shumkar929292 (02 Июнь 2016 - 13:22) жазган:
Кечирип коюнуз, мен сиздин февралда жазганынызды корбой калыптырмын.
Сакайып калганынызга кубанычтамын. Кийин боюнузда болгондо гинекологунузга эрозияныз болгонун, аны кесип салып куйгузгонун да бир ооз айтып коюнуз. Себеби ото отушуп кеткен эрозияны кесип алганда шейка бир аз кыскарат. Анан ал шейка бойдогу бала чонойгондо которо алабы жокпу, маани берип байкап туруу керек, эгер шейка маалынан эрте ачыла баштаса тигип койгонго же оозун башка бекиткич менен бекитип койгонго болот, торотко жакын калганда алып салышат. Эгер шейка маалынан эрте ачылбай жакшы которсонуз, анда башка кош бойлуулуктан айырмасы деле болбойт.