Достор, мен сиздерге курбумдун суранычы боюнча жазып атам. Анын суроосуна мен жооп таба албадым. Балким, араңарда жооп берчүлөр бардыр. Курбум үч жыл мурун балалуу болгон. Кош бойлуу кезинде жолдошу менен ажырашып кетип, бир тууган эжесинин үйүндө жүрдү. Эжеси төрөтүнө катышып, үйүнө баласы менен чыгарып келген. Эжеси Москвада иштечү, ал "мен сага жардам берем, а сен менин кызымды карап бер", - деген экен. Эжесинин кызы ошол жылы 2-класста окучу жана апасы Москвага кеткенде ар кайсы таежелери менен жашап жүрчү экен. Ошентип, сен мага жардам бересиң, мен сага жардам берем деген келишимге келишет. Курбум танбайт, эжеси колунан келгенин баарын жасап, дарыгерлерге акча берип, ага дейре кош бойлуу кезде тапшыра турган анализдердин баарын жеке лабораторияларга тапшыртып, баланын ороо-чулгоосун алып берип айтор көп эле каражат кетириптир.
Төрөтканадан чыгарып коюп эле эжеси Москвага кетет, ошол менен бир жарым жылдан кийин келген. Ага чейин курбум өзүнүн баласы менен эжесинин кызын карап, алгач жарым жыл эжеси салган акчага жан бакса, жары жылдан кийин баласы бир аз торолгондон соң үйүндө тикмечилик кылып өз оокаттарын өздөрү кылышкан. Бир жарым жылдан кийин келип, кайра кетпей турган болгондон кийин курбумду какмаарлап,
ар кандай сөздөрдү айтып, уруш чыгара бергендиктен,
баласын алып өзүнчө кеткен. Бирок, кайсы учур болбосун, кайдан жолугушпасын,
мен сага мынча акча коротком, ошону төлөп бер деп айтпагандын баарын айтат экен. Эже, менден кайтпаса Кудайдан кайтсын, кайсы акчамды төлөп берем, баламды араң багып атам деп ыйлайм дейт. Сооптун мага кереги жок, мага акча керек. Акчаң болсо анан төрөбөйсүңбү,
деп каргап-шилегенге,
балаңдын мүрзөсүндө ыйлап кал дегенге чейин барып, акчасы калбай калса эле келип, жок дегенде мынча акча бер деп колунда болгондогусун жула качып кетет экен. Курбумдун айтуусу боюнча, төрөгөнгө чейинки бир ай, төрөгөнгө кеткен, баланын кийимдерин алган, андан кийинки жарым жыл тамак-ашка деп салган акчасы өтө көп баалап салыптыр. Өгүнү келип, акчаны дагы деле бербей атасың, жакшылыкты билбейсиң, сокур болуп кал, көзүң аксын деп каргап кетиптир. Эми менде суроо, кандай учурда адам адамга жакшылык кылган болот? Жакшылык кылып атканда эгер ага каражат аралашса, бул менин сага берген карызым, кайра кайтарасың деп айтылбаса, берилген акчалар карыз ордуна өтөбү? курбум Кудай алдында эжесине карызбы? Жакшылыкты колкоо кылуу эмнеге алып келет?
- (2 )
-
- 1
- 2
Жакшылыкты милдет менен кылунун кереги барбы? Жакшылык кылганын милдет кылган адамга кандай жооп берүү керек?
#2 23 July 2016 - 22:59
Кызык адам го. Эгер ал карызга бердим дебесе неге доолайт. Тем более бир тууган болсо бир туугандык кадыры учун деле жон койбойбу. Начар адам экен. Курбун капа болбосун бул кундор да отот. Азыр коп эле адамдар учун акча эле роль ойноп калган.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#3 24 July 2016 - 00:24
Эмнеге доолайт,колунда жок экенин,жашоосу татаал экендигин көрүп туруп,эмне үчүн бир тууган эжеси антет.Мейли багыптыр,бирок кайра ошол кеткен акчасын,доолабай эле койбойбу?,кызык неме экен.. :
Всё временно..
#4 24 July 2016 - 09:44
Курбумдун корккону эле каргышы балама тийип калбайбы деп атат. Ошондуктан динди жакшы түшүнгөндөрдөн сурайлы дегенбиз, кандай учурда адам адамга карыз болот? Карыз деп атса эжеси, синдиси бере албай жүрсө, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайбы?
#5 24 July 2016 - 10:14
Анын кызын да кошо бакканбы менин тушунугум боюнча.Эмнеге доолайт?Колунда жок болсо бербей эле койсун.Но кийин бутка турганда кылган жакшылыгына бир нерсе кылып койсо эч нерсе болбойт.Больницадан бут толоп чыгарса,ошол учурда досунар кыйналганда жардам бергенда.Азыр ал эжеси да балким кыналып жаткандыр.Ошого жардамдашпаганына жини келсе керек.
#6 24 July 2016 - 10:32
Курбумдун корккону эле каргышы балама тийип калбайбы деп атат. Ошондуктан динди жакшы түшүнгөндөрдөн сурайлы дегенбиз, кандай учурда адам адамга карыз болот? Карыз деп атса эжеси, синдиси бере албай жүрсө, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайбы?
Аягына чейин окуп аран тушундум. Мендеги тайкы маалыматка караганда адам адамга карыз болуусу учун бир нерсени алаардан мурда келишим тузулот эгерде ортодо эч кандай келишим болбосо карызда болбойт. Кызымды карап бер деген шарт койгон болсо анда канча ай карап бергенин чыгарып ошого жараша карызын толоп берсин. Каргыш айтуу динде эн чон куноолордун бири болуп саналат. Бир адам каргыш айтса айткан каргышына озу дуушар болот.
#7 24 July 2016 - 10:59
Курбумдун корккону эле каргышы балама тийип калбайбы деп атат. Ошондуктан динди жакшы түшүнгөндөрдөн сурайлы дегенбиз, кандай учурда адам адамга карыз болот? Карыз деп атса эжеси, синдиси бере албай жүрсө, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайбы?
Менин ойумча,колунда жок болсо,эжеси доолап аткан карызды бере албаса,күнөө эмес да,жок болсо эмнесин бермек эле,андан көрө доолабай сиңдисине жардам бербейби?,Эжесинин акылы жоок окшойт,башында эч кандай келишим түзүлбөсө,б. а эжеси мен иштеп келгенден кийин,акчаны төлөйсүң деп келишим түзүлгөн болсо,анда билбейм..
Всё временно..
#8 24 July 2016 - 11:55
Анын кызын да кошо бакканбы менин тушунугум боюнча.Эмнеге доолайт?Колунда жок болсо бербей эле койсун.Но кийин бутка турганда кылган жакшылыгына бир нерсе кылып койсо эч нерсе болбойт.Больницадан бут толоп чыгарса,ошол учурда досунар кыйналганда жардам бергенда.Азыр ал эжеси да балким кыналып жаткандыр.Ошого жардамдашпаганына жини келсе керек.
Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Курбум турмушка чыга элек кезде акчаны жакшы тапчу. Ал өзү жакшы тигүүчү. Ошол убакта азыр карызын доолап аткан эжеси күйөөсү менен ажырашып, жаш балдары менен кыйналып жүргөн кез болчу. Эжесине жардам берип, кызына каралашып жүргөн. Азыр болсо кризиске байланыштуубу, же Кудай сыноо берип атабы, иши анча жакшы жүрүшпөй турат. Эжеси мурдагыдай ойлоп, иш жакшы болбой атат дегенине ишенбей атса керек. Балким эжеси да кыйналып аткандыр. Колунда болсо, кетирген чыгымынын баарын кайтарып берсем дегенде эки көзү төрт болуп турат. Эжесинин үй-жайы бар, күйөөсү менен жарашып алган. Анысы жакшы акча табат. Иши кылса, мен да таң калып атам. Тфу-тфу, мындай бир туугандан Кудай сактасын. Курбумдун үйүнө келип, 3 жаштан ашкан кичинекей баласынын ары-бери жулкулдатып, мен болбосом бул балаң да болмок эмес дей берет экен. Курбум айтат, кийим алсам берип салып кутулат элем, тамагын жесем жегенден кийин билинбей калат эле, тирүү баламды кайсы жакка бекитеримди билбей калдым. Баламды көтөрүп шар аккан сууга секирип кетким келет, мына акчаң да жок, балам да жок, мен да жок деп дейт. Адам уу сөздөрдү уга берсе, акылы да качып калат окшойт.
#9 24 July 2016 - 11:56
Курбумдун корккону эле каргышы балама тийип калбайбы деп атат. Ошондуктан динди жакшы түшүнгөндөрдөн сурайлы дегенбиз, кандай учурда адам адамга карыз болот? Карыз деп атса эжеси, синдиси бере албай жүрсө, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайбы?
Негизи маселеге адилеттуу жооп бериш учун маселени экону бет мандай коюп угуш к.к го
#10 24 July 2016 - 12:00
Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Курбум турмушка чыга элек кезде акчаны жакшы тапчу. Ал өзү жакшы тигүүчү. Ошол убакта азыр карызын доолап аткан эжеси күйөөсү менен ажырашып, жаш балдары менен кыйналып жүргөн кез болчу. Эжесине жардам берип, кызына каралашып жүргөн. Азыр болсо кризиске байланыштуубу,
же Кудай сыноо берип атабы, иши анча жакшы жүрүшпөй турат. Эжеси мурдагыдай ойлоп, иш жакшы болбой атат дегенине ишенбей атса керек. Балким эжеси да кыйналып аткандыр. Колунда болсо, кетирген чыгымынын баарын кайтарып берсем дегенде эки көзү төрт болуп турат. Эжесинин үй-жайы бар, күйөөсү менен жарашып алган. Анысы жакшы акча табат. Иши кылса, мен да таң калып атам. Тфу-тфу, мындай бир туугандан Кудай сактасын. Курбумдун үйүнө келип, 3 жаштан ашкан кичинекей баласынын ары-бери жулкулдатып,
мен болбосом бул балаң да болмок эмес дей берет экен. Курбум айтат, кийим алсам берип салып кутулат элем, тамагын жесем жегенден кийин билинбей калат эле, тирүү баламды кайсы жакка бекитеримди билбей калдым. Баламды көтөрүп шар аккан сууга секирип кетким келет, мына акчаң да жок, балам да жок, мен да жок деп дейт. Адам уу сөздөрдү уга берсе, акылы да качып калат окшойт.
бир тууган дегенинерди тушунбодум бир эне бир атабы?
#11 24 July 2016 - 12:04
#12 24 July 2016 - 12:08
Курбумдун корккону эле каргышы балама тийип калбайбы деп атат. Ошондуктан динди жакшы түшүнгөндөрдөн сурайлы дегенбиз, кандай учурда адам адамга карыз болот? Карыз деп атса эжеси, синдиси бере албай жүрсө, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайбы?
Эгер бир жарым жыл эжесинин баласын караса айына 15 мин жок дегенде 10 минден бакса деле 180мин эжеси карыз болмок
#16 24 July 2016 - 12:21
Негизи маселеге адилеттуу жооп бериш учун маселени экону бет мандай коюп угуш к.к го
Ар кимдин өз чындыгы бар экени талашсыз. Бирок, бул чырдын башталганына эки жылдай болуптур, а мен кечээ уктум. Курбум мага такыр айтпаптыр. Сулуу кыз болчу, өңүнөн кетип, арыктагандан арыктап эле, өзүн таштап салганына таң кала берчүмүн. Анткени, кандай жагдай болбосун, позитив менен караган, дайыма күлүп жүргөн кыз эле. Кечээ жолугуп сүйлөшүп отурсак телефону шыңгырап калды. "Эмнеге эле арыктап атасың деп сурайсың, мына ук, арыктап атканымдын себебин", - деп туруп, телефонду бийик добушка коюп койду. Эжеси чалыптыр. Ошондо, көп нерсени өз кулагым менен уктум. Алдын ала келишим түзүлбөсө да, көп акчасы кетип калганына ичи ачышып кайтарып бер десе, дейттир. Аны түшүнсө болот. Бирок, "мен сенин төрөтүңө катышкам, толгооңду тартышкам. Ошон үчүн 10 миң төлөп бересиң", - дегенин уккандан кийин өчтүм... Мага карата айтылгансып, кечкери жаман болуп жүрүп, бул жакка жазууну туура көргөм. Балким, башка бирөөлөрдүн да башынан ушундай иш өткөндүр деген ой менен.
#17 24 July 2016 - 12:21
бул жерде ким куноолу екени белгилуу,ошондуктан ал ежеге Аллах озу ынсап, ыйман берсин.а жабырлануучу ежеге сабырдуулук каалайм.
#18 24 July 2016 - 12:23
#19 24 July 2016 - 12:41
#20 24 July 2016 - 13:06
Мен деле турмушумдан ажырашып кеткем. Кызым бир жашында ажырашкан элем азыр алты жашка толду. Беш жылдан бери бир тууган улуу байкемдин үйүндө жашайм. Бир туугандарым мени ажырашып, турмуштан жолсуз болуп калганым үчүн какмарлашпайт.
Кайра башыңды бийик көтөрүп, эч нерсени ойлонбо, бул бешене, бешенеге жазылган жазуудан эч ким эч кайда качып кутула албайт деп дем-күч берип турушат. Азык-түлүк алба дешет, эч нерсе көтөрүп келбе, тапкан акчаңды кызың менен өзүңө жумша дешет. Анткен менен кызымдын анча-мынча кем карчысын өздөрү бүткөрүп беришет. Аны менен катар мен ал үйдө кул сыяктуу жашабайм, эркин жашайм. Убактымдын жетишинче жумуш жасайм, жетпесе жасай албай калышым да мүмкүн. Аным үчүн мени байкем, же жеңем жакшылыкты билбейт экенсиң дешпейт. Эжелерим да бар, алар да колунан келишинче жардам берип турушат. Бир тууган бири бирине жөлөк болуу үчүн керек да. Эмнеге ата-эне балдарын жалгыз кылгысы келбей, шерик болсун деп төрөшөт. Анткени, кандай кырдаал болбосун таянары болсун дешет. Мен да кызым жалгыз болуп калбасын деп, турмушка чыгып балалуу болууну ойлоном. Адамдын башында ар кандай күн бар, сага бир тууганыңдан артык ким жардамга келет? Кыздардан кичүүсү менмин, артымда эки иним бар. Байкелерим менен эжелеримдин мага кылган жакшы мамилесин мен инилериме кайтарам. Улуулардан эмне алсаң, кичүүлөргө ошону берет экенсиң. Инилеримдин кыялын көтөрүп, жаш да булар деген өзүмдү улуу сезген ой жүрөгүмдө турат. Бардык нерсе, үй-бүлөдөгү улуу бир туугандан көз каранды. Ошол, бешпи, сегизби баладан турган үй-бүлө бири бири менен карыз доолашып кырылышабы,
же бири бирине ийкемдүү болуп ынтымакташабы - эң улуу бир туугандан көз каранды. Акылдуу, көсөм бир тууганың башыңда турса, чектен чыгып баратканын бери тартып, кыйналганына кол сунулуп, баш биригип, ашыкча кеп жок болот. Улуулар кичүүлөрдү боорго тарталы, кичүүлөр, улууларга өздөрүндөй мамиле жасайлы. Бир туугандыктын да кадыры кетип атканы өкүнүчтүү...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео












