Суперстан: Болгон окуя - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Болгон окуя

#1 Пользователь офлайн   Aza1983-1991   26 Август 2016 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 07 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:20
  • Жынысы:Аялзаты

ОтО КыЗыКтУу БоЛгОн ОкУяЛаР сиздер учун



Кызың Аида ааламдан өттү” деген телеграмма алган Эдил байке Оруссиянын Иркутск шаарынан жолго чыкты. Жалгыз кызынан айрылып калганын билип турса да ишенгиси келбеди. ”Балким кызым өзү мени сагынганынан улам ушинтип тамашалап чакырып жаткандыр... жооок. Менин кызым али көп жашашы керек. Ал тирүү...деп ар кайсыны бир ойлоп келатты. Бирок кызынын өлгөнү тууралуу эмес.Бишкекке жетери менен аэропорттон такси кармап үйүнө келди. Баары кара кийинип алышыптыр. Эдил байкени көрөр замат баары кошок кошуп үн чыгарып ыйлап жиберишти. Ошондо гана Эдил байке жалгыз перзентинен айрылганын билип эси ооп калды.
Өзүнө келип кызынын денеси жабылган шейшепти ачты. Өңү купкуу болуп көгөрүп кетиптир. Кызынын башын кучактап үнүнүн барынча кыйкырып ыйлап жатты. Бир кезде туугандары жетелеп сыртка чыкса 2 милиция туруптур.
- Сабыр кылыңыз байке. Пенделик экен.
- Силер кимсиңер? Эмнеге келдиңер?
- Биз сиздин кызыңыздын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүп жатабыз.
- Эмне!? Эмне болуптур?
- Сиздин кабарыңыз жок беле?
- Эдил байке эч нерсени уга элек. Жанаракта эле келди- деп бир тууганы аралашты.
- Аа. Андай болсо түшүнүктүү. Анда өзүбүзчө сүйлөшсөк болобу?
Макул деп Эдил байке менен тигилер машинеге олтурушту.
- Кызыма эмне болуптур?
- Кызыңыздын муздап калган сөөгүн кар астынан селсаяктар (БОМЖдар) таап алышкан. Ал жерде 2 кун жатыптыр. Эксперттердин тыянагы мына окусаныз болот.
- Мен бул кагазынарды окуп олтурганга алым жетпейт азыр. Анын устуно тушунбоймун деле. Озунор жакшылап тушундуруп бергиле.
- Кызынызды 1-ден зордуктап андан соң муунтуп өлтүргөн. Арам оюн ишке ашырып сөөктү кардын астына көмүп салышкан.
- Ким!? Айт дейм! Ким ал!?
- Сабыр кылыныз байке. Азырынча экспертизалар толугу менен даяр боло элек. Андан сон гана бир чечимге келе алабыз.
Эннеңди урайындар! Анда эмнеге келдинер! Жоголгула козумо корунбой! Озум таап бычам ошолорду!
Эшикти катуу жаап сыртка чыгып кетти. Артынан бир милиция тушө калып:
- Алысыраак жерде кызыңыздын кийими табылган. Чонтогундо кат бар экен.
Кайра келип катты алып чонтогуно салды да кетип калды.
Эдил байке бир гана перзенттуу болгон. Аида деген кызы. Аялы боорунан рак болуп Аида 12 жашка чыкканда коз жумган. Эркек жигит болсо бир жөн, кызы Аиданы жалгыз кантип туура тарбия берем? Кантип сырдаша алам деп коркуп куйоодон ажырашкан Жанара аттуу озунон 10 жаш кичуу келинге уйлонот. Арадан жылдар отуп жашоо шарты буйруп элдин агымы менен кошо Россияга келип иштей баштайт. Келгенине 9 ай эми болгондо ушундай болуп кызынан айрылып олтурат.
Кызынын сөөгүн жерге берип 3 кун откондон кийин, Аиданын мүрзөсүнүн башында олтуруп алып катты окуй баштайт.
Саламатсызбы АТАКЕ. сизди сагындым. качан келесиз, качан мени боорунузга басасыз? Апамдан айрылганда сиздин ЖҮРӨГҮҢҮЗ кандай ооруса, бугун сизди жоктоп менин журогум ошентип ооруп турат. бирок канчалык куса болгонум МЕНЕН сиз жазга чейин кайра келбешинизди билем. сиздей асыл адамды СҮЙГӨН апам бизди эрте таштап кетерин билсек кана...мен минтип ӨГӨЙ АПАМДЫН ордуна өз апамдын кучагында журбойт белем. бирок мени өгөй апам деле өз апамдын жоктугун билдирбейт. бирок сиздин мээриминиз башка СИЗДЕН ДА жылуу мээрим кутом атаке. батыраак эле келинизчи суранам. сизден БАШКА менде жакын адамым жок экенин билесиз го. атаке, бир классташ кызымдын ЖИГИТИ аябай сиздин жаш кезинизге окшош экен. же башка аялыныздан туулган уулунузбу?тамаша атаке. бирок мен алгач коргондо ушунчалык окшош адамдар БАР ТУРА деп аябай тан калдым. БАШКАЛАР кочодо ата апасын эрчип жургонун коруп козум куйот. ыйлайм сагынам. Жанара апам ыйлай бербе деп АЙТСА кадимкидей жаман коруп кетем.бирок апа ордуна апа болуп жургонун ойлоп кайра уялып кечирим сурайм. Жанара апа апамдын ордун басарына алгач ИШЕНБЕЙ ичимден жек коруп ЖУРДУМ бирок жанылышыптырмын. жаман апа эмес. БИР КУН сиздерге да перзент берип мага КОКУСТАН инилуу же синдилуу болосун деп суйунчулоп жиберсе кантем деп азыртан баштап эле ойлонуп журом. бирок ошондо да ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН корбосом ишенбесем керек. ылайым тилегимди берсе кана... апамды ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН кепинге ороп бир топ адамдар которуп чыгып баратканы тушумо коп кирет. эмне учун атаке? ии баса...жакында эле апамдын бир дос кызын КОРУП КАЛДЫМ, аяш апам ДА апам жонундо коп нерселерди айтып берди. кетер мезгилде АЛАРДЫ СУРОТКО ТАРТЫП АЛДЫМ, андан кийин АРАДАН 2 КУН ОТКОН СОҢ кайрадан жолугушуп СУРОТТОРДУ АЛЫП барып бердим. ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ менен жолугуп кечке олтурдук сырдашып. атаке сиз эгер ЖАЗДА келсениз айылга барып келебиз ээ?ал жакта мен ЧЫМЧЫКТАРГА таруу чачып, сиз болсо мен өз колум менен ЖАСАГАН кымыз ичесиз, чабалекейлердин УЯГА азык ташыгандарын коргум келди. алар оз балапандарын душмандан ЖАШЫРЫП ылайдвн жасаган уясында бакканына ан калчумун, корсо адам эле эмес башка жандыктар да оз балдарын коргоп сактайт тура
бая куну сабактан чыгып апамдын бейитине барып кечке олтуруп КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, ал жерде СИЗДИН ден соолугуңуз чын болуусун сурандым. келеерим менен БӨЛМӨҢҮЗДҮН ЭШИГИН АЧА САЛСАМ козумо апамдын элеси корунуп кетти. дайыма кечинде жатчу койногун кийип алыптыр. ыйлап жибердим. ал апамдын койногун кийген өз эмес ӨГӨЙ АПАМ экен. ТИГИ дуйнодон тирилип келдиби деп ойлоп жибериптирмин. кайра оз болмомо кирип кеттим. сиз кетип уйдо ЭРКЕК жасачу жумуштар кобойуп кеткендиктен, бузулуп калган телевизорум калың чаңы МЕНЕН ЖАТЫПТЫР, сиз болгондо ондоп коймоксуз. эртеси сабакка барбай койдум. мени издеп кыздар уйго келишиптир. АЛАР мени корбосун деп чыкпай койдум ДА, айнекти жаап жатсам МЕНИ КӨРҮП КАЛЫШТЫ, КҮН СУУКТУГУНА КАРАБАЙ жеңил кийинип алып алар менен жоноп кеттим. жолдо баратып ТҮНДӨ болгон апам корунгон окуяны айтсам тигилер мыскылдагансып кулуп жатышты. мектепти жанындагы АЛМА БАКТЫ кыйып жаткан адамдарды коруп ачуум келди эмне учун жаратылышты кордоп жатышат деп, аларды КӨЗДӨЙ бардым да тилдей баштадым. кичинекей кыздын созуно коркуп тигилер КАЧЫП кетмек беле. айла жок суйлонуп алып кайра мектепке карай ЖӨНӨДҮМ, ТИГИЛЕР эч нерсеге тушунбой карап калышты. мектепке келсем мугалим айтат: сенин артындан созсуз бироо КУУП келуу керекпи деп урушуп калды. ызама чыдабай чуркап чыгып кеттим. кыздар токто деп артымдан КЕЛАТАТ, БИР кезде жанагы кыйылган БАКТЫН ТУБУНО ЖАШЫНДЫМ, АЛАР издеп издеп ТАППАЙ КАЛЫШТЫ, эч кимге корунбой уйго кайтып келдим. МЫНДАН АРЫ эми эмне болот? КАНТИП эми мектепке барам?ЖАНА кантип элдин козун карайм?КАНЧА жыл ушундай болуп сыздап ЖАШАЙМЫН? эмне кыларымды БИЛБЕЙМ. кыздар да жаман коруп калышты. АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ МЕНЕН мугалимдин алдына алып бармак. адам бир нерседен КУТУЛУУ УЧУН АР НЕРСЕГЕ БАРАТ дегени чын экен. тиги мугалимди коргусу келбей качып жашынуу негизинен кыз балага жарашпайт эмеспи. бирок мен ошол ишке бардым. ЭГЕР КОКУС сиз ушул жерде болгонунузда ӨЛҮП КЕТСЕМ да УШУЛ ишти кылмак эмесмин. анткени сизди жер караткым келбейт, мугалимдерден кундо мени жамандаган КАТ келуусун каалабайм. ушул ишим АРКЫЛУУ сиз да МЕНИ урушууңуз мумкун. мындай жагдайда эч КИМ оз перзенти болсо да урушпай койбойт. анткени эркекти намыс коёнду камыш ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ да. сизге арнаган катым да аягына чыгып калды окшойт. алыста журосуз, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ КАТ сизге созсуз жетерине толук ДАЛИЛ бар деп ойлойм. БУЛ КАТКА алаксып бир кырсыкка туш болбонуз дагы. менин акыбалымды ТҮШҮНГӨН СОҢ сиз да мени кечирерсиз. ал жактын милициялары начар дешет. МИЛИЦИЯГА тушпой жакшы иштениз. катты алган соң мага бир жолун таап катты алдым деп КАБАР БЕРИҢИЗ. атаке СИЗДЕН СУРАНАРЫМ жаман жолго барбаныз ичпениз БУЛАРДЫН арты кайгылуу эмеспи. ичкилик адамдын КАНЫНА бир кырсык болушу мумкун. КОЛУҢУЗДУ жаман нерселерге БУЛГАБАҢЫЗ. ДЕП КЫЗЫҢЫЗ АИДА...
Эмне учун кызым мындай тушунуксуз ар кандай ойлорун аралаштырып кат жазып кетти? Создордун арасындагы кээ бир создорду эмне учун чоң тамга менен жазган? Балким бул чон тамгалар менен бир нерсени тушундургонго аракет кылып жаткандыр. Кана эмесе чон тамгаларды өзүнчө кылып окуп коройунчу.
Урматтуу окурмандар силер да чон тамга менен жазылган создорду катары менен баракка жазып коруп окуп коргулочу. Балким бул кыз бир нерсени эч ким билбесин деп ушинтип атасына табышмак катары айтып кеткендир...
Чон тамгалар менен жазылган сөздөрдүн сыры мындай экен:
АТАКЕ ЖҮРӨГҮҢҮЗ МЕНЕН СҮЙГӨН ӨГӨЙ АПАМДЫН, СИЗДЕН ДА БАШКА ЖИГИТИ БАР ТУРА. БАШКАЛАР АЙТСА ИШЕНБЕЙ ЖҮРДҮМ, БИР КҮН ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КӨРҮП КАЛДЫМ ДА АЛАРДЫ СҮРӨТКӨ ТАРТЫП АЛДЫМ, АРАДАН 2 КҮН ӨТКӨН СОҢ СҮРӨТТӨРДҮ АЛЫП, ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ ЖАЗДА ЧЫМЧЫКТАРГА ЖАСАГАН УЯГА ЖАШЫРЫП КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, СИЗДИН БӨЛМӨҢҮЗДҮН ЭШИГИН АЧА САЛСАМ ӨГӨЙ АПАМ ТИГИ ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТЫПТЫР, АЛАР ДА МЕНИ КӨРҮП КАЛЫШТЫ, КҮН СУУКТУГУНА КАРАБАЙ ТҮНДӨ АЛМА БАКТЫ КӨЗДӨЙ КАЧЫП ЖӨНӨДҮМ, ТИГИЛЕР КУУП КЕЛАТАТ, БИР БАКТЫН ТҮБҮНӨ ЖАШЫНДЫМ, АЛАР ТАППАЙ КАЛЫШТЫ, МЫНДАН АРЫ КАНТИП ЖАНА КАНЧА ЖАШАЙМЫН БИЛБЕЙМ, АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ МЕНЕН КУТУЛУУ ҮЧҮН АР НЕРСЕГЕ БАРАТ, ЭГЕР КОКУС ӨЛҮП КЕТСЕМ УШУЛ КАТ АРКЫЛУУ МЕНИ КИМ ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ КАТ ДАЛИЛ, БУЛ КАТКА ТҮШҮНГӨН СОҢ МИЛИЦИЯГА КАБАР БЕРИҢИЗ, СИЗДЕН СУРАНАРЫМ БУЛАРДЫН КАНЫНА КОЛУҢУЗДУ БУЛГАБАҢЫЗ ДЕП КЫЗЫҢЫЗ АИДА”
Көрсө Аида таңга маал үшүп олтуруп катты жазып бүткөн соң тигилер кармап алышып зордуктап анан муунтуп өлтүргөн тура. Кат, сүрөт жөнүндө билбептир. Баары ачыкка чыккан соң кылмышкерлер кармалды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aza1983-1991   26 Август 2016 - 13:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 07 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:20
  • Жынысы:Аялзаты

Эгер туура эмес жерге ачылса админдер жыдырып койосуздар деген умуттомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aza1983-1991   26 Август 2016 - 13:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 07 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:20
  • Жынысы:Аялзаты

Бироо жарымдарга сабак болобу деген умутто алып келдим бул жака
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aseras   26 Август 2016 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 02 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 19:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт аралынан

Одноклассниктен окудум эле .Ото окунучтуу экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   bond0202   26 Август 2016 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

бул чыгарма болсо керек эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   briliant87   30 Август 2016 - 10:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Мм.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   DNurgiza   31 Август 2016 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

окуп атып, катып калдым гоо....
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: