катышуумдун башкы максаты – эл, жер көрүп, өзүм кызыккан Бали аралына баруу.
– Сайтыбыздагы добуш берүүдө алдыга чыгуу үчүн кандай аракеттерди көрөсүӊ?
– Албетте, көпчүлүк дос-тааныштарымды, кесиптештеримди жардамга чакырам. Көбү «чын эле катышып жатасыӊбы?» деп ишенбей жатышат. Менин каалоом олуттуу экенин билгенден кийин гана «добуш беребиз», «жардам кылабыз» деп калышты.

#463 21 Июль 2016 - 17:45
Эльвира Мавлянова
Жашы – 21
Параметри – 94-62-83
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КЭУнун экономика факультетинде 3-курста окуйт
«Сынак мага жол көрсөтөт деп ойлойм»
– Эльвира, сынакка адатта өзүнө ишенгендер катышууну каалашат, сен ишенимдүүлүктү кайдан аласыӊ?
– Тегерегимдеги адамдардан алам. Мисалы, сынакка апам өзү жөнөттү. «Башка кыздар деле барып жатат, сен деле жашсыӊ, сулуусуӊ, аракет кылып көрбөйсүӊбү» деди. Өзүм буга чейин бир да сулуулар сынагына катышкан эмесмин. Чыгармачылыктын кайсы бир багытында өз ордумду тапкым келет. Азырынча кайсы тармак менен кетерим өзүмө да белгисиз. Буюрса, «Супер сулуу» сынагы чыгармачылыктагы жолумду таап берет деген ойдомун.
– Сынактан чочулап жатканыӊды да айтып калдыӊ?
– Ооба, фотобатлдан утулуп калып уят болбосом экен деп кабатыр болуп жатам. Анткени super.kg порталына катталган эмесмин. Тандоо турунан өтпөй калсам эмне кылам, тааныштарым, апам эмне дейт деген ойлор болот экен.

#465 22 Июль 2016 - 11:55
Экоо тен эле по своему сулуу.Бирок добушум экинчи кыз Эльвирага.Кыздарга керек сапаттары баркен
#470 23 Июль 2016 - 08:14
Сулуулар кайда дей берип чарчай турган болдукго чиркиндики.
Жогоруда айтып кеткендей, сулуулар конкурсу маанисин жоготуп баратабы? Же сулууларды менин козум корбой атабы билбейм ай билбейм.Дагы да болсо нукура сулууларды кутобуз!!
! Анан мени да урушпагыла.
Биринчи озунду кузгудон карап келчи дебей.Оз оюмду калтырып кеттим.
#472 24 Июль 2016 - 03:00
Чолпон ийгилик сизге!!!
Добушумду Чолпондой жанган кызга берем.
#474 26 Июль 2016 - 09:23
owtu (22 Июль 2016 - 10:35) жазган:
биринчи кыздын бою 169 экенине ишениш кыйын
jai (24 Июль 2016 - 14:22) жазган:
Ооба боюн кошуп айтканга окшойт. Эльвирага добуш берем
Чолпон Эльмирага караганда жапыз бут кийим кийип түшүптүр, балким ошол себеп кичине көрүнүп калгандыр. Атайын сынак болгондон кийин, супердин адистери өздөрү өлчөп алса керек боюн, параметрин. .
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 26 Июль 2016 - 09:41
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#476 26 Июль 2016 - 12:17
Экөөбүнүн тең курсактары чыкканы бир аз билинип калыптыр."
Супер сулуу"сынагынын баркы кеткендей негедир...((
Жашоо бар,жашаш керек!
#478 27 Июль 2016 - 15:55
#479 28 Июль 2016 - 17:40
Динара Мусаева
Жашы – 22
Параметри– 90-67-91
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – Банктардын биринде стажёр
«Сынакка катышып апама сюрприз жасайм»
– Динара, буга чейин көп жолу сулуулар сынагына катышкан экенсиӊ?
– Ооба, мектепте, университетте окуп жүргөндө сынактарга такай катышчумун. Ал эми «Супер сулуу» масштабдуу болгондуктан өтпөй калсамчы деп бир аз чочуладым. Апам «Супер-Инфо» гезитин үзбөй окуйт. Апама айтпай эле сулуулар сынагына чыгып, сюрприз кылайын деп жатам. Анткени сүрөтүмдү гезиттен көрсө сөзсүз кубанат. Ал буга чейин эле «катышып көр» деп сунуштап жаткан.
– Кошумча эмнеге кызыгасыӊ?
– Бийге шыктуумун. Бир нече жыл чыгыш бий ийримине барып жүрдүм. Андан сырткары тил өздөштүрүүгө кызыгам, кыргызча, орусчадан сырткары түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Учурда итальян тилин үйрөнүп жатам.

#480 28 Июль 2016 - 17:43
Санрабига Жолдошбек кызы
Жашы – 20
Параметри – 94-66-84
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт
«Жакшы ырдайм, сүрөт тартам»
– Санрабига, бул сынакка катышуу сага эмне берет?
– «Супер сулуу» сынагына мен өзүмдүн күчүмдү сыноо үчүн катышып жатам. Сынак мага көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп эсептейм. Өзүм кичинемден искусствого жакын чоӊойдум. 5-класстан баштап шаарыбыздагы түрдүү бий топторунда бийледим. Учурда «Салтанат» бий тобунунбийчисимин.
– Кесибиӊ журналист экен, ал деле чыгармачылыкка жакын эмеспи?
– Ооба, кесибим чыгармачылыкка жакын, бирок аны менен кошо башка тармакты да чогуу алып кетким келет. Адам баарына жетишсе болот «Көз коркок, кол баатыр» деп коюшат эмеспи. Учурда ЭлТР телеканалында стажировкада жүрөм, сюжет даярдап, алар эфирден кетип жатат. Анан Токтогулдук болгондуктан жакшы ырдайм, сүрөт тартам.