Бул теманы ачууга түрткү
болгон кечеги курбу кызымдын телефон чалуусу болду. Мага телефон аркылуу байланышып жолдошу колун көтөргө
нү тууралуу айтып көз жашын төгүп кетти. Мен болсо аны соорото албай айлам кетти. Ал айтат: “Анын мага кол
кө
төргөну
тууралуу ата-энеме айтайын десем айтпачы деп жалдырап жалынды. Эгер айтсам ата-энем ажыраштырып алмак. Эми бир жума өтпөй кайра эле урушуп баштадык. Ал дагы кол көтөрдү
. Ортобузда чырдын себеби баягы эле кайнене. Ал апасы экөө бир команда болушуп алды. Негизи эле үйлөнгө
нүбүздө
н бери ал аябай өзгөрдү
” деп сыздаганынан эмне кеңешимди бере албай сен күчтүү
сүң, нервиңди сакта деп ар кандай кеңешимди берүүгө
аракет кылдым. Алардын ортосунда уулу бар. Алганга чейин артынан эки жыл чуркап сүйдүм-
күйдүм деп араң жеткенине өзүм күбө болгом. Эми бул эмне кылганы? Негизи эле аялына кол көтөргө
н эркек эркекби?
Мындай эркектерди эмне кылыш керек? Кеп-кеңешиң
ерди жазып кеткилечи урматтуу форумчулар?
!
hjkj

Супер-Инфо
super.kg
видео





















