Кыргыз жерим эң кооз! Кыргызстанды даңазалайбыз!
#1 11 Май 2010 - 15:41
#2 11 Май 2010 - 15:58
Негизи Өзгөн шаары балким, Кыргызстандагы эң мурунку шаарлардын биридир... Анткени ага байланыштуу тарых барактарында да көптөгө н маалыматтар сакталып калган. Мен жаза турган шаардын аталышынын варианты, ондогон варианттардын ичинен бирөө.
Кытай жазма булактарында Өзгөндү "Ю" шаары деп беришкен, илгери кытайлыктар келип, бул шаарды басып, кандайдыр бир мезгилге чейин туткунда кармашкан. Бекеринен кытайлыктар жол басып келип, Өзгөндү басып алышкан эмес, анткени ал Улуу жибек жолунда маанилүү роль ойногон. Бирок кийин жергиликтү ү эл кайра бийликти колго алышат. Ошентип, "өзгө лөр басып алышкан, өзгөлө рдүн жери, өзгөндө р" деп отуруп, шаардын аталышы ушундан пайда болгон деген жоромол бар...
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 14 Май 2010 - 18:25
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 11 Май 2010 - 16:01

Билдирүүнү түзөткөн: Marmiladka: 11 Май 2010 - 16:01
#4 11 Май 2010 - 16:35
Баягы эле бай-кедей болуп бөлүнү п турган убак. Байлыгы ашып-ташкан бай бир эмес бир нече аял алып, башкага көзү тойсо да аялга көзү тойбочу. Ошентип, ай чырайлуу кызды токолдукка алат. Бай токолунан балканактай уулдуу болот. Жайкысын жайлоого эл көчкөн маалда манапты үй-бүлө сү да көчмөк болушат. Жалгыз аяк ат басар кыядагы ичке жолдо байдын байбиче-токолдору бүт өтүп барат. Бир убакта байдын биринчи алган байбичеси бешикке баласын өңө рүп кетип бараткан токолду ат менен сүздүрү п өтөт. Кыя жолдо араң өтүп бараткан токолдун колундагы бешик жардан ылдый кулайт. Бешиктин ичиндеги наристе ыңаалаган бойдон бешик ичинде тээ бийиктен кулап кете берет. Ошондо уулунан айрылган токол "балам калды эле, балам калды..." деп чыңырган экен байкуш. же баласы тирүү калсачы. Ошондон улам ошол капчыгай Балам калды аталып калган экен.
#5 11 Май 2010 - 16:45
Илгери жоокерчилик заманда, кыргыз элинин баатыры Эр Табылды Ысык- Колдун жээгинде отурукташкан экен. Бир куну, душмандар Эр Табылдынын жылкысын уйуру менен тун жамынып айдап кетишет. Ошондо баатыр уурулардын аркасынан кубалап жетип, жылкысын кайтарып келген экен. "Мындан ары менин малым экенин бардыгы билишсин" деп ар бир жылкыга озунун белгиси тушурулгон тамга басып чыккан. Ошол тамга басылган жер ошондон кийин Тамга аталып калган экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Асылжан: 11 Май 2010 - 16:59
#6 23 Июнь 2010 - 16:20
#8 07 Сентябрь 2010 - 15:00
Алыстан ат арытып жол карытып бир жолоочу келе жаткан экен. Жол журуп аты да озу да чарчап азыркы Арпа жайлоосуна келип, бир азга атын чалдырып алайын деп озу да уктап кетет. Бир убакта турса аты тойунуп кадимкисиндей семирип калганын корот. Бул жайлоонун чобу арпадай турбайбы деп тан берген жолоочу сапарын улантмакчы болуп атын кармай албай убара болот. Атын кармай албай журуп озуно ант берген дешет, Ушул атты кайсыл жерден кармабайын башын алам деген экен. Ошондон кубалаган атын азыркы Ат-Башы жергесинен кармап, башын кесип Чеч-Добого коюп койгон экен. Кийин ары-бери откон адамдар аттын башын коруп ошол жерди "аттын башы" турган жер деп атап коюшкан экен, Ушундан улам биздин районубуз Ат-Башы аталып калыптыр. Ал эми арпа жайлоосу чобунун кучтулугунон "Арпа" аталып калган дешет
#9 08 Сентябрь 2010 - 00:30
Илгери откон заманда бир бак киши болот имиш, ал байдын жападан жалгыз Чурок атуу кызы болот. Атына заты жарашкан сулууулугу жанында жок ай ай бир периште атуу ал Чурок коп жигиттердин журогуно чок салып, башын айландырат. Бай байлыгына да чиренбей жалгыз кызынын бактылуу болушун еле тилейт. Коп деген баатыр жигиттер келет байдын таймашынан кулап атып аягында 2 еле жигит калат. УЛАН жана Санташ деген. Чуроктун козуно тушкон еки жигиттен кыргыздын жылуу жузду, кучтуу жигиттери еле...екоону тен жактыргандай. .мына еми еки баатырдын таймашы баш алып баштады, екоо тен кучтуу...бир маалда курч найзалары бырт ете еле деп жерге еки баатыр кулап тушту...жайлоодо еки баатыр кан ######, ага кубоо болуп Мандай Тескей АЛА ТОО жана Чурок кубооо болуп турду. Козунун жашы тогулуп ал жйлоо колчуко айлынды 3 кун 3 тун ичинде Колго айланды. Ошонтип Санташ жана Улан шамалы дагы еле Ысык Кол устундо курошуп, Чуроктун коз жашын толкутуп келет...
#10 28 Ноябрь 2010 - 18:32
Абасы таза,суусу тунук,абдан кооз жайлоолору бар,бийик бийик тоолору бар,ыйык Ыссык Колубуз эхх айта берсен кооп.
Билдирүүнү түзөткөн: Arstan: 17 Май 2011 - 01:19
кто лучше нас, им просто не до нас.
#11 28 Ноябрь 2010 - 19:17
- Фул Хаер?
А тигиниси да жооп берип жатат (ал да немисче "билет экен"):
- Филфейм.

Ошонун сыңарындай, Акжол, "ФулХаер? "
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 28 Ноябрь 2010 - 19:18
#12 19 Август 2016 - 00:52
"Кызыл-булак" Бул атда жондон-жон
коюулбаса керек,Айылыбызды курчап
турган тегеректе тоолор бар,Айылга
кирип кетип жатканда сол тарабында
узуун анча деле бийик эмес кызыл тоо
бар,Анан он тарабында бийигирээк
тоолор бар ал тоолордо булактар коп,
мына ошондуктан Кызыл-булак деп ат
каюулган...
Сиздерда Айылыныздардын же
шаарыныздардын аттарынын маани-
манызын жаза кетсениздер билип
алалы...
Билдирүүнү түзөткөн: ABDulHai: 19 Август 2016 - 01:40
#13 19 Август 2016 - 01:31
1...негизи Айылыбыздынбашында чоон добо бар мурунку откон заманда душмандар бастырып келе жатканда ошол добого от коюп элдерге белги берип турушкан экен.
2... Биз жашаган жерде Ак добо менен Кара добо деген балбандар болушкан экен ошол жерде ошол 2 балбан курошуп женгендин аты менен айылыбыздын атын Кара добо деп коюшуп койгон экендер
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 19 Август 2016 - 01:32
#14 19 Август 2016 - 17:02
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 19 Август 2016 - 17:02
#15 06 Январь 2019 - 04:38