3⃣9⃣
Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны Мухаммед С.А.В пайгамбарыбыздын толук 4-чыгарылышындагы китеп
#44 25 July 2016 - 17:36
❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД С.А.В ДЫН ОМУР БАЯНЫ❤❤
4⃣2⃣
4⃣2⃣
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#45 25 July 2016 - 17:40
❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД С.А.В ДЫН ОМУР БАЯНЫ.❤❤.
4⃣3⃣
4⃣3⃣
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#46 25 July 2016 - 17:44
❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ОМУР БАЯНЫ.❤❤
4⃣4⃣
4⃣4⃣
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#47 27 July 2016 - 22:42
❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД С.А.В ДЫН ОМУР БАЯНЫ.❤❤
4⃣5⃣
4⃣5⃣
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#50 28 July 2016 - 13:23
❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД С.А.В ДЫН ОМУР БАЯНЫ❤❤.
4⃣8⃣
4⃣8⃣
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#51 31 July 2016 - 15:10
Аллах сизден жана баарыбыздан ыраазы болсун Мерует эже!
Башталгандан ушул жерге чеин берилуу менен окуп келдим мындан ары да окугум келет
мумкун болсо улантуунузду отуном. ..
Башталгандан ушул жерге чеин берилуу менен окуп келдим мындан ары да окугум келет
#53 01 August 2016 - 10:19
#55 03 August 2016 - 22:57
5⃣1⃣ ❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМ) ДЫН ӨМҮР БАЯНЫ❤❤
#56 15 August 2016 - 18:48
5⃣2⃣ ❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД (САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМ) ДЫН ӨМҮР БАЯНЫ❤❤
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД (саллалооху алайхи уа саллам) ПАЙГАМБАРЛЫК МИЛДЕТТИН БЕРИЛИШИ
Пайгамбарыбызга (саллаллооху алайхи уа саллам) кайыптан үн угула башташы
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) отуз сегиз жашка келгенде кайыптан кээ бир үндөрдү угуп, ажайып жарык нурларды көрө баштайт. Кээде ага «Оо, Мухаммад! » деген табышмактуу үндөр угула баштайт. Бирок сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) бул нерселерди ошол учурда толугу менен түшүнө алган эмес. Антсе да, ушул окуялардын маанисиз жана жөн эле нерсе эместигин билчү, бул аны күнү-түнү ойлонтчу болду.
Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи уа саллам) ушундай абалы туура бир жылга созулган.
ЧЫН ТҮШТӨР
Ал отуз тогуз жашка келгенде чын түштөрдү көрө баштайт. Күндүз боло турган окуялар түнкүсүн уйку-соонун ортосунда көзүнө көрүнүп, билдирилип турган. Тагыраак айтканда, түнү көргөн түштөрү ошол түн өтүп таң атканда таң шооласындай жаркырап, ачык-айкын чындыкка айланчу. (Бухари,Сахих, 1/6;Муслим,Сахих, 1/97)
Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи уа саллам) ыйык кабар алышына даярдык болгон окуялар туп туура алты айга созулган.
ЖАЛГЫЗДЫКТЫ КААЛАШЫ
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) ыйык руху ушул алты айлык убакыттан кийин жапжалгыз болууну каалайт. Көпчүлүктүн арасынан оолак болуп,ой жүгүртүү менен убактысын өткөрүү - анын эң чоң тилеги болчу. Себеби, руху жашаган коомунун адеп-ахлаксыздыгынан, зулумдугунан буулугуп кеткен эле.
Ошол себептүү ал Меккеде аз калып, ар дайым адамдардан алыс, ээн талаада терең ой жүгүртүү ичинде жүрүүчү.
Ошол жалгыздыкта, тоодон, таштан, жер-асмандан ааламдын эмне үчүн жаралгандыгын, келечек максаттарынын эмнелер экендигин сурачудай абалга келген. Бирок анын ушул суроолоруна, Хира тоосунун аскалары, учу-кайырсыз чөлдөр, күн, ай, жаркыраган жылдыздар, асманда каалгыган булуттарижооп бере алчу эмес. Ал ошол суроолоруна жооп таба албастан, акылы айран болуп, нечен күн, нечен түндү ойлонуу менен өткөргөн.
Ушул абал, аз же көп, дээрлик бардык Пайгамбарлардын башынан ыйык кабар алышынан бир аз мурун өткөн. Азирети Муса пайгамбарлыгынан мурда кырк күнгө чейин Тур тоосунда адамдардан алыстап, орозо тутуу менен убакыт өткөргөн. Азирети Иса, тыптынч бир токойдо кырк күнгө чейин, адамдардан алыс жерде Жаратканга кулчулук кылган. (Саид Сулайман Надвий, Асри Саадат, 1-том)
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллооху алайхи уа саллам) ХИРА ТООСУНДА
610-жылы Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) кырк жашка толгон. Көп жылдардан бери адат кылган бир нерсеси бар эле. Ал ар жылы Рамазан айында Хира тоосунун үңкүрдө отуруп, Жаратканга кулчулук жана дуба кылып, ойго батчу. Бул жер анын үйүнөн болжол менен беш чакырым алыстыкта, бир адам кеңири баткыдай мемиреген тынчтык ичиндеги үңкүр болуп, жалгыз ой-толгоо үчүн ылайыктуу жер эле. Коомдогу бузукулуктардан кысылган жаны бул жерден эс алып, эркиндикке чыккандай сезилчү.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) Хира үңкүрүндө туш келди эмес, Азирети Ибрахимдин ханиф дини боюнча сыйынуу, ибадат кылуу менен алек болчу.
Жашы кыркка аяк баскан, ошол учурдагы Рамазан айын да ошол эле жол менен сыйынып, ибадат кылуу менен өткөрмөкчү болот. Зайыбы Хадича энебиз даярдаган азык-түлүгүн алып, Хира тоосун карай жол тартат.
➲Уландысы бар...
➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖

#57 15 August 2016 - 18:52
5⃣3⃣ ❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД (САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМ) ДЫН ӨМҮР БАЯНЫ❤❤
Алгачкы ыйык кабардын келиши
Рамазан айынын он алтынчы түнү артта калган. Он жетиси дүйшөмбүнүн түнү эле. Нур тоосу терең жымжырттык ичинде мемиреп жаткан. Ошол маалда айланадагы баардык нерсе да аны менен бирдикте үн-сөзсүз, тыптынч. Балким, алдыда сүйлөшө тургандарга таазим этип, алардын үнүн- сөзүн угуш үчүн күтүп турган сымал…
Түн бир оокумга барып, таң агара баштаган убакыт. Булбулдар сайрап, гүлдөр болгон мээрими менен айланага жыпар жытын төгүп турган мезгил. Жараткандын аты менен жан-жаныбардын баарысы көздөрүн жарык дүйнөгө ачкан убакыт.
Ыйык кабар периштеси Жабраил абдан кубанычтуу болуп турган. Себеби, ал эң акыркы улуу Пайгамбар менен, пайгамбарлардын Пайгамбары (саллаллооху алайхи уа саллам) менен биринчи жолу көрүшмөк.
Күткөн убакыт да келди!
Кабарчы периште Жабраил (а.с) ушул убакта жарашыктуу адам кейпинде, айланага жыпар жыт чача, көз уялткан жарык нур берип, Пайгамбарыбыз Мухаммадга (саллаллооху алайхи уа саллам) көрүнөт. Жагымдуу жана айбаттуу үнү менен:
-Оку!-дейт.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) таң калганынан коркуп кетип:
- Мен окуганды билбеймин, - деп жооп берет.
Жабраил периште аны кучактап, бооруна кыскандан кийин:
-Оку! -деп айтат.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) кайра жооп берет.
-Мен окуганды билбеймин.
Жабраил периште аны экинчи жолу кучагына кысып, коё бергенден кийин кайра:
-Оку! -дейт.
Бул жолу да Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам):
-Мен окуганды билбеймин, эмнени окуюн? -деп сурайт.
Ошондо периште Алла Тааладан алган жана элчисине тапшырууга милдеттенген «Алак» сүрөсүнүн алгачкы беш аятын башынан аягына чейин окуду:
«Оо, Мухаммад, бардык жаратылышты) жараткан Эгеңдин аты менен (баштап) окугун! Ал инсанды коюу кандан жараткан. Окугун! Сениң Эгең (адамзатка) калем менен жазууну үйрөткөн өтө берешен. Ал инсанга билбеген нерселерин үйрөттү». (Алак сүрөсү1-5аяттар).
Аң-таң калган жана чочуган Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) айтылган аятты ар бир сөзүнө чейин кайталайт. Түшүрүлгөн аяттар Аллахтын элчисинин (саллаллооху алайхи уа саллам) жүрөгүнө, дилине жайгашкан эле. Ошол убактагы милдети бүткөн Жабраил периште заматта көздөн кайым болот.
Жараткандын кабарын алуу убагында толкунданган жана коркунуч ичинде титиреген Аллахтын элчиси (саллаллооху алайхи уа саллам) үңкүрдөн чыкты да, Меккени көздөй жөнөдү. Жолдо келе жатып, бир топ таң калыштуу окуяларга дуушар болду. Тоо, таштар жана дарактар:
«Ассаламу алайкум, ээ, Аллахтын Элчиси!»-деп ага салам берип, берилген ыйык вазыйпасы үчүн аны куттуктап жатышты.
Үйүнө келген Пайгамбырыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) болуп өткөн окуянын таасиринен дене бою титиреп, сүйлөй албас абалга келди. Аны таң калып тосуп алган кайрымдуу аялы Хадичага бир гана: «Менин үстүмдү жапкыла! Үстүмдү жапкыла! » дей алды. (Бухарий, Сахих)
Анын сөзүн эки кылбай келген зайыбы ушул сөздү угары менен эч нерсе сурабастан, Пайгамбарыбызды (саллаллооху алайхи уа саллам) төшөгүнө жаткырып, үстүн ороп-чулгады. Хирада жалгыз каалууну каалаган, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) эми өз үйүндө өз ойлору менен алпурушуп жаткан эле.
Бир убактан кийин уйкудан турду. Аз болсо да көңүлү жай алгандай. Хадича энебизге башынан өткөргөндөрдү айтып берип, мындай деди:
-Мен коркуп жатам! Мага бир кырсык болушунан коркуп жатам.
Зайыбы Хадича анын бул абалында корко турган эч нерсе жок экендигине көзү жетип, коопсуз экендигин мындайча билдирди:
- Эч кандай коркуп, күмөн санаштын кереги жок. Эч качан капаланба, Аллах сага окшогон бир кулун эч качан уятка калтырбайт. Мен сенин ар дайым туура сүйлөрүңдү билемин. Аманатты көз карегиндей сактайсың. Туугандарың менен жакшы мамиледесиң. Коңшу-колоңдор менен сый-урмат ичиндесиң. Бей-бечарага жардам бересиң. Ач,кедей-кембагалдарга үйүңдүн эшигин ачып, аларды сый-конок кыласың. Жамандык, кырсыкка учурагандарга жардам беречиң.
Чыдамкай бол! Аллах алдында мен сенин Пайгамбар болорунаң үмүт кыламын. (Бухарий, Сахих, 2-том 7 бет)
Уландысы бар…
➖➖➖➖➖➖➖➖➖

#58 15 August 2016 - 18:58
5⃣4⃣❤❤СУЙУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (САЛАЛЛОХУ АЛАЙКИ УА САЛЛАМ) ДЫН ОМУР БАЯНЫ.❤❤
Пайгамбарлардын жиберилиш максаты .
Пайгамбарлар- оз ара даражалары менен айырмаланган , бирок баары тен Алла Тааланын чон сыйына арзыган тандалган инсандар болгон .Алла Таала Озу аларды тарбиялап , журокторуно жалгыз Озунон башка нерселердин киришине мумкундук берген эмес.
Баардык Пайгамбарлар сыяктуу эле Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (С.А.У)журогуно да Алла Тааладан башка эч бир нерсе уялаган эмес.Ооба? башка нерселер анын тунук ан-сезимин булгаган эмес .Ал козун ачканда Аны гана коргон , бул дуйнодон да отуп баратып дагы Аны коруп:"" Оо, Аллахым ! Эбегейсиз бийик достугунду каалаймын !"-деп айткан.
Бул тууралуу азирети Айша энебизге кулак тошойлу :
""Аллахтын Элчиси С.А.У кээде ооруп калганда , мага келип ,""дуба кыл""дечуу .Мен болсо колум менен анын кутту колунан кармап , ошол колунун берекеси менен шыпаа умут кылып, дуба кылчуумун .Акыркы жолу катуу оруганда , ошентип колунан кармайын десем ал колун шарт тартып алып:"" Оо, Аллахым , эбегейсиз достугунду каалаймын !"деп дуба кылды.
Белгилуу болгондой , Аллахтын Элчиси С.А.У эми жер бктиндеги достору эмес , чыныгы Досу болгон Алла Тааланы каалаган эле .
Ошентип, келиши жана кетиши менен ушундайча омур откоргон Пайгамбарлар , айрыкча Пайгамбарыбыз С.А.У , дуйного эмне учун келди эле, кайсыл максат менен жиберилген ?.
Бул маселени кайсы жактан алып карасак дагы , теманын маанилуугу озгорбойт.Анда кезеги менен баяндайлы:
✨Кулчулук .
Оболу, пайгамбарлардын жонотулуш максаты адамзаттын жаратылыш максаты менен бирдей.Ал да болсо -Алла Таалага кулчулукта болуу.Бул жонундо Алла Таала Куранда :""Мен жин менен инсанды жалгыз Озумо гана кулчулук кылсын деп жараттым" "-деп ачык айтат.
Демек, биздин негизги жаралыш максатыбыз -Алла Тааланы билип тануу жана Ага ылайыктуу кулчулук кылуу .Жеп -ичуу , байлык жыйуу же бул утурумдук дуйного тиешелуу убактылуу уй було кутуу эмес.Булар биздин табигый муктаждыктарыбыз , бирок жаралышыбыздын максаты эмес , пайгамбарлар бизге ушул сырды ачып бериш учун келишкен.
Куранда Анбия суроосунун 25-аятында :""(Оо, Мухаммед), Биз сенден мурда жоноткон ар бир Пайгамбарга :""Менден башка эч кандай кудай жок .Демек , Мага гана сыйынгыла ""-деп ыйык кабар жибергенбиз "".
Дагы бир аятта:"" Акыйкатта , Биз ар бир уммотко :""Аллахка сыйынгыла жана шайтандан алыс болгула "", (деген ыйык кабар менен ) бир Пайгамбар жонотконбуз .Аллах алардын бир болугун Туура жолго салды.Ошондой эле, алардын бир болугу адашууга туш келди .Демек, жер жузун айланып , (оз пайгамбарлардын ) жалганчы дегендердин акыбеттери кандай болгонун коргуло"" -деп айтылып , пайгамбарлардын жонотулуш максаты -буттардан алыс болуп, Алла Таалага кулчулук кылуу жолунда адамдарга жол башчы болуу экендиги айтылган.
➡Уландысы бар .

#59 21 August 2016 - 17:07
Мурда бул теманы корбой кайда журдум экен?Аябай таасирлене баштадым.Ал эми Мерует эжеге болсо ийгилик,колдору менен коздоруно сабыр жана куч кубат,телефонуна болсо зарядды коп кармоосун каалаймын.
#60 22 August 2016 - 19:51
5⃣5⃣Пайгамбарыбыз Мухаммеддин с.а.у өзгөчөлүгү.
Биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыздын с.а.у башка пайгамбарлардан кээ бир айырмачылыгы бар. Ал бардык адамдарга мээрим катары жөнөтүлгөн. Адамдарды дагы, жиндерди дагы Алла Таалага кулчулук кылууга чакыруу милдетин алган болчу.
Абдулла бин Масуд (р.а)башынан откон бир окуяны төмөнкүчө баяндайт:
""Бир жолу Пайгамбарыбыз с.а.у менен чогуу сапарга чыккан элек.Менин айланама бир тегерек сызык сызып туруп, ""Сен мындан чыкпа! ""деп, озү кетип калды. Көп өтпөй күрү -күү үндөрү уга баштадым.Аллахтын Элчисине с.а.у бирдеме болгой эле деп кабатырландым. Бирок мага "" мындан чыкпа "деп кеткени үчүн ордуман кыймылдаган жокмун.Бир аздан кийин Аллахтын Элчиси с.а.у келди.Мен уккан үндөрүн себебин сурадым:
Оо, Аллахтын Элчиси ! Бул кокуручтуу добуштар эмне эле?
Ал мага жооп катары:
-Жин топтору мага ыйман келтиришип, баш ийишти. Анан өз ара талаша кетишти.Ишенген менен ишенбегендер уруша кетишти. Сен уккан добуштар ошол болчу.Мындан тышкары, менин тигил дүйнөгө кетерим билдирилди, -деди.
Аллахтын Элчиси с.а.у бизге бул сөздөру менен төмөнку нерселерди айткысы келген: ""Менин бул дүйнөгө жөнөтүлүш максатым -адамдарды жана жиндерди Туура жолго салуу.Бүгүн эми жиндер дагы мага ыйман келтирип, баш ийишкендерине караганда, бул дүйнөдө калуунун кажети жок сыяктуу .Демек, эми мындан кийин бул дүйнөдөн кетсем болот. ""

Супер-Инфо
super.kg
видео