Суперстан: Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта ойлон кыргыз, ойгон кыргыз

#121 Пользователь офлайн   Begim_4   18 Июнь 2015 - 14:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

А дейсинерби б дейсинерби Кыргызстан динди карманган олко сыяктуу келе жатат.
Ажеп эмес Ислам олкосу болсо.

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Июнь 2015 - 04:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Тан калычтуу деле эмес .
Бирок окунучтуусу динди кабыл алгысы келбегендер ар турлуу шылтоолорду айтып ал тургай шылдындаганга откону кызык экен .
Ошо силертоготпогон эски китептер , сасыган дамбалдар , чубалжыган хидджабдар диндин шарияттын окуму аны силерге окшгондор танып кабыл алалбайт.Озунорчо биз
кыргызбыз биз кыргызча жашайбыз , ата бабабыз элечекчен откон биз да ошентип отобуз деп атышат , бирок бул да курулай оздорун алдоо кана ошо айткандар дагы деле европаны туурап ошолордой болуп жашашты каалагандар .
А дейбиз Б дейбиз барибир Аллахтын каалосу менен ар бир нерсе .Озунчо бул нерсе арабтардыкы дегендерге айтарым Аллах ушундай ыйык нерселеринен насип кылбашынан корккула демекчимин .
Бул менин билип туруп , тушунуп акылы жетип туруп моюундарына алгысы келбегендерге айтканым.
Талап кетпегиле .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Likvidator   20 Июнь 2015 - 07:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Beka. (17 Ноябрь 2014 - 14:52) жазган:

Эмне эле короңдойсун? Үзөңгү куушту Хижаб, сакалчандар саттыбы? Экономиканы ошол хижабчан дамбалчандыр артка тартып жатабы? 2 миллиард доллар карызды ошол хижабчан дамбалчандар алдыбы? Эки жолу канча деген жаш жигиттерди өлтүрүп төңкөрүш кылган ошол хижабчан, дамбалчандарбы? Күмтөрдү саткан да ошолорбу?? Миллиондогон Кыргызды чет өлкөгө кулдука айласыз чыкканга аргасыз кылган да ошолорбу? Газсыз, Светсиз калтырган да ошолрбу? Деги сен айтчы кайсыл чала молдолор, кайсыл хижаб сакалчандар Кыргызсанга кандай зыян алып келди? Бир эле факт келтирчи?

Адам олтуруу боюнча соз кылаарда алгач ислам мамлекеттериндеги кан тогуулорду эске алуу керек. Менин оюмча адамдардын баарын Кудай жараткан жана баарына бирдей мээрим тогот. Каапырлар деле Кудайдын жараткан адамдары. Эгер Кудай аларды жек корсо ислам менен кричтиян деп болуп отурбай озунун керемет кучу менен жер бетинен жок кылып же согуштуруп отурбай озу ислам динин тутунтуп коймок. Ашынган манкуртка айланган фанаттар жонундо айта турган болсом эки жыл мурда Ноокат районундагы Ынтымак айылындагы тээ илгерки мазардагы бабалардын эски кумбоздорун туну талкалап кетиптир. Иликтоого алганда талкалагандар ошол ислам фанаттары болуп чыгышты. Сурак бергенде алар ислам дининде мындай кумбоз болбошу керек деп жооп беришкен. Албетте алар оз жазаларын мыйзам турундо алышты. Олгон адамдын тынчын алып кумбоз бузгандарын эмне десек болот? Ошол кумбоздо жаткан адамдын балдары, неберелери азыр 80-90 жаш куракта экен. Алардын ыйлаган жуздорун коруп ушундай фанаттарга болгон жек коруум осуп кеткен.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Likvidator   20 Июнь 2015 - 07:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Озум мусулман баласы болгондуктан Курандын Кыргыз тилине которулган китебин бир канча ирет окуп чыктым. Куранда азыркы эл арасында айтылып жургон ар кандай жомок сымал кептер жазылбаптыр. Же мен тушуно албадымбы билбейм.

Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 20 Июнь 2015 - 07:39

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   09 Сентябрь 2015 - 17:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Цитата


Бейиш издеп, Сирияга кеткен тоңдуктар
Кыргызстандык өспүрүм балдар ата-энесин ээрчип, Сирия менен Ирактагы согуш талааларына кетип жатканы маалым болду. Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тарткан....... ....

- "Биз бир жакка кетебиз" деп айтты беле?

- Жок, бир жакка кетебиз деп айткан эмес.

- Сен досуңду акыркы жолу көргөндө эмне деп айтты эле?

- Эртең сабакка барбайм деген. Эжейге эмне деп айтып койоюн десем, “билбейм деп кой" деген.

- Биз алыска кеткени жатабыз деп айтты беле?

- Жок, антип айтчу эмес.

- Мектепте мечитке барган балдар көппү?

- Көбүнчө балдар мечитке барбай калышты.

- Мурда баарыңар барчу белеңер?

- Мурда баарыбыз барчубуз. Амандын атасы көчөдөгү балдардын баарын мечитке ээрчитип кетчү. Биздин көчө бүт барчубуз.

- Досуң кеткенин укканда сен эмне деп ойлодуң?

- Мен Аман кайда, үйүндө жок экен деп издеп барсам, коңшу атабыз “Тосорго кеткен” деп койгон.

- Аман эмне кино көрүп, кандай китептерди окучу эле?

- Алар үйүндө мусулманча дисктерди көрүп отурушчу.

- Сага дагы досуң буларды көр деп берчү беле?

- Жок, берчү эмес, өздөрү эле көрүшчү.

- Максат байкең силерди мечитке баргыла деп чакырчу беле?

- Мечитке баргыла, үйдө жөн жүрбөй, мечитке баргыла деп айтчу.

- Сирия жөнүндө айтчу беле, алыста согуш болуп жатат деп айтчу беле?

- Алыска дааватка чыгуу керек деп айтчу.

- Классыңарда канча эркек бала бар?

- Аманды кошкондо алты бала болчу, эми бешөөбүз калдык.

- Аман чоңойгондо ким болом дечү эле?

- Чоңойгондо геолог болгум келет дечү.

- Мектепте жакшы окучу беле?

- Ооба, 6-7-классында үч сабагынан жетпей калган.

- Аман кайда жүрдү болду экен деп классташтар сүйлөшөсүңөрбү?

- Азыр сүйлөшпөй деле калдык, ал келбейт деп ойлошот...

Амандын чогуу өскөн досу аны менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн эстеп сүйлөп берди. Келечекте геолог болом деп кыялданган, 9-класстын окуучусу ушул тапта кайда, кандай күндө, ким менен жашап жатканы белгисиз. Амандын классташтары чоңдордон укканы боюнча ал ата-энеси, төрт бир тууганы менен алыска Сирия деген согуш болуп жаткан жакка кетиптир.

Бейиштен кезигебиз...

Көл жээгиндеги чакан кыштакта бир үй-бүлө түн жамынып качып кеткени, болгондо дагы Сириядагы согушка бет алганы тууралуу сөз айылга чагылгандай тез тарады. Мындай кабарды уккан карапайым айылдыктар адегенде нес болсо, ага улай окуянын чоо-жайы талкуулана баштады. Декабрдын 21инен 22сине караган түнү айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, беш уулдун атасы, кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кенже уулу, 40 жаштагы Максат уулдарын, жубайын алып, түн жамынып, 80 жаштан өткөн атасын үйдө жалгыз калтырып качып кетет деген эч кимдин оюна дагы келбесе керек.

СүрөтСирияга барып жихадчы болгон өзбек жараны Бир түндө эле катарында чогуу жашаган коңшусун жоготкон айылдыктар Максат аялы экөө алыска кетүүгө эбактан бери камынып жүргөнүн эми гана баамдашканын, убагында ага маани беришпегенин эстеп отурушту. Максат кетерден 20 күндөй мурун догдурда дарыланам деп Бишкекке барып, жол камылгасын көргөн экен. Өзүнө, аялына, уулдарына арабча ысым ыйгарып, башка өлкөгө саякаттоо үчүн паспортторду алдын-ала даярдаптыр. Жубайы Фарида болсо соңку эки жылда бети-башын чүмкөп, коңшу келиндер менен такыр эле сүйлөшпөй калганын, “таалим сабактары" деп бир жактарга такай каттап турганын, айт майрамдарда чоочун меймандарды коноктогонун сөз кылып отурушту.

40ка чыга элек келин уулдарын отургузуп алып, эртеден-кечке DVD дисктерди көрүшкөнүн, үч жашар кичүү уулунун “Аллаху ахбар” деп кыйкырып ойноп жүргөнүнө өз маалында эч ким деле маани бербептир. Жубайлар ата-энеден энчиге калган малын, автомашинесин сатып, өздөрүнө, балдарына эң керектүүсүн гана алып чыгып баратып, 80 жаштагы атасына, бир туугандарына багытталган катты, үй-жайдын ачкычын чоң бөлмөдөгү столдун үстүнө калтырат.

“Булар мурун эле дайынданып жүрүшүптүр. Катты жазып даярдап коюшуптур. Бизге таарынбагыла, ушундай жолду тандадык. Биз өзүбүзгө тиешелүү оокатты саттык, бизге таарынбагыла. Биздин артыбыздан сөз айтпагыла, бизди каргабагыла. Үйдү уулдарыңардын бирөөнө каттатып койгула. Бейиштен кезигебиз" деп жазылыптыр. Ага чейин малын сатыптыр. Бир жолу байкасам жетимиштен ашык коюнун жыйырмадайы эле калыптыр. Булар эмне болгон деп өзүмчө таң калып койгом. Келин болсо торпок сатып жатканын көргөм. Үйдөгү аксакалдын болсо мал менен иши жок болчу. Картошкасын сатыптыр, машинесин сатыптыр. Булар түнү менен учуп кеткен окшойт. Алар качып кеткенден кийин туугандары Бишкек менен байланышып, аэропортко чалышса, эбак учуп кетишиптир. Кетээрге чукул ишке көңүлдөрү жок, башкача болуп калышкан. Эмне булар минтип калган деп бүшүркөп тим болгом. Койлорун коругуна киргизип ийип, кечинде айдап келип, андан сырткары жумуш жасабай калышкан. Көрсө ошондо эле көңүлү бузулуп жүрүшкөн тура...”

Үч окуучусун жоготкон мектеп

Бир түндө үч окуучусу дайынсыз болгон чакан мектептин уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары Суусар Камчыбекова Максат башкаларга үлгү көрсөткөн ата катары, мектептин ата-энелер комитетин жетектеп, алтургай мектепке келип, балдарга тарбия саат өтүп турганын баяндап отурду:

СүрөтИМ согушка даярдап жаткан балдар. Сүрөт интернетке тараган видеодон алынган. Аллеппо, Сирия ​- Атасы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болчу. Абдан тартиптүү, ишеничтүү адам болчу. Балдарга келип тарбия саат өтүп, тартип боюнча лекция окучу. Антип кетип калат деген эч кимдин оюнда жок эле. Дин жөнүндө балдар мечитке барып окушат. Балдары мечитке барчу. Амандын баскан-турганынан дагы эч нерсе байкалчу эмес, мектепке эч кандай диний китептерди же дисктерди алып келгенин көргөн эмеспиз. Үч уулу тең токтоо балдар. Эч кимге эч нерсе билгизишчү эмес. Алар кеткенден кийин Аман классташтарынын бирөөнө интернеттеги агент аркылуу “биз жөнүндө айылда эмне деп атышат?" деп сурап жазыптыр. Интернетке такай кирбейт экен, суроосунун жообун алгандан кийин өчүрүп коюптур. Балдар кеткенин укканда биз дароо райондук билим берүү бөлүмүнө, милицияга, айыл өкмөтүнө билдирдик. Балдар окуудан чыгып кетти, бирок документтери биздин мектепте турат. Бирөө 9-класста, кийинкиси 7-класста, дагы бирөө 4-класста окуйт. Андан кийин мектептеги балдарга дин боюнча сабактарды өтүп, эгер силер дагы туура эмес жолго түшсөңөр, ушундай болот деп түшүндүрүп атабыз. Мектептеги балдар алар кайда кеткенине кызыгышат, Сирияга кетиптир деп айтышат. Биз адегенде Түркияда деп укканбыз, эми Сирияда деп атышат...

Сирияга жол баштаган 80деги байбиче

Согуш оту алоолонгон Сирияга беш балалуу үй-бүлөнү эмне тартты? Туулуп-өскөн айылынан алыс чыкпаган карапайым жубайларды ата-бабасы көрбөгөн алыста эмне кызыктырды?

Бул суроолорго жооп издеп, Максаттын аялы Фарида туулуп-өскөн айылга бардык. Фариданын үй-бүлөсүн бала кезинен жакшы таанып билген апа Сирияга сапар алгандардын сырын ачты.

Белгисиз дүйнөгө алгач эки жыл мурун Фариданын агасы, 37 жаштагы Майрамбек кош бойлуу аялы, үч баласы менен кетиптир. Алыска кеткен уулу сизди сагындым деп айылда калган 80 жаштагы апасын чакыртат. Байбичени коштоп, очар-бачар болгон 52 жаштагы кызы Жыпар күйөөсүн, балдарын-неберелерин таштап, өткөн жылдын март айында алыска жол тартат.

80деги апа жаңы конушуна жеткенден кийин Тоң районунун төрт айылында турмуш куруп, бала-чакалуу болгон кыздарын жаңы жерге, жаңы турмуш курууга чакыра баштайт. Апасынын тилине кирип, өткөн жылы 33 жаштагы Нурзат күйөөсүн ээрчитип, үч баласы менен өз үй, өлөң төшөгүн таштап чыгып кетет. Сиңдисине улай 43 жаштагы Жазгүл дагы күйөөсүн алып, баарына кайыл болуп, сапарга аттанат. Апанын кичүү кызы, баяныбыздын башында сөз кылган Максаттын келинчеги, 38 жаштагы Фарида беш уулу менен өткөн жылдын декабрь айында түн жамынып, айылдан качып кеткен.

Ушул тапта 80деги байбиче төрт кыз, үч күйөө баласы, уул-келини менен кайда, кандай турмуш өткөрүп жатканы белгисиз.

Жогоруда белгилүү себептен улам аты-жөнү өзгөртүлгөн, Сирияга согушка кетти делген Тоң районунун тургундары, үйдөн чыгып кеткенден кийин кайрылып кабар берген эмес.

Алтургай айыл ичинде айрымдары согуш талаасында апаат болуп кетиптир деген ушак-айың сөз дагы бар. Облустук атайын кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматты жокко чыгарышты.


Булак: Азаттык

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   potriot.kg   13 Сентябрь 2015 - 20:40

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 15 Июнь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2016 13:53

жакында баарыбыз кыргыз емес киргиз болуп калабыз. коомдук телевиденияда баары орусча болуп кеткен жарнама.жанылыктар баары орусча . бишкекте 80% мектептер орус мектептер. 60%елдер орусча суйлошот..депутаттар да орусча суйлоп орусча талкуулпшат. . емне учун атасыбай.. ушуларды айтпайт.. биз бул кетиште орус болуп калабыз.. мусулман болбогонубузда якуттарга окшоп владир. сергей. болуп калат еле ысымдарыбыз. .. Аллаху Акбар.. исламга мин каршы болгонунар менен караван журо берет ит уруп уруп кала берет дегендей еле болосунар Аллах кааласа баарынар хиджап кийип орусча емес арапча суйлоп каласынар... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   stimyl.kg   03 Октябрь 2015 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Мамлекеттин бутундугуно балта чаап эле жатышпайбы эмне байкагынар келбейби? Дагы жакшы окмот баардык иш аракетерине богот койуп ачыкка чыгарып жатышат,болбосо кандай кезге туш келеер элек ким билет. Ашынган фанаттар Сирия сыяктуу бир мамлекетти жок кылайын деп эле калдыго... Ар бир мамлекеттин баш оорусуна айландыго азыркы кезде фанттардын ашынып терористик маанайдагы жардыруу ,угутоо, сыяктуу нерселерине.

Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 03 Октябрь 2015 - 19:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   03 Октябрь 2015 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Дииний фанатизм эмес "байлык бийликке болгон фанатизм" десек туура болчудай.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 03 Октябрь 2015 - 19:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Xanif   03 Октябрь 2015 - 19:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения stimyl.kg (03 Октябрь 2015 - 19:32) жазган:

Мамлекеттин бутундугуно балта чаап эле жатышпайбы эмне байкагынар келбейби? Дагы жакшы окмот баардык иш аракетерине богот койуп ачыкка чыгарып жатышат,болбосо кандай кезге туш келеер элек ким билет. Ашынган фанаттар Сирия сыяктуу бир мамлекетти жок кылайын деп эле калдыго... Ар бир мамлекеттин баш оорусуна айландыго азыркы кезде фанттардын ашынып терористик маанайдагы жардыруу ,угутоо, сыяктуу нерселерине.


Туура айтасыз. Илимий маалыматтардын жетишсиздигинен, Фанатизм-Радикализмдер кобойуп, и ошолорду колдогондор да кобойуудо. Чындыгында, Кыргызстанда да, диний илимий кадрлар ото-ото аз, ошон учун, динде аша чаап кеткендерда аз эмес...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   JENTELMEN   31 Август 2016 - 00:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 764
  • Катталган: 27 Апрель 16
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 00:49

Просмотр сообщения asmera (11 Ноябрь 2014 - 08:50) жазган:

Атамбаев азамат, мына эми чыныгы президенттин сөзүн айтты!

Ал эми динге ашкере ишенген, басса-турса Куранды, Шариятты айтып, өзүн да, башкаларды да алагды кылып, "ерунда" менен "заниматься" эткендерге айтаарым: "Өз ханын сыйлабагаң - башканын ханын сыйлап калат".
Ошондуктан кысчу жерди акырын кысып, куску келтирчү, түшүнүсүз "мазхаб" , "ширк-мирк" , ж.б.у.с. сөздөрдү эч кимге угузбай сүйлөп, сасыган, чубалжыган дамбалыңарды, хиджабыңарды көзгө көргөзбөй, үйүңөрдө кийип, акырын турмушуңарды өткөрө бергиле. Антпесеңер, президент айткандай, "ошондой өлкөлөргө барып жашап каласыңар. Эч ким каршы эмес. Биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын! ".

Баса белгилеп айтаарым, дин - азыркы заманда силер ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология. Ал идеологияны ишке ашыруу үчүн ислам төбөлдөрү эч кандай финансылык ресурстарды, адам өмүрлөрүн аябайт. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат жана мындан ары да боло берет. Муну - дүйнөлүк саясат деп койот. Алар эч кандай партия-мартия түзүп убара болбой эле, дин аркылуу башыңарды айлантып, "тирүү бутага (мишенге)" айлантып коюшат. Өзүңөр да байкабай каласыңар.

Ошондуктан, көзүңөрдү ачкыла, каяктагы эскирип, чалдыбары чыккан, пайдасы жок китептерди окуп, чала сабат, өздөрү эмне айтып атканын түшүнбөгөн "молдоке" сөрөйлөрдүн айтканын угуп, башыңарды "мусорго" толтурбай , Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө пайдасы тие турган илим-билимге ээ болгула, амалдарды жасагыла!

Ошондо, анча-мынча болсо дагы кээ бир түшүнүксүз суроолор, аз-маз болсо дагы "сомнениелер" пайда боло баштайт. Анткени, адам болгондон кийин болуш керек да мындай нерселер. Эгер мал болсок, анда кете бермекпиз айдактаган жакка.


Азамат ушул адам.Мен колдойм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   s9zen098   31 Август 2016 - 18:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушул диндин фанаттарын эч түшүнбөйм. Билишимче динде эч ким бироонун устунон кулгонго, бироонун динин акаарат кылганга акысы жок. Ал эми биздегигилер хиджаб кийбегендин баарын каапырга тенеп, баарын бузукуга чыгарышат. Намазды окуп тынч жашай берсин башкалага тануулабай. Бүт нерсенин чеги болот. Чектен ашкандан кийин бүттү, түбү жок жарга кулайсын. Туурайт десе эле биротоло жасалма клоун болуп албай.
Анан бир нерсе десе эле силер да Европаны туурап жашап атасынар, силер орусча сүйлөп атасынарбы демек биз да арабча сүйлөп алабыз деп чыгат экенсинер. Биз оронбогондор өз улуттук кийимибизди кийе албай жатабыз, ошол хиджабты кийе албагандай эле. Силер хиджаб кийгенден көрө ошол өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийбейсинерби деген ойдо эле жазышып атат баары.

Карап турсан дин кадимки саясий ойунга айланып баратат. Динди бурмалап адамды тирүү куралга айлантып алышат оной эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Altyshok   31 Август 2016 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения JENTELMEN (31 Август 2016 - 00:54) жазган:

Азамат ушул адам.Мен колдойм!


Жентилмен, чаң басып калган темаларды казып чыгып, бүткөн талаш-тартыштарга май тамызып, от жагып жиберет экенсиң. Адамдар арасында ынтымакты кетирүү аябай эле жаман иш экенин туйюп деле тургандырсың. Жалаң эле Исламга каршы темаларды чубап жүрөсүң да... Уят, оо Жентилмен, уяаат.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   JENTELMEN   31 Август 2016 - 23:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 764
  • Катталган: 27 Апрель 16
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 00:49

оо айланайын акеси мага эмне уруштуруп.Козду ачалы деген эле ой.Динге берилген озбектерди эле мисал кылалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   sister   01 Сентябрь 2016 - 07:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Диний фанатизм" - десе эле дааро мусулмандарга асылышатта калышат экен. Мен бирин дагы коро элекмин. Эми бар дечи " харам полициялар" : ойдо карасан, ылдый карасан деле " харам"- дей берген))). "Диний фанаттар" - деп мен машаякчыларды, тенирчилерди айтмакмын. Эмне учун экенин жазбай эле койоюнчу, узун кеп болуп кетет экен.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   sister   01 Сентябрь 2016 - 07:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения JENTELMEN (01 Сентябрь 2016 - 00:32) жазган:

оо айланайын акеси мага эмне уруштуруп.Козду ачалы деген эле ой.Динге берилген озбектерди эле мисал кылалы.

Адам кантип динге берилет же берилбейт? Дин - бул жашоо болсо, кантип жашоого берилип же берилбейсин? Динди турмуштан ажыратууга аракет кылгандарын жана ажыраткандар - булар демократия доктринасын кабыл алышкандар. Демек адашкандар.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   sister   01 Сентябрь 2016 - 08:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Че то оталып алдым: демократиянын доктринасы кандай? Мен кайдан келдим деген суроого " кайдан келгенинди озун чечип ал"- дейт. " Кааласан сени Кудай жаратсын, кааласан маймылдан жарал"- дейт. Бул туурабы? Туура эмес. Эмнеге? Эгерде Адам кандай жаралганын озу чечсе, эмнеге баарыбыз бирдей жаралабыз, келбетибиз бирдей: бир баш, эки кол, эки бут; баарыбызга бирдей олум бар?
Бул жашоодо максатын эмне дегенге " озун чечип ал эмне учун жашаарынды" - дейт демократия. Бул жерде кайра эле хаос башталат: бири коп окуп билим алууну жашоонун максатын кылып койот. Бири уйлу, жайлуу, унаалуу болууну. Бири дуйно жузун кыдырып чыгууну, бирок ошолору ишке ашабы????? Адам материалдык койгон максатына жетишине кепилдик барбы? Жок!
Кайда барасынга демократия кайра эле " озун чечип ал "- дейт. " Кааласан жон эле чирип жогол, кааласан космосту аралап учуп кет...." . Ушул акылга сыйган нерсеби?!
Билбейм, акыл эси соо адам демократиянын акыдасын кантип кабыл Алат?! Исламдын акидасын тушунуп, кабыл алган адамды фанат кылып койгонунар акыл эске сыйбаган нерсего.

Билдирүүнү түзөткөн: sister: 01 Сентябрь 2016 - 08:04


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Altyshok   01 Сентябрь 2016 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения JENTELMEN (31 Август 2016 - 23:32) жазган:

оо айланайын акеси мага эмне уруштуруп.Козду ачалы деген эле ой.Динге берилген озбектерди эле мисал кылалы.


Унутулуп калган теманы кайра көтөрүп чыгууң - "Билесиңерби, баягы 2010 жылкы июнь окуясын? Өзбектер кыргыздардын өлтүрүп" дегендей болуп калыптыр.


Сакал коюп, узун кийинип, намазын окуп, теспесин кармап "мечитке барып намаз оку" деген адамдарды фанат катары кабыл алуу туура эмес. Өзүбүз дүнүйөнүн фанаты болуп Аллахтын өкүмдөрүн тааныбай кеткенибизден улам Аллахты тааныгандар биге фанат көрүнүп жатат.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Meruet84   01 Сентябрь 2016 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения s9zen098 (31 Август 2016 - 18:36) жазган:

Ушул диндин фанаттарын эч түшүнбөйм. Билишимче динде эч ким бироонун устунон кулгонго, бироонун динин акаарат кылганга акысы жок. Ал эми биздегигилер хиджаб кийбегендин баарын каапырга тенеп, баарын бузукуга чыгарышат. Намазды окуп тынч жашай берсин башкалага тануулабай. Бүт нерсенин чеги болот. Чектен ашкандан кийин бүттү, түбү жок жарга кулайсын. Туурайт десе эле биротоло жасалма клоун болуп албай.
Анан бир нерсе десе эле силер да Европаны туурап жашап атасынар, силер орусча сүйлөп атасынарбы демек биз да арабча сүйлөп алабыз деп чыгат экенсинер. Биз оронбогондор өз улуттук кийимибизди кийе албай жатабыз, ошол хиджабты кийе албагандай эле. Силер хиджаб кийгенден көрө ошол өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийбейсинерби деген ойдо эле жазышып атат баары.

Карап турсан дин кадимки саясий ойунга айланып баратат. Динди бурмалап адамды тирүү куралга айлантып алышат оной эле.

Биз азыр технология күчтүү өнүккөн заманда жана фитна да эң күчтүү өнүккөн заманда жашап жатабыз. Бул заман биз адамдар үчүн эң сонун шарт жеңилдик болгону менен аң сезим, акыл ой жүгүртүү жагынан аксатып коюп жатат.
Мисалы: Акыл эсти иштетип олтурбайсың, эсеп кылыш үчүн эсептегич калькулятор колдоно коебуз, окууп акыл эсибизди кеңейтели дейбиз Гууглдан таап көчүрүп алабыз, ушинтип баарын жеңил жагына тап берип жүгүрүп жатып мээбизди акыл эсибизди жалкоо кылып бүттүк.
Ушулар сыңаары эле, Ислам динин кабылалышта да акыл эсти, жүрөк аң сезим менен кабылдабай эле, теле радиолордон кандай айтса туурабы туура эмеспи ошо бойдон кабыл жатабыз. Же болбосо көчөдөн кийингени жүргөнү турганына карап баа берип жыйынтык чыгарып жатабыз.Бул туура эмес, анткени Аллахтын эң сүйгөн дини бул -Ислам дини.
Бул жерде эч кимге эч ким таңуулабайт болгону, эскертип коет, калганын адамдар өз дезгээлине жараша кабыл алып кете берет.
Анан биз миң европаны туурасак да барибир орус же англичанин болуп кетпейбиз.Ошол эле мусулман бойдон калабыз.
Аа арабдарды туурасак, багытыбыз бир жолубуз бир мусулман бойдон эле калабыз.
Негизи кыйраткан илимим жок, алыбай алына жараша кылып жазып койдум Сюзен кыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 01 Сентябрь 2016 - 13:47

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   argen.kg4   01 Сентябрь 2016 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

Диний фанатизм-улуттун келечегине чабылган балта.
Темага эле анализ кылып жазып салайын.
Илимим жок.Жазышка деле акым жок,бирок кичине чиймелеп коеюн.
Диний фанат-ар бир эле динди тутунган жана ошол диндин артынан жана ошол ишеним учун бироолор менен талашып жана озунун ишеними учун озунун жана каршылаш адамдын жанын кыйууга даяр-адам.
Динде улутка болунуучулук жок.Же динди тутунган адам озунун динине улутунун коз карашы туура келбесе улутуна каршы болушу мумкун.(Дин деп Ислам же Християн же иудаизмдин бироосун айтбадым баардык эле дин жонундо соз болду)
Адам баласы адашуучу.Мен озумдуку туура деп кепилдик бере албайм.Талашкым да келбейт.Ойумду гана жазып койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: argen.kg4: 01 Сентябрь 2016 - 15:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   s9zen098   01 Сентябрь 2016 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Meruet84 (01 Сентябрь 2016 - 13:38) жазган:

Биз азыр технология күчтүү өнүккөн заманда жана фитна да эң күчтүү өнүккөн заманда жашап жатабыз. Бул заман биз адамдар үчүн эң сонун шарт жеңилдик болгону менен аң сезим, акыл ой жүгүртүү жагынан аксатып коюп жатат.
Мисалы: Акыл эсти иштетип олтурбайсың, эсеп кылыш үчүн эсептегич калькулятор колдоно коебуз, окууп акыл эсибизди кеңейтели дейбиз Гууглдан таап көчүрүп алабыз, ушинтип баарын жеңил жагына тап берип жүгүрүп жатып мээбизди акыл эсибизди жалкоо кылып бүттүк.
Ушулар сыңаары эле, Ислам динин кабылалышта да акыл эсти, жүрөк аң сезим менен кабылдабай эле, теле радиолордон кандай айтса туурабы туура эмеспи ошо бойдон кабыл жатабыз. Же болбосо көчөдөн кийингени жүргөнү турганына карап баа берип жыйынтык чыгарып жатабыз.Бул туура эмес, анткени Аллахтын эң сүйгөн дини бул -Ислам дини.
Бул жерде эч кимге эч ким таңуулабайт болгону, эскертип коет, калганын адамдар өз дезгээлине жараша кабыл алып кете берет.
Анан биз миң европаны туурасак да барибир орус же англичанин болуп кетпейбиз.Ошол эле мусулман бойдон калабыз.
Аа арабдарды туурасак, багытыбыз бир жолубуз бир мусулман бойдон эле калабыз.
Негизи кыйраткан илимим жок, алыбай алына жараша кылып жазып койдум Сюзен кыз.


Айтканыныз туура. Менин дин бойунча түшүнүгүм китептен окуп, теледен көрүп, анан айланамдагы динге берилген(өздөрү ошондой деп эсептейт да) адамдардын жүрүм турумунан көргөнүм бойунча эле чектелет. Китептен окуганым бойунча бир да китепте(көбүнчө 1916-жылга чейинки, ошондон кийинки СССРдин жаны түзүлүп аткан убагындагы турмуш чагылдырылган китептерди жакшы көрөм. Ошолорду көп окуйм) бир да молдокени он каарман катары көрбөгөм. Аларга болгон ишенбөөчүлүк ошондон улам кокүрөгүмө уйуп калса керек. Интернеттен, телевизордон көргөнүм бойунча диндин ашынган фанаттары көрүнгөн жерди барып жардырып аткан, шаарларды талкалап аткан. Жакшы жумушун али жолуктура элекмин. Айланамдагылардан көргөнүм болсо кыздар хиджаб кийет да бирок ошону эмнеге кийгенин түшүнбөгөндөй, айрым ошондой кыздардын жүрүм туруму да ирээнжитет. Ал эми ошондой байкелердин көпчүлүгүнүн аялына жасаган мамилеси жанды кашайтат. Аялына экинчи сорттогу адам катары мамиле жасашат. Эгер ошолор жакшы жагы менен өздөрүн көрсөтсө балким мен дагы кызыгып, алардын жолуна түшмөкмүн. Бирок жалан гана терс жактарын көрүп отурсан болушунча өзүндү алып качат экенсин.
Кече эле жакында байкемдин классташтары чогуу отурганда бир сакал койуп, намаз окуп жүргөн байкенин сөздөрүнөн оозум Ошту карап калды го. "Сирияга барыш керек. Ошол жактан өлсөн да дароо бейишке чыгасын"- дейт го. Кантип эле башка бирөөгө кастык кылып, жанын оорутуп, тынч жашоосун бузган адам бейишке чыгып кетсин. Ушундай нерсени айтып башкалардын башын айлантып эмне кереги бар? Тынч эле жашай бербейби десен дөөрүй бербей. Ушинтип отурсак улут жок болбогондо анан эмне жыргамак беле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 17:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: