Акчасы жоктор депрессиядан кантип чыкса болот?
#1 10 Август 2016 - 02:00
#3 10 Август 2016 - 02:49
Т.б. "Алма быш,оозума туш" деп отура бербей акча табуунун аракетин кылыш керек. Эмне коп,иш коп,табылат иш. Аз акча болсо да,берекеси менен болсо жеткирсе болот.
#4 10 Август 2016 - 09:48
Өз жашооңузду өзүңүз колго албасаңыз, жашоо өзү сизди каалаган тарабына ыргытуусу мүмкүн. Ошондуктан күчүңүздүн барынча аракет кыла бериңиз, чалынып жыгылсаңыз ошол бойдон токтоп калбай кайра туруп тырмыша бериңиз, мына ошондо чыныгы ийгиликти жарата аласыз.
Депрессиядан чыгуу үчүн белгилүү инсандардын, алсак көп ийгиликтерге жетишкен адамдардын өмүр баянын, же психологиялык китептерин окуңуз. Байкасаңыз алардын көпчүлүгү жөнөкөй эле адам болуп жарык дүйнөгө келишкен, бирок талбай изденүүнүн, аракетчилдиктеринин айынан ушундай даражага жетишип отурушат.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 10 Август 2016 - 10:16
#7 10 Август 2016 - 11:41
Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага, тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ! !!
Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...
#8 10 Август 2016 - 15:48
Altyshok (10 Август 2016 - 11:41) жазган:
Эээ айылдын деле озунун депрессиялары бар. Койду жыргап ашып кетсе 10 15 кун кайтарарсыз анан баягы эле инсанчылык башталат. Кунумдук кайталанма жудотмо кара жумуш зеригичтуу кундор. Ваннада жуунгун келип кетет, паркта айлангын келет,магазин аралагын келет. Кыскасы 2/15/30.
Билдирүүнү түзөткөн: AKCAHAT: 10 Август 2016 - 15:48
#9 10 Август 2016 - 17:39
AKCAHAT (10 Август 2016 - 15:48) жазган:
Мисал кыла кеттим да. "Акча көбүрөөк талап болгон жерде депрессия көп, азыраак жерде тескерисинче" депчи.
#10 10 Август 2016 - 19:39
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 10 Август 2016 - 20:40
#12 11 Август 2016 - 00:07
Altyshok (10 Август 2016 - 11:41) жазган:
Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага, тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ! !!
Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...
Сиздин жообунуз эле кимди болбосун депрессиядан чыгарып коет го)) Көптөн бери мындай жыргап күлө элек элем. Рахмат.
#13 11 Август 2016 - 00:09
#15 11 Август 2016 - 10:59
#16 11 Август 2016 - 21:33
#17 11 Август 2016 - 23:03
Сентябрьда келтат,балдарга кийим кылвш керек..Акча акча акча болуп калды года...Жараткан ОЗУ колодосун...
#18 11 Август 2016 - 23:43
Зээнимдин кейигени,канчалаган ишке жарамдуу мекендештерибиз башка өлкөгө барып,чаң жутуп,колу тоңуп көчө шыпырып,өзүнөн эки эсе оор жүк көтөрүп,аз уктап,колун муздак суудан чыгарбай пол жууп,даараткана тазалап,карыган өз ата-энесин,бала- бакырасын карабастан, "акча"," акча"деп башка бирөөлөрдү багып,карап жүргөнү эхх...Азыр акылы менен акча тапкан эч ким жок.А арам акчаны койчу,мейли, 1 000 000 сомуң болсо да арам болсо эгер жукпайт,жарытбайт. Анан айла жок кантип табат,ден-соолугун кетирип акча табат.Орусияда жана башка чет өлкөдө иштегендерибиз ден-соолугун Россияга барып,акчага алмаштырып салып жатканы ачуу чындык.Муну баарыңар эле билесиңер! ...Депрессия, стресстин айласын таап дарттан чыгып кетүүгө болот.А бирок,баарынан кымбат ден-соолукту кайра табууга биздин чет мамлекеттен тапкан акчабыз да жетпейт.Жашоо кайда эле агылып баратат.Кээде үй-бүлө куруп,балалуу болуп,эне сүтүн оозанбастан калган наристелерге, баласына куса болуп көргөзбөй сагынган эжелерге,сиңдилерге боорум ооруп,турмушка чыккым да келбей кетет.Стресс, депрессияга акчалуулар же акчасы жоктор батат деген болбогон нерсе...
Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 11 Август 2016 - 23:48
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#19 15 Август 2016 - 18:27