Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#221 Пользователь офлайн   happy02   22 Август 2016 - 08:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Эски дептерден бир шиңгил




Сен менин кечирип кой көздөрүмдү,
Канча жаш көз алдыңда төкпөдүмбү. ..
Кечиргин, сага анчалык мааниси жок,
Экенин билбей айткан сөздөрүмдү. ..


Сен мени кечирип кой, бардыгы үчүн –
Жүрөгүм сени тандап, сүйгөн үчүн...
Өзүңө ишенгеним үчүн кечир,
Кечиргин сен деп өткөн күндөр үчүн...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   happy02   22 Август 2016 - 09:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Поэзия күйөрмандары үчүн...

Сагынычка саргайсын
жылдарыбыз

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе жаным,
Андан көрөк арбалып мен барайын.
Ырдан ширин ымыркай жаратууга,
Өмүр бою өзүңө камданайын.

Дүйнөсүнөн күтүүнүн келбе жаным,
Сагынычы чоң бакыт мендеги анын.
Андан көрөк талытып канатымды,
Ырга айланып сен жакка мен барайын.

Турмушумда кезикпе, келбе жаным,
Жоготпогун өзүңдө, менде барын.
Тажашкандан көрөкчө - күткөн жакшы,
Сагынычка саргайсын жылдары анын.


Бийигинен сүйүүнүн түшпө, мага...
Жете албайын, жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылыңдан жолугам түштө гана...

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе, жаным.
Сагынычка саргайсын жылдары анын.
“Бир үзүм от”

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   happy02   22 Август 2016 - 09:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Кээде мен


Кээ бир кезде – өткөн, кеткенди эстеген,
Күндөрдү аяп көп мүдөөгө жетпеген,
Өзөк өрткө, өкүнүчкө чулганып,
Учурлар көп – аттиң дүйнө, эх деген!

Ээн калып, жайдакталган кезде мен,
Элестер бар – эңсөө менен эстеген.
Эңшерилип, бири кем бул дүйнөдө,
Эрксиз анан тунгуюкка кептелем.

Ооба, баары, тирүүлүк да чек менен,
Ошон үчүн барга тобо деп келем.
Оомал, төкмөл дүйнөнү эмес, жаңылган
күндөр үчүн кээде өзүмдү жек көрөм.

Келише албай жүрөк акыл-эс менен,
Кээ бир кезде мен сүйүүдөн четтегем.
Келбечүдөй кеткен сезим кайрылып,
Эми өчөшүп келүүчүдөй сестенем...

Өмүрдүн ар күнү батса, кеч менен
караңгы түн, жымжырттыкка кептелем.
Алда нени элестеткен бу түндөн,
Кээде чыкпай калуучудай шектенем.

Андай кезде өзүмдү-өзүм текшерем:
“Качандыр бир жерде калып, эх, денем.
Эстен чыгар өңү-түсүм... а бирок,
Эл ичинде ырым менен эстелем...

Анда өмүрдү сүрбөптүрмүн текке жөн...” -
деп өзүмдү алдап, бирок эске мен
бир чындыкты алгым келбей кайпактайм:
“Кечпи-эртеби, чын суракта тескелем...”
22.00
10.01.2016.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жүрөгүм, эх

Тентегим эх,текебер жүрөгүм эх,
Башкара албай мен сени жүдөдүм, эх!
Мелт-калт толгон сүйүүнү катып турган,
Бирок сени ушунча сүйөмүн, эх!…
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Сагынычым...

Бакытсың,
балким мезгил агымысың?
Сүйүүдөн
керек эмес жаңылышым...
Жанымда
жүрсөң дагы, жүрөгүмдөн
жабышып
кетпейт неге сагынычым?
Ж.И

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   Aisuluu160790   27 Декабрь 2016 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 01 Июнь 15
  • Соңку аракети: 01 Авг 2025 16:16
  • Жынысы:Аялзаты

rnurzida (15 Май 2015 - 19:16) жазган:

КОШ БОЙЛУУ ЭНЕНИН ЫРЫ.

Кээде өзүмдөн “апа” деп шыбыраган,
Туям,сезем бала үнүн кыбыраган...
Бүт дүйнөмдү дүр этип өтөт анан,
Башкача бир нур сезим жыбыраган...

Эне – дүйнө, эне – аалам! Курсагымда
мээримге ороп мен сени курчадым да...
Гүлазыгың болсун деп багыштаймын,
Жуткан абам, суумдун бир ууртамын да...

Сезем, мени ал дагы билет, угат,
Мага ичимден жагымдуу илеп урат…
Мен кубансам – кубанып, муңайганда:
“Кайгырбасын апам”, - деп тилек кылат.

Жарык дүйнө шооратын сезүүчүдөй,
Мен “селт” этсем кошо ыргып кетүүчүдөй,
Сербеңдеген кагылып кетейиним,
Бүлкүлдөшүң жүрөктү эзүүчүдөй.

Камсанаба, чочуба, токто балам,
Жүрөккө окшоп дүкүлдөп сокпо, балам.
Ысык-сууктан калкалап турат энең,
Ызы-чуудан, күү-шаадан коркпо балам.

Ырдап берем таң атып, күн батканын,
Чымчык сайрап, бак шуулдап, гүл ачканын...
Анан дагы Кудайдын кудурети,
Сага жашоо, жан берип жаратканын. ..

Жарык дүйнө кандайча аталарын,
Жаныбызда кам көрчү ата барын.
Билгин балам, жарыкка келгениңде,
эл-журтуңдан ак тилек, бата аларың...
Ага чейин уктай гой, каражаным.


Сонун саптар. Мен да эне болгум келет Жаратканым буйруса..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Таң калба

Жандүйнөмдү. ..
Бүт бойдон бердим сага,
Кир да жаша,
каалашыңча сайранда...
Бардүйнөмө
Мейли бийлик жүргүзгүн,
Андай учур
Мага чексиз майрам да.
Бирок кайра
кетер жолду жоготсоң,
Жоругума...
жодур карап таң калба...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Жаңы ыр...


Алтын казык

Таптым дагы жакшы обон ырларыма,
Жүрөгүмдүн ыргагын – ыргагына,
Коштум дагы шөкөттөп сүйүү менен,
Жан киргиздим комуздун кылдарына.

Тыңшадым да нес болдум кайрыгына,
Укчу... тыңша... сен дагы кайры мына...
Кай жактадыр жашынган сезимдерди,
Жүрөктөргө кастарлап кайрыгыла...

Балкыйт мынча жүрөгүм бактым ашып,
Жандүйнөмө жакшы ырдан таптым азык.
Жаратканга жалынам... ал ансайын
Асманымдан жаркырайт - “Алтын казык...”
13.22.
24.12.2016.
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Бир шиңгил...

Кар, борошо... каректерим карыгып,
Калдалактап канаттарым кайыгып,
Калган кезде сага карай учамын,
Cени көксөп, сени самап, сагынып...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бир шиңгил...

Бут тушалып... кээде сазга батамын,
Бук... кусалык... кайда, кантип качарым,
билбей турган кездеримде, Асманым,
Сени эстесем... келип кетет жашагым.
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Эски дептерден:

Уяңдыгым...
Сен мени кечирип кой?.. Көңүлүңдү
ооруттум, билбей чыным, төгүнүмдү.
Тартынып турдум сага жеткизе албай,
Ак жамгыр болуп көл-шал төгүлүүмдү.

Көңүлүм толкуп-ташып сөздөрүңдөн,
Көлкүлдөп сүйө тиктеп өткөнүңдөн. ..
Бакыттан баш айланып тик бага албай,
Көздөрүм тайгаланды көздөрүңдөн. ..

Өзүмдү канча сага арнап, жаным,
Дилимде сени ушунча ардактадым,
А бирок билгизе албай чындыгымды,
Калтырак басып дүйнөм... алдастадым.

Кайталап, миң кайталап угам ырың...
Бардүйнөм сага ушунча кумар, чыным...
Сезими селге айланып кетпесин деп,
Ортону тосуп турат уяңдыгым...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 21:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Галактика жолундай мелмилдеген,
Сыдырым жел айланып эргүү деген...
Жолдорум бар асман-жер ортосунда,
Ырдүйнөмө учуп кел, өргүү берем...

Ак сүйүүмдүн кучагын кенен жайып...
Ашыктыктын алоо отун берем жагып,
Сезимдерден “жылт” эткен жылдыз жасап,
Асманыңдан ай болуп төгөм жарык...

Сени күткөн ырдүйнөм жаркын, кенен,
Чар тарабын шөкөттөп алтын менен,
Жалаң ырдан жалгадым жасалмасыз,
Сага арнаган жүрөктөн тартуум белен...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 21:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Сен мага тагдыр берген ыроосуң да,
Бакыт да, кубаныч да, сыноосуң да...
Сен гана көздөрүмдөн көрө аласың,
Көңүлдүн үтүр, чекит, суроосун да...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Эски дептердеги эскирбеген ырлар:

Мен сени сагындым да...

Мен сени сагындым да,
Бир жакшы ыр жазгым келди...
Жагымдуу көздөрүңдү,
Жалындуу сөздөрүңдү,
Негедир өзүм жазган
Ырлардан тапкым келди,
Сени ырга жазгым келди...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз




АНСЫЗ ДЕЛЕ...



Ансыз деле
жашоо жалган, өмүр аз!
өзөктү өрттөйт
деген бир сөз: “Өлүм ак!”
Андай болсо
арзыбаган нерсе үчүн,
Ачууланбай,
асыл курбум көңүл ач!

Жүрөгүңдө
ким бар, айтчы жашынган,
Жандилиңде
кандай сыр бар катылган?
Бар кезиңде
төгүлүп ал! Бир күнү
тилден калып,
“тырс!” дей түшөр асыл жан!

Көйгөй, санаа,
көртүйшүктүн көбүн көр!
Бирок эгер
эңсеп атса көңүлдөр,
Көрүшкүлө!
Ансыз деле күн келет,
Көрүшпөскө
“кум-жам” болчу өмүрлөр!

Сүйлөшкүлө,
көңүл сүйүп атканда,
Сыйлашкыла,
жүрөк кагып атканда!
Сырдашкыла,
таарынычтар тарасын,
Же сагынып,
арзып, өңдөн азганда!
Ансыз деле
жашоо жалган, өмүр аз!..
Ж.И.

Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 27 Декабрь 2016 - 21:57

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Бир гана сен
(толук варианты)

Бир гана сен...
бир гана сен жетишпей,
Жүрөгүмдүн учу сынык – кетиктей,
Шамал үйлөп, сыздап турат акырын,
Жандүйнөмдүн бир ыптасы тешиктей...

Башка кимди?..
Башка үндү эшитпей,
Карек башка каректерге кезикпей,
Сенин ордуң кемип турат сезимде,
Татым жетпей, тамшандырган кешиктей...

Бир гана сен...
Бир гана сен керектей,
Сени күтүп, сени сүйүп, сени эстей,
Сени ойлобой калсам кокус дүйнө өзү,
Окшошконсуп сокур, дүлөй, сенектей...
Бир гана сен...Караганым, күткөнүм,
Күлкүм менен түзөп көңүл бүктөмүн...
(Эски дептерден)
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Обонго
(Тапшырык менен жазылды)

Кандай жакшы?.. Кандай жакшы, асыл жан,
Шооратыңды угуу, сезүү жакындан,
Тыңшоо сенин жүрөгүңдүн кагышын,
Эңсөөм болуп көкүрөктө катылган.

Аралыктын жакындатып алысын,
Кандай жакшы, таануу күткөн дабышың...
Каректерден табуу бакыт – сүйүүнүн
сүртүмдөрүн, сагынычтын дарысын...

Бүшүркөөлөр ишенимге сый уруп,
Арам ойлор аруулукка жыгылып,
Түшүнүшүү – түгөнбөгөн кубаныч,
Эх, десеңчи, дил табышуу – улуулук!
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бир добуш...

Дүйнөмдү дүлөйбү деп ыйлап турган,
Кезимде көөдөндө өксүк ырбап турган,
Бир добуш... кайдан келди кайрыктары,
Канаттай дир-дир этип ырдап турган?..

Дүйнөмдү азизби деп зарлап турган,
Кезимде сокур сезим арбап турган,
Бир добуш... кайдан келди ак жарыктай,
Сергитип сезимге өмүр арнап турган...

Дүйнөмдү жардыбы деп жайрап турган,
Кезимде өзөгүмдү өрт жалмап турган,
Бир добуш... кайдан келди сыйкырчыдай,
Жаныма жарашыгын жалгап турган?..

Бир добуш... дир-дир канат кагып турган,
Абаны жүрөгүмө жагып турган,
Канымда кошо айланып ыргактары,
Кайрыгы карегимден агып турган.
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Тартуу
Жандүйнөмдө Күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган,
Кулагымда –сыйкырдуу бир добуш бар,
Каным менен айланып жүрүп турган...

Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын. ..

Башкача бир жандүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүндө,
Бүт дүйнөмдү тартууга бердим анан...
"Эски дептерден"
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Окурмандарыма
(Интернеттеги окурмандарыма)

Алло,
Кайдасынар, достор? Барсыңарбы?
Мен силерсиз жарты бир жан сыңары,
Издей бурчү болдум не, эртели-кеч,
Кайдан менде мынчалык баркынар бу?

Сүрөтүңөр, ар бөлөк көздөрүңөр,
Көзгө жатык – жазууңар, сөздөрүңөр.
Тааныш мага – тамгаңар, жада калса
жашооңордо өйдө-ылдый өзгөрүүңөр. ..

Ыр – байлыгым, бөлүшүп жаңыларын,
Ак боз аттай силерге чабыламын...
Көрбөй, билбей көбүңдү, эмнгедир
Көпкө “келбей” кетсеңер сагынамын...

Сезимимде дайрадай агыламын...
Издегенге ыр болуп табыламын,
Ырды сүйгөн, ыр күткөн окурманым –
кыргызымдын дилинен кагыламын!
Ж.И

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 02:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: