Кечээ,
29-августта "Фергананьюс"
басылмасы Өзбекстандын президенти
Ислам Каримовдун
өлүмү тууралуу жазып чыкты.
"Ташкентте кечээ, 29-августта 79 жаш курагында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болду. Ал өлкөнү 26 жылдан ашуун убак башкарган. "Фергана"
басылмасынын жеке булагынын айтымында, Ислам Каримов Ташкент убактысы боюнча саат 15:00-16:00дөрдө каза болгон",
- деп жазган басылма.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары саат 18:45те каза болгонун жазышууда. Бирок бул тууралуу Өзбекстандын бийлигинин расмий билдирүүсү азырынча жок.
Эскерте кетсек, Ислам Каримов 26-августта Дурмень резиденциясында өткөн кечеден кийин эс-учун жоготуп жыгылган.
Ислам Каримов Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга узартылган.
Ислам Каримов каза болду деген кеп айтылууда Узбекистандын президенти каза болдубу?
#3 30 August 2016 - 12:07
Озбектер эркиндикке чыккан экенда. Эгемендуулук кунунор кут болсун. Кийинки кожоюнунар диктатор эмес дипломат болсун
#4 30 August 2016 - 12:10
Мен ойлойм бул кишинин олуму саясатта эч нерсени озгортпойт деп, ушунча жыл бекер олтурду дейсинерби,
озуно окшош дагы бироону даярдады да. Кантсе да тынчтык болсун, олумуно ишенбегендей болуп турам.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#11 30 August 2016 - 14:47
Да ладно.. Үңкүр-Тоодон кийин эле каза болуп калдыбы..? Саясий оюн эмемпи..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#12 30 August 2016 - 14:50
Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган.
Ата-энем, бир туугандарым бар !!!
Мен бактылуумун !!!
Мен бактылуумун !!!
#13 30 August 2016 - 15:05
Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган.
Качанкы маалымат..? Бүгүнкүбү..?
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#14 30 August 2016 - 15:29
#15 30 August 2016 - 15:33
#16 30 August 2016 - 15:42
Олбосун олсо жаман эле болот озбектер аран эле турушат. Каримов олгонго акысы жок
Илгери бир имиш таркаган эле 7 окшошу бар экен деп ошол создун канчалык чындыгы бар болду экен
#18 30 August 2016 - 16:32
Олбосун олсо жаман эле болот озбектер аран эле турушат. Каримов олгонго акысы жок
Илгери бир имиш таркаган эле 7 окшошу бар экен деп ошол создун канчалык чындыгы бар болду экен
Болушу мумкун, орусстарда деле айтылып келетко Путин озу рак ооруусу менен каза болгон азыркы бийликте анын двойниги Путиндин ролун ойноп турат деп. Мумкун буларда деле чыныгы Каримов эместир азыркы президенти.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#19 30 August 2016 - 18:01
#20 30 August 2016 - 18:13

Супер-Инфо
super.kg
видео
















