Алтышком Альбинка! Сен мактанаар убакка жетели ээ ылайым!
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#621 31 May 2016 - 23:52
Алтышком Альбинка! Сен мактанаар убакка жетели ээ ылайым!
В каждой шутке есть доля правды...
#622 22 June 2016 - 11:43
Сен мени, а мен сени сагынганда.
.
Уйкумдан ойгоноормун качандыр бир
Кусадан мончок шуру тагынганда,
Баягы өткөндү эстеп жүргөндүрбүз,
Сен мени, а мен сени сагынганда. .
Кайдандыр пайда болот эхх…бир өксүү,
Кусалык оромолун жамынганда.
Бири кем дүнүйөдөн кездешээрбиз,
Сен мени, а мен сени сагынганда…
Сөздөрүбүз чууруп-чууруп токтобостон,
Чычкандын суусу өңдүү агылганда.
Сыр чечишип олтураар күн да келээр,
Сен мени, а мен сени сагынганда…
Уйкумдан ойгоноормун качандыр бир
Кусадан мончок шуру тагынганда,
Баягы өткөндү эстеп жүргөндүрбүз,
Сен мени, а мен сени сагынганда. .
Кайдандыр пайда болот эхх…бир өксүү,
Кусалык оромолун жамынганда.
Бири кем дүнүйөдөн кездешээрбиз,
Сен мени, а мен сени сагынганда…
Сөздөрүбүз чууруп-чууруп токтобостон,
Чычкандын суусу өңдүү агылганда.
Сыр чечишип олтураар күн да келээр,
Сен мени, а мен сени сагынганда…
В каждой шутке есть доля правды...
#623 22 June 2016 - 18:16
Үмүткөр кылып адамды..
Келесиң капыс бурулуп,
Кетирип ансыз айламды.
Кетесиң бир күн унчукпай,
Үмүткөр кылып адамды..
Айланып учтум канатсыз,
Чарк айланып ааламды.
Көздөрүң не күлүңдөйт а,
Үмүткөр кылып адамды..
Кубанчым толуп көөнүмө,
Баскансыйт чексиз санаамды.
Жок болосуң бир күнү,
Үмүткөр кылып адамды..
Келесиң капыс бурулуп,
Кетирип ансыз айламды.
Кетесиң бир күн унчукпай,
Үмүткөр кылып адамды..
Айланып учтум канатсыз,
Чарк айланып ааламды.
Көздөрүң не күлүңдөйт а,
Үмүткөр кылып адамды..
Кубанчым толуп көөнүмө,
Баскансыйт чексиз санаамды.
Жок болосуң бир күнү,
Үмүткөр кылып адамды..
В каждой шутке есть доля правды...
#624 22 June 2016 - 18:46
Азаматсыз. Чыгармаларыныз абдан маанилуу жазылыптыр.
Чыгармачылык ийгилик. Ырларыныз элдин журогунон тунок тапсын. Аябай жакты мага.( чыыыыыын айтам. Жон эле "подхалим"
болуп атат дебениздер.
..)
#625 27 June 2016 - 00:27
Азаматсыз. Чыгармаларыныз абдан маанилуу жазылыптыр.
Чыгармачылык ийгилик. Ырларыныз элдин журогунон тунок тапсын. Аябай жакты мага.( чыыыыыын айтам. Жон эле "подхалим"
болуп атат дебениздер.
..)
Алтындай убактыңызды бөлүп окуганыңызша мен ыраазы. Келип туруңуз. Рахмаат.
В каждой шутке есть доля правды...
#626 29 June 2016 - 15:57
Унчукпай күтүп жүрөт элем,жазыпсыз.
.
Ырларыңыз ар дайымкыдай жүрөктөн орун алды.Бар болуңуз!
Ырларыңыз ар дайымкыдай жүрөктөн орун алды.Бар болуңуз!
<
#628 08 July 2016 - 21:43
Рахмат-раазычылыгым болсун!
***
Ачыкталып жүрөк каткан сырлар да,
Атым калды сиз калтырган ырларда..
"Кантем,-дейсиз, -сезим менен ойношуп",
Жүрөсүз го менсиз өткөн жылдарда...
Уулуу тилим матырбайын сезимге,
Эзилбечи, жүрөк кургур эзилбе..!
Бурганактай кирип келип алгансыз
жалп өчүрүп, жанып турган кезимде..
Жактырдыңыз, ашууларды ашалбай,
Жүрөк каалайт, бирок жандап басалбай.
Жат көрсөтүп өзүңүзгө өзүмдү,
Калдыңызбы келээр жолду табалбай..?
В каждой шутке есть доля правды...
#629 14 July 2016 - 05:45
Керемет бул ырларды жазып коюп
Комуско журо бербе акын болуп
Жаза бер ,дагы да жаз анан дагы
Жакшы бир китеп чыксын жарык болуп.
Комуско журо бербе акын болуп
Жаза бер ,дагы да жаз анан дагы
Жакшы бир китеп чыксын жарык болуп.
#630 03 August 2016 - 01:26
Керемет бул ырларды жазып коюп
Комуско журо бербе акын болуп
Жаза бер ,дагы да жаз анан дагы
Жакшы бир китеп чыксын жарык болуп.
Комуско журо бербе акын болуп
Жаза бер ,дагы да жаз анан дагы
Жакшы бир китеп чыксын жарык болуп.
Жан дүйнөгө ырлардан белес толуп,
Эсте калаар жаш жылдардан элес болуп.
Эл акыны, мейли болуп көмүскө,
Ырларым калсын элде керээз болуп.
В каждой шутке есть доля правды...
#632 12 August 2016 - 02:39
Атын атай албай кара коз деп атап койдум деген ыр саптарыбар ыр сенин калемине тиешелуу эмеспи? Эгер сенин калемине таандык болсо толук жазып коесунбу?
Не кыл дейсин турмуш азыр бут жагынан бузулган!
#633 14 September 2016 - 11:55
Туголбай, Алыкулдун ырларындай,
тугонбос махабаттын сырларындай.
Эжекем онорунуз курчуй берсин,
журоктун согушунун ыргагындай. .
тугонбос махабаттын сырларындай.
Эжекем онорунуз курчуй берсин,
журоктун согушунун ыргагындай. .
#634 05 October 2016 - 23:07
Атын атай албай кара коз деп атап койдум деген ыр саптарыбар ыр сенин калемине тиешелуу эмеспи? Эгер сенин калемине таандык болсо толук жазып коесунбу?
Саламатсызбы.
Ал саптар мага таандык эмес.
В каждой шутке есть доля правды...
#635 05 October 2016 - 23:11
Туголбай, Алыкулдун ырларындай,
тугонбос махабаттын сырларындай.
Эжекем онорунуз курчуй берсин,
журоктун согушунун ыргагындай. .
тугонбос махабаттын сырларындай.
Эжекем онорунуз курчуй берсин,
журоктун согушунун ыргагындай. .
Оп бали азаматсыз!
Сиз да Кундой жаркып ай-ааламга тийип турунуз!
В каждой шутке есть доля правды...
#636 13 October 2016 - 08:45
Тагдырдан ызаа көрбө.
"Бакытым таптым,"-десем, сен мени жектебессиң.
Ызааңа кошул-ташыл кансырап кектебессиң.
Өткөндү ууруп-чууруп, тагдарга бир таарынып,
Экөөбүз кечээ баскан жолдорду жээктебессиң. .
"Ыйманым таптым,"-десем, ызаага бөлөнбөссүң,
"Мен сени сүйчүмүн" деп, агарып-көгөрбөссүң. .
Акылдуу жансың өзү ойлонуп жумуш туткан,
Өз жаның өзүң кыйнап, азапка чөгөрбөссүң. .
"Таалайым таптым,"-десем, сен мага таарынбассың,
Буулугуп буркан-шаркан суу болуп агылбассың.
Тагдырга жазган болот "тамаша кылды" дебе,
Тайманбас жандан элең
таалайың ашып-ташсын. .!
"Жолдошум таптым,"-десем, жолумдан азгырбассың. ..
Кан жутуп ызааланып өткөнгө кайгырбассың. .
Алдыга умтула көр, өткөндө кала бербей,
Кадамдан жаңы аттап артыңа кайрылбассың.
"Туурумду таптым,"-десем, туурадан чыга көрбө,
Кызганчаак жандан элең, турмушум буза көрбө.
Сен мени кое бергин, мен сени кое бергем,
Сен дагы энчиңди тап, тагдырдан ызаа көрбө..!
"Конушум таптым,"-десем, коңшулаш чыга көрбө,
Коломто отум өчпөс кемегем буза көрбө.
Ийилип келсе бирөө ишенчээк жансың өзү,
ушак кеп мен жөнүндө жаман сөз уга көрбө.
"Ынагым таптым,"-десем, ыңгайсыз кала көрбө.
Ызаага жаның чылап, ызылдап кала көрбө.
Ылдыйдан келсе бирөө ырыстуу жансың өзү,
Ыңгайы келген кезде ырысың чана көрбө..!

#637 13 October 2016 - 08:48
Дуа.
Энелердин таманында бейиш төр,
Мол ырыскы энелерге бере көр.
Оо Улук Зат! Сага чексиз мактоолор!
Энекеме бейиш төрүн бере көр!
Убайымды берсең кетпес чөгүлүп,
Сынбай турган эрк бере уөр сыноого.
Сүттөн аппак, даамдуу суусун бейиштин
балдарымдын Атасына ырооло!
Дуалары кабыл кылып ала көр,
Бак-дөөлөттү ата-энеге бөлүп бер.
Бейиш төрүн, Пайгамбарга коңшулаш,
Жолдошумдун атасына ачып бер!
Сабырларды эки калчап, бир калчап,
Көтөралчу, чыдай алчу сыноо кыл.
Бейиш төрүн, "балам! " деген алдастап,
Жолдошумдун апасына ыроо кыл!
Шыңгыр күлкү, баео мүнөз балакай,
Бейиш багын араласын, чыкпасын!
"Наристенин жыты" делген Бейиштен
Наристемдин Өзү дагы жыттасын..!
Энелердин таманында бейиш төр,
Мол ырыскы энелерге бере көр.
Оо Улук Зат! Сага чексиз мактоолор!
Энекеме бейиш төрүн бере көр!
Убайымды берсең кетпес чөгүлүп,
Сынбай турган эрк бере уөр сыноого.
Сүттөн аппак, даамдуу суусун бейиштин
балдарымдын Атасына ырооло!
Дуалары кабыл кылып ала көр,
Бак-дөөлөттү ата-энеге бөлүп бер.
Бейиш төрүн, Пайгамбарга коңшулаш,
Жолдошумдун атасына ачып бер!
Сабырларды эки калчап, бир калчап,
Көтөралчу, чыдай алчу сыноо кыл.
Бейиш төрүн, "балам! " деген алдастап,
Жолдошумдун апасына ыроо кыл!
Шыңгыр күлкү, баео мүнөз балакай,
Бейиш багын араласын, чыкпасын!
"Наристенин жыты" делген Бейиштен
Наристемдин Өзү дагы жыттасын..!
В каждой шутке есть доля правды...
#638 13 October 2016 - 08:50
Сендейлер.
.
Жоктугуң айтып жанымда,
Кышында көңүл тоңбосо..
Эзилет жүрөк эзилет
сендейлер Сендей болбосо..
Алыстыгың сездирип,
Башкага оюм конбосо..
Эрээркеп барат жүрөк туш
Элестер Сендей болбосо..
Карасам кечке сүрөтүң
Кантемин көөнүм тойбосо.
Карарып барат жүрөгүм
караандар Сендей болбосо..
Жоктугуң айтып жанымда,
Кышында көңүл тоңбосо..
Эзилет жүрөк эзилет
сендейлер Сендей болбосо..
Алыстыгың сездирип,
Башкага оюм конбосо..
Эрээркеп барат жүрөк туш
Элестер Сендей болбосо..
Карасам кечке сүрөтүң
Кантемин көөнүм тойбосо.
Карарып барат жүрөгүм
караандар Сендей болбосо..
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео