КАНЧА ЖЫЛДА МӨМӨ БЕРЕ БАШТАЙТ?
Отургузулган көчөт 3 жылдан кийин өз мөмөсүн бере баштайт. Алгач бир түп лимон 4-10 даана мөмө берсе, түшүмү жылдан жылга көбөйүп отуруп, төрт жыл өткөндө орто эсеп менен бир түбү 500 даанадан берет.
Теплицанын ичиндеги жылуулук жыл бою +15 градуста сакталышы кажет. Ушул температурадан түшпөсө, анда лимон бир жагынан бышып, бир жагынан гүлдөй берет. Гүлүн 15 күндө төгүп, мөмөсү 3-4 айда бышат.
ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КАРАЖАТ
Лимонду көбүнчө шире басып калат. Андан арылтуу үчүн В-58 (фосфамид) деген дары колдонулат.
Анын 100 граммы 100 сом. 100 грамм дарыны 10 литр сууга аралаштырып даракка чачуу кажет. Лимондун бою кароосуна жараша өсө берет.
ЖАҢЫ КӨЧӨТ ДАЯРДОО
Лимондун кичирээк бир бутагын кесип, анын 2 жалбырагын калтырып, калган бөлүгүн кесип салуу кажет. Минткенде калемче пайда болот. Калемчелер ар бири 5 граммдан алынган корневин, гетероауксин аттуу дарылар кошулган сууга 16 саатка салынат. Андан кийин атайын идишке отургузулуп,
баягы дары аралаштырылган суу түбүнө куюлат. Бул дарылар таякчадан тез тамыр чыгарууга жардам берет. Дарылардын 5 граммы 100 сом турат. Көчөт 2-3 жылдык болуп өскөндөн кийин гана жетилди деп жерге отургузулат.
СУУКТА КАМ КӨРҮҮ
Суукта теплицанын ичине орнотулган мештерге от жагылат. Ал эми жазында теплицанын үстү жабылган клеёнка алынып салынат. Ал жакшы сакталыш үчүн жерге көмүп коюу керек. Кыш келгенде көмүлгөн клеёнканы алып, колдоно берсе болот.
ТҮШКӨН КИРЕШЕ
Лимон дарагы теплицага отургузулгандан кийин төртүнчү жылы жакшы түшүм берип, кеткен чыгымдарды актай баштайт. Мисалы, ар бири 500 даана мөмө берсе, аны 25 сомдон сатканда 125 000 сом акча болот. Ошентип, теплицага отургузулгандан 4 жылдан кийин, көмүр, дарыларга кеткен чыгымдарды кошпогондо,
таза кирешелер көп болот.