Суперстан: Ким билет? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Бизнес
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким билет?

#21 Пользователь офлайн   A3A   30 Апрель 2016 - 22:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

КАНЧА ЖЫЛДА МӨМӨ БЕРЕ БАШТАЙТ?
Отургузулган көчөт 3 жылдан кийин өз мөмөсүн бере баштайт. Алгач бир түп лимон 4-10 даана мөмө берсе, түшүмү жылдан жылга көбөйүп отуруп, төрт жыл өткөндө орто эсеп менен бир түбү 500 даанадан берет.
Теплицанын ичиндеги жылуулук жыл бою +15 градуста сакталышы кажет. Ушул температурадан түшпөсө, анда лимон бир жагынан бышып, бир жагынан гүлдөй берет. Гүлүн 15 күндө төгүп, мөмөсү 3-4 айда бышат.

ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КАРАЖАТ
Лимонду көбүнчө шире басып калат. Андан арылтуу үчүн В-58 (фосфамид) деген дары колдонулат. Анын 100 граммы 100 сом. 100 грамм дарыны 10 литр сууга аралаштырып даракка чачуу кажет. Лимондун бою кароосуна жараша өсө берет.

ЖАҢЫ КӨЧӨТ ДАЯРДОО
Лимондун кичирээк бир бутагын кесип, анын 2 жалбырагын калтырып, калган бөлүгүн кесип салуу кажет. Минткенде калемче пайда болот. Калемчелер ар бири 5 граммдан алынган корневин, гетероауксин аттуу дарылар кошулган сууга 16 саатка салынат. Андан кийин атайын идишке отургузулуп, баягы дары аралаштырылган суу түбүнө куюлат. Бул дарылар таякчадан тез тамыр чыгарууга жардам берет. Дарылардын 5 граммы 100 сом турат. Көчөт 2-3 жылдык болуп өскөндөн кийин гана жетилди деп жерге отургузулат.

СУУКТА КАМ КӨРҮҮ
Суукта теплицанын ичине орнотулган мештерге от жагылат. Ал эми жазында теплицанын үстү жабылган клеёнка алынып салынат. Ал жакшы сакталыш үчүн жерге көмүп коюу керек. Кыш келгенде көмүлгөн клеёнканы алып, колдоно берсе болот.

ТҮШКӨН КИРЕШЕ
Лимон дарагы теплицага отургузулгандан кийин төртүнчү жылы жакшы түшүм берип, кеткен чыгымдарды актай баштайт. Мисалы, ар бири 500 даана мөмө берсе, аны 25 сомдон сатканда 125 000 сом акча болот. Ошентип, теплицага отургузулгандан 4 жылдан кийин, көмүр, дарыларга кеткен чыгымдарды кошпогондо, таза кирешелер көп болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Musulmanka.   26 Август 2016 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Сонун кеңеш экен
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Бизнес
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Авг 2025 14:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: