Суперстан: Адам психологиясы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Психиатрия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Адам психологиясы Түрдүү макалалар, кеңештер

#41 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Күйөөңүздү бактылуу кылыңыз
Сүрөт
Үй-бүлөдө эркектин аялын башкага алмаштырганы – эң көйгөйлүү маселелердин бири. Үйдө жылуулук, жакшы маанай жоголуп, аял оор стресске кабылат. Бирок мунун баарына аял өзү күнөөлүү экенин билбей бар айыпты күйөөсүнө коёт. А чынында күйөө аялын эмнеге алмаштырат, анын кантип алдын алууга болот?



АР ДАЙЫМ КЕЛБЕТИҢИЗДИ САКТАҢЫЗ

– Дайыма өзүңүзгө карап, сулуу болуп жүрүңүз. Үйдөн да жарашыктуу халат кийиңиз. Кыскасы, күйөөңүзгө жумуштагы кесиптешиндей жагымдуу көрүнгөнгө аракет жасаңыз. Айрым европалык аялдар косметика менен атырды эшикке чыгарда гана эмес, уктардын алдында да колдонушат, муну эркектер абдан баалашат.

– Сиздин кийген кийимиңизден ал бир да кир, бир дагы жыртык таппасын.



ЖАГЫМДУУ МААНАЙ МЕНЕН ТОСУП АЛЫҢЫЗ

– Жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп алып, ал күндү кандай өткөргөнүнө сөзсүз кызыгыңыз, аны кунт коюу менен угуп, даамдуу тамагыңызды берип, керек учурда кеңештериңизден да бөлүшүңүз. Ага колдоо көрсөтүңүз. Эркек үй чынында мыкты сепил экенин түшүнсүн.

– Тамакка олтурган соң сүйлөшүүнү жагымдуу жаңылык менен баштаңыз. Ал эми жагымсыздарын эс алып алганга чейин айтпай туруңуз.



МЭЭРИМДҮҮ, НАЗДУУ СҮЙЛӨШҮҢҮЗ

– Минтип бир гана өзүңүздүн жолдошуңуз менен сүйлөшө аласыз, башка бир да эркек менен эркелеп, назданып сүйлөшкөнгө акыңыз жок.

– Төшөктө дайыма бир ыкманы колдонуп, бир түрдүү боло бербеңиз. Таасирдүү, эстен тандырарлык жаңы ыкмаларды чогуу үйрөнүп туруңуздар.



АНЫН КАМКОРДУГУН БААЛАҢЫЗ ЖАНА ЫРААЗЫ БОЛУҢУЗ

- Эгерде күйөөңүзгө ыраазы болсоңуз, ал кубанат, сизди сүйөт жана сиз үчүн мындан да көп нерселерди жасоого аракет кылат.

– Ал эми нааразы болгондон башканы билбесеңиз, анын көңүлү калат да, өзүнө-өзү “эгер ал мунун баарын баалабаса, мен ага эмне үчүн жакшылык кылышым керек?” деген суроо берет.



КҮЙӨӨҢҮЗДҮ КЕМСИНТПЕҢИЗ

– Күйөөңүздүн туура эмес жактарын аны кемсинткен, орой сөз менен эмес, сылыктык менен акырын айтыңыз.

– Күйөөңүздүн сырларын, туура эмес жактарын эч кимге айтпаңыз, керек болсо эң жакын адамыңызга да.

– Башка эркектин кадыр-баркын айтпаңыз, аны менен күйөөңүздүн кызганыч сезимин эле козгобостон, аны басынткан да болосуз.

– Күйөөнүздүн майда кемчиликтерине көз жумуп эле коюңуз.



ТАТЫКТУУ КЫЗГАНА БИЛИҢИЗ

– Кызганыч - күйөөңүзгө болгон сүйүүңүз. Бирок ал чектен чыкпоого тийиш, башкача айтканда, ызы-чуу, уруш-талашты чакырбашы керек.

– Күйөөңүздөн шек санап ага «эмнеге үйгө кечигип келдиң?» деген сыяктуу ар кайсы суроолорду берип тажатпаңыз.

– Эркектин эркиндигин чектеп, өзүңүзгө баш ийдирип алам деп аракет кылбаңыз.




Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 22:53

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кандай эркектер аялынын көзүнө чөп салбайт?
1. Толук эркектер. Психология көрсөткөндөй, келбеттүү, арык эркектерге караганда толук эркектерде тестостерон алда канча аз болот.
2. Колунун алаканында калы бар. Мындай эркектер абдан ишеничтүү болушат. Андыктан көпчүлүк айымдар эркек менен таанышканда алаканын көрүүгө кызыгышат.
3. Программист эркектер. Аларга таң калуунун кереги жок. Болгону алар бир адамды гана сүйүп жашашат.
4. Үнү бийик эркектер. Сексологдор «эркектин үнү канчалык бийик болсо, ал ошончолук ишенимдүү» деп айтышат.
5. Сак эркектер. Булар - сергек жашоо образы менен жашап, спорт менен машыккан эркектер.
6. Импотенция менен жабыркагандар. Бул эркектердин эмнеге аялын алмаштырбаганы баарыбызга белгилүү.
7. Интеллектуалдык деңгээли жогору эркектер. Алардын сыртынан көрүнүп тургандай эле, уяты жогорку көрсөткүчтө.
8. Сокур эркектер. Бул адамдар эч качан аялын башкага алмаштырбайт. Анткени “эркек көзү менен сүйөт” деген түшүнүк менен жашайт.
9. Тартиптүү, абийирдүү эркектер. Булардын “өзүмдүн алмаштыргыс сүйүктүүм турса башкага эмнеге барам” деген принциби болот.
10. Аялын чын сүйгөн эркектер. Мындай эркектер аялынан башка аял бар экенин унутуп коюшат.
11. Ишенимдүү эркектер. Аларда «аялдын көзүнө чөп салуу» деген түшүнүк жок. Себеби аларга мунун кереги жок. Аларга өзүнүн жалгыз, эң сүйүктүү жары гана жетишет. Мындай эркекке жолуккан аял абдан бактылуу.
12. Бирөөнү гана сүйгөндөр. Мындай эркектер бир гана аялды сүйүшөт, башкаларды карап да коюшпайт.
13. Жоопкерчиликтүү эркектер. Алардын жоопкерчилиги жогору болгондуктан аялынын көзүнө чөп салууну туура эмес кадам деп эсептешет. Эгерде бир нерсе колунан келбей калган учурда да аялынын алдында өзүн күнөөлүү сезет.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 22:55

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 22:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сүйүктүүңүздү интернеттен кайтарып алыңыз

Заманбап адамдын жашоосун интернетсиз элестетүү мүмкүн эмес. Жаман жери – аны ашыкча колдонуп интернетке көз каранды болуп калуу. Бул зыяндуу адаттан жакын адамыңызды куткарып алууга болот экен. Кантип?..

Ал эмне үчүн интернетке көз каранды болуп калды?

Эгерде күйөөңүз көп убактысын социалдык түйүндөрдө отуруу менен өткөрсө, анда ал башка аялдардан колдоо күтөт. Сиз аны жакшы түшүнбөйсүз, көп көңүл бурбайсыз.
Ага баарлашуу жетишпейт. Сиз, балким, жолдошуңуздун эч жакка чыкпай “үй күчүк” болуп отурганына сүйүнөт чыгарсыз. Бирок адамга, айрыкча эркек кишиге эркиндик керек экенин унутпаңыз. Ал каалаган учурда досторуна жолугуп сүйлөшүп турушу керек.
Жумушунда маселе жаралды. Карьерасында ийгилик болбой, иштери жүрүшпөй, акчасы жетишпей жаткан адам үчүн өзүнүн көңүлүн көтөрүүчү эң ыңгайлуу ыкма - социалдык тармактар. Анткени ал өзүн көрбөй турган адамга укмуш акылдуу, жогорку деңгээлдеги профессионал болуп көрүнө алат.
Үй-бүлөдө маселе жаралды. Социалдык тармактарга болгон көз карандылыктын дагы бир себеби – үй-бүлөдө чыккан чыр-чатак, түшүнбөстүктөр, жетишпестик жана башка маселелер. Мындай учурда адам реалдуу маселелерди чечүүнүн ордуна алардан четтеп интернетке байланат. Виртуалдык достор болсо эч кандай маселе жаратпайт эмеспи.


Күйөөңүздү социалдык тармактардан кантип кайтарып аласыз?

1. Көбүрөөк сүйлөшүңүз. Жолдошуңуз кечинде жумуштан келгенде эринбей күн бою эмне кылганыңызды, болгон жаңылыктарыңызды айтып бериңиз. Өзүнүн да айтып берүүсүн сураныңыз. Досторун үйүңүзгө чакырып алар менен баарлашуусуна шарт түзүп бериңиз. Сизге жакпаган достору болсо да алар менен жолугушуусуна тоскоол болбоңуз. 2. Психологдор социалдык тармактарга болгон көз карандылыкты адреналин менен дарылоону сунушташат. Жолдошуңузга экстремалдык эс алууну сунуштаңыз. 3. Жолдошуңузга берген бааңыз ал үчүн абдан маанилүү экенин билип коюңуз. Анын ийгиликсиз, жолу жок экенин баса белгилеп айта берсеңиз, албетте, сизден качып интернетке “жашынып алат”. Ал эми аны мактап, ар бир майда ийгиликтерин, акылдуулугун, күчтүүлүгүн баса белгилеп айтып турсаңыз, эч качан сизден алыстабайт. 4. Үй-бүлөлүк жашоодо бурулуштарды жасаңыз. Мисалы, унааңыздарды алмаштырыңыздар, үйүңүздү оңдоп-түзөңүздөр. Бул түйшүктөргө алаксыган күйөөңүз бара-бара социалдык тармактарга кирбей калат. 5. Ал компьютерден алыстап, сизге аз да болсо көңүл бурган сайын чын дилиңизден ыраазычылыгыңызды билдирип туруңуз. 6. Жолдошуңуздун реалдуу жашоодон алыстап, виртуалдык жашоодо жашап калганынын себебин аныктаңыз. Маселени чечүүдөн качсаңыз, ортодо канчалык көп убакыт өтсө, мамилени ордуна келтириш ошончолук кыйын болот. Андыктан күйөөңүз менен чогуу отуруп өз оюңузду айтыңыз, анын канааттанбаган нерсесин угуңуз, анан ортодо жыйынтык чыгарып мамилеңиздерди такташып алыңыздар.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 22:58

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Казан- аякты да туура кагыштырыш керек
Сүрөт
Үй-бүлөнү бекеринен кичи мамлекет дешпесе керек. А мамлекеттин курулушунан, калыптанышынан да сакталышы зор эмгекти талап кылат эмеспи. Анын бузулуусуна себеп болгон уруштан кичинекей мамлекетти кантип коргоо керек?

Уруш убактысында жубайлар сак болуусу керек:

1. Ата-энелер тууралуу сөз козгобоо. Жубайлар урушуп жатканда бири-биринин ата-энесин айтып, аларга нааразычылыктарын билдирбеши керек. Жарашканыңыздар менен түгөйүңүз ата-энеси тууралуу айткандарыңызды узак жылдар унута албашы мүмкүн. Урушка ата-энелерди кийлигиштирбөө зарыл. Экөөңүздөр табышып жакшы мамиледе болгонуңуздар менен эки тарапта бири-бирине болгон жек көрүү жашап, сыйдан кетип калышат.
2. Күч колдонууга жеткирбөө. Айрым үй-бүлөдө бири унчукпай калгандын ордуна күч колдонушуп мушташа кетишет. Аял өзүн коргоп эркек менен алышканы менен бул эки жаштын ортосундагы сүйүүнү жок кылып, сезимди муздатат. Колдон келсе эркекке эрегишпей, аны кол көтөрүүгө жеткирбөө керек. Бир жолу урган эркек экинчи жолу да кол көтөрөт.
3. Ажырашуу тууралуу айтпоо. Жубайлар ачууга алдырган маалда алардын бири ажырашуу тууралуу сөз баштап жиберишет. Бул окуя дайым улана берсе, ортодогу мамиле солгундап, айтканыңыз аткарылып түгөйүңүздү жоготуп алышыңыз мүмкүн. Андыктан түгөйүңүзгө катуу ачууңуз келген маалда ичиңизден санай баштаңыз же башка нерсеге алаксыңыз.
4. Уруштан качып үйдөн алыс жакка кетпөө. Кинодо жубайлар урушканда бири кетип, экинчиси артынан чуркап кечирим сураган кадрлар абдан көп. Бирок бул көрүнүш реалдуу жашоодо дайым андай кайталанбайт. Кетип алып, кайра бара албай жүргөндөн көрө унчукпай жеңилүү зарыл. Анын ачуусу таркаган соң акырын айтып чечип алса болот.
5. Өтүп кеткен урушту айтып эстетпөө. Кээ бир жубайлар уруш башталганда күнөөлүү экенин мойнуна алгылары келбей өткөндөгү урушкандарын эстетип, “ошондо сен минткен болчусуң” деп урушту ырбатып жиберишет. Ошондуктан эч убакта өткөн ишти айтпоо керек.
6. Өз-өзүнчө жатып албоо. Бул ортодогу мамиленин муздашына жол ачат да, түгөйлөрдү ажырашуу тууралуу ойлонууга мажбур кылат. Андыктан канча кырылышкан күндө да эч нерсе болбогондой бир төшөккө чогуу жатыңыздар. Эки тарапты карап жатканыңыздар менен уктаган соң көнгөн адатыңыздарча бири-бириңиздерди кучактап аласыздар.

Жаңжалды ырбатып жибербөө үчүн:

1. Укканды үйрөнүңүз. Урушту түгөйүңүз баштап калса унчукпай олтуруп аягына чейин сөзүн бөлбөй укканга аракет кылыңыз. Жыйынтыгында ал сизди эмне себептен урушуп жатканын толук билесиз. Эгер түгөйүңүз болбогон эле жерден ачууга алдырып кыйкырып жаткан болсо, сиз демиңизди ичиңизге басып жай айтып түшүндүргөнгө аракет кылыңыз.
2. Өзүңүздү колго алыңыз. Таң атпай, түгөйүңүз жумушка кетип жатканда, тамактануу учурунда, конокто олтурганда уруш баштабоо керек. Эгер уруш башталып кетсе, өзүңүздү колго алып, эмоцияга алдырбай унчукпай калуу зарыл. Себеби эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө конокто, теңтуштарынын жанында аялын башкарган киши катары көрүнүп койгонду жактырышат.
3. Жолдошуңуздун көзү менен караңыз. Бул сөз чектен чыга кызгангандар үчүн деп айтсак жаңылышпайбыз. Жолдошуңуздун ишин такыр түшүнө албай жатсаңыз, болгон окуяга жолдошуңуздун көз карашы менен караганды үйрөнүңүз. Ал кабылган окуяны сизге сүрөттөп берсин, бул учурда сиз эмне кылмак элеңиз. Ошондо гана чырдын түбү кайда жатканын түшүнөсүз.
4. Кемсинтпеңиз. Бирге түтүн булатып жаткандан кийин эч убакта бири-бириңиздерди кемсинткен сөздөрдү айтпаңыздар. Аны кемсинткен сөз айтып капа кылуунун ордуна «сен ачууң келгенде сулуу көрүнүп калат экенсиң, мен такыр билбептирмин» деп ага жаккан сөздөрдү айтсаңыз, урушуп жаткан түгөйүңүз аргасыздан жылмаят.
5. «Сенин» деген сөздөрдү айтпаңыз. «Сенин досторуң», «сенин туугандарың», «сенин айыңдан…» деген сыяктуу сөздөрдү айтып ал тарапты жерге чаба бербеңиз. Бул сөздөрдү айтуу менен сиз бөлүнүп, аларга боор тартпай жатканыңызды билдирип коёсуз. Анын үстүнө эртең эле ал кабылган окуяга сиз кабылып калышыңыз толук мүмкүн. Андыктан бул сөздөрдү такыр оозуңузга албаңыз.
6. Суракка алганды токтотуңуз. «Эмне үчүн сен?..» деп ар бир иши, сөзү үчүн аны суракка ала бербеңиз. Бир айттыңыз болду, экинчи ирет кайталабаңыз. Айтканыңызды торгойчосунан кайталай берүү менен аны өзүн коргонуу эрежесине же сиздин сөзүңүздү этибар албаганга үйрөтүп аласыз.

Жаңжалдан соң кантип жарашуу керек?

1. Кечирим сураңыз. Кээ бир жубайлар урушкандан кийин 2-3 күндөн бир жумага чейин бири-бирине сүйлөбөй жүрө беришет. Бул туура эмес. Андыктан урушкандан көп өтпөй ачууңуздар тараганда «сен жана ушул сөздү айтканда мага катуу тийди, эгер мен дагы сага катуу сөз айткан болсом кечир» деп кечирим сурап, колдон келсе тез эле жарашканга аракет кылыңыз. Көпкө тултуюп жүрө берүүнүн аягы жакшы болбойт.
2. Сюрприз кылыңыз. Түйгөйүңүздү катуу таарынтып алып, ал чечилип сүйлөбөй жатса аны кафеге чакырыңыз же ал жакшы көргөн тамакты жасаңыз. Айтор, аны менен көп убакыт бирге болуунун жолун ойлоп табыңыз. Бирге олтурган маалда жакшы окуяларды, жаңы таанышкан күндөрдү айтып берип таарынычын жазыңыз.
3. Талап коё билиңиз. Акылыңыз болсо кичине болсо дагы талап коюу менен аны туура жолго салганды үйрөнүңүз. Бирок эч убакта болбой турган ишти айтып анын көңүлүн калтыра турган талаптарды койбоңуз. Бул сиздин жарашууга эмес, ажырашууга койгон биринчи кадамыңыз болуп калат.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 23:09

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кызыңызга жашынан үйрөтө турган эрежелер
Сүрөт
Кыз – келечекте жар, балдарга тарбия берүүчү эне. Андыктан үй-бүлөдө уул балага салыштырмалуу кызды тарбиялоо ата-эне үчүн өзгөчө маселе жаратат эмеспи. Кызыңызды тарбиялоодо төмөнкү кеңештерди да айта жүрсөңүз ашыкча болбойт.

1. Биринчи кезекте өз үңдү сүй.

2. Жакшы дос таап, аны менен мамилең ди үзб ө. Досуң сенин ким экениң ди айтат.

3. Кийим сени бактылуу кылбайт.

4. Бирөө нү н артынан сүйл өб ө, бирок сен жөн үнд ө айтылчу ушактарга даяр бол.

5. Көйг өйг ө кабылышы ң жашооң дун бүт үп калышы эмес, андыктан өз үңдү таштаба, башты көт өр.

6. Башкаларды өз үңө салыштырба, анткени алар да сендей боло алышпайт.

7. Канчалык берилип бирөө нү сүйс өң да, өз үңдү жоготпо.

8. «Жок» деген сөзд ү үйр өн жана аны айтуудан коркпо.

9. Эч качан эркектин артынан чуркаба, ал өз ү сени тапканы туура.

10. Сага карата айтылган жакшы сөзд өрд ү кабыл ал жана аларга ишен.

11. Дайыма чынчыл бол.

12. Жашоодогу ролуң да өз үңдү н бактылуу экениң ди бил.

13. Колуң а кандай китеп тийсе да оку. Билим бул – күч кубат.

14. Жашоодо жаңылгандан коркпо, ошол жаңылыштыгы ң сага сабак болот.

15. Бирөө гө жакшылык кылганың ды милдет кылба, жакшы иштер бакыт тартуулайт.

16. Ар дайым ички туюмуң а ишен.

17. Сылык бол.

18. Сенин сөз үңө караганда, жүр үш- турушуң ким экениң ди айтып турат.

19. Кечирим сураганды адат кыл, биринчи кечирим сураганы ң сенин алсыздыгы ңды билдирбейт.

20. Жашоо бүг үнк ү күнд өн гана турат. Учурунда татыктуу жашап ал. Бүг үн сенде баары бар, андыктан жөн гана бактылуу жаша.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 23:12

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Ортодогу сүйүү өчтүбү? Эмне кылуу керек?
Сүрөт
Мамиле бир калыптан жазбай же жакшы, же жаман болушу мүмкүн эмес. Тилекке каршы, мамиле адатта жакшыдан жаманга карай өзгөрөт. Айрыкча аял менен эркектин ортосунда. Анын ар кандай себептери менен таанышып, түгөйүңүз менен болгон мамилең издин дең гээлин аныктап, кайсы жерден ката кетирип жатканыңызды анализдеп чыгыңыз. Андан ары аны жакшыртуу сизден көз каранды.



Сүйүүнүн өчкөнүнөн кабар берүүчү жагдайлар:

1. Жалгыздыкты каалайсыз. Мурункудай чогуу олтуруп телевизор көрүү, дүкөнгө ээрчишип чогуу баруу, кафеге, киного баруу деген көрүнүштөр болбой калдыбы? Андан көрө жалгыз отуруп телевизор көрүп, дүкөнгө жалгыз барууну каалайсыз. Бул сүйүүң үздөрдүн өчкөнүнүн бир белгиси.

2. Жубайыңызга караганда досторуң уз маанилүү болуп калат. Жумуштан кийин үйгө шашпайсыз. Андан көрө досторуңузга чалып жолугууну сунуштайсыз. Алар менен көңүл ачып, курсакты тойгузуп алып үйгө жатарга чукул гана барасыз. Бул дагы үй-бүлөлүк мамиледеги коркунучтуу коңгуроолордун бири.

3. Эркелешүү жоголот. Түгөйлөр кучактоо, эркелетүү, өбүү менен бири-бирин сүйгөндөрүн билдиришет. Мурун сизге жагымдуу сезилип жүргөн бул көрүнүштөр жагымсыз, копол сезиле баштаса, анда сүйүү өчө баштады дей берсеңиз болот.

4. Сүйлөшүүгө сөз жок. Күн бою болгон жаңылыктар, жумушуңузда чыккан маселелер... Кимге болсо да айтып бергиңиз келет, бир гана түгөйүңүзгө эмес.

5. Майдачыл болуп кетесиз. Анын ар бир кыймыл-аракети, баскан-турганы, кийген кийими, кыскасы, бардыгы кыжырыңызды келтирет.

6. Өзүңүзгө кам көрбөй каласыз. Сиз ага жагасызбы, жакпайсызбы, баары бир болуп калды. Мурункудай ага жагынуу үчүн өзүңүздү карап, сырткы келбетиңизге кам көргөнүңүздү токтоттуңуз. Бул дагы мамиледеги жараканын бири.

7. Өзүңүзгө-өзүң үз жакпай каласыз. Сүйүү адамды сулуу, өзүнө ишенимдүү кылып турат. Ал эми түгөйүңүз сиздин кемчиликтериңизди баса белгилеп айта бергенде ага өзүңүз да ишенип кетесиз.

8. Аны башкалар менен салыштыра бересиз. Аябай ынтымактуу жашаган үй-бүлөлөрдө деле түгөйүн башкалар менен салыштыруу болот. Бирок эгерде сиз аны ар бир жолуккан адам менен эле салыштырып түгөйүңүздүн кемчиликтери көзүңүзгө көрүнүп туруп алат.

9. Мурунку мамилелештериңиз менен байланышууга аракет кыла баштайсыз. Мурунку сүйгөн адамыңыз кантип, кайда жүргөнүн билүүгө кызыгып социалдык түйүндөрдөн, эски тааныштардан сураштыра баштасаңыз, бул дагы учурдагы сүйүүңүздүн өчө баштаганы.



Сүйүүнү эмнелер өчүрөт?

Көзгө чөп салуу. Сүйүүнү өчүрүүчү факторлордун эң негизгиси. Жоголгон ишенимди кайра калыбына келтирүү өтө татаал.

Өзүн кармай албоо. Ачууңуз келгенде өзүң үздү көзөмөлдөөгө кудуретиңиз жетпей оозуңуздан ар кандай сөздөр чыгып кетиши мүмкүн. Андай учурдагы жемелөө, кемсинтүү түгөйүңүздүн жүрөгүндө калып калат да, ал ортодогу мамиленин муздап, сүйүүнүн өчүшүнө алып келет.

Зыяндуу адаттар. Кызыл камчылык жана ичкилик эң күчтүү сезимдерди да бат эле өлтүрүп коёт.

Тазалыкты сактабоо. Тырмактын, чачтын кири, тактан арылбаган кийимдер да сезимдерди өчүрөт.

Талап коюу. Обу жок эле талапчыл болсоңуз, түгөйүңүздүн ар бир жасаган ишине нааразы болуп аны сындаганыңызды койбосоңуз, анан да болбогон нерседен чыр чыгара берсеңиз, сиздердин мамиле алыска созулбайт.

Баланын төрөлүшү. Баланын жарыкка келиши менен үй-бүлөдө жаң ы жашоо башталат. Күйөөң үз сизди балаң ыздан кызганып, ага мурдагыдай камкордук көрүшүң үздү талап кылышы мүмкүн.

Кызганчаактык. Ишеним бактылуу жашоонун өзөгүн түзөт. “Кайда жүрдүң?”, “ким менен жүрдүң?” деген сыяктуу аягы жок суроолор, анын ар бир кыймылын көзөмөлдөө, телефону менен электрондук дарегин текшерүү болгону сезимдерди муздатат.

Социалдык абалдын начардыгы. Таттуу өбүшүү, эркелешүү, сейилдөөдөн башка да турмушта тамак-аш, кийим-кечек, акча деген сыяктуу нерселер бар экенин түшүнгөн учур келет. А бул нерселерди канааттандырууга мүмкүнчүлүк аз болгон учурда ысык мамиле акырындан муздай баштайт.

Туугандар менен болгон карама-каршылык. Кайнене-келин, күйөө бала-кайнене сыяктуу карама-каршылыктар да эң бактылуу үй-бүлөлөрдү бузуп сала алат.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 23:18

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   kansulu   30 Август 2016 - 03:27

  • Карапайым
  • Тайпасы: Түйүлдүк
  • Билдирүүсү: 226
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Май 2023 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жакшы пайдалу нерселер экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Omurbek998   05 Апрель 2017 - 18:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 21 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2018 16:42
  • Жынысы:Эркек

Кээ бир адамдардын духу кичине еле созго тушуп кететко ошону кантип ондосо болот бул эркектерде кездешет кобунчо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Shaa.myrza   17 Июнь 2019 - 01:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Февраль 19
  • Соңку аракети: 10 Янв 2020 12:48

Сукут деген эмне
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   kaidasyn   17 Июнь 2019 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 31 Мар 2025 01:30
  • Жынысы:Эркек

Жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Психиатрия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: