Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#161 Пользователь офлайн   Salixa.   27 Август 2016 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [34]

СУРОО: Совет убагында менин ата-энем нике кыйбай эле, орусча ЗАГСка катталыптыр, биз 5 бир тууганбыз. Ошондо биз арам болуп калабызбы?

ЖООП: Арам-сарам болбойсуңар. Ошол убактагы ЗАГСты айласыздан никеге эсептеп жүрөбүз. Азыркылары эсепке кирбейт. Эгер намаз окубасаңар ошондо накта арам болуп калаарыңар аштан бышык.

СУРОО: Менин биринчи күйөөм апасына өчөшүп “3 талак” деп жазып берген, айткан эмес. Мага талак түштүбү? 4 жыл өткөндөн кийин турмушка чыктым. Азыр 2 балам бар, намаз окуйм.

ЖООП: Кудайым сага бакыт берсин. Экинчи эриңдин этегине эрмешип, эриктирбей, ээн калтырбай, ээн ооздорго ээндетпей, эркин калтырбай эрмектеп, эркелетип, эсиңди ээктеп, эптеп эр кылып кал. Ошондо утуш сеники болот. Сенин никең туура.

СУРОО: Гусул алганда суу кайта идишке чачырабаш керекпи? Гусул өтпөй калабы?

ЖООП: Зыяны тийбейт. Иштетилген суу таза (таахир), бирок таза кыла албайт (гойру мутаххир).

СУРОО: 3 айдан бери күйөөм экөөбүз чогуу жашабайбыз. Ал Ошто, мен балам менен Бишкекте. Күйөөмө ишенбей калдым, жашоого кызыгуум калбады. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?

ЖООП: Адамдар, айрыкча жубайлар бири-бирине ишенич менен жашоосу керек. Сиз күйөөңүздү эркек деп түшүнүңүз. Кээ бир аялдар эркектерди өздөрүндөй, аялдардай кабыл алып алышат, ошондой мамилени күтүшөт. Анда тараза бузулуп кетет. Ар бир адамдын жакшы жери бар. Ошол жакшы жери аркылуу аны сүйгөнгө аракет кылыңыз. Ага жасаныңыз. Ал сизден, сиз андан каалаган мамилени эле каалайт. Эгерде адамдын майда кемчиликтерин кечире албасаңыз, анда анын чоң жакшылыктары менен өзгөчөлүктөрүн эч убакта баамдай албайсыз.

СУРОО: Мен бир адам менен тааныштым, ал абакта отурат экен, 5 маал намаз окуйт. Мен дагы намаз окуп баштадым. Ал: “Кел, нике кыйдырып алалы”,- дейт. Дагы 2 жылы бар экен. Эмне кылышты билбей жатам.

ЖООП: Ошол жерден аман-эсен бошонуп чыккандан кийин, кырк күнгө дааватка барып келгенден соң үйлөнсөңөр жакшы болот. Себеби, эки тараптагы адамдардын психологиясы эки башка болуп калат. Адам коомго аралашып калгандан кийин гана жашап кетүү жеңилчиликке турат. Ал жерден чыга элек болсо аны кантип кучагыңызга толтуруп жатмак элеңиз. Кудайым ошол жактагылардын баары тообо келтирип, аман-эсен бошонуп чыгуусун Аллахым насип этсин.

СУРОО: Азыр Куран окуганда кафе, ресторанда окутуп, тойго дасторкон жайгандай кылып жатат. Мисалы, жылкы, уй союп, салат, шоколад, печеньеге чейин коюп жатышат. Ушул туурабы?

ЖООП: Ал деле бара-бара калат. Жаңкы үчүлүк, бейшембиликтер, кырктык, элүү эки күндүк, жылдык, кара аш деген балээ-баттердин, бидьаттардын баарын чогултуп ыргытып, шаар жеринде ушул нерсеге токтолуп калбадыбы? Эми бул тигилерден жеңилирээк. Анткени белгилүү бир күнгө байланбайт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Salixa.   27 Август 2016 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [45]

СУРОО: Менин атым Жайна, 63 жаштамын. Акыркы 10-15 жылдан бери ооруп эле, доктурдан чыкпай калдым. Бир аз жакшы болуп калам деле, кыйналып, ооруп чыгам. Балдарым көзү ачыкка алпарышты эле, ал «Сиздин касиетиңиз бар экен, көзүнүздү ачтырып албасаңыз, ушинтип ооруй бересиз»,- деди. Мен эми эмне кылышты билбей турам. Анткени, көзү ачыкка мурда эч ишенчү эмесмин, азыр дагы ишенбей турам. Бирок, ооругандан тажап кеттим. Кандай кеңеш бересиз? Эмне кылышым керек?

ЖООП: Ал көзү ачыктын өзүнүн касиети жок каапыр болсо, кайдан сиздеги касиетти көрөт эле. Көзүңүздү ачтырсаңыз, мына ошондо мыдыр эткен касиетиңиздин баарынан ажырайсыз. Пайгамбарымдын жашына келип калыптырсыз, жакшы жолдо жүрүңүз. Жин окуган молдокелерге окутуңуз. Ал көзү ачык дөөрүй бербейби, Кудайдан жөө качкан ыймансыздар!

СУРОО: Исламда сүрөткө түшкөн күнөөбү?

ЖООП: Паспортко түшсөң боло берет. Анан ары кыйшайып, бери кыйшайып түшө берсең уят болот.

СУРОО: Акыркы учурларда балдарга арабча ысымдар көп коюла баштады. Минтип отурсак, кийин кыргызча аттар унутулуп, арабдашып кетебиз го? Сиздин оюңуз кандай? (Ырысбек)

ЖООП: Менин оюмду коюп өзүңүздүн атыңызды кыргызчалаңыз биринчи. Ырыс - «ризк» деген араб сөзүнөн алынган. Он төрт кылымдан бери эле мусулманбыз, жоголуп кеткен жокпуз го. Сиздейлерди жарма патриот деп айтып коёт.

СУРОО: Учурда айрым аялы бар адамдар убактылуу нике кыйышып, аны менен жыныстык катнашта болгон соң талак берип ажырашып алышат экен. Бул мусулманчылыкта күнөөбү, же күнөө эмеспи?

ЖООП: Убактылуу нике кыйганга шарият жол бербейт. Бул сойкулукту ырасмийлештирүү дегенге барбар келет. Ар бир адам ажырашаарда өзүнүн апасын, эже-карындаштарын, кызын элестетүүсү керек болот. Сойкулук, же шариятташтырып айтканда зына кылган адамдын тууган аялзатына эртели-кеч зына кылынбай койбойт. Такыр аялзатынан тууганы жок делгенине да акыр-түбү үйүнүн дубалына зынакор адам жаба сийип кетет. Убактылуу нике кыйдырган менен ал кыйылып калбайт. Азыр өлкөбүздү каптап келе жаткан шиит агымында убактылуу никеге жол берилет деп айтылат. Бизге шиит агымы перс тили жана маданиятын окутуу аркылуу кирип жатат. Азыр улуттук университетте жана гуманитардык университетте бар. Эң эле коркунучтуусу көбөйүп жүрүп олтурса, бул Сириядагы абалды бизге алып келүүсү мүмкүн. Анткени Сирияда сунниттер менен шииттерди кагыштырып, андан экономикалык жана саясий упай топтоп жаткан державалар бар.

СУРОО: Урушчаак аялды кантип жумшартса болот?

ЖООП: Урушчаак аял өзүнөн өзү урушчаак болбойт. Башка түшсө байтал жорго болуп, турмуштун заарынан улам урушчаак болгондур. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан, биринчи айтаарым аялыңа жакшы мамиле кыл. Аны күндүздүн күнү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роборттой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, аял катары, өмүрлүк жарың катары, эң негизгиси сен сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кыл.

Экинчиси, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды билебиз да эми. Ошентип жошутуп, анча-мынча эпке келтирсе болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялыңды мактап койсоң жакшы болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот.

Үчүнчүсү, ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу жабылат. Никелүүлөр качан өбүшсө деле боло берет. Эми элден далдоо болуп дегендей. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чекиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру жентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо. Аялың динге келсе, Кыз Жибектей созулуп, Айчүрөктөй суналып, Курманжандай каада күтүп, Каныкейдей жароокер болуп, Акмөөрдөй сулуу боло түшөт. “Өзүмдүкү беле?”- деп көзүңдү ачып-жуумп тааныбай каласың. Ошент, мен сага бир туугандык кеңешимди айтып жатам. Кем болбойсуң. Миң уккандан бир көргөн.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Salixa.   27 Август 2016 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [47]

СУРОО: Ажыга барууну ниет кылып чогулткан акчасын Ислам банкына сактаса болобу?

ЖООП: Эгерде, акчаны үйүндө чогултуу оорчулук жаратып, жоготуп алуудан корксо, сактай ала турган шарттары жок болсо, акыркы амал катарында Ислам банкында сактаса болот. Колдон келсе ячейка-кутучаларда сактагандыгы макул.

СУРОО: Көзү өткөн адам үчүн курмандык чалса болобу? 2) Жаш балдардын эмдөөсүн (прививка) зыян деп жатышат, ушул туурасында шариат эмне дейт?

ЖООП: Көзү өткөн адамды эстеп, ага сооп багыштоо максатында, маркум адамдын атынан Аллах Таала үчүн курмандык чалса болот. Курмандыктын баары Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана чалынат. Азирети Алинин сөзү бар: «Мен көзүм өткөнгө чейин Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) атынан да курмандык чалам!».

Балдарды эмдөө-прививка туурасындагы маселе азыркы күнгө чейин аалымдарыбыз ортосунда талаштуу маселе болуп келе жатат. Барган сайын эмдөөнүн туура эмес экенин айткандардын саны көбөйүүдө. Анткени, эмдөөнүн теориясында, жаш балага келечекте болуп калуусу мүмкүн болгон оорунун вирустары киргизилет дагы, бала эки-үч күн ысытмалайт. Анын натыйжасында, баланын денеси ошол ооруга каршы иммунитеттерди пайда кылат. Ошол иммунитет балага ошол оору келгенде, ооруга каршы туруп, бала ооруну жеңил көтөрүп, өлүмдөн сакталат деп айтылат. Тагыраак айтканда, тааныш жоо урушууга жакшы дегенди айтышат. Мына ушул теориянын туура-туура эместигин аныктоо өзүнчө маселе. Дарыгерлерге ушул нерсе айтылгандыктан, алар ушуну туура деп ойлошот. Анткени көпчүлүк адамдар ойлонууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө алсыз болушат. Башкаларды туураганга аракет кылышат. Ал эми акыл-эстүү, өз алдынча анализге кудуреттүү дарыгерлер ушул эмдөөлөрдөн баш тарткандары бар.

Дагы бир айта кетчү маселе, ошол эмдөөгө сайылган дарылардын курамында, чоконун мээси сыяктуу арам заттар кошулгандыгын айтышат. А биздин дарыгерлерге анын курамында чынында эле эмне бар экендиги бир аз караңгыраак болуп калуусу мүмкүн. Анткени, кагазга жазылбаган, же башкача жазылган болуусу ыктымал. Арам эттерге деле адал дегенди жазып койгондой болуп. Мына ошол дарылардын курамы балдардын акыл-эсине зыяндуу деген көз карашты айткан аалым-окумуштуулар да бар.

СУРОО: Өтүп кеткен адам үчүн умра кылса болобу?

ЖООП: Умра ханафий мазхабы боюнча важип болуп, парз болбогондуктан, аны аткарып берүү, бадал умра аткаруу деген түшүнүк жок. Бирок тирүү адам умра амалын аткарып, анын сообун маркумдарына багыштаса эң жакшы иштерди кылган болуп саналат.

СУРОО: Беш убак намаздан кийин Куран окуу зарылбы?

ЖООП: Беш убак намаздан кийин Курандан «аят ал Курсийди” окуган сүннөт. Ибн Хиббандын хадисинде Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Ким беш маал намаздын артынан “аят ал-Курсийди” үзбөй окуп жүрсө, бейишке дароо кирет!». Ошондой эле беш убак намаздан кийин «Ыклас” , “Фалак”, “Нас» сүрөөлөрүн окуп туруу да сүннөт. Абу Дауд, Тирмизий, Ахмад, Насааий ривая кылган хадисте Пайгамбарыбыз (алайхис салам) Укба бин Аамирге ар бир намаздын артынан «Ыклас”, “Фалак”, “Наас»ты окуп жүрүүгө буйрук берди. Ал эми мындан башка сүрөөлөрдү, же аяттарды тилават кылуу сүннөт деп айтылбайт. Бирок, сүннөт деп ынанбастан туруп, жөн эле жакшы адат деп амал кылса, шариятка каршы болбойт.

Намаз салам берүү менен бүтөт. Эгер шашылыш иши чыгып калса, саламдан кийин ордунан туруп кетип, ишин жасап, зикирлерди басып жүрүп айтса да жарай берет. Бирок, намаз окуган ордунда зикирлерди бүтүрүп, андан соң ордунан турганы жакшыраак.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   sister   27 Август 2016 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чубак ажы жонундо бир анегдот жазып койоюнчу, кап этпениздер: бир куну Чубак ажы жолдо унаа тосуп турган болот. Бир убакта бир унаа токтойт, ичине отурса милиционерлер экен. Унаанын арткы отургучунда теке бээлеп койуп теке жатыптыр. Милиционерлер Чубак ажыга тийишип :" бул теке медресеге барып окуйм дейт, а сиз эмне дейсиз?"_ дешет. Анда Чубак ажы камырабастан: " барып окуса окусун - адам болуп чыгат. Окуй албай калса мент бойдон кала беретта"- деген экен.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Begim_4   27 Август 2016 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Просмотр сообщения sister (27 Август 2016 - 16:58) жазган:

Чубак ажы жонундо бир анегдот жазып койоюнчу, кап этпениздер: бир куну Чубак ажы жолдо унаа тосуп турган болот. Бир убакта бир унаа токтойт, ичине отурса милиционерлер экен. Унаанын арткы отургучунда теке бээлеп койуп теке жатыптыр. Милиционерлер Чубак ажыга тийишип :" бул теке медресеге барып окуйм дейт, а сиз эмне дейсиз?"_ дешет. Анда Чубак ажы камырабастан: " барып окуса окусун - адам болуп чыгат. Окуй албай калса мент бойдон кала беретта"- деген экен.


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 27 Август 2016 - 21:47


Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   28 Август 2016 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Просмотр сообщения sister (27 Август 2016 - 16:58) жазган:

Чубак ажы жонундо бир анегдот жазып койоюнчу, кап этпениздер: бир куну Чубак ажы жолдо унаа тосуп турган болот. Бир убакта бир унаа токтойт, ичине отурса милиционерлер экен. Унаанын арткы отургучунда теке бээлеп койуп теке жатыптыр. Милиционерлер Чубак ажыга тийишип :" бул теке медресеге барып окуйм дейт, а сиз эмне дейсиз?"_ дешет. Анда Чубак ажы камырабастан: " барып окуса окусун - адам болуп чыгат. Окуй албай калса мент бойдон кала беретта"- деген экен.


)))))))))...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Nurmuslima   30 Август 2016 - 15:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 207
  • Катталган: 30 Май 16
  • Соңку аракети: 30 Авг 2016 16:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Просмотр сообщения sister (27 Август 2016 - 16:58) жазган:

Чубак ажы жонундо бир анегдот жазып койоюнчу, кап этпениздер: бир куну Чубак ажы жолдо унаа тосуп турган болот. Бир убакта бир унаа токтойт, ичине отурса милиционерлер экен. Унаанын арткы отургучунда теке бээлеп койуп теке жатыптыр. Милиционерлер Чубак ажыга тийишип :" бул теке медресеге барып окуйм дейт, а сиз эмне дейсиз?"_ дешет. Анда Чубак ажы камырабастан: " барып окуса окусун - адам болуп чыгат. Окуй албай калса мент бойдон кала беретта"- деген экен.

Вай эже
Жонокой инсан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Август 2016 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [47]

СУРОО: Ажыга барууну ниет кылып чогулткан акчасын Ислам банкына сактаса болобу?

ЖООП: Эгерде, акчаны үйүндө чогултуу оорчулук жаратып, жоготуп алуудан корксо, сактай ала турган шарттары жок болсо, акыркы амал катарында Ислам банкында сактаса болот. Колдон келсе ячейка-кутучаларда сактагандыгы макул.

СУРОО: Көзү өткөн адам үчүн курмандык чалса болобу? 2) Жаш балдардын эмдөөсүн (прививка) зыян деп жатышат, ушул туурасында шариат эмне дейт?

ЖООП: Көзү өткөн адамды эстеп, ага сооп багыштоо максатында, маркум адамдын атынан Аллах Таала үчүн курмандык чалса болот. Курмандыктын баары Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана чалынат. Азирети Алинин сөзү бар: «Мен көзүм өткөнгө чейин Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) атынан да курмандык чалам!».

Балдарды эмдөө-прививка туурасындагы маселе азыркы күнгө чейин аалымдарыбыз ортосунда талаштуу маселе болуп келе жатат. Барган сайын эмдөөнүн туура эмес экенин айткандардын саны көбөйүүдө. Анткени, эмдөөнүн теориясында, жаш балага келечекте болуп калуусу мүмкүн болгон оорунун вирустары киргизилет дагы, бала эки-үч күн ысытмалайт. Анын натыйжасында, баланын денеси ошол ооруга каршы иммунитеттерди пайда кылат. Ошол иммунитет балага ошол оору келгенде, ооруга каршы туруп, бала ооруну жеңил көтөрүп, өлүмдөн сакталат деп айтылат. Тагыраак айтканда, тааныш жоо урушууга жакшы дегенди айтышат. Мына ушул теориянын туура-туура эместигин аныктоо өзүнчө маселе. Дарыгерлерге ушул нерсе айтылгандыктан, алар ушуну туура деп ойлошот. Анткени көпчүлүк адамдар ойлонууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө алсыз болушат. Башкаларды туураганга аракет кылышат. Ал эми акыл-эстүү, өз алдынча анализге кудуреттүү дарыгерлер ушул эмдөөлөрдөн баш тарткандары бар.

Дагы бир айта кетчү маселе, ошол эмдөөгө сайылган дарылардын курамында, чоконун мээси сыяктуу арам заттар кошулгандыгын айтышат. А биздин дарыгерлерге анын курамында чынында эле эмне бар экендиги бир аз караңгыраак болуп калуусу мүмкүн. Анткени, кагазга жазылбаган, же башкача жазылган болуусу ыктымал. Арам эттерге деле адал дегенди жазып койгондой болуп. Мына ошол дарылардын курамы балдардын акыл-эсине зыяндуу деген көз карашты айткан аалым-окумуштуулар да бар.

СУРОО: Өтүп кеткен адам үчүн умра кылса болобу?

ЖООП: Умра ханафий мазхабы боюнча важип болуп, парз болбогондуктан, аны аткарып берүү, бадал умра аткаруу деген түшүнүк жок. Бирок тирүү адам умра амалын аткарып, анын сообун маркумдарына багыштаса эң жакшы иштерди кылган болуп саналат.

СУРОО: Беш убак намаздан кийин Куран окуу зарылбы?

ЖООП: Беш убак намаздан кийин Курандан «аят ал Курсийди” окуган сүннөт. Ибн Хиббандын хадисинде Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Ким беш маал намаздын артынан “аят ал-Курсийди” үзбөй окуп жүрсө, бейишке дароо кирет!». Ошондой эле беш убак намаздан кийин «Ыклас” , “Фалак”, “Нас» сүрөөлөрүн окуп туруу да сүннөт. Абу Дауд, Тирмизий, Ахмад, Насааий ривая кылган хадисте Пайгамбарыбыз (алайхис салам) Укба бин Аамирге ар бир намаздын артынан «Ыклас”, “Фалак”, “Наас»ты окуп жүрүүгө буйрук берди. Ал эми мындан башка сүрөөлөрдү, же аяттарды тилават кылуу сүннөт деп айтылбайт. Бирок, сүннөт деп ынанбастан туруп, жөн эле жакшы адат деп амал кылса, шариятка каршы болбойт.

Намаз салам берүү менен бүтөт. Эгер шашылыш иши чыгып калса, саламдан кийин ордунан туруп кетип, ишин жасап, зикирлерди басып жүрүп айтса да жарай берет. Бирок, намаз окуган ордунда зикирлерди бүтүрүп, андан соң ордунан турганы жакшыраак.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Август 2016 - 21:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [56]

СУРОО: Алла Таалага кантип назир кылса болот? Куранда Мариям энебиздин апасы назир кылган эле, мен да ичимдеги баланы эркек бала болсун деп назир кылсам болобу? Кенен маалымат бериңизчи.

ЖООП: Назир кылуу шариятта макүрүү. Себеби, Кудай менен соодалашкандай болуп калат да. «Сен мындай кылсаң, мен муну аткарып берем» деген маани келип чыгат. Андан көрө, дуба кылып тиле. Эркек бала төрөсөң, шүгүр келтирип, 2 рекет шүгүр намаз окуп кой. Эгер назир кылып алса, убадалашканды аткаруу важип болуп калат.

СУРОО: Эмне үчүн буддиздер статуэтага карап сыйынат, ал эми мусулмандар Каабага (кара ташка) карап сыйынат? Бир Аллага сыйынгандан кийин каалаган тарапты карап намаз окуса болбойбу?

ЖООП: Ошол бизге «Намаз окугула!» деген Кудайыбыз «Каабага карап сыйынгыла! » дегени үчүн, ошентип сыйынабыз. Биз Каабага сыйынганыбыз жок, Кудайга сыйынабыз. Мусулманчылыкты буддиздерге салыштырбоо керек.

СУРОО: Туулган күндү белгилөө, же болбосо башка бирөөнү куттуктоо күнөө эмеспи?

ЖООП: Туулган күн белгилөө деген куттуктап, бата берүү менен эле чектелет. Кече кылып, шаан-шөкөттөнгөн туура эмес. Туулган күнүңдү эки рекет шүгүр намаз оку, орозо тутуп тосо бер.

СУРОО: Улак оюну шариятка туура келеби, же күнөө болобу? Улакка чабылган текенин, же торпоктун этин жесе болобу, же макүрүү болуп калабы кенири түшүндүрүп берсениз.

ЖООП: Улак тартуу боюнча да макала жазгам. Өтө ырахат менен жазган элем. Улак тартса болот. Этин жесе сонун болот, тим эле маринад болуп калат. Макаланы бул сайтка жарыялайм, иншаАлла.

СУРОО: Күйөөм экөөбүз 8 ай бирге жашаган жокпуз, андан мурда 2 жылга жакын жашаган жокпуз Жаңы нике окутабызбы?

ЖООП: 2 жыл эмес, 200 жыл алыс жашап, талак айтылбаса, нике бузулбайт.

СУРОО: Норвегияда бир тууганыбыз бар. Ал жакта 3күн чыкпайт, 3 күн чыгат экен. Намаз убактысынан кыйналып жатам дейт. Күн чыкпаган күндөрү кайдай окуш керек? Күн чыккан жагына батат экен, кыбылага кантип карайт? Алдын ала рахмат.

ЖООП: Норвегияга жакын аймактагы убакыт менен окуу керек болот.Кыбыланын күн батыш менен байланышы жок. Кыбыла Каабага байланыштуу. Күн кыска болгондуктан бир жактан чыгып, ошол жактан баткандай көрүнөт. Бирок күн чыккан жагынан батпайт.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   jakshylyk   02 Сентябрь 2016 - 03:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:OSH

14) Эгер кыз хижап кием десе, бирок ата-энеси уруксат бербесе кыз эмне кылат? Ата-энесинин сөзүн угабы же хижап кие береби?
Жооп: Жоолук Аллах Тааланын парзы. Ата-энени сыйласын, жоолугун салынсын.
15) Мен бир кызды жакшы көрөм. Аны окутуп сүйдүрүп алсам болобу? Ага үйлөнөм деген ниетим бар.
Жооп: Окутуп-чокутуп деген болбойт. Жарамсыз жумуш. Кудайдан корк. Алла Таалага кайрылып дуба кылсаң, кабыл болсо ажеп эмес.
16) 2014-жылы келин алдык. Диндеги, оронгон медик кыз. Бир балалуу болгондон кийин адамга жакпаган өнөрлөрү чыкты. Мисалы, көзүнө бир нерселер көрүнөт. Көчөгө чыкканда аркасынан бирөөлөр видеого тартат имиш. Эки жүздүү кыялы бар экен. Психикалык жетишпестиги бар экен. Ата-энесин чакырсак алып кетип, 20 күн өтпөй дарылаттык деп алып келишти. Өз үйүнөн балта, дагы көп нерселерди алып келген. Окутулган деп ойлойбуз. Ошондон бери уруш жаңжал...
Жооп: Айыл аксакалдары, эл жакшылары бардыр ошол тегеректе. Ошолорго салгыла...
17) Баланы 2 жаштан өткөндөн кийин эмизсе арам болобу? Жооп: Эки жарым жаштан кийин деп айтылат. Анткени, ал убактан кийин ал эненин акысына кирип калат.
18) Чачы өрүлгөн аялдар гусул алганда чачына жөн эле масх тартса болобу?
Жооп: Ооба. Чачтын астында калган баштын терисине суунун толук жетүүсү шарт.

Билдирүүнү түзөткөн: jakshylyk: 02 Сентябрь 2016 - 03:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2016 - 14:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2016 - 14:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ТУРМУШТУК СУРОО ЖООПТОРУНАН

- Эгер атын көтөрө албагандыгы чын болсо, Аман деп эле койсок, кайра азан чакыртуу керекпи? Рахмат! Батма, Сокулук. 07052931..

- Атын көтөрө албай калуу деген түшүнүк туура эмес. Болгону эптеп баласын жакшылап бага албай калып эле, атка шылтоолой беришет. Ошондой болсо да, атын кайсы бир себептер менен өзгөртүүнү кааласа, кайрадан азан чакыртуунун кажети жок. Азанды бала жаңы төрөлгөндүгү себептүү айтат, ат койгондугу үчүн эмес. Бул ааламга келгендеги алгачкы уккан сөзү ушул болсун деген изги максат, аруу ой менен. 

- Саламатсызбы, Чубак ажы! Менин жашым 21де, студент кезимде намаз окуганды үйрөндүм, бирок мен такай намаз окуй албайм. Себеби, мени жаман ойлор, жаман нерселер азгырып кээде (эркек бала менен) жаман иштерди кылып коём. Турмушка чыккан эмесмин, бул жаман иштен эч арыла албайтам. Кантип арылсам болот? Кеп-кеңешиңизди берип койсоңуз. 

- Турмушка чык, тооба кыл, жакшы адамдар менен дос бол. Дааватка чык, барып-барып нукка түшүп кетесиң. Тооба кыл. Ыйла! Намазды калтырба!

- Кыздарым 10 жашта, мектебинен завучтары жоолуктарына асылышып жоолук же мектеп дешип катуу сынга алышты, бир нерсе айтайын дейм. Сууну айнекке куйгандай болуп калчудай угуп түшүнгүдөй эмес. Динге, парзга каршы чыккандар каапыр болуп калышат экен го? Байкуш завучтардын акыбалы шорлоду го. Сиз дуба кылсаңыз, мүмкүн акыл эс киреби буларга? 07736012..

- Кудайым ошолорго ынсаптуулук, акыл-эс берсин. Ыймандарынан ажыратпасын. Кыздарга мектептин формасын кийгизип, чакан ак жоолуктан тыкыйтып салып койсоңуз жакшы болот. 

- Ассалому алейкум. Шариатта аял менен жыныстык мамилени кандай абалда аткарууга уруксат берилет? Экөө тең тизелеген абалда уруксатпы? Улан 07730308.. 

- Никелүү жубайлар каалагандай ыкмада кошулганга уруксат берилет. Аялдын этек кири келген учурда жыныстык байланыш жасоого тыюу салынат. Бирок, кучакташып жатса, өбүшсө, боло берет. Ошондой эле, арткы авретине кошулууга да тыюу салынат, аналдык байланыш деп айтылат. Калган башка учурларда каалагандай шартта, каалагандай ыкмада эки тараптын ыраазылыгы менен кошулса жарай берет.

- Мен бойдокмун, өзүм намаз окуйм, хиджаб кием. Башка чет өлкөлөргө баруу күнөө деп уктум  эле. Ошол туурабы? 05518338.. 

- Аялзатынын чет өлкөгө коштоочусу жок баруусуна тыюу салынат. Махрам болгон эркектананын коштоосу зарыл.

- Эгер, мен 70 миң ирет тахлил айтып, 10 жыл мурда кайтыш болгон ата-энеме багыштасам болобу? Бош убакытта айтып, улантып кетсе болобу? Өзү үчүн да азыр айтып жүрсө кандай болот? Жообуңузга рахмат. 07778045.. 

- Сүннөт экен, шариатта бар экен, ушинтип аткаруу милдеттүү экен деп ниет кылбастан, жөн гана кайрымдуулук иш катары аткарган болсоңуз, сообу тийет.

- Саламатсызбы, урматтуу Чубак ажы! Мен эрте менен багымдат намазын окуп жатам, сизден сурайын дегеним, өзүмө дем салсам болобу? Кандай адамдар өзүнө дем салат жана кантип салат? 777138889.. 

- Билген сүрөө-аяттарыңызды окуп дем сала берсеңиз болот.

- Ассалому алейкум! Мен өзү жетим өскөн баламын. Бир кызыбыз бар. Аялым экөөбүз урушуп кеткенбиз. Анын апасы, эжеси каршы болуп жашатпай жатат. Аялым дагы алардын тилине кирип, көнбөй жатат. Мен кызымды жетим кылбасам дейм. Үй-бүлөмдү бузбаш үчүн аялыма дуба окутсам болобу? Жардам бере аласызбы? 07091488..

- Менин жардамым - силердин акыңарга дуба кылам. Сиз дагы тахажжуд намазына туруп дуба кылсаңыз жакшы болот.

- Физика илимин алуу туурабы, шариатка туура келеби? Мен ушул кесипти окуп жаткам, шариатка туура келбесе которулайын. Аллах ыраазы болсун сизге. 07711319..

- Физика илимин окуу шариатка каршы келбейт. 

- Мени үй-бүлөм медресеге жиберем дешет, мен кыздардай болуп мектепке баргым келет, эми эмне кылсам? 15 жаштамын.. 07052306.. 

- Ата-энеңдин сөзүн ук. Алар сага жамандык каалабайт.

- Тойлордо келиндердин адамдарга салам салуусу ширк болуп калбайбы? 07734207.. 

- Ширк эмес. Анткени, ниетинде ибаадат кылуу жок, болгону, салам айтуу гана бар. Ошондой болгон күндө да барып-барып кала турган адаттардын катарына кошулат.

- Менин күйөөм менен балам биринчи айт күнү жан беришти. Жума күнү жума намазына чыгып коюлду. Сууга чөгүп өлгөн, бир ажыры барбы жана кандай, ушуну түшүндүрүп бериңизчи. Биз кызым экөөбүз 5 маал намаз окуйбуз, кызым медресени бүтүргөн. Ушуларга ар ким ар нерсе деп жатат, бир токтом берип, көңүлүмдү тынчтандырып кеңеш бериңизчи. Күйөөм 43 жашында, балам болсо 8 жашында көз жумушту. Биз намаз окуп атасынын билип билбей кылган күнөөсү үчүн кечирим сурайбыз. Сизден Аллах ыраазы болсун. Күйөөмдү коюп келген күнү күйөөм, түшүмө кирди. Чоң мечитке окшогон үйдүн тегерегинде аппак кийим кийип айланып жүрүптүр, анан мен чал үйгө кирбейсизби десем, сен келсең экөөбүз бирге курган үй, кийин киребиз деп жүрүптүр. Ошол боюнча уулум дагы, күйөөм дагы түшүмө кирбей калышты. Түшүндүрүп бериңизчи. 07050072.. 

- Кудай таалам маркумдарыңызды бейиштен жай берген болсун. 

- Бизге белгилүү 4 масхаб олуя болушканбы? Тажикистанда бир олуя бар дейт го? Сиздин деле илимиңиз, Тажикстандык олуядан калышпайт, деп ойлойм. Терең урматтайм сизди. 05580742.. 

- Олуя деген ким? Ыйман келтирип, Кудай жолунда түз жүргөн адам олуя болот. Олуянын кыргызча мааниси - "Кудайдын досу" деген сөз. Мазхаб башчылары, алардан башка үлкөн  аалымдардын баары эле олуя болушкан. Тажикстандагы Хикмат дамбылда да илимдүү адамдардан. Кудайдын досторунан. Аллахым ыраазы болсун.

- Менин күйөөмдү айылыбызга молдо бол деп жатышат, ага күйөөм макул болбой, андай болуш үчүн көп илим керек деп жатат. Күйөөм өзү беш убак намаз окуйт. 07026990.. 

- Андан башка түзүгүрөөк илимдүү жок болсо, болсун. Адамдардын никеси окулбай, маркумдары көмүлбөй калса эмне болот? Илимдүүлөрү келгенде ордун бошотуп берет.

- Сиз абдан жакшы адамсыз! Адамдарды жакшы жолго саласыз! Аллах сизге ыраазы болсун! 07087377.. 

- Аллахым ыраазы болсун. Кем болбоңуз. Кудайым жакшылардын  катарына кошкон болсун баарыбызды.

- Шариятта спорт менен машыгып, витамин ичип бойду, салмакты өстүрсө уруксатпы? 07022597.. 

- Ошол витаминдериң ден-соолукка зыяны жок болсо, адал болгон болсо жарай берет.

- Бирөөнүн тонолгон (мародёрстводон)  кийимдери бар экен. Эми ошолорду эмне кылыш керек? Ошол кийимди кийип, намаз окуса болобу? 07729476.. 

- Ошол кийимдерде намаз окуса, намаздын сообу жок болот. Кайсыл жерден алса, ошол дүкөндүн же үйдүн ээсине барып, акчасын төлөгөндөн кийин гана иштетсе болот.

- Кээ бир мусулман туугандар, таптакыр телевизор көрбөй эле койгон жакшы дешет. Күйөөм экөөбүз тең намаз окуйбуз. Балдарыбыз мультфильм, биз болсо кино, теле берүүлөрдү көрөбүз. Же телевизор көрбөй эле койгон оңбу? 07079152.. 

- Анчалык эле катуу кеткен болбойт. Пайдалуу нерселерди көргөнгө эмне үчүн болбосун?! Балдардын эмне көрүп жатканына маани берүү керек.

- Периштелер көздөр бар жерге киришпейт экен го? Балдарга оюнчук же кийим алып берели десек, баарында эле көздөрү бар. Кандай кылыш керек? 07079152..

- Периштелер чыныгы жаныбарлардын сүрөтү чындап тартылган сүрөттөр бар үйгө кирбейт. Адатта балдардын кийимдеринде, оюнчуктарда жаныбарлардын сүрөттөрү болот. Анын зыяны жок. 

- Мен хиджаб кийген бир кыз менен жолугуп жүрөм. Жолукпай койбоско экөөбүздүн тең ыйманыбыз алсыз. Күнөө болбойбу жолуга берсем? Сүннөт тирилткенге аздап эрте болуп жатат эле… 777889292.. 

- "Эрте болуп жатат" дегениңди өзүң эле түшүнбөсөң мен түшүнгөн жокмун. Жолуккан күнөө болот. Ыйманыңдын алсыз экенин билет экенсиң, көбөйтүүнүн аракетинде бол. Билбесең да бир жөн эле...

- Саламатсызбы! Күйөөмдүн өткөнүнө бир жылдан өттү, бирок, тынбай түшүмө кире берет. Түшүмдө көбүнчө, жыныстык катнашта болобуз. Кайненеме тез-тез түшүмө кире  берет десем, "нааразы болсо, ошентип түшүңө көп кирет" деди. Тынбай куран окуп турам, 3 балабыз бар. Күйөөм өткөн кезде бир айлык боюмда бар экен эле, ал билбей кетти. Туугандарым алдырып ташта дегенине көнбөй төрөдүм, азыр 5 айлык. Нааразы болсо, түшкө көп кирет деген чынбы? Суранам, жооп берип коюңузчу! Айнура.777156127. . 

- Айта берет. Ыраазы болгон үчүн түшүңө кирип жатат. Сен дагы кызык экенсиң, кемпирлердин сөзүн сүйлөп... Шайлообек Дүйшеевдин "Агындыларындагы" кемпирлердин жомогун саймедирегендей болуп.

- 9 жаштан берки каза болгон намаздар кандай жол менен окулат? 9 жаштан берки хайз болгон күндөрдү кандай кылып эсептейбиз? 07711270..

- Адатыңды билеттирсиң. Билсең, ошол адатыңа салыштырып эсептей бересиң. Билбесең ар бир айдан жыйырма күн деп окуй бересиң. 

- «Lets go» чайынын капкагынан чыккан утуулар адал болобу? 07776355..

- Ооба. Адал болот. Анткени, сен лотереяга же башка бир нерсеге акча төлөбөйсүң. Болгону, чайды сатып алууга кызыктыруулар бар. Анын зыяны тийбейт. 

- Менин жашым жыйырмада. 5 жыл болду, орозо кармайм. Бирок, ушул жылы ден соолугума караштуу 4 күн калганда эч карманалбай койдум. Азыркы учурда больницадамын. Эми кандай кылып кармасам болот? 07026938..

- Ооруканадан абдан жакшы болуп сакайып чыккандан кийин, күнүнө күн тутуп бересиң. Аллахым шыпаа насип эткен болсун. 

- Биз Нарындан болобуз. Кызым Жалал-Абадка турмушка чыккан. Эки баласы бар, күйөөсү менен жакшы жашайт бирок, кайненеси «аркалык» деп, мен балама өзүм аялды алып бермекмин деп куурата берет. Экөө ортодо кыйналды! Дуба окуп коюңузчу суранам, бактылуу болушсун! 05544747.. 

- Ошентип айткан кайненелердин баарын чогултуп, дунгандардын пияз талаасында түшкү тамагын бербей туруп эки күн иштетсе, сооп болоор эле. Кудайым балдарыңызды бактылуу кылсын. Омийин!

- Арстанбек Абдылдаевдын «Асмандан илим түштү» деген сөзүнө кандай көз караштасыз? Алла ыраазы болсун! 07784080.. 

- Аман эле болсун. Аман эле болсун....

- Аламан, улак тартыш шариатта кандай? 07795555..

- Сүннөткө туура келет. Улак тартуу боюнча макаламды окусаңыз көзүңүз  ачылат. 

- Күйөөм 3 талак айткан. Бирок, эртеси “жиним менен эле айтып койгом” деп кайра жарым жылдай жашаганбыз. Азыр бир жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Мен азыр бошмунбу? Талак бербейсиңби десем “мен сени баягы талак айтканда бошотуптурмун” деп койду. 05530513.. 

- Сенин күйөөңдү Чым-Коргонго жаткырыш керек. Жини келип айтса деле түшө турган талак түшө берет.

- Мен өзүмдөн 10 жаш улуу аялды жакшы көрөм. Үйлөнсөм шариатка туура болобу? Кеңеш бериңизчи, сураныч. Менин Атым Улан. 

- Болот. Туура келет. Уктаарыңда сага жомок айтып берет...

- Дигер намаз жөнүндө кененирээк маалымат бериңизчи? Мага жакшы каалоо айтып коюңузчу. 07735573..

- Кенен маалыматты китептен оку. Эмнени нерсени айтуумду каалап турсаң, ошонун баарын сага тиледим.

- Мен 35 жаштамын. Талмам кармаганда жыгылып, башым ооруп, унутчаак болдум. Суроолорду жаттай албай жатам. Сөзсүз түрдө арабчасын окуш керекпи? Намаз окусам, китептен карап окусам болобу? Гулмира.

- Аллахым шыпаа берсин. Азырынча китептен окуй бер. Жаттагандан кийин шпаргалкасы жок окуп баштайсың. 

- Дубаны кантип жандырса болот? Күчтүү молдолор жандырып беришеби? Жандырыш үчүн, эмне кылыш керек? Дубалап, башын айланткандар чоң күнөөгө батышабы? 05588289..

- Намаз окусаң жазылып кетет. Намаз окубасаң, кыйналып жүрө бересиң. Таза жүр. 

- Аялы күйөөсүнүн чачын алса болобу? 07776090.. 

- Болмок турсун болот. Кайра жакшы болот да, бетин жуубаган Таняга же Оляга алдыргандан көрө. Адамдын эң эле азиз мүчөсү башы. Башты ар кимге кармата берген болбойт. Мен дайыма чачымды аялыма алдырам. Бекерге дагы түшөт.

- Ассалому алейкум, Чубак ажы! Кыргызстанда сиздей аалымдар бар экенине сыймыктанабыз! “Тамчы кабар” гезитин чыдамсыздык менен үй-бүлөбүз, достор менен чогулуп окуйбуз. Сиздин байлыгыңыз күндөн күнгө өркүндөп жатат. Аллах ыраазы болсун! Сизди көрө албагандарга Жараткан топук берсин. Сиздин кеңештериңиз “Тамчы кабардын” жарымын ээлеп чыксын! Алматыдан, туугандарыңыз. Али 

- Кудайым кем кылбасын. Сыртта жүргөн бир туугандардын баардыгын Аллахым жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын. Адал ырыскы насип этсин. Кудайым өзүнөн башкага муктаж кылбасын. Элибиз мамлекетибиз өркүндөп өссүн. Динге Кудайым күч кубат берсин. Кудайым барыбызга топук берсин. Аллахым ыраазы болсун!

- Мен сыздан ооруп калганда астыма колум менен таблетка салам, гусул бузулбайбы? Намаз окуй берсем болобу же сөзсүз гусул керекпи? 07726171.. 

- Ошол таблетка салганда ырахат алып кетсеңиз, гусул бузулат. Ырахат албасаңыз, гусулуңуз да, дааратыңыз да бузулбайт. Намаз окуй бересиз. Аллахым шыпаа берсин.

- Ооруп жатканда, мындай күндөрү деле Фатиха сүрөөсүн кандай үндө окушум керек? 07076948..

- Кадимки үнүңүз менен окуй бересиз. Эл жок жерде үнүңүздү бийик чыгарып, эл көп жерде жапысыраак чыгарып окуй бересиз. Үнүңүздү чыгарып окуганыңыз жакшыраак. 

- Чубак ажы, сизди Аллах 10 сахабадан кандай ыраазы болсо, он биринчи болуп, сизден ыраазы болсун! Сиздин жоопторуңузга адам аттуу инсандардын 100 пайызы ыраазы. Сизге Аллах Васиила Жаннатын берсин! Сиз менен сыймыктанабыз. Сизге орунсуз суроо бергендерге, көңүлүңүзгө катуу тийбесе экен деп тилейбиз. Сизге чиркейдин да залака тийгизишин каалабайбыз. 07736012..

- Аллахым ыраазы болсун! Мага тилеген жакшылыктардын баарын эселентип Кудай Таалам баардык пенделерине берсин деп тилейм. Аллахым абийирлерибизди арууласын, ниеттерибизди тазартсын. Адал ырыскы менен ырыскыландырсын!  

- Менин күйөөм наркы дүйнөгө кеткен, азыр экинчи болуп, бирөөнүн никесиндемин. Анын аялы бар. Менин чоң балам билбейт, ушул кылганым күнөөбү? Кыйналып кеттим, балдарды жалгыз өстүрдүм. Кыздарым билет, эмне кылайын? 07722663.. 

- Балаңызга билдирип койсоңуз жакшы болчу экен.

- Мен Москвада ОМОН болуп иштейм, бирок, жетиммин. Биздин кызматкерлер чоң-чоң курулуштагы балдарды кармап, качса урабыз, эгер жашынса эшик терезени сындырабыз. Ал күнөө болбойбу? Магамет. 

- Жөнү жок жерден урсаң, албетте, күнөө болот. Чөптү кордосоң көзгө зыян.

- Менин аялым чет өлкөгө иштегени кетти. Күнөө болбойбу? 07729010..

- Сен эмне бул жерде “Тамчыны кабарды” окуп олтурасың, аялыңды четке жөнөтүп коюп. Даюс десе... 

- Эки аял алгандар, анын жоопкерчилигин билбей эле үйлөнгөндөр көп. Ошондуктан ажырашуулар көп болуп жатат. Эркектер эки аял алуу шариаттагы бүт жоопкерчилигин билип туруп үйлөнүшсө, мындай болбойт эле. Эки аял алып бактылуу жашагандар аз. Ушул туурабы? 07734845.. 

- Эки аял алып бактылуу жашагандар аз дейсиз, бирок, бир эле аял менен чекеси жылып кеткендер деле арбып кеткен жери жок. Колунан келгендер ала берсин. Бул дүйнө сыноо дүйнө. Акыретке барганда эс алабыз эми.

- Теңирчилерге көз карашыңыз кандай? Теңирчилердин өзүнчө мыйзамы болобу? Алар Аллага ишенеби? Бирок, баардык нерсе Алладан болот го?! 07724646..

- Кудайым ал адашкандарды туура жолуна салгай эле! Тозок отунан сактаө көр! Өзү теңирчимин дегендерди чогултуп Жыргал каарыга дем салдыруу керек болот. 

- Мен эч кимге арнабаган аруулугумду, ак никелүү жолдошума арнагам. Боюмда бар кезде ажырашып кеткенбиз. Кызыман кабар албайт. Кийинки алган аялына жагыныш үчүнбү, билбедим, ”менин кызым эмес” деп айткан экен. Менден кийин эки аял алды, мейли, кудайга ак болсом болду. Кудайга, ак никеге койдум дедим. Мен болсо кызымды ойлоп турмушка чыкпадым. Кудайдан кызымдын ден соолугун, бактысын тилеп келем. Батаңызды берип коюңузчу. 07702606.. 

- Кудайым бактылуу кылсын. Экөөңөрдүн тең жолуңар ачылып, жакшы күйөөгө тийгиле!

- Жолдошум экөөбүз тең сүннөт менен жүрөбүз. Жолдошум турмуш шартка байланыштуу Россияда иштейт. Анда-санда акча салат. Беш балабыз бар. Өзүм болс кичине баламды үйгө таштап базарда иштейм, иштебейин десем жолдошумдун тапканы жетпейт. Жетишсиздиктин айынан өткөндө урушуп кеттик. Аябай сөгүп, мага уюлдук телефон менен чалба деди. Ошондо мен эмне кылышым керек? Балдар энеге эле керек болобу? 07798878..

- Ал деле жыргаганын ошентпегендир. Сабыр кылыңыз, баары өтөөр. Балдар атага да, энеге да бирдей керек болот. Жыртык бүтөлөөр, курсак тоюнаар. Көңүл ордуна келбей калганы жаман болот. Көңүлдөр оорубасын.

- Намаз окугандан кийин кайсы дубаны окушум керек? Зикирди ар бир намазда чалабы? Аятал курсун окубаса дагы болобу? Даарат кандай болгондо бузулат? Көкүрөктөн сүт акса, даарат кайра аламбы? 07772533.. 

- Көкүрөктөн аккан сүт дааратты бузбайт. Кийимди да булгабайт. Ал эми калган суроолоруңузду китептен карап окуп, түшүнбөгөнүңүздү сурап алсаңыз болот.

- Мен медресеге кирейин десем апам болбой жатат. Менин алдымда окуй бер деп жатат. Атам, байкелерим киргизебиз деп жатышат. Эмне кылсам болот? 07094849.. 

- Атаңдын сөзүн ук. Ата акыркы сөздү айтуусу керек болот.

- Күйөөм экөөбүз тең динде жүргөн адамбыз. Күйөөм жакында бир дамбылдадан илим алып жатат. Ал дамбылданын устазы Таджикистандык олуя экен. Эми күйөөм, ал олуяга барып, зыярат кылып, батасын алып келебиз дейт. “Мен кичине күмөн санап жатам, бир олуяга ишенип албас бекен” деп. Айтуусу боюнча олуялар бардык нерсени билишип, көрүшөт. “Аллах бардык сырын ачып койгон” дейт. Ошол туурабы? 05576600..

- Олуя бардыгын билет дегени туура эмес. Кээде олуяларга ишенип олтуруп ыймандан да чыгып кетүүсү мүмкүн. Олуяны Кудай Таалама теңеп алса каапыр да болуп калат. Жөн эле барып, илимин алып, насааттарын укса бир кеп.

- Мен реализатор болуп иштейм. Кожоюнум айткан баанын үстүнө 20-30 сом кошуп, жол кире чыгарып алам. Бирок, кожоюнум билбейт, акчасына тийбейм. Бул күнөө деп эсептелинеби? 07770135.. 

- Арам болот, садагасы. Адал тамак же, дубаң кабыл болот.

- Үйгө лөлү, дубана келсе садака бериш керекпи? Даарат андай керекпи? Даарат эмне болгондо бузулат? 07796634.. 

- Садаканы тааныштарга берген, туугандарга берген жакшыраак. Даарат бузулганды китептен окуп, түшүнбөгөн жериңди сура. Адепти үйрөн.

- Мен өткөн сандагы 5552159.. абонентинин суроосуна кошумча айтайын дегем. Уруксат берсеңиз? Бир тууган сага айта кетчү нерсе. Мусулман адам эч качан бири-бирин өлтүрбөйт. Сен мусулмансыңбы? Сенин аялыңды, кызыңды зордуктап жатса, унчукпай карап, олтура бересиңби? Үйүңдү талкалап, жериңди тартып алсачы? Мен мусулманмын деп олтура бересиңби? Ислам эмне, лохтор үчүн бекен? Сен Ак үйдө иштеген же болбосо черныймын деген братанына таянып сүйлөңүз. Мен Аллахка таянып сүйлөйм. Ассалому алейкум. 07790907..

- Уруксат бердим. Ал пендеге сөздөрүңүз чучукка жете тургандай болуптур. Бир аз адептүү айтсаңыз, мындан да чырайына чыкмак экен. 

- Досторума, эркек аттууларга “кыз менен сүйлөшкөн болбойт” десем, анда кантип үйлөнөм?

- Жеңелериң таап берет. 

- Үйлөнүү тою шариат боюнча кандай болот? Ушулар тууралуу бир макала жазып берсеңиз. 07790907.. 

- Аракет кылайын бир тууганым.

- Менин ата-энем ажырашып кеткенине 6 жылдан өттү. Андан бери атам 2 аял алды, апам турмушка чыккан жок. Экөөнү жараштырыш үчүн эмне кылуум керек? Атам да, апам да 5 убак намаз окушат, үй- бүлөбүз баары окуйт. Атам 40 күндүк дааватка 2-3 жолу чыкккан. Сизден сураныч, кеңешиңизди бериңиз. 07072113.. 

- Кандай таризде ажырашканын тактагандан кийин жакшыраак кеңеш берээр элем. Баары ошого байланат.

- Сиз менен кол алышып, саламдашканыма сыймыктанып турам. Сизге туура эмес сүйлөгөндөрдү окуп капа болом. Урматтуу кыргыз элим! Аалымдарды ушак кылып коюштук менен жети урпагына чейин хидаят берилбей калышы мүмкүн. Ясин сүрөөсүн 9 аятын душмандарга кантип колдонот? Тартиптерин айта кетсеңиз? 07092123..

- Жөн эле окуй бересиз. Болгону даарат менен, ыклас менен окусаңыз, таасири ансайын күчөйт. Аллахым ыраазы болсун. 

- Эркек бала канча жаштан баштап үйлөнсө болот? Кайсы убакта сүннөт, фарз, важип болот? 07072113.. 

- Балагатка жетип, ычкырын өзү байлап, эки адамды бакканга жарагандан кийин үйлөнсө жарай берет. Ушул убакта үйлөнгөнү сүннөт болот. Шахваты күчөп, кызыл көйнөк көрсө айланчыктап кете албай турган болуп калса ваажып болот. Такыр болбой калса, парз болот. Колунан бок келбей туруп эле, эки адам эмес, өзүн бага албай турган болсо макрух болот.

- Эжем хиджаб кийет, студент. Анан боёнуп турат. Боёнбо дейин десем, жини келет. Боёнсо эмне болот? 07092123.. 

- Боёнсо маймыл, маскарапоз болот, боёнгону арам болот. Сойкулардын тизмесине кошулат. Көчөгө чыгып, кайра үйгө келгенге чейин периштелер наалат айтып турушат.

- Биздин аппак деген молдобуз бир убак дагы намаз окубайт, бирок, жаназа окуйт, нике кыят. Ушул молдого кандай насаат айтат элеңиз. 05518090.. 

- Кудайым ал аты аппак болуп, өзү капкара болуп кеткен молдо сөрөйүңөргө хидаят, туура жол берсин.

- Мен студент кызмын. Турмушка чыга элекмин. Менин түшүмө жаш наристелер көп кире берет. Эмне себептен? 07726883.. 

- Аларды жакшы көргөндүгүңдөн болсо керек...

- Чубак ажы, оронгон хиджапбан кыздар кайсы окууга тапшырып, кандай жумуштарда иштесе болот, кээ бир адамдар айтып калышат, “оронгондор банкта же дагы ушуга окшогон иштерде иштесе болбойт” деп, ошол туурабы? 07728969.. 

- Мугалим, аялдардын догдуру, тарбиячы болуп иштесе эмнеге болбосун. Аялдын кадыр-баркы, намысы сактала турган жерлерде иштесе болот. Эркектерге аралашып иштөөнү шариат жектейт.

- Менин келинчегим оорукчан эле, каза болуп калды. Мен талак бере элек каза болуп калды. Мен үйлөнүп алдым, эми кандай болот? 07022496..

- Каза болоору менен нике ансыз деле ажырайт. 

- “Эгер мусулман аял мусулман эмес адамга турмушка чыкса нике түшпөйт” деп жооп бергенсиз. Анда менин балдарым ойношчулуктан жаралганбы? Ал кореец болчу, ажырашкам. 07050897.. 

- Ооба. Тооба кылыңыз. Балдарга туура тарбия бериңиз. Балдарыңыз мусулман болуп эсептелет.

- Күйөөм мени уруп, мурдум кыйшайып калган. Түздөтөйүн дегем. Шариатта Кудай берген көз мурун менен жашаш керек, эгер мен мындай кылсам шариатка каршы чыккан болбойбу? Кемчиликтериңди оңдотуп, башкача болгон күнөөбү? 05537773..

- Сиздин шартта түздөтсө болот. Экинчи кыйшайганга шарт түзбөңүз. 

- Азан айтылып жатканда басып бара жаткан болсоң, сөзсүз азан бүткөнчө олтуруп, бата кылыш керекпи же баса берсе болобу? 07080506.. 

- Баса берсе болот. Колунан келсе  олтуруп укканы жакшы.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Октябрь 2016 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

СУРОО: Азыр биз жеп жаткан Орусиядан чыгарылган
шоколад, момпосуйларына чочконун майы кошулган экен. Аларды жебеш керек
дешет, ушул чынбы?
ЖООП: Негизи чочконун майы өтө эле арзан болуп
бекерге туруп калган жери жок. Ошондуктан, орустар чыгарса эле чочконун
майын сөзсүз кошот деп түшүнүү да туура эмес. Ошондой болсо да айта
кетчү маселе, чочконун майы, же эти кошулган азык-түлүктөрдү оозго алуу
арам болот. А түгүл чочконун кээ бир продукциялары кошулган дарылардан
дарылануу да арам болот. Жаш балдарга берилчү эмдөөлөрдүн кээ бирине
чочконун мээсинен алынган заттарды кошот деп укканым бар. Эгер бар
болсо, ошол эмдөөлөр да жакшы эмес болуп калат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   rnurzida   25 Октябрь 2016 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

– Менин сүйлөшкөн кызым бар. Намаз окуйт. Мага өңү бир аз жакпайт. Ал үйлөнөлү дейт, мен да каалап турам. Кийин өкүнүп калбаймынбы?

– Өңү жакпаса, жага турганын изде. Анын өңү менен эсептешип жаткан болсоң, демек, аны сүйө элексиң го. Сүйгөн болсоң маймыл болсо деле көзүңө жакшы көрүнүп тура бермек.

Чубак ажы
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Rayyana   26 Октябрь 2016 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

СУРОО: Аялымдын чачы түшүп жатат, кыркса болобу? Узуну 50 сантиметрдей.

ЖООП: Кырккандан башка жолу жок болсо, кыркса макул. Колунан келишинче кыркпаганга аракет кылсын. Аял кишинин чачы эң кыска дегенде мүрүсүнөн болуусу керек. Такыр болбосо, таз кылып алганга деле уруксат берилет, айласы куруса...

Устаз Чубак ажы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   rnurzida   27 Октябрь 2016 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

СУРОО: Жигитим намаз окуйт. Бир күнү мага телефондон «Никебизди кыйдырып албайлыбы?» дейт. Эмне деп жооп берээримди билбей калдым.

ЖООП: «Жок. Качан үйлөнө турган күн келип, той болгондо нике кыйдырабыз. Ага чейин сүйлөш-көнгө да болбойт» деп жооп бер. Сен да намаз оку.

Устаз Чубак ажы.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   rnurzida   27 Октябрь 2016 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

СУРОО: Өзүнөн чоң аялга үйлөнүү сүннөт болбосо, анан күнөө да болбойбу?


ЖООП: Күнөө болбойт, чырагым. Кайра жакшы болот. Ачынып калсаң жаап турат. Көчөдөн капа болуп келсең сооротуп турат. Анан бир аз улгайганда сага жаш, өзүңө тең аял алып берет.

Устаз Чубак ажы

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 27 Октябрь 2016 - 13:21

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   rnurzida   27 Октябрь 2016 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

СУРОО: Жакшы көргөн адамым боору ооруп көз жумду. Өлөөрүн бир ай мурда өзү уккан экен. Жашоодон чарчадым деп ооруканага барбай ар кандай дарыларды ичип жүрдү. Арак ичпей дарыланса, дем салдырып, өзүн караганда өлбөйт беле деп катуу өкүнүп ыйлайм. Көз жумаардын алдында дарыгерлер «Эртерээк алып келсеңер беш жыл жашамак»,- дешиптир. Аракет кылып чуркасак аман калмак беле деп эзиле берчү болдум. Өзүмдү күнөөлөйм, же тагдырбы, же ажал жетет деген чынбы?

ЖООП: Тагдыр. Анын жашоосунда эмне болуусу жазылган болсо, ошол нерсе ишке ашты. Өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Намаз, Куран окуп, сообун багыштасаңыз жакшы болот. Жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз. Маркумдар сиздин өкүнгөнүңүзгө, ыйлагандыгыңызга муктаж эмес. Алар сооптуу амалдарга муктаж.

Устаз Чубак ажы.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Tansuluu09   28 Октябрь 2016 - 16:26

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

СУРОО - ЖООПТОР 2

СУРОО: Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. 2 жылдан бери күйөөм менен ыркыбыз келишпейт, болоор-болбоско эле урушабыз. Мен унчукпай кутулам. Бир туугандарым менен сүйлөшсөм эле сөгүнүп жатып калат. Мени көрсө эле кыжырдана берет. Башкаларга кылган мамилесин көрсөм ичим күйөт. Күйөөмө мени жакшы көрдүргүдөй кылып дуба окутсам болобу?

ЖООП: Болот. Анткени ал сенин күйөөң. Дубанын эң жакшысы намаздан кийин дуба кылууң.

СУРОО: Намаз окубай эле хижап кийсе болобу?

ЖООП: Болот. Хижаптын парзынан кутулат, намаздын парзынан тутула берет.

СУРОО: Намазды эки маал эле окуса болобу?

ЖООП: Экөөнөн кутулат, калганы карыз болуп тура берет.

СУРОО: Аялым Орусияга кеткенине 6 ай болду. Нике бузулбайбы?

ЖООП: Бузулбайт. Бирок, сен аялыңды тигил жакка жиберип коюп бул жакта эшек такалап жүрөсүңбү? Сен да кет. Барып аны кара.

СУРОО: Сизди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кыргызстанга сиздей такыба аалымдар абадай кажет. Чет өлкөгө кете турган ниетиңиз болсо, кетпеңизчи. Биз чын ыкласыбыз менен суранабыз. Эгерде жубайлар бул дүйнөдө ажырашса, тиги дүйнөдө дагы чогуу жашашабы?

ЖООП: Сизди Аллахым өзү жакшы көрсүн. Жалгыз бир эле адам менен жашаган болсоңуз, экөөңөрдүн бара турган жериңер бир болсо чогуу болосуңар.

СУРОО: Квас ичсе болобу?

ЖООП: Шаарда сатылып жаткан, бөлкөдөн жасалган квастарды ичсе болот. Суусундук катары каралат. Бирок балчелекчилердин балдан жасаган квасы кадимкидей мас кылуучу касиетке ээ болгондуктан, арам деп билебиз.

СУРОО: Аялым менен урушуп «ажырашабыз, кет, тойгуздуң мени» деген сөздөрдү айтып алдым. Талак түшпөйбү?

ЖООП: «Ажырашабыз» деген сөзүңүз келээр чакта болгондуктан маани берилбейт. «Тойгуздуң мени» деген сөзүңүз да нике маселесине таптакыр тиешеси жок. Ал эми «кет» деген сөзүңүздү ажырашуу ниетинде айткан болсоңуз, бир талак боин түшөт. Кайрадан нике кыюуга милдеттүүсүз. Ал эми андай ниетиңиз жок болсо, эч кандай мааниге ээ болбойт. Катардагы эрди-катындын урушканы болуп эсептелет.

СУРОО: Аср намазы 4 рекет парз элеби, же 4 рекет сүннөтү да барбы?

ЖООП: Асрдын алдынан окулчу төрт рекет мустахабы бар. Аны сүннөт деп айтканга болбойт. Мустахаб деп айтсак туура болот.

СУРОО: Намаз окуп жатып кекирип, же эстегенде намаз бузулбайбы?

ЖООП: Намазы бузулбайт. Намаз учурунда эстегенде колу байланып турган болсо, сол колунун аркасы менен оозун жабат. Колу байлануу эмес болсо, оң колунун аркасы менен оозун жабат. Намаздын сыртында эстесе, сол колдун аркасы менен оозду жабуу мусулманчылык адептерибизден.

СУРОО: 33 жолудан зикирди сол кол менен чалса болобу?

ЖООП: Оң кол менен жакшыраак. Бирок сол колуңуз менен, же эки колуңуз менен чалсаңыз да жарай берет. Маселе, кайсыл кол менен чалууда эмес, зикирдин чалынуусунда турат.

СУРОО: Эркектердин чачын кыркып иштесе болобу? Чачтын бардыгы бирдей болуш керек дейт, бирок азыркы учурда төбөсүн, маңдайын бир аз узунураак кылышат. Болобу?

ЖООП: Бирдей дегендин мааниси, таптакыр маскарапоз болуп кетпесин деген сөз. Кээ бирлер башынын кээ бир жерин таптакыр кырдырып, башка бир жерин өстүрүп алганын шариятыбыз жактырбайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) жек көргөн. Ал эми узундугу бири-бирине жакыныраак болгон чач жасалгаларына шарият каршы эмес. Андыктан эркектерге чачтарач болуп иштесеңиз болот.

СУРОО: Мен музыканы көп угам. Бул туура эмес дешет. Чынбы? Сүрөөлөр жаздырылган телефон, дисктерди үйгө коюп койсо болобу?

ЖООП: Музыканы көп уксаң жүрөгүң карайып кетет. Ырайым-мээримден кур жалак каласың. Телефон менен дисктерди үйгө койбогондо көчөгө коймок белең? Бийигирээк жерге койсоң жакшы.

СУРОО: Аалымдарды каяктан тапса болот?

ЖООП: Республикалык масштабдагы аалымдарыбыз бир топ эле бар. Облустугу андан көп, райондугу жер жайнайт. Айылдыгынын эсеби жок, көп. Кыргыздын эки күн намаз окуса, үчүнчү күнү молдо болуп алмайы бар эмеспи?. Молдо Сабыр, Молдо Газы, Молдо Надыр, Молдо Ахун, Абдышүкүр ажы, Максат дамбылда, Сиражиддин шейх, Нурулла кары, Жээнбек шейх деп санап олтурсаң бир канчага барып калат.

СУРОО: Күйөөм мас эле, атасына өчөшүп «3 талак бердим» деп айткан. Бирок артынан «Тообо кылдым, сени менен жашайм, атама өчөшүп айттым эле»,- деди. Азыр нике окутпай эле жашап жатабыз...

ЖООП: Күйөөңдөн суроо керек. Эгер сага талак берүүгө ниети жок болсо, айткан талагы түшпөйт. Анткени ал өз сөзүндө сенин атыңды айткан эмес, талакты сага таандык кылуучу сөздөрдү колдонгон эмес. А эгер, ниетинде талак берүү болгон болсо, талак түшөт. Кокустан сенин атыңды айткан болсо, ал учурда ниети суралбайт. Айткан талагы түшөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Erlan_95   03 Ноябрь 2016 - 20:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 19 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:09

Биздин туштукто шыпыргыны тургузуп койбогула дейтко.
Бироо Чубак ажы га шыпыргыны тургузуп койсо не болот десе ажыке алганга оной болот деп жооп берген
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 05:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: